Кыргызстанда Эл аралык валюта фонду өз ишин баштады 

 

2019-жылдын 6-мартында Кыргыз Республикасына Кристиан Жос мырза жетектеген Эл аралык валюта фондусунун миссиясы иш сапары менен келген. Миссия 2019-жылдын 19-мартына чейин созулат. 

Аталган миссиянын максаты Эл аралык валюта фондусунун Макулдашуусунун  

4-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасы үчүн консультацияларды өткөрүү. Бул иш сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана башка уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлөт.  

2019-жылдын 11 жана 12-мартында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Т.С.Абдыгулов менен Эл аралык валюта фондусунун командасынын ортосунда жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун алкагында тараптар келечектеги кызматташуу маселелерин талкуулашты.