Улуттук банк Башкармасынын  

1998-жылдын 14-декабрындагы 

№34/9 токтому менен бекитилген 

 

Коммерциялык банктын операцияларын ишеним боюнча тескөө аркылуу жөнгө салуу эрежелери 

 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 25-апрелиндеги №18/9, 2012-жылдын 16-ноябрындагы № 43/1, 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомдору менен бекитилген) 

 

1. Жалпы жоболор 

 

Бул эрежелер Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине жана Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө” мыйзамына ылайык коммерциялык банктардын ишеним боюнча тескөө операцияларын жөнгө салат. 

Бул эрежелерде коммерциялык банктардын жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын (мындан ары банк) ишеним боюнча тескөөчү катары иш-аракеттери аныкталган. 

Эрежелерде бардык банктар үчүн жалпы ишеним боюнча тескөө операцияларын жүргүзүү тартиби аныкталган. 

 

2. Негизги түшүнүктөр 

 

Ишеним боюнча тескөө - банктардын же башка финансы-кредит уюмдарынын кардардын ишенимдүү адамынын укугунда анын тапшыруусу боюнча жана таламында мүлктү тескөө жана башка кызматтарды аткаруу жагында ишкердиги.  

 

Менчик ээси ишеним боюнча тескөөгө өткөрүлүп берилүүчү мүлктүн ээси; ага ыйгарым укук чегерилген мамлекеттик орган (мамлекеттин менчигинде турган мүлк боюнча); чарба жүргүзүү укугуна негизденген ишкана (менчик ээсинин уруксаты менен). 

 

Ишеним боюнча тескөөчүдөн болуп банк саналат. 

 

Пайдага ээ болуучу (бенефициар) - ишеним боюнча тескөө келишими анын пайдасына түзүлгөн адам.  

Пайдага ээ болуучу ишеним боюнча тескөө келишиминде каралган пайдага ээлик кылууга укуктуу. Ишеним боюнча тескөөнүн уюштуруучусу ишеним боюнча тескөөнүн бенефициары боло алат.  

 

Мүлктү ишеним боюнча тескөө келишими ал боюнча бир тарап (менчик ээси) экинчи тарапка (ишеним боюнча тескөөчү) белгилүү бир мөөнөткө мүлктү ишеним боюнча тескөөгө өткөрүп берген, ал эми экинчи тарап ал мүлктү менчик ээсинин же ал көрсөткөн адамдын (пайдага ээ болуучу) таламында тескөөгө милдеттенген келишим. 

 

Таламдардын каршы келип калышы бул нускоонун максатында таламдардын каршы келип калышы катары банкта ишеним боюнча тескөө операцияларын, банктык операцияларды жана башка бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууда менчик ээсинин жана ишеним боюнча тескөөчүнүн же анын кызматкерлеринин таламдары ортосунда келип чыккан талаш маселелер саналат.  

 

3. Ишеним боюнча тескөө объекттери 

 

3.1. Ишеним боюнча тескөө объекттеринен болуп ишканалар жана башка мүлктүк комплекстер, кыймылсыз мүлккө кирген айрым бир объекттер, баалуу кагаздар, документсиз баалуу кагаздар менен тариздетилген укуктар, өзгөчө укуктар саналышы мүмкүн. 

3.2. Ишкананын же башка мүлктүк комплекстин курамында, ошондой эле ишеним боюнча тескөөгө байланыштуу ишкердик боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө гана акча - ишеним боюнча тескөө объектисинен болушу мүмкүн.  

Ишеним боюнча тескөөгө байланыштуу ишкердик боюнча эсептешүүлөргө бенефициарга төлөөлөр, мыйзамда каралган башка милдеттүү төлөмдөр, ишеним боюнча тескөөчүгө сый акылар, ишеним боюнча тескөө процессинде активдерди сатып алуу-сатуу, ошондой эле каражаттардын колдонуудагы мыйзамдарга ылайык келишим шарттарына жараша жылышы кирет.  

3.3. Ишеним боюнча тескөөгө байланыштуу ишкердик боюнча эсептешүүлөр үчүн акча каражаттар тиешелүү эсептерге кеминде 10 (он) жумуш күнү ичинде которулууга тийиш.  

