Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

Көзөмөл боюнча комитетинин  

2004-жылдын 8-сентябрындагы №22/4  

токтому менен бекитилген 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан иши жөнгө салынган коммерциялык банктардын, финансы-кредит уюмдарынын бухгалтердик баа берүүлөрүндөгү өзгөрүүлөрдү, эсепке алуу саясатындагы өзгөрүүлөрдү жана финансылык отчетторундагы фундаменталдык каталарды корректировкалоолорду эсепке алуу боюнча  

усулдук сунуш-көрсөтмөлөр 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Көзөмөл боюнча комитеттин 2012-жылдын 24-декабрындагы № 53/2, 2017-жылдын 29-июнундагы №22/2 токтдору менен бекитилген) 

 

I. Жалпы жоболор 

 

1.1. Бул усулдук сунуш-көрсөтмөлөрдө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан иши жөнгө салынган коммерциялык банктардын, Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын жана башка финансы-кредит уюмдарынын (мындан ары банктар) бухгалтердик баа берүүлөрүндөгү өзгөрүүлөрдү, эсепке алуу саясатындагы өзгөрүүлөрдү жана финансылык отчетторундагы фундаменталдык каталарды корректировкалоолорду эсепке алуу тартиби аныкталат жана Эл аралык финансылык отчеттуулук стандарттарына дал келет. 

Усулдук сунуш-көрсөтмөлөрдү иштеп чыгууда ФОЭСтин “Бир мезгил ичинде түшкөн таза пайда же кеткен чыгым, фундаменталдуу каталар жана эсепке алуу саясатындагы өзгөрүүлөр” деп аталган 8-стандарты колдонулган. 

 

II. Усулдук сунуш-көрсөтмөдө төмөнкү түшүнүктөр колдонулат 

 

2.1. Финансылык отчет бул, экономикалык чечимдерди кабыл алууда пайдалануучулардын кеңири чөйрөсү үчүн пайдалуу болгон финансылык абал жана банктар тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан операциялар тууралуу маалымат. 

2.2. Бухгалтердик эсепке алуу негиздүү чечимдерди кабыл алуу үчүн финансылык отчеттор аркылуу банктардын активдери, милдеттенмелери, өздүк капиталы, кирешелери жана чыгашалары тууралуу маалыматты иштеп чыгуу, өткөрүп берүү, каттоо жана топтоо системасы. 

2.3. Фундаменталдуу каталар бул, өтүп жаткан мезгил ичинде аныкталган маанилүү каталар, мында бир же андан жогору өткөн мезгилдер үчүн финансылык отчеттор алар чыккан учурда анык катары саналбайт. 

2.4. Эсепке алуу саясаты бул, банк тарабынан финансылык отчетту даярдоо жана сунуштоо үчүн кабыл алынган белгилүү бир принциптер, ыкмалар, жол-жоболор, эрежелер жана иш тажрыйбасы. 

2.5. Бухгалтердик баа берүү бул, жаңы жана түшүнүктүү маалыматтарга негизденген кесиптик ой-пикир. Так бухгалтердик баа берүү финансылык отчетту даярдоодо сапаттуу мүнөздөмөлөрдүн сакталышын камсыз кылат.  

2.6. Салыштыруу үчүн маалымат бухгалтердик эсептеги маалыматтарды салыштыруу максатында өтүп жаткан мезгилдин финансылык отчетунда берилген өткөн отчеттук мезгил үчүн бухгалтердик эсепке алуу маалыматтары. 

 

 

III. Бухгалтердик баа берүүлөрдөгү өзгөрүүлөр  

3.1. Бухгалтердик баа берүү катары кошумча маалыматтардын келип түшүүсүнө жараша кайра карап чыгууга муктаж болушу мүмкүн болгон жакындаштырылган маани саналат. 

3.2. Эгерде ал негизденген жагдайлар өзгөрсө (жаңы маалыматтын пайда болушу, тажрыйбанын топтолушу же кезектеги жагдайлар орун алган шартта), бухгалтердик баа берүү кайрадан каралып чыгышы мүмкүн.  

3.3. Бухгалтердик баа берүүнүн өзгөрүшүнөн улам корректировкалоо суммасы төмөнкүдөй таза пайда/чыгым жөнүндө отчетто камтылышы зарыл: 

- өтүп жаткан мезгил үчүн, эгерде өзгөрүү ошол мезгилге гана таасирин тийгизсе; 

- өтүп жаткан жана келечектеги мезгил үчүн, эгерде өзгөрүү аталган жана кезектеги отчеттук мезгилдерге таасирин тийгизсе. 

3.4. Бухгалтердик баа берүүнүн өзгөрүшүнөн улам корректировкалоо суммасы, мындай баа берүү пайдалар жана чыгымдар жөнүндө отчеттордун мурда эсепке алынган статьяларында камтылууга тийиш.  

3.5 Өтүп жаткан мезгилдин финансылык отчетуна олуттуу таасирин тийгизип жаткан же келерки мезгилдерде олуттуу таасирин тийгизиши мүмкүн болгон бухгалтердик баа берүүлөрдөгү өзгөрүүлөрдүн мүнөзү жана көлөмү ачып көрсөтүүлүүгө тийиш. Эгерде сандык баа берүүнү жүзөгө ашыруу мүмкүн эмес болсо, мындай маалыматтар да ачып көрсөтүлүшү зарыл. 

 

IV. Фундаменталдуу каталар  

 

4.1. Фундаменталдуу каталарды оңдоодо, өткөн мезгил үчүн салыштырма маалыматты кошо алгандагы финансылык отчет, фундаменталдуу ката ага жол берилген ошол мезгил ичинде четтетилген катары сунушталууга тийиш.  

4.2. Финансылык отчеттун ар бир мезгилиндеги (өтүп жаткан жана өткөн) фундаменталдуу каталарды оңдоо суммасы тиешелүү мезгил үчүн таза пайда/чыгым жөнүндө отчетто камтылат. 

4.3. Өткөн мезгилдерге тиешелүү фундаменталдуу каталарды оңдоо суммасы финансылык отчетто тиешелүү мезгилде бөлүштүрүлбөгөн пайданын баштапкы сальдосун корректировкалоо жолу менен сунушталууга тийиш. 

4.4. Финансылык отчетто берилген өткөн мезгилдер боюнча маалымат кайрадан кайрадан каралып чыгат.  

4.5. Салыштырма маалыматты кайрадан эсептөө акционерлер тарабынан бекитилген жана жөнгө салуу органдары тарабынан эске алынган финансылык отчетту оңдоого алып келбейт.  

4.6. Финансылык отчеттогу фундаменталдуу катаны оңдоодо төмөнкү маалыматты ачып көрсөтүү зарыл:  

· негизги катанын өзгөчөлүгү

· өтүп жаткан жана өткөн отчеттук мезгилдер үчүн оңдоолордун көлөмү

· финансылык отчетто камтылган өткөн мезгилдерге тиешелүү оңдоо көлөмү

· салыштырма маалыматты кайталап сунуштоо фактысы же болбосо мындай сунуштоо мүмкүн эместигин констатациялоо.  

 

V. Эсепке алуу саясатынын өзгөрүүсү  

 

5.1. Туруктуулук принцибине ылайык кабыл алынган эсепке алуу саясаты банк тарабынан мезгилден мезгилге өтүү жолу менен колдонулушу зарыл.  

Эсепке алуу саясаты мыйзамдарга же финансылык отчеттун стандарттарына ылайык талап кылынган же өзгөрүү, банктын финансылык отчетунун абалын жана бүтүмдөрүн жакшыртууга алып келген учурларда гана өзгөрүлүүгө тийиш. Финансылык отчетто жагдайлардын жана бүтүмдөрдүн чагылдырылышынын сапаты, жаңы эсепке алуу саясатынын колдонулушу финансылык абал тууралуу, ошондой эле иш натыйжалары же банктын акча каражаттарынын агымы жөнүндө тиешелүү жана ишенимдүү маалыматты сунуштоого алып келген шартта гана жакшырат. 

5.2. Эсепке алуу саясатынын өзгөрүүлөрүнөн болуп төмөнкү иш-аракеттер саналбайт: 

буга чейин орун алган жагдайлардан жана келишилген бүтүмдөрдөн айырмаланган жагдайлар жана бүтүмдөр үчүн эсепке алуу саясатын кабыл алуу; 

буга чейин орун албаган же олуттуу болбогон жагдайлар жана бүтүмдөр үчүн эсепке алуу саясатын кабыл алуу. 

5.3. Эсепке алуу саясатын өзгөртүү ретроспективдүү же перспективдүү ыкмаларда колдонулат.  

Ретроспективдүү ыкма, ошол саясат туруктуу негизде колдонула тургандай, жаңы эсепке алуу саясатын орун алган жагдайларга жана бүтүмдөргө карата колдонуу дегенди түшүндүрөт. Бул ыкманы колдонууда, жаңы эсепке алуу саясаты мындай статьялар келип чыккан учурда ошол жагдайларга жана бүтүмдөргө карата колдонулат.  

Перспективдүү ыкма, жаңы эсепке алуу саясаты өзгөрүү күнүнөн кийинки жагдайларга жана бүтүмдөргө карата колдонулат дегенди түшүндүрөт. Өткөн мезгилдерге карата эч кандай корректировкалоолор жүргүзүлбөйт, эсептердеги калдыктар кайрадан эсептелинип чыкпайт. Бул ыкманы колдонууда, жаңы эсепке алуу саясаты ал күчүнө кирген күндөн тартып түптөлгөн калдыктарга карата колдонулат.  

5.4. Эгерде өткөн мезгилдерге тиешелүү кайсы болбосун жыйынтыкталган корректировкалоо суммасын жетишерлик деңгээлде аныктоого мүмкүн болсо, анда эсепке алуу саясатынын өзгөрүүсү ретроспективдүү ыкмада колдонулууга тийиш.  

Өткөн мезгил үчүн салыштырма маалыматты кошо алгандагы финансылык отчет, жаңы эсепке алуу саясаты дайыма колдонулуп келинген катары түшүндүрүлөт. 

5.5. Финансылык отчеттун ар бир мезгилине (өтүп жаткан жана өткөн мезгилге) караштуу эсепке алуу саясатынын өзгөрүүсүнүн натыйжасында алынган корректировкалоо суммасы тиешелүү мезгил үчүн таза пайда/чыгым жөнүндө отчетто камтылат. 

5.6. Өткөн мезгилдерге тиешелүү эсепке алуу саясатынын өзгөрүүсүнүн натыйжасында алынган корректировкалоо суммасы финансылык отчетто тиешелүү мезгилде бөлүштүрүлбөгөн пайданын баштапкы сальдосун корректировкалоо жолу менен сунушталууга тийиш. 

5.7. Финансылык отчетто өткөн мезгилдер боюнча берилген маалымат кайрадан каралып чыгат.  

5.8. Салыштырма маалыматты кайрадан эсептөө акционерлер тарабынан бекитилген жана жөнгө салуу органдары тарабынан эске алынган финансылык отчетту оңдоого алып келбейт. 

5.9. Өткөн мезгилдерге тиешелүү корректировкалоо суммасы негиздүү аныкталбаган учурда, эсепке алуу саясатынын өзгөрүүсү перспективдүү ыкмада колдонулууга тийиш. Аталган ыкманы колдонуу негизделип, документ менен тастыкталууга тийиш. 

