Кыргыз Республикасынын Улуттук банк  

Башкармасынын 2002-жылдын  

13-февралындагы N 8/6  

токтому менен  

бекитилген  

  

Банктык төлөм карттары боюнча 

кредиттөө (овердрафт) жөнүндө 

эрежелер 

 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы 

N 41/10, 2015-жылдын 16-сентябрындагы №53/11, 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-1-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

  

I. Жалпы жоболор  

  

1.1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-1-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту).  

1.2. Эрежелер Улуттук банктан лицензия алышкан коммерциялык банктар жана финансы-кредиттик уюмдар (мындан ары - банктар) тарабынан банктык төлөм карттары боюнча жеке адамдарга кыска мөөнөттүү кредиттерди (овердрафт) берүү тартибин жана механизминдерин белгилейт.  

1.3. Банкта төлөм карттары боюнча овердрафтты берүүнүн ички жолжобосу иштелип чыгууга тийиш. Овердрафт кредиттөөсү тууралуу ички процедураны иштеп чыгууда банк, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын нормативдик укуктук актыларына таянуусу зарыл.  

1.4. Овердрафт, кардардын счетунда акча каражаттарынын убактылуу жетишсиздигин толуктоо үчүн төлөөгө жөндөмдүүлүк, мөөнөттүүлүк жана кайтарымдуулук шарттарында берилет. Овердрафт, банк менен кардардын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде берилет.  

1.5. Овердрафт түрүндөгү кредиттин максималдуу суммасы, берүү мөөнөтү, пайыздык ставкасы, алуу жана төлөө тартиби банк тарабынан өз алдынча аныкталат жана банк менен кардардын ортосундагы келишимде камтылат.  

  

II. Колдонулган терминдер  

  

2.1. Кардар - айлык акы долбоорунун чегинде банктык төлөм карттары боюнча кредиттик линияны берүүгө банк менен келишим түзгөн жеке адам, уюмдун кызматкери.  

2.2. Уюм - өз кызматкерлеринин акча каражаттарын алардын жеке карт-счетторуна которуу боюнча банк менен келишим түзгөн жана эмгек акы долбоорунун чегинде кызматкерлердин төлөм карттары боюнча кредиттик линияны берүүгө банк менен уюмдун келишимин түзгөн юридикалык жак.  

2.3. Жеке карт счет - төлөм карты боюнча акча каражаттарынын жана транзакциялардын жылышы үчүн ачылган счет.  

2.4. Жеке кредиттик карт счет (ЖККС) - банк менен кардардын ортосунда кредиттик линияны берүү жөнүндөгү келишимге ылайык кардардын банкта ачылган баланстан тышкаркы счету.  

2.5. Банктык төлөм карт, товарлар, иштер жана кызмат көрсөтүү- лөр үчүн төлөөгө, башка төлөмдөрдү ишке ашырууга, ошондой эле терминалдар же башка жабдуулар аркылуу жеке карт-счеттон накталай акча каражаттарын алуу үчүн каралган карт.  

2.6. Овердрафт - анын берилиши кардарга утурумдук счетто болгон суммадан үстөк төлөмдү банк менен кардардын ортосунда түзүлгөн келишимде белгиленген сумманын чегинде жана анда каралган шарттарда жүзөгө ашырууга кардарга мүмкүндүк берген кыска мөөнөттүү кредиттин формасы.  

2.7. Карыздын лимити - келишимге ылайык кардардын карт-счету боюнча берилиши мүмкүн болгон кредиттин (овердрафттын) чектүү суммасы.  

2.8. Кредиттик линия - банк менен кардардын ортосунда түзүлгөн келишимде аныкталган айлык акы долбоорунун алкагындагы шарттарда жана мөөнөттөрдө төлөм карттары боюнча офедрафтты берүүгө тиешелүү банктын милдеттенмеси.  

  

III. Овердрафтты берүүнүн тартиби  

  

3.1. Уюм, айлык акы долбоорунун чегинде кызматкерлердин жеке карт-счеттору боюнча кийинчерээк бөлүштүрүү үчүн уюмдун банктагы атайы счетуна акча каражаттарын которуу жөнүндө банк менен келишим түзөт.  

3.2. Уюм, айлык акы долбоорунун чегинде төлөм картгары боюнча кызматкерлерге кредиттик линияны берүүгө Уюмдун банк менен кошумча Келишимин түзөт.  

3.3. Овердрафтан пайдалануу укугун алуу үчүн кардар болуп саналган кызматкер төлөм карттары боюнча Кредиттик линиянын берилишине банк менен Кардардын Келишимин түзөт.  

3.4. Кредиттик линияны берүүгө Кардар менен банктын ортосундагы Келишимди түзүү учурунда жарандык-укуктук мамиле келип чыгат, анда банк кредитор катары, ал эми кызматкер - карыз алуучу катары иш алып барат.  

