Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Н. Жениш 2019-жылдын 15-майында Казакстан Республикасынын Нур-Султан шаарында болуп өткөн "Карызы туруктуу инфраструктурага инвестициялардын тең салмактуулугун сактоо" темасында Борбордук Азия регионалдык экономикалык кызматташуу форумуна катышты. Форум Азия өнүктүрүү банкы, Эл аралык валюта фонду, Дүйнөлүк банк сыяктуу эл аралык финансы уюмдары тарабынан уюштурулган. Форумдун жүрүшүндө инфраструктурага инвестиция салуу саясатына, фискалдык жана карыз маселеси боюнча стратегияларга, ошондой эле экономикалык өнүгүүнү кеңейтүү потенциалына ээ жогору сапаттагы инфраструктураны каржылоо жагында капитал рыногунун мүмкүнчүлүктөрүнө тиешелүү маселелер талкууланды. 

Экономикалык форумдун алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Н. Жениш 2019-жылдын 16-майында Эл аралык валюта фонду менен Казакстан Республикасынын Улуттук банкы тарабынан өткөрүлгөн Кавказ жана Борбордук Азия региондорунун өлкөлөрүнүн, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жана Монголиянын борбордук банктарынын жетекчилери менен финансы министрлери катышкан тегерек столго катышты. Иш-чараны төрага катары Эл аралык валюта фондунун директору Кристин Лагард алып барды. Катышуучулар жакырчылык менен теңсиздиктин өсүү масштабын кыскартууга, жумуш орундарынын санын көбөйтүүгө, анын өндүрүмдүүлүгүн арттырууга багытталган экономикалык саясаттагы чараларга өзгөчө көңүл бөлүштү.