Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2006-жылдын 18-январында 

7-06 номерде каттоодон өткөн. 

  

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2005-жылдын 15-декабрындагы 

№ 37/5 токтому менен 

бекитилген 

«Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында операциялык тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» 

ЖОБО 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 16-ноябрындагы N 43/1, 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/22, 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-7-(НПА), 2018-жылдын 17-октябрындагы № 2018-П-12/43-2-(НПА), 2019-жылдын 27-декабрындагы №2019-П-12/68-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык - акыркысы 2020-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет) 

I. Жалпы жоболор 

1.1. Жободо коммерциялык банктар жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы (мындан ары - банктар) тарабынан операциялык тобокелдикти тескөөгө карата минималдуу талаптар белгиленген. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-7-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

1.2. Жобо коммерциялык банктар, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы (мындан ары банктар) үчүн операциялык тобокелдиктерди тескөөнүн "Кыргыз Республикасынын банктарында операциялык тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" Жобо тарабынан белгиленген стандарттарын сактоо максатында, саясаттарга, жол-жоболорго жана ички контролдукка минималдуу талаптарга карата кошумча жетекчилик болуп саналат. 

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан коммерциялык банктар Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 18-июлундагы № 2018-П-12/30-3-(БС) токтому менен бекитилген, «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктарда тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жободо белгиленген операциялык тобокелдиктерди тескөө стандарттарын сактоо максатында, ушул Жобого таянуу менен иш алып барышат.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 16-ноябрындагы N 43/1, 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/22, 2019-жылдын 27-декабрындагы №2019-П-12/68-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1.3. Жободо "Кыргыз Республикасынын банктарында операциялык тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" Жобого ылайык терминдер пайдаланылат. 

II. Операциялык тобокелдиктерди тескөөнү уюштурууга карата негизги талаптар 

2.1. Банк орун алышы мүмкүн болгон тобокелдик чөйрөсүнө, багытына жана системалык маанисине, ошондой эле банктын капиталынын өлчөмүнө шайкеш операциялык тобокелдикти тескөө боюнча саясатты иштеп чыгып, ал банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилүүгө тийиш. 

Операциялык тобокелдикти тескөө саясаты өзүнчө документ түрүндө же тобокелдиктерди тескөө боюнча бирдиктүү саясаттын бөлүгү катары төмөнкүлөрдү өзүндө камтууга тийиш: 

- операциялык тобокелдикти тескөө максатын жана милдеттерин; 

- операциялык тобокелдикти тескөөнүн негизги принциптерин; 

- банктын бардык иш багытын эске алуу менен операциялык тобокелдиктердин негизги түрлөрүн жана аларды шарттаган себептерди; 

- ишти тескөөгө алуунун бардык деңгээли боюнча ыйгарым укуктарды жана жоопкерчиликтерди бөлүштүрүүнү, операциялык тобокелдикке мониторинг жүргүзүүнү

- операциялык тобокелдикти аныктоо, баа берүү, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды кыскартуу ыкмаларын; 

- операциялык тобокелдикти тескөө боюнча отчетторду сунуштоо жана маалымат алмашуу тартибин. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/22 токтомунун редакциясына ылайык) 

2.2. Операциялык тобокелдиктерди тескөө боюнча негизги принциптер банктын бардык ички документтеринде төмөндөгүлөрдүн чагылдырылышын сунуштайт: 

- банктык операцияларды жана башка бүтүмдөрдү жүргүзүүнүн тартиптери, эрежелерине жана жол-жоболору; 

- информациялык жана башка системалардын иштеши; 

- форс-мажор жагдайы (суу ташкыны, жердин силкиниши, бороон-чапкын, өрттүн чыгышы ж.б. табигый же тегногендик кырсыктар, техникалык кырсыктар, эпидемия, өзгөчө абалдын киргизилиши, массалык баш аламандык, талап-тоноочулук согуш аракеттери) келип чыккан шартта, иш жагдайын жөнгө салуучу жол-жобо, резервдик борбор (эгерде болгон болсо) ишин которуу жана системанын персоналынын өз ара иш алып баруу тартиби; 

- ички процесстерди уюштуруу, ыйгарым укуктарды, функционалдык милдеттерди бөлүштүрүү

- банктын бөлүмдөрүнүн жана кызматкерлеринин өзара аракеттенүүлөрүнүн тартиби; 

- отчетторду берүүнүн жана маалыматтарды алмашуунун тартибине; 

