Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) «Төлөм системасындагы штаттан тышкаркы жагдайлар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтом долбоорун (мындан ары долбоор) жаңы редакцияда коомдук талкууга сунуштайт. 

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Коммерциялык банктар, төлөм системаларынын операторлору, төлөм уюмдары жана кызыкдар болгон башка жактар долбоор боюнча сунуш-пикирлерин 2019-жылдын 17-июлунан кечиктирбестен psoversight@nbkr.kg жана mdiushenbiev@nbkr.kg электрондук почта дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.