Кыргыз Республикасынын Улуттук 

банк Башкармасынын 

2019-жылдын 15-апрелиндеги  

№ 2019-П-12/20-2-(НПА) токтому 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук 

актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

  

  

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20, 68 жана 136-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Улуттук банктын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин:  

- 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/1 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктар милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык нормативдер жана талаптар жөнүндөгү» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоону бекитүү жөнүндө»; 

- 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобону бекитүү жөнүндө»; 

- 2013-жылдын 27-ноябрындагы №45/13 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күндөн кийин күчүнө кирет жана  

2020-жылдын 16-июлуна чейин колдонулат жана анын талаптары «Мамлекеттик Ипотекалык Компания» ААКтын эмиссиясы боюнча чыгарылган, 2018-жылдын 29-июнунда катталган ипотекалык жабымы бар (орду жабылуучу) облигацияларга гана жайылтылат.   

3. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

  

  

Төрага Т. Абдыгулов  

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2019-жылдын 15-апрелиндеги  

№ 2019-П-12/20-2-(НПА) 

токтомуна тиркеме 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым 

ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр  

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/1 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктар милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык нормативдер жана талаптар жөнүндөгү» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык нормативдер жана талаптар жөнүндөгү жобонун: 

4.2-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкү мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын: 

««Мамлекеттик Ипотекалык Компания» ААК тарабынан чыгарылган ипотекалык жабымы бар (орду жабылуучу) облигациялар. 

Мында «Мамлекеттик Ипотекалык Компания» ААК тарабынан чыгарылган ипотекалык жабымы бар облигациялар Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 токтому менен бекитилген "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө" жобонун шарттарына ылайык “нормалдуу актив” катары классификацияланууга тийиш. Ал эми “нормалдуу актив” катары классификацияланбаган «Мамлекеттик Ипотекалык Компания» ААК тарабынан чыгарылган ипотекалык жабымы бар облигациялар ликвиддүү активдердин курамына киргизилбейт.». 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоону бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоонун: 

- 4.3-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкү мазмундагы «и» абзацы менен толукталсын: 

«- и) «Мамлекеттик Ипотекалык Компания» ААК чыгарган ипотекалык жабымы бар облигациялар. 

Мында «Мамлекеттик Ипотекалык Компания» ААК тарабынан чыгарылган ипотекалык жабымы бар облигациялар Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 токтому менен бекитилген "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө" жобонун шарттарына ылайык “нормалдуу актив” катары классификацияланууга тийиш.». 

- 4.3-пунктунун 4-пунктчасы төмөнкү мазмундагы “г” абзацы менен толукталсын: 

«г) Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 токтому менен бекитилген "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө" жобонун шарттарына ылайык “нормалдуу актив” катары классификацияланбаган «Мамлекеттик Ипотекалык Компания» ААК тарабынан чыгарылган ипотекалык жабымы бар облигациялар.». 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө” жобо:  

- төмөнкү мазмундагы 4.1.3-пункт менен толукталсын: 

«4.1.3. Банк «Мамлекеттик Ипотекалык Компания» ААК чыгарган ипотекалык жабымы бар облигацияларын 0% өлчөмүндө РППУ түзүү менен «нормалдуу актив» катары классификациялай алат.  

Мында төмөнкү шарттар аткарылууга тийиш: 

- банк ипотекалык жабымы бар облигациялардын наркынын 120 пайыздан кем эмес өлчөмдө ордунун жабылышын контролдоо үчүн ипотекалык жабымдын (орду жабылуучу) күрөөсүнө ай сайын мониторинг жүргүзөт; 

- ипотекалык жабымдын күрөөсүнө кирген бардык актив, эң аз дегенде, «канааттандырарлык» категорияга киргизилүүгө тийиш. 

Ипотекалык жабымы бар облигациялардын ипотекалык жабымынын күрөөсү көрсөтүлгөн шарттарга ылайык келбеген учурда, алар Улуттук банктын бекитилген талаптарына ылайык классификацияланууга тийиш.». 

4. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45/13 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө” жобонун:  

- 41-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздары, Улуттук банктын ноталары, Бишкек шаарынын мэриясы чыгарган, листингге ээ жана Кыргыз Республикасынын лицензияланган соода аянтында котировкаланган муниципалдык баалуу кагаздар, «Мамлекеттик Ипотекалык Компания» ААК чыгарган ипотекалык жабымы бар облигациялар « (мындан кийин баалуу кагаздар);»; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы Кредиттик аукцион жөнүндө башкы келишимге карата  9-тиркеме менен толукталсын: 

 

“20__-жылдын «__» ____ №_______ 

Кредиттик аукцион жөнүндө  

башкы келишимге карата 9-тиркеме  

 

 

20__-жылдын «__» _______________ № ___________________ Кредиттик келишимге карата  

 

КҮРӨӨ КЕЛИШИМИ  

(«Мамлекеттик Ипотекалык Компания» ААК тарабынан чыгарылган ипотекалык жабымы бар облигацияларды күрөөгө коюу жөнүндө келишим) 

 

Бишкек ш. 20__-жылдын «__» ____________  

 

 

Мындан ары «Улуттук банк» же «Күрөө кармоочу» деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атынан ____________________________ негизинде иш алып барган ____________________ бир тараптан жана мындан ары «Банк» же «Күрөө коюучу» деп аталуучу ________________ атынан __________________негизинде иш алып барган __________________ экинчи тараптан, мындан ары «Тараптар» деп аталуучулар төмөнкүлөр боюнча ушул «Мамлекеттик Ипотекалык Компания» ААК тарабынан чыгарылган ипотекалык жабымы бар облигацияларды күрөөгө коюу жөнүндө ушул келишимди (мындан ары - «Келишим») түзүштү:  

 

1. КЕЛИШИМ ПРЕДМЕТИ  

 

1.1. Күрөө кармоочу Күрөө коюучуга ____________________ сом өлчөмүндө (суммасы жазуу менен) кредит берет. Кредитти жана ага кошуп эсептелген пайыздарды төөлөнүн акыркы мөөнөтү, 20__-жылдын «__» _______________ № _______________ Башкы келишимдин алкагында (Кредиттик аукцион жөнүндө башкы келишимдин) 20__-жылдын «__» ____________ № _________________ Кредит берүү жөнүндө кредиттик келишимге ылайык (мындан ары - Кредиттик келишим)  

20__-жылдын «__» _______________ келип жетет.  

1.2. Күрөө коюучу Кредиттик келишим боюнча милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылуу үчүн Күрөө кармоочуга төмөнкү ипотекалык жабымы бар «Мамлекеттик Ипотекалык Компания» ААК тарабынан чыгарылган облигацияларды (мындан ары баалуу кагаздар), чыгарылган облигациялардын жалпы көлөмүн, номиналдык наркын, жүгүртүү мөөнөтүн, кирешени төлөп берүү тартибин көрсөтүү менен, күрөө катары өткөрүп берет:  

 

N  

Каттоо номери  

Баалуу кагаздын чыгарылган күнү  

Баалуу кагаздын ордун жабуу күнү  

Баалуу кагаздар дын саны (даана)  

1 баалуу кагаздын номиналдык баасы (сом)  

Баалуу кагаздын номиналдык наркы (сом)  

Кирешени төлөп берүү тартиби 

1  

   

   

   

   

   

   

 

2  

   

   

   

   

   

   

 

   

Жыйынтыгында  

   

   

   

   

   

 

1.3. Бул келишим Күрөө коюучунун, аны бүтүндөй колдонуу мөөнөтү ичинде Кредиттик келишим жана Башкы келишим боюнча милдеттенмелеринин аткарылышынын камсыздоосу катары кызмат кылат.  

1.4. Күрөө коюучу Күрөө кармоочунун алдында, кредиттин негизги суммасын жана ага кошуп эсептелген пайыздарды, айыптык санкцияларды жана туумдарды кошо алганда, Кредиттик келишим жана Башкы келишим боюнча өз милдеттенмелерин толук көлөмдө аткаруу; Кредиттик келишим жана Башкы келишимге ылайык негизги милдеттенмелерди аткарбай коюунун же кечиктирип аткаруунун же болбосо башка кемчиликтердин кесепетинен күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүүдөн улам келип чыккан чыгымдар жана башка чыгашалар үчүн (соттук чыгашаларды кошо алганда) ушул Келишимдин  

1.2-пунктунда көрсөтүлгөн күрөөгө коюлган мүлкү менен жооп берет.  

1.5. Күрөө коюучу Күрөө кармоочунун алдында өз милдеттенмелерин толук же анын бир бөлүгүн төлөбөй койгон учурда, ушул Келишимде, Башкы келишимде жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам актыларында белгиленген тартипте, күрөөгө коюлган баалуу кагаздарга карата менчик укук Күрөө кармоочуга өтөт.  

1.6. Күрөө коюучу ушул Келишимдин 1.2-пунктунда көрсөтүлгөн күрөөгө коюлган баалуу кагаздар, башка жерде күрөөгө коюлбагандыгына, талаш-тартышта эместигине жана ага тыюу салынбагандыгына, ошондой эле Күрөө коюучунун башка милдеттерин камсыздоо предмети эместигине кепилдик берет.  

 

2. ТАРАПТАРДЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ  

 

2.1. Күрөө коюучу төмөнкүлөргө милдеттүү:  

2.1.1. Кредиттик келишимдин, Башкы келишимдин шарттарын талаптагыдай аткарууга жана Күрөө кармоочу алдында карызын толук төлөөгө.  

2.1.2. Күрөөгө коюлган баалуу кагаздарды Күрөө кармоочунун кат жүзүндөгү макулдугусуз кимдир-бирөөгө акысыз бербөөгө, башка күрөөгө койбоого, алмаштырбоого (ушул Келишимде каралган учурларды эске албаганда), ошондой эле кандайдыр бир негиздер боюнча аны пайдаланбоого.  

2.1.3. Жайгашкан жеринин өзгөргөндүгү жана ушул Келишим, Кредиттик келишим жана Башкы келишим боюнча Күрөө кармоочу алдында милдеттерин аткаруусуна таасирин тийгизиши мүмкүн болгон башка өзгөрүүлөр тууралуу, алар күчүнө кирген күн келип жеткенге/башталганга чейин алдын ала маалымдоого.  

2.1.4. Күрөө коюучу Кредиттик келишим, Башкы келишим жана ушул Келишим боюнча өзүнө алган милдеттенмелерди аткара албай калган шартта же талаптагыдай аткарбаган учурда, ушул Келишимдин жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам талаптарына ылайык, ипотекалык жабымы менен камсыз болгон баалуу кагаздардан токтоосуз (талашсыз), соттук эмес тартипте өндүрүүнүн жүргүзүлүшүн толугу менен гарантиялайт жана макулдугун берет.  

2.1.5. Ушул Келишимде көрсөтүлгөн учурларда, Күрөө коюучу толук же айрым бөлүгүн баалуу кагаздарга, муниципалдык баалуу кагаздарга, мамлекеттик казына векселдерине, мамлекеттик казына облигацияларына жана Улуттук банктын ноталарына жана/же Күрөө кармоочуга алгылыктуу башка күрөөгө алмаштырууга, ошол эле учурда кошумча келишимди түзүүгө милдеттендирилет.  

2.1.6. Реестр кармоочу ушул күрөө келишимди каттодон өткөрөт жана ошол баалуу кагаздардын андан ары пайданалышына тыюу салууну белгилейт, ошондой эле ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө мыйзамда каралган башка иш милдеттерди ишке ашырат.  

2.1.7. Ушул келишимдин каттоодон өткөртүү жана күчүнө киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган бардык чараларды өз учурунда жана талаптагыдай ишке ашырууга.  

2.1.8. Кредиттик келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин төлөө мөөнөтү келип жеткен баалуу кагаздарды кийин төлөө мөөнөтү менен башка баадагы баалуу кагаздарга (муниципалдык баалуу кагаздар, мамлекеттик казына векселдери, мамлекеттик казына облигациялары, Улуттук банктын ноталары) же Күрөө кармоочуга алгылыктуу башка күрөөгө алмаштырылышын камсыз кылууга (Күрөө кармоочуга алдын ала маалымдоо менен). Мында баалуу кагаздар, тиешелүү эмиссиядагы/ тиешелүү эмиссиялардагы баалуу кагаздардын ордун жабуу күнү келип жеткенге чейинки 20 (жыйырма) жумуш күн мурда алмаштырылууга тийиш.  

2.2. Күрөө коюучу күрөөдөгү баалуу кагаздар боюнча алардын номиналдык наркынан алынып белгиленген пайыздарды алуу укугуна ээ.  

2.3. Ушул Келишим боюнча күрөө предметинен болуп саналган баалуу кагаздарды кайра күрөөгө коюуга жол берилбейт.  

2.4. Күрөө предмети жоголгон же наркы төмөндөп кеткен учурда тобокелдик чыгымын тартууга, баалуу кагаздарды жоготуп алган же алардын баасынын нарксызданышына алып келген башка жагдайлар пайда болгон учурда же Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 токтому менен бекителген “Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө” жобого ылайык, баалуу кагаздар «нормалдуу» классификациясындагы категорияга туура келбеген учурда, Күрөө кармоочунун макулдугу менен өзүнүн наркы боюнча баалуу кагаздардын наркына эквиваленттүү болгон башка камсыздоону ушул Келишимдин 4.1-пунктунда каралган мөөнөттө берүүгө.   

2.5. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 токтому менен бекителген “Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган резервге чегерүүлөр жөнүндө” жобонун  

4.1.3-пунктунда көрсөтүлгөн иш-чаралардын Күрөө коюучу тарабынан аткарылгандыгын тастыктоо, отчетту 1-тиркемеге ылайык берүү менен баалуу кагаздар боюнча ипотекалык ордун жабууну классификациялоо жөнүндө ар бир чейректин 10-күнүнө (онунчу) чейин Күрөө кармоочуга маалымдап турууга.  

2.6. Күрөө коюучу Күрөө кармоочу тарабынан күрөөлүк камсыздоо боюнча коюлган талаптарды аткарууга жана алардан четтеген учурда ушул келишимдин 4.1-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттө кошумча күрөө сунуштоого милдеттүү  

2.7. Күрөө коюучу ушул Келишимге ылайык жүзөгө ашырууга мүмкүн болгон Күрөө предметин сатып өткөрүү мезгилине чейинки кайсы болбосун убакытта ушул күрөө менен камсыздалган милдеттенмени аткарууга же анын мөөнөтүндө аткарылбаган башка бөлүгүн аткарууга укуктуу.   

2.8. Күрөө кармоочу төмөнкүлөргө укуктуу:  

2.8.1. Күрөө коюучудан ушул Келишимде көрсөтүлгөн милдеттердин мөөнөтүнөн мурда аткарылышын талап кылууга, эгерде анын талабы канааттандырылбаса төмөнкү учурларда баалуу кагаздардын эсебинен өндүрүүнү жүргүзүүгө:  

1) Күрөө коюучу Кредиттик келишимдин жана Башкы келишимдин талаптарын жана жоболорун бузган шартта;  

2) Күрөө коюучу кийин күрөөгө коюу эрежелерин, үчүнчү жактардын баалуу кагаздарга укугу жөнүндө Күрөө кармоочуга эскертүү милдеттерин бузган учурда;  

3)  Күрөө коюучу ушул Келишимде же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка талаптарды жана жоболорду аткарбаса.  

2.8.2. Эгерде, Күрөө коюучу же үчүнчү тарап баалуу кагаздардын Күрөө кармоочунун ээлигине өткөрүлүп берилишине тоскоолдук кылса, Күрөө коюучудан же үчүнчү тараптан мүлктү алуу үчүн зарыл болгон бардык мыйзамдуу аракеттерди көрүүгө.  

