Кыргыз Республикасында нак акча жүгүртүлүшүнүн 2026-жылдын
III - чейрегиндеги абалы тууралуу
2026-жылдын 1-октябрына карата жүгүртүүдөгү акчанын жалпы суммасы 324 000,2 млн сомду түзгөн, анын ичинен 30 874,6 млн сом коммерциялык банктардын кассаларында, ал эми 293 125,6 млн сом банк тутумунан тышкары колдонууда турган (өткөн жылдын тиешелүү мезгили менен салыштырганда 29 583,1 млн сомго же 11,2 пайызга көбөйгөн).
2026-жылдын III - чейрегинде коммерциялык банктардын кассаларына республиканын бүтүндөй аймагынан 1 871 200,3 млн сом келип түшкөн, бул көрсөткүч 2025-жылдын III - чейрегине салыштырмалуу 385 004,7 млн сомго же 25,9 пайызга көп.
Коммерциялык банктар мекемелеринин кассаларына нак акчанын келип түшүүсүнүн өзгөрүүсү, төмөндө келтириген 1-графикте чагылдырылган:
1-график. Коммерциялык банктардын кассаларына нак акчанын келип түшүүсү
Коммерциялык банктардын кассаларынан 2026-жылдын III - чейрегинде 1 883 440,9 млн сом берилген, бул 2025-жылдын III - чейрегине салыштырмалуу 378 529,9 млн сомго же 25,2 пайызга көп.
Коммерциялык банктардын кассаларынан нак акчаларды берүүдөгү өзгөрүүлөр, төмөндө келтирилген 2-графикте чагылдырылган:
2-график. Коммерциялык банктардын кассаларынан нак акчаны берүүлөр
Коммерциялык банктардын кассаларына нак акча кайтарымдуулугу 2026-жылдын III -чейрегинде 99,4 пайызды түзгөн (2025 жылдын III - чейрегине салыштырмалуу 0,6 пайызга көбөйгөн).
Коммерциялык банктардын кассаларына 2026-жылдын III-чейреги ичинде акча кайтарымдуулугунун областтар боюнча өзгөрүүсү, төмөндө келтирилген 1-таблицада чагылдырылган.
1-таблица (пайыз)
|
|
2025 - жылдын III - чейреги |
2026 - жылдын III - чейреги |
Четтөөлөр |
|
Бардыгы болуп республика боюнча: |
98,8 |
99,4 |
0,6 |
|
Бишкек шаары |
100,0 |
100,2 |
0,2 |
|
Ош шаары |
95,2 |
97,8 |
2,6 |
|
Чүй обл. |
100,2 |
100,0 |
-0,2 |
|
Ысык-Kөл обл. |
98,5 |
98,4 |
-0,1 |
|
Нарын обл. |
96,1 |
95,0 |
-1,1 |
|
Талас обл. |
94,6 |
94,9 |
0,3 |
|
Ош обл. |
100,1 |
99,9 |
-0,2 |
|
Жалал- Абат обл. |
94,8 |
95,6 |
0,8 |
|
Баткен обл. |
100,5 |
100,3 |
-0,2 |