Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармалыгынын 

2005-жылдын 19-мартындагы 

N 6/2 токтому менен 

бекитилген 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндө 

ЖОБО 

(КР Улуттук банк Башкармалыгынын 2006-жылдын 23-мартындагы N 7/6, 2006-жылдын 28-июнундагы N 19/4, 2007-жылдын 28-мартындагы N 16/4, 2009-жылдын 11-февралындагы N 7/3, 2011-жылдын 27-апрелиндеги N 26/5, 2011-жылдын 14-сентябрындагы N 52/8, 2012-жылдын 2-мартындагы N 10/14, 2012-жылдын 12-декабрындагы N 48/10, 2012-жылдын 21-декабрындагы N 50/13, 2013-жылдын 27-февралындагы N 6/9, 2013-жылдын 25-сентябрындагы N 35/16, 2016-жылдын 20-январындагы № 4/4, 2016-жылдын 5-февралындагы № 5/1, 2016-жылдын 30-мартындагы № 15/3, 2016-жылдын 9-июнундагы № 24/1, 2016-жылдын 29-июнундагы № 27/3, 2017-жылдын 6-июлундагы №2017-П-12/30-3-(НПА), 2017-жылдын 20-декабрындагы № 2017-П-12/52-12-(БС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1. Жалпы жоболор 

1.1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети (мындан ары Комитет) Улуттук банк Башкармасынын чечими менен түзүлөт. Комитет туруктуу иштеп турган коллегиалдуу орган болуп саналат, ага ушул Жобонун 2.1., 2.1-1 жана 2.2.-пункттарына ылайык коммерциялык банктардын, «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсынын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын (мындан ары банктар), банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын (мындан ары БФКУ) жана кредиттик бюролордун ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдүккө алуу жагында компетенциясына кирген маселелер боюнча чечим кабыл алууга ыйгарым укук берилген. 

Төлөм системаларынын операторлоруна, төлөм уюмдарга жана алмашуу бюролорунун ишине тийишелүү маселелерди кароого алып алар боючна чечим кабыл алуу Комитеттин компетенциясына кирбейт. 

Жободо төмөнкүдөй кыскартылган сөздөр колдонулган: 

МФК микрофинансылык компания; 

МКК микрокредиттик компания; 

МКА микрокредиттик агенттиги; 

КСФК «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсы. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 12-декабрындагы N 48/10, 2013-жылдын 25-сентябрындагы N 35/16, 2017-жылдын 20-декабрындагы № 2017-П-12/52-12-(БС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1.2. Өз ишинде Комитет Кыргыз Республикасынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын, ушул Жобону жана Комитеттин Регламентин жетекчиликке алат. 

1.3. Көзөмөл боюнча комитеттин курамына көзөмөл блогунун куратору Улуттук банктын Төрагасынын орун басары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү (Комитеттин Төрагасы), Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү, Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери кирет. 

Көзөмөл боюнча комитеттин жеке курамы Улуттук банктын буйругу менен бекитилет. 

Көзөмөл боюнча комитеттин курамына Улуттук банктын буйругуна ылайык кеңеш берүүчү укугунда башка кызматчылар да кириши мүмкүн. 

Комитеттин төрагасы жана/же анын башка мүчөлөрү жок учурда Улуттук банктын буйругуна ылайык, алардын милдетин аткарган башка кызматкерлер комитеттин ишине катышат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 9-июнундагы № 24/1, 2017-жылдын 20-декабрындагы № 2017-П-12/52-12-(БС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

2. Комитеттин ыйгарым укуктары, милдеттери 

Комитет банктардын, БФКУлардын жана кредиттик бюролордун ишин жөнгө салуу, лицензиялоо жана көзөмөлдөө боюнча иш максаттарын жана милдеттерин аныктайт жана белгилейт, ошондой эле банктардын, БФКУлардын жана кредиттик бюролордун ишин көзөмөлдөө саясатынын ишке ашырылышына контролдукту жүргүзөт. 

2.1. Комитет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык банктарга, БФКУларга жана кредиттик бюролорго карата таасир этүү чараларынын төмөнкү түрлөрүн колдонуу жана/же токтотуу жана/же алмаштыруу жөнүндө чечимдерди кабыл алат: 

а) жазма буйруктар; 

б) банкка жана БФКУга жана алардын кызмат адамдарына карата айыптык төлөм белгилөө

в) банктарга жана БФКУларга талаптарды белгилөө

г) банктар жана МФКларга карата экономикалык ченемдерди жана талаптарды жогорулатуу; 

д) банктарга, алардын акционерлерине жана БФКУларга карата Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамында жана/же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектөөлөрдү жана тыюу салууларды белгилөө

е) кызмат адамдарын иштен четтетүү же бошотуу, башкаруу органын алмаштыруу; 

ж) банктарга жана кредиттик союздарга тике банктык көзөмөлдүктү киргизүү

з) кредиттик союзга убактылуу администрацияны киргизүү

и) МФКлардын, кредиттик союздардын жана кредиттик бюролордун лицензияларынын аракетин токтотуу; 

к) кредиттик союздардын жана кредиттик бюролордун лицензияларын кайтарып алуу; 

л) БФКУнун айрым банктык операцияларды жүзөгө ашыруу укугуна лицензиясынын аракетин токтотуу/лицензиясын кайтарып алуу; 

м) МКК/МКАнын каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн аракетин токтотуу жана/же кайтарып алуу. 

Комитет, Улуттук банк Башкармасы тарабынан ага ыйгарылган башка маселелерди да кароого алат.  

Комитеттин төмөнкү маселелер боюнча чечимдери милдеттүү түрдө жарыяланууга тийиш: 

- кредиттик союзга убактылуу администрацияны киргизүү жөнүндө

- МФКнын, кредиттик союздардын жана кредиттик бюролордун лицензияларынын аракетин токтотуу/чектөөлөрдү белгилөө жөнүндө

- БФКУнун жана кредиттик бюролордун лицензиясын, ошондой эле БФКУнун айрым банк операцияларды жүзөгө ашыруу укугуна лицензиясын кайтарып алуу жөнүндө

- банктардын кызмат адамдарын макулдашуу жөнүндө

- банктардын аталышын макулдашуу/алмаштыруу жөнүндө

- МКК/МКАнын каттоодон өткөндүгүгү жөнүндө күбөлүгүнүн аракетин токтотуу жана/же кайтарып алуу жөнүндө

- Комитеттин чечими боюнча башка маселелер. 

(КР УБ 2006-жылдын 23-мартындагы N 7/6, 2007-жылдын 28-мартындагы N 16/4, 2011-жылдын 14-сентябрындагы N 52/8, 2013-жылдын 25-сентябрындагы N 35/16, 2016-жылдын 29-июнундагы № 27/3, 2017-жылдын 6-июлундагы №2017-П-12/30-3-(НПА), 2017-жылдын 20-декабрындагы № 2017-П-12/52-12-(БС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

2.1-1. Комитет төмөнкүлөрдү кароого алат: 

- жылына кеминде бир жолу банк иши жөнүндө отчетту, анын ичинде банктардын ишин көзөмөлдүккө алуу стратегиясынын талаптарынын аткарылышы жөнүндө отчетту; 

- чейрек сайын инспектордук текшерүүнүн жана тышкы көзөмөлдүктүн жыйынтыгы боюнча банктар/БФКУлар экономикалык ченемдерди жана талаптарды сактагандыгы/сактабагандыгы жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле банктар, БФКУ, кредиттик бюролор жана алмашуу бюролоруна карата жөнгө салуучу көзөмөлдүк чараларын колдонуу натыйжаларын, анын ичинде Улуттук банктын областтык башкармалыктарынын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүнүн маалыматтарын; 

- жарым жылдык негизде инспектордук текшерүүнүн жана тышкы көзөмөлдүктүн жыйынтыгы боюнча БФКУлардын экономикалык ченемдерди жана талаптарды сактагандыгы/сактабагандыгы жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле Улуттук банктын областтык башкармалыктарынын Көзөмөл бөлүмдөрүнүн начальниктери жана Баткен областындагы өкүлчүлүктүн директору сунуштаган БФКУлар жана алмашуу бюролоруна карата көзөмөлдүк чараларын колдонуунун натыйжалары боюнча маалыматтарды.  

(КР УБ 2011-жылдын 27-апрелиндеги N 26/5, 2011-жылдын 14-сентябрындагы N 52/8, 2017-жылдын 6-июлундагы №2017-П-12/30-3-(НПА), 2017-жылдын 20-декабрындагы № 2017-П-12/52-12-(БС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

2.1-2 (КР Улуттук Банк башкармасынын 2017-жылдын 6-июлундагы №2017-П-12/30-3-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту)  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 14-сентябрындагы N 52/8, 2017-жылдын 6-июлундагы №2017-П-12/30-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

2.2. Комитет төмөнкү маселелерди кароого алат жана алар боюнча чечим кабыл алат: 

а) банктык көзөмөл, БФКУлардын жана кредиттик бюронун ишине көзөмөлдүктү жүргүзүү саясатын аныктоо; 

б) банктарга, БФКУларга жана кредиттик бюрого карата жөнгө салуучу көзөмөлдүк чараларын кабыл алуу; 

в) банк ишин, банктын кызмат адамдарынын иш-аракетин/аракеттенбей коюусун Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан сунушталган маалыматтардын негизинде алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйба катары таануу, ошондой эле Комитеттин компетенциясынын чегинде алардын иш-аракети (аракеттенбей коюусу) алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйба катары каралган банкка, анын акционерлерине, банктын кызмат адамдарына карата тиешелүү таасир этүү чарасын колдонуу чечимин кабыл алуу; 

г) коммерциялык банктардын кызмат адамдарын макулдашуу, алардын ичинде: 

- Директорлор кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү

- Шариат кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү

- Аудит боюнча комитеттин төрагасы; 

- Башкарманын төрагасы (президент, башкы менеджер, чет өлкө банкынын филиалынын жетекчиси), анын орун басарлары (вице-президент, башкы менеджердин орун басары, чет өлкө банкынын филиалынын жетекчисинин орун басары), ошондой эле, банк башкармасынын кредиттик ишине жана ислам каржылоо принциптери боюнча каржылоо ишине жооп берген башка мүчөлөрү

- банктын кредиттик ишине жана ислам принциптери боюнча каржылоого жооп берген башкаруучу директору (эгерде, башкаруучу директор башкарманын төрагасынын/ банктын кредиттик ишине жана ислам принциптери боюнча каржылоого жооп берген анын орун басарынын /башкарманын мүчөсүнүн түздөн-түз тескөөсүнө алынбаса); 

- банктын башкы бухгалтери; 

- ички аудит кызматынын жетекчиси; 

- аткарган милдеттери боюнча жогоруда аталган кызмат адамдарына, алардын орун басарларына теңештирилген кайсы болбосун адамдар. 

д) КСФКнын кызмат адамдарын макулдашуу, алардын ичинде: 

- Директорлор кеңешинин төрагасы; 

- Башкарманын төрагасы; 

- Аудит боюнча комитеттин төрагасы; 

- башкы бухгалтери; 

- ички аудит кызматынын жетекчиси. 

е) банктын добуш берүүгө укук чегерген акцияларынын 50 (элүү) жана андан көп, 67 (алтымыш жети) жана андан көп пайызын сатып алууга макулдук берүү

ж) банктын жаңы аталышын алдын ала макулдашуу; 

з) зарыл болгон учурларда банктын, БФКУнун жана кредиттик бюронун ишин текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча андан аркы көзөмөлдүк чараларын аныктоо; 

и) өлкө ичинде сыяктуу эле, чет өлкө көзөмөл органдары менен иш алып барууну координациялоо жана күчөтүү

к) Комитет алар боюнча чечим кабыл алынган маселелер боюнча тиешелүү материалдарды укук коргоо органдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматына жөнөтүү

л) банк жана БФКУ жана кредитик бюро тарабынан мыйзам талаптарын бузууга жол берүү фактылары тууралуу коомчулукка маалымдоо; 

м) банктардын жана башка ФКУлардын ишин жөнгө салуу, көзөмөлдөө жана лицензиялоо боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорун кароого алуу; 

н) монополияга каршы жөнгө салуу, банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануучулар укугун коргоо жана мында атаандаштыкты өнүктүрүү (баа түзүү тартибин, анын ичинде өзүм билемдикке салып кыйла жогорулатылган бааны белгилөө, аларды колдоо, банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда басымдуу абалды ээлөөдөн кыянаттык менен пайдалануу маселелерин кошо алганда; 

о) Улуттук банка ачылган депозиттик эсептерде чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды жайгаштыруу маселе боюнча банктардын өтүнүчтөрүн кароо; 

п) Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын бузууга жол берүү аныкталган фактылар жөнүндө

р) Комитет тарабынан кабыл алынган чечимдерди чечмелеп берүү маселелерин кароо. Комитет тарабынан кабыл алынган чечимдерди чечмелеп берүү жаңы токтомду кабыл алуу акырууу ишке ашырылат.Чечмелеп берүүдө жоболордун маани-маңызы боюнча түшүндүрмө берилет же алар такталат, ошондой эле алардын Комитеттин кабыл алынган жана чечмелөөнү талап кылган башка жоболоруна байланыштуулугу такталат жана аларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө жол берилейт. 

