2019-жылдын 11-июлунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында Төлөм системасы боюнча банктар аралык кеңештин кезектеги отуруму болуп өттү, анда коммерциялык банктардын, Бишкек шаарынын мэриясынын жана «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКтын өкүлдөрү катышышты.  

Отурумдун алкагында төмөнкү маселелер талкууланган: 

- банктык жабдууларды алып келүү жана региондордо бирдей бөлүштүрүү

- банктык жабдууларды мамлекеттик мекемелердин аймактарында орнотуу боюнча көйгөйлөр; 

- банкоматтардын коопсуз иштөөсүн күчөтүү

- QR-кодун колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүү

Мындан тышкары, идентификацияланбаган электрондук капчыктардан этап менен идентификациялангандарына өтүү маселеси да талкууланды. 

Төлөм системасы боюнча банктар аралык кеңештин отурумунун жыйынтыгында, коммерциялык банктар “Кыргыз Республикасынын аймагына 2018-2022-жылдарда банктык жабдууларды алып келүү жөнүндө” макулдашууга ылайык 2019-жылга пландаштырылган банктык жабдуулардын толук алынып келинишин камсыз кылууга милдеттендирилди.