Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын «28» февралындагы 

№ 2018-П-12/7-7-(НПА)  

токтому менен бекитилген 

 

 

«Коммерциялык банктардын чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында ачылган депозиттик эсептерине жайгаштыруу тартиби жөнүндө» ЖОБО 

 

1. Жалпы жоболор 

1. Жободо коммерциялык банктардын (мындан ары -Банк) чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында (мындан ары-Улуттук банк) ачылган депозиттик эсептерине жайгаштыруу тартибине карата минималдуу талаптар белгиленген. 

2. Банк Улуттук банктагы депозиттик эсептерине чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын Банктын ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө, финансылык тобокелдиктерди төмөндөтүү жана каражаттарды топтоо максатында жайгаштырат. 

3. Банктын Улуттук банкта ачылган депозиттик эсептерине чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын которуусуна, аларды башка финансы-кредит уюмдарынын (мындан ары ФКУ) эсептерине которуу мүмкүнчүлүгү аяктагандан кийин гана жол берилет. 

4. Банк Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети (мындан ары - Көзөмөл боюнча комитет) тарабынан белгиленген шарттарды эске алуу менен Улуттук банктагы депозиттик эсептеринде жайгаштырылган чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын которуу максатында, башка ФКУларда эсеп ачуу иш-чараларын жүзөгө ашырууга тийиш. 

5. Банктын Улуттук банктагы депозиттик эсептерине жайгаштырылган чет өлкө валютасындагы акча каражаттары ликвиддүүлүк ченемин эсептөөдө ликвиддүү активдер курамында эсепке алынат. 

6. Банктын Улуттук банкта ачылган депозиттик эсептеринде жайгаштырылган чет өлкө валютасындагы акча каражаттары милдеттүү камдык талаптар ченемин аткаруу үчүн колдонулбайт.  

 

2. Банктын Улуттук банкта ачылган депозиттик эсептерине чет өлкө валютасындагы каражаттарды жайгаштыруу шарттары 

7. Улуттук банктагы депозиттик эсептерине чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын жайгаштырууга мүмкүнчүлук алуу үчүн Банк чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды Улуттук банкта жайгаштыруу ниетин билдирүү менен расмий кайрылууга тийиш. Кайрылуу Улуттук банк тарабынан бир жумуш күнү ичинде каралат. Мында, Банк төмөнкү талаптарга жооп берүүсү зарыл: 

- Улуттук банкта корреспонденттик эсеби болууга; 

- Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамында каралган атайы режим белгиленбөөгө (убактылуу администрация, тике көзөмөлдүк). 

Улуттук банк Башкармасынын өзүнчө чечими боюнча Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамында каралган атайы режимдер/жол-жоболор (убактылуу администрация, тике көзөмөлдүк/финансылык абалын чыңдоо жол-жоболор) колдонулуп жаткан Банктар депозиттик эсептерине чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын жайгаштыра алышат. 

8. Расмий кайрылууда төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

- алардын негизинде Банк чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын Улуттук банкка которуу маселесин демилгелеген себептер/негиздемелер; 

- анын корреспонденттик эсебинен Банктын чет өлкө валютасындагы акча каражаттары Улуттук банкта ачылган депозиттик эсептерине жайгаштыруу үчүн которула турган ФКУ тууралуу маалымат; 

- валютанын түрү

- суммасы; 

- жайгаштыруу мөөнөтү

- Улуттук банктагы депозиттик эсептерин жабуу мөөнөтүн көрсөтүү менен Банктын ФКУда альтернативалуу эсептерди ачуу боюнча иш-чаралар планы; 

9. Банк расмий кайрылуу менен бирге Улуттук банкка, банк Башкармасынын/ыйгарым укуктуу жактын чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды Улуттук банктагы депозиттик эсептерине убактылуу жайгаштыруу тууралуу чечимин, ошондой эле Улуттук банкка расмий кайрылган күнгө карата ушул жобонун 14-пунктунда көрсөтүлгөн ар бир валюта боюнча эсеп көчүрмөлөрүн да сунуштайт. 

10. Улуттук банк алардын негизинде Банктын чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын Улуттук банкка жайгаштыруу ниети тууралуу кайрылуусун кароого алган негизги критерийлер төмөндө келтирилген: 

а) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жободо белгиленген экономикалык ченемдердин сакталбай калышы тобокелдиктери;  

б) Банктын чет өлкө валютасындагы акча каражаттарынын 50 пайызынан көбүрөөгү бир же бир нече чет өлкөнүн төмөн рейтингге ээ финансы-кредит уюмунда ачылган эсептеринде же бир өлкөнүн ФКУсундагы эсепке жайгаштырылган учурда; 

в) чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын жоготуу тобокелдигине байланыштуу объективдүү себептердин жана чет өлкөлүк ФКУлардан чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды алып чыгуу үчүн альтернативалуу эсептин/эсептердин жок экендигин тастыктаган фактылардын болушу. 

11. Кайрылууларды кароонун жыйынтыктары Банкка расмий түрдө жөнөтүлөт. 

12. Банк чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын Улуттук банктагы депозиттик эсебине чегерүү үчүн Улуттук банк менен ушул Жобого карата 1-тиркемеге ылайык, Чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын Улуттук банкта ачылган депозиттик эсептерине жайгаштыруу тартиби жөнүндө келишим түзүүгө тийиш. 