5.10. Эсепке алуу саясатындагы өзгөрүү өтүп жаткан же кайсыл болбосун өткөн мезгилдерге олуттуу таасирин тийгизсе же келерки мезгилде олуттуу таасирин тийгизиши мүмкүн болсо, финансылык отчетто төмөнкүдөй маалыматтар ачып көрсөтүлүүгө тийиш:  

· эсепке алуу саясатын өзгөртүү себеби; 

· финансылык отчеттун эсепке алуу саясатында өзгөрүүнү чагылдырууда колдонулган ыкма; 

· өтүп жаткан жана өткөн отчеттук мезгилдер үчүн корректировкалоо суммасы; 

· финансылык отчетто камтылган өткөн мезгилдерге тиешелүү корректировкалоо суммасы; 

· салыштырма маалымат кайрадан эсептелинип чыккандыгы же аны жүзөгө ашыруу мүмкүн эместиги тууралуу маалымат. 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан иши жөнгө салынган коммерциялык банктардын, финансы-кредит уюмдарынын бухгалтердик баа берүүлөрүндөгү өзгөрүүлөрдү, эсепке алуу саясатындагы өзгөрүүлөрдү жана финансылык отчетторундагы фундаменталдык каталарды корректировкалоолорду эсепке алуу боюнча усулдук сунуш-көрсөтмөлөргө карата тиркеме  

 

I. Бухгалтердик баа берүүлөрдөгү өзгөрүүлөр  

 

Бухгалтердик баа берүүлөрдөгү өзгөрүүлөр катары төмөнкүлөр болушу мүмкүн:  

· ишенимсиз карыздардын өлчөмүнө баа берүүдөгү өзгөрүүлөр;  

· активдердин пайдалануу мөөнөтүнүн өзгөрүүсү

· амортизацияланган активдерден ж.б. экономикалык пайда көрүү схемасынын өзгөрүүсү

Бухгалтердик баа берүүлөрдө өзгөрүүлөрдүн жыйынтыгы өтүп жаткан же келерки мезгил үчүн кирешелер/чыгашалар отчетунда камтылышы мүмкүн.  

Мисалы, ишенимсиз карыздар (РППУ өлчөмү) суммасына баа берүүдөгү өзгөрүүлөр өтүп жаткан мезгилге гана таасирин тийгизип, тез арада каралууга тийиш. Ал эми активдерди пайдалануу мөөнөтүнүн же амортизацияланган активдерден экономикалык пайда алуу болжолдонгон схемасынын өзгөрүүсү өтүп жаткан мезгилдин амортизацияланган чыгашаларына жана активдердин пайдалануу мөөнөтүнөн калган келерки мезгилдин ар бирине таасирин тийгизет. 

 

1-мисал: Банк 100 000 сом наркында негизги каражат сатып алган. Сатып алган учурда активди пайдалануу мөөнөтү 10 жылга бааланган, ал эми пайдалануу мөөнөтүнүн акырына карата калдык нарк 0 сомду түзгөн. 4 жылдан кийин негизги каражаттын пайдалануу мөөнөтү кайрадан каралып чыгып, 3 жыл мурдагыдан калган жаңы пайдалануу мөөнөтү белгиленген. Банк амортизациялоону чегерүү үчүн ачык (прямолинейный) ыкманы колдонуп, пайдалануу мөөнөтүн кайра карап чыгуу учурунда амортизацияны 40 000 сом суммасында чегерген. Ошентип, жыл сайын амортизацияланган чегерүүлөрдүн жаңы суммасы (100 000 40 000)/3=20 000 сомду түзгөн.  

Саясаттын талаптарына ылайык бухгалтердик баа берүүнү кайра карап чыгуу буга чейин финансылык отчетто көрсөтүлгөн бухгалтердик маалыматтарды корректировкалоого алып келбейт. Бухгалтердик баа берүүнүн өзгөрүүсү өтүп жаткан жана келечектеги мезгилдерге гана таасирин тийгизет. Ошондуктан активдин пайдалануу мөөнөтүн кайра карап чыгуу күнүнөн тартып келерки үч жыл ичинде банк жыл сайын 20 000 сом суммасында амортизацияга чегерип турат. 

 

 

II. Фундаменталдуу каталар  

 

Фундаменталдуу каталардын мисалы катары өткөн мезгилдин финансылык отчетуна отчеттогу пайданы кыйла бурмалаган, фальсификацияланган контрактылар боюнча дебитордук карыздын олуттуу суммасын киргизүү саналат. 

