Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын Банктык көзөмөл боюнча Базель комитетинин «Базель III: банктар жана банк тутумунун туруктуулугун жогорулатуу үчүн глобалдык ченемдик негиз» эл аралык стандаттарына ылайык келтирүү максатында, Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2019-жылдын 28-июнунда № 2019-П-12\34-3-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына  өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтом кабыл алынган. Токтом, негизинен, банктардын капиталынын түзүмүн жана капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) коэффициенттерин эсептөө боюнча өзгөртүүлөрдү камтыйт

Ошондой эле токтомдо мезгилмезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун формаларын жана банктардагы корпоративдик башкаруу системасын өнүктүрүүгө багытталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор каралган. 

Жогоруда аталган токтом менен Улуттук банктын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына тиешелүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген: 

- Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/2 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоо; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы №18/1 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобо; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 токтому менен бекитилген «Мезгил-мезгили менен берилүүчү банктык регулятивдик отчет жөнүндө» жобо; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 15-сентябрындагы № 24/4 токтому менен бекитилген «Кредиттөөдөгү чектөөлөр жөнүндө» нускоого; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/12 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө» жобо; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-2-(НПА) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобо. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: «www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору» бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Ченемдик укуктук актылар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: «www.nbkr.kg/Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу» бөлүгүндө жайгаштырылган.