Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2010-жылдын 30-ноябрындагы 

N 67/9 токтому менен 

бекитилген 

Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө 

ЖОБО 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/2, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10, 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА), 2020-жылдын 26-февралындагы №2020-П-12/8-7-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1. Жалпы жоболор 

1. Жобонун талаптары "ислам терезесине" ээ банктарды кошо алганда, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктарга (мындан ары - банктар) таркатылат.  

Банктарда натыйжалуу корпоративдик башкаруу айрым банктардын жана бүтүндөй банк тутумунун туруктуу өнүгүшүн камсыз кылуу жагында маанилүү шарттардын бири болуп саналат.  

Ушул жобонун максаттарында төмөнкү аныктамалар колдонулат:  

- инвестициялык эсеп - бул, анда банк тарабынан мударада келишиминин негизинде тартылган каражаттар эсепке алынган кардарлардын эсептери. Мудараба келишиминин түрүнө жараша инвестициялык эсеп чектелбеген же чектелген болушу мүмкүн;  

- фидуциардык жоопкерчилик - бул:  

а) банктын өз кардарлары алдында Шариат эрежелерин жана принциптерин сактоо жоопкерчилиги;  

б) банктын инвестициялык эсеп ээлеринин акча каражаттарын талапка ылайык тескөө жана мудараба келишимдеринде каралган шарттарды сактоо боюнча жоопкерчилиги;  

- тобокелдик профили - топтолгон, иликтөөгө алынган жана системага салынган маалыматка негизденген жана түптөлгөн артыкчылыктарды эске алуу менен иш багыттары боюнча тобокелдиктерге дуушарланышы мүмкүндүгүн мүнөздөгөн банктын тобокелдик көрсөткүчтөрүнүн айкалышы. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

2. Корпоративдик башкаруу дегенден улам, акционерлердин, Директорлор кеңешинин, Шариат кеңешинин жана Банк Башкармасынын ортосунда банктын төмөндөгүлөр боюнча ишине жалпы жетекчилик кылуу жагында өз ара мамилелеринин белгилүү бир системасын түшүнүүгө болот: 

1) банк тарабынан Шариат стандарттарынын жана принциптеринин сакталышын камсыз кылуу; 

2) банк ишинин стратегиялык максаттарын, аларга жетүү жолдорун жана бул максаттардын ишке ашырылышына контролдукту аныктоо; 

3) инвестициялык эсеп ээлерин жана башка аманатчыларды, товар берүүчүлөрдү кошо алганда, банк акционерлери менен анын кардарларынын ортосундагы баланска жана банк ишинин туруктуу өнүгүшүнө жетишүү

4) банктын башкаруу органдары жана кызматкерлери тарабынан банк ишинин стратегиялык максаттарга жетүүсү үчүн зарыл болгон бардык аракеттердин аткарылышын камсыз кылуучу эмгек ыргагына түрткү берүү

5) Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын, ошондой эле банктын ички документтеринин талаптарынын сакталышын камсыз кылуу. 

3. Банктарда эффективдүү корпоративдик башкаруунун негизги компоненттери болуп, төмөндөгүлөр саналат: 

1) банктын башкаруу органдарынын ортосунда ыйгарым укуктарды, компетенция жана отчеттуулук маселелерин бөлүштүрүү, Директорлор кеңешинин, Шариат кеңешинин жана Банк Башкармасынын натыйжалуу ишин уюштуруу; 

2) банк ишин өнүктүрүү стратегиясын, бизнес-планын, саясаттарын аныктоо жана бекитүү, ошондой эле алардын жүзөгө ашырылышына контролдук кылуу; 

3) банк акционерлеринин жана башкаруу органдарынын стратегиялык ролун жана функцияларын, банктын акционерлердин алдындагы болгон жоопкерчилигин балансирлөөчү механизмдерин аныктай турган жана ушул жобонун талаптарына каршы келбеген, эффективдүү жана ак ниет корпоративдик башкарууну ишке ашырууга багытталган, башкаруу саясатын бекитүү

4) инвестициялык эсеп ээлеринин каражаттарын тескөө боюнча инвестициялык стратегияны бекитүү

5) таламдардан улам келип чыккан конфликтерге бөгөт коюу; 

6) кесиптик этика стандарттарын аныктоо жана сактоо; 

7) ислам финансылык институттары үчүн Бухгалтердик эсепке алуу жана аудит уюмунун (ААOIFI) стандарттарына ылайык, банк ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу (белгилүү бир стандарттар болбогон шартта, банк ФОЭС стандарттарын колдоно алат). 

Банктарда жана банктык топтордо эффективдүү корпоративдик башкаруунун методологиялык негизи болуп, Банктык көзөмөл боюнча Базель комитетинин жана Ислам Финансы Кызмат көрсөтүүлөр Кеңешинин сунуш-көрсөтмөлөрү саналышат. Алар Эл аралык эсептердин банкынын (Швейцария) www.bis.org сайтында жана Ислам Финансы Кызмат көрсөтүүлөр Кеңешинин (IFSB)) www.ifsb.org сайтында жайгашкан, жана ошондой эле ОЭСРдин корпоративдик башкаруу принциптери www.oecd.org сайтында жайгашкан. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

3-1. Банкта натыйжалуу корпоративдик башкарууну жүзөгө ашырууга багытталган жана бул жобого каршы келбеген ички ченемдик документтер иштелип чыгышы мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

4. Банктын акционерлери, Директорлор кеңеши жана Банк Башкармасы инвестициялык эсеп ээлеринин алдында фидуциардык жоопкерчиликтүү болушат. 

Банк акционерлери жана алардын аффилирленген жактары, банктын кызмат адамдары, ошондой эле банк менен байланыштуу жактар Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамында (мындан ары - мыйзам) белгиленген талаптарга жана Улуттук банктын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктардын ишин лицензиялоо талаптарына ылайык кынтыксыз ишкердик абройго ээ болууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

5. Банк, кеминде жылына бир жолу корпоративдик башкарууга баа берип жана финансылык отчеттун жана банктын мезгил-мезгил менен берилүүчү регулятивдик отчетунун алкагында, ушул Жобонун талаптарын сактоо жана банктык көзөмөл боюнча Базель комитетинин жана Ислам Финансы Кызмат көрсөтүүлөр Кеңешинин сунуш-көрсөтмөлөрүн колдонуу жөнүндө жана корпоративдик башкарууда аныкталган кемчиликтерди жана аларды четтетүү боюнча зарыл чаралардын аткарылышы үчүн конкреттүү мөөнөттү жана жооптуу адамдарды көрсөтүү менен орун алган кемчиликтерди четтетүү боюнча пландаштырылып жаткан чаралар жөнүндө маалыматты ачууга тийиш. Мында, банк, банк ишин тескөөнүн ички саясатына таянуу менен аталган ачып көрсөтүүлөрдүн формасын жана мазмунун өз алдынча аныктайт. 

Баа берүү Корпоративдик башкаруу боюнча комитет, мындай комитет жок учурда Аудит боюнча комитет тарабынан жүргүзүлөт жана аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча чара көрүүсү үчүн Директорлор кеңешине жана банк ишинде аныкталган кемчиликтерди четтетүү жана ага жол бербөө боюнча чараларды ишке ашыруусу үчүн ошондой эле банк Башкармасына берилет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 26-февралындагы №2020-П-12/8-7-(НПА)  токтомунун редакциясына ылайык) 

 

2. Акционерлердин жалпы жыйыны 

6. Акционерлердин жалпы жыйыны банктын жогорку башкаруу органы болуп саналат. 

