Кыргыз Республикасынын Улуттук 

банк Башкармасынын 

2019-жылдын 29-мартындагы 

№ 2019-П-12/17-3-(НПА) токтому 

 

 

 

«Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. Кароого сунушталган «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобо (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Токтом 2019-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет. 

4. Банктарды көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, «Кыргыз банктар бирлиги» юридикалык жактар бирикмесин, Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгын тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2019-жылдын «29» мартындагы 

№ 2019-П-12/17-3-(НПА) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

«Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» 

ЖОБО 

 

1-ГЛАВА. 

Жалпы жоболор 

 

1. Бул жободо Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары (мындан ары коммерциялык банктар) милдеттүү түрдө сактоого тийиш болгон ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө боюнча минималдуу талаптар белгиленген. 

Жобонун талаптары бардык коммерциялык банктарга, анын ичинде банктык операцияларды жүзөгө ашырууда атайы терминологияны эске алуу менен ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктарга, анын ичинде «ислам терезесине ээ» банктарга (мындан ары банктар) таркатылат. 

2. Жободо төмөнкү аныктамалар колдонулган: 

Ликвиддүүлүк көрсөткүчү бул, банктын ликвиддүүлүк тобокелдигинин бир же бир нече мүнөздүү деңгээлин аныктаган көрсөткүч. 

Баланстык ликвиддүүлүк тобокелдиги банк күндөлүк ишине же анын финансылык абалына, б.а. күндөлүк же күтүлүп жаткан кирешерлерге жана капиталга зыян келтирүүсүз күндөлүк жана/же келечекте керектелүүчү акча каражаттарынын натыйжалуу түшүүсүн камсыз кылууга жөндөмдүү болбогондугунан улам ликвиддүү активдердин же акча каражаттардын жетишсиздигинен өз милдеттенмелерин аткара албагандыктан банктын жоготууга дуушарлануу ыктымалдыгын түшүндүрөт. Баланстык ликвиддүүлүк тобокелдиги аларды төлөө мөөнөтү келип жеткен учурда бүтүмдөр боюнча милдеттенмелерди каржылоо, контртагенттердин талаптарынын, камсыздоо боюнча талаптардын ордун акча каражаттары менен жабуу мүмкүнчүлүгүнүн төмөндөшүнө байланыштуу. Баланстык ликвиддүүлүк тобокелдиги ликвиддүүлүк тобокелдигинин негизги түрү болуп саналат.  

Рыноктук ликвиддүүлүк тобокелдиги рынок чөйрөсү анчалык өнүкпөгөндүгүнөн жана/же рынок коньюнктурасы начарлагандыгынан банк активди рыноктук баада дароо сата албаган тобокелдик.  

 

2-ГЛАВА.  

Ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөөдө Директорлор кеңешинин жана банк Башкармасынын милдеттери 

§1. Тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнүн деңгээли 

 

3. Банктын Директорлор кеңеши банк үчүн алгылыктуу ликвиддүүлүк тобокелдик деңгээлин белгилөөгө жана банк Башкармасы, ошондой эле ликвиддүүлүктү тескөө жагында иш алып барган тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөр/кызматкерлер ликвиддүүлүк тобокелдигин аныктоо, баа берүү, мониторинг жүргүзүү жана контролдоо боюнча мыйзам талаптарын жана ички жол-жоболорду так аныктоосун жана сактоосун камсыз кылууга тийиш. 

4. Банктын Директорлор кеңеши төмөнкү факторлорду эске алуу менен тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнүн деңгээлин аныктайт: 

- банктын бизнес-стратегиясын, финансылык жоболорун, ошондой эле потенциалдуу каржылоону эске алуу менен адаттагы шарттарда жана өзгөчө учурларда банк өзүнө кабыл алууга жөндөмдүү баланстык ликвиддүүлүк тобокелдигинин деңгээлин так аныктоо. Банктын тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнүн деңгээли банктын системалык маанилүүлүгүнө дал келүүгө тийиш. Банктын ликвиддүүлүктү тескөө жагында иш алып барган тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү/кызматкерлери баланстык ликвиддүүлүктүн банк үчүн артыкчылыктуу болгон тобокелдик деңгээлин так түшүнүүгө жана сактоого, ошондой эле аларга мониторинг жүргүзүүгө тийиш; 

- банктын өз ликвиддүүлүгүн адаттагы шарттарда кылдаттык менен тескөө милдеттенмеси, ошондой эле узак мөөнөт ичинде, бир же андан жогору ай ичинде, тышкы таасирлерге туруштук берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш; 

- тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнүн деңгээли орун алышы мүмкүн болгон тобокелдиктер менен пайда ортосундагы өз ара байланышты эске алуу менен ликвиддүүлүк тобокелдиги булактарына баа берүүнү чагылдырууга тийиш. 

5. Тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнүн деңгээли, ликвиддүүлүк тобокелдигинин ар кандай аспекттерин кийин контролдоо максатында сапаттык жана сандык көрсөткүчтөрдү пайдалануу менен документке катталууга жана түзүлүүгө тийиш. 

6. Улуттук банк ликвиддүүлүк тобокелдигине (жана мындай тобокелдиктин кандай болбосун өзгөрүүсүнө) карата катыш боюнча банктын тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнүн деңгээлинин негиздүүлүгүнө баа берүүгө укуктуу. Эгерде Улуттук банк банктын тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнүн деңгээлин белгиленгенден жогору бааласа (банк үчүн мүмкүнчүлүктүү деңгээлден жогору), Улуттук банктын талабы боюнча банк тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнүн артыкчылыктуу деңгээлин кароого алуусу жана белгилөөсү зарыл.  

7. Банктын Директорлор кеңеши банк өзүнө кабыл алган ликвиддүүлүк тобокелдигинин деңгээли жана ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөөгө алынышы үчүн толук жоопкерчилик тартат. 

 

§ 2. Банктын Директорлор кеңешинин ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө боюнча укуктары жана милдеттери 

 

8. Банктын Директорлор кеңеши ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө системасын түзүү, ликвиддүүлүк тобокелдигинин түзүмүн аныктоо, банктын талапка ылайык иш алып баруусу, анын масштабы, татаалдыгы жана өлчөмү үчүн жоопкерчилик тартат. 

9. Банктын Директорлор кеңеши колдонуудагы ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө системасына/түзүмүнө, анын ичинде өзгөрүү жүргөн учурда, ошондой эле ликвиддүүлүк тобокелдигине таасирин тийгизиши мүмкүн болгон банктын иш багыттары өзгөргөн учурда талдап-иликтөөлөрдү жүргүзөт. 

10. Банктын Директорлор кеңеши ликвиддүүлүк тобокелдигин өз учурунда тескөө максатында, айрым ыйгарым укуктарды банктын Активдерди жана пассивдерди тескөө комитетине же башка ушул сыяктуу комитеттерге өткөрүп берүүгө укуктуу. Бирок ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү Директорлор кеңешин жана анын мүчөлөрүн ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө процессинин жүргүзүлүшүн камсыз кылган, ошондой эле аларга милдеттер жүктөлгөн бардык комитеттердин ишине шайкеш ички контролдук системасын уюштуруу боюнча милдеттерден бошотпойт.  

11. Ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө боюнча функцияларды натыйжалуу ишке ашыруу үчүн Активдерди жана пассивдерди тескөө комитетинин курамына казыналыктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, кеңеш берүү укугунда тобокелдик-менеджментинин жана банктын ликвиддүүлүк тобокелдигин аныктаган башка негизги бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жана/же алардын ишин түздөн-түз тескөөгө алган банк Башкармасынын мүчөлөрү камтылууга тийиш. Активдерди жана пассивдерди тескөө комитети да ликвиддүүлүк тобокелдигине баа берүү жана анын тескөөгө алынышы үчүн түздөн-түз жооп берген тобокелдик-менеджменти кызматынын маалыматына негизденет. 