13. Улуттук банк Банктын депозиттик эсептериндеги чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын Чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын Улуттук банкта ачылган депозиттик эсептерине жайгаштыруу тартиби жөнүндө келишимде каралган шарттарда кабыл алат.  

14. Улуттук банк Банктын АКШ долларында жана евро түрүндөгү акча каражаттарын депозиттик эсептерине жайгаштырат.  

15. Чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды депозиттик эсептерине жайгаштыруу жагында Улуттук банк менен Банктын иши төмөнкүлөр аркылуу жөнгө салынат: 

- ушул Жобо; 

- Чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын Улуттук банкта ачылган депозиттик эсептерине жайгаштыруу тартиби жөнүндө келишим. 

16. Банк менен Чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын Улуттук банкта ачылган депозиттик эсептерине жайгаштыруу тартиби жөнүндө келишим түзүү чечими Көзөмөл боюнча комитет тарабынан ар бир жагдайда өз-өзүнчө кабыл алынат. 

17. ФКУда эсептерди ачууда Банк Улуттук банкка расмий кайрылуу менен Банктын ФКУдагы эсептерине чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды которууга билдирмени, ошондой эле банк Башкармасынын/ыйгарым укуктуу жактын Банктын чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын Улуттук банктагы депозиттик эсептеринен Банктын ФКУдагы валюталык эсептерине которуу жөнүндө чечимин сунуштайт.  

18.Улуттук банк Банктын расмий кайрылуусунун негизинде төмөнкү шарттарды аныктайт: 

- Банк тарабынан чет өлкө валютасында салынган акча каражаттарынын көлөмүн; 

- валюта түрүн; 

- мөөнөтү

- чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды депозиттик эсебине/эсебинен жайгаштыруу/алуу шарттары. 

19. Банктын чет өлкө валютасындагы акча каражаттары Улуттук банкта ачылган депозиттик эсептерине нак эмес формада гана жайгаштырылат.  

20. Улуттук банк депозиттик эсептерине чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды Улуттук банктын Банк менен келишим түзүү чечими кабыл алынган күнгө карата алынган эсептик чени боюнча белгиленген мааниде, пайыздык чендин терс болушу шартында, төмөнкүдөй жайгаштыруу мөөнөттөрүнө жараша кабыл алат: 

- 3 айга чейин (пайыздык чен - 0%);  

- 6 айга чейин (Улуттук банктын эсептик ченинен (минус) 25%). 

- 12 айга чейин (Улуттук банктын эсептик ченинен (минус) 50%). 

- 12 айдан жогору болсо (Улуттук банктын эсептик ченинен (минус) 75%). 

Банктын чет өлкө валютасындагы акча каражаттарынын калдыктарына пайыз эсептелет. 

21. Банктын Улуттук банкта ачкан депозиттик эсептеринде жайгаштырылган чет өлкө валютасындагы акча каражаттары боюнча пайыздарды чегерүү мөөнөтү календардык күн түрүндө туюндурулган жана Улуттук банктагы депозиттик эсебине чегерилгенден кийинки күндөн тартып Банктын ФКУдагы корреспонденттик эсебине чет өлкө валютасындагы акча каражаттар чегерилген күндү кошо алганда эсептелинүүчү убакыт аралыгы. 

22. Улуттук банкта ачылган депозиттик эсептеринде чет өлкө валютасында жайгаштырылган каражаттар боюнча пайыздарды эсептөө үчүн 1 (бир) күн алынат жана ал жылына 365 күндү эске алуу менен жөнөкөй пайыздар формуласы боюнча жүргүзүлөт. Эгерде, Банктын чет өлкө валютасындагы акча каражаттары Улуттук банкта ачылган депозиттик эсептерине жуманын акыркы күнү жана/же майрам алдындагы күнү чегерилсе, анда пайыздарды чегерүү мөөнөтү календардык күн түрүндө туюндурулган жана депозиттик эсепке акча каражаттары чегерилгенден кийинки күндөн тартып Банктын ФКУдагы эсептерине чет өлкө валютасындагы акча каражаттар чегерилген күндү кошо алганда, ага чейинки убакыт аралыгы катары эсептелинет.  

23. Улуттук банк Банктын улуттук валютадагы корреспонденттик эсебинен чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды жайгаштыруу үчүн чегерилген пайыздарды сом эквивалентиндеги сумманы, жайгаштыруу мөөнөтүн эске алуу менен кармап калат.  

24. Улуттук банк Башкармасынын өзүнчө чечими боюнча Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамында каралган атайы режимдер/жол-жоболор (убактылуу администрация, тике көзөмөлдүк/ финансылык абалын чыңдоо жол-жоболор) колдонулуп жаткан Банктар үчүн жайгаштыруу шарттары ар бир жагдай жана ар бир валюта боюнча өзүнчө аныкталышы жана белгилениши мүмкүн. 

25. Банк чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды Улуттук банкка жайгаштыруу өтүнүчү менен кайрылууда, ушул жобонун 8-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарды сактоого тийиш. 

 

26. Банк Улуттук банктагы валюталык депозиттик эсебинен чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды кайсыл болбосун убакытта (банктык тажрыйбанын стандарттык мөөнөтүнүн алкагында) Улуттук банкка макулдашуу аркылуу жана банкта тобокелдиктерди төмөндөтүүгө багытталган чаралардын ишке ашырылышына жана/же башка ФКУларда эсеп ачуу үчүн зарыл чараларды жүзөгө ашыруу мөөнөтүнүн аякташына жараша толук көлөмдө чегере алат.  

27. Чет өлкө валютасындагы акча каражаттардын бөлүгүн бир макулдашуунун алкагында, Улуттук банкка алдын ала макулдашуу аркылуу 3 жолу бөлүп алууга жол берилет. 

28. Банктын чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын Улуттук банктагы депозиттик эсептеринен төмөнкү максаттар үчүн чегерүүгө тыюу салынат: 

- үчүнчү жактардын пайдасына; 

- оффшордук аймактарда каттоодон өткөн ФКУлардын эсептерине. 

 

3. Банктын чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды чегерүү тартиби 

29. Улуттук банкта ачылган депозиттик эсептерде чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды жайгаштыруу жөнүндө келишимде, кеминде төмөнкүлөр каралууга тийиш: 

- алардын негизинде Улуттук банкта ачылган депозиттик эсептерде чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды жайгаштыруу жөнүндө келишим түзүлгөн шарттар; 

- Улуттук банктагы депозиттик эсептерине жайгаштырылууга тийиш болгон чет өлкө валютасындагы акча каражаттар суммасы чет өлкө валюталарында; 

- Банктын белгиленген мөөнөт ичинде чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын Улуттук банктагы депозиттик эсебинен башка ФКУлардагы валюталык эсептерге чегерүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү милдеттенмеси; 

- Банктын ФКУдагы чет өлкө валютасындагы акча каражаттары жайгаштырыла турган Улуттук банктын депозиттик валюталык эсептеринин реквизиттери; 

- андан Банктын чет өлкө валютасындагы акча каражаттары Улуттук банктагы депозиттик эсептерине чегерилүүчү ФКУнун аталышы, юридикалык дареги, валюталык эсептеринин реквизиттери; 

- Улуттук банктын жана Банктын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги; 

- ушул Жобонун шарттары, ошондой эле түзүлгөн Келишимдин шарттары бузууга жол берилген учурда Банкка карата санкцияларды колдонуу шарттары; 

- Улуттук банктын чыгашаларынын ордун толтуруу шарттары. 

 

4. Корутунду жоболор 

30. Улуттук банк жана Банк чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды чегерүү жана которуу операциялары жөнүндө маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылат.  

31. Банк депозиттик эсептерине жайгаштырууга жана көрсөтүлгөн эсептерден Банктын чет өлкө валютасындагы акча каражаттарына которууга байланыштуу кандай болбосун Улуттук банктын чыгашаларынын ордун жабууга тийиш. 

32. Банк депозиттик эсептерине жайгаштырылган акча каражаттарын талап кылуу укугун башка жактарга өткөрүп берүүсүнө жол берилбейт. 

33. Банктын ушул жобонун 20 жана 31-пунктунда көрсөтүлгөн чыгашалар анын улуттук валютадагы корреспонденттик эсебинен алынып салынат.  

2018-жылдын «28» февралындагы 

№ 2018-П-12/7-7-(НПА) 

«Коммерциялык банктардын чет 

өлкө валютасындагы акча каражаттарын 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкында ачылган депозиттик 

эсептерине жайгаштыруу тартиби жөнүндө» жобого карата 1-тиркеме 

 

 

Типтүү формасы 

 

Улуттук банк менен (коммерциялык банктын аталышы) ортосунда чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын Улуттук банктагы депозиттик эсептерине жайгаштыруу тартиби жөнүндө келишим 

 

 

Бишкек ш. 20___-жылдын «_______» №_____ 

 

Мындан ары «Улуттук банк» деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук 

банкынын атынан негизинде иш алып барган 

бир тараптан жана мындан ары «Банк» деп аталуучу 

(коммерциялык банктын аталышы), 

________________________________ негизинде иш алып барган ________________экинчи 

тараптан, мындан ары биргелешип «Тараптар» деп аталуучулар, Улуттук банк Башкармасынын 20___-жылдын “___”_________ №______ токтому менен бекитилген «Коммерциялык банктардын чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында ачылган депозиттик эсептерине жайгаштыруу тартиби жөнүндө» жобонун (мындан ары жобо) негизинде төмөнкүлөр боюнча чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында ачылган депозиттик эсептерине жайгаштыруу тартиби жөнүндө ушул келишимди (мындан ары - келишим) түзүштү

 

1. КЕЛИШИМ ПРЕДМЕТИ 

1.1. Улуттук банкта ачылган депозиттик эсептерине Банктын чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын жайгаштырууда келип чыккан укуктук мамилелерди жөнгө салуу, эсептерди жүргүзүү жана эсепке алуу шарттарын аныктоо, ушул келиишмдин предмети болуп саналат. 

1.2. Банктын чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын жайгаштыруудагы эсептешүүлөр анын Улуттук банкта ачылган тиешелүү эсеби боюнча жүзөгө ашырылат жана алар чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын чегерүүдө Улуттук банктын банк-корреспондентиндеги чет өлкө валютасындагы ностро-эсебине жана чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын кайра чыгарып алууда Банктын банк-корреспондентинде ачылган чет өлкө валютасындагы корреспонденттик эсебине да тиешелүү болот. 

 

2. ЖАЛПЫ ШАРТТАР 

2.1. Банктын чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын чегерүү, Улуттук банк менен макулдашылган сумманын чегинде расмий каралган жана макулдашылган күнгө карата кайтарымдуулук шарттарында, акы төлөө/акы төлөөсүз негизде ишке ашырылат.  