Ошол эле учурда мурда туура эмес баа берилген, өзгөчө жагдайлардын жыйынтыгында таанылган чыгымдар фундаменталдуу катаны оңдоо болуп саналбайт. Мындай корректировкалоо бухгалтердик эсепке алуунун өзгөрүшүнүн натыйжасы болуп саналат жана ал негизги катага караганда жакындаштырылган маани катары эсептелинет жана кошумча маалыматтардын түшүүсүнө жараша кайра каралып чыгууга тийиш.  

 

2-мисал: 2003-жыл ичинде А банкы дисконттун амортизациясын эсептөөдө туура эмес формула колдонгондугунан 2002-жылы баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешелер 7 млн. сом суммасына жогорулаган. Жыйынтыгында таза пайда 16,3 % пайызга жогорулаган. Жол берилген катанын олуттуулугу аны негизги катары классификациялоого шарт түзгөн. 

 

А банкынын бухгалтердик китептери 2003-жыл үчүн төмөнкү маалыматтарды камтыган (млн. сом): 

 

Пайыздык кирешелер 

415  

Пайыздык чыгашалар 

(323) 

Башка кирешелер 

130  

Башка чыгашалар 

(152) 

 

 

А банкынын пайдалар жана чыгымдар жөнүндө отчету 2002-жыл үчүн төмөнкү маалыматтарды камтыган (млн. сом): 

 

Пайыздык кирешелер  

353  

Пайыздык чыгашалар  

(290) 

Башка кирешелер  

132  

Башка чыгашалар  

(145) 

Пайда салыгын эсептен алып салууга чейин пайда  

50 

Пайдага салык (30% чен) 

15 

Таза пайда 

35 

 

 

2002-жылы бөлүштүрүлбөгөн пайда бир мезгилдин баш жагына карата 70 млн. сомду, ал эми акырына карата - 105 млн. сомду түзгөн. 

Пайда салыгы 30% барабар болгон (бул корректировкалоо салык органдары тарабынан төлөөгө карата салыктын суммасын эсептөөдө 2003-жылы эске алынат деп болжолдоодо). 

 

 

Фундаменталдуу катаны оңдоо: 

 

1) Бухгалтердик өткөрүүлөр: 

 

Дт «Бөлүштүрүлбөгөн пайда» 7 000 000 

Кт «Баалуу кагаздар боюнча сый акы/дисконт» 7 000 000 

бөлүштүрүлбөгөн пайданы корректировкалоо суммасына  

 

Дт «Мөөнөтүнөн мурда төлөнүлгөн салыктар» 2 100 000 

Кт «Бөлүштүрүлбөгөн пайда» 2 100 000 

кийинкиге калтырылган пайда салыгынын суммасына (7*0,3) 

 

2) 2003-жыл үчүн финансылык отчеттон алынгандар: 

2003-жыл үчүн пайда жана чыгым жөнүндө отчет  

1-табл. (млн. сом) 

Статьялар 

2003  

2002-ж. кайра эсептелинген 

Пайыздык кирешелер 

415  

346=(353-7) 

Пайыздык чыгашалар 

(323) 

(290) 

Башка кирешелер 

130  

132  

Башка чыгашалар 

(152) 

(145) 

Пайда салыгын эсептен алып салууга чейинки пайда  

70 

43 

Пайда салыгы (30% чен боюнча) 

21 

12,9 

Таза пайда 

49 

30,1 

 

 

2003-жыл үчүн бөлүштүрүлбөгөн пайда жөнүндө отчет  

2-табл. (млн. сом) 

Статьялар 

2003 

2002-ж. кайра эсептелинген  

Отчеттук мезгилдин баш жагына карата бөлүштүрүлбөгөн пайданын сальдосу  

105 

70 

Пайда салыгын алып салуу менен фундаменталдуу катаны оңдоо (7*0,7=4,9) 

(4,9) 

Бир мезгилдин баш жагына карата бөлүштүрүлбөгөн пайданын кайра эсептелинген сальдосу  

100,1 

70 

Отчеттук мезгил ичинде алынган таза пайда (1-табл.) 