3.5. Овердрафт кредитин берүү учурунда тобокелдиктерди мүмкүн болушунча басаңдатуу максатында банк персоналдардын аракеттерин регламенттөөгө тиешелүү өз нормативдик документтеринде, бухгалтердик сыяктуу эле юридикалык документтердин жүгүртүлүшүнүн тартибин кароого жана Улуттук банктын талаптарына ылайык документтердин типтүү формаларын иштеп чыгууга тийиш.  

3.6. Банк менен кардардын ортосунда түзүлгөн кредиттик келишим, карыз алуучунун кредит алууга укугун түшүндүрөт, бирок милдеттүүлүгүн чагылдырбайт. Карыз алуучу оведрафт менен пайдаланбашы да мүмкүн.  

3.7. Кардардын Кредиттик линияны берүү жөнүндө банк менен Келишим түзүүсү учурунда иш жүзүндө болгон карыздын лимитинин суммасында овердрафтты берүү боюнча банктын шартуу милдеттенмеси келип чыгат. Банк, Улуттук банктын нормативдик документтерине ылайык шартуу милдеттенмелер боюнча резерв түзүүсү зарыл.  

3.8. Овердрафт кредити кардардын карт-счетунда акча каражаттары жетишсиз болгон учурда карыздын лимитинин чегинде берилет.  

3.9. Кезектеги төлөмдү жүзөгө ашыруусу үчүн кардардын каражаттары жетишсиз болгон шартта, банк алгач жеке карт-счеттогу каражаттардын калдыгын алып салат, андан соң баланстан тышкаркы милдеттенмелердин суммасын жетпей жаткан акча каражаттарынын суммасына азайтат, бул банктын балансында берилген овердрафттын суммасында кредиттик счеттун пайда болуусуна алып келет.  

3.10. Кардардын жеке карт-счетуна каражаттар келип түшкөн учурда, банк кардар менен түзүлгөн Келишимдин шарттарына ылайык овердрафт боюнча карыздын жана овердрафты пайдалангандыгы үчүн пайыздардын ордун талашсыз тартипте жабат.  

3.11. Банк, ушул категорияга кирген кредиттерди классификациялоону жүргүзүүгө жана Улуттук банктын нормативдик документтерине ылайык берилген овердрафт кредиттери боюнча потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартулардын ордун жабууга резерв түзүүгө тийиш. Офердарфт кредитин эсепке алуу Кыргыз Республикасындагы банктарда жана финансы-кредиттик уюмдарда кредиттерди зсепке алуу Саясатына ылайык жүргүзүлөт.  

3.12. Түзүлгөн контракттын аракетин мөөнөтүнөн мурда токтотуу, кызматкердин иштен бошоп кетиши же кыскарууга дуушар болушу учурунда, уюм, келишимге ылайык кызматкердин эмгек акысын төлөп берүүнү токтотуу жөнүндө банкка билдирүүгө милдеттүү.  

3.13. Уюмдан кардардын эмгек акысын төлөп берүүнү токтотуу жөнүндө маалымат түшкөн учурда, Кредиттик линияны берүү жөнүндөгү уюмдун Келишиминин шарттарына ылайык, банк кардарга овердрафтты берүүнү токтотот, бул кредиттик линияны берүү жөнүндө Келишимдин аракетинин дароо токтотулушуна алып келет.  

  

IV. Овердрафтты берүүнүн шарттары  

  

4.1. Кардардын Кредиттик линияны берүү жөнүндөгү Келишимине ылайык, аракеттенүү мөөнөтүн жана банктык төлөм карттарын пайдалануу менен операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн иш жүзүндөгү карыздын лимитин белгилөө менен кардарга овердрафт кредити берилет.  

4.2. Кредиттик линиянын аракеттенүү мөөнөтү жана аны токтотуунун тартиби Кредиттик линияны берүү жөнүндөгү Келишимде камтылат.  

4.3. Иш жүзүндөгү карыздын лимити ар бир кадар үчүн жекече белгиленет Кардардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү учурунда анын жеке карт-счетуна келип түшкөн утурумдук расмий кирешелерине гана таянуу зарыл.  

4.4. Пайыздык ставка банк менен кардардын ортосунда түзүлгөн келишимде аныкталат жана овердрафттын суммасына гана тиешелүү болот.  

4.5. Овердрафт жана ал боюнча пайыздардын ордун жабуунун негизги булагы болуп, кардардын эмгек акысы боюнча банкка чегерилүүчү түшүүлөрдүн суммасы саналат. Уюмдун гарантиялык кепилдиги кошумча төлөө булагынан болушу мүмкүн. Анда уюм каражаттар жетишсиз болуп жана овердрафт боюнча карыздарды жана пайыздарды төлөөдөн кардар баш тарткан шартта, анын милдеттенмесин аткарууга милдеттенет.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы N 41/10 токтомунун редакциясына ылайык)  

4.6. Кредит боюнча пайыздарды кошуп эсептөөдө ай ичиндеги күндөрдүн саны айдагы күндөрдүн иш жүзүндөгү календардык санына, жыл ичинде күндөрдүн санына - 365ке барабар кабыл алынат