Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 

4-августунда каттоодон өткөн. Каттоо номери 85-06. 

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2006-жылдын 28-июнунда 

№ 19/2 токтому менен 

бекитилген 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында рыноктук тобокелдикти тескөө боюнча  

минималдуу талаптар жөнүндө 

ЖОБО 

 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 16-ноябрындагы N 43/1, 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-7-(НПА), 2018-жылдын 20-июнундагы №2018-П-12/24-1, 2019-жылдын 30-октябрындагы № 2019-П-12/54-3-(НПА) (токтом 2020-жылдын 1-январында күчүнө кирет) (токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1. Жалпы жоболор 

1.1. Жободо коммерциялык банктар жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы (мындан ары - банктар) тарабынан рыноктук тобокелдикти тескөөгө карата минималдуу талаптар белгиленген. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-7-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

1.2. Жободо алгылыктуу банктык тажрыйбанын стандарттарына ылайык рыноктук тобокелдикти тескөөнүн негизги элементтери жана принциптери аныкталган жана бул банктар үчүн тобокелдикти тескөө системасына карата минималдуу талаптар боюнча кошумча колдонмо болуп саналат (1-тиркемени кара) аларга, эң аз дегенде төмөнкүлөр кирет: 

- рыноктук тобокелдикти тескөөнүн максаты жана милдети; 

- рыноктук тобокелдиктин алгылыктуу деңгээлин аныктоо, баа берүү жана рыноктук тобокелдик деңгээлине, анын ичинде консолидацияланган негизде мониторинг жүргүзүү тартиби; 

- тобокелдикти контролдоону жана/же минималдаштырууну кошо алганда, рыноктук тобокелдиктин тийиштүү деңгээлин колдоо боюнча чара көрүү

- рыноктук тобокелдик маселеси боюнча маалымат менен камсыз кылуу тартиби (бөлүмдөр менен кызматкерлер ортосунда маалымат алмашуу тартиби, рыноктук тобокелдикти тескөө маселеси боюнча отчетту жана башка маалыматты сунуштоо тартиби жана мезгилдүүлүгү); 

- финансылык инструменттер түзүмү, алардын саны жана нарктык көрсөткүчтөрү өзгөргөн шартта, рыноктук тобокелдикти тескөө тартиби, жаңы технологияларды, банктык операцияларды жана башка бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруу шарттарын, жаңы рыноктон орун алууда башка финансылык инновацияларды жана технологияларды иштеп чыгуу жана аларды ишке киргизүү тартиби; 

- рыноктук тобокелдикти тескөөнүн негизги принциптерин ишке ашыруу жагында Директорлор кеңеши, аткаруу органдары, бөлүмдөр жана кызматкерлер ортосунда ыйгарым укуктарды жана жоопкерчиликти бөлүштүрүү

- рыноктук тобокелдикти эффективдүү тескөө үчүн контролдоону жүзөгө ашыруу тартиби. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-7-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2. Рыноктук тобокелдикти аныктоо 

2.1. Рыноктук тобокелдик - бул жоготуу тобокелдиги, ага банк рыноктук пайыздык чендердин, алмашуу курстарынын, акцияларга жана/же товарларга карата баалардын өзгөрүүсүнүн натыйжасында банктын баланстык жана баланстан тышкаркы активдеринин жана милдеттенмелеринин терс мүнөздөгү өзгөрүүлөрү учурунда дуушар болот. Пайыздык чендер тобокелдигин, валюталык тобокелдикти, баа тобокелдигин кошо алганда, рыноктук тобокелдиктин бир нече түрлөрү бар. 

2.2. Пайыздык чен тобокелдиги - бул жоготуу тобокелдиги, ага рыноктук пайыздык чендердин өзгөрүүсүнөн улам банктын капиталы жана кирешеси дуушар болгон. Пайыздык чен тобокелдигинин бир нече түрлөрү бар, алардын ичинде: 

2.2.1. Кайра баалоо тобокелдиги - бул пайыздык чендин өзгөрүүсү убактысы менен акча агымдарынын жылышынын убактысынын ортосундагы айырмачылыктын натыйжасы, булар банктык активдерди, милдеттенмелерди жана баланстан тышкаркы статьяларды баалоодо жана төлөө мөөнөтүн белгилөөдө келип чыгат. Аталган тобокелдик активдер жана милдеттенмелер боюнча белгиленген пайыздык чен менен төлөө убактысы келип жеткен мөөнөттөрдөгү айырмачылыктардан жана активдер менен милдеттенмелерди өзгөрүлмөлүү пайыздык чен менен кайра баалоодон улам келип чыгат ((2) Эскертүүнү караңыз). 

2.2.2. Базалык тобокелдик - бул ар кандай финансы рынокторундагы пайыздык чендердин өзгөрүүлөрүнүн натыйжасы. Бул тобокелдик активдер жана милдеттенмелер боюнча пайыздык чендердин өзгөрүүсүнүн солгун тарткан корреляциясы учурунда келип чыгат, алар ар кандай индекстердин жана/же ар кандай финансы рынокторунун өзгөрүп турууларына жараша кайрадан бааланат ((3) Эскертүүнү караңыз). 

2.2.3. Опциондук тобокелдик - бул качан, банктын кардары активдер же милдеттенмелер боюнча акча каражаттарынын агымынын көлөмүн жана мөөнөтүн өзгөртүүгө укуктуу болгон, бирок милдеттенме албаган учурда келип чыгат. Бул банкты активдерин жана милдеттенмелерин банк үчүн дурус боло бербеген, учурдагы рыноктук пайыздык чендер боюнча кайра баалоого мажбурлайт ((4) Эскертүүнү караңыз). 

2.3. Валюталык тобокелдик - бул банктын өзүнүн иш-аракетин жүзөгө ашыруусунда жана белгилүү валюта боюнча ачык позициялардын болушу учурунда четөлкө валюта курстарынын өзгөрүүлөрүнө байланыштуу чыгашалардын (чыгым тартуулардын) келип чыгуу тобокелдиги. Валюталык операцияларды жүргүзүүдө тобокелдиктердин төмөндөгүдөй түрлөрү келип чыгышы мүмкүн, атап айтканда: 

2.2.4. Кыйыр кирешелүүлүк тобокелдиги - бул ордун жабуу мөөнөтүнө чейин пайыздык чендин өзгөрүүсүнүн натыйжасында келип чыккан тобокелдик. Ал ошол эле индекстин же рыноктун ар кандай төлөө мөөнөтүндөгү пайыздык чендер ортосундагы катыштын өзгөрүүлөрүнө алып келет. 