- эгерде, бүтүмдөр чечимдерди кабыл алган тарапка тиешелүү болсо, кызыкчылыктар боюнча пикир келишпестиктерди аныктоо жана аны жоюу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-7-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.3. Операциялык тобокелдиктерди чектөө максатында, банк төмөндөгүдөй документтерге ээ болууга тийиш: 

- банк тарабынан жүзөгө ашырылуучу операциялардын бардык типтерин жүргүзүү боюнча; 

- анда филиалдар, сактоо жайлары, сейфтер, документтер жана архивдер жайгашкан имараттарга карата талаптарды, ошондой эле технологияларды физикалык коргоонун чараларын камтуучу физикалык коопсуздук; 

- ачка каражаттарын жана башка баалуулуктарды кабыл алуу, сактоо жана ташып жеткирүү боюнча; 

- аларды колдонууга чейин тесттен өткөрүлүп, документалдуу таризделген жана зарылчылыкка жараша, жаңыртыла турган технологиялар менен камсыз кылуу боюнча; 

- аутсорсинг боюнча. Аутсорсинг дегенден улам, банк кадимки шарттарда өзү жүзөгө ашыра алган иштердин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым түрлөрүн үзгүлтүксүз негизде аткаруу үчүн сырттан кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуларды тартууну түшүнүү зарыл. Банк кредиттөөгө, депозиттерди тартууга байланыштуу операцияларды же алар үчүн лицензия талап кылынган башка банктык операцияларды жүргүзүү үчүн аутсорсингди пайдалана албайт; 

- бизнестин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу боюнча резервдик бөлмөлөрдү, резервдик маалыматтар үчүн тышкы сактоо жайларынын камтыган пландар, күтүүсүз окуялар болгон учурда бузулууга же ачкычктар системасынын жараксыздыгына туруштук берүү үчүн калыбына келтирүү процесстери жана пландар. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/22 токтомунун редакциясына ылайык) 

2.4. Операциялык тобокелдикти тескөө саясаты мезгил-мезгили менен жылына кеминде бир жолу кайрадан каралып турууга тийиш, ал эми банктын операциялык тобокелдиктерди тескөө боюнча ички жол-жоболору жана башка документтери банкта бул багытта жетишилген иш натыйжаны жана эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен зарылчылыкка жараша, бирок эки жылда кеминде бир жолу кайрадан каралып чыгып, толугу менен банктагы тобокелдиктерди тескөөнүн жалпы процессине интеграцияланып, аны менен банктын бардык кызматкерлери өз учурунда тааныштырылууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/22 токтомунун редакциясына ылайык) 

2.5. Директорлор Кеңеши тобокелдиктерди тескөө үчүн негизги жоопкерчиликти алат жана банктын ишине, ошондой эле банк Башкармасынын операциялык тобокелдикти тескөө саясатынын жана жол-жоболорунун натыйжалуу ишке ашырылышына контролдукту жүргүзөт бир кыйла ылайык келген ыкмаларды аныктайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/22 токтомунун редакциясына ылайык) 

2.6. Операциялык тобокелдиктерди тескөөгө баа берүү бүтүндөй банк боюнча сыяктуу эле, анын ишинин багыттары, иштин бул багыттарын түзүүчү ички процесстер, информациялык-технологиялык системалар жана банктык продуктылар боюнча дагы жүргүзүлүүгө тийиш. Минималдуу түрдө, операциялык тобокелдиктерди тескөөгө баа берүү банктын ишинин ар бир багыты боюнча операциялык тобокелдиктердин ар бир түрүнө дуушар болуусуна системалуу түрдөгү анализди камтууга тийиш. 

2.7. Ыкмаларды унифицирлөө жана маалыматтардын ылайктуу болушу үчүн банк иштердин багыттарынын төмөндөгүдөй классификацияланышын пайдалана алат: 

- жеке адамдардын жана юридикалык жактардын эсептерин ачуу, эсептешүү-кассалык тейлөө

- төлөмдөрдү жүргүзүү

- кредиттөө

- баалуу кагаздарды кошо алганда, активдерди тескөө

- агенттик кызматтарды көрсөтүү

- брокердик кызматтарды көрсөтүү

- консультациялык кызматтарды көрсөтүү

- башка банктык кызмат көрсөтүүлөр. 

2.8. Банктын Директорлор Кеңеши банк Башкармасы менен бирге операциялык тобокелдиктерди тескөөнүн жана мониторингдөөнүн бардык деңгээли боюнча, операциялык тобокелдиктерди тескөөнүн негизги принциптерине ылайык укуктарды жана милдеттерди белгилөө менен уюштуруу структурасынын түзүлүшүн камсыз кылууга тийиш. 

2.9. Операциялык тобокелдикти тескөө максатында, бардык банктар Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык ички маалымат системасынын ишин калыбына келтирүү үчүн чаралар топтомун камсыз кылууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-7-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

III. Операциялык тобокелдиктерди тескөөнүн негиздери 

3.1. Операциялык чыгымдар өзүндө операциялык тобокелдиктерди камтыган окуялардан жана процесстерден улам келип чыгышы мүмкүн, алар төмөндөгүдөй түр боюнча классификацияланат: 

3.1.1. Ички көзбоемочулук, башкача айтканда, банктын кызматкерлеринин кыянатчылык менен пайдалануулары же укук чегинен тышкары аракеттери (мисалы, кызмат абалы менен пайдалануу, уурдоо, операцияларды жүргүзүү фактыларын билип туруп жашыруу, информациялык системаларды жана ресурстарды санкцияланбаган пайдалануу, кызматтык милдеттерин аткаруунун жүрүшүндө кызматкерлер тарабынан алынган информацияларды өзүнүн пайдасы үчүн укук чегинен тыш пайдалануу). 

Мындай окуялар келип чыкканда тобокелдиктерди тескөөнүн негизги ыкмасы ички контролдук системасынын ишенимдүү болушу менен туюндурулат, ал милдеттердин бөлүштүрүлүшүн, кош контролдукту уюштурууну жана жактыруунун делегирленген лимиттерин так аныктоону камтыйт. Белгиленген саясаттардын жана жол-жоболордун сакталышын текшерүүнү жүзөгө ашыруучу ички контролдуктун тиешелүү кызматы ички контролдуктун бул системасын колдоосу зарыл. 

3.1.2. Тышкы көзбоемочулук, башкача айтканда банкка карата бөтөн адамдардын укук чегинен тышкаркы аракеттери (мисалы, уурдоо, банктын информациялык башка системаларына санкцияланбаган түрдө кирүү, төлөм жана башка документтерди атайын туура эмес берүү жана/же жасалма документтерди берүү). 

Ички контролдуктун жалпы системасына карата кошумча түрдө, банктар белгиленген саясатка ылайык, жеке коопсуздук жана информациялык технологиялар коопсуздугу жөнүндө конкреттүү чараларды иштеп чыгууга тийиш. Операциялык тобокелдиктерди тескөөнүн негиздери бул саясаттар талап-тоноочулук жана көзбоемочулук тобокелдиктерин кантип төмөндөтө тургандыгын филиалдарды талап-тоноодон же уурдалып жолдо кетип бара жаткан акча каражаттарын жана информациялык технологиялардын коопсуздугунун адекваттуу болбогондугунан улам мүмкүн болуучу чыгымдарды көрсөтүү менен так аныктай тургандыгын көрсөтүүгө тийиш. 

3.1.3. Ишке кабыл алуу тажрыйбасы, банктык эмгек жана башка мыйзамдарды бузуу, эмгек коопсуздугун жана кызматкерлердин саламаттыгын коргоону сактабоо. 

Өзүнө операциялык тобокелдиктерди алып жүрүүчү окуялардын бул түрлөрү мыйзамдарга ылайык, камсыздандыруу мүмкүндүгүн эске алуу менен банктын эмгек ресурстары жөнүндө ички ченемдик актылары тарабынан олуттуу деңгээлде аныкталат. 

3.1.4. Банктын кардарларынын жана үчүнчү тараптардын астындагы келишим боюнча милдеттенмелердин банк тарабынан бузулушу, банктын кардарлары жөнүндө маалыматтарды кыянатчылык менен пайдалануу, операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сапатсыз жүзөгө ашыруу, ишкердиктин адаттагы жүрүшүн сактабоо, монополияга каршы мыйзамды бузуу, кардарларды билүү боюнча талаптарды сактабоо. 

Кызматкерлерди тиешелүү окутуу жана көзөмөлдөөнү камсыз кылуу баюнча чаралар, рыноктогу мамилелер жана керектөөчүлөрдү коргоо жөнүндө жоболор операциялык тобокелдиктердин бул түрлөрүнө баа берүүнүн ыкмасы болуп саналат. 

3.1.5. Банктын материалдык активдерине зыян келтирүү (мисалы, өрттүн, бөөдө кырсыктардын, террористтик актылардын, вандализмдин натыйжасында ж.б.). 

