Улуттук банк Башкармасынын 

2013-жылдын 14-июнундагы 

N 19/2 токтому менен 

бекитилген 

Банктык жана микрофинансылык уюмдар тарабынан сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын белгилөө саясатына карата минималдуу талаптар жөнүндө 

ЖОБО 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы N 45/15, 2016-жылдын 14-декабрындагы N 48/11, 2020-жылдын 26-февралындагы №2020-П-12/8-8-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

I. Жалпы жоболор 

1. Бул жобо Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө", "Кредиттик союздар жөнүндө", "Атаандаштык тууралуу" мыйзамдарына, Улуттук банк тарабынан лицензияланган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар жана башка финансы-кредит мекемелеринин Кыргыз Республикасынын банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногундагы монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо саясатына жана анын негизги принциптерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан. 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензияланган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзам талаптарын сактоо үчүн банктык операцияларды жүзөгө ашырууда колдонулган атайы атоолорду (терминдерди) эске алуу менен иш алып барган коммерциялык банктардын банктык кызмат көрсөтүүлөрүнүн жана финансы-кредит мекемелеринин (мындан ары - ФКМ) сунуштаган кызматтардын баасын белгилөөгө карата системалуу ыкманы камсыз кылуу, мына ушул жобонун негизги максаты болуп саналат. 

3. Ушул жобонун максатында, баа түзүү саясаты - бул ФКМдердин баа түзүү стратегиясын аныктоого багытталган иши, ал ФКМдердин ар кандай банктык кызмат көрсөтүүлөргө (продукттарга) жана микрофинансылык уюмдар сунуштаган кызматтарга баа түзүү (бааны белгилөө) процессин жөнгө салган, рынок коньюнктурасынын өзгөрүүсүнө ылайык тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилген ички ченемдик документтеринде камтылууга тийиш. 

4. Пайыздык чендер жана комиссиялык сый акылар, ошондой эле микрофинансылык уюмдар сунуштаган банктык кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ФКМдер тарабынан өз алдынча белгиленет. 

Банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар тарабынан сунушталып жаткан кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу комиссиялык жана башка төлөмдөр төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

- кардар үчүн өзүнчө пайда алып келүүгө же болбосо ал үчүн керектөө баалуулугун түзүүгө

- кредит берүү негизги кызмат көрсөтүүлөр боюнча өз алдынча жана көз карандысыз болууга; 

- мыйзам талаптарына ылайык акысыз сунушталуучу кызматтарга кирбөөгө

Финансы-кредиттик мекемелердин жалпыга маалымдоо каражаттарында, расмий веб-сайттарда жана башка маалымат таркатуучуларда (жарнама буклеттери, жол четиндеги билборддор, стенддер жана башкалар) жайгаштырылган финансылык продукттары, сунушталган кызмат көрсөтүүлөрү, пайыздык чендери жана тарифтери тууралуу маалымат, ошондой эле кардарларга консультация берүүдөгү маалымат толук жана анык болууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы N 45/15, 2020-жылыдн 26-февралындагы №2020-П-12/8-8-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

4-1. ФКМге эгерде, көрсөтүлгөн жак ошол келишим боюнча толугу менен же анын кайсыл бир бөлүгүнө ылайык пайдага ээ болуучу болуп саналса, аффилирленген жак, инсайдер же алар менен байланыштуу жак ошондой эле, товардык белгинин ээси болгон кайсы болбосун башка жак менен товардык белгини акы төлөө негизинде пайдаланууга келишим түзүүсүнө тыюу салынат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 14-декабрындагы N 48/11 токтомунун редакциясына ылайык) 

 

II. ФКМдердин баа түзүү саясатына карата талаптар 

5. Ар бир ФКМ ыйгарым укуктуу башкаруу органы тарабынан (банктар үчүн Директорлор кеңеши, ал эми башка ФКМдер үчүн ыйгарым укуктуу башкаруу органы/жак тарабынан) бекитилген баа түзүү саясаты иштелип чыгышы зарыл. 

6. Аткаруу органы (банктар үчүн - Банк Башкармасы, ал эми башка ФКМдер үчүн ыйгарым укуктуу аткаруу органы/жак тарабынан) баа түзүү саясатынын иштелип чыгышы жана анын жүзөгө ашырылышы үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат. 