12. Банктын Директорлор кеңеши, ликвиддүүлүк тобокелдигин натыйжалуу тескөө үчүн системалар жана ресурстар боюнча жетиштүү тажрыйбага жана билимге ээ, ликвиддүүлүк тобокелдигин өлчөө, ага мониторинг жүргүзүү жана контролдоо үчүн жооптуу компетенттүү жетекчиликти дайындоого тийиш. 

13. Директорлор кеңеши анда ликвиддүүлүктү тескөө боюнча маселелер да камтылган банктын жалпы саясатын жана белгиленген жетиштүү ликвиддүүлүк деңгээлин колдоо максатында, тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнүн деңгээлине ылайык ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө саясатын кароого алат жана бекитет. 

14. Банктын ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө саясаты банк ишине жана адаттагы шарттарда сыяктуу эле, стресс жагдайларында да ликвиддүүлүктү керектөөсүнө ылайык келүүгө тийиш. 

Банктын ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө саясатында кеминде төмөнкү негизги аспекттер чагылдырылууга тийиш: 

а) ликвиддүүлүк тобокелдигин кабыл алуу мүмкүнчүлүгү

б) банктын төмөнкүлөр боюнча негизги стратегиясына ылайык максаттары жана милдеттери: 

- банкта алгылыктуу ликвиддүүлүк деңгээлин колдоо үчүн зарыл болгон диверсификациялоо жана каржылоо булактарынын туруктуулугунун деңгээли; 

- ар башка ишкердик чөйрөсүндө ликвиддүүлүктү тескөө ыкмасы; 

- жумуш күнү ичинде ликвиддүүлүктү тескөө ыкмасы; 

- жол берилген минималдуу ликвиддүүлүк деңгээли (лимит); 

- каражаттардын агылып кирүүсүн жана чыгуусун күндөлүк негизде өлчөө жана мониторинг жүргүзүү, ошондой эле күндөлүк ликвиддүүлүктү керектөөнү контролдоо жана милдеттенмелердин аткарылышын камсыздоо үчүн банктын активдеринин жана милдеттенмелеринин ордун жабуу мөөнөттөрүнүн ажырымына ар жумалык мониторинг жүргүзүү

- зарыл ликвиддүүлүктү болжолдоо; 

- депозит базасынын жана башка карыздык каражаттардын түзүмү жана банк Башкармасынын анын туруктуулугун баалоосу; 

- акча рыногунда карыз алышуу мүмкүнчүлүгү

- активдердин сапатына карата талаптар; 

- баланстан тышкаркы милдеттенмелерди аткаруу; 

- ликвиддүүлүк каатчылыгы орун алышы мүмкүндүгүн пландаштыруу; 

- чет өлкө валюталарындагы ликвиддүүлүктү тескөө

- ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөөгө алынышын ички контролдоо; 

- зарыл башкаруучулук отчету. 

в) ыйгарым укуктарды, милдеттерди жана отчеттун түзүмүн так белгилөө менен ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө боюнча милдеттер;  

г) ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө системасы ликвиддүүлүк тобокелдигин өлчөө, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана отчет берүү үчүн системаларды жана инструменттерди колдонуу, анын ичинде: 

- ликвиддүүлүктүн ар кандай лимиттерин жана коэффициенттерин белгилөө (мисалы, ликвиддүүлүктүн максаттуу коэффициенттери, ордун жабуу мөөнөттөрү боюнча дал келбөөчүлүк лимиттер, кредиттердин депозиттерге карата катышы ж.б.); 

- колдонуудагы методдорду, сценарийлерди жана жол берүүлөрдү кошо алганда, акча каражаттарынын жылышын болжолдоо жана ликвиддүүлүктү стресс-тесттен өткөрүү үчүн негиздер; 

- ликвиддүүлүк тобокелдиги боюнча башкаруучулук отчетун берүү системасы. 

д) күтүүсүз жагдайларга каралган каржылоо планы, анда орун алышы мүмкүн болгон жагдайларга каралган ыкмалар жана стратегиялар камтылууга тийиш.  

15. Директорлор кеңеши банктын бекитилген жалпы стратегиясынын ликвиддүүлүктү тескөө бөлүгүнүн экономикалык, финансылык жана операциялык стандарттарга жана шарттарга ылайык келүүсүн кароого алат. 

Ликвиддүүлүк тобокелдигинин натыйжалуу жана шайкеш тескөөгө алынышын камсыз кылуу максатында банктын Директорлор кеңеши туруктуу негизде, жыл ичинде кеминде бир жолу, зарылчылык келип чыккан учурда тиешелүү корректировкаларды киргизүү менен банктын стратегиясын жана саясатын кароого алат.  

16. Банктын Директорлор кеңеши ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө процессинин бүтүндүгүн камсыз кылган шайкеш ички аудит системасынын уюштурулушу үчүн жоопкерчилик тартат. Ушул максаттарда банктын Директорлор кеңеши ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө процессин жана анын натыйжалуулугун контролдоо функцияларынын жүзөгө ашырылышын камсыз кылган ички контролдук системасын түзөт.  

Банктын Директорлор кеңеши ички контролдуктун көз карандысыздыгын жана компетенттүүлүгүн, ошондой эле алардын функцияларынын банктын операциялык ишкердигинен өзүнчө ишке ашырылышын камсыз кылат.  

 

§ 3. Банк Башкармасынын ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө боюнча ыйгарым укуктары жана милдеттери 

 

17. Банк Башкармасы банктын ликвиддүүлүк тобокелдигин жөнгө салуу стратегияларынын, саясаттарынын жана жол-жоболорунун жүзөгө ашырылышы үчүн жоопкерчилик тартат.  

18. Банк Башкармасы алардын функцияларына банктын ликвиддүүлүгүнүн абалы тууралуу отчеттун өз учурунда жана шайкеш түзүлүшү жана сунушталышы кирген айрым түзүмдүк бөлүмдөрдүн ыйгарым укуктарын жана жоопкерчилигин белгилөөгө тийиш. 

19. Банк Башкармасы өз учурунда жана туруктуу негизде жаңы жана потенциалдуу проблемалар, ошондой эле келечекте кыйынчылыктарды шартташы мүмкүн болгон тышкы рыноктордо шарттардын өзгөрүүсү тууралуу маалыматтарды алууга тийиш. 

20. Банк Башкармасы өз учурунда жана туруктуу негизде жаңы жана потенциалдуу проблемалар тууралуу банктын Директорлор кеңешине маалымдап турууга тийиш, атап айтканда: 

- каржылоо наркынын жогорулашы (белгиленген чектүү деңгээл); 

- ар башка төлөө мөөнөтү менен каржылоо өлчөмүн жогорулатуу; 

- каржылоо булактарынын бир жерге топтолушу; 

- каржылоонун олуттуу бөлүгү келип түшкөн рыноктордо терс өзгөрүүлөр; 

- альтернативалуу каржылоо булактары; 

- белгиленген лимиттерден кыйла же узак убакыт бою артышы; 

- милдеттер жүктөлбөгөн, жогору ликвиддүү активдер камдарынын олуттуу өзгөрүүсү/азайышы; 

- күрөөлүк камсыздоо болуп саналган активдердин рыноктук баасынын потенциалдуу төмөндөшүнөн улам же башка себептер боюнча кошумча камсыздоо талаптарынын жогорулатылышы; 

- тышкы рыноктордо келечекте кыйынчылыкка алып келиши мүмкүн болгон шарттардын өзгөрүшү

 

§ 4. Ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөөгө көз карандысыз баа берүү жана аудит 

 

21. Банкта ишкердиктин бүтүндүгүн, аныктыгын жана негиздүүлүгүн камсыз кылуу үчүн ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө процесстерине мезгил-мезгили менен баа берилип турууга тийиш. Баа берүү тиешелүү көндүмдөргө жана билимге ээ, операциялык ишкердиктен көз карандысыз кызматкерлер/эксперттер, ички же тышкы аудиторлор тарабынан жүргүзүлүүгө тийиш. 

