Кыргыз Республикасынын    

Улуттук банк Башкармасынын   

2017-жылдын 27-декабрындагы   

№ 2017-П-15/54-4-(НПА)   

токтому менен бекитилген   

 

Күрөөлүк камсыздоо катары кабыл алынуучу   

кредит портфелин алууга карата   

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР  

(Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 12-декабрындагы № 2018-П-15/53-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

 

1. Жалпы жоболор  

  1.Талап кылуу укугу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) тарабынан кредит берүү учурунда күрөөкатары кабыл алынышы мүмкүн болгон, кредит портфелине камтылган коммерциялык банктардын (мындан ары - банктар) кредиттеринин/лизингдеринин мүнөздөмөлөрүн жана аларга коюлган талаптарды аныктоо жана аларды минималдуу талаптарга шайкеш келиши көз карашында текшерүү, ушул минималдуу талаптардын максаты болуп саналат.   

2. Минималдуу талаптарда төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:   

«Кредит портфели талап кылуу укугу Улуттук банк тарабынан кредит берүү учурунда күрөө катары кабыл алынышы мүмкүн болгон, ушул минималдуу талаптарда белгиленген белгилүү бир мүнөздөмөлөргө ылайык келген, банк тарабынан карыз алуучуга берилген кредиттер/лизингдер. 

(Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 12-декабрындагы №2018-П-15/53-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык).  

«Резидент» деген түшүнүк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.   

Жеке адам  ушул минималдуу талаптардын алкагында жеке адам дегенден улам, жеке ишкер катары катталбаган, бирок айыл чарба тармагында иш алып барган адамды саноого болот.  

3. Ушул минималдуу талаптарда колдонулган башка түшүнүктөр Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында, Улуттук банктын банктык жана финансылык терминдер глоссарийинде каралган түшүнүктөргө туура келет.   

   

2. Кредит портфелине камтылган   

кредиттердин/лизингдердин мүнөздөмөлөрү  

  4. Кредит портфели экономиканын төмөнкү тармактарында иш алып барышкан юридикалык жактарга, жеке ишкерлерге берилген кредиттердин/лизингдердин эсебинен тузүлүүгө тийиш:  

өнөр жай;    

- айыл чарба, даярдоо жана кайра иштетүү;  

- транспорт, байланыш жана тейлөө тармагы;    

- соода жана коммерциялык операциялар;    

- курулуш;  

- туризм чөйрөсү.    

Мындан тышкары, айыл чарба тармагында иш алып барган физикалык жактарга берилген кредиттер кредит портфелине камтылышы мүмкүн.  

Кредиттик линиянын алкагында кредиттер (транштар) боюнча талап кылуу укугу, ушул минималдуу талаптарды эске алуу менен күрөөлүк камсыздоону ар бир кредит (транш) боюнча өз-өзүнчө идентификациялап бөлүштүрүү мүмкүн болгон шартта, ал күрөөлүк камсыздоо катары каралышы мүмкүн». 

(Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 12-декабрындагы №2018-П-15/53-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык).  

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45/13 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө» токтому менен бекитилген жобонун алкагында берилген кредиттик ресурстар боюнча күрөөлүк камсыздоо катары улуттук валютада берилген кредиттер каралат. 

(Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 12-декабрындагы №2018-П-15/53-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык).  

5.Кредит портфелине камтылуучу кредиттер/лизингдер, төмөнкү мүнөздөмөлөргө дал келүүлөрү тийиш: 

1) кредиттин максатка ылайык багытталуусу банк тарабынан текшерилди жана карыз алуучу тарабынан документ түрүндөтастыкталган (квитанциялар, чектер, сатып алуучу актылар, келишимдер ж.б.);   

2) карыз алуучу/лизинг алуучу  Кыргыз Республикасынын резиденти болуп саналат жана банктын инсайдери же аффилирленген жагы болуп саналбайт;   

3) төлөө графигинде кредиттин/лизингдин мөөнөтүнүн аягында карыздын негизги суммасын толугу менен же көбүрөөк бөлүгүн (70% жана андан ашык) төлөө каралган эмес;   

4) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына, ошондой эле банктын кредиттик саясатына жана ички жол-жоболоруна ылайык, банк тарабынан карыз алуучу/лизинг алуучунун төлөө жөндөмдүүлүгү бааланган жана карыз алуучу/лизинг алуучунун алгылыктуу кредиттик таржымалы кредиттик бюро тарабынан сунушталган маалымат менен тастыкталган;    