Бөлмөлөрдү жана башка активдерди коргоо үчүн жеке коопсуздукту камсыз кылуу боюнча саясаттар, бизнестин үзгүлтүксүздүгүн пландаштыруу, анын ичинде олуттуу бөлмөлөрдө бузулуу же аларга кирүүдөн баш тартылган учурунда резервдик көчүрмөлөөгө каражаттардын болушу бул тобокелдиктери тескөөнүн негизги ыкмалары болуп саналарын билдирет. Бизнестин токтоп калышын камсыздандыруу финансылык сарптоолорду азайтууда дагы роль ойнойт. 

3.1.6. Банктын информациялык жана башка системаларынын, жабдууларынын, коммуникацияларынын иштешиндеги үзгүлтүккө учуроолор жана иштен чыгып каллулар. 

Бизнестин үзгүлтүксүздүгүн резервдик көчүрмөлөө жана калыбына келтирүү процесстерин камтуучу пландоо жана камсыз кылуу, бир кыйла олуттуу маалыматтардын жана технологиялардын жараксыздыкка чыгышына же бузулушуна туруштук берүүчү резервдик механизмдер бул операциялык тобокелдиктерди төмөндөтүүнүн негизги каражаттары болуп саналат. Буга кошумча, жаңы же өркүндөтүлгөн системаларды олуттуу тестирлөө, анын ичинде иш учурунда бүлгүнгө учуроо жана иштен чыгып калуу учурларында маалыматтарды калыбына келтирүү жөндөмдүүлүк технологияларды тескөө боюнча саясаттардын зарыл компоненти болуп саналат. 

3.1.7. Ички процесстерди жана информациялык агымдарды, анын ичинде купуя маалыматтарга, мисалы, кардарлардын эсебине, информациялык системаларга карата мүмкүндүк берүү тартибине тиешелүү туура эмес уюштуруу, операцияларды жана белгиленген жол-жоболорду туура эмес аткаруу, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн банктын алдындагы милдеттенмелерди бузуусу, операциялар жана бүтүмдөр боюнча маалыматтарды киргизүүдөгү ката кетирүүлөр, бухгалтердик катачылыктар, эсептешүүдөгү каталар, отчетторду же укуктук документтерди же документтерди туура эмес же толук эмес түзүү, жоготуу же жок кылуу, күрөөлөрдү тескөө боюнча кемчиликтер жана бузуулар ж.б. 

Операциялык тобокелдик аталган факторлордун натыйжасында олуттуу түрдө, ички контролдуктун тиешелүү системалары менен контролдонот. Эгерде иштердин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым түрлөрүн жүргүзүүдө банк субподрядчиктердин кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланса, анда аларда аутсорсингди пайдаланууга, квалификациялуу жана ишенимдүү кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдү тандоого, сапаттын, анын ичинде ылайык келүүчүлүк стандартын, коопсуздукту жана өз убагындалуулукту белгилөөгө, тобокелдиктерди мониторингдөөнү жүргүзүүгө, күтүүсүз кырдаалдар келип чыккан учурда кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөр үчүн бүлгүн болгон учурларга пландарды иштеп чыгууга боло турган жагдайларды караштыруучу тиешелүү ички ченемдик документтер болууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/22 токтомунун редакциясына ылайык) 

3.1.7-1. Аутсорсингди колдонууга чейин банк кызмат көрсөтүүнү сунуштоочуларды тартуу жөнүндө чечим кабыл алуу жол-жобосун иштеп чыгууга, ошондой эле аутсорсинг келишимдерин даярдоого тийиш. Аутсорсинг келишими анын аткарылбай калышынан же тараптар ортосунда пикир келишпестиктерден улам келип чыккан тобокелдиктерди басаңдатуунун маанилүү инструменти болуп саналат. Аутсорсинг келишиминин негизги жоболоруна төмөнкүлөр кирүүгө тийиш: 

- үчүнчү тарапка аткарууга өткөрүлүп жаткан иштердин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүн так аныктоо; 

- кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун финансылык отчетунан, анын ичинде кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун финансылык абалы аутсорсинг келишими боюнча алар тарабынан милдеттенмелердин аткарылышына таасир бериши мүмкүн болгон учурларда, аутсорсинг объектисине тиешеси бар жана башка маалыматтардан банктын пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу. Мында банк, Улуттук банктын жана тышкы аудиторлордун талабы боюнча аутсорсинг объектисине тиешелүү маалыматты сунуштоого милдеттүү