Банк Башкармасы өз учурунда жана туруктуу негизде Директорлор кеңешине ишке ашырылган баа берүү жыйынтыгы тууралуу маалымдап туруусу зарыл.  

22. Ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө процессине баа берүүдө кеминде төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

- ликвиддүүлүк тобокелдигин аныктоо, өлчөө, мониторинг жүргүзүү жана аны кыскартуу боюнча ички системалардын жана жол-жоболордун шайкештиги; 

- ликвиддүүлүк тобокелдигин контролдоо мүмкүнчүлүгүн берген ликвиддүүлүк параметрлери боюнча ар кандай ички лимиттердин негиздүүлүгү

- акча каражаттарынын жылышына талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн колдонулуп жаткан сценарийлердин жана жол берүүлөрдүн конструктивдүүлүгү

- ликвиддүүлүк тобокелдиги жөнүндө сунушталган маалыматтардын бүтүндүгү жана жетиштүүлүгү

- ликвиддүүлүктү колдоо үчүн белгиленген эрежелерди жана жол-жоболорду аткаруу. 

Директорлор кеңеши жана банк Башкармасы ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө процессине баа берүү учурунда аныкталган кандай болбосун үзгүлтүктөрдү же проблемаларды өз учурунда жана натыйжалуу четтетүүгө тийиш.  

Ички аудит туруктуу негизде ликвиддүүлүктү тескөө боюнча ички контролдук системасынын жетиштүү жана натыйжалуу ишке ашырылышын текшерип турууга тийиш.  

 

3-ГЛАВА.  

Ликвиддүүлүк тобокелдигин аныктоо, өлчөө, мониторинг жүргүзүү жана контролдоо 

 

§ 1. Ликвиддүүлүк тобокелдигин өлчөө параметрлери жана инструменттери 

 

23. Банкта ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө процесси өзүндө төмөнкү элементтерди камтыйт: 

а) аларга карата банк ликвиддүүлүк тобокелдигин аныктоо, өлчөө, мониторинг жүргүзүү жана контролдоо үчүн ички лимиттерди белгилеген, ыңгайлаштырылган инструменттер жана параметрлер топтомун пайдалануу; 

б) ликвиддүүлүк жана тобокелдик позицияларынын потенциалдуу чабал жерлерин аныктоо үчүн алдын алуу индикаторлорун иштеп чыгуу жана колдонууга киргизүү

в) Директорлор кеңешине орун алган жана потенциалдуу ликвиддүүлүк проблемалары жөнүндө отчетторду жана ликвиддүүлүк тууралуу башка маалыматтарды өз убагында жана натыйжалуу сунуштоо системасын түзүү

24. Банк өз ликвиддүүлүк тобокелдигин өлчөө жана талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн банк жетекчилигине ликвиддүүлүктүн ыкчам позицияларын жана ликвиддүүлүктүн түзүмдүк дал келбөөсүн түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берген, ошондой эле банктын ар кандай таасирлерге туруштук берүүсүн аныктай алган ар кандай параметрлерди колдонууга тийиш. 

Ликвиддүүлүк параметрлери төмөнкү иштерди аткарууга шарт түзүүгө тийиш: 

- банктын акча каражаттарынын келечекте жылышын болжолдоо жана адаттагы жагдайда сыяктуу эле, алгылыксыз жагдайлар орун алган шартта, ошондой эле ар башка мезгил аралыгында да каржылоонун потенциалдуу дал келбөөчүлүктөрүн аныктоо (акча каражаттарынын жылышын болжолдоо ыңгайлуу жана таанылган жол берүүлөргө негизденүүгө тийиш, алар талапка ылайык документ түрүндө таризделип, мезгил мезгили менен каралып, бекитилет); 

- сейрек кездешүүчү мүнөзгө ээ тобокелдиктерди кошо алганда, банктын баланстык жана баланстан тышкаркы түзүмүнө жана коммерциялык ишине мүнөздүү потенциалдуу ликвиддүүлүк тобокелдигине баа берүү, анын ичинде шарттуу милдеттенмелер; 

- банктын каржылоону тартуу мүмкүнчүлүгүнө, ошондой эле негизги каржылоо булактарынын бири боюнча анын чабал жерлери же концентрациялануусуна баа берүү

- банктын валюта курстарынын өзгөрүүсүнөн улам ликвиддүүлүк тобокелдигин аныктоо. 

25. Банк өз түзүмүнө, ишинин татаалдыгына жана тобокелдик мүнөзүнө ылайык келген параметрлерди жана инструменттерди пайдаланууга тийиш. Тобокелдикти өлчөө үчүн төмөндө келтирилген ликвиддүүлүк параметрлери колдонулушу мүмкүн: 

- негизги контрагенттерден тартылган каражаттардын концентрациялануу деңгээли (көлөмүнө карабастан жеке адамдардан жана юридикалык жактардан тартылган каражаттарды кошо алганда) же негизги каржылоо инструменттери жөнүндө маалымат (мисалы, баалуу кагаздардын ар кандай түрлөрүн чыгаруу аркылуу); 

- келишилген мөөнөттөрдүн негизинде төлөө мөөнөтү боюнча дал келбөөчүлүктөргө, ошондой эле акча каражаттарынын агылып кирүү жана агылып чыгуу динамикасы жөнүндө жол берүүлөргө талдап-иликтөөлөр; 

- экономикалык кооптуу жагдайлар орун алган шартта кошумча ликвиддүүлүктү тартуу мүмкүнчүлүгүнө баа берүү үчүн банктын ликвиддүүлүгүнүн өлчөмү, түзүмү жана резерв мүнөзү тууралуу маалымат; 

- башка коэффициенттер жана көрсөткүчтөр (кредиттердин депозиттерге карата катышы), топ ичинде ачык позициялар жана карыз алышуулар, своп коэффициенттери (банктын улуттук валютадагы ликвиддүүлүктү керектөөсүн каржылоо максатында чет өлкө валютасынан көз карандылыгын өлчөө үчүн), банктын коммерциялык ишине дал келген келишимдик жана келишимден тышкаркы механизмдери жана милдеттенмелери. 

26. Банк, ликвиддүүлүккө байланыштуу олуттуу тобокелдиктерди табуу үчүн ликвиддүүлүк параметрлери аларга шилтеме келтирген туруктуу депозиттер көлөмүнүн улам төмөндөшү сыяктуу маалыматтарга же тенденцияларга утурумдук негизде талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү

 

§ 2. Ликвиддүүлүк тобокелдигинин тескөөгө алынышын контролдоо үчүн лимиттер 

 

27. Банк ликвиддүүлүк параметрлери боюнча лимиттерди белгилейт, алар ликвиддүүлүк тобокелдигинин деңгээлине мониторинг жүргүзүү жана контролдоо үчүн колдонулат. Лимиттер топтому банктын коммерциялык ишине жана анын тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ылайык келүүсү зарыл. 

28. Ликвиддүүлүк тобокелдигинин параметрлери боюнча белгиленген лимиттер күндөлүк ликвиддүүлүктү тескөө үчүн колдонулууга, ошондой эле банктын экономикалык алгылыксыз шарттар орун алган учурда ишин улантуусун камсыздаган деңгээлде белгиленүүгө тийиш.  

29. Банк ликвиддүүлүк тобокелдиги параметрлери боюнча белгиленген лимиттердин сакталышын камсыз кылууга жана алар алдын ала ашкере тобокелдикти жана/же ликвиддүүлүк тобокелдигинин шайкеш эмес тескөөгө алынышын билдирген индикаторлор катары кызмат кылган өзгөчө учурлар же бузууга жол берүүлөр тууралуу отчетторду даярдоо жана сунуштоо тартибин белгилөөгө тийиш. Ликвиддүүлүк тобокелдиги параметрлери боюнча белгиленген лимиттер жана отчетторду даярдоо, сунуштоо тартиби боюнча тиешелүү жол-жоболор жыл ичинде кеминде бир жолу кароого алынууга же зарыл учурларда жыл ичинде каралып турууга тийиш.  