7. Баа түзүү саясатында эң аз дегенде төмөнкүлөр камтылышы зарыл: 

1) ФКМдин орун алган тобокелдиктерди жана сый акыларды эске алуу менен активдүү жана пассивдүү операцияларды жүзөгө ашырууда баа түзүү саясатынын максаттары жана милдеттери; 

2) Банктык кызмат көрсөтүүлөргө жана микрофинансылык уюмдар сунуштаган кызматтарды керектөөчүлөргө рыноктук талдап-иликтөөлөр жана аларга баа белгилөөгө карата талаптар; 

3) ФКМ тарабынан белгиленген рентабелдүүлүк деңгээлине жетишүү үчүн административдик-чарбалык чыгашаларды кошо алганда, пайыздык жана пайыздык эмес чыгашаларга талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү боюнча талаптар; 

4) Кредиттердин бардык түрү боюнча пайыздык чендер калыптана турган жана ФКМдер үчүн алгылыктуу болгон компоненттерди чечмелөөгө, пайыздык чендердин төмөнкү жана жогорку чектерин аныктоого карата талаптар, ошондой эле алардын колдонулушу жана мезгил-мезгили менен кайрадан карап чыгуу тартибине карата талаптар (тартылган каражаттардын наркын, кредитти тейлөө наркын, кошумча чыгашаларды, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартууларынын ордун жабууга кам түзүүгө кеткен чыгашаларды, орун алуучу тобокелдиктерди, инфляция көрсөткүчүн, салыктарды, ФКМ рентабелдүүлүгүнүн белгиленген деңгээлин жана объективдүү орун алган факторлор, ФКМдин ишинин регионалдык ж.б. өзгөчөлүктөрү менен шартталган, башка сарптоолорду); 

5) Депозиттердин бардык түрү боюнча пайыздык чендердин компоненттерин чечмелөөгө карата талаптар, ФКМдер үчүн алгылыктуу болгон пайыздык чендердин төмөнкү жана жогорку чектери, алардын колдонулушуна жана мезгил-мезгили менен кайрадан каралып чыгышына карата талаптар; 

6) Башка банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн жана микрофинансылык уюмдар тарабынан сунушталган банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн наркынын негиздүүлүгүнө карата талаптар; 

7) Банктык кызмат көрсөтүүлөргө жана микрофинансылык уюмдар тарабынан сунушталган кызмат көрсөтүүлөргө бааны аныктоо ыкмасын тандоо негиздемелерин, ошондой эле ФКМдердин бизнес жүргүзүүсүнүн реалдуу өбөлгөлөрүнө жана өзгөчөлүктөрүнө негизденген ыкмаларга карата талаптарды; 

8) ФКМдердин башкаруу органдарынын жана тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ыйгарым укуктарын, баа түзүү саясатынын максаттарына жетишүү жана баа түзүү стратегиясынын аткарылышы үчүн алардын жоопкерчилиги, ФКМдеги баа түзүү саясатына мониторинг; 

9) контролдукту жүзөгө ашыруу, анын натыйжалуулугуна талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүгө карата талаптар; 

10) банктык кызмат көрсөтүүлөрдү жана микрофинансылык уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо шарттары, ФКМдин колдонуудагы пайыздык чендерине жана тарифтерине сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор тууралуу кардарларга өз учурунда маалымдалышына карата талаптар; 

11) колдонуудагы тарифтерге мезгил-мезгили менен талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү жана аларды кайрадан карап чыгуу жана натыйжасын ыйгарым укуктуу башкаруу органынын кароосуна сунуштоо талаптары. 

III. Корутунду жоболор 

8. ФКМдер тарабынан ишке ашырылып жаткан баа түзүү саясаты транспаренттүү болууга, Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу жагындагы мыйзам талаптарына ылайык келип, адилет атаандашууну өнүктүрүүгө жана банктык кызматтарды керектөөчүлөрдүн укугун коргоого багытталышы зарыл. 

9. Баа түзүү саясаты ыйгарым укуктуу башкаруу органы тарабынан бекитилип, жаңы иш багыттарын жана жетишилген ийгиликтерди эске алуу менен жылына кеминде бир жолу кайрадан каралып турууга тийиш. 

10. ФКМдер баа түзүү саясатын жана ички документтерин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талабы боюнча кароого сунуштоого милдеттүү

Финансы-кредиттик мекемелер тарабынан депозиттер жана кредиттер боюнча декларациялануучу пайыздык чендерге өзгөртүүлөр киргизилген шартта, мындай өзгөртүүлөрдүн себептерин толук көрсөтүү менен жети жумуш күн ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Тышкы көзөмөл башкармалыгына маалымдоого, ошондой эле ички документтерди (протоколдун көчүрмөсүн жана бул мекеменин ыйгарым укуктуу органы тарабынан кабыл алынган чечимдин көчүрмөсүн) сунуштоого милдеттүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы N 45/15 токтомунун редакциясына ылайык) 

11. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы республиканын колдонуудагы мыйзам талаптарына ылайык келиши көз карашынан ФКМдердин баа түзүү саясатына талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүп турат.