5) кредит/лизинг Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы №18/3 токтому менен бекитилген, “Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүүчегерүүлөр жөнүндө” жобого ылайык, нормалдуу жана канааттандырарлык кредиттердин (активдердин) мүнөздөмөлөрүнө дал келет;    

6) карыз алуучу/лизинг алуучунун кредит боюнча маалыматы Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы №52/4 токтому менен бекитилген, “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензиялануучу коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит мекемелеринде кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобонун талаптарына ылайык банк тарабынан таризделген. Карыз алуучу/лизинг алуучу менен банктын ортосунда түзүлгөн кредиттик келишимде/финансылык ижара (лизинг) жөнүндө келишимде, башкаларды эске албаганда, төмөнкүлөр камтылууга тийиш:    

- карыз алуучуга/лизинг алуучуга сунушталган кредит/лизинг талап кылуу укугу кредит берүү учурунда үчүнчү жак тарабынан күрөөкатары кабыл алынышы мүмкүн болгон, кредиттер портфелине камтылышы ыктымал деген шарт;   

- талап кылуу укугу үчүнчү жакка карыз алуучунун колундагы көлөмдө жана ошол эле шарттарда өткөрүлгөндүгү жөнүндө карыз алуучуга/лизинг алуучуга кат жүзүндө билдирүү жагында  банктын милдеттенмеси.  

7) кредит ушул минималдуу талаптардын 15-пунктунда каралган жана 16,17- пункттарында көрсөтүлгөн шарттарга жооп берген күрөөменен камсыздалган.  

6. Улуттук банкка сунушталуучу кредит портфели ага карата укукка кандайдыр бир чектөөлөрдөн эркин (милдеттенме жүктөлбөгөн) болууга, банктын башка милдеттенмесин камсыздоого күрөөгө коюлбаган болууга тийиш. Банк бул талаптардын аткарылышы үчүн жоопкерчиликтүү болот.   

7. Улуттук банкка  сунушталуучу кредит портфели, Улуттук банк тарабынан банкка сунушталган кредит боюнча мөөнөттөн кеминде бир айга ашыгыраак мөөнөткө банк берген кредиттерди/лизингдерди камтууга тийиш.   

8. Кредиттер/лизингдер боюнча талап кылуу укугу түрүндөгү күрөөлүк камсыздоонун максималдуу көлөмүнө карата талаптар Улуттук банк Башкармасы же Улуттук банктын Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети тарабынан Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык аныкталат. 

(Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 12-декабрындагы №2018-П-15/53-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык).  

9. Автоунаа түрүндөгү күрөөлүк камсыздоо алдында сунушталган кредиттердин суммасы сунушталуучу кредит портфелинин жалпы суммасынын 10% ашыкты түзбөөгө тийиш. Сунушталып жаткан күрөөнүн түзүмүндө лизинг портфелинин жалпы үлүшү кредит портфелинин 20% ашыкты түзбөөгө тийиш.  

10. Улуттук банктын ыйгарым укуктуу кызматкерлери кредит портфелине камтылган кредиттердин/лизингдердин ушул минималдуу талаптарда каралган мүнөздөмөлөргө ылайык келүүсү жагында текшерүүлөрдү (арасынан бирден алып же бир-бирден) банкка 2 (эки) күн мурун маалымдоо аркылуу жүргүзүүгө укуктуу.   

11. Банк, талаптагыдай ички контролдук системасын камсыз кылуу максатында, төмөнкүлөргө баа берүү үчүн кредит портфелине камтылуучу кредиттерге/лизингдерге мониторинг жүргүзүүгө милдеттүү:    

1) белгиленген мүнөздөмөлөргө ылайык келүүсүнө  кеминде айына бир жолу;    

2) карыз алуучунун/лизинг алуучунун финансылык абалына жана төлөө жөндөмдүүлүгүнө  кеминде жарым жылда бир жолу;   

3) кредитти/лизингди төлөө графигине ылайык өз убагында төлөө  ар дайым;   

4) күрөө/лизинг предметинин абалына - кеминде жарым жылда бир жолу.  

12. Эгерде, кредит портфели боюнча талап кылуу укугу Улуттук банк тарабынан күрөө катары кабыл алынса, анда банк кредит портфели боюнча отчетту күрөө жөнүндө келишимдин талаптарына ылайык кагаз жүзүндө жана электрондук форматта отчеттук айдан кийинки айдын 5-күнүнөн кечиктирбестен, Улуттук банкка ай сайын берип турат.  