 

§ 4. Ликвиддүүлүктүн артышы тобокелдигин алдын ала билдирүү индикаторлору 

 

30. Банкта тобокелдиктин жогорулоосун баштапкы эле баскычтарда аныктоого мүмкүндүк берген жана ликвиддүүлүк тобокелдиги боюнча ар кандай позициялардагы тобокелдиктердин өсүшүн жана/же каржылоону потенциалдуу керектөөсүн билдирген индикаторлор (мындан ары алдын ала эскертүү индикаторлору) иштелип чыгууга тийиш. 

Алдын ала эскертүү индикаторлору, банк жетекчилиги тарабынан тиешелүү чаралар кабыл алынышы жана орун алган тобокелдиктин банкка карата таасирин басаңдатуу үчүн кандай болбосун терс тенденцияларды аныктоону жана баа берүүнү камсыз кылууга тийиш.  

Ликвиддүүлүктүн ашкере тобокелдигин алдын ала эскертүү индикатору катары ички маалыматтар сыяктуу эле, бүтүндөй система боюнча маалыматтар пайдаланылышы мүмкүн.  

31. Ашкере тобокелдикти алдын ала эскертүү индикаторлору сапаттык же сандык болушу ыктымал жана өзүндө кеминде төмөнкүлөрдү камтышы мүмкүн: 

- потенциалдуу өзгөрүлмөлүү пассивдер/милдеттенмелер аркылуу каржылоодо активдердин өсүшү

- активдердин жана пассивдердин (милдеттенмелердин), ошондой эле каржылоо булактарынын концентрацияланышы; 

- валюталардын дал келбөөчүлүктөрүнүн өсүшү

- каржылоо наркынын жогорулоосу; 

- ордун жабуу мөөнөтү боюнча, өзгөчө 1 айга чейинки ж.б. кыска мөөнөттүү убакыт аралыгында терс ажырымдардын жогорулашын тастыктаган акча каражаттардын жылышынын көрсөткүчтөрүнүн же ликвиддүүлүктүн түзүмдүк позицияларынын начарлоосу; 

- милдеттенмелердин ордун жабуунун орточо салмактанган мөөнөтүнүн кыскарышы; 

- ченемдердин маанисинин ички же Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө жободо белгиленген лимиттерге ыктоо учурлары же болбосо белгиленген лимиттерден ашуусу; 

- белгилүү бир ишкана, бизнес түрү, продукт же банк ишине байланыштуу, милдеттенмелерди аткарбай коюу жагдайларынын өсүшү, пайда алып келбеген кредиттердин өсүшү же чыгым тартуу менен иш алып баруу сыяктуу терс тенденциялар же тобокелдиктин өсүшү

- пайда алуу көрсөткүчүнүн, активдер сапатынын жана банктын жалпы финансылык абалынын кыйла начарлоосу; 

- жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернет сайттарда банк тууралуу терс маалыматтын болушу; 

- кредиттик рейтингдин төмөндөшү (болгон болсо); 

- контрагенттердин кредиттер боюнча кошумча камсыздоо сунуштоо талабы же камсыздоосуз каржылоону сунуштоо боюнча жаңы бүтүмдөргө келишүүдөн же болбосо узак мөөнөткө каржылоодон баш тартуу; 

- банк-корреспонденттерден жеткиликтүү кредиттик линиялардын кыскарышы; 

- талап боюнча төлөнүүчү депозиттерди алуу тенденциясынын күч алышы; 

- мөөнөттүү депозиттерди мөөнөтүнөн мурда алуунун көбөйүшү

- кыйла узак мөөнөттүү каржылоодон пайдалануу кыйынчылыктары. 

32. Банкта, активдерди кайра сатып алууну, финансылык продукттар боюнча ликвиддүүлүктү кошумча колдоону, камсыздоо талаптарынын күчөтүлүшүн же акчалай формадагы маржаны көбөйтүү талабынын коюлушун шартташы мүмкүн болгон баланстан тышкаркы операциялар жана шарттуу милдеттенмелер боюнча тобокелдиктин өсүшүн же ликвиддүүлүктүн өзгөрүшүн аныктоого мүмкүндүк берген кошумча индикаторлор белгиленүүгө тийиш. 

 

§ 4. Маалымат системалары  

 

33. Банкта Директорлор кеңешине, банк Башкармасына жана бул багытта жоопкерчиликтүү башка кызматкерлерге банк ликвиддүүлүгүнүн абалы жөнүндө маалыматтын өз учурунда жана так берилишин камсыз кылууга багыталган ишенимдүү маалымат системасы болууга тийиш.  

Маалымат системалары Директорлор кеңешине жана банк жетекчилигине ликвиддүүлүккө карата проблемаларды аныктоого, ошондой эле ликвиддүүлүк каатчылыгы орун алган учурда, анын ичинде Улуттук банктын талаптары сакталбаган мезгилде жагдайды контролдоого көмөктөшүүгө тийиш. 

34. Маалымат системалары банкка кеминде төмөнкүлөргө көмөктөшүүсү зарыл: 

- өзүнчө сыяктуу эле, топтолгон негизде да бардык валюталардагы ликвиддүүлүккө мониторинг жүргүзүүгө

- төлөө мөөнөтү, каржылоо булагынын түрү, контрагент ж.б. сыяктуу ар кандай аспекттер көз карашынан каржылоо булактары боюнча концентрациялануу деңгээлин көрсөтүүгө

- шарттуу милдеттенмелер жана баланстан тышкаркы операциялар боюнча мүмкүнчүлүктүү жаңы талаптарды кошо алганда, ликвиддүүлүк тобокелдигинин бардык булактарын чагылдырууга; 

- күн ичинде сыяктуу эле, ай ичинде жана андан да узак мезгил аралыгында жана алар ортосунда ликвиддүүлүк позицияларын эсептөөгө

- тобокелдиктерди ичтен тескөө максаттарында, ликвиддүүлүккө байланыштуу ар кандай чектөөлөрдү жана коэффициенттерди, анын ичинде банк мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик актыларынын талаптарын эсептөөгө жана болжолдоого; 

- банк ичинде ликвиддүүлүк тобокелдигине мониторинг жүргүзүү.  

Банк Башкармасы ар кайсы алуучуларга отчет берүү тартибин жана мезгил аралыгын кошо алганда, отчет берүү параметрлерин, ошондой эле отчеттордун даярдалышы үчүн жооптуу адамдарды аныктоого тийиш. 

35. Ликвиддүүлүк тобокелдигинин тескөөгө алынышына баа берүү, ликвиддүүлүктү керектөөнүн зарыл деңгээлин өлчөө жана ликвиддүүлүк тобокелдигин контролдоо үчүн отчеттордо анык маалымат камтылууга тийиш. 

Келип чыккан проблемаларды аныктоого мүмкүндүк берүү жана лимиттердин бузууга жол берилишин чектөө үчүн отчеттордо ликвиддүүлүк тобокелдигин ичтен тескөө сыяктуу эле, ченемдик регулятивдик талаптарды сактоо максаттарында, белгиленген лимиттери менен ликвиддүүлүктүн күндөлүк позициялары камтылууга тийиш. 

Ликвиддүүлүк тобокелдиги лимиттеринен арткан шартта, белгиленген лимиттерди сактоого тиешелүү жөнгө салуу чаралары боюнча чечимдерди кабыл алуу, чектүү маанилерди негиздүү кароого алуу жана отчетторду сунуштоо үчүн башкаруу органынын компетенциясына жараша жогору турган жетекчиликке маалымдап туруу зарыл.  

 

§ 5. Акча агымдарынын базасында ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө  

 

36. Банк акча агымдарына негизденүү менен ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөөгө тийиш. Сандык өлчөө жана талдап-иликтөөлөр жетиштүү болууга жана анда төмөнкү учурда колдонулууга тийиш болгон ар күндүк, ар жумалык, ар айлык жана ар жылдык, ошондой эле башка убакыт аралыгында активдер, милдеттенмелер, баланстык жана баланстан тышкаркы позициялар тарабынан түзүлүүчү акча агымдарын камтууга тийиш: 

- күнүмдүк негизде адаттагыдай ишти жүзөгө ашырууда таза каржылоо керектөөсүнө мониторинг жүргүзүү

- бүтүндөй сценарийлер түрүнө негизденген акча агымына туруктуу негизде талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү

37. Акча агымдарынын базасында ликвиддүүлүктү өлчөө өзүндө банктын акча каражаттарынын агылып чыгышына карата агылып кирүүсүнө, келип чыккан баланстык жана баланстан тышкаркы активдерге жана милдеттенмелерге баа берүү, ошондой эле каржылоонун потенциалдуу таза тартыштыгын аныктоо максатында анын активдеринин ликвиддүү наркына баа берүүнү жүргүзүү камтылууга тийиш. 

Банктар күндөлүк ишти жүргүзүү шарттарында сыяктуу эле, кандайдыр бир жагдайларда да күтүлүп жаткан акча каражаттарынын агылып кирүүсүнө жана агылып чыгуусуна баа берүүгө жана аны аныктоого тийиш. Болжолдоолор келечекте ишке ашуу мүнөзүнө ээ болууга жана алар акыл ченемдүү өбөлгөлөргө жана ыкмаларга негизденүүгө тийиш. Ликвиддүүлүк тобокелдигин аныктоодо, өлчөөдө, мониторинг жүргүзүүдө жана контролдоодо төмөнкүлөр эске алынууга тийиш: 

- активдер жана милдеттенмелер боюнча акча агымы; 

- шарттуу милдеттенмелерге жана баланстан тышкаркы позицияларга тиешелүү орун алышы мүмкүн болгон жагдайлар; 

- чет өлкө валютасындагы активдер жана милдеттенмелер; 

- негизги иш багыттар жана анын түрлөрү, анын ичинде корреспонденттик, депозитардык жана эсептик. 

38. Акча агымдарын болжолдоодо ар кандай факторлор эске алынууга жана алар ар кайсы мезгил аралыгы үчүн өз-өзүнчө түзүлүүгө тийиш, анын ичинде: 

- ликвиддүү каражаттарын керектөө жана бир күндүк чекте каржылоо потенциалын өзгөртүү зарылчылыгы келип чыккан учурда; 

- ликвиддүүлүктү бир күн ичинде, ошондой эле бирден көп күн, ошондой эле бир жылга чейинки кыска мөөнөттүү мезгил аралыгына каржылоо потенциалын керектөө зарылчылыгы келип чыккан учурда; 

- бир жылдан жогору мөөнөткө ликвиддүүлүктү кыйла узак мөөнөт ичинде керектөө

- жагдайларга, ишкердик түрүнө жана стратегияларга байланыштуу ийкемдүүлүк факторлору, алар банктын ликвиддүүлүктү топтоо боюнча потенциалына олуттуу таасир тийгизиши мүмкүн. 

39. Банк күндөлүк негизде каржылоо керектөөсү үчүн зарыл болгон жетиштүү деңгээлдеги акча каражаттары менен камсыз кылууга же болбосо өз активдеринин же башка каржылоо булактарынын эсебинен жетиштүү өлчөмдөгү акча каражаттарынан арылтуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш. 

40. Каржылоо керектөөсү банктын активдеринин жана милдеттенмелеринин ордун жабуу мөөнөтүнүн ырааттуулугу боюнча бааланат. 

Баланстык жана баланстан тышкаркы активдер жана милдеттенмелер боюнча бардык акча агымдары алардын ордун жабуу мөөнөттөрүн эске алып, ар бир убакыт чегинде агылып кирүүдөн агылып чыгууну алып салуу менен бөлүштүрүлүүгө тийиш.  

Дал келбестиктердин кумулятивдик таза позициясы кийинки убакыт чегиндеги дал келбестиктердин таза позицияларынын өсүү жыйынтыгын кошуу менен алынат, алар банкка ар бир убакыт чегинде каржылоонун келечектеги таза керектөөсүнө баа берүүгө шарт түзөт.  

41. Ордун жабуу мөөнөттөрүнүн профилинде убактылуу диапазондордун жетиштүү саны камтылууга тийиш, бул банк өз кыска мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү ликвиддүүлүк керектөөсүнө байкоо жүргүзүүсү үчүн зарыл.  

Кыска мөөнөттүү келечекке (өзгөчө овернайт мөөнөттөрү жана бир жумалык мөөнөт үчүн) бир күндүк, андан кийин башка мезгил аралыгы үчүн кеңири жана кыйла кылдат белгиленген убакыт чегин пайдалануу зарыл. 

42. Банк, алардын түзүмдүк баланстык позициялары менен шартталган ликвиддүүлүктүн потенциалдуу проблемаларынын келип чыгышын алдын алуу максатында, орто мөөнөттүү жана андан узагыраак убакыт чеги үчүн дал келбестиктер позициясын кароосу зарыл.  

43. Банк кыскараак убакыт чегинде, өзгөчө кийинки күн, жети күн жана бир ай үчүн акча каражаттарынын таза агылып чыгышы боюнча өз кумулятивдик позициялары үчүн ички лимиттерди белгилөөгө тийиш.  

44. Мөөнөттөр боюнча дал келбестиктерге карата лимиттер ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө боюнча саясатта чагылдырылууга тийиш. Банк лимиттерди жыл ичинде бир жолу кароого алат, ал эми зарылчылык келип чыккан учурда жыл ичинде лимиттерди корректировкалап, өзгөртүүлөрдү киргизиши мүмкүн. 

45. Акча агымдары келишимде каралган мөөнөттөргө ылайык аныкталышы мүмкүн, бирок төмөнкү аспекттерди кароо менен акча агымдарынын ишенимдүү (айкын) болжолдоосун түзүү максатында, айкын шарттарды эске алуу зарыл болгон башка белгилердин негизинде баа берилүүгө тийиш болгон акча агымдары келип чыгышы мүмкүн:  

- келечекте баланстын өсүшү

- келечекте ордун жабуу каралган активдердин жана милдеттенмелердин ордун жабуу коэффициенти боюнча күтүүлөр; 

- камсыздалган каржылоону алуу үчүн күрөө катары пайдаланылышы мүмкүн болгон ликвиддүү активдердин сапаты жана үлүшү

- овердрафттардын ордун жабуу жана талап боюнча төлөнүүчү эсептерден каражаттарды алуу сыяктуу, так белгиленген ордун жабуу мөөнөтүнө ээ эмес активдердин жана милдеттенмелердин динамикалык мүнөздөмөсү

- баланстан тышкаркы активдер жана милдеттенмелер боюнча потенциалдуу акча агымдары; 

- чет өлкө валюталарынын конвертацияланышы; 

- эсептешүү мөөнөттөрүн жана убакыт айрымасынын таасирин эске алуу менен жүгүртүүдөгү карыздык баалуу кагаздарды жүзөгө ашыруу үчүн талап кылынган убакыт; 

- каржылоо булагынан пайдалануу. 

46. Банк корреспонденттик, депозитардык жана эсептешүү кызматтарды сунуштоосунун анын акча агымдарына таасирин жөнгө салууга тийиш. Мында банк аларда тике катышуучу болуп саналган төлөм жана эсептешүү системаларында белгиленген эсеп жүзөгө ашырылбай калган учурларда иш-аракеттер/жол-жоболор тартибин иштеп чыгууга жана аны так сактоого тийиш, ошондой эле ликвиддүүлүк керектөөсүн жөнгө салуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуусу зарыл. 

47. Акча агымдарын болжолдоодо банк кыска мөөнөт ичинде жана ыңгайлуу шарттарда каржылоодон пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө таасирин тийгизиши мүмкүн болгон жалпы экономикалык жана рыноктук тенденцияларды эске алууга тийиш. 