 

4. Ишеним боюнча тескөө келишимин түзүү 

 

4.1. Мүлктү ишеним боюнча тескөө боюнча ишкердик, менчик ээси менен ишеним боюнча тескөөчү ортосунда түзүлгөн ишеним боюнча тескөө тууралуу келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат. 

4.2. Тараптардын жоопкерчилиги ишеним боюнча тескөө келишиминин шарттарында аныкталат. Мындан тышкары, мүлктү ишеним боюнча тескөө келишиминде төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: 

· ишеним боюнча тескөөгө өткөрүлүп жаткан мүлктүн курамы; 

· ишеним боюнча тескөөгө өткөрүлүп жаткан мүлктүн менчик ээси; 

· анын таламында мүлктү тескөө ишке ашырылып жаткан юридикалык жактын аталышы же жеке адамдын аты-жөнү (пайдага ээ болуучу); 

· ишеним боюнча тескөөчүнүн аталышы же аты-жөнү

· пайдага ээ болуучуга сунушталган пайда; 

· башкаруучуга сый акы өлчөмү жана формасы (алынган пайдадан комиссия, же болбосо сый акынын ага чейин макулдашылган белгиленген өлчөмү түрүндө), эгерде келишимде ишеним боюнча тескөө акысыз негизде ишке ашырылып жаткандыгы белгиленбесе; 

· эгерде башкаруучунун укук ченемдүүлүккө жатпаган иш-аракетинин же анын аракеттенбей коюусунан улам чыгым келип чыкса, ишеним боюнча тескөөчүнүн уюштуруучусуна - пайдага ээ болуучуга чыгымдын жана алынбай калган пайданын ордун жабуу тууралуу милдеттенмеси; 

· тескөө келишимине ылайык ишеним боюнча тескөөчүнүн жүргүзүлгөн иштер тууралуу отчетту уюштуруучуга жана пайдага ээ болуучуга сунуштоо мөөнөттөрү жана тартиби; 

· ишеним боюнча тескөөчүнүн ишеним боюнча тескөө объекттерине карата ыйгарым укуктуу иш-аракеттери; 

· келишимдин аракеттенүү мөөнөтү.  

4.3. Ишеним боюнча тескөө келишиминин мүлктү тескөө бөлүгү менчик ээси аны ишеним боюнча тескөөчүгө өткөрүп берген учурдан тартып күчүнө кирет, эгерде келишимде башкасы каралбаса.  

4.4. Келишимди аткаруу процессинде ишеним боюнча тескөөчү тарабынан менчик ээсинин менчигине сатылып алынган мүлк, менчик ээси аны ишеним боюнча тескөөчүгө өткөрүп берген учурдан тартып ишеним боюнча тескөө объектиси болуп саналат, эгерде келишимде башкасы каралбаса. 

4.5. Тескөөчү тарабынан ишеним боюнча тескөөгө кабыл алынган кыймылсыз мүлк келишим бүтүндөй аракеттенген мөөнөткө камсыздандырылышы мүмкүн. Камсыздандыруу үчүн жоопкерчилик келишим шарттарында аныкталат.  

4.6. Ишеним боюнча тескөөнүн жүрүшүндө анын обьекттеринин түрлөрү алмаштырылса же толукталса, эгерде алгачкы түзүлгөн келишимде башкасы каралбаса, башка келишим түзүү зарыл.  

4.7. Келишим уюштуруучусу ишеним боюнча тескөө обьектисин алмаштырууга же толуктоого ниеттенсе, эгерде алгачкы түзүлгөн келишимде башкасы каралбаса, башка келишим түзүү зарыл. 

 

5. Ишеним боюнча тескөөчүнүн укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги 

5.1. Ишеним боюнча тескөө келишимине ылайык ишеним боюнча тескөөчү мыйзамдарга ылайык, келишимде каралган ыйгарым укуктардын чегинде пайда алуучунун таламында кандай болбосун юридикалык жана айкын иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга укуктуу. 