49 

30,1 

Бир мезгилдин акырына карата бөлүштүрүлбөгөн пайданын сальдосу  

149,1 

100,1 

 

Банктын 2003-жыл үчүн финансылык отчетун ачып көрсөтүүлөр  

 

Отчеттук мезгилде фундаменталдуу ката аныкталган, анын натыйжасында дисконттун амортизациялоосун эсептөөдө туура эмес формула колдонулгандыктан, 2002-жылы баалуу кагаздар боюнча пайыздык киреше 7 млн. сом суммасына жогорулаган. Натыйжада, 2002-жылдын отчетунда таза пайда 16,3% жогору болгон. 

2003-жыл үчүн финансылык отчет фундаменталдуу ката суммасына жараша корректировкаланган, ал эми 2002-жыл үчүн таза пайданын туура суммасы кайра эсептелинип чыккан вариант боюнча 30,1 млн. сомго барабар болгон. 2003-жылдын финансылык отчетунда бөлүштүрүлбөгөн пайданын баштапкы сальдосу 4,9 млн. сомго азайтылган жана 100,1 млн. сом суммасында көрсөтүлгөн.  

Ошентип, 2003-жылдын акырына карата 149,1 млн. сом суммасындагы бөлүштүрүлбөгөн пайданын сальдосу негизги катанын көлөмүнө оңдоолорду киргизүү менен көрсөтүлгөн.  

 

 

III. Эсепке алуу саясатын өзгөртүү  

 

3-мисал: 2003-жылы В банк сатууга жарактуу баалуу кагаздарды кайра баалоо жыйынтыктарын чагылдырылышына карата алгылыктуу ыкманы тандап алуу менен эсепке алуу саясатын өзгөрткөн, ага ылайык кайра баалоо жыйынтыктары капитал эсеби катары эмес, андан улам түптөлгөн пайда/чыгым катары чагылдырылат.  

Жүргүзүлгөн эсептөөлөр, мындай өзгөрүү чыгашалардын 2002-жылга чейинки мезгил ичинде 25 млн. сом суммасына, 2002-жылы 12 млн. сом суммасына, 2003-жылы 4 млн. сом суммасына көбөйткөндүгүн көрсөткөн. 

 

В банкынын 2003-жыл үчүн бухгалтердик китептеринде төмөнкү маалыматтар камтылган (млн. сом): 

 

Пайыздык кирешелер 

286 

Пайыздык чыгашалар 

(263) 

Башка кирешелер 

109 

Башка чыгашалар 

(112) 

 

 

В банкынын 2002-жыл үчүн пайда жана чыгым жөнүндө отчету (млн. сом): 

 

Пайыздык кирешелер 

278  

Пайыздык чыгашалар 

(253) 

Башка кирешелер 

126  

Башка чыгашалар 

(109) 

Пайда салыгын эсептен алып салууга чейинки пайда  

42 

Пайдага салык (30% чен боюнча) 

12,6 

Таза пайда 

29,4 

 

 

Бөлүштүрүлбөгөн пайда 2002-жылы бир мезгилдин башына карата 44 млн. сомду, бир мезгилдин акырына карата 73,4 млн. сомду түзгөн. 

Пайдага карата салык 30% барабар болгон (бул корректировкалоо салык органдары тарабынан төлөөгө карата салыктын суммасын эсептөөдө 2003-жылы эске алынат деп болжолдоодо) 

 

 

Эсепке алуу саясаты өзгөргөндүгүнөн улам финансылык отчетту корректировкалоо: 

 

1) Бухгалтердик өткөрүүлөр: 

 

Дт «Бөлүштүрүлбөгөн пайда» 37 000 000 

Кт «Сатууга жарактуу баалуу кагаздарды  

кайра баалоо боюнча кам (резерв)» 37 000 000 

бөлүштүрүлбөгөн пайданын корректировкалоо суммасы (25+12) 

 

Дт «Мөөнөтүнөн мурда төлөнгөн салык» 11 100 000 

Кт «Бөлүштүрүлбөгөн пайда» 11 100 000 

кийинкиге калтырылган пайда салыгынын суммасына (37*0,3) 

