Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы коллекциялык монеталарды сатуу боюнча аукциондун жыйынтыгын чыгарды 

 

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө чыгарылган күнүнө карата Улуттук банк 2019-жылдын 7-майында сейрек (сатуу аяктаган) коллекциялык монеталарды сатуу боюнча аукцион өткөрдү

Аукционго 40 коллекциялык монета чыгарылган, алардын ичинен: 2 алтын, 38 күмүш коллекциялык монета. 

Аукцион кадамы 100 сомду түзгөн. 17 катышуучу катталган. 

Аукционго чыгарылган лоттордун жалпы баштапкы баасы 236 000 (эки жүз отуз алты миң) сомду түзгөн. Ал эми аукциондун жыйынтыгы боюнча коллекциялык монеталарды сатуунун жалпы суммасы 324 100 (үч жүз жыйырма төрт миң бир жүз) сомду түздү

Баштапкы баасы 23 000 сомду түзгөн ««Манас» эпосуна 1000 жыл» алтын монетасына сунушталган жогорку баа 80 000 сомду, ал эми ар бир баштапкы баасы 5 000 сомду түзгөн «Эл аралык тоо жылы» сериясындагы «Ак маңдай гүл» күмүш монетасы боюнча сунушталган жогорку баа 14 700 сомду түздү