2.8.3. Ушул Келишим боюнча өз укуктарын үчүнчү жакка өткөрүп берүүгө.  

2.8.4. Баалуу кагаздардан өндүрүүнү жүргүзүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына жана ушул Келишимдин шарттарына ылайык, аларды чыгаруу (эмиссия) шарттарын эске алуу менен соттук эмес тартипте ишке ашырууга.  

2.9. Күрөө кармоочу күрөө менен камсыздалган талаптын өлчөмүнөн ашкан сумманын айырмасын Күрөө коюучуга кайтарып берүүгө милдеттенет. Күрөө кармоочунун баалуу кагаздардын наркынан канааттандырылуучу талаптарында төмөнкүлөр камтылат: кредиттин негизги суммасын кайтарып берүү, кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздарды төлөө, Кредиттик келишимге жана Башкы келишимге ылайык негизги милдеттенмелерин аткарбай коюудан, мөөнөтүн өткөрүп жиберүүдөн же талаптагыдай аткарбай коюудан улам келип чыккан чыгымдарды жана үстөк айыптарды (айыптык төлөм, туум) төлөө, өндүрүүнү жүргүзүүдөн келип чыккан чыгымдарды жана башка чыгашаларды (соттук чыгымдарды кошо алганда) төлөө.  

 

3.КҮРӨӨ ШАРТТАРЫ  

 

3.1. Тараптар ушул Келишимге ылайык баалуу кагаздарды күрөөгө коюуда Күрөө коюучу ошол баалуу кагаздарга укугун тастыктаган документти, ошондой эле Күрөө кармоочунун талабы боюнча ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө мыйзамда каралган башка документтери сунуштайт.   

3.2. Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Келишимге ылайык күрөөгө коюлган баалуу кагаздар башка баалуу кагаздарга же Башкы келишимде көрсөтүлгөн, Күрөө коюучуга тиешелүү болгон ушундай эле баадагы башка күрөөгө алмаштырылышы мүмкүн. Мында, Күрөө кармоочу менен Күрөө коюучунун ортосунда Тараптардын макулдугу боюнча жаңы Күрөө келишимдери таризделип, аларды каттоо учурундагы төлөмдү төлөө менен тиешелүү мамлекеттик органдарда катталууга тийиш. Каттоодон өткөрүүгө жана тариздөөгө кеткен чыгымдарды Күрөө коюучу төлөйт.  

3.3. Күрөө коюучу ушул Келишимдин 2.1-пунктунда жана башка пункттарында каралган талаптарды аткарбай койгон шартта жана ушул Келишимге ылайык күрөөгө коюлган жана баалуу кагаздарды сактоону жана эсепке алууну ишке ашырган реестр кармоочуда Күрөө коюучунун эсебинде турган баалуу кагаздардын төлөө мөөнөтү келип жеткен учурда, Тараптар реестр кармоочуга ошол баалуу кагаздардын номиналдык наркынын суммасын Күрөө коюучунун эсебинен Күрөө кармоочунун эсебине которууга ыйгарым укук чегеришкен.  

3.4.  Тараптар ушул Келишимди каттоодон өткөрүү, баалуу кагаздарды жана башка чыгашаларды реестр кармоочуда сактоо жана эсепке алуу, ошондой эле ушул Келишимди аткарууга байланыштуу кайсы болбосун башка чыгымды Күрөө коюучу төлөй тургандыгын макулдашышты.  

 

4. КҮРӨӨ ПРЕДМЕТТЕРИН АЛМАШТЫРУУ ТАРТИБИ  

 

4.1. Ушул Келишимдин колдонуу мөөнөтү ичинде баалуу кагаздардын классификациясынын начарлап кетиши аныкталган учурда, Күрөө кармоочу Күрөө коюучуга кошумча күрөөлүк камсыздоону сунуштоо зарылдыгы тууралуу тиешелүү талап кылуу-билдирмесин жөнөтөт.   

Күрөө коюучу Күрөө кармоочунун кошумча күрөөлүк камсыздоону сунуштоо зарылчылыгы тууралуу тиешелүү талап кылуу-билдирмесин алгандан кийинки  

10 (үч) жумуш күнү ичинде, Күрөө кармоочуга кошумча күрөөлүк камсыздоону сунуштоого жана аны тариздөөгө, ошондой эле Кошумча күрөөнү сунуштоо келишимин Башкы келишимдин 3.2-пунктуна ылайык каттоодон өткөртүүгө же болбосо Күрөө коюучу Күрөө кармоочудан Кредит берүү жөнүндө кредиттик келишимге ылайык алган кредитинин тиешелүү бөлүгүнүн ордун мөөнөтүнөн мурда жабууга милдеттенет.  

Мында күрөөнүн башка түрлөрү бар болгон учурда, Күрөө кармоочу кошумча күрөөлүк камсыздоону сунуштоого зарыл болгон сумманы күрөөнүн башка түрлөрүнүн жалпы наркын эске алуу менен эсептөөгө укуктуу (тиешелүү күрөөлүк коэффициенттерди колдонуу менен). Эгерде, күрөөнүн башка түрлөрүүрөө кармоочу тарабынан колдонулган тиешелүү күрөөлүк коэффициенттерди эске алуу менен) Кредит берүү жөнүндө кредиттик келишимге ылайык, алынган кредиттик каражаттар боюнча Күрөө коюучунун Күрөө кармоочунун алдындагы калган карызынын калдыгын жапкан учурда, Күрөө кармоочу ушул пункттун биринчи абзацына ылайык, Күрөө коюучудан кошумча күрөөлүк камсыздоону сунуштоону талап кылбоого укуктуу. 

 

 5. ТАРАПТАРДЫН ЖООПКЕРЧИЛИКТЕРИ  

 

5.1. Ушул Келишим боюнча милдеттенмелер аткарылбаган же талаптагыдай аткарылбаган шартта, Тараптар бири-бирине келтирилген чыгымдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөп берүүгө тийиш.  

5.2. Келтирилген чыгымдардын ордун толтуруу жана туумдарды төлөө күнөөлүү тараптарды ушул Келишимде, Кредиттик Келишимде жана Башкы келишимде каралган милдеттенмелерди аткаруудан бошотпойт.  

5.3. Күрөө коюучу ушул Келишимдин 2.1-пунктунда жана башка пункттарында каралган милдеттенмелерди аткарбаса же талаптагыдай аткарбаса, Күрөө коюучу Күрөө кармоочуга мөөнөтү өткөрүлгөн ар бир күн үчүн (өз милдеттенмелерин аткарбагандыгы үчүн) ушул Келишимдин 1.2-пунктунда көрсөтүлгөн баалуу кагаздардын номиналдык наркынан 0,05 пайыз өлчөмүндө туум төлөйт.  

 

6. КҮРӨӨ ПРЕДМЕТИНЕН ӨНДҮРҮҮНҮ ЖҮРГҮЗҮҮ ТАРТИБИ 

 

6.1. Ушул Келишимдин жоболоруна ылайык баалуу кагаздардан өндүрүүнү жүргүзүү зарылчылыгы келип чыккан шартта Тараптар, баалуу кагаздардан өндүрүүнү жүргүзүү ушул Келишимдин, Башкы келишимдин жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам актыларынын шарттарына ылайык, соттук эмес тартипте дароо ишке ашырыла тургандыгына келишишти.  

  7. БАШКА ШАРТТАР  

 

7.1. Ушул Келишим Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Күрөөнү каттоо бөлүмүндө жана реестр кармоочуда каттоодон өтүүгө тийиш. Келишим белгиленген тартипте каттоодон өткөн учурдан тартып күчүнө кирет жана Күрөө коюучу Күрөө кармоочу алдындагы өз милдеттенмесин, анын ичинде кредит боюнча негизги карыздын суммасын, ал боюнча кошуп эсептелген пайыздарды, айыптык төлөмдөрдү/туумдарды төлөө жана Күрөө коюучунун Кредиттик келишим, Башкы келишим жана ушул Келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарбай коюусунан же талаптагыдай аткарбашынан улам келип чыккан башка чыгымдардын/чыгашалардын ордун жабуу боюнча милдеттенмелерин толук аткарганга чейин колдонулат.  