7. Банк акционерлеринин жалпы жыйынынын өзгөчө компетенциясына тиешелүү маселелер Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" жана "Акционердик коом жөнүндө" мыйзамдарында аныкталган. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

8. Банк акционерлеринин жылдык жыйынынын өзгөчө компетенциясына тиешелүү болгон маселелер, эгерде мыйзам тарабынан башкасы белгиленбесе, башка башкаруу органына чечим кабыл алуу үчүн берилиши мүмкүн эмес. Акционерлердин аларга мыйзамда аныкталган компетенциясынын чегинен чыгуучу ишкердикти жүргүзүүсүнө жол берилбейт. 

9. Банк акционерлери инвестициялык эсеп ээлерин кошо алганда, банк кардарларынын кызыкчылыктарына доо кетире тургандай аракеттерди жасабоого тийиш. 

9-1. Убактылуу администрация режими киргизилген мезгилде акционерлердин жалпы жыйынынын ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

3. Банктын директорлор кенеши 

10. Банктын Директорлор кеңеши - бул, банктын башкаруу органы, ал акционерлердин жалпы жыйыны ортосундагы мезгил аралыгында банкта жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат.  

Директорлор кеңеши банк ишинин тескөөгө алынышына жана анын финансылык абалына контролдукту жүзөгө ашырат жана акционерлердин жалпы жыйынына отчет берип турат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

11. Директорлор кеңешинин өзгөчө компетенциясына жана жоопкерчилигине кирген маселелер тиешелүү мыйзамда аныкталган жана анда банктын стратегияларын жана саясаттарын аныктоо милдети каралган. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

12. Директорлор кеңеши эффективдүү корпоративдик башкарууну камсыз кылуу максатында төмөндөгүлөрдү жүзөгө ашыруусу зарыл: 

1) банктын уюштуруу түзүмүнүн чегинде ыйгарым укуктардын, жоопкерчиликтердин жана отчеттуулук деңгээлинин так белгиленишине өбөлгө түзгөн, банктын уюштуруу түзүмүн аныктоого; 

2) банктын өнүгүү стратегиясына, бизнес планына, банктын ишинин негизги түрлөрү боюнча саясатына алардын банктын күндөлүк иш-аракетине, финансылык абалына жана тышкы экономикалык шарттарга шайкеш келүүсүнө мезгил мезгили менен (жылына бир жолудан кем эмес) баа берип туруу; 

3) банктын ак ниеттүүлүгүн жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылууда эң негизги орунда Шариат стандарттарынын сакталышы болгондуктан, банктын Шариат кеңешин жана Шариат стандарттарынын сакталышына мониторинг жүргүзүү үчүн жоопкерчиликтүү болгон бөлүм (же Шариат стандарттарынын сакталышын текшерүүгө алган, ыйгарым укуктуу ички аудиторду аныктоо) түзүү зарыл; 

4) ички контролдуктун эффективдүү системасын түзүү жана анын банк ишинин тобокелдүүлүгүнүн өлчөмүнө, татаалдыгына, түзүмүнө жана профилине(3) шайкеш келүүсүн камсыз кылуу үчүн Банк башкармасынын ишине туруктуу мониторинг жүргүзүү. Тиешелүү ички контролдукту уюштуруу максатында, банктар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) банктарда ички контролдук системасын жана ички аудитти уюштуруу боюнча сунуш-көрсөтмөлөрүнө таянуусу зарыл; 

5) тобокелдиктерди тескөөнүн Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга шайкеш келүүчү тиешелүү системасын түзүү жана мезгил-мезгили менен (кеминде жарым жылда бир жолу) банктын иш натыйжаларын эске алуу менен тобокелдиктердин белгиленген деңгээлдерине баа берүү

6) банкта таасирдүү корпоративдик башкарууну калыптандыруу жана банктын ичинде ички контролдуктун банк ишинин бардык деңгээлине жана багыттарына өзгөчө ролун жана маанилүүлүгүн караган, корпоративдик маданияттын этикалык жана акыйкаттуу стандарттарын белгилөө

7) банктын күндөлүк иш-аракетине жана финансылык натыйжаларына анын стратегиялык максаттарга жана бизнес планынын болжолдуу көрсөткүчтөрүнө жетүү көзкарашынан, мезгил-мезгили менен (чейректе бир жолудан кем эмес) баа берип туруу; 

8) тышкы, ички аудиторлордун жана банктык көзөмөл органдарынын текшерүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча натыйжаларды кароо жана конкреттүү мөөнөттөрдү белгилеп жана аткарылышына жооп берген адамдарды дайындоо менен тиешелүү чараларды көрүү

9) объективдүү жана компетенттүү чечимдерди кабыл алуу үчүн Банк Башкармасынын, Шариат кеңешинин, башка башкаруу органдарынын жана кызмат адамдарынын көрсөтмөлөрү жана сунуштары негиздүү экендигине жана алардын банк мүдөөлөрүнө жооп бере тургандыгына ынануу максатында, жеткиликтүү жана так маалыматка ээ болуу; 

10) алгылыксыз учурларды аныктоо жана аларды түзөтө турган тиешелүү аракеттерди көрүү менен өз иш-аракетине мезгил-мезгили менен баа берүү

13. Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн Директорлор кеңешине тиешелүү компетенциясынын чегинен чыгуучу ишкердикти жүргүзүүсүнө жол берилбейт. 

14. Ички жана тышкы аудиторлордун Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын жана аудиттин эл аралык стандарттарын кошо алганда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келген иш-аракети, банкта эффективдүү корпоративдик башкарууга жетишүү үчүн зарыл. Аудиттин милдети төмөндөгүлөр менен да күчөтүлүшү мүмкүн: 

1) уюштуруу түзүмүнүн бардык деңгээлдеринде аудиторлордун ишинин банктын финансылык абалынын туруктуулугун камсыз кылуу жана стратегиялык максаттарга жетишүүсү үчүн зарыл жана маанилүү экендигин таануу; 

2) ички аудиттин көз карандысыздыгын жана шайкештигин бекемдеген чараларды кабыл алуу; 

3) тышкы жана ички аудиторлордун банк ишине көз карандысыз баа берүүгө негизделген, отчетторуна жана сунуш-көрсөтмөлөрүнө Директорлор кеңеши тарабынан жогорку деңгээлде көңүл бурулуусу; 

4) аудиторлор тарабынан аныкталган көйгөйлөргө карата өз убагында түзөтүү чараларын көрүү

15. Тышкы аудиторлорду акционерлердин жалпы жыйынына көрсөтүү үчүн тандап алууда Директорлор кеңеши аудит жүргүзүүгө каралган сарптоолор менен тышкы аудиттин тиешелүү сапатын камсыз кылуу зарылчылыгынын ортосундагы баланстын сакталышын эске алуусу зарыл. 

16. Өзүнүн контролдоочу милдеттерин бекемдөө максатында Директорлор кеңеши тышкы аудиторлор (жылына бир жолудан кем эмес), ички аудиторлор (чейрек сайын бир жолудан кем эмес) жана Шариат кеңеши менен (жылына бир жолудан кем эмес) туруктуу талкууларды өткөрүп туруулары максатка ылайыктуу болот. 

17. Директорлор кеңеши банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, түзүлгөн комитеттеринин жана кызмат адамдарынын иш-аракеттерин текшерүү үчүн аудиторлорду тартууга укуктуу. 