48. Банктар ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө саясатында акча агымдарын болжолдоого баа берүү үчүн пайдаланылган негиз салуучу шарттарды жана алардын негиздерин документ түрүндө каттоого тийиш. Шарттар жана алардын негиздери жетекчилик тарабынан бекитилүүгө жана туруктуу негизде каралууга тийиш. 

49. Банк болжолдоолорду түзүүдө колдонгон ыкмаларда рынокто учурда орун алган жагдайдын динамикасы эске алынууга жана алардын коммерциялык ишинин өзгөчөлүгүн жана татаалдыгын эске алуу менен ыңгайлаштырылууга тийиш. 

50. Акча агымдарына карата динамикалык өбөлгөлөрдү кабыл алууда банк айкын жана буга чейинки маалыматтарды иликтеши мүмкүн.  

 

§ 6. Диверсификация же каржылоодон пайдалануу мүмкүнчүлүгү 

 

51. Адаттагы шарттарда сыяктуу эле, тышкы таасирлер орун алган шартта да каражаттарды ишенимдүү алууну камсыздоо үчүн банктар ликвиддүүлүктүн кыска, орто жана узак мөөнөттүү келечекте диверсификациялык же туруктуу булактарынын бүтүндөй спектрин колдонушу жана тиешелүү рыноктордон пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыздоосу зарыл. Банкка каражаттарын сунуштаган жана\же жайгаштырган жактар менен өз ара байланышты чыңдоо үчүн, банк талаптагыдай чараларды көрүүсү жана каржылоо рыногунда өз катышуусун чындоосу зарыл.  

52. Банк жеткиликтүү булактардан жана наркы боюнча банктын шарттары үчүн мүмкүн болуучу каражаттарды тез тартуу мүмкүнчүлүгүн баалоого тийиш. Мында банк, банктын каражаттарды тартуу жана негиздүү болушу зарыл болгон мониторинг жүргүзүү жөндөмдүүлүгүнө таасир берген негизги факторлорду аныктоосу зарыл.  

53. Банк үчүн ликвиддүүлүктүн маанилүү булагынан болуп банктар аралык акча рыногу эсептелет. Банк тарыхый маалыматтарга да негизденүү менен бул рынокко карыздык каражаттарды тартуу мүмкүнчүлүгүн баалоосу зарыл. Банк, туруктуу ликвиддүүлүктү камсыздоо үчүн күн сайын жана жумалык негизде - улуттук жана чет өлкө валюталарын дүңүнөн каржылоодо керектөө лимиттерин жөнгө салуусу жана белгилөөсү зарыл. Мында, банктар аралык акча рыногунан карыздык каражаттарды керектөөсүн тесттен өткөрүүсү зарыл.  

54. Банк, банктар аралык акча рыногунан каражаттарды тартуу боюнча лимиттерди белгилөөдө, банктын өлчөмү, рыноктун сыйымдуулугу, банктын рыноктогу үлүшү, контрагенттер тарабынан белгиленген лимиттер жана банк үчүн алгылыктуу деңгээлге ылайык келген максаттуу көлөм катары факторлорду эске алышы керек.  

55. Банк белгиленгендерден тышкары, алар үчүн ал каржылоо булагы болуп эсептелген, контрагенттер менен кошумча мамилени аныкташы жана түзүшү зарыл. Мында, банк контрагенттер менен кошумча мамилени, милдеттенмелерди жоюуга таасирин тийгизе турган күтүлбөгөн жана стресстик жагдайларды эске алуу менен аныктоого тийиш.  

 

§ 7. Бир күн ичинде ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө 

 

56. Ликвиддүүлүк (КЗ.3) ченемдерин (көрсөткүчтөрүн) сактоого тийиш болгон банк алардын ордун жабуу мөөнөтү келип жеткенде негизги милдеттемелерин белгилүү бир учурга карата аткаруу жана бир күн ичинде башка милдеттемелерди аткаруу кезектүүлүгүн белгилөөсү зарыл.  

Банк касса агымдарын эске алуу менен бир күн ичинде ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөөсү зарыл. Банктын акча каражаттарынын агылып чыгуусу бир күн ичинде ар кандай убакыт ортосунда акча каражаттарынын келип түшүүсүн жогорулатышы мүмкүн. Бир жумуш күнүнүн акыры жана кийинки күндүн башталышы ортосунда акча каражаттарынын таза калдыгы, каражаттардын келип түшүүсү жана сарптоо мөөнөтү ортосунда айырмаланышы мүмкүн, бул күн ичинде олуттуу ликвиддүүлүк тартыштыгына алып келиши мүмкүн.  

57. Банктын ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө саясаттары, жол-жоболору жана инструменттери өзүндө бардык валюталар үчүн жана бардык финансылык рыноктордо банк аларда жана алар боюнча олуттуу төлөм жана эсептешүүлөрдү жүргүзгөн операциялык күн ичинде ликвиддүүлүк тобокелдиктери чагылдырылган бөлүктөрдү камтууга тийиш.  

Саясаттарда, жол-жоболордо жогоруда белгиленген тобокелдиктерди тескөөгө карата ыкмалар да камтылууга тийиш. 

58. Бир күн ичинде ликвиддүүлүк тобокелдигин башкаруу үчүн банктын операция жүргүзгөн бөлүмдөрү жана анын документтерди иштеп чыгуу боюнча бөлүмдөрү тапшырмаларды жана жоопкерчиликти так бөлүштүрүү менен өз ара иш алып баруусу зарыл, анткени ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө күтүлүп жаткан төлөмдөрдүн кылдат көзөмөлгө алынышын жана зарылчылык келип чыккан учурларда төлөмдөрдүн кармалып калышы себептерин ыкчам аныктоо үчүн кардарлар менен түз иш алып барууну талап кылат. 

59. Эгерде банк төлөм жана эсептик операцияларды жүргүзүү үчүн банк-корреспонденттердин жана банк-депозитарийлердин кызматынан пайдаланса, банк төлөмдөр боюнча өз милдеттенмелерин үзгүлтүксүз жана өз учурунда аткарууну, ошондой эле экономикалык курч жагдайда да бир күн ичинде өз ликвиддүүлүк тобокелдигин натыйжалуу башкарууну камсыздоосу зарыл.  

 

§ 8. Стресс-тестирлөө жана сценарийлерди талдоо 

 

60. Банк тышкы таасирлер орун алган шартта туруксуздуктун потенциалдуу булактарын, ошондой эле профилине жараша тобокелдикти жана тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө жараша аныктоо максатында, алгылыксыз сценарийлердин негизинде туруктуу негизде, чейрек ичинде кеминде бир жолу стресс-тест өткөрүүсү зарыл.  

61. Стресс-тесттер банкка алгылксыз шарттарда талап кылынган каржылоону канааттандыруу үчүн банктын ликвиддүү активдерин топтоо жөндөмдүүлүгүн баалоо үчүн талап кылынат. Стресс-тесттер тышкы таасирлер орун алган жагдайларда банктын иш тажрыйбасын, рыноктогу күндөлүк шарттарды эске алуу менен жүргүзүлгөн операциялардын татаалдыгы жана банктын масштабы, банк ишинин мүнөзүнө байланыштуу маалыматтарды колдонуу менен жүргүзүлүшү зарыл.  

62. Стресс-тесттердин сценарийлери банк Башкармасы тарабынан дайыма каралып турууга жана анда кандай гана принципиалдуу өзгөрүүлөр болбосун, банктын Директорлор кеңеши же мындай ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилген тиешелүү комитет/комитеттер тарабынан бекитилиши керек.  

63. Банк өз активдеринин, милдеттенмелеринин жана баланстык милдеттенмелеринин, анын ичинде келишим мүнөзүнө ээ эмес, бирок аброй максаттарында ликвиддүүлүк тобокелдигинин натыйжасында керектөөнү шарттаган динамикалык мүнөздөмөлөрдү талдоо менен стресс-тесстерди өткөрүүсү зарыл.  