Кыйыр кирешелүүлүктүн өзгөрүүсү мөөнөттөрдүн дал келбей калуу эффектисин күчөтүү менен банк позициясынын тобокелдигин белгилейт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-7-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.3.1. Кредиттик тобокелдик - бул карызгердин өз милдеттенмелерин келишимде белгиленген мөөнөттөргө жана шарттарга ылайык аткара албай калу тобокелдиги ((5) Эскертүүнү караңыз). 

2.3.2. Төлөм тобокелдиги - бул банк сатылып алынган валютаны алганга чейин эле сатылган валютаны чегерүүдө келип чыгат. Тобокелдик качан валютаны сатуу жөнүндө келишимди бир тараптуу тартипте жокко чыгарууга мүмкүн болбогон учурда башталат жана сатылып алынган валюта алынмайынча күчүндө тура берет. 

2.3.3. Өтүмдүүлүк (ликвиддүүлүк) тобокелдиги - бул ал качан алмашуу курстары олуттуу түрдө олку-солку болуп же өлкөнүн ички абалы туруктуу болбогон учурда келип чыгат, мисалы, валюталык жөнгө салууну күчөтүүнүн өзү валюталык каражаттарды пайдалануу мүмкүнчүлүгүн чектеп да коет. Иши-аракетин валютанын көптөгөн түрлөрү менен жүзөгө ашыруучу банктар өтүмдүүлүктү (ликвиддүүлүктү) тескөөдөгү жалпы стратегиясында четөлкө валютасындагы өтүмдүүлүктү колдоо боюнча чараларды көрүүлөрү зарыл. 

2.3.4. Өлкөлүк тобокелдик - бул четөлкө мамлекеттеринде экономикалык, социалдык жана саясый шарттардын жана окуялардын өзгөрүүсүнүн натыйжасында, анын ичинде алардын эларалык кредиттөө жана четөлкө инвестициялары боюнча ишаракеттеринде келип чыгат. 

2.4. Баа тобокелдиги - бул жоготуу тобокелдиги, ага банк өзүнө тиешелүү болгон финансы инструменттеринин жана башка инвестицияларынын же активдеринин (баланстык жана баланстан тышкаркы) наркында рыноктук баанын өзгөрүүсүнүн натыйжасындагы терс өзгөрүүлөр учурунда келип чыккан учурда дуушар болгон. 

2.5. Соода портфелинде соода жүргүзүү же болбосо соода портфелинин башка элементтерин хеджирлөө үчүн каралган бардык финансылык инструменттер камтылат. Бул финансылык инструменттер портфелде кыска мөөнөт аралыгында аларды сатуудан киреше алуу жана/же рынокто орун алган же кыска мөөнөт аралыгында күтүлүп жаткан өзгөрүүлөрдүн натыйжасында киреше алуу максатында сакталат. Финансылык инструменттерди классификациялоодо белгисиз учурлар келип чыкса, банк Банктык көзөмөл боюнча Базель комитетинин стандарттарына таянуусу зарыл. 

2.6. Банк портфелинде анын соода портфелинде камтылбаган бардык баланстык жана баланстан тышкаркы статьялар камтылат. Бул статьялар активдүү соода жүргүзүү үчүн каралган эмес жана алар төлөөгө чейин кармалып туруучу катары классификацияланат. Банк портфелинин статьялары адатта рыноктук наркы боюнча кайра бааланбайт, алар амортизацияланган наркы боюнча эсепке алынат. 

2.7. Финансылык инструменттин же инструменттер портфелинин экономикалык наркы инструменттен же портфелден күтүлүп жаткан акча агымынын рыноктук пайыздык чен боюнча дисконттолгон учурдагы (шайкеш келтирилген) наркын билдирет. Ушул Жобонун алкагында дисконттоо чени катары тобокелдикти камтыбаган чен колдонулууга тийиш.  

Көпчүлүк учурда тобокелдикти камтыбаган чен катары мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча кирешелүүлүк кабыл алынып келет. Валютага жана финансылык инструментти белгилүү бир убакыт аралыгына бөлүштүрүүгө жараша чет өлкө мамлекеттик баалуу кагаздары, ошондой эле төлөө мөөнөттөрү ар башка баалуу кагаздар боюнча кирешелүүлүк чени алынышы мүмкүн. Мисалы, сом түрүндө туюндурулган финансылык инструменттер үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жүгүртүү мөөнөтү 2 жыл, 3 жыл, 5 жыл, 7 жыл жана 10 жыл төлөө мөөнөтүнө ээ жүгүртүүдөгү мамлекеттик казына облигациялары боюнча орточо салмактанып алынган кирешелүүлүк колдонулушу мүмкүн. АКШ долларында туюндурулган финансылык инструменттер үчүн АКШнын казына векселдери, казына ноталары жана казына облигациялары пайдаланылышы ыктымал. 

2.8. Ушул Жобонун алкагында маанилүү валюта катары анын суммардык баланстык жана баланстан тышкаркы активдердеги же суммардык баланстык жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердеги үлүшү 5% төмөн болбогон валюта саналат. 

3. Рыноктук тобокелдикти тескөөнү уюштуруу 

3.1. Рыноктук тобокелдикти тескөө банктын иш чөйрөсүнө тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгү деңгээлине жана өзүнө кабыл алган рыноктук тобокелдиктин деңгээлине ылайык келүүгө тийиш. Банк өз операцияларынын жүзөгө ашырылышына байланыштуу болгон рыноктук тобокелдикти төмөндөтүү үчүн чараларды көрүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-1 токтомунун редакциясына ылайык) 

3.2. Банктарга капиталды рыноктук тобокелдикке байланыштуу болгон чыгымдардын ордун жабуу үчүн жетиштүү болгудай өлчөмдө кармап туру сунушталат. 

3.3. Рыноктук тобокелдикти тескөө максатында, банк тобокелдиктин деңгээлине жана анын банктын кирешеси менен капиталына таасирине контролдукту жүзөгө ашыруу чараларын аныктоочу саясаттарга жана ички жол-жоболорго ээ болууга тийиш. 

3.4. Банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген рыноктук тобокелдикти тескөө саясаты банк дуушар болгон тобокелдиктин деңгээлин жана татаалдыгын эске алууга жана рыноктук тобокелдиктин банктын ишине байланыштуу түрлөрүн камтууга, ошондой эле жаңы банктык продукттарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү ишке киргизүүдөн тобокелдик деңгээлин эске алууга тийиш.   

Банктар тобокелдиктерине баа берүүдө жана тескөөдө өз ишин жүзөгө ашырган жалпы жана макроэкономикалык шарттарды жана банкты олуттуу жоготууларга алып келген алардын жөндөмдүүлүгүн эске алууга тийиш.   

Эскертүү: Улуттук банктын Бюллетени же башка булактар макроэкономикалык маалымат булактарынан болушу мүмкүн.   

Эгерде банк тобокелдикти хеджирлөө чечимин кабыл алса, анда рыноктук тобокелдикти тескөө боюнча саясатта тобокелдиктерди хеджирлөөнүн ыкмалары жана критерийлери, анын ичинде хеджирлөөнүн натыйжалуулугу (оптималдуулугун) жана наркы боюнча критерийлер аныкталууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-1 токтомунун редакциясына ылайык) 

3.5. Банктын Директорлор кеңеши рыноктук тобокелдикти тескөө боюнча саясатты анын актуалдуулугун жана банктын иш чөйрөсүнө жана рыноктук тобокелдигинин деңгээлине ылайык келүү жагын камсыз кылуу үчүн жыл сайын кайрадан карап чыгуусу керек. Банктын Директорлор кеңеши Башкарманын рыноктук тобокелдикти тескөө процессинин натыйжалуулугун камсыз кылуу боюнча ишин контролдоого тийиш. 

3.6. Банк рыноктук тобокелдикке байланыштуу потенциалдуу чыгым тартуулардын көлөмүнө жана табиятына баа берүү жана талдоолорду жүргүзүү боюнча отчеттун ишенимдүү системасын уюштурууга тийиш. Отчеттуулук системасы банктын бардык операциялары боюнча потенциалдуу чыгым тартууларына талдоолорду камтууга тийиш. Рыноктук тобокелдикти учурдагы талдоого алуу боюнча отчет банктын Директорлор кеңешинин кароосуна дайыма сунушталууга тийиш. Отчетту берүүнүн мезгил аралыгы банктын Директорлор кеңеши тарабынан аныкталат. 

3.7. Банктын Директорлор кеңеши жана Башкармасы адекваттуу болгон ички контролдукту камсыз кылуусу зарыл, ал минимум катары төмөндөгүлөргө контролдукту жүзөгө ашырууну карайт: 

- банктын рыноктук тобокелдикти тескөө боюнча саясаты жана рыноктук тобокелдикке баа берүү процесстерин регламенттөөчү ички документтер тарабынан белгиленген талаптардын жана жол-жоболордун сакталышына; 

- белгиленген лимиттердин сакталышына; 

- жүзөгө ашырылуучу операциялар жана көрсөтүлүүчү кызматтар боюнча ыйгарым укуктарды чектөө принциптеринин, отчетту бекитүүнүн тартибинин сакталышына. 

3.8. Банк Башкармасы банк дуушар болгон рыноктук тобокелдиктин бетин ачуу, өлчөө, мониторингди жана контролдукту жүзөгө ашыруу процесстеринин өнүгүшү жана өз убагында колдонууга киргизилиши үчүн жооптуу. 

3.9. Банк Башкармасы персоналдарды банктын рыноктук ишинин татаалдыгынын иш жүзүндөгү деңгээлине мониторинг жүргүзүү үчүн зарыл болгон окутууну жана квалификациялык жактан жогорулатууну камсыз кылууга тийиш. 

3.10. Рыноктук тобокелдикти тескөөнүн адекваттуу системасын түзө албагандык банк тажрыйбасынын алгылыктуу жана коопсуз эмес экендигин билдирет жана Улуттук банктын банктан иштин аталган түрлөрүн токтотууга талап коерун алып келет. 

3.11. Банктын ички аудити банктын рыноктук тобокелдигин тескөө бүтүндүгүн, тактыгын жана натыйжалуулугун туруктуу негизде текшерип турууга тийиш. Ички аудит жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча аныкталган кемчиликтер боюнча корректировкалоочу иш-чаралардын андан аркы аткарылышы боюнча маалыматты мезгил-мезгили менен кеминде чейрек ичинде бир жолу банктын Директорлор кеңешине жана кеминде айына бир жолу Аудит боюнча комитетке билдирилет.  

Банктын ички аудит тарабынан өткөрүлгөн рыноктук тобокелдикке баа берүү кеминде төмөнкү факторлорду камтууга тийиш:  

- рыноктук тобокелдикти тескөө процессинин көлөмүнүн шайкештигин (рыноктук тобокелдикке алып келген позициялардын түрүн, мазмунун жана татаалдыгы деңгээлин эске алуу менен, ошондой эле алар рыноктук тобокелдикти тескөө процессинде талаптагыдай кароого алынганын текшерүүгө тийиш);  

- банк тарабынан колдонулуучу рыноктук тобокелдикке тескөө системасынын шайкештигин;  

- бардык маалыматтардын аныктыгын, толук, бүтүн болушун жана макулдашылгандыгын жана мындай маалыматтардын булактарын, ошондой эле рыноктук тобокелдикке баа берүүдө колдонулган баа берүү ыкмаларын. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 20-июнундагы №2018-П-12/24-1 токтомунун редакциясына ылайык) 

4. Пайыздык чен тобокелдигин тескөөгө карата талаптар 

(глава КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-октябрындагы № 2019-П-12/54-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

4.1. Пайыздык чен тобокелдигин тескөөдө банк соода жүргүзүү сыяктуу эле, банктык портфель менен операцияларды жүргүзүүдөн улам келип чыккан тобокелдиктерди эске алууга тийиш.  

Пайыздык чен тобокелдигин тескөөгө алууда кайра баалоодо келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдик, базистик тобокелдик, опцион тобокелдиги жана кыйыр кирешелүүлүк тобокелдиги да камтылууга тийиш. 

Банк рыноктук тобокелдикти тескөө саясатынын курамдык элементинен болгон пайыздык чен тобокелдигин тескөө саясатын иштеп чыгышы зарыл. Рыноктук тобокелдикти тескөө саясатында кеминде төмөнкүлөр камтылууга тийиш:  

- пайыздык чен тобокелдигине баа берүү процессин сүрөттөп жазуу, анда банктык жана соода операцияларын жүргүзүүдө пайыздык чен тобокелдиги боюнча лимиттерди аныктоо да каралат. Мындай лимиттер банктын активдерин жана милдеттенмелерин тескөөдө эсепке алынып, ошондой эле банктын тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө жана капиталына дал келүүгө тийиш;  

- банк Башкармасынын жана/же банктын Директорлор кеңеши тарабынан дайындалган тиешелүү органдын тиешелүү лимиттерди жактырууну кошо алганда, пайыздык чендерди тескөө боюнча чечимдерди кабыл алууга тиешелүү ыйгарым укуктарын жана жоопкерчиликтерин так аныктоо; 

- банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн/кызматкерлеринин пайыздык чендерди тескөө боюнча саясаттарды жана жол-жоболорду жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктарын жана жоопкерчилигин чектөө. Тобокелдикке мониторинг жүргүзүү жана контролдоо үчүн жооптуу адамдар өзүндө пайыздык чен тобокелдигин камтыган операцияларды аткарган адамдардан көз каранды болбоого тийиш;  

- банктын бардык иш багыттары боюнча пайыздык чен тобокелдиги жөнүндө маалыматтарды топтогон башкаруучу маалымат системасына карата талаптар. Аталган башкармалык банк Башкармасына жана Директорлор кеңешине пайыздык чен тобокелдигинин деңгээли жөнүндө маалыматын өз убагында берилишин камсыз кылууга тийиш;  

- банктын отчет тапшыруусуна карата талаптар, анда Директорлор кеңеши башкаруу чечимдерин өз убагында кабыл алуусу жана контролдоосу үчүн жетиштүү болгон маалымат камтылууга тийиш;  

- жаңы продукттарга байланыштуу процесстерди жана принциптерди аныктоо.  