 

 

2) 2003-жыл үчүн финансылык отчеттон алынгандар: 

2003-жыл үчүн пайда жана чыгым жөнүндө отчет  

3-табл. (млн. сом) 

 

2003  

2002-ж. кайра эсептелинген 

Пайыздык кирешелер  

286 

278  

Пайыздык чыгашалар 

(263) 

(253) 

Башка кирешелер 

109 

126  

Башка чыгашалар 

(112) 

(121)=109+12 

Пайда салыгын эсептен алып салууга чейинки пайда  

20 

30 

Пайда салыгы (30% чен боюнча) 

Таза пайда 

14 

21 

 

 

2003-жыл үчүн бөлүштүрүлбөгөн пайда жөнүндө отчет  

4-табл. (млн. сом) 

 

2003 

2002-ж. кайра эсептелинген 

Отчеттук мезгилдин баш жагына карата бөлүштүрүлбөгөн пайданын сальдосу  

73,4 

44 

2002-жыл үчүн (25+12)*0,7=25,9 млн. сом жана 2001-жыл үчүн 25*0,7=17,5 млн. сом чегинде пайда салыгын алып салуу менен баалуу кагаздар боюнча кайра баа берүү жыйынтыктарын таануу жагында эсепке алуу саясатына өзгөртүүлөр 

(25,9) 

(17,5) 

Бир мезгилдин баш жагына карата бөлүштүрүлбөгөн пайданын кайра эсептелинген сальдосу  

47,5 

26,5 

Отчеттук мезгил үчүн таза пайда (3-табл.) 

14 

21 

Отчеттук мезгилдин акырына карата бөлүштүрүлбөгөн пайданын сальдосу  

61,5 

47,5 

 

2003-жыл үчүн финансылык отчетко карата ачып көрсөтүүлөр  

 

2003-жыл ичинде банк сатууга жарактуу баалуу кагаздарды кайра баалоо жыйынтыктарын чагылдырылышына карата алгылыктуу ыкманы тандап алуу менен эсепке алуу саясатын өзгөрткөн, анын талабына ылайык кайра баалоо жыйынтыктары капитал эсебиндеги камдарда эмес, кайра баалоодон келип чыккан пайда/чыгым катары чагылдырылат.  

Мындай өзгөрүү ретроспективдүү ыкмада эске алынат. 2002-жыл үчүн салыштырма отчеттор, аларды өзгөртүлгөн саясатка ылайык келтирүү максатында кайра эсептелинип чыккан. Эсепке алуу саясатын өзгөртүү, баалуу кагаздарды кайра баалоодон чыгымдардын 2003-жылы 4 млн. сомго жана 2002-жылы 12 млн. сомго көбөйүшүнө алып келген. 2002-жылдын башына карата бөлүштүрүлбөгөн пайда 17,5 млн. сомго азайган (салык суммасын эске алганда), бул 2002-жылдын өткөн мезгилдерине тиешелүү корректировкалоо суммасын түзөт.  

 

IV. РППУ өлчөмү өзгөргөндүгүнөн улам финансылык отчетту корректировкалоо  

 

Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган кредит портфели жана активдер боюнча РППУ өлчөмүндөгү өзгөрүүлөр бухгалтердик баа берүүнүн өзгөрүүсү болуп саналат. 

Бирок бухгалтердик баа берүүнүн өзгөрүүсү бул учурда РППУнун тиешелүү деңгээлине мурда туура баа берүү мүмкүн эмес болгондугун болжолдойт. Мындай корректировкалоо бухгалтердик баа берүүнү өзгөртүүдөн улам келип чыгат, ал фундаменталдуу катага караганда жакындатылган маани болуп саналат жана кошумча маалымат келип түшкөндүгүнө жараша кароого алууну талап кылат.  

Банкта болгон маалыматка ылайык отчеттук күнгө карата РППУ өлчөмү туура эмес аныкталгандыктан, РППУ өлчөмүн корректировкалоону фундаменталдуу ката катары кароого болот.