Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы Ислам Өнүктүрүү банкынын башкаруучуларынын жылдык жыйынына катышты 

 

2019-жылдын 4-6-апрель күндөрү Кыргыз Республикасынан Ислам Өнүктүрүү банкында башкаруучунун милдетин аткаруучу, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Т.С. Абдыгулов жетектеп барган Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы Марокко Королдугу, Марракеш шаарында өткөрүлгөн Ислам Өнүктүрүү банкынын башкаруучуларынын 44-жылдык жыйынына катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. 

Жылдык жыйындын алкагында маанилүү бир катар жолугушуулар болуп өттү

Ислам Өнүктүрүү банкынын өлкөлөр программалары боюнча вице-президенти, доктор Мансур Мухтар менен жолугушуунун жүрүшүндө Т.С.Абдыгулов Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө көрсөтүлүп жаткан колдоо үчүн ыраазычылык билдирип, учурда орун алып жаткан жагдайларды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын узак мөөнөткө каралган стратегиялык өнүгүү багыттары аныкталган 2018-2040-жылдары өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы боюнча кыскача маалымат берди. Тараптар Ислам Өнүктүрүү банкынын Кыргыз Республикасында саламаттыкты сактоо, ирригация системасы, транспорт чөйрөсү, ислам банкинги жагындагы инфраструктуралык долбоолорунун статусу жана аларды ишке ашыруу маселелерин ырааттуу талкууга алышты. 

Араб экономикалык өнүктүрүү Кувейт фондусунун операциялар боюнча башкармалыгынын директору Валид Аль-Бахром мырза менен жолугушуунун жүрүшүндө делегация Араб координациялык тобунун алкагында Кыргыз Республикасында өздөштүрүлүүчү стратегиялык инфраструктуралык долбоорлордун жактырышына колдоо көрсөтүлгөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирип, "Балыкчы-Каракол-Балыкчы" жолун реконструкциялоо долбооруна тиешелүү маселелерди талкуулашты. Жолугушуулар жыйынтыгы боюнча тараптар аталган долбоорлор боюнча иш багытын улантуу жана Араб экономикалык өнүктүрүү Кувейт фондусу менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы мындан аркы кызматташтыкты чыңдоо ниетин билдиришти.  

Кыргыз делегациясынын башчысы ОПЕК Эл аралык өнүктүрүү фондусунун башкы директору, доктор Абдульхамид Аль-Халиф менен жолугушуп, аны башкы директор кызматына дайындалышы менен куттуктап, жаңы иш багытында ийгиликтерге жетишүүсүнө тилектештигин билдирди. Жолугушууда тараптар транспорт чөйрөсүнө тиешелүү айрым долбоорлорду талкуулап, ОПЕК Эл аралык өнүктүрүү фондусу менен Кыргыз Республикасы ортосунда кызматташтыкты улантууну чечишти. 

Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынын улук кеңешчиси, доктор Дже-Хун Юн менен жолугушууда Кыргыз Республикасы менен аталган банктын ортосунда кызматташуу мүмкүнчүлүгү жана анын келечегине тиешелүү маселелер талкууланды. 

 

Маалымат үчүн:  

Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы Азия-Тынч океан регионунда финансылык кызматташууга өбөлгө түзүү, Азияда инфраструктуралык долбоорлорду каржылоо максатында түзүлгөн эл аралык финансылык уюм. Кыргыз Республикасы 2015-жылдан бери бул уюмдун мүчөсү болуп саналат.  

Ислам эл аралык соода-финансылык корпорациясынын башкы аткаруучу директору Хани Салем Сонбол менен жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен бул корпорация ортосунда тыгыз кызматташтыкты жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө максатында алкактык келишимге кол коюлган. Келишимдин чегинде корпорация тарабынан соода операцияларын каржылоо үчүн 150 млн АКШ доллары бөлүнөт. Бул каражат жеке сектор тарабынан да өздөштүрүлүшү мүмкүн. 

Мындан тышкары жолугушуу учурунда тараптар Кыргыз Республикасында ислам каржылоо принциптерин андан ары жайылтуу жагында кызматташуу багыттарын талкуулап, кыргыз делегациясы өлкөнүн Улуттук банкынын, коммерциялык банктардын жана бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү үчүн өткөрүлгөн окуу семинарлары үчүн ыраазычылыгын билдирди.  

Ислам Өнүктүрүү банкынын президенти, доктор Бандар Хаджар менен жолугушуунун алкагында: 

1. Кыргыз Республикасы, Ислам Өнүктүрүү банкы, Жеке секторду өнүктүрүү боюнча ислам корпорациясы ортосунда Кыргыз Республикасында халал эт өндүрүүнү көздөгөн долбоордун техникалык-экономикалык негиздемелерин даярдоо үчүн техникалык жардам алууга грант сунуштоо боюнча үч тараптуу келишимге кол коюлган. Келишим долбоору эт өндүрүү-сатып өткөрүү процессинин бардык компоненттерин чогуу жөнгө салууну карайт. Донорлор бул үчүн республикага 380 миң АКШ доллары суммасында техникалык грантты сунуштайт, анын ичинен 

- 280 миң АКШ доллары Ислам Өнүктүрүү банкы; 

- 100 миң АКШ доллары Жеке секторду өнүктүрүү боюнча ислам корпорациясы тарабынан бөлүнөт. 

Бул долбоорду иштеп чыгууга кыргыз тарап 50,0 миң АКШ долларын жумшай тургандыгын да белгилеп кетүү зарыл.  

2. Республиканын Баткен жана Талас областтарынын айыл калкын таза суу менен камсыздоо жана санитардык абалды жакшыртуу долбоору боюнча келишимге да кол коюлган. Аталган областтардын долбоорду өздөштүрүү үчүн тандалып алынган айыл жамааттарын сапаттуу таза суу менен камсыздоо, санитардык кызматтардын ишин жакшыртуу, бул багытта иш алып барган институттардын потенциалын чыңдоо долбоордун негизги максатынан болуп саналат. Долбоордун жалпы бюджети 60,0 млн АКШ долларына бааланууда, ал эми мунун 20,0 млн АКШ доллары Ислам Өнүктүрүү банкы, 30,0 млн АКШ доллары Сауд өнүктүрүү фондусу, 10,0 млн АКШ доллары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан берилет. Долбоор эки региондун 146 миңге жакын адамды тейлөөгө алган суу менен камсыздоо жана санитардык абалды жакшыртуу системаларын өнүктүрүүгө багытталат.