4.2. Пайыздык чен тобокелдигин өлчөө ыкмасы банк ишинде тобокелдиктин келип чыгуу жагдайына жана татаалдыгына жараша айрымаланышы мүмкүн. Банктар ар кандай ыкманы колдонушу ыктымал, бирок эң оболу, алар гэп-иликтөөнү жана стресс-тестирлөөнү жүргүзүп, ошондой эле банк портфелинин пайыздык чен тобокелдигине дуушарлануу деңгээлин аныктоого тийиш (1-тиркеме). 

4.2.1. Гэп-иликтөөдө пайыздык чендин өзгөрүшү аларга таасирин тийгизиши ыктымал болгон активдер менен милдеттенмелер ортосундагы ажырымды аныктоо болжолдонот. 

4.2.2. Стресс-тестирлөөнүн негизги милдетинен болуп банктын балансынын банк тобокелдигинин таасирине ийкемдүүлүгүнө баа берүү, ошондой эле банктын капиталынын андан аркы жагдайларга жараша ар кандай сценарийлердин орун алышынан ири чыгымдарды компенсациялоо жөндөмдүүлүгүнө баа берүү саналат.   

4.2.3. Банк портфелинин пайыздык чен тобокелдигине дуушарланышы ыктымалдыгы пайыздык ченди болжолдонгон өзгөртүүнү колдонуу аркылуу гэп-иликтөөнүн негизинде аныкталат (стандарттык пайыздык чен таасири). 

4.2.4. Банк буларга кошумча төмөнкүлөрдү да аткарууга тийиш:  

- таза пайыздык маржаны эсептеп, ага мониторинг жүргүзүү

- кредиттердин/депозиттердин мөөнөтүнөн мурда төлөнүшү жана алынышына байланыштуу келип чыккан тобокелдиктерге баа берүү

өзгөрүлмөлүү пайыздык чен боюнча каражаттарды тартууга/жайгаштырууга байланыштуу тобокелдиктерге баа берүү

4.3. Банктын Директорлор кеңеши жана Башкармасы мезгил-мезгили менен, бирок жарым жылда кеминде бир жолу стресс-тестирлөөнүн натыйжаларын, анын ичинде алардын өзөгүн түзгөн негизги болжолдоолорго талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүп турууга тийиш. Мындай иш натыйжалары рыноктук тобокелдикти тескөө саясатын иштеп чыгууда жана аны кайра кароодо эске алынышы зарыл. Стресс-тесттерден улам болжолдонгон потенциалдуу жоготуулар жана алардын келип чыгуу ыктымалдыгын эске алуу менен Директорлор кеңеши жана банк Башкармасы тобокелдиктерди тескөө ишин күчөтүү жагында кошумча чараларды кабыл алышы мүмкүн. 

Айкын гэп же гэптин киреше алып келген активдерге (же капиталга) катышынын абсолюттук өлчөмүнө лимиттерди белгилөө пайыздык чен тобокелдигине дуушарланууга бөгөт коюу же аны чектөө боюнча жалпы кабыл алынган чара болуп саналат.  

Банк таза пайыздык кирешенин пайыздык чендердин өзгөрүп турушуна көз карандылыгын чектөөгө багытталган лимиттерди да караштыра алат. Банк Башкармасы Директорлор кеңешине макулдашуу менен банктын ички иш максаттарында банк кабыл алууга даяр болгон тобокелдик лимиттерин белгилеши мүмкүн (мисалы, капитал өлчөмүнөн 15% же таза пайыздык киреше өлчөмүнөн 10%-30% чегинде). 

Банк ошондой эле, ушул Жобонун 1-тиркемесинин 3-бөлүгүнө ылайык, банк портфелинин экономикалык наркынын пайыздык чен тобокелдигине дуушарлануу коэффициенти боюнча ички лимиттерди да белгилөөгө тийиш. 

5. Валюталык тобокелдикти тескөөгө карата талаптар 

5.1. Валюталык тобокелдикти тескөө боюнча саясат, бул рыноктук тобокелдикти тескөө боюнча саясаттын курамдык бөлүгү болушу мүмкүн жана минимум катары төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш: 

- валюталык тобокелдикке баа берүү процессинин сүрөттөлүп жазылышы, бул Улуттук банк тарабынан белгиленген валюталык тобокелдик боюнча лимиттерди кошо алганда, банктык жана соода операцияларын жүргүзүүдө валюталык тобокелдик боюнча лимиттерди аныктоону карайт ((6) Эскертүүнү караңыз). 

- аны банк жүзөгө ашыруу ниетинде турган четөлкө валютасындагы операциялардын түрлөрү, ошондой эле банктын Директорлор кеңеши тарабынан тыюу салынган четөлкө валютасындагы операциялар; 

- банк Башкармасынын дилерлер үчүн жекече лимиттерди, ачык валюта позициясы боюнча лимиттерди, жеке контрактылар суммасына лимиттерди жана жеке контрагенттер боюнча лимиттерди жактырууну кошо алганда, валюталык тобокелдикти тескөө боюнча чечимдерди кабыл алууга ыйгарым укуктарын жана жоопкерчиликтерин аныктоо; 

- валюталык операцияларды дароо эсепке алууга жана реалдуу убакыт ыргагында туруктуу негизде банктын суммардык валюталык позициясы сыяктуу эле, ар бир валюта боюнча позициясын дагы аныктоого мүмкүндүк берүүчү Информациялык системалар башкармалыгына (УИС) талаптар; 

- кардарлар менен ишти (фронт-офис), операцияларды эсепке алууну (бэк-офис) жүзөгө ашыруучу структуралык бөлүмдөрдүн ортосунда жоопкерчиликтерди так бөлүштүрүү

- банктын отчеттуулугуна карата талаптар, ал Директорлор кеңеши тарабынан башкаруу чечимдерин өз убагында кабыл алуу жана контролдукту жүзөгө ашыруу үчүн жетиштүү болгон маалыматты камтууга тийиш. 

5.2. Валюталык тобокелдикти тескөө ыкмасы банктын ишинде келип чыга турган тобокелдиктин табиятына жана татаалдыгына жараша айырмаланышы мүмкүн. Тобокелдикти баалоо минимум, төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш: 

5.2.1. Банктын валюталык тобокелдигин өлчөө, анын ичинде ачык валюта позициясын эсептөө ((6) Эскертүүнү караңыз). 

5.2.2. Банктын өтүмдүүлүгүн тескөөдө валюталык тобокелдикти эсепке алуу. Ошону менен катар, үчүнчү валютаны сатып алуу үчүн банк тарабынан улуттук же башка валютаны пайдаланууда валюталык өтүмдүүлүк стресс-тестирлөөнүн жардамы менен жана банктын улуттук валютасынын өтүмдүүлүгү менен өзара байланышта өлчөнүүгө жана тестирленүүгө тийиш. 

5.2.3. Валюта курстарынын олку-солкулугунун банкка тийгизүүчү таасирине баа берүү. Банктар чукул кырдаалдар учурунда потенциалдуу валюталык чыгым тартууларды аныктоо үчүн стресс-тестирлөөнү пайдаланууга тийиш. Мында банктын капиталына валюталардын курстарынын тарыхый мааниде болуп өткөн чукул өзгөрүүлөрүнүн таасирин карап чыгууга, ошондой эле банктын тобокелдиктин ар кандай деңгээлдери орун алган шарттарына туруштук бере алуу дараметин аныктоого мүмкүндүк бере турган реалдуу жана чукул (экстремалдык) сценарийлерди моделдөөгө сунуш-көрсөтмөлөр берилет. 

6. Акцияларга жана товарларга баанын өзгөрүү тобокелдигин тескөө боюнча талаптар 

6.1. Акцияларга жана товарларга баанын өзгөрүү тобокелдиги банкка тиешелүү болгон акцияларга же кымбат баалуу металлдарга баанын терс өзгөрүүлөрүндө келип чыгат. 

6.2. Акцияларды сатуу жана акционердик капиталга финансылык катышуу банкты баа тобокелдигине дуушар кылат, анткени акциялардын курсунун өзгөрүүсү банктын кирешесине жана капиталына терс таасир этиши мүмкүн. 

6.3. Банк Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга ылайык берилген кошумча лицензиянын негизинде гана кымбат баалуу металлдар менен операцияларды жүзөгө ашырат. 

6.4. Кымбат баалуу металлдарга баанын өзгөрүү тобокелдигин тескөө валюта рыногу менен кымбат баалуу металлдар рыногунун окшошуп кете тургандыгын эске алуу менен валюта тобокелдигин тескөөгө окшош болушу мүмкүн. 

6.5. Иштин аталган түрлөрүн жүзөгө ашыруучу банктар тобокелдиктерди контролдоонун тиешелүү системасын түзүүгө тийиш жана алар минимум дегенде ушул Жободо белгиленген рыноктук тобокелдиктерди тескөө боюнча талаптарга дал келүүсү зарыл. 

6.6. Банктын Директорлор кеңеши жана Башкармасы соода ишиндеги тобокелдиктин бетин ачуу, ага баа берүү, мониторинг жүргүзүү жана контролдук үчүн жоопкерчиликтүү болот. Банк Башкармасы баа тобокелдигин кошо алганда, үлүштүк баалуу кагаздарга бардык инвестицияларга кылдат мониторинг жүргүзүүгө, банктын рыноктук тобокелдикке дуушар болуусуна дайыма баа берип турууга жана Директорлор кеңешине өз убагында отчет берүүгө тийиш. 

7. Рыноктук тобокелдикти тескөө боюнча маалыматтарды ачып көрсөтүү 

7.1. Банк рыноктук тобокелдикти төмөндөтүүчү чараларды камсыз кылуу боюнча маалыматтарды банктын жылдык отчетунун курамында жетиштүү деңгээлде ачып көрсөтүүгө тийиш. Берилген маалыматтын көлөмү банктын рыноктук тобокелдикке дуушар болуу даражасына жана деңгээлине ылайык келүүгө тийиш. 

Эскертүү

 Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобого ылайык. 

 (2) Мисалы, белгиленген пайыздык чен менен узак мөөнөттүү кредит берген жана кыска мөөнөттүү депозитке ээ болгон банк келечекте ала турган кирешелеринин рыноктук пайыздык чендердин көбөйүүсүнүн натыйжасында келип чыккан азаюусуна дуушар болуусу мүмкүн Кредиттен келип түшкөн акча каражаттары бүтүндөй мөөнөт ичинде аныкталган болуп саналат, ошол эле учурда кыска мөөнөттүү тартуулар боюнча төлөнүп берилүүчү пайыздар көбөйөт дагы, бул банктын кирешесине терс таасирин тийгизет 

 (3) Мисалы, банк рынокто карыздык милдеттенмени сатып алат, бул LIBOR индексине ылайык кайра бааланат жана бул сатып алууну депозит менен каржылайт, ал боюнча пайыздык чен МКБ боюнча пайыздык чендин өзгөрүүсүнө ылайык кайра бааланат Мындай учурда базалык тобокелдик келип чыгат, анткени аталган финансы инструменттерин (каражаттарын) кайра баалоо ар кандай факторлорго жараш болот (LIBOR индекси жана МКВ боюнча пайыздык чен). 

 (4) Кредитти кредиттик келишим тарабынан каралган мөөнөттөн эрте төлөө же депозиттерди мөөнөтүнөн мурда алуу буга мисал боло алат. 

 (5) Карызгерге четөлкө валютасында кредит берүү буга мисал боло алат. Улуттук валюта девальвация болгон учурда четөлкө валютасындагы кредитти тейлөөнүн наркы олуттуу түрдө көбөйүшү жана бул карызгердин кредитти кайтарып берүү жөндөмдүүлүгүнө терс таасир этиши мүмкүн. Бул, өз кезегинде, банкты ал тарабынан валюталык милдеттенмелерин аткаруусунда валюталык тобокелдиктерге дуушар кылат. 

6. Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктар тарабынан ачык валюта позициясы жана баалуу металлдардагы ачык позиция лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө" нускоого ылайык. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-7-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

  

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкынан  

лицензия алышкан коммерциялык 

банктарда жана башка финансы- 

кредит уюмдарында рыноктук 

тобокелдикти тескөө боюнча  

минималдуу талаптар жөнүндө» 

жобого карата 

1-тиркеме 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-7-(НПА), 2019-жылдын 30-октябрындагы № 2019-П-12/54-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

1. Гэп-иликтөө 

4.1. Пайыздык чен тобокелдигин тескөөдө банк соода жүргүзүү сыяктуу эле, банктык портфель менен операцияларды жүргүзүүдөн улам келип чыккан тобокелдиктерди эске алууга тийиш.  

Пайыздык чен тобокелдигин тескөөгө алууда кайра баалоодо келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдик, базистик тобокелдик, опцион тобокелдиги жана кыйыр кирешелүүлүк тобокелдиги да камтылууга тийиш. 

Банк рыноктук тобокелдикти тескөө саясатынын курамдык элементинен болгон пайыздык чен тобокелдигин тескөө саясатын иштеп чыгышы зарыл. Рыноктук тобокелдикти тескөө саясатында кеминде төмөнкүлөр камтылууга тийиш:  

- пайыздык чен тобокелдигине баа берүү процессин сүрөттөп жазуу, анда банктык жана соода операцияларын жүргүзүүдө пайыздык чен тобокелдиги боюнча лимиттерди аныктоо да каралат. Мындай лимиттер банктын активдерин жана милдеттенмелерин тескөөдө эсепке алынып, ошондой эле банктын тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө жана капиталына дал келүүгө тийиш;  

- банк Башкармасынын жана/же банктын Директорлор кеңеши тарабынан дайындалган тиешелүү органдын тиешелүү лимиттерди жактырууну кошо алганда, пайыздык чендерди тескөө боюнча чечимдерди кабыл алууга тиешелүү ыйгарым укуктарын жана жоопкерчиликтерин так аныктоо; 

- банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн/кызматкерлеринин пайыздык чендерди тескөө боюнча саясаттарды жана жол-жоболорду жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктарын жана жоопкерчилигин чектөө. Тобокелдикке мониторинг жүргүзүү жана контролдоо үчүн жооптуу адамдар өзүндө пайыздык чен тобокелдигин камтыган операцияларды аткарган адамдардан көз каранды болбоого тийиш;  

- банктын бардык иш багыттары боюнча пайыздык чен тобокелдиги жөнүндө маалыматтарды топтогон башкаруучу маалымат системасына карата талаптар. Аталган башкармалык банк Башкармасына жана Директорлор кеңешине пайыздык чен тобокелдигинин деңгээли жөнүндө маалыматын өз убагында берилишин камсыз кылууга тийиш;  

- банктын отчет тапшыруусуна карата талаптар, анда Директорлор кеңеши башкаруу чечимдерин өз убагында кабыл алуусу жана контролдоосу үчүн жетиштүү болгон маалымат камтылууга тийиш;  

- жаңы продукттарга байланыштуу процесстерди жана принциптерди аныктоо.  

4.2. Пайыздык чен тобокелдигин өлчөө ыкмасы банк ишинде тобокелдиктин келип чыгуу жагдайына жана татаалдыгына жараша айрымаланышы мүмкүн. Банктар ар кандай ыкманы колдонушу ыктымал, бирок эң оболу, алар гэп-иликтөөнү жана стресс-тестирлөөнү жүргүзүп, ошондой эле банк портфелинин пайыздык чен тобокелдигине дуушарлануу деңгээлин аныктоого тийиш (1-тиркеме). 

4.2.1. Гэп-иликтөөдө пайыздык чендин өзгөрүшү аларга таасирин тийгизиши ыктымал болгон активдер менен милдеттенмелер ортосундагы ажырымды аныктоо болжолдонот. 

4.2.2. Стресс-тестирлөөнүн негизги милдетинен болуп банктын балансынын банк тобокелдигинин таасирине ийкемдүүлүгүнө баа берүү, ошондой эле банктын капиталынын андан аркы жагдайларга жараша ар кандай сценарийлердин орун алышынан ири чыгымдарды компенсациялоо жөндөмдүүлүгүнө баа берүү саналат.   

4.2.3. Банк портфелинин пайыздык чен тобокелдигине дуушарланышы ыктымалдыгы пайыздык ченди болжолдонгон өзгөртүүнү колдонуу аркылуу гэп-иликтөөнүн негизинде аныкталат (стандарттык пайыздык чен таасири). 

4.2.4. Банк буларга кошумча төмөнкүлөрдү да аткарууга тийиш:  

- таза пайыздык маржаны эсептеп, ага мониторинг жүргүзүү

- кредиттердин/депозиттердин мөөнөтүнөн мурда төлөнүшү жана алынышына байланыштуу келип чыккан тобокелдиктерге баа берүү

өзгөрүлмөлүү пайыздык чен боюнча каражаттарды тартууга/жайгаштырууга байланыштуу тобокелдиктерге баа берүү

4.3. Банктын Директорлор кеңеши жана Башкармасы мезгил-мезгили менен, бирок жарым жылда кеминде бир жолу стресс-тестирлөөнүн натыйжаларын, анын ичинде алардын өзөгүн түзгөн негизги болжолдоолорго талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүп турууга тийиш. Мындай иш натыйжалары рыноктук тобокелдикти тескөө саясатын иштеп чыгууда жана аны кайра кароодо эске алынышы зарыл. Стресс-тесттерден улам болжолдонгон потенциалдуу жоготуулар жана алардын келип чыгуу ыктымалдыгын эске алуу менен Директорлор кеңеши жана банк Башкармасы тобокелдиктерди тескөө ишин күчөтүү жагында кошумча чараларды кабыл алышы мүмкүн. 

Айкын гэп же гэптин киреше алып келген активдерге (же капиталга) катышынын абсолюттук өлчөмүнө лимиттерди белгилөө пайыздык чен тобокелдигине дуушарланууга бөгөт коюу же аны чектөө боюнча жалпы кабыл алынган чара болуп саналат.  

Банк таза пайыздык кирешенин пайыздык чендердин өзгөрүп турушуна көз карандылыгын чектөөгө багытталган лимиттерди да караштыра алат. Банк Башкармасы Директорлор кеңешине макулдашуу менен банктын ички иш максаттарында банк кабыл алууга даяр болгон тобокелдик лимиттерин белгилеши мүмкүн (мисалы, капитал өлчөмүнөн 15% же таза пайыздык киреше өлчөмүнөн 10%-30% чегинде). 

Банк ошондой эле, ушул Жобонун 1-тиркемесинин 3-бөлүгүнө ылайык, банк портфелинин экономикалык наркынын пайыздык чен тобокелдигине дуушарлануу коэффициенти боюнча ички лимиттерди да белгилөөгө тийиш. 

2. Стресс-тестирлөө 

Стресс-тестирлөө тышкы чөйрөдө сыяктуу эле (мисалы, экономикадагы солгундоолр, пайыздык чендердин, валюта курстарынын өзгөрүүлөрү, мыйзамдарга өзгөртүүлөр ж.б.), банктын кардарлары менен контрагенттеринин ишаракетинде дагы (мисалы, банктын ири кардарларынын банкрот болушу, депозиттердин агылып чыгышы, алмашуу курсунун өзгөрүүсүнүн кардардын кредитке жөндөмдүүлүгүнө, пайыздык чендерге карата таасири ж.б.) терс өзгөрүүлөрдүн келип чыгышы учурунда банктын потенциалдуу жоготууларына баа берүүнүн аналитикалык каражаты (инструменти) болуп саналат. 

Стресс-тестирлөө - окуялардын өнүгүү сценарийлерин моделдөө аркылуу жүргүзүлөт, алар экономикалык, саясый жана/же башка окуялардын орун алышына негизделген (мисалы, банктын аброюнун начарлашына байланыштуу окуялар, жетекчиликтин алмашуусу ж.б.) жана банктын капиталынын өлчөмүнө таасир этүү менен банкты чыгымдарга дуушар кылат. 

Стресс-тестирлөөнүн башкы этабында маалыматтардын тактыгын жана актуалдуулугун текшерүү зарыл, анткени анын негизинде сценарий моделденет. Мында пайдаланылып жаткан отчеттуулук ырааттуулук (отчеттук маалыматтардын үзгүлтүксүз катары) жана салыштырмалуулук (көрсөткүчтөрдү эсептөө ыкмасынын өзгөрүлбөстүгү) критерийлерине ылайык келе тургандыгын, ошондой эле башка пайдаланылуучу маалымат булактарынын аныктыгына, объективдүүлүгүнө жана максатка ылайыктуулугуна ынануу зарыл (мисалы, ЖМКнан маалымат). 

Терс мүнөздүү жагдайлардын өнүгүү сценарийи жетиштүү деңгээлде реалдуу, жөндүү жана негиздүү болууга тийиш. Сценарийдин реалдуулугу ал мындай жагдайлардын келип чыгуу ыктымалдыгынын жогорку үлүшүнө ээ болууга тийиш. 

Сценарийди моделдөө ички сыяктуу эле, тышкы факторлордун өзгөрүүсүн камтыйт жана эки версияда жүргүзүлөт: 

- тарыхый сценарий - стресс-тест сценарийи буга чейин орун алган жагдайлардын кесепетине жүргүзүлүүчү байкоолорго негизделет; 

- гипотетикалык сценарий - стресс-тест сценарийи орун алышы ыктымалдуу жагдайларга негизделет. 

Тарыхый сценарийди моделдөөдө анализ өткөн мезгилде орун алган жана банктын финансылык абалындагы терс мүнөздөгү жагдайлардын орун алышын шарттаган жагдайларды эсепке алуу менен жүргүзүлөт. 

Тарыхый сценарий ыкмасы боюнча стресс-тестирлөөдө өзгөчө көңүлдү буга чейин орун алган кризистердин шарттарын жана жагдайларын так аныктоого өзгөчө көңүл буруу зарыл, алар банктын теңдемин тестирлөөдө пайдаланылат. 

Гипотетикалык сценарийди моделдөө орун ала элек, бирок келип чыгуунун жогорку ыктымалдуулугуна ээ болгон кырдаалдарды анализдөөнү болжолдойт. Гипотеза белгилүү жагдайдын банктын капиталына тийгизүүчү таасири сыяктуу эле (мисалга, учурдагы алмашуу курсунун жогорулоосунда жана төмөндөөсүндө), капиталдын маанисинин төмөндөп кетүүсүнө алып келүүчү көрсөткүчтөрдүн максималдуу өзгөрүүлөрүнө баа берүүнү (банктын капиталы минималдуу жол берилген деңгээлге чейин төмөндөшү үчүн алмашуу курсу кандай өзгөрүшү керек) камтыйт. 

Стресс-тестирлөөнү жүргүзүүдө бир нече сыноо иретиндеги эсептерди жүргүзүү зарыл. Стресс-тест сценарийи качан, ар кандай тобокелдиктердин таасиринин комбинациясынын жардамы менен жүргүзүлгөн анализ банк үчүн төлөөгө жөндөмсүз болгон дараметинин алгачкы белгилерин көрсөткөндө гана акыркы болуп эсептелет. 

6. "Кыргыз Республикасынын аймагында коммерциялык банктар тарабынан ачык валюта позициясынын лимиттерин сактоонун тартиби жөнүндө" Нускоого ылайык (Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 29-декабрындагы 36/13-токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2005-жылдын 1-февралында 16-05 номеринде каттоодон өткөн). 

 

3. Банктык портфелдин экономикалык наркынын пайыздык чен тобокелдигине дуушарлануу деңгээлин аныктоо 

1. Гэп-иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча ар бир убакыт чеги (диапазону) боюнча таза позиция улуттук валютада, ошондой эле ар бир маанилүү валюта боюнча өз-өзүнчө жана чогуусу менен улуттук валюта эквивалентинде туюндурулган калган бардык башка валюталарда төмөнкү таблицада көрсөтүлгөн салмактуу коэффициенттерге көбөйтүлөт: 

 

Убакыт чеги (диапазон) (жогорку лимитти кошо алганда) 

Убакыт чегинин орточо мааниси 

Өзгөртүлгөн узакка созулган прокси (жыл) 

Пайыздык чендин болжолдонгон өзгөрүүсү (пайыздык чендин стандартташтырылган таасири) 

Салмак коэффициенти (%) 

Кийинки күн же ага чейинки күндөр 

1 күн 

0,0028 

200 бп 

0,0056 

2 күндөн 7 күнгө чейин 

4,5 күн 

0,0125 

200 бп 

0,0250 

8 күндөн бир айга чейин 

19 күн 

0,0528 

200 бп 

0,1056 

1 айдан 3 айга чейин 

2 ай 

0,1667 

200 бп 

0,3334 

3 айдан 6 айга чейин 

4,5 ай 

0,375 

200 бп 

0,75 

6 айдан 9 айга чейин 

7,5 ай 

0,625 

200 бп 

1,25 

9 айдан 12 айга чейин 

10,5 ай 

0,875 

200 бп 

1,75 

1 жылдан 2 жылга чейин 

1,5 жыл 

1,38 

200 бп 

2,77 

2 жылдан үч жылга чейин 

2,5 жыл 

2,25 

200 бп 

5,5 

3 жылдан 4 жылга чейин 

3,5 жыл 

3,07 

200 бп 

6,14 

4 жылдан 5 жылга чейин 

4,5 жыл 

3,85  

200 бп 

7,71 

5 жылдан 7 жылга чейин 

6 жыл 

5,08  

200 бп 

10,15 

7 жылдан 10 жылга чейин 

8,5 жыл 

6,63  

200 бп 

13,26 

10 жылдан жогору 

12,5 жыл 

8,92 

200 бп 

17,84 

 

2. Салмактанган позициялар андан ары ар бир маанилүү валютанын кирешелүүлүгүнүн тобокелдиксиз чени боюнча дисконттолот. АКШ доллары боюнча тобокелдиксиз пайыздык чен чогуу алынган башка бардык калган валюталар үчүн да колдонулууга тийиш. Ар бир убакыт аралыгында таза позицияларды дисконттоо мезгили катары жогоруда чагылдырылган таблицада көрсөтүлгөн убакыт аралыгынын орточо мааниси алынат. 