7.2. Ушул Келишим шарттары Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча өзгөртүлүшү жана толукталышы мүмкүн.  

7.3. Келишимди тариздетүү жана каттоодон өткөртүү боюнча сарптоолор Күрөө коюучунун эсебинен жүзөгө ашырылат. Келишимди каттоодон өткөртүү Күрөө коюучу тарабынан ишке ашырылууга тийиш.  

7.4. Келишим, ушул Келишимдин 7.1-пунктуна ылайык тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарда каттоодон өткөн учурдан тартып күчүнө кирет.  

7.5. Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ 5 (беш) түп нускада түзүлгөн, 1 (бир) нускасы  Күрөө коюучуга, 1 (бир) нускасы сактоо үчүн Улуттук банкка, калган нускалары - ыйгарым укуктуу органдарга берилет. Күрөөнү каттоодон өткөргөн ыйгарым укуктуу органга 1 нусканы милдеттүү түрдө сунуштоо зарыл болгон шартта, кошумча  

1 (бир) нуска түзүлөт. Бардык нускалар бирдей юридикалык күчкө ээ.  

 

8. ТАРАПТАРДЫН ЮРИДИКАЛЫК ДАРЕКТЕРИ, РЕКВИЗИТТЕРИ ЖАНА КОЛ ТАМГАЛАРЫ  

 

КҮРӨӨ КАРМООЧУ  

   

 

КҮРӨӨ КОЮУЧУ  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы:  

Бишкек ш.,  

Чүй проспектиси 168. 

   

Банк: «Коммерциялык банк» ААКсы/ЖАК Бишкек шаары, ____ көчөсү  

Улуттук банктагы корэсеп 

№ 1010126 __________________   

Улуттук банктын БИК № ______  

  

  

ИНН № _____________________  

  

  

ОКПО № ____________________  

 

 

 

 

 

Кызматы__________________ 

(кол тамгасы) ______  М.О.   

  

Мамлекеттик салык кызматынын коду 

___________  

Кызматы____________________ 

(кол тамгасы) ___________  М.О.  

 

  

 

  

  

 

  

  

 

 

 

 

 

 

 

 

20___-жылдын «___» _____  

№ ______________   

«Мамлекеттик Ипотекалык Компания» 

ААК тарабынан чыгарылган ипотекалык 

жабымы бар облигацияларды күрөөгө 

коюу жөнүндө келишимге карата  

1-тиркеме  

 

Чейрек сайын кийинки айдын онуна чейин   

4-форма   

№ ______ (аукциондун коду) Күрөөлүк келишим боюнча «Мамлекеттик Ипотекалык Компания» ААК тарабынан чыгарылган ипотекалык жабымы бар облигациялардын абалына жүргүзүлгөн мониториг (ошол күнгө карата)  боюнча отчет  

мезгили  

банк    

сом түрүндө    

 

Баштапкы ипотекалык жабуу  

Отчеттук чейректин башталышына карата ипотекалык ордун жабуу 

Отчеттук чейректин аягына карата ипотекалык ордун жабуу  

Отчеттук күнгө карата ипотекалык жабууну классификациялоо (сом)  

 

 

Сумма (сом)  

Саны  

Сумма (сом)  

Саны 

Сумма (сом)  

Саны 

нормалдуу  

канааттандыраарлык 

көзөмөл алдында турган активдер  

субстандарттык активдер  

шектүү активдер  

жоготуулар катары классификациялануучу активдер  

 

   

   

   

 

   

   

   

   

   

   

 

 

Жыйынтыгында 

 

   

   

 

   

 

   

   

   

   

 

 

 

 

Банктын жетекчисинин аты-жөнү   

 

 

кол тамгасы мөөр