- тиешелүү жөнгө салуу чараларын өз учурунда көрүү максатында, кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын ишине банктын мониторингди жана баа берүүнү үзгүлтүксүз негизде жүргүзүүсү

- зарылчылык келип чыккан учурда келишимдин аракетин токтотуу шарттары жана минималдуу мөөнөттөрү, ошондой эле келишимдин аракети токтогондон кийин да күчүндө калган милдеттенмелер; 

- аутсорсинг келишимине гана мүнөздүү болгон олуттуу маселелерди жөнгө салуу тартиби (мисалы, эгерде кызмат көрсөтүүнү сунуштоочу чет өлкөдө болсо, ченемдик укуктук актыларда дал келбестиктердин орун алышына жол бербөө үчүн келишим түзгөн тараптардын өлкөсүнүн мыйзамдары жөнүндө жобо); 

- зарылчылык келип чыккан учурда, субкелишимге бүтүндөй аутсорсинг ишин же анын бөлүгүн өткөрүп берүү шарттары (кызмат көрсөтүүнү сунуштоочу өзгөргөн шартта тобокелдикти тескөө иш ыргагын сактап калуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн); 

- кызмат көрсөтүүнү сунуштоочу тарабынан банк ишине тиешелүү маалыматтардын купуялуулугунун камсыз кылынышы жана башка бирөөнүн аларды атайылап же кокусунан чечмелөөсүнөн коргоо маселелери. 

Кызмат көрсөтүүнү сунуштоочуларды тартуу чечимин кабыл алуу жол-жобосу өзүндө аутсорсинг ишин натыйжалуу, ишенимдүү жана жогорку деңгээлде сунуштоо жөндөмдүүлүгүнө жана мүмкүнчүлүгүнө алдын ала баа берүүгө, ошондой эле белгилүү бир кызмат көрсөтүүнү сунуштоочуну тартууга байланыштуу келип чыккан тобокелдиктер факторуна баа берүүгө өбөлгө түзгөн критерийлерди камтууга тийиш. 

Тиешелүү критерийлерди иштеп чыгууда банк кызмат көрсөтүүнү сунуштоочулар төмөнкүлөргө ээ болууга тийиш экендигин эске алуусу зарыл: 

- банк тарабынан аутсорсингге өткөрүлүп жаткан иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруусу үчүн зарыл ресурстарга жана тиешелүү квалификациялуу кызматкерлерге ээ болушун; 

- банктын ушул иш багыты боюнча алдыга койгон максаттарын жана милдеттерин жакшы өздөштүрүүсүн жана аткаруунун жүрүшүндө алардын так сакталышын камсыз кылуусун; 

- өз милдеттенмелерин учурунда жана толук көлөмдө аткаруу үчүн финансылык жактан төлөөгө жөндөмдүү болушун. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/22, 2018-жылдын 17-октябрындагы № 2018-П-12/43-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

3.2. Операциялык тобокелдиктин деңгээлине тышкы факторлордун таасирин аныктоо үчүн банктын ишинин шарттарын төмөндөгүдөй анализдөө жүргүзүү зарыл: 

- банктын ишине таасир этүүчү тышкы финансылык чөйрөлөргө анализ; 

- банктын ишинин бардык багыттарынын операциялык тобокелдиктерге дуушар болуусун анализдөө, анын ичинде иштердин жаңы багыттарын өздөштүрүү

- банктын өзүнчө операцияларын анализдөө

- отчеттуулукту жана информацияларды алмашууну кошо алганда, ички саясаттарды жана жол-жоболорду анализдөө

3.3. Операциялык тобокелдиктин натыйжалуу аныкталышын камсыз кылуу үчүн банк операциялык тобокелдиктин келип чыгышына байланыштуу бардык жагдайлардын эсебин жүргүзүүгө тийиш. Банктын тобокелдик-жагдайлары тууралуу маалымат банк тарабынан Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун курамында Улуттук банкка ай сайын берилет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 27-декабрындагы №2019-П-12/68-2-(НПА) токтомдун редакциясына ылайык) 

3.4. Операциялык тобокелдиктин аныктоо жана баалоо үчүн банктар операциялык тобокелдиктерге баа берүнүн ыкмаларын өзалдыларынча иштеп чыгуулары же банктын ички документтеринде чагылдырылууга тийиш болгон эларалык банктык тажрыйбада колдонулуучу ыкмаларды пайдалануулары мүмкүн. Мында операциялык тобокелдиктерге баа берүүнүн ыкмасы банктын ишинин мүнөзүнө жана масштабына ылайык келүүгө тийиш. 

3.5. Операциялык тобокелдиктерди тескөөдө кемчиликтердин өз убагында аныктоо жана четтетүү максатында, банк операциялык тобокелдикке мониторингди дайыма жүргүзүп турууга тийиш. Банк мониторинг процессинде окуялардын келип чыгуу ыктымалдыгы, алардын натыйжасында операциялык чыгымдар келип чыгышы мүмкүндүгү жөнүндө талкуулаган көрсөткүчтөрдүн системасын пайдалана алат (мисалы, өткөрүлүүчү операциялардын көлөмүнүн тез өсүшү, болбой калган жана бүтпөй калган операциялардын саны, кадрлардын агылып чыгышы, кетирилген каталардын саны жана тез кайталанышы, банктын информациялык жана башка системаларда бүлгүндөрдүн тез-тез болуусу жана улануусу ж.б.). 

IV. Операциялык тобокелдиктерди тескөөнүн натыйжалуулугуна контролдук 

4.1. Банк Башкармасы операциялык тобокелдикти аныктоо, баа берүү, контролдоо жана мониторингдөө процесстеринин банктын керектөөсүнө дал келүүчүлүктү, аларды белгилүү убакыттын ичинде ырааттуу пайдаланууну белгилөөгө тийиш. 

4.2. Банктын Директорлор Кеңеши операциялык тобокелдиктерди тескөөнүн эффективдүүлүгүнө баа берүүнү системалуу түрдө өткөрүүгө тийиш. 

4.3. Банктын ишине таасир этүүчү тышкы жана ички факторлорго анализ берүүнүн негизинде, операциялык тобокелдиктердин бетин ачуу максатында, ички процесстерди жана жол-жоболорду мезгилдүү түрдө, бирок эки жыл кеминде бир жолу кайра карап чыгуу зарыл. Негизги көңүлдү операцияларды жүзөгө ашыруунун документацияларына жана тажрыйбаларына контролдун каражаттарынын сапатына буруу зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/22 токтомунун редакциясына ылайык) 

4.4. Банктын ички документтеринде операциялык тобокелдиктердин фактыларын, алардын келип чыгуу себептеринин аныктоонун тартибин жана аларды четтетүү боюнча чараларды колдонуунун тартибин белгилөө зарыл. 

4.5. Операциялык тобокелдик боюнча саясаттардын жана жол-жоболордун сакталышына контролдук ички контролдук системасынын чегинде жүзөгө ашырылат. Операциялык тобокелдикке контролдук төмөндөгүдөй контролдукту сунуштайт: 

- операцияларды жүзөгө ашырууда жана кызматтарды көрсөтүүдө белгиленген лимиттердин сакталышына; 

- ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү принциптеринин, жүзөгө ашыруучу операциялар жана көрсөтүлүүчү кызматтар боюнча бекитүүнүн жана отчеттуулуктун тартибинин сакталышына; 

- банктын маалыматына жана материалдык активдерине мүмкүндүктүн белгиленген тартибинин сакталышына; 

- банктын персоналынын окуусуна жана квалификациясынын жогорулоосуна. 

4.6. Банктын Директорлор Кеңеши мыйзамдарга ылайык, операциялык тобокелдиктердин конкреттүү категорияларын камсыздандыруунун ар кандай түрлөрүнүн эсебинен толтуруу үчүн мүмкүндүктү кароого тийиш. 

4.7. Мындан тышкары, өзүнө операциялык тобокелдиктерди камтыган окуялар менен байланыштуу жоготуулардан өзүн камсыздандырууга карата банктын колдогу камсыздандыруу ордун толтуруулардын жетиштүүлүгүнө жана жөндөмдүүлүгүнө баа берүү жүргүзүлүүгө тийиш. 

V. Операциялык тобокелдиктерди тескөө боюнча маалыматтардын ачык көрсөтүлүшү 

5.1. Банк, операциялык тобокелдик боюнча маалыматтарды банктын аманатчылары жана башка кардарлары, кредиторлору, акционерлери (катышуучулары), тышкы аудиторлору, башка уюмдары, мекемелери жана калк үчүн жылдык отчеттун курамында жетиштүү деңгээлде чагылдырууга тийиш. 

Эскертүү

(*) Тышкы уюмдар менен иштерди аткарууга келишимдерди бекитүү

  

  

  

1-тиркеме 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 27-декабрындагы №2019-П-12/68-2-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту)