Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2019-жылдын 27-февралындагы № 2019-П-33/-9-7-(НФКО) “Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-4-(НПА) “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан берилүүчү лицензия үчүн төлөм жана жыйым өлчөмү жөнүндө” токтомунун күчүн жоготкон катары таануу жөнүндө ” токтомун (мындан ары - токтом) кабыл алды.  

Токтом Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-январында күчүнө кирген, мамлекеттик алымдардын ченин белгилеген Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан.  

Аталган токтомго ылайык Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-4-(НПА) “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан берилүүчү лицензия үчүн төлөм жана жыйым өлчөмү жөнүндө” токтомунун күчүн жоготкон катары таанылды. 

Мындан тышкары Улуттук банктын айырым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр киргизилди, ага ылайык, лицензияларды жана/же уруксаттарды берүү, кайра тариздөө үчүн, лицензиянын жана/же уруксаттын дубликатын берүү үчүн, ошондой эле өз ара таануу тартибинде жана бир тараптуу тартипте, Кыргыз Республикасынын аймагында чет мамлекеттин лицензиары тарабынан берилген лицензияны таануу жол-жобосу белгиленген. Ошентип, лицензия берүү үчүн жыйым же акы төлөнбөстөн, мамлекеттик алым алына баштайт, анын өлчөмү Кыргыз Республкасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 токтомунун негизинде бекитилген. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: “www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши жөнүндө мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору” бөлүгүндө жайгаштырылган.   

Ченемдик укуктук актылар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: “www.nbkr.kg/ Банк тууралуу/Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банк эмес финансы мекемелер ишин жөнгө салуу” бөлүгүндө жайгаштырылган.