2019-жылдын 26-апрелинде Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын өкүлдөрүнүн катышуусунда Кыргызстан банктарынын союзу юридикалык жактар бирикмеси тарабынан уюштурулган кезектеги банктык тегерек стол маеги болуп өттү

Аталган иш-чарага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жетекчилиги жана тиешелүү кызматкерлери, Кыргызстан банктарынын союзу юридикалык жактар бирикмесинин, Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун, коммерциялык банктардын жана микрофинансылык уюмдардын өкүлдөрү катышты.  

Банктык тегерек стол маегинин катышуучулары өз ара натыйжалуу иш алып баруу менен банк ишин өнүктүрүүгө тиешелүү маселелерди талкуулашты. Мында региондордо банк кызматтарын сунуштоо, өлкөнү санариптештирүү, мыйзам талаптарын аткаруу жагында демилгелерди көтөрүү, чет өлкө банктары менен корреспонденттик мамилелерди түзүү, ошондой эле террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жагында мыйзам талаптарын аткарууну жакшыртуу маселелери талкуунун негизги темаларын түздү

Банктык тегерек стол маеги банктык секторунун катышуучуларына банк тутуму үчүн актуалдуу жана маанилүү маселелерди жигердүү талкуулоого шарт түзгөн аянтчалардын бири болуп саналат.