с) Улуттук банк Башкармасы тарабынан Комитетке ыйгарылган башка маселелер. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 11-февралындагы N 7/3, 2011-жылдын 27-апрелиндеги N 26/5, 2011-жылдын 14-сентябрындагы N 52/8, 2012-жылдын 2-мартындагы N 10/14, 2013-жылдын 25-сентябрындагы N 35/16, 2017-жылдын 6-июлундагы №2017-П-12/30-3-(НПА), 2017-жылдын 20-декабрындагы № 2017-П-12/52-12-(БС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

2.3. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 21-декабрындагы N 50/13 токтомуна ылайык алынып салынды) 

2.4. Комитет төмөндөгү маселелерди карайт жана алар боюнча чечим кабыл алат: 

а) Комитеттин регламенти жана ишинин ички процедуралары; 

б) банктардын, БФКУлардын, кредиттик жана алмаштыруу бюросунун ишине көзөмөл боюнча колдонмо жана башка документтер; 

в) банктар, БФКУ, кредиттик жана алмашуу бюролордун ишине тиешелүү укуктук ченемдерди камтыбаган усулдук сунуш-көрсөтмөлөр жана башка документтер; 

г) аларды бекитүү боюнча ыйгарым укуктар Комитетке Улуттук банк тарабынан делегацияланган башка документтер жана чечимдер. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 20-декабрындагы № 2017-П-12/52-12-(БС) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.5. Комитет, зарыл болгон учурларда банк тутуму, лицензиялоо жана банктык көзөмөл, анын ичинде банктардын, БФКУлардын жана кредиттик бюронун ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдүккө алуу тармагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзам жана ченемдик актыларынын долбоорлору боюнча кайсыл болбосун маселени талкууга алып, аны Улуттук банк Башкармасынын кароосуна алып чыгууга укуктуу. 

Комитеттин катчысы болуп жетектөөчү адис шайланат, бул анын кызматтык көрсөтмөлөрүндө караштырылат. Комитет катчысынын ишин координациялоону, уюштурууну жана анын ишине көзөмөлдүк кылууну Улуттук банктын Төрагасынын орун басары (Комитеттин Төрагасы) жүзөгө ашырат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 2-мартындагы N 10/14, 2017-жылдын 20-декабрындагы № 2017-П-12/52-12-(БС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

2.6. Улуттук банктын кызматчысы Комитеттин катчысы болуп дайындалат. Комитет катчысынын ишин координациялоону, уюштурууну жана анын ишине көзөмөлдүк кылууну Комитеттин Төрагасы жүзөгө ашырат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 2-мартындагы N 10/14, 2016-жылдын 5-февралындагы № 5/1, 2017-жылдын 6-июлундагы №2017-П-12/30-3-(НПА), 2017-жылдын 20-декабрындагы № 2017-П-12/52-12-(БС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

3. Улуттук банктын Комитетинин отурумундарын өткөрүү жана даярдоо 

3.1. Комитеттин отурумдары ар дайым, айына кеминде бир жолу, айдын акыркы жумасынын төртүнчү күнүндө өткөрүлүп турат. Комитет жарым жылдык иш планын бекитет, ага ылайык тиешелүү маселелер кароого алынат. Зарыл болгон учурда Комитеттин төрагасы кезексиз отурумду чакырат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 27-апрелиндеги N 26/5, 2012-жылдын 2-мартындагы N 10/14 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

3.2. Комитеттин мүчөлөрүнө пландык отурумдун күн тартиби, боло турган жери жана убактысы жөнүндө кеминде эки жумуш күнү ичинде билдирилет. 

Кийинкиге калтырууга болбой турган чечим кабыл алууну талап кылган пландан тышкаркы отурумдар Комитеттин төрагасынын же Комитеттин эки мүчөсүнүн чечими боюнча өткөрүлөт, Комитеттин катчысы бул тууралуу, тартип түрүндө, Комитеттин отурумуна чейин бир күндөн кем эмес убакытта Комитеттин мүчөлөрүнө кат жүзүндө билдирет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 14-сентябрындагы N 52/8 токтомунун редакциясына ылайык) 

3.3. Комитеттин отурумунун кворуму Комитет мүчөлөрүнүн 2/3 добушу менен түзөт, анын бирөө Комитеттин төрагасы же анын милдетин аткарган адам болууга тийиш. 