64. Кризистик сценарийдеги кардардын депозиттери жана алардын туруктуулугун, банк төмөнкүлөргө таасирин тийгизген факторлордун, эсептердин динамикаларын жана өткөн мезгилдеги тенденцияларды эске алуу менен кароосу зарыл: 

- депозиттин өлчөмү (майда жана ири депозиттер); 

- депозиттерди тартуу каналы (түздөн түз/интернет аркылуу); 

- депозиттерди камсыздандыруу деңгээли; 

- аманатчынын банкта кредити болсо; 

- аманатчылардын түрү: чекене аманатчылардын, чакан ишканалардын, ири ишканалардын, банктык жеке тейлөө кардарларынын жана оффшордук кардарлардын депозиттеринин туруктуулугуна карата; 

- эсепте каражаттарды сактоо максатына: банк эмгек акы төлөө сыяктуу эсеп боюнча операцияларды жүргүзүү үчүн сакталган каражаттарды стресс мезгилинде кыйла туруктуу белгиге ээ катары эсептеши мүмкүн;  

- эсептерди базалык талдоо, депозиттерди калыбына келтирүүнү изилдөө ж.б.у.с. эсептерди динамикалык талдоо жыйынтыктары. 

65. Жогоруда көрсөтүлгөн талдап-иликтөө кризистик жагдайларда депозиттин ар кандай түрлөрү үчүн массалык түрдө арылтуунун потенциалдуу коэффиценттерин баалоо үчүн колдонулушу мүмкүн.  

66. Банк, экономикалык кризистик жагдайларда баланстык милдеттенемелерден түзүлгөн, шарттуу мүнөзгө ээ ликвиддүүлүктүн потенциалдуу тобокелдигин баалоосу зарыл.  

67. Банк стресс-тестирлөө жол-жобосуна сценарийлердин төмөнкү түрлөрүн киргизүүсү зарыл:  

а) банкта проблемалардын орун алуусунан, активдер сапатынын начарлоосунан, төлөмдөрдү жүргүзүүгө байланыштуу көйгөйлөрдөн, жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернетте банк жөнүндө терс маалыматтардан, банкка карата ишенимдин төмөндөшүнөн, банк жетекчилигинин алдамчылык операцияларынан улам келип чыгышы мүмкүн болгон жагдайларды камтыган банктагы кооптуу жагдайлар сценарийи.  

Сценарийде кризистик жагдайларда анын кассалык агымынын “начарлоо” абалы көрсөтүлүүгө тийиш.  

Туунду банктар жана эл аралык банктык топтун катышуучулары, уюмдагы алгылыксыз жагдайлардын сценарийинин эки түрүн кароого алуусу зарыл, атап айтканда: Кыргыз Республикасындагы операцияларга гана таасирин тийгизген кризис жана банктык топтордун операцияларына жана жалпы дүйнөлүк рынокторго таасирин тийгизген кризис.  

Банктык эсептерден массалык түрдө каражаттарды алууга байланыштуу сценарий төмөнкүдөй мүнөздөмөлөрдү камтууга тийиш:  

- узак убакыт аралыгында аларды төлөө мөөнөтү башталганга чейин өз мөөнөттүү депозиттеринен каражаттарды алуу жөнүндө кардарлардын суроо-талаптарынын жогорулашынан депозиттерди массалык түрдө алуунун жогору коэффициенти; 

- алардын төлөө мөөнөтү башталгандыгы боюнча банктар аралык депозиттерди төлөө

- рынокто камсыздалбаган же камсыздалган жаңы каржылоону алуунун мүмкүн эместиги; 

- жүгүртүүдөгү баалуу кагаздарды аргасыздан төмөн баада сатуу.  

б) бир же бир нече рынокто көпчүлүк финансылык уюмдардын ликвиддүүлүк абалына таасирин тийгизген жагдайлар каралган бардык рыноктогу кооптуу жагдайлар сценарийи.  

68. Банктык көзөмөлдөөнүн алкагында Улуттук банк стресс-тестирлөөнүн жыйынтыктарын сурап билүүгө, ошондой эле талдап-иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча сценарийди корректировкалоого сунуш киргизүүгө укуктуу.  

 

§ 9. Банктык топтун алкагында ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө 

 

69. Эгерде банк банктык топтун же эл аралык банктык топтун бир бөлүгү болуп эсептелсе, ал банк же ошол түзүмдөр ортосунда ликвиддүүлүктү жана күрөөнү которууга кандай болбосун юридикалык, ченемдик, операциялык жана башка чектөөлөрдү эске алуу менен башка юридикалык жактар менен топ ичинде жүргүзүлгөн ички операциялардын натыйжасында пайда болгон ликвиддүүлүк тобокелдигин контролдоо жана ага мониторинг жүргүзүүгө жөндөмдүү болууга тийиш.  

70. Каржылоо керектөөсүнө баа берүүдө, өзгөчө стресстик жагдайларда банктар топтун башка катышуучуларына мындай керектөө пайда болгон учурда колдонуу үчүн каралган гарантия же каржылоо линиясы формасындагы каржылоону же ликвиддүүлүктү сунуштоого карата кандай болбосун милдеттенмелерди эске алууга жана топтун катышуучулары сунуштаган каражаттардын кандай болбосун түрдө алып чыгуусуна даяр болуу зарыл.  

Банк, банктык топтун катышуучуларынын ликвиддүүлүк позициясына таасирин, ошондой эле банктын ликвиддүүлүгүнө алардын таасирин, же банкка карата банктык топтун башка катышуучуларынын ликвиддүүлүгү менен стресс жагдайларда кошумча каржылоого карата алардын таасирин талдап чыгуусу зарыл.  

Банк топтун башка түзүмдөрүнүн каржылоосунан пайдаланган учурда, ал ликвиддүүлүктүн таасирин аныктоо үчүн чараларды көрүүгө жана кайсыл гана болбосун юридикалык, ченемдик жана зарылчылык болгон учурда топтун катышуучуларынан алардын ликвиддүүлүгүн алууга тоскоолдук кылышы мүмкүн болгон башка чектөөлөрдү эске алууга тийиш.  

71. Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашырууда Улуттук банк банктык топтордун чегинде операциялар динамикасынын деңгээлине жана тенденцияларга мониторинг жүргүзүүгө жана өзгөчө топтун жана/же банктын ликвиддүүлүгү жана финансылык абалы шек жараткан учурда, Улуттук банкта ачык позиция деңгээлинин алгылыктуулугуна карата олуттуу кооптонуулар келип чыкса, топтун катышуучулары ортосунда ачык позицияны контролдоо үчүн лимиттерди белгилөө жөнүндө маселени кароого укуктуу.  

72. Кыргыз Республикасынын аймагында банктык топту жетектеген банк буга кошумча бардык топтор үчүн ликвиддүүлүк тобокелдиги боюнча ачык позициялар жөнүндө түшүнүгү болушу үчүн өлкө алкагында жана өлкөлөр ортосунда ар кандай системалар аркылуу маалыматтарды топтоо процессин аныктоонун эсебинен өзүнүн бириккен тобундагы бардык байланыштуу түзүмдөрүн кошо алганда, топ деңгээлинде ликвиддүүлүк тобокелдигин контролдоого жана активдүү мониторинг жүргүзүүгө тийиш. 

73. Банктар топтун түзүмдөрү үчүн белгиленген лимиттерди жана өз саясатын жана кандай гана болбосун ликвиддүүлүктү колдоо боюнча ички механизмдерин так документ түрүндө тариздөөсү зарыл.  

 

§ 10. Күтүүсүз жагдайлар орун алган учурда каржылоо планы 

 

74. Банк, анда өзгөчө учурларда, анын ичинде ликвиддүүлүк жетишсиз болгон учурларда анын стратегиясы так аныкталган, күтүүсүз жагдайларга каралган бекитилген каржылоо планына ээ болууга тийиш. 

Күтүүсүз жагдайларга каралган каржылоо планында банктын тиешелүү тышкы таасирлерди, анын ичинде стресс-тесттерде каралган таасирлерди жөнгө салууга даярдыгын камсыз кылган, ошондой эле жоопкерчилик чөйрөсү жана чараларды колдонуу жана милдеттерди кыйла жогору башкаруу деңгээлине өткөрүп берүү так белгиленген чаралар, жол-жоболор топтому жана иш-аракеттер планы камтылууга тийиш. 

