Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-ноябрындагы №47/10 «Төлөм системасы операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө токтом долбоорун (мындан ары долбоор) коомдук талкууга сунуштайт. 

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүмүндө жайгаштырылган. 

Төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары, ошондой эле кызыкдар болгон жактар долбоор боюнча сунуш-пикирлерин 2019-жылдын 10-июлунан кечиктирбестен nbugubaeva@nbkr.kg электрондук почта дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.