13.  Кредиттердин/лизингдердин ушул минималдуу талаптарда көрсөтүлгөн мүнөздөмөлөргө туура келбегендиги банк тарабынан жана/же Улуттук банк тарабынан аныкталган учурда, банк аларды ушул минималдуу талаптарга ылайык келген кредиттерге/лизингдерге алмаштырууга же Улуттук банктын кредиттик ресурстары боюнча күрөөлүк камсыздоо катары берилген Кредит портфелинен чыгарууга милдеттүү

(Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 12-декабрындагы №2018-П-15/53-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык).  

14. Ушул минималдуу талаптардын 5-пунктунда көрсөтүлгөн мүнөздөмөлөргө шайкеш келбестигине карабастан, мамлекеттик баалуу кагаздар, Улуттук банктын баалуу кагаздары жана депозит түрүндө камсыздалган кредиттер, кредит портфелине камтылышы мүмкүн.  

  

3. Күрөө/лизинг предметине карата талаптар  

15. Кредит портфелине камтылган кредит күрөөнүн төмөнкү түрлөрү менен камсыздалууга тийиш:   

1) кредит берилген банкта жайгаштырылган депозит;   

2) мамлекеттик баалуу кагаздар, көбүнчө, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казына векселдери жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан чыгарылган мамлекеттик казына облигациялары;  

3) Улуттук банктын баалуу кагаздары;   

4) кыймылсыз мүлк (пайдалануудагы батир, үй, өнөр жай объектиси, офис, ошондой эле жер тилкелери);   

5) автоунаа, эгерде ал кыймылсыз мүлк түрүндөгү негизги күрөөгө карата кошумча күрөө катары берилсе; 

6) лизинг предмети; 

7) «Гарантиялык фонд» ААКсынын гарантиялары. 

(Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 12-декабрындагы №2018-П-15/53-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык).  

15-1. Кредит портфелине кирген кредиттер боюнча күрөөлүк камсыздоо башка кредиттер боюнча күрөөлүк камсыздоо боло албайт. 

(Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 12-декабрындагы №2018-П-15/53-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык).  

16. Күрөө наркы кредиттин суммасынын (негизги карыздын) кеминде 120% жабууга тийиш. Эгерде кредит менен депозит түрүндөгүкүрөө бирдей валютада болсо, кеминде 100% жабууга тийиш.  

17. Күрөө предмети боюнча төмөнкү талаптар сакталууга тийиш:  

1) кыймылсыз мүлк же автоунаа түрүндө сунушталган күрөө предмети, карыз алуучуга/күрөөгө коюучуга менчик укугунда тиешелүүболот, бул Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талаптарына ылайык тариздетилген документтер менен тастыкталган;  

2) менчик укугунда карыз алуучуга/күрөө коюучуга тиешелүү болгон кыймылсыз мүлктү жана/же автоунааны күрөөгө коюуга карыз алуучунун/күрөөгө коюучунун аялынын/күйөөсүнүн мамлекеттик/жеке нотариус тарабынан тастыкталган кат жүзүндөгү макулдугу бар;  

3)  күрөө предмети Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан жана катталган, бул Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талаптарына ылайык таризделген документтер менен тастыкталган болууга тийиш;  

4) автоунаа түрүндө сунушталган күрөө предмети кредиттик келишимдин колдонуудагы бүтүндөй мөөнөтүндө камсыздалган жана камсыздандыруунун өлчөмү ушул күрөө менен жабылган кредит боюнча карыздын өлчөмүнө дал келүүсү зарыл.  

18. Лизинг предмети боюнча төмөнкү талаптар сакталууга тийиш:   

1)  лизинг предмети Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан жана катталган, ал Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык таризделген документтер менен тастыкталган болууга тийиш;   

2) лизинг предмети финансылык ижара (лизинг) жөнүндө келишимдин бүтүндөй колдонуудагы мөөнөтү ичинде камсыздалган болуп, анын өлчөмү лизинг боюнча карыздын (негизги карыз, кредит боюнча пайыз) өлчөмүнө дал келет же андан ашат. Мында кыймылсыз мүлк түрүндө кошумча күрөө берилген же ордун жабуу үлүшү берилген каражаттардын 50% же андан көбүрөөк бөлүгүн түзгөн, өздүк аманаттар салынган учурларда камсыздандыруу зарылчылыгы жок.  

18-1. Кредитти «Гарантиялык фонд» ачык акционердик коомунун гарантиясы менен камсыз кылган учурда, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 токтому менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобонун талаптары сакталууга тийиш. 

(Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 12-декабрындагы №2018-П-15/53-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

19. Кредит/лизинг боюнча документтерди тариздөөдө банк тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын тиешелүү ченемдик укуктук актыларынын бардык талаптары сакталууга тийиш.