Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктардын «капитал буфери» индексин белгилөө боюнча «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» долбоорду коомдук талкууга сунуштайт. 

Долбоор банк тутумунун финансылык туруктуулугун колдоо, ошондой эле коммерциялык банктардын ишине тобокелдиктерди аныктоого багытталган көзөмөлдү жүргүзүү инструменттерин жакшыртуу максатында иштелип чыккан.  

Долбоор менен бардык коммерциялык банктар үчүн «капитал буфери» индексинин маанисин белгилөө жагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин ыйгарым укуктары белгиленген. 

Долбоордо Улуттук банктын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү каралган: 

- Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы №18/2 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын  жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоого;  

- Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы №18/1 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобого. 

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/ «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Коммерциялык банктар долбоор боюнча сунуш-пикирлерин 2019-жылдын 13-мартынан кечиктирбестен aatyshova@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.