5.2. Ишеним боюнча тескөөчү мыйзамда жана мүлктү ишеним боюнча тескөө келишиминде каралган чекте, келишимдин негизинде, ишеним боюнча тескөөгө өткөрүлүп берилген мүлккө карата менчик ээсинин укуктарын жүзөгө ашырат.  

5.3. Мүлктү тескөө боюнча иштерди ишеним боюнча тескөөчү, тескөөнү уюштуруучунун жана пайдага ээ болуучунун таламында камкордук көрүп, этияттыкта жана иш билгилиги менен аткарууга милдеттүү

5.4. Ишеним боюнча тескөөчү мүлктү ишенимдүү тескөө ишин, жарандык мыйзамдарда каралган жагдайлардан башка учурларда, жеке өзү жүзөгө ашырат.  

5.5. Ишеним боюнча тескөөчү жүзөгө ашырылган иштер боюнча отчетту мүлктү ишенимдүү тескөө келишиминде белгиленген мөөнөттөрдө, көлөмдө жана тартипте менчик ээсине жана пайдага ээ болуучуга сунуштайт.  

5.6. Менчик ээсинин жана пайдага ээ болуучунун таламында жетишерлик түрдө иш алып барбаган ишеним боюнча тескөөчү, келишимдин негизинде пайдага ээ болуучуга мүлктү ишенимдүү тескөө учурунда колдон чыгарып жиберген пайданын, ал эми менчик ээсине мүлктүн табигый эскиришин эске алуу менен анын жоголушунан же ага зыян келтирилишинен улам келип чыккан чыгымдын ордун төлөп берет.  

5.7. Эгерде ишеним боюнча тескөөчү келтирилген чыгым (сатылган жана сатылбаган) пайдага ээ болуучунун же менчи ээсинин иш-аракетинен улам же болбосо күтүүсүз жагдайлардан улам келип чыккандыгын далилдей албаса, алар үчүн жоопкерчилик ага жүктөлөт. Күтүүсүз жагдайларга төмөнкүлөр кирет: 

· форс-мажордук жагдайлар (табигый кырсыктар, согуш аракеттери ж.б.); 

· ишеним боюнча тескөөчү контролдукка ала албаган же аларды алдын ала болжолдоо мүмкүн эмес болгон иш-аракеттер (мисалы, Кыргыз Республикасынын же башка эгемендүү мамлекеттин мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр ж.б.) 

5.8. Бүтүм ишеним боюнча тескөөчү тарабынан ага белгиленген чектөөлөрдү бузуу менен келишилсе, эгерде бул бүтүмгө катышып жаткан үчүнчү тарап ал чектөөлөр жөнүндө билбесе же билүүгө тийиш эмес болсо, анык эмес деп табылат. Мындай учурларда ишеним боюнча тескөөчү мыйзамда жана келишимде каралган жоопкерчиликти тартат.  

5.9. Мүлк тиешелүү түрдө тескөөгө алынбагандыгынан улам келтирилген зыян үчүн ишеним боюнча тескөөчү үчүнчү жактар алдында өзүнүн жеке мүлкү менен субсидиардык жоопкерчиликти тартат.  

5.10. Мүлк тиешелүү түрдө тескөөгө алынбаган учурда, ишеним боюнча тескөөнү уюштуруучу сот аркылуу тескөөнү токтотуу жана чыгым тартуулардын ордун жабуу тууралуу талап коюушу мүмкүн.  

5.11. Ишеним боюнча тескөөнү уюштуруучу, эгерде келишимде башкасы каралбаса, ишеним боюнча тескөөчүнүн ишине кийлигишүүгө укугу жок.  

5.12. Ишеним боюнча тескөөчү мүлктү кайра баалоо ишин банктын ишеним боюнча тескөөдө турган мүлккө баа берүүнүн ички саясатына ылайык жүргүзөт.  

6. Ишеним боюнча операциялардын типтери  

 

6.1. Ишеним боюнча тескөө объекттерине жараша ишеним боюнча операциялар төмөнкү түрлөргө классификацияланат:  

· мүлктүк (мүлк менен операциялар); 

· баалуу кагаздар менен операциялар; 

· өзгөчө укуктары менен операциялар. 

