Улуттук банк террористтик ишти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселеси боюнча “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө долбоорду коомдук талкууга сунуштайт. 

Долбоор, тиешелүү ченемдик укуктук актыларды террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына, атап айтканда төмөндө келтирилген документтерге ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан: 

- “Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамга; 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 “Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу” токтомуна. 

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-июлундагы № 357 токтому менен кабыл алынган Салык органдарында патентти кагаз жүзүндө же электрондук форматта берүүнүн тартибин бекитүүгө байланыштуу долбоордо жеке ишкерлердин банк эсебин ачуусу үчүн электрондук патентти колдонуу мүмкүнчүлүгү каралган. 

Ушундан улам, долбоордо Улуттук банктын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү каралган: 

- Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 29-декабрындагы № 96/2 токтому менен бекитилгенКылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдуктун жөнгө салынышына карата минималдуу талаптар жөнүндө” жобого; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 токтому менен бекитилген Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоого;  

- Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 12-сентябрындагы № 37/2 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары тарабынан банктык жеке сейфтердин кардарларга баалуулуктарды сактоосу үчүн берилиши жөнүндө” нускоого; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 16-апрелиндеги № 13/2 “Оффшордук аймактардын субъектилерин жана алардын тизмесин аныктоо боюнча талаптарды белгилөө тууралуу” токтомуна; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2000-жылдын 30-ноябрындагы № 42/1 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө” жобого; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-2(НПА) токтому менен бекитилген “Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө” нускоого;  

- Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4(НПА) токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алган банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө” жобого; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 28-майындагы № 22/4 токтому менен бекитилген “Тике банктык көзөмөл жөнүндө” жобого; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 14-сентябрындагы № 52/4 токтому менен бекитилген “Банктардын баалуу кагаздар менен иш алып баруусу жөнүндө” жобого; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/12 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө” жобого;  

- Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-8-(НПА) токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобого;  

- Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-3-(НПА) токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензияланган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган банктарда, банк эмес финансы-кредит уюмдарында ички контролдук жана ички аудит системаларын жөнгө салуу эрежелерине;  

- Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-2(НПА) токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка банк эмес финансы-кредиттик уюмдардын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө” жобого;  

- Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 27-августундагы № 22/9 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана финансы-кредит уюмдарынын ишинде сактоо мөөнөттөрүн көрсөтүү менен түзүлгөн негизги документтер тизмесине; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 30-октябрындагы № 32/2 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин алгачкы долбоордун алкагында жүзөгө ашыруу жөнүндөгү” жобого; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-сентябрындагы № 38/8 токтому менен бекитилген “Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө” жобого; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 30-ноябрындагы № 67/9 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө” жобого; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 18-июлундагы № 2018-П-12/30-3-(БС) токтому менен бекитилген “Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктарда тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобого. 

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында “Улуттук банктын ченемдик актылары”/ “Талкууга сунушталган долбоорлор” бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Коммерциялык банктар долбоор боюнча сунуш-пикирлерин 2019-жылдын 13-майынан кечиктирбестен aatyshova@nbkr.kg электрондук почта дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.