Күтүүсүз жагдайларга каралган каржылоо планы да туруктуу негизде тесттен өткөрүлүп турууга жана анын операциялык ишенимдүүлүгүн камсыздоо максатында жаңыртылып турууга тийиш.  

75. Банк Башкармасы тарабынан ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө саясатынын алкагында күтүүсүз жагдайлар орун алган учурларга карата иштелип чыккан каржылоо планы Директорлор кеңеши тарабынан бекитилет. 

76. Күтүүсүз жагдайлар орун алган учурларга карата иштелип чыккан каржылоо планы банктын уюштуруу ишинин татаалдыгына, банктын операцияларынын масштабына жана системалуу маанисине туура келүүсү зарыл. Күтүүсүз жагдайлар орун алган учурларга карата иштелип чыккан каржылоо планы, анын иш-аракеттер планын жана жол-жоболор банкта ликвиддүүлүк тобокелдигине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү менен тыгыз интеграцияланышы зарыл. Күтүүсүз жагдайлар орун алган учурларга карата иштелип чыккан каржылоо планында ар кандай убакыт чеги үчүн ликвиддүүлүк маселелери, анын ичинде дароо толукталуучу ликвиддүүлүк каралышы талап кылынат.  

77. Күтүүсүз жагдайлар орун алган учурларга карата иштелип чыккан каржылоо планында төмөнкүдөй компоненттер камтылууга тийиш: 

1) банк Башкармасы жана Директорлор кеңеши үчүн маалыматтардын өз учурунда жана үзгүлтүксүз агымын камсыздаган отчетторду даярдоо боюнча жол-жоболор. Кризистик жагдайларды жөнгө салуу тобуна киргизилүүгө тийиш болгон жана мындай жагдайларды аныктоого жооптуу катары дайындалган кызматкерлердин ролун түшүнүү максатында, анын ичинде алардын аты-жөнүн жана байланышуу үчүн маалыматын камтуу менен, банк ичинде милдеттенмелер так белгилениши зарыл. 

Мындан тышкары, тапшырмаларды кыйла жогору башкаруу деңгээлине өткөрүп берүү жана артыкчылыктарды бөлүштүрүү боюнча ички жол-жоболор белгиленүүгө тийиш, аларда чара көрүү маселелери боюнча чечим ким тарабынан жана качан кабыл алына тургандыгы белгиленет.  

2) Кризистик жагдайды алдын ала эскертүү индикаторлору, ошондой эле банк Башкармасына жана Директорлор кеңешине отчеттун сунушталышына туруктуу негизде байкоо жүргүзгөн механизмдер. Банктар ар бир тобокелдик профилине карата өзүнчө индикатор иштеп чыгууга тийиш. 

3) Кризистик жагдайларда кассалык агымдарынын тартыштыгынын ордун жабуу жол-жоболорунда, ликвиддүүлүктүн ар кандай булактарын, анывн ичинде колдонулбаган кредиттик механизмдерди, алардын жеткиликтүүлүгүн, аларды пайдалануу шарттарын, алардын ишенимдүүлүгүн жана колдонуу кезектүүлүгүн кароо камтылууга тийиш. Банк ошондой эле, альтернативалуу каржылоо булактарын жана капиталга таасирин баалашы зарыл.  

4) белгилүү бир кардарлар үчүн кредиттик линиялар жабылган кризистик жагдайлар орун алган учурда кардарларга карата артыкчылыктарды аныктоо үчүн жол-жоболор. 

5) Кызматкерлер, кардарлар, рыноктун катышуучулары, кредиторлор, контрагенттер, акционерлер жана Улуттук банк ортосунда өз ара натыйжалуу маалымат алмашууну уюштуруу үчүн маалымдоо планы. 

6) Стресс-тесттердин жана сценарийлердин жыйынтыктары банктын ликвиддүүлүгүнө таасирин тийгизиши мүмкүн ар кандай кризистик жагдайларды аныктоо жана алардын деңгээлине баа берүү үчүн негиз катары пайдаланылышы мүмкүн. 

7) Өнүккөн бөлүмдөр тармагына ээ банк күтүүсүз жагдайлар орун алган учурларга каралган каржылоо планында кризистик учурларда операцияларды ишке ашыруу үчүн накталай каражаттарды ыкчам жеткирүүнү камсыз кылуу боюнча иш-аракеттерди кароого тийиш.  

8) Туунду уюмдар жана банктык топтордун катышуучулары бар учурда, күтүүсүз жагдайлар орун алган учурларга каралган каржылоо планында Кыргыз Республикасында операциялар боюнча ликвиддүүлүктү тескөө боюнча маселелер, ликвиддүүлүктү колдоо шарттары, ошондой эле кризистик жагдайлар орун алган учурларда ликвиддүүлүктү сунуштоо боюнча башкы уюмдардын же башкы башкармалыктардын милдеттенмелери каралуусу зарыл. 

78. Күтүүсүз жагдайлар орун алган учурларга каралган каржылоо планы банктын иш үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу боюнча планына дал келүүгө жана иш үзгүлтүксүздүгүн камсыздоо механизмин ишке ашыруу зарыл болгон учурда жүргүзүлүүгө тийиш. Мында, жетекчилик банктын иш үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылган жана ликвиддүүлүк кризисин жөнгө салган кызматкерлердин ишин координациялоого тийиш. 

79. Банк жетекчилиги убакыт өткөн сайын бул пландардын ишенимдүүлүгүн колдоо үчүн алгылыктуу мезгил аралыгында же тез арада банк ишин уюштуруу жөнүндө жобону өзгөртүүгө же рынокто орун алган жагдайга жараша каржылоо планын жаңыртып турууга жана улам кароого алып турууга тийиш. Күтүүсүз жагдайлар орун алган учурда каржылоо планына карата кандай гана болбосун өзгөртүүлөр талапка ылайык документ түрүндө түзүлүүгө жана банктын Директорлор кеңешинде бекитилүүгө тийиш. 

80. Күтүүсүз жагдайлар орун алган учурларга каралган каржылоо планы банктын финансылык абалын чыңдоо планынын бир бөлүгү болушу мүмкүн. 

 

§ 11. Маалыматты ачык жарыялоо 

 

81. Банк жалпыга маалымдоо каражаттарында, банктын расмий интернет сайтында ж.б. рыноктун катышуучуларына ликвиддүүлүк абалын жана ликвиддүүлүк тобокелдигин башкаруу негиздеринин ишенимдүүлүгүнө карата корутунду чыгаруусуна мүмкүндүк берген маалыматты дайыма ачык жарыялап турууга тийиш.  

82. Банк “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетту түзүүгө карата талаптар жөнүндө” жобонун алкагында, рынок катышуучуларына банктын ликвиддүүлүк тобокелдиги жөнүндө түшүнүк алуусуна мүмкүндүк берген ликвиддүүлүк боюнча өз позициясы жөнүндө маалыматты берүүгө тийиш.  

83. Банк рынок катышуучуларына ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө жөнүндө кеңири түшүнүк алуусу үчүн кошумча толук маалыматты сунеуштоого тийиш. 

Банк ошондой эле төмөнкүдөй сапаттуу мүнөздөгү маалыматты чечмелеп бериши мүмкүн: 

- банк аларга дуушарланган жана мониторинг жүзөгө ашырган ликвиддүүлүк тобокелдигинин аспекттери; 

- банкты каржылоо булактарын диверсификациялоо; 

- ликвиддүүлүк тобокелдигин азайтуу үчүн пайдаланылган башка инструменттер; 

- ликвиддүүлүк позициясын жана ликвиддүүлүк тобокелдигин өлчөө үчүн пайдаланылган концепциялар; 

- ликвиддүүлүк резервин колдоого карата банктын саясаты.