Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтарында «Финансылык кызматтардан пайдалануу мүмкүнчүлүгү» деп аталган тегерек стол болуп өттү 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин «2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» жарлыгынын алкагында, 2019-жылдын 14-апрель күндөрү Кара-Суу, Кызыл-Кыя, Жалал-Абад шаарларында жана Ош областынын Алай районуна караштуу Гүлчө айылында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрү биргелешип уюштурган «Финансылык кызматтардан пайдалануу мүмкүнчүлүгү» деп аталган тегерек стол өткөрүлдү.  

Аталган иш-чарага Улуттук банктын жетекчилиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Ош, Жалал-Абад Баткен жана Кызыл - Кыя шаарларынын мэрлери, райондордун акимдери, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү, “Гарантиялык фонд” ААКтын, “Банктар аралык процессинг борбору” ЖАКтын, өлкөнүн коммерциялык банктарынын, микрофинансылык уюмдардын жана 400 жакын жергиликтүү бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышты.  

Бул иш-чара финансы институттары менен үч областтын бизнес-коомчулуктарынын ортосунда натыйжалуу карым-катышты түзүү максатында жергиликтүү бийлик органдарынын катышуусу менен уюштурулган. Тегерек столдун жүрүшүндө калкты жана ишкер субъектилерди сапаттуу, жеткиликтүү банктык жана финансылык кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кылуу жагында көрүлүп жаткан жалпы банк секторундагы чаралар жана иш-аракеттер тууралуу Улуттук банктын жана коммерциялык банктардын өкүлдөрү маалымат беришти. 

Финансы-банк чөйрөсүнүн өкүлдөрү бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүн финансылык кызмат көрсөтүүлөр жана продукттар тууралуу маалымат менен тааныштырып, кеп-кеңештерин айтып, аларды кызыктырган суроолорго жооп беришти.  

Иш-чараны жыйынтыктап жатып, Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Тимур Джусупов, аймактарда өткөрүлгөн тегерек стол маеги актуалдуу маселелерди талкуулоого, банк сектору менен бизнес-коомчулук үчүн узак мөөнөттүү кызматташтыкты камсыз кылууга жана жаңы байланыштарды түзүүгө ыңгайлуу аянтча болуп калгандыгын белгилеп, жолугушууга келген тараптардын мындан ары да жемиштүү кызматташуусуна ишене тургандыгын билдирди.