Улуттук банк   Кыргыз Республикасынын калкынын 

финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча  2016-2020-жылдарга каралган  программанын алкагында тренингдерди  өткөрдү 

 

Улуттук Банк Германиянын  эл аралык кызматташуу боюнча сактык кассалар фонду менен биргеликте  2019-жылдын 25-мартынан 29-мартына чейинки мезгил аралыгында орто мектептердин мугалимдерин  финансылык сабаттуулуктун негиздерине окутуу боюнча   тренингдердин алтынчы баскычын уюштурду.   Тренингдер Чолпон-Ата шаарындагы А.Осмонов атындагы жана Ысык-Көл областынын Бөкөнбаев айылындагы Ж. Бөкөнбаев атындагы мектептердин базасында өткөрүлүп, аларга профилдик предметтер боюнча 48 мугалим катышкан.  

Мугалимдерди жогоруда аталган Фонд тарабынан уюштурулган, финансылык сабаттуулук боюнча тренингдерден буга чейин өтұшкөн мугалимдер-мультипликаторлор окутушат. Учурда Бишкек, Ош, Кара-Балта, Токмок шаарларында, ошондой эле    Чүй, Ош  жана Ысык-Көл областтарында 6   тренинг  өткөрүлүп, ага 519 мугалим катышты.