18. Директорлор кеңеши милдеттүү түрдө төмөнкү комитеттерди түзүүгө тийиш:  

1) банк Башкармасынын банкта орун алган тобокелдиктерди жөнгө салуу ишине контролдукту камсыз кылган Тобокелдиктерди тескөө комитети;  

2) Аудит боюнча комитет;  

3) Дайындоо жана сый акы төлөө боюнча комитет.  

Мындан тышкары банкта Корпоративдик башкаруу боюнча комитет, Жаңы продукттар боюнча комитет, Комплаенс-контроль комитети жана башка комитеттер түзүлүшү мүмкүн.  

Директорлор кеңешинин комитеттеринин иши Улуттук банктын жана банктын ички документтеринин талаптарына жооп берүүгө тийиш.  

Банкта корпоративдик башкарууну күчөтүү максатында башка комитеттер да түзүлүшү мүмкүн, атап айтканда:  

- Каржылоо боюнча комитет - каржылоо, гарантия, милдеттенме, кепилдик берүү, ошондой эле каржылоо операция болуп саналган жана өзүндө кредиттик жоготуу тобокелдигин камтыган башка активдер жана милдеттенмелер боюнча чечимдерди кабыл алат. Каржылоо боюнча комитеттин иши Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына жана Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген Комитет тууралуу ички жобого ылайык жөнгө салынат.  

- Банктын активдерин жана пассивдерин тескөө комитети - банктын балансынын жалпы түзүмүн контролдукка алат, активдер жана пассивдер түзүмүнө мониторинг жүргүзөт, ошондой эле Директорлор кеңеши тарабынан белгиленген активдерди жана пассивдерди тескөө саясатынын талаптарынын сакталышын камсыз кылат. Аталган комитеттин иши Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына жана Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген Комитет тууралуу ички жобого ылайык жөнгө салынат.  

Бардык комитеттерде алардын төрагалары башчылык кылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

19. Анын негизги милдети, биринчи кезекте, акционерлерден башка кызыкдар тараптардын (кызматкерлер, кардарлар, анын ичинде инвестициялык эсеп ээлери жана башка аманатчылар, сунуштоочулар) кызыкчылыгын коргоо болуп саналган Корпоративдик башкаруу боюнча комитети банкты тескөө саясатынын колдонууга киргизилгендигине жана сакталгандыгына мониторинг жүргүзөт жана баалайт, ошондой эле инвестициялык эсеп ээлеринин каражаттарын тескөө боюнча инвестициялык стратегиянын жүзөгө ашырылышына мониторинг жүргүзөт. Корпоративдик башкаруу комитети өз ишинде Аудит боюнча комитет жана Шариат кеңеши менен иш алып барып, Директорлор кеңешине отчетторду жана сунуш-көрсөтмөлөрдү сунуштап турат. Корпоративдик башкаруу комитети кеминде үч мүчөдөн турууга тийиш: 

1) Аудит боюнча комитеттин мүчөсүнөн; 

2) Шариат боюнча адистен (Шариат кеңешинин мүчөсү болушу да мүмкүн); 

3) Директорлор кеңешинин банктын акционери же уюштуруучу болуп саналбаган, башкаруучулук тажрыйбасы бар жана тиешелүү билим деңгээлине жана жөндөмгө, ошондой эле, Корпоративдик башкаруу комитети менен Аудит боюнча комитеттин кошумча ролдорун жана функцияларын координациялоо жана айкалыштыруу жөндөмдүүлүгүнө ээ көз карандысыз мүчөсү. Директорлор кеңешинин бул мүчөсүнүн Корпоративдик башкаруу комитетинин төрагасы болушуна артыкчылык берилет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10, 2020-жылдын 26-февралындагы №2020-П-12/8-7-(НПА) токтомдорунун редакциясына ылайык) 

20. Корпоративдик башкаруу боюнча комитеттин максаттары, милдеттери жана функциялары Аудит боюнча комитеттин максаттарын, милдеттерин жана функцияларын кайталабоого тийиш. Корпоративдик башкаруу боюнча комитеттин иши Аудит боюнча комитеттин башкаруу жагындагы айрым функциялары боюнча ишин, төмөнкүлөрдү эске алуу менен толуктап турууга тийиш: 

1) Аудит боюнча комитетке милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон белгилүү бир талаптар буга чейин эле белгиленгендигин жана алар милдеттердин кеңири чөйрөсүнө жооп берет; 

2) акционерлер менен инвестициялык эсеп ээлеринин ортосунда, көбүнчө алардын каражаттары бириктирилген (аралашкан) учурда таламдар талашы келип чыгышы мүмкүн, бул аудит боюнча комитеттин ишин татаалдаштырат. Мындай учурларда Аудит боюнча комитет менен Корпоративдик башкаруу боюнча комитеттин милдеттерин так бөлүштүрүүгө болот, анткени, Аудит боюнча комитет банк ишине, айрыкча, банк акционерлеринин таламдары көз карашынан мониторинг жүргүзөт, ал эми Корпоративдик башкаруу комитети инвестициялык эсеп ээлеринин көз карашынан мониторинг жүргүзөт; 

3) Корпоративдик башкаруу комитети банк ишинин өзгөчөлүгүнө токтолууга тийиш. 

21. Корпоративдик башкаруу боюнча комитет, инвестициялык эсеп ээлеринин укуктарынын сатып өткөрүлүшүнүн алкагында, банк тарабынан инвестициялык эсеп ээлеринин каражаттарынын инвестицияланышынын натыйжаларына жүргүзүлгөн мониторинг боюнча жооп берет. 

22. Корпоративдик башкаруу боюнча комитет менен Аудит боюнча комитеттин ортосунда келишпестиктер келип чыккан шартта, Директорлор кеңеши мындай келишпестиктердин жөнгө салынышына жооп берет. 

23. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 26-февралындагы №2020-П-12/8-7-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготкон деп таанылган) 

23-1. Банктын бардык комитеттеринин ишин жөнгө салган ички документтерде төмөнкүлөр белгиленүүгө тийиш:  

- комитетти түзүү жана ишкердикти жүргүзүү максаты;  

- комитеттин ыйгарым укуктары;  

- комитеттин төрагасынын дайындоо тартиби;  

- отурумдарды өткөрүү тартиби;  

- отчет берүү тартиби;  

- комитеттин ар бир мүчөсүнүн кабыл алынган жана кол коюлган чечим үчүн жоопкерчилиги.  

Мындан тышкары, бул документтерде отурумда катышкан жана чечим кабыл алган ар бир катышуучуга карата төмөнкүдөй талаптар коюлууга тийиш:  

- кароого алынып жаткан маселени билүүгө;  

- ал кабыл алган чечим банк ишине кандай таасирин тийгизиши мүмкүндүгүн түшүнүүгө;  

- кабыл алынган чечимден улам келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерге жана кесепеттерге баа берүүгө.  

Кароого алынып жаткан маселе боюнча сын-пикирлер жана сунуштар, ошондой эле комитеттин мүчөсүнүн кабыл алынган чечимге макул эместиги тууралуу пикири добуш берүү учурунда айтылууга жана ал протоколдо чагылдырылууга тийиш. Протоколго отурумда катышкан комитеттин бардык мүчөлөрү жана анын катчысы кол тамга коет. Комитеттин отурумунда катышпаган мүчөлөр протокол жана кабыл алынган чечимдер менен таанышып чыгып, кол тамга коюуга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

24. Директорлор кеңеши банктын таламында иш алып барып, бардык акционерлерге бирдей мамиле кылуу принцибин сактоого жана акционерлердин жыл сайын өтүүчү жалпы жыйынында аларга өз иши тууралуу отчет берип турууга милдеттүү.  

