Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ислам каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктардын башка менчигине тиешелүү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор долбоорун коомдук талкууга чыгарат. 

Долбоор ислам каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктардын башка кыймылсыз мүлк менен иш өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу иштелип чыккан жана банктык кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн укугун коргоого багытталган.  

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Коммерциялык банктар долбоор боюнча пикирлерин жана сунуштарын  

2019-жылдын 13-майынан кечиктирбестен smaitashova@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.