6.2. Өз кезегинде, ишеним боюнча операциялардын түрлөрү ишеним боюнча тескөө келишиминин уюштуруучусуна жараша төмөнкүлөргө бөлүнөт

· жеке адамдар менен; 

· юридикалык жактар менен. 

 

7. Трасттык операциялар бөлүмүнүн ишин уюштуруу  

 

7.1. Банк - ишеним боюнча тескөөчү, банк ичинде анын ар башка бөлүмдөрү ортосунда таламдардын каршы келип калышын алдын алуу максатында, бөлүмдөр ортосунда кызматтык жана купуя маалымат менен алмашууга чектөө эрежелерин иштеп чыгууга жана банк кызматкерлери тарабынан алардын сакталышына контролдукту камсыз кылууга тийиш. Ушул талаптарды жүзөгө ашыруу үчүн банк төмөнкү чараларды колдоно алат: 

· банк кызматкерлеринин купуя маалыматты таркатпоо тууралуу кат жүзүндөгү милдеттенмеси; 

· тиешелүү бөлүмдөрдү уюштуруу-техникалык жактан бөлүштүрүү (мисалы, ишеним боюнча тескөө жана брокердик, дилердик операцияларды жүргүзгөн бөлүмдөрдүн компьютердик түйүндөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө бөгөт коюу);  

· банктын тиешелүү функционалдык бөлүмдөрүнүн обочолонгон карамагында болуусу;  

· кызматтык иште пайдаланылуучу маалыматты колдонуудагы мыйзамга ылайык гана берүүгө

· ишеним боюнча тескөө операцияларына тартылган кызматкерлерди жана анда колдонулуучу документтерди аймактык обочолонтуп жайгаштыруу. 

7.2. Трасттык операциялардын жүргүзүлүшүнө жетекчилик банк Башкармасынын Төрагасынын башкаруусу алдында жүзөгө ашырылат.  

7.3. Банкта траст-комитет түзүлүүгө тийиш. Траст-комитет коллегиалдык орган болуп саналат жана ишеним боюнча тескөөнү жүзөгө ашыруу ченемдерин жана эрежелерин, активдерге баа берүүнүн ички саясатын аныктайт, трасттык операцияларга көз карандысыз байкоо жүргүзөт. Ишеним боюнча тескөөгө тиешелүү бардык маселелер траст-комитет тарабынан же болбосо траст-комитет укук чегерген жактар тарабынан гана чечилүүгө тийиш.  

7.4. Ишеним боюнча тескөөнү жүргүзүү тобунда бир кызматкерге контролердун жана ишеним боюнча тескөөчүнүн ишин айкалыштырып жүргүзүүгө жол берилбейт. 

 

8. Ишеним боюнча тескөө операцияларын жүргүзүүгө чектөөлөр  

8.1. Кыймылдуу мүлккө кирген предметтер, акча, буюмдар ишеним боюнча тескөөнүн өз алдынча объектиси боло албайт:  

8.2. Ишеним боюнча тескөөчү (банк сыяктуу эле, анын кызматкери) мүлктү ишеним боюнча тескөө келишими боюнча пайдага ээ болуучу боло албайт.  

8.3. Банк-ишеним боюнча тескөөчү төмөнкүлөргө укугу жок: 

· өздүк баалуу кагаздарын эмитент катары ишеним боюнча тескөөгө алууга; 

· аффилирленген компаниялардын баалуу кагаздарын ишеним боюнча тескөөгө алууга; 

· ишеним боюнча тескөөнүн активдерин өз пайдасына пайдаланууга (мисалы, РЕПО-келишимдерин түзүү учурунда күрөө катары ишеним боюнча тескөөдө турган баалуу кагаздарды пайдалануу); 

· эки ар башка ишеним боюнча тескөө келишимдери ортосунда операцияларды жүргүзүүгө

· ишеним боюнча тескөөгө байланыштуу операцияларды жүргүзгөн бөлүмдөрдүн жана банктын башка бөлүмдөрүн ортосунда сатып алуу-сатууну жүзөгө ашырууга; 

· ишеним боюнча тескөө активдерин ижарага алууга; 

· өздүк активдерин трастка ижарага берүүгө

8.4. Ишеним боюнча тескөө келишимин түзгөн банк, келишимдин уюштуруучусуна кошумча төмөнкү банктык кызмат көрсөтүүлөрдү гана сунуштоого укуктуу (ишеним боюнча тескөөгө байланыштуу операцияларды жүзөгө ашырган бөлүмдөн тышкары): 

· депозиттик эсепти ачуу; 

· эсептешүү-кассалык тейлөө

· валюталык операциялар; 

· баалуу кагаздар менен операциялар; 

· консультациялык кызмат көрсөтүүлөр. 