Төрага жана Директорлор кеңешинин мүчөлөрү аткаруу жоопкерчилиги Директорлор кеңешине жүктөлгөн маселелер боюнча аракеттенбей коюулар үчүн жоопкерчилик тартышат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

25. Директорлор кеңешинин жогорку деңгээлдеги жоопкерчилиги жана ыйгарым укуктарынын кеңири чөйрөсү болжолдогондой, Директорлор кеңешинин мүчөлөрү банктын негизги иши жөнүндө жеткиликтүү билим деңгээлине жана банктын башкаруу органдарынын жана кызмат адамдарынын ой-пикирлерине көз карандысыз, өз ойлорун билдирүү жөндөмдүүлүгүнө ээ. Чечим кабыл алуу учурунда Директорлор кеңешинин ар бир мүчөсү жеке кызыкчылыктарын же банктын айрым акционерлеринин жана кызмат адамдарынын гана кызыкчылыгын көздөбөстөн, объективдүү болууга жана банктын кызыкчылыгын эске алууга тийиш. 

Кароого алынып жаткан маселе боюнча сын-пикирлер жана сунуштар, ошондой эле кабыл алынган чечимге макул болбогон Директорлор кеңешинин мүчөсү өз пикирин добуш берүү учурунда айтууга жана ал протоколдо чагылдырылууга тийиш. Отурумда толтурулган протоколго жана стенографиялык отчетко (толук жазуу түрүндөгү катышуучулардын чыгып сүйлөгөндөрүнүн тексти), отурумда катышкан Директорлор кеңешинин мүчөлөрү менен макулдашылгандан (виза коюлгандан) кийин төрагалык кылган кызмат адамы жана Корпоративдик катчы кол тамга коет. Отурумда катышпаган Директорлор кеңешинин мүчөлөрү протокол жана кабыл алынган чечимдер менен таанышып чыгып, кол тамга коюуга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

26. Директорлор кеңешинин мүчөлөрү Улуттук банк тарабынан белгиленген минималдуу квалификациялык талаптарга жооп берүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

27. Компетенттүүлүктү, калыстыкты жана көз карандысыздыкты камсыз кылуу максатында, Директорлор кеңешине экономикалык, финансылык, монетардык жана юридикалык маселелер боюнча жалпыга таанымал абройго жана жогору кесиптик тажрыйбага ээ эксперт-адистер шайланышы мүмкүн.  

Директорлор кеңешинин кеминде бир мүчөсү мамлекеттик жана/же расмий тилди билген Кыргыз Республикасынын жараны болуусу зарыл.  

Банктын Директорлор кеңешинин курамынын кеминде үчтөн бирин көз карандысыз мүчөлөр түзүүгө тийиш. 

 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

4. Инвестициялык эсеп ээлеринин укуктары 

28. Банк, инвестициялык эсеп ээлери алдындагы фидуциардык жоопкерчилигин таануу менен банк акционерлеринин кызыкчылыктарын канчалык деңгээлде колдой алса, алардын кызыкчылыктарын да ошончолук колдойт. 

29. Инвестициялык эсеп ээлери өз инвестициялык эсептери боюнча зарыл болгон бардык маалыматтан толук пайдаланууга укуктуу, ал өз каражаттарын банкка жайгаштыруу үчүн(6) инвестициялык эсептерди тандоолору тууралуу туура жана маалымдалган чечимдердин кабыл алынышына өбөлгө түзөт. Мисалы, эгерде банк, чектелген инвестициялык эсептердин ар түрдүү түрлөрүн сунуштаса. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

30. Инвестициялык эсеп ээлери банк тарабынан алардын каражаттарынын инвестицияланышына мониторинг жүргүзүүгө укуктуу, бул банктын инвестицияларды тескөө жагындагы ишине кийлигишүү болуп саналбайт. Банк, инвестициялык эсеп ээлерине пайданы эсептөө жана активдерди бөлүштүрүү (жайгаштыруу) ыкмалары, инвестициялык эсеп ээлеринин каражаттарын тескөө боюнча инвестициялык стратегиялар, инвестициялык эсеп ээлеринин таламында банк тарабынан жүзөгө ашырылган инвестициялардан иш жүзүндө алынган кирешелер жана пайданы текшилөө механизмдери жөнүндө маалымдап турууга милдеттүү

31. Банк, ал тескөөгө алган инвестициялык эсептер жөнүндөгү олуттуу жана зарыл маалыматты, ошондой эле инвестициялык эсептер жөнүндөгү отчетту жарыялоо аркылуу, банк тарабынан сунушталуучу инвестициялык эсептерге тиешелүү саясатты жана тажрыйбаны инвестициялык эсеп ээлеринин жана коомчулук алдында өз убагында ачып көрсөтүүгө милдеттүү. Мында, ачып көрсөтүлүүчү маалымат адамдардын кабыл алуусу үчүн салыштырмалуу так, түшүнүктүү болууга тийиш. 

32. Банкта, жок эле дегенде, төмөнкүлөр карала турган ички документтер болууга тийиш: 

1) чектелбеген инвестициялык эсептерде жайгаштырылган каражаттар акционерлердин каражаттары менен аралаштырылган учурларды кошо алганда, инвестициялык эсеп ээлеринин инвестицияларын коргоону камсыз кылуу боюнча чараларды; 

2) зарыл жана олуттуу, анын ичинде ушул Жобонун 30, 31, 36, 38-пунктарында көрсөтүлгөн маалыматтарды инвестициялык эсеп ээлеринин алдында милдетүү жана тиешелүү түрдө ачып көрсөтүү жөнүндө нормаларды; 

3) инвестициялык эсеп ээлеринин күтүлүп жаткан тобокелдиктерине негизденүүгө тийиш болгон, пайданы бөлүштүрүүнүн жана инвестициялык саясаттын так жана ачык принциптерин; 

4) банктын инвеситициялык эсептеринин тескөөгө алынышына жооп берген кызматкерлерге карата квалификациялык талаптар жана алардын кесипкөйлүк жарамдуулугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралар. 

33. Банк, инвестициялык эсеп ээлеринин каражаттарын тескөө боюнча ишенимдүү стратегияны кабыл алууга тийиш, ал инвестициялык эсеп ээлеринин тобокелдиктери жана кирешелүүлүктөрү боюнча күтүүлөрү менен салыштырылып (чектелген жана чектелбеген инвестициялык эсеп ээлеринин ортосундагы айырмачылыктарды эске алуу менен), кайсы болбосун текшилөөөлүштүрүү) механизмдери жагында ачык-айкын болууга тийиш. 

34. Банк, инвестициялык эсеп ээлеринин каражаттарын тескөө боюнча инвестициялык стратегияларды иштеп чыгууда, инвестициялык эсеп ээлерин инвестициялары боюнча тобокелдиктерин жана күтүүлөрүн төмөнкүлөрдү эске алуу менен кылдат иликтеп чыгууга тийиш: 

1) банкта "өз кардарыңды бил" саясатынын болушун, аны сактоо чектелген жана чектелбеген инвестициялык эсеп ээлеринин ар кандай тобокелдик профилдерине жана кирешелүүлүктөрүнө эффективдүү таасирин тийгизиши мүмкүн; 

2) инвестициялык эсеп ээлеринин муктаждыктарын жана күтүүлөрүн толук түшүнүшкөн, квалификациялуу инвестициялык менеджерлердин болушун; 

3) Копоративдик башкаруу боюнча комитеттин банк тарабынан кабыл алынган инвестициялык стратегия жөнүндө толук маалыматтуулугун. 

