2019-жылдын 5-апрелинде Эл аралык ислам соода-финансы корпорациясы (мындан ары ITFC) менен Кыргыз Республикасынын ортосунда 150 млн. АКШ доллары суммасына Марокко Королдугу, Марракеш шаарында кол коюлган Алкактык макулдашуунун алкагында, Улуттук банктын колдоосу менен өлкөнүн коммерциялык банктары жана микрофинансылык уюмдары көрсөтүлгөн сумманы өздөштүрүү иш-чараларын жүргүзө баштады. ITFC жалпы суммасы 4 млн. АКШ долларына Кыргыз Республикасынын эки финансы-кредит уюмун каржылоону жактырган. Алдыда Кыргыз Республикасынын финансы-кредит уюмдарынын сунушталып жаткан сумманын аталган макулдашуунун шарттарына ылайык өздөштүрүүсү, ITFC менен өз ара өнөктөш мамиледе иш алып баруусу пландаштырылууда.  

Аталган макулдашуу боюнча иш-чаралар 2018-жылдын сентябрь айында Кыргыз Республикасына ITFC миссиясынын биринчи расмий келиши менен башталган. Миссиянын өкүлдөрү Улутттук банктын төрагасы Т.С.Абдыгулов (Кыргыз Республикасындагы Ислам өнүктүрүү банкынын башкаруучусунун альтернаты) менен жолугушту. Жолугушууда ITFC менен Кыргыз Республикасынын ортосунда алкактык макулдашууга кол коюу, ошондой эле кызматташуу маселелери талкууланды. Аталган миссия Улуттук банктын өкүлдөрү менен биргеликте, ITFC тарабынан сунушталып жаткан каржылоо маселелерин талкулоо үчүн Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары жана микрофинансылык уюмдары менен жолугушууларды өткөрдү

ITFC делегациясынын экинчи визити 2019-жылдын 28-январынан баштап 1-февралына чейин Бишкек шаарында болуп өткөн. Анын алкагында Улуттук банктын, Кыргыз Республикасынын айрым мамлекеттик мекемелеринин, коммерциялык банктарынын жана микрофинансылык уюмдарынын катышуусунда ITFC тарабынан сунушталып жаткан каржылоо маселелери талкууланган.  

 

Маалымат үчүн: Эл аралык ислам соода-финансы корпорациясы (ITFC) Ислам өнүктүрүү банкы тобунун курамына кирген уюм. Анын негизги милдети - Ислам кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөр ортосунда соода мамилелерин өнүктүрүүгө түрткү берүү. Корпорация сооданы каржылоо жагында мүмкүнчүлүктөргө ээ болууга компанияларга көмөк көрсөтүп, дүйнөлүк рынокто ийгиликтүү атаандашуу үчүн алардын соода жүргүзүү потенциалын арттырууга зарыл инструменттерди тартуулайт.