Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында бузуулар боюнча иштерди кароо жөнүндө нускоонун талаптарын «Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык келтирүү максатында, Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2019-жылдын 10-июлунда № 2019-П-12/36-3-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 19-декабрындагы № 2018-П-12/55-6-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында бузуулар боюнча иштерди кароо жөнүндө нускоону бекитүү туралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтом кабыл алынган.  

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: «www.nbkr.kg/Банк жөнүндө/Банктык мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору» бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Ченемдик укуктук актылар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: «www.nbkr.kg/ Банк жөнүндө/Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу» бөлүгүндө жайгаштырылган.