35. Пайданы текшилөөгө камды (мындан ары - ПТК) эсептөө боюнча шарттар, алдын-ала аныкталууга жана инвестициялык эсеп ээси менен банк тарабынан кол коюлган келишимдин шарттарына ылайык колдонулууга тийиш. 

36. Пайданын инвестициялык эсеп ээлеринин ортосунда бөлүштүрүлүшүн жакшыртуу максатында, пайда ПТКга которулган жана ПТКдан каражат бөлүнгөн ар бир учурда банк, инвестициялык эсеп ээлерине маалымдап турууга зарыл. 

37. Корпоративдик башкаруу боюнча комитет, мындай комитет жок учурда Аудит боюнча комитет ПТКнын жана/же инвестициялар боюнча тобокелдиктердин ордун жабууга камдын тиешелүү түрдө түптөлүшүн жана колдонулушун текшерип турууга жана тиешелүү сунуш-көрсөтмөлөрдү Директорлор кеңешине сунуштап турууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 26-февралындагы №2020-П-12/8-7-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

38. Пайданы текшилөөгө кам жана инвестициялар боюнча тобокелдиктердин ордун жабууга кам жөнүндөгү маалыматтар мезгил-мезгили менен жалпыга маалымдоо каражаттарында жана банктын жылдык отчетунда жарыяланып турууга тийиш. 

5. Шариат кеңеши 

39. Банкта банк саясаттардын жана типтүү келишимдердин Шариат стандарттарына ылайык келүүсүнө жооп берүүчү Шариат кеңеши жана Шариат стандарттарынын сакталышына мониторинг жүргүзүү үчүн жоопкерчиликтүү болгон бөлүм (же Шариат стандарттарынын сакталышын текшерүүгө алган, ыйгарым укуктуу ички аудитор аныктоо) түзүлүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

39-1. Шариат кеңешинин мүчөсү өз фидуциардык милдеттерин бузууга жол берүүсү фидуциардын (банктын жана анын акционерлеринин) өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуусу жана ага карата нааразычылыгын билдирүүсү, доо жана башка талаптарды коюусу үчүн негиз болушу мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

40. Ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашыруу учурунда, бардык продуктулардын шарттары жана типтүү келишимдер, Шариат кеңеши тарабынан Шариат стандарттарынын талаптарына ылайык келүүлөрү жагында жактырылууга тийиш. Эгерде, конкреттүү бир келишимдин шарттарына келишимдин негизги жоболорун өзгөртүүчү олуттуу өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген болсо, алар алдын ала Шариат кеңеши тарабынан жактырылуусу зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

41. Банк тарабынан Шариат стандарттарынын сакталышына жүргүзүлгөн мониторинг, Шариат стандарттарынын сакталышын текшерүү, инвестициялык эсеп ээлеринин каражаттарын тескөө боюнча инвестициялык стратегиялар, Шариат стандарттарын сактоосуз алынган кирешелерди пайдалануу жана кайрымдуулук жана башка багыттагы иштери сыяктуу аспектилерди камтууга тийиш. 

42. Шариат стандарттарынын сакталышына мониторинг жүргүзүү үчүн жоопкерчиликтүү болгон бөлүм (же Шариат стандарттарынын сакталышын текшерүүгө алган, ыйгарым укуктуу ички аудитор) Шариат стандарттарынын сакталышы тууралуу отчетторду банктын Директорлор кеңешине, Шариат кеңешине, Аудит комитетине жана көчүрмөсүн - Банк Башкармалыгына берет. 

43. Шариат кеңеши тарабынан кабыл алынган чечимдер, басылмалар жана башка байланыш каналдары аркылуу банктын кардарлары сыяктуу эле, калайык-калк үчүн да жеткиликтүү болуусу зарыл. Банк, талап кылуулар боюнча Шариат кеңешинин кайсы болбосун чечимин түшүндүрүп берүүгө милдеттүү. Мында, түшүндүрүүлөр Шариат кеңешине макулдашылууга тийиш. 

44. Шариат кеңешинин мүчөлөрү Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга жооп берүүгө тийиш. Шариат стандарттарынын сакталышына мониторинг жүргүзүү үчүн жоопкерчиликтүү болгон бөлүмдүн кызматкерлери (же Шариат стандарттарынын сакталышын текшерүүгө алган, ыйгарым укуктуу ички аудитор) банкта Шариат стандарттарынын сакталышын текшерүү ыгын үйрөнүү максатында тиешелүү билим алышы зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

45. Шариат кеңеши жана Шариат стандарттарынын сакталышына мониторинг жүргүзүү үчүн жоопкерчиликтүү болгон бөлүм өз функцияларын аткарууда банк жетекчилигинен жана Директорлор кеңешинен көз карандысыз болууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

46. Шариат кеңешинин иши акционерлердин жалпы жыйынында бекитилген жобо аркылуу жөнгө салынат. «Ислам терезесине» ээ, анда ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча жайгаштырылган активдердин үлүшү баланстын валютасынын 50% ашпаган банкта Шариат кеңешинин иши, ал ушул жобонун жана Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларынын Шариат кеңешинин түзүлүшү жана иши боюнча бөлүгүнүн талаптарына жооп берген шартта, банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген жобого ылайык жөнгө салынышы мүмкүн. Шариат стандарттарынын сакталышына мониторингдин жүргүзүлүшүнө жооптуу болгон бөлүмдүн иши банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилип, Шариат кеңеши тарабынан макулдашылган жобо аркылуу жөнгө салынат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10, 2020-жылдын 26-февралындагы №2020-П-12/8-7-(НПА) токтомдорунун редакциясына ылайык) 

47. Шариат кеңеши тууралуу жобо төмөнкүлөрдү аныктоого тийиш: 

1) Шариат кеңишинин ишинин уюштурулушун кеңештин курамын, отурумдарды өткөрүү тартибин. Мында Шариат кеңешинин катышуусунда отурумдар жыл ичинде кеминде бир жолу өткөрүлүүгө тийиш экендиги, ал эми отурумда Шариат кеңешинин 2/3 мүчөсү катышкан учурда, Шариат кеңеши күн тартибинде каралган маселелерди кароо жана чечим кабыл алуу боюнча ыйгарым укуктарга ээ экендиги аныкталуусу зарыл; 

2) Шариат кеңешинин ыйгарым укуктарын жана жоопкерчиликтерин; 

3) Директорлор кеңеши, Башкарма жана Комитеттер менен өз ара иш алып баруу тартиби. 

Шариат стандарттарынын сакталышына мониторингдин жүзөгө ашырылышы үчүн жоопкерчиликтүү болгон бөлүм жөнүндө жободо төмөнкүлөр каралууга тийиш: 

1) бөлүмдүн иш максаттары, милдеттери жана аткаруучу функциялары; 

2) бөлүмдүн ыйгарым укуктары жана жоопкерчиликтери, анын кызматкерлеринин укуктары жана милдеттери; 

3) Директорлор кеңеши, Банк Башкармасы, Корпоративдик башкаруу боюнча комитет, Аудит боюнча комитет жана башка түзүмдүк бөлүмдөр менен өз ара аракеттенүү тартиби; 

4) бөлүмдүн кызматкерлерин дайындоодо, которууда, иштен бошотууда ж.б. учурда Шариат комитети менен макулдашуу зарылчылыгы. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10, 2020-жылдын 26-февралындагы №2020-П-12/8-7-(НПА) токтомдорунун редакциясына ылайык) 

6. Банк башкармалыгы 

48. Банк Башкармасы банктын күндөлүк ишине жетекчиликти Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына, Башкарма жөнүндө ички жобого ылайык жүзөгө ашырат жана ал Директорлор кеңешине отчет берет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

49. Банк Башкармасынын компетенциясына жана жоопкерчилигине тиешелүү маселелер мыйзамдарда белгиленген жана аларда Директорлор кеңеши тарабынан аныкталган стратегияларды жана саясаттарды жүзөгө ашыруу милдеттери каралган. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

50. Натыйжалуу корпоративдик башкарууну камсыз кылуу максатында, Банк Башкармасы төмөнкүлөрдү ишке ашырууга тийиш: 

1) банктын ишинин Шариат стандарттарына, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына жана талаптарына шайкеш күн камсыз кылуу; 

2) банк түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, кызмат адамдарынын жана кызматкерлеринин жоопкерчиликтеринин, ыйгарым укуктарынын жана кимге отчет бере тургандын так бөлүштүрүлүшүн камсыз кылуу; 

3) Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген саясаттардын жана стратегиялардын, уюштуруу түзүмүнүн бардык аткаруу деңгээлинде жол-жоболордун жана кызматтык иш боюнча нускоолордун талабынын аткарылышына жана так сакталышына мониторинг жүргүзүүнүн таасирдүү системасын калыптандыруу жана ошол системанын шайкештигине мезгил-мезгили менен баа берип туруу. 

4) банк ишинде, анын бардык түрү боюнча орун алышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди аныктоо, аларды өлчөө, мониторинг жүргүзүү жана контролдукка алуу боюнча саясатты жана тиешелүү жол-жоболорду иштеп чыгуу жана колдонууга киргизүү

5) башкаруу чечимдерин кабыл алуу үчүн зарыл болгон маалыматтардын (финансылык, окуялар жөнүндө иликтөөлөр жана рынок шарттары ж.б.) тиешелүү түрдө даярдалышын жана өз убагында берилишин камсыз кылган ишенимдүү маалымат системасын орнотуу; 

6) Директорлор кеңешине банктын бизнес-планынын болжолдуу көрсөткүчтөрүнүн жана өнүгүү стратегияларынын аткарылышына баа берүүгө өбөлгө түзгөн, финансы жана операциялык иштердин айкын натыйжаларын камтыган күндөлүк иш тууралуу кечиктирилгис, маанилүү жана так отчетторду берүү

7) Директорлор кеңешине банктын ички контролдук системасына, анын ичинде террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселелери боюнча баа берүүлөрдү (жылына бир жолудан кем эмес жолу), ошондой эле ички контролдук системасын өркүндөтүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү сунуштоо; 

8) банкта таасирдүү корпоративдик башкаруунун ишке ашырылышын жана колдоого алынышын, банк ишинин бардык багыттары боюнча ички контролдуктун өзгөчө ролун жана маанилүүлүгүн караган ички корпоративдик маданияттын этикалык жана акыйкат стандарттардын колдоого алынышын жана так сакталышын камсыз кылуу; 

9) Директорлор кеңешине тобокелдиктерди тескөөнүн үзгүлтүксүз процессинин натыйжалуугун жана шайкештигин камсыз кылууга өбөлгө түзгөн, тобокелдиктерди тескөө боюнча отчетторду жана сунуш-көрсөтмөлөрдү мезгил-мезгили менен берип туруу; 

10) банктын экономикалык абалындагы кандай болбосун начарлоолор же алардын келип чыгышы мүмкүн болгон жагдайлар тууралуу Директорлор кеңешине токтоосуз маалымдоо; 

11) мыйзамдардын, Улуттук банктын ченемдик актыларынын жана Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген ички саясаттардын талаптарынын бузулушуна жол берүүлөр тууралуу Директорлор кеңешине маалымдоо; 

12) банктын тиешелүү кызматкерлерине бизнес-пландар (стратегиялар), ошондой эле банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген, тобокелдиктин алгылыктуу деңгээлдери тууралуу маалымдоо боюнча чараларды көрүү

13) сырттан пайдалануучуларга маалыматтардын, билдирүүлөрдүн, финансылык, регулятивдик ж.б. отчеттордун так жана өз учурунда берилишин, жана банктын маалымат системасынын коопсуздугунун камсыз кылынышын камсыз кылуучу чараларды кабыл алуу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/2, 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

51. Банк Башкармасынын мүчөлөрүнүн Башкарманын компетенциясынын чегинен чыгуучу ишкердикти жүргүзүүсүнө жол берилбейт. Банк Башкармасынын Төрагасы жана анын мүчөлөрү, аткаруу милдети Башкармага жүктөлгөн маселелер боюнча аракеттенбей койгондугу үчүн жоопкерчилик тартышат. 

52. Банк Башкармасынын мүчөлөрү Улуттук банк тарабынан белгиленген минималдуу квалификациялык талаптарга жооп берүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

53. Башкарманын мүчөлөрү өз ишин жүзөгө ашырууда калыс болууга, өз таламын жана банктын айрым акционерлери менен кызмат адамдарынын таламдарын эмес, эң оболу, банктын таламын көздөп, Шариат стандарттарына ылайык келген алгылыктуу жана коопсуз банктык тажрыйбаны камсыз кылуу үчүн болгон күч-аракетин жумшоого тийиш.  

Кароого алынып жаткан маселе боюнча сын-пикирлер жана сунуштар, ошондой эле кабыл алынган чечимге макул болбогон банк Башкармасынын мүчөсү өз пикирин добуш берүү учурунда айтууга жана ал протоколдо чагылдырылууга тийиш. Отурумда толтурулган протоколго жана стенографиялык отчетко (толук жазуу түрүндөгү катышуучулардын чыгып сүйлөгөндөрүнүн тексти), отурумда катышкан Директорлор кеңешинин мүчөлөрү менен макулдашылгандан (виза коюлгандан) кийин төрагалык кылган кызмат адамы жана Корпоративдик катчы кол тамга коет. Директорлор кеңешинин отурумда катышпаган мүчөлөрү протокол жана кабыл алынган чечимдер менен таанышып чыгып, кол тамга коюуга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

54. Банк Башкармасынын башкаруучулук иш тажрыйбасында төмөнкүдөй учурларга жол берүүгө болбойт: 

1) коллегиалдуу чечим кабыл алуу учурларын эске албаганда, чечим кабыл алууга функционалдык милдеттерге ылайык тиешелүү ыйгарым укуктарга ээ эмес банк Башкармасынын мүчөсүнүн катышуусуна; 

2) Башкарма мүчөлөрү алардын компетенциясына кирген маселелер жагында тиешелүү квалификациясы, зарыл болгон жөндөмүнүн жана билиминин жок болушу; 

3) Башкарма мүчөлөрү, иш натыйжалары банк үчүн олуттуу мааниге ээ болгон, банктын негизги кызматкерлеринин ишине контролдукту жүзөгө ашырууга жөндөмсүздүгү (генерирленүүчү киреше, ислам банк өнүмдөрүн жайылтуу ж.б. көз карашынан алганда); 

4) чечимдердин, анын ичинде банктын бизнес планында жана саясаттарында, ошондой эле стратегиясында каралбаган маселелер боюнча чечимдердин акционерлердин жана/же банктын кызмат адамдарынын кысым жасоосу алдында кабыл алынышына. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

7. Кесиптик этика жана кызыкчылыктар боюнча конфликтердин алдын алуу 

55. Банктын стратегиялык максаттарга жетүүсүнүн маанилүү факторлору болуп, Директорлор кеңешинин жана Башкарманын кесиптик этика стандарттарын белгилөөгө багытталган иш-аракети саналат, алар корпоративдик башкаруунун төмөндөгүдөй аспекттеринин олуттуулугун аныктайт: 

1) банктын уюштуруу түзүмүнүн бардык деңгээлинде ички контролдуктун, анын ичинде террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселелери боюнча эффективдүү системаны камсыз кылуу; 

2) чың жана коопсуз банк тажрыйбасын жүргүзүү

3) банк кызыкчылыктарын банктын акционерлеринин, кызмат адамдарынын жана банк ишине таасир эте ала турган башка адамдардын жөнсүз жана мыйзамсыз аракеттеринен коргоо; 

4) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын жана банктын ички документтерин кошо алганда, Шариат стандарттарын, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын сактоо; 

5) кызыкчылыктар боюнча конфликтердин алдын алуу жана алар келип чыга турган жагдайларды жана иш чөйрөсүн аныктоо; 

6) банктын иш натыйжаларын эске алуу менен гана эмес, банктын стратегиялык максаттарына жана кесиптик этика стандарттарынын сакталышына ылайык, кызматкерлерге (Директорлор кеңешин, Шариат кеңешин жана Банк Башкармасын кошо алганда) эмгек акыларды, сый акыларды жана кызыктыруу акыларын белгилөө

7) банк кызматкерлерине жана кызмат адамдарына кредит берүүдө банктын коопсуздук жана ишенимдүүлүк талаптарын сактоо; 

8) кызматкерлерге жетекчиликтин мыйзамсыз, этикага жатпаган же шектүү аракеттери тууралуу кооптонууларын жана жетекчилик тарабынан мүмкүн болуучу терс аракеттерден коргонууну камсыз кылуу ниеттерин билдирүү мүмкүнчүлүгүн сунуштаган механизмдердин болушу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/2, 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

56. Банкты корпоративдик башкаруунун бардык деңгээлине оң таасир этүү максатында, кесиптик этика стандарттары, Директорлор кеңешин жана Башкарманы кошо алганда, банктын бардык кызматкерлерине тааныштырылууга жана уюштуруу түзүмүнүн бардык деңгээлинде сакталууга тийиш. 

57. Банкта таламдардын каршы келип калышына жол бербөө, ошондой эле аффилирленген жана банк менен байланыштуу жактар, банк Башкармасынын, Директорлор кеңешинин мүчөлөрү, башка кызмат адамдар, олуттуу катышуучулар, ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн адамдар менен байланыштуу кайсыл болбосун жеке адамдар менен операцияларды жөнгө салуу боюнча мыйзамдарды жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын сакталышын камсыз кылган механизмдер иштелип чыгууга тийиш.  

Таламдардын каршы келип калышына жол бербөө жана идентификациялоону камсыз кылуу максатында банк кеминде төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:  

- Директорлор кеңешине жана банк Башкармасына таламдардын каршы келип калышына байланыштуу тобокелдиктер тууралуу маалымат берүү жол-жобосун иштеп чыгууга;  

- Банктын кызмат адамы жана кызматкерлери кызмат ордуна дайындалганга (шайланганга) чейин банкка жакын туугандарынын тизмегин сунуштоого;  

- таламдардын каршы келип калышы орун алган шартта банктын кызмат адамы же кызматкери бул тууралуу банк Башкармасына жана/же Директорлор кеңешине дароо маалымдоого;  

- таламдардын каршы келип калышы тууралуу маалымат базасын жүргүзүүгө;  

- таламдардын каршы келип калышы өз убагында аныкталбаган учурда Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

58. Корпоративдик башкаруу кадр саясаты жагында төмөндөгүлөргө тиешелүү ички документтердин болушун жана сакталышын болжолдойт: 

1) кызматкерлерди ишке кабыл алуу жана бошотуу (бош турган кызмат орундарында өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгы боюнча ишке кабыл алынуучу кызмат адамдарын кошо алганда); 

2) кадрдык жылышуу жана кадрдык өсүш; 

3) Шариат кеңешин, Директорлор кеңешин жана Башкарманы кошо алганда, эмгек акылар, сый акылар, кызыктыруу акылары, социалдык төлөмдөрдү жана жеңилдиктерди берүү

4) кызматкерлерди (Директорлор кеңешин жана Башкарманы кошо алганда) окутуу; 

5) квалификациялуу жана компетенттүү персоналды (жетекчиликти кошо алганда) сактап калуу үчүн чаралар системасы; 

6) өз милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы, банк тарабынан кабыл алынган кесиптик этика стандарттарын бузууга жол бергендиги үчүн банк кызматкерлерине (Директорлор кеңеши, Шариат кеңеши жана Банк Башкармасын кошо алганда) карата чара колдонуу. 

Мында, төмөнкүлөрдү эске алуу зарыл: 

1) бош турган кызмат ордуна сынак жарыялоо учурунда талапкерлерге карата коюлуучу квалификациялык талаптар ошол кызмат орду боюнча кызматтык нускоонун талаптарына ылайык келүүгө тийиш; 

2) банктын негизги кызмат адамдарынын кызматтык иши боюнча нускоолору Банк Башкармасына макулдашуу менен бекитилиши зарыл. 

8. Банкты башкаруунун ачык-айкындуулугу 

59. Банкты башкаруунун ачык-айкындуулугу банктын акционерлерине, инвестициялык эсеп ээлерине, аманатчыларына жана башка кредиторлоруна башкаруу органынын иш-аракетине мониторингди жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берет, ошондой эле банктын эффективдүү корпоративдик башкарууну жүзөгө ашыруучу катары аброюн колдойт. Бул жаңы кардарларды, инвесторлорду жана иш боюнча өнөктөштөрдү тартууга шарт түзөт. 

60. Банктын иш-аракети жөнүндө маалыматты ачып көрсөтүү, ошондой эле ушул жобонун 5, 30, 31, 36, 38, 43-пункттары боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген талаптарга кошумча, эффективдүү корпоративдик башкаруу төмөндөгү маалыматтын ачып көрсөтүлүшүн болжолдойт:  

1) банктын башкаруу органынын жана Шариат кеңешинин түзүмү (курамы, квалификациясы, билими жана иш тажрыйбасы, ыйгарым укуктары, милдеттери, тескөөгө алган иш чөйрөсү, иш регламенти жана комитеттерде мүчөлүгү, анын ичинде комитеттин өткөрүлүүчү отурумдарынын саны жөнүндө маалыматты ж.б.);  

2) банк менчик ээлеринин түзүмү (банктын олуттуу акционерлери, банктын акционердик капиталындагы чет өлкө инвесторлорунун үлүшү, шайлоо укугу ж.б.);  

3) банктын уюштуруу түзүмү жана болгон болсо, банктык топтун түзүмү;  

4) банктын аффилирленген жактары жана инсайдерлери менен операциялардын түрлөрү, шарттары жана көлөмү;  

5) кесиптик этика стандарттары;  

6) таламдардын каршы келип калышына жол бербөө суроосу боюнча, сый акы төлөө боюнча жана тобокелдиктерди тескөө боюнча маалымат. 

7) алардын иштеген мезгил аралыгын көрсөтүү менен акыркы 5 (беш) жыл ичинде Шариат кеңешинин мүчөлөрүн дайындоо жана алмаштыруу жөнүндө маалымат; 

8) Шариат кеңешинин Шариат стандарттарынын сакталышы жөнүндө корутундусу. Бул корутунду банктын финансылык отчеттуулугунун курамында көрсөтүлүшү мүмкүн жана төмөнкү маалыматты камтууга тийиш: 

- банкка жана анын кардарларына финансылык кесепетин тийгизбеген (жоготуулар) Шариат стандарттары сакталбаган учурлар (жол-жобого тиешелүү кемчиликтер). Мындай маалымат боюнча чечмелөөлөрдө Шариат стандарттары сакталбаган учурларда аларды четтетүү боюнча көрүлгөн иш-чаралар жана мындай жагдайлардын кайталап орун алышына жол берилбеши үчүн контролдук чаралар тууралуу маалымат; 

- андан улам банк жана анын кардарлары финансылык жоготууларга дуушарланган Шариат стандарттары сакталбаган учурлар. Мындай маалымат боюнча чечмелөөлөрдө Шариат стандарттарына ылайык келбеген кирешелер (эгерде бар болсо), Шариат стандарттарына дал келбеген кирешелер жана чыгашалар кандайча чагылдырылгандыгы жөнүндө маалымат жана тиешелүү корректировкалоолор камтылууга тийиш; 

- Шариат стандарттарын сактоо боюнча жоопкерчилиги жөнүндө өтүнүч каты. 

Банкка акыркы 12 ай ичинде банк Шариат стандарттарын сактагандыгы боюнча Шариат кеңеши тарабынан чыгарылган чечимдерди, протоколдорду, ошондой эле ошол кабыл алынган чечимдер, протоколдор боюнча негиздемелерди жана Шариат кеңешинин чечимдерди кабыл алуу процессин чечмелеп берүү сунушталат. Чечимдер, протоколдор жана алардын негиздемелери жалпыга маалым терминдерди пайдалануу менен так, жөнөкөй жана түшүнүктүү тилде жана формада берилүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10, 2020-жылдын 26-февралындагы №2020-П-12/8-7-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

61. Банкты корпоративдик башкарууну мүнөздөгөн, анын ичинде бул жобонун 60-пунктунда келтирилген маалыматты, банктын веб-сайтында жайгаштырууга жана жыл сайын чыгуучу жана мезгилдүү отчетторунда жарыяласа болот. 

9. Банктын корпоративдик катчысы 

(Глава КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

62. Банктын корпоративдик катчысы банк акционерлеринин жалпы жыйынын жана Директорлор кеңешинин иш алып баруусун камсыз кылат жана аларды уюштурат (отурумдарды өткөрүү жана иш кагаздарын жүргүзүү).  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

63. Корпоративдик катчы банктын кызмат адамы болуп саналат жана ал банктын Директорлор кеңешинин чечими менен кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

64. Корпоративдик катчы өз ишин тиешелүү мыйзамга, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына, банктын Уставына жана ички ченемдик актыларына, ошондой эле Акционерлердин жалпы жыйыны жана Директорлор кеңеши тарабынан кабыл алынган чечимдерге ылайык жүзөгө ашырат.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

65. Корпоративдик катчынын ишин башка милдеттер менен айкалышта аткарууга банктын Директорлор кеңешинин макулдугунун негизинде гана жол берилет.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

66. Корпоративдик катчынын функционалдык милдеттери банк тарабынан өз алдынча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана банктын ички ченемдик актыларына ылайык иштелип чыгат.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

67. Корпоративдик катчы банктын таламында акыйкат жана акыл ченемдүү иш алып барууга милдеттүү, мында ал төмөнкүдөй фидуциардык милдеттерди аткарууга тийиш:  

1) өз ыйгарым укуктарын Кыргыз Республикасынын банктык мыйзам талаптарын, банктын уставын жана ички ченемдик актыларынын талаптарын так сактоо менен аткарууга;  

2) ага берилген ыйгарым укуктардан пайдаланууга;  

3) акционерлерге жана Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө карата бирдей мамиле кылуу принцибин так сактоого;  

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кынтыксыз ишкердик аброй талаптарына жооп берүүгө.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

68. Корпоративдик катчы банктын Директорлор кеңешинин отурумдарында милдеттүү түрдө стенографиялык протокол (катышуучулардын пикиринин тексти жазуу жүзүндө) толтурууга, ошондой эле жазуу жүзүндө сурамжылоону жана коммуникациялык каражаттарды колдонууну кошо алганда, добуш берүү жыйынтыгынын негизинде протоколдорду даярдоого тийиш.  

Корпоративдик катчы милдеттүү түрдө кол коюлган протокол менен коммуникациялык каражаттарды колдонуу менен Директорлор кеңешинин бардык мүчөлөрүн тааныштырууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

10. Дайындоо жана сый акы төлөө боюнча комитетке карата негизги талаптар 

(Глава КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

69. Дайындоо жана сый акы төлөө боюнча комитет банкта Директорлор кеңешинин иш натыйжалуулугун жогорулатуу жана кабыл алынган чечимдерди оптималдаштыруу үчүн ишкердик түрлөрүнөн көз карандысыз түзүлөт.  

Комитеттин иши, банк Башкармасынын мүчөлөрүн, ички аудит, тобокелдик-менеджменти, комплаенс-контролдук кызматтарынын жетекчилерин жана кызматчыларын, ошондой эле банк тарабынан аныкталган банктын негизги жетектөөчү кызматчыларын дайындоо жана аларга сый акы төлөө ишине контролдукту күчөтүүгө багытталууга тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

70. Дайындоо жана сый акы төлөө боюнча комитет, банк үчүн зарыл компетенцияга жана квалификацияга ээ адамдарды ишке тартуу, дем берүү жана кызыктыруу үчүн төлөнүүчү жетиштүү сый акы деңгээлин аныктайт, мында сый акы деңгээли чыгым тартууга алып келбөөгө тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

71. Комитеттин иши Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары жана Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген Комитет жөнүндө ички жобо аркылуу жөнгө салынат.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

72. Комитет банк акционерлеринин жыйынында дайындалган Директорлор кеңешинин кеминде үч мүчөсүнөн турууга жана алардын бири көз карандысыз мүчө болууга тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

73. Комитет банк Башкармасынын курамына ички аудит, тобокелдик-менеджменти, комплаенс-контролдук кызматтарынын жетекчилерин жана кызматчыларын, ошондой эле Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарды эске алуу менен аныкталган негизги кызмат ордун ээлеген кызматчыларды кошуу үчүн талапкерлер боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү Директорлор кеңешине берет.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

74. Комитет Корпоративдик катчы кызмат ордуна талапкерди кароого алып, анын белгиленген талаптарга жооп бере тургандыгына баа берет жана Директорлор кеңешине сунуш-көрсөтмөлөрдү берет.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

75. Директорлор кеңешинин, банк Башкармасынын мүчөлөрүнө, ички аудит, тобокелдик-менеджменти, комплаенс-контролдук кызматтарынын жетекчилерине, ошондой эле банк тарабынан аныкталган негизги кызмат орундарын ээлеген кызматкерлерге сый акы төлөө банкта кабыл алынган ички ченемдик актыларга ылайык жүзөгө ашырылат.  

Сый акыларды төлөө боюнча саясат Дайындоо жана