3.4. Комитеттин чечимдери Комитеттин отурумуна катышып жаткан мүчөлөрдүн санынан жөнөкөй көпчүлүк добуш берүү менен чечилет. Добуш барабар болуп калган учурда Комитеттин төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат. 

3.5. (КР Улуттук Банк башкармасынын 2017-жылдын 20-декабрындагы № 2017-П-12/52-12-(БС) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 14-сентябрындагы N 52/8, 2017-жылдын 20-декабрындагы № 2017-П-12/52-12-(БС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

3.6. Комитеттин кабыл алынган чечимдеринин аткарылышына жооп берген кызмат адамы, Комитеттин токтомунда көрсөтүлөт жана Комитеттин чечимдеринин аткарылгандыгы жана аткарылбагандыгы тууралуу Көзөмөл боюнча комитетке кеминде жылына эки жолу отчет берип турат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 14-сентябрындагы N 52/8 токтомунун редакциясына ылайык) 

3.7. Кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалымдоо тартиби комитет тарабынан кабыл алынат. 

3.8. Комитеттин отурумдары протокол менен таризделет, ал Комитеттин мүчөлөрү менен макулдашылгандан кийин Комитеттин төрагасы жана катчысы тарабынан кол коюлат. Протоколдорду жүргүзүү процедуралары жана тартиптери Комитеттин Регламенти тарабынан аныкталат. 

3.9. Комитеттин катчысынын милдети: 

а) отурумду өткөрүү датасы, күн тартиби тууралуу Комитеттин ар бир мүчөсүнө өз учурунда билдирүү

б) Комитеттин жарым жылдык иш планынын долбоорун түзүү

в) Комитеттин отрумдарынан протокол түзүү жана токтомдорду жана/же Комитеттин чечимдерин тариздөө жана анын мөөнөтүнө контролдук кылуу; 

г) Комитет тарабынан бекитилген регламентке ылайык, структуралык бөлүмдөр тарабынан материалдардын даярдалышына жана таризделишине, анын ичинде Комитеттин мүчөлөрүн алардын негизинде материалдар даярдалган Кыргыз Республикасынын жана Улуттук банктын тиешелүү ченемдик укуктук актылар менен камсыз кылынышына контролдук кылуу; 

д) каралып жаткан маселелер боюнча зарыл болгон документтердин жана материалдардын топтомун Комитеттин бардык мүчөлөрүнө белгиленген мөөнөттө таркатуу; 

е) түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан Комитеттин токтомдорунун жана баш- 

ка чечимдеринин (буйрууларынын) аткарылышы жөнүндө жарым жылдык отчетту даярдоо; 

ж) Комитеттин аткарган иши жөнүндөгү отчетту, Улуттук банк Башкармасынын кароосуна сунуштоо үчүн жарым жылда бир жолу даярдоо. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 27-апрелиндеги N 26/5, 2011-жылдын 14-сентябрындагы N 52/8, 2012-жылдын 2-мартындагы N 10/14 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

3.10. Иш жүргүзүүнү алып жүрүү тартиби Комитеттин Регламенти тарабынан аныкталат. 

3.11. Комитеттин чечимдерине талаш-тартыштарды сотко чейин жөнгө салуу боюнча Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык даттанууга болот. 

3.12. Комитеттин иши Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү чечиминин негизинде токтотулат. 

4. Көзөмөл боюнча комитеттин төрагасынын жана мүчөлөрүнүн жоопкерчилиги жөнүндө 

өлүм КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-февралындагы N 6/9, 2017-жылдын 20-декабрындагы № 2017-П-12/52-12-(БС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

4.1. Көзөмөл боюнча комитеттин төрагасы жана мүчөлөрү, ушул жобонун талаптарын сактоо жана аткаруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген маселелер боюнча чечимдерди кабыл алгандыгы үчүн жоопкерчилик тартышат. 

4.2. Отурумга материалдарды даярдаган бардык адамдар, анын ичинде Комитеттин мүчөлөрү, Комитеттин отурумунда кароого алынган маселелер боюнча маалыматтардын толуктугу жана тактыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралаган тартипте жоопкерчилик. 

Эскертүү (КР Улуттук Банк башкармасынын 2017-жылдын 20-декабрындагы № 2017-П-12/52-12-(БС) токтомуна ылайык күчүн жоготту)