Улуттук валютага 26 жыл!  

  

2019-жылдын 10-майында Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы сомдун жүгүртүүгө чыгарылышына 26 жыл толот. 

Кыргыз Республикасынын бардык аймагында расмий төлөм каражатынан болгон улуттук валюта сом 1993-жылдын 10-майында жүгүртүүгө чыгарылган. Кыргыз сому менен орус рублинин катар колдонулушуна 5 күн 1993-жылдын 10-майынан тартып 14-майына чейинки мезгил аралыгында гана жол берилген.  

1993-жылдын 14-майынан тартып сом Кыргыз Республикасынын жалгыз мыйзамдуу төлөм каражатынан болгон. 

Эгемендүү мамлекеттин өзүнүн валютасын жүгүртүүгө чыгаруу жөнүндө чечими  өлкө үчүн экономикалык саясатты көз карандысыз аныктоого, Улуттук банктын акча-кредит саясатын өз алдынча жүргүзүүгө негиз болгон.   

Улуттук валютага болгон ишеним, анын сатып алуу жөндөмдүүлүгү жана баа туруктуулугу экономикалык туруктуулуктун маанилүү көрсөткүчү болуп саналат. 26 жыл ичинде кыргыз сому өлкөдөгү мезгил-мезгили менен болгон экономикалык жана саясий өзгөрүүлөргө карабастан өзүнүн туруктуулугун ишенимдүү тастыктай алды.