· Банк тарабынан ишеним боюнча тескөөгө кабыл алынып жаткан мүлктүн жалпы наркы банктын таза суммардык капиталынын 50 пайызынан ашпоого тийиш.  

· Банк тобокелдиктерден улам келип чыгуучу жоготууларга баа берүү ишин мүмкүн болуучу жоготууларды баа берүүнүн ички саясатына ылайык жүргүзүүгө тийиш. 

 

9. Таламдардын каршы келип калышы 

 

9.1. Банк тарабынан ишеним боюнча тескөө операцияларын жүзөгө ашыруу учурунда таламдардын каршы келип калышы ишеним боюнча тескөөчү банк менен менчик ээси (пайдага ээ болуучунун), ишеним боюнча тескөөчү банк кызматкерлери менен менчик ээси (пайдага ээ болуучу), ар кайсы тескөөнү уюштуруучулар ортосунда келип чыгышы мүмкүн.  

Таламдардын каршы келип калышы төмөнкүлөрдөн келип чыгышы мүмкүн: 

· банк тескөөнү уюштуруучунун тапшырмасы боюнча финансылык рынокто кесипкөйлүк ишкердикти жүзөгө ашыруу учурунда; 

· тескөөнүн уюштуруучусу депозиттерди ишеним боюнча тескөөчү банкта жайгаштырууда;  

· тескөөнү уюштуруучунун тапшырмасы боюнча ишенимдүү операциялардан тышкары башка банктык операцияларды жүзөгө ашыруу учурунда;  

· ишеним боюнча тескөөчү банк менен пайдага ээ болуучу ортосунда банктык операцияларды жүзөгө ашыруу учурунда;  

· байланышкан тараптардын ортосундагы банктык операцияларды жүзөгө ашыруу учурунда. 

Байланышкан тараптарга төмөнкүлөр кирет: келишимдин уюштуруучусу, пайдага ээ болуучу, ишеним боюнча тескөөчү (банк сыяктуу эле, анын кызматкерлери), банктын, уюштуруучунун, пайдага ээ болуучунүн аффилирленген компаниялары. 

9.2. Ишеним боюнча тескөөчү - банк тескөө боюнча уюштуруучунун (пайдага ээ болуучунүн) кызыкчылыгында ишенимдүү тескөө келишимине жана колдонуудагы мыйзамга ылайык аракет кылууга жана таламдардын каршы келип калышын алдын алууну камсыз кылууга тийиш. 

9.3. Таламдардын каршы келип калышына бөгөт коюу максатында, ишеним боюнча тескөө келишиминде белгиленген мамилелер олуттуу таасирин тийгизүүгө жана башка өз ара катышуу чөйрөсүндө тараптардын өзгөчө мамилелерин белгилөө үчүн өбөлгө түзүүчү катары каралууга тийиш эмес. 

Ишеним боюнча тескөөчү-банктар, ишеним боюнча тескөө максатында мүлк менен операцияларды рыноктук баада жүзөгө ашырууга жана таламдардын каршы келип калышына, табигый баанын түзүлүшүнө кесепетин тийгизген жана рынокту туруксуздукка алып келген иш-аракеттерге жол бербөөгө тийиш.  

9.4. Ишеним боюнча тескөөчү банк кызматкерлери менен менчик ээсинин (пайдага ээ болуучунун) жеке таламдарынын каршы келип калышын алдын алуу максатында, ишеним боюнча тескөө операцияларын жүзөгө ашыруу учурунда банк кызматкерлерине төмөнкүлөргө тыюу салынат:  

· ал кызматкер же анын үй-бүлө мүчөлөрү алар менен жеке мамиледе болгон же финансылык кызыкчылыкка ээ жактар же уюмдар ишке тартылган бүтүмгө катышууга; 

· бүтүмдөрдү түзүү үчүн кызматтык маалыматты пайдаланууга, ошондой эле бүтүмдөрдү түзүү үчүн кызматтык маалыматты үчүнчү жактарга берүүгө

9.5. Эгерде, банктын кызматкери анын иш-аракетинин натыйжасында таламдардын каршы келип калышы мүмкүнчүлүгүн болжолдосо, ал бул тууралуу ишенимдүү тескөө боюнча ички контролдукту ишке ашырган кызматкерге маалымдоого милдеттүү.  

9.6. Таламдардын потенциалдуу каршы келип калышы учурунда банк, Улуттук банкка тез арада билдирүүгө милдеттүү.  

 

10. Ишеним боюнча тескөөнүн негизинде ишке ашырылган операцияларды бухгалтердик эсептик алуу  

 

10.1. Ишеним боюнча тескөөгө кабыл алынган мүлк менчик ээсинин башка мүлкүнөн, ошондой эле ишеним боюнча тескөөчүнүн мүлкүнөн өзүнчө көрсөтүлөт. Бул мүлк ишеним боюнча тескөөчүнүн өзүнчө балансында чагылдырылып, ал боюнча өз алдынча эсеп жүргүзүлөт.  

10.2. Ишеним боюнча тескөөгө байланыштуу иштер боюнча эсептешүүлөр үчүн өзүнчө банк эсеби ачылат.  

10.3. Ишеним боюнча тескөө боюнча операцияларды бухгалтердик эсепке алуу “Ишеним боюнча тескөө операцияларынын эсепке алуу саясатына” ылайык жүргүзүлөт.  

 

11. Ишеним боюнча тескөөчүлөр-банктардын отчеттуулугу  

 

11.1. Мүлктү ишеним боюнча тескөөгө алган банктар, банк иши жөнүндө жылдык отчеттон тышкары 1, 2, 3, 4-тиркемелерге ылайык отчетторду, ошондой эле негизги жоболорун, банктын ички саясатынын ишеним боюнча тескөөнүн активдерине баа берүү ыкмаларын камтыган түшүндүрмө катты Улуттук банкка жыл сайын берүүгө милдеттүү. Көрсөтүлгөн маалымат, чейрек сайын жана жыл сайын сунушталуучу Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчетто да камтылууга тийиш. Мындай маалыматтардын туура чагылдырылышы трасттык операциялар бөлүмүнүн начальнигинин кол тамгасы менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.  

11.2. Банк тарабынан ишеним боюнча тескөөгө кабыл алынган активдердин наркы Кыргыз Республикасындагы банктардын ишин жөнгө салуу эрежелеринде аныкталган экономикалык ченемдердин эсебине киргизилбейт.  

11.3. Тышкы көзөмөл башкармалыгы маалыматтын берилиши мөөнөттөрүн контролдоого, келип түшкөн маалыматтардын тактыгын, толуктугун жана каршы келбегендигин текшерүүгө милдеттүү.  

11.4. Банктар мүлктү ишеним боюнча тескөөнү уюштуруучулары алдында ишеним боюнча тескөө келишиминде белгиленген формада жана мөөнөттөрдө, бирок жылына кеминде бир жолу отчет беришет. Эгерде ишеним боюнча тескөө келишими 1 жылдан кем эмес мөөнөткө түзүлсө жана отчет берүү мөөнөттөрү белгиленбесе, анда банк отчетту келишим мөөнөтү аяктаган учурда тапшырат.  

1998-жылдын 14-декабрындагы №34/9 токтому 

Ишеним боюнча тескөө аркылуу 

операцияларды жөнгө салуу эрежелерине карата 

1-тиркеме 

 

 

I. Операциялардын түрлөрүнө жараша ишеним боюнча тескөө келишимдеринин саны: 

 

1. Келишимдердин саны, бардыгы......................... 

 

Анын ичинде: 

 

1.1 мүлктүк операциялар боюнча: 

 

а) жеке адамдар менен; .................................. 

 

б) юридикалык жактар менен ............................... 

 

1.2 баалуу кагаздар менен операциялар боюнча: 

 

а) жеке адамдар менен; .................................. 

 

б) юридикалык жактар менен................................. 

 

1.3 башка операциялар................................................ 

 

а) жеке адамдар менен; .................................. 

 

б) юридикалык жактар менен................................. 

 

 

 

 

 

1998-жылдын 14-декабрындагы №34/9 токтому 

Ишеним боюнча тескөө аркылуу 

операцияларды жөнгө салуу эрежелерине карата 

2-тиркеме 

 

Ишеним боюнча тескөө объекттеринин жылышы 

(миң сом)  

 

Отчеттук мезгилдин баш жагына карата калдык 

Эсептер боюнча дебеттик жүгүртүү  

Эсептер боюнча кредиттик жүгүртүү  

Отчеттук мезгилдин акырына карата калдык 

1. Бардыгы болуп 

 

 

 

 

Анын ичинде: 

 

 

 

 

1.1. Мүлктүк операциялар боюнча: 

 

 

 

 

а) жеке адамдар менен; 

 

 

 

 

б) юридикалык жактар менен. 

 

 

 

 

1.2. Баалуу кагаздар менен операциялар боюнча: 

 

 

 

 

а) жеке адамдар менен; 

 

 

 

 

б) юридикалык жактар менен. 

 

 

 

 

1.3. Башка операциялар боюнча: 

 

 

 

 

а) жеке адамдар менен; 

 

 

 

 

б) юридикалык жактар менен. 

 

 

 

 

 

 

 

Кызмат орду 

Кол тамгасы 

Аты-жөнү 

 

 

 

_____________ 

_____________ 

_____________ 

_____________ 

_____________ 

_____________ 

1998-жылдын 14-декабрындагы №34/9 токтому  

Ишеним боюнча тескөө аркылуу 

операцияларды жөнгө салуу эрежелерине карата 

3-тиркеме 

 

199__жылдын «____» чейреги ичинде кабыл алынган ишеним боюнча тескөө объекттери: 

(миң сом) 

Обьекттердин түрлөрү 

Төмөнкү мөөнөттөрдө кабыл алынган 

 

0-1 айга  

1-3 айга 

3-6 айга 

6-12 айга 

1-5 жылга 

1. Бардыгы болуп 

 

 

 

 

 

анын ичинде: 

 

 

 

 

 

1.1. Мүлктүк операциялар боюнча: 

 

 

 

 

 

а) жеке адамдар менен; 

 

 

 

 

 

б) юридикалык жактар менен. 

 

 

 

 

 

1.2. Баалуу кагаздар менен операциялар боюнча: 

 

 

 

 

 

а) жеке адамдар менен; 

 

 

 

 

 

б) юридикалык жактар менен. 

 

 

 

 

 

1.3. Башка операциялар боюнча: 

 

 

 

 

 

а) жеке адамдар менен; 

 

 

 

 

 

б) юридикалык жактар менен. 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кызмат орду 

Кол тамгасы 

Аты-жөнү 

 

 

 

____________ 

____________ 

____________ 

____________ 

____________ 

____________ 

1998-жылдын 14-декабрындагы №34/9 токтому 

Ишеним боюнча тескөө аркылуу 

операцияларды жөнгө салуу эрежелерине карата 

4-тиркеме 

 

1. Ишеним боюнча тескөөгө кабыл алынган мүлктүн жалпы наркынын максималдуу өлчөмү

 

Ченеми 

Ченем эсеби 

Ченемдин айкын мааниси 

Ченемдин белгиленген мааниси 

Белгиленген ченемден четтөө 

Ишеним боюнча тескөөгө кабыл алынган мүлктүн жалпы наркынын максималдуу өлчөмү  

ИТТА (ЧАДУ) ______________ 

ТСК (ЧСК) 

 

___% жогору эмес 

 

 

ИБТА Ишеним боюнча тескөөдөгү таза активдер = 

ТСК Таза суммардык капитал = 

 

 

Кызмат орду 

Кол тамгасы 

Аты-жөнү 

 

 

 

____________ 

____________ 

____________ 

____________ 

____________ 

____________