3. Ар бир убакыт интервалынын салмактанган жана дисконттолгон бардык таза позициялардын суммасы чыгарылып, банк портфелинин сом эквивалентиндеги чогуу алынган таза позициясы, анын ичинде ар бир маанилүү валюта боюнча өз-өзүнчө, улуттук валюта эквивалентинде туюндурулган калган бардык валюталар боюнча чогуу эсептелинип чыгат.  

Банк портфелинин жогоруда көрсөтүлгөн ыкма боюнча эсептелинген салмактанып алынган чогуу алгандагы таза позициясы абсолюттук мааниде туюндурулат жана пайыздык чендин стандартташтырылган таасирин колдонуунун натыйжасында банк портфелинин экономикалык наркы тобокелдикке дуушарлануусун чагылдырат.  

Банк портфелинин чогуу алгандагы салмактанып алынган (таразаланган) таза позициясынын көрсөткүчүнүн негизинде банктар банк портфелинин экономикалык наркы пайыздык чен тобокелдигине дуушарлануу коэффициентин (мындан ары тобокелдикке дуушарлануу коэффициенти) төмөнкү формула боюнча аныктай алышат: 

Тобокелдикке дуушарлануу коэффициенти = 

Банк портфелинин салмактанып алынган чогуу алгандагы таза позициясы 

 

*100%»; 

1-деңгээлдеги капитал 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкынан 

лицензия алышкан коммерциялык 

банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында рыноктук 

тобокелдикти тескөө боюнча 

минималдуу талаптар жөнүндө” 

жобого карата 2-тиркеме 

 

Банк портфелинин экономикалык наркынын пайыздык чендин өзгөрүүсүнө дуушарлануу коэффициентин эсептөө мисалы 

 

Убакыт чеги  

Кийинки күн же ага чейинки күн 

2 күндөн 7 күнгө чейин 

8 күндөн 1 айга чейин 

1 айдан 3 айга чейин 

3 айдан 6 айга чейин 

6 айдан 9 айга чейин 

9 айдан 12 айга чейин 

1 жылдан 2 жылга чейин 

2 жылдан 3 жылга чейин 

3 жылдан 4 жылга чейин 

4 жылдан 5 жылга чейин 

5 жылдан 7 жылга чейин 

7 жылдан 10 жылга чейин 

10 жылдан жогору  

Бардыгы болуп 

Таза позиция*  

Бардыгы болуп, анын ичинде 

125,00  

-150,00  

250,00  

170,00  

-230,00  

370,00  

330,00  

-310,00  

-310,00  

370,00  

490,00  

250,00  

135,00  

125,00  

1 615,00  

сом** 

100,00  

-200,00  

200,00  

200,00  

-300,00  

300,00  

300,00  

-400,00  

-400,00  

400,00  

400,00  

200,00  

100,00  

100,00  

1 000,00  

доллар 

30,00  

40,00  

40,00  

-40,00  

50,00  

50,00  

50,00  

60,00  

60,00  

-60,00  

60,00  

40,00  

30,00  

30,00  

440,00  

башка валюта  

-5,00  

10,00  

10,00  

10,00  

20,00  

20,00  

-20,00  

30,00  

30,00  

30,00  

30,00  

10,00  

5,00  

-5,00  

175,00  

Салмак коэффициенти  

0,0056  

0,0250  

0,1056  

0,3334  

0,75  

1,25  

1,75  

2,77  

4,50  

6,14  

7,71  

10,15  

13,26  

17,84  

Салмактанган позиция  

Бардыгы болуп, анын ичинде 

0,70  

-3,75  

26,40  

56,68  

-172,50  

462,50  

577,50  

-858,70  

-1 395,00  

2 271,80  

3 777,90  

2 537,50  

1 790,10  

2 230,00  

11 301,13  

сом 

0,56  

-5,00  

21,12  

66,68  

-225,00  

375,00  

525,00  

-1 108,00  

-1 800,00  

2 456,00  

3 084,00  

2 030,00  

1 326,00  

1 784,00  

8 530,36  

доллар 

0,17  

1,00  

4,22  

-13,34  

37,50  

62,50  

87,50  

166,20  

270,00  

-368,40  

462,60  

406,00  

397,80  

535,20  

2 048,96  

башка валюта  

-0,03  

0,25  

1,06  

3,33  

15,00  

25,00  

-35,00  

83,10  

135,00  

184,20  

231,30  

101,50  

66,30  

-89,20  

721,81  

Келтирилген наркы боюнча салмактанган позиция *** 

сом 

0,56  

-5,00  

21,08  

66,22  

-221,32  

364,82  

503,94  

-1 020,89  

-1 593,31  

2 070,46  

2 476,07  

1 431,07  

746,07  

681,71  

5 521,49  

доллар 

0,17  

1,00  

4,22  

-13,28  

37,18  

61,59  

85,72  

159,66  

256,08  

-342,09  

420,56  

358,82  

333,94  

403,77  

1 767,33  

башка валюта 

-0,03  

0,25  

1,05  

3,32  

14,87  

24,64  

-34,29  

79,83  

128,04  

171,04  

210,28  

89,71  

55,66  

-67,29  

677,08  

Жыйынтыгында 

0,70  

-3,75  

26,36  

56,26  

-169,27  

451,05  

555,37  

-781,40  

-1 209,19  

1 899,41  

3 106,90  

1 879,60  

1 135,67  

1 018,18  

7 965,89  

 

Тобокелдикке 

дуушарлануу = коэффициенти 

 

7 965,89 

 

 

*100% = 2,66% 

300 000 

 

* Позициялардын жана 1-деңгээлдеги капиталдын маанилери шарттуу болуп саналат. 

** Маанилүү валюталардын алкагында банк портфелинин сом, доллар жана калган валюталар чогуу алганда статьялар боюнча өз-өзүнчө көрсөтүлөт. 

*** Салмактанып алынган позициялардын наркын эсептөөдө, алардын убакыт аралыгы боюнча бөлүштүрүлүшүнө жараша акыркы күнгө карата абал боюнча кирешелүүлүктүн төмөнкү чендери колдонулган (2019-жылдын 28-майына карата эсептөө): 

- сом түрүндө: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ноталары (7-күндүк, 14-күндүк, 28-күндүк, 91-күндүк , 182-күндүк ), Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин МКВлары (12 айлык), Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин МКОлору (2 жылдык, 3 жылдык, 5 жылдык, 7 жылдык, 10 жылдык ) (булагы Улуттук банктын расмий сайты); 

- доллар түрүндө: АКШнын төлөө мөөнөтү 3 ай, 6 ай, 12 ай, 2 жыл, 5 жыл, 10 жыл, 30 жыл болгон мамлекеттик баалуу кагаздары (булагы - https://www.bloomberg.com).