Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 27-августундагы №22/9 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана финансы-кредит уюмдардын ишинде сактоо мөөнөттөрүн көрсөтүү менен түзүлгөн негизги документтердин тизмеси жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомго карата документтердин айрым түрлөрүнүн сактоо мөөнөтүн кыскартуу маселеси киргизилген тиркеменин долбоорун коомдук талкууга сунуштайт. 

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтынын «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Коммерциялык банктар жана финансы-кредит уюмдары долбоор боюнча сунуш-пикирлерин 2019-жылдын 30-июнунан кечиктирбестен lfilatova@nbkr.kg электрондук почта дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл