Улуттук банк уюлдук байланыш операторлору менен жолугушуу өткөрдү 

 

2019-жылдын 17-апрелинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Т.С. Абдыгулов, Кыргыз Республикасынын Президентинин «2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» жарлыгын жана Кыргыз Республикасында нак эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча мамлекеттик программаны аткаруу боюнча иш-чаралардын алкагында, уюлдук байланыш операторлорунун жетекчилери менен жолугушту («MegaCom», «Beeline», «О!» соода маркалары). 

Жолугушуу учурунда төмөнкү маселелер талкууга алынды: 

- идентификацияланбаган капчыктар; 

- субагенттик тармакты өнүктүрүү

- абоненттердин өздүк эсептеринен акча каражаттарын кайтаруу боюнча агенттик схема; 

- төлөмдөрдүн кепилдигин камсыз кылуу (камсыздандыруу депозиттери). 

Жолугушуунун жыйынтыгында бардык маселелерди Улуттук банк түзгөн жумушчу топтун алкагында иштеп чыгуу зарыл деген тыянакка келишкен. 

 

Маалымат үчүн: 

«Balance», «MegaPay» жана «O!Деньги» электрондук капчыктарынын жалпы саны: 

- 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча 136 315 капчык;  

- 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча 513 754 капчык.