2.2. Банк чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын чегерүүгө чейин Жобонун 8 жана 9-пунктунда белгиленген параметрлерди көрсөтүү менен расмий кат жүзүндө кайрылуу формасында сунуштайт. 

2.3. Улуттук банкта ачылган депозиттик эсептерине чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды чегерүү үчүн Банк Улуттук банкка ушул келишимге карата 1-тиркемеге ылайык, биринчи жана экинчи кол коюу укугуна ээ аткаруу органынын жетекчисинин жана башкы бухгалтеринин кол тамгасы коюлган жана герб түшүрүлгөн мөөр басылган чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын чегерүүгө билдирмени сунуштайт.  

2.4. Банк Улуттук банкта ачылган депозиттик эсептерине чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын чегерүүгө билдирмени Улуттук банкка чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды чегерүү күнү саат 12:00дөн кечиктирбестен сунуштоого тийиш. Билдирме көрүнбөгөндөй конвертке салынып, “Каттоо журналында” каттоодон өткөртүлүүгө тийиш. 

2.5. Чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды чегерүү тууралуу билдирмедеги сумма, Улуттук банк менен макулдашылган суммадан ашпоо керек. 

2.6. Улуттук банкта ачылган депозиттик валюталык эсептерин чет өлкө валютасындагы акча каражаттар менен кошумча толуктоого тыюу салынат. 

2.7. Банктын Улуттук банкта ачылган депозиттик эсептеринен чет өлкө валютасындагы акча каражаттардын бөлүгүн Улуттук банкка макулдашуу аркылуу гана алууга болот. Мында ушул Келишимдин алкагында, чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын 3 гана жолу бөлүп алууга жол берилет. 

2.8. Банк чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын Улуттук банкка жайгаштыруу ниети тууралуу ар бир билдирүүсүндө жобонун 8-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарды сактоого тийиш.  

2.9. Банк чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын кайра алуу үчүн Улуттук банкка ушул келишимге карата 2-тиркемеге ылайык, биринчи кол коюу укугуна ээ аткаруу органынын жетекчисинин колу коюлган жана герб түшүрүлгөн мөөр басылган, Улуттук банкта ачылган депозиттик эсептеринен чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды кайра алууга билдирмени сунуштайт.  

2.10. Улуттук банкта ачылган депозиттик эсептеринен чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды кайра алуу жөнүндө билдирме, акча каражаттарын кайра алуу болжолдонгон күнгө чейинки кеминде 2 (эки) жумуш күн мурда сунушталууга тийиш, Билдирме көрүнбөгөндөй конвертке салынып, “Каттоо журналында” каттоодон өткөртүлүүгө тийиш. 

2.11. Билдирмеде көрсөтүлгөн, Улуттук банктагы депозиттик эсебине чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды чегерүү же чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды эсептен кайра алуу күнү иштебеген күнгө туш келип калса (Кыргыз Республикасында жана/же банк-корреспондент өлкөдө), чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын депозиттик эсептерине/эсептеринен чегерүү/кайра алуу/мөөнөтүнөн мурда алуу кийинки жумуш күнү ишке ашырылат.  

2.12. Улуттук банк Банктын билдирмесинде көрсөтүлгөн маалыматтын купуя сакталышын камсыз кылат. 

2.13. Улуттук банкта ачылган депозиттик эсептеринен чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды кайра чыгарып алууда Банк МТ202 форматында SWIFT системасы аркылуу төлөм көрсөтмөсүн жөнөтүүгө тийиш. Ал чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын кайраа алууга/мөөнөтүнөн мурда алууга билдирмеде көрсөтүлгөн шарттарга ылайык толтурулуп, Банктын кайра алынган/мөөнөтүнөн мурда алынган чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын валюталоо күнү саат 12:00гө (Бишкек убактысы боюнча) чейин жөнөтүлүүгө тийиш.  

2.14. Валюталык эсептер өзгөртүлгөн учурда Улуттук банк жана Банк бул тууралуу бири-бирине, Улуттук банкта ачылган депозиттик эсептеринен чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды чегерүү/кайра алуу/мөөнөтүнөн мурда алуу боюнча жыйынтыктап эсептешүүлөр жүргүзүлгөнгө чейинки 2 (эки) күн мурда Банктын чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын тескөөгө ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын кол тамгасы коюлган кат жүзүндө дароо маалымдоого милдеттенишет. 

2.15. Банктын билдирмесинде көрсөтүлгөн депозиттик эсептериндеги чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды жайгаштырууда (чегерүүдө) Банк валюталоо күнү Улуттук банктын корреспонденттик эсептерине чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын которууну ишке ашырбаса же өз убагында ишке ашырбаса, Банк каражаттар чегерилбей калгындыгы себептерин көрсөтүү менен чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын чегерүү жөнүндө билдирмени жокко чыгаруу тууралуу кат жөнөтүүгө тийиш жана зарылчылык келип чыкса, чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды чегерүүгө жаңы билдирмени сунуштоосу зарыл, анда жаңы чегерүү күнү, мөөнөтү жана жайгаштыруу аяктаган күн көрсөтүлөт.  

2.16. Банк Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды чегерүү билдирмесинде көрсөтүлгөн суммадан айырмаланган сумманы чегерген учурда, билдирмеде көрсөтүлгөн сумма менен айкын чегерилүүчү сумманын айырмаланган себебин көрсөтүү менен чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды чегерүүгө мурда сунушталган билдирмени жокко чыгарууга жана Улуттук банктын корреспонденттик эсебине айкын чегерилүүчү чет өлкө валютасындагы акча каражаттар суммасын көрсөтүү менен чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды чегерүүгө жаңы билдирмени сунуштоого тийиш. 

2.17. Улуттук банктагы эсептерге жайгаштырылган чет өлкө валютасындагы акча каражаттар Банктын башка ФКУларда ачылган корреспонденттик эсептерине гана которулушу мүмкүн. Улуттук банкта ачылган депозиттик эсептериндеги Банктын чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын, үчүнчү жактардын жана алардын тизмеги Улуттук банк тарабынан аныкталган оффшордук аймактарда катталган ФКУлардын пайдасына которууга тыюу салынат.  

2.18. Банктын Улуттук банкта ачылган депозиттик эсептерине которулган чет өлкө валютасындагы акча каражаттар менен операциялар нак эмес тартипте гана жүзөгө ашырылат.  

2.19. Улуттук банкта ачылган депозиттик эсептериндеги каражат калдыктарына Банк чет өлкө валютасындагы акча каражаттардын калдыктарын Улуттук банкта ачылган депозиттик эсеперге жайгаштыруу жөнүндө келишим түзүү чечимин кабыл алган күнгө карата Улуттук банкттын эсептик чени боюнча белгиленген маанидеги терс пайыздык чендер колдонулат. Каражаттарды сактоо мөөнөтүнө жараша белгиленген чендер : 

- 3 айга чейин (пайыздык чен- 0%); 

- 6 айга чейин (Улуттук банктын эсептик ченинен (минус) 25%). 

- 12 айга чейин (Улуттук банктын эсептик ченинен (минус) 50%). 

- 12 айдан жогору болсо (Улуттук банктын эсептик ченинен (минус) 75%). 

2.20. Банк Улуттук банкка анын банк-корреспонденттерине өлкө валютасындагы акча каражаттарын жайгаштыруу боюнча эсеп калдыктарына, банк-корреспонденттер тарабынан белгиленген терс пайыздык чендерге байланыштуу бардык чыгашаларын төлөп берет. 

 

3. ЭСЕПТИН БАГЫТЫ, АНЫ ЖҮРГҮЗҮҮ ЖАНА ИШ РЕЖИМИ 

3.1. Ушул Келишимге ылайык Улуттук банк Банктын чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын убактылуу жайгаштыруу үчүн депозиттик эсептерди ачат. 

3.2. Ушул Келишимге ылайык Банктын чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын убактылуу жайгаштыруу үчүн Банк ушул Келишимдин 1-тиркемесине ылайык, эсептеринен Улуттук банктагы депозиттик эсептерине акча каражаттары чегериле турган ФКУ (аталышы, юридикалык дареги, валюталык эсептеринин реквизиттери) жөнүндө бардык маалыматты сунуштоосу зарыл.  

3.3. Эсептин аталышы: (Банктын аталышы) төмөнкү валюталардагы депозиттик эсептери: 

чет өлкө валютасынын аталышы. 

3.4. Депозиттик эсебинин №, чет өлкө валютасынын аталышы 

_________________________________ 

Депозиттик эсебинин №, чет өлкө валютасынын аталышы 

_________________________________ 

3.5. Эсеп багыты: Банктын чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын депозиттик эсептеринде эсепке алуу. 

 

4. ТАРАПТАРДЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ 

4.1. Тараптар Жобого жана ушул Келишимге ылайык чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын чегерүү/которуу боюнча операцияларды жүргүзүү укугуна ээ. 

4.2. Тараптар Жободо жана ушул Келишимде көрсөтүлгөн чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды чегерүү/которуу шарттарына макул болуу менен бири-бири алдында өз милдеттенмелерин таанышат. 

4.3. Банк төмөнкүлөргө милдеттенет: 

4.3.1.Келишим түзүлгөн күндөн кийинки эки жумуш күнү ичинде Улуттук банкка ушул келишимге карата 1- тиркемеге ылайык, Улуттук банкта ачылган депозиттик эсепке чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды чегерүүгө билдирме берүүгө

4.3.2. чет өлкө валютасындагы акча каражаттардын суммасын Улуттук банкта ачылган тиешелүү депозиттик эсебине, сунушталган билдирмеге ылайык валюталоо күнү чегерүүгө

4.3.3. Улуттук банкта ачылган депозиттик эсебинен Банктын ФКУда ачылган эсебине чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды билдирмеде көрсөтүлгөн мөөнөттө кайта алууну жүзөгө ашырууга; 

4.3.4. Улуттук банктагы депозиттик эсебин жабуу мөөнөтүн көрсөтүү менен Улуттук банкка расмий кайрылууда сунушталган ФКУдагы альтернативалуу эсептерди ачуу боюнча иш-чаралар планын аткарууга. 

4.3.5. Улуттук банкка төмөнкүлөргө байланыштуу кандай болбосун чыгашаларды төлөп берүүгө

- Банктын чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын кредиттик калдыкка терс пайыздык чендер колдонулган валюталар боюнча эсептерди кошо алганда, Улуттук банктын акча каражаттар которула турган банк-корреспондентиндеги корреспонденттик эсептерге жайгаштыруу менен. Кредиттик калдыкка карата терс пайыздык ченди колдонууга байланыштуу чыгашалар суммасы Банктын Улуттук банкта ачылган депозиттик валюталык эсептеринде жайгаштырылган каражаттар калдыгына пропорционалдуу эсептелинет; 

- Банктын чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын ФКУдагы валюталык эсептерге кайра которууга байланыштуу, анын ичинде Улуттук банк дуушар болгон же ага төлөнүүчү, Банктын төлөм колдонмосу боюнча чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды чегерүүдөн улам келип чыккан айкын чыгашалар: чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды которуу үчүн комиссиялык төлөм кармап калуу жана каражаттарды которуу боюнча башка чыгашалар; 

- аткарылбай калган төлөмдүн чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын кайтарууга байланыштуу: чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды которуу үчүн комиссиялык төлөм кармап калуу, төлөм боюнча териштирүүнү жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө жана каражаттарды которуу боюнча башка чыгашалар. 

4.3.6. Келишим шарттары өз убагында аткарылбаган шартта Банк жыл ичиндеги 365 күнгө жараша ар бир мөнөтү өткөрүлгөн күн үчүн Улуттук банктын айып эсептелген күнгө карата эсептик ченинин 0,5% өлчөмүндө айыптык төлөм төлөйт.  

4.4. Улуттук банк төмөнкүлөргө милдеттенет: 

4.4.1. билдирмеге жана төлөм көрсөтмөсүнө (МТ202, SWIFT системасы аркылуу өткөрүлгөн) ылайык, Банктын чет өлкө валютасындагы акча каражаттарынын суммасын валюталоо күнү Банктын ФКУдагы эсебине которууга.  

4.5. Улуттук банк төмөнкүлөргө укуктуу:  

4.5.1. жайгаштыруу мөөнөтүн эске алуу менен чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын жайгаштыруу үчүн чегерилген пайыздардын сом эквивалентиндеги суммасын Банктын улуттук валютадагы корреспонденттик эсебинен акцептсиз тартипте алып салууга; 

4.5.2. Банктын улуттук валютадагы корреспонденттик эсебинен, алар боюнча кредиттик калдыкка карата терс пайыздык чен колдонулган эсептерди кошо алганда, ага Банктын чет өлкө валютасындагы акча каражаттары чегериле турган Улуттук банктагы депозиттик эсептерин колдоого байланыштуу чыгашалардын сом эквивалентиндеги суммасын, ошондой эле Банктын чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын ФКУдагы чет өлкө валютасындагы валюталык эсептерге которууга байланыштуу, Банктын төлөм колдонмосу боюнча чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды чегерүүдөн улам келип чыккан, Улуттук банк тарабынан төлөнгөн же Улуттук банкка карата төлөөгө сунушталган айкын чыгашалардын ордун толтуруу боюнча чыгашаларды, анын ичинде ишке ашырылбаган чет өлкө валютасындагы акча төлөм каражаттарын кайтарууга, чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды которуу үчүн комиссиялык төлөм кармап калууга, төлөм боюнча териштирүүнү жүргүзүү үчүн кызмат көрсөтүүлөргө байланыштуу чыгашалар, ошондой эле чет өлкө валютасында эсептелинген жана мындай чыгашаларды эсептен алуу күнүнө карата Улуттук банктын расмий курсу боюнча кайра эсептелинген каражаттарды которуу боюнча башка чыгашаларды акцептсиз тартипте алып салууга. 

4.5.3. Банк Жободо жана ушул Келишимде белгиленген өз милдеттерин аткарбаган шартта, Улуттук банк Банктын корреспонденттик эсебинен мөөнөтүндө төлөнбөгөн ар бир календардык күн үчүн эсептен алып салуу күнүнө карата Улуттук банктын расмий курсу боюнча эсептелинген, аткарылбаган милдеттенме боюнча чет өлкө валютасындагы акча каражаттардын сом эквивалентиндеги суммада, жыл ичиндеги 365 күнгө жараша, Улуттук банктын эсептик ченинин 0,5% өлчөмүндө айыптык төлөм суммасын акцептсиз тартипте эсептен алып салууга укуктуу. 

4.5.4. Банк ушул Жобого жана Келишимге ылайык өз милдеттенмелерин аткарбаган шартта айыптык санкциялар өлчөмүнө өзгөртүүлөрдү киргизүүгө.  

 

 

5. ТАРАПТАРДЫН ЖООПКЕРЧИЛИГИ 

5.1. Тараптар ушул Келишимге жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды чегерүүгө/которууга байланыштуу өз милдеттенмелери үчүн толук жоопкерчилик тартышат. 

5.2. Улуттук банк жана Банк алардын жооптуу адамдары жана кыматкерлери чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды депозиттик эсептерине чегерүүгө/которууга байланыштуу иштерди туура, өз убагында жана купуялуулукту сактоо менен иш алып баруусуна ушул келишимге жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартышат. 

5.3. Банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине акча каражаттарды кечиктирип чегерүүсү жана/же тиешелүү валюталоо күнү билдирмеде көрсөтүлгөн суммадан айырмаланган сумманы чегерүүсү, ошондой эле билдирмеде көрсөтүлгөндөн башка ФКУдан чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды чегерүүсү өз милдеттенмесин аткарбаган катары саналат.  

5.4. Банктын кайрылуусунда көрсөтүлгөн чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды жайгаштыруу мөөнөтүн бузуусу өз милдеттенмесин аткарбаган катары эсептелинет. 

5.5. Ага Банктын чет өлкө валютасындагы акча каражаттары чегериле турган Улуттук банктагы депозиттик эсептерин, анын ичинде алар боюнча кредиттик калдыкка терс пайыздык чендер колдонулган эсептерди колдоого байланыштуу чыгашаларды, ошондой эле банктын чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын ФКУдагы валюталык эсептерге кайра которууга, анын ичинде Улуттук банк тарткан айкын чыгашалардын же чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын Банктын төлөм көрсөтмөсү боюнча чегерүүнүн натыйжасында келип чыккан чыгашанын ордун жабуу Улуттук банкка төлөнүүгө тийиш болгон чыгашаларды, ошондой эле ишке ашырылбаган төлөм боюнча акча каражаттарын кайтарууга байланыштуу чыгашаларды, чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды которуу үчүн комиссиялык төлөм кармап калуу, төлөм боюнча териштирүүлөрдү жүргүзүү үчүн кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө жана каражаттарды которуу боюнча башка чыгашаларды төлөөдөн/ордун толтуруудан баш тартуусу Банктын өз милдеттерин аткарбаганды катары саналат. 

5.6. Ушул Келишимдин жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол берүүнүн натыйжасында Банкка келтирилген зыян үчүн Улуттук банк жоопкерчилик тартпайт. 

 

6. ФОРС-МАЖОРДУК ЖАГДАЙЛАР 

6.1. Эгерде, ушул келишим боюнча милдеттенмелер күтүүсүз жагдайлардан улам, мисалы: табигый жана техногендик кырсыктардан, бөөдө кырсыктардан, согуштук аракеттерден, иш таштоолордон, элдик толкундоолордон, төңкөрүштөрдөн, мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлик органдары тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актылардан жана ушул милдеттенмелердин аткарылышына бөгөт койгон башка жагдайлардан улам, толук же жарым жартылай аткарылбай калган болсо, Тараптар жоопкерчиликтен бошотулушат. Жогоруда келтирилген жагдайлар күтүүсүз, болжолдоого жана алдын алууга мүмкүн эмес болгон мүнөзгө ээ болууга, ошондой эле ушул келишим түзүлгөндөн кийин келип чыгууга жана Тараптардын эркинен көз карандысыз болууга тийиш. 

6.2. Күтүүсүз жагдайлар келип чыккан учурда Тараптар эки жумуш күнү ичинде бул тууралуу бири-бирине кат жүзүндө маалымдоого тийиш. Билдирүүдө келип чыккан жагдай, ошондой эле алардын ушул Келишим боюнча милдеттенмелерди аткарууга таасири жана милдеттенмелерди аткаруу мөөнөттөрү чагылдырылууга тийиш. 

6.3. Форс-мажордук жагдайлар келип чыккан учурда, Тараптардын ушул келишим боюнча милдеттенмелерин аткаруу мөөнөтү ошол жагдайлар жана алардын кесепеттери орун алып турган убакытка ылайык жылдырылышы мүмкүн. 

6.4. Эгерде, форс-мажордук жагдай жана анын кесепеттери он календардык күнгө же андан көбүрөөк убакытка созулса, тараптар ушул келишимди аткаруунун жана тиешелүү макулдашууга жетишүүнүн алгылыктуу ыкмаларын аныктоо максатында, кыска мөөнөт ичинде суйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө тийиш. 

6.5. Форс-мажордук жагдайлардын келип чыгышы Тараптардын ошол жагдайлар келип чыккан учурга карата ишке ашырылган жана ишке ашырылып жаткан чет өлкө валютасындагы депозиттик операциялар боюнча милдеттенмелерди аткаруудан бошотпойт. 

 

7. ТАЛАШ МАСЕЛЕЛЕРДИ ЧЕЧҮҮ 

7.1. Тараптар ортосунда ушул Келишимди аткаруу процессинде келип чыккан талаш маселелер, өз ара алгылыктуу чечимдерди кабыл алуу максатында, Тараптар ортосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аркылуу жөнгө салынууга тийиш. 

7.2. Тараптардын сүйлөшүүлөрү аркылуу макулдашууга жетишүү мүмкүн болбогон учурда, талаш маселе Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат. 

 

8. БАШКА ШАРТТАР 

8.1. Келишимге Тараптардын өз ара макулдашуулары боюнча өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор киргизилиши мүмкүн. 

8.2. Ушул Келишимге карата бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор жазуу жүзүндө киргизилген учурда жана ага эки Тарап тең кол койгон шартта анык болуп саналат. 

8.3. Тараптар кайра өзгөртүп түзүлгөн же жоюлган учурда, алардын ушул Келишим боюнча бардык укуктары жана милдеттери Тараптардын укугу өткөндөргө өтөт. 

8.4. Келишим Тараптардын ар бири үчүн бирдей юридикалык күчкө ээ, мамлекеттик (кыргыз) тилде 2 (эки) түп нускада жана расмий (орус) тилде 2 (эки) түп нускада түзүлгөн жана _____ барактан турат. Келишимдин эки нускасы Улуттук банкта сакталат, ал эми 2 (эки) нускасы Банкка берилет. 

8.5. Ушул келишимге карата 1 жана 2-тиркемелер анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. 

 

9. КЕЛИШИМДИ КОЛДОНУУ MӨӨHӨTY ЖАНА ТОКТОТУУ ТАРТИБИ 

9.1. Келишим ага эки Тарап тең кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет. 

9.2. Тараптар бул келишимди бир календардык ай мурда, бирок ишке ашырылган депозиттиктик операциялар боюнча эсептешүүлөр аяктаганга чейин экинчи Тарапка алдын ала маалымдоо менен бир тараптуу негизде токтотууга укуктуу. 

9.3. Улуттук банк төмөнкү учурларда Банкка алдын ала маалымдоосуз эле ушул Келишимди бир тараптуу негизде токтотууга укуктуу: 

- Банк тарабынан ушул келишим шарттарын бузууга жол берилсе; 

- Улуттук банктын банк операцияларын ишке ашырууга берилген лицензиясы Банктан кайтарылып алынса; 

- Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, Банк юридикалык жак катары ишин токтотсо; 

- ушул келишим шарттарын кайра карап чыгуу үчүн негиз болуп саналган, бүтүмдөргө келишүү тартибин аныктаган ченемдик укуктук документтерге белгиленген тартипте өзгөртүүлөр киргизилген учурда. 

9.4. Тараптардын бири ушул Келишимди мөөнөтүнөн мурда токтоткон учурда Банк Келишимидин 2.9, 2.10 жана 2.13-пункттарынын шарттарына ылайык, Улуттук банкта ачылган депозиттик эсептерден чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды 3 (үч) жумуш күнү ичинде чыгарууга милдеттенет. 

 

10. ТАРАПТАРДЫН ЮРИДИКАЛЫК ДАРЕКТЕРИ ЖАНА РЕКВИЗИТТЕРИ 

 

Кыргыз Республикасынын 

_______________________ 

Улуттук банкы 

_______________________ 

_______________________ 

_______________________ 

_______________________ 

_______________________ 

 

Улуттук банк менен 

__________________________________ 

(коммерциялык банктын аталышы)  

ортосунда чет өлкө валютасындагы  

акча каражаттарын Улуттук банктагы 

депозиттик эсептерине жайгаштыруу 

тартиби жөнүндө келишимге 

карата 1-тиркеме 

 

 

Чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды Улуттук банкта (чет өлкө валютасы көрсөтүлөт) ачылган депозиттик эсепке чегерүүгө билдирме 

 

20 ___ж.”___”________ 

 

Ушул аркылуу (банктын расмий аталышы) төмөнкү шарттарда акча каражаттарды (чет өлкө валютасы көрсөтүлөт) чегерүү жөнүндө маалымдайт: 

 

№ 

 

Акча каражаттардын көлөмү (чет 

өлкө валютасынын аталышы көрсөтүлөт

0,00 

Валюталоо күнү (чегерүү

үн, ай, жыл) 

Мөөнөтү 

үндөрдүн саны) 

Жайгаштыруу мөөнөтү бүткөн күн 

үн, ай, жыл) 

Банктын чет өлкө валютасындагы (аталышы, юридикалык дареги, валюталык эсептердин реквизиттери) акча каражаттары анын эсебинен которулуучу ФКУ тууралуу маалымат 

 

Банктын чет өлкө валютасындагы акча каражаттары которулуучу Улуттук банктын корреспонденттик эсеби (банктын аталышы, эсептин номери) 

 

Банктын Улуттук банкта ачылган депозиттик эсебинин номери 

 

№_____________________________________ 

Төлөм багыты 

үн, ай, жыл) 

 

М.О. 

 

Кызматы ____________________ кол тамгасы ___________Аты-жөнү _______________ 

 

Башкы бухгалтер________________кол тамгасы ____________Аты-жөнү_______________ 

 

 

(Улуттук банк тарабынан толтурулат) 

 

 

 

 

 

 

Улуттук банк менен 

__________________________________ 

(коммерциялык банктын аталышы)  

ортосунда чет өлкө валютасындагы  

акча каражаттарын Улуттук банктагы 

депозиттик эсептерине жайгаштыруу 

тартиби жөнүндө келишимге 

карата 2-тиркеме 

 

 

Чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды Улуттук банкта 

(чет өлкө валютасы көрсөтүлөт) ачылган депозиттик эсептен кайра  

алууга билдирме 

 

 

20___-ж. “___”______ 

 

Ушул аркылуу (банктын расмий аталышы) төмөнкү шарттарда (чет өлкө валютасы көрсөтүлөт) акча каражаттарын (чыгаруу/мөөнөтүнөн мурда алуу) жөнүндө маалымдайт: 

 

№ 

 

Чыгаруу 

Акча каражаттардын көлөмү (чет өлкө валютасы көрсөтүлөт) 

0,00 

0,00 

Валюталоо күнү (алуу/мөөнөтүнөн мурда алуу

үн, ай, жыл) 

үн, ай, жыл) 

Банктын Улуттук банкта ачылган депозиттик эсебинин номери 

 

№__________________ 

 

№________________________ 

Банктын чет өлкө валютасындагы акча 

каражаттары ага чегерилүүгө тийиш болгон 

ФКУнун реквизиттери 

(банк-корреспонденттин аталышы, эсептин, ошондой эле ортомчу 

банктын номери)  

 

 

Төлөм багыты 

 

 

 

М.О. 

 

Кызматы ___________________ кол тамгасы ___________Аты-жөнү _______________ 

 

Башкы бухгалтер________________ кол тамгасы ____________Аты-жөнү_______________ 

 

 

(Улуттук банк тарабынан толтурулат)