Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген, Кыргыз Республикасынын «Бузуулар жөнүндө» кодексинин ченемдерин талкуулоо үчүн «Альянс» алмашуу бюролор ассоциациясы» Юридикалык жактар бирикмесинин өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.  

Жолугушуунун жүрүшүндө Улуттук банктын өкүлдөрү Кодекстин ченемдерин колдонуу тартибин, административдик өндүрүш ишин кароо тартибин жана финансылык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда банк ишин жүзөгө ашырууда жол берилген бузуулар үчүн каралган жоопкерчиликтерди түшүндүрүп беришкен. 

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Улуттук банк, ошондой эле «Альянс» алмашуу бюролор ассоциациясы» Юридикалык жактар бирикмеси тарабынан да рынок катышуучуларынын арасында «Бузуулар жөнүндө» кодекстин ченемдерин түшүндүрүү жагында мындан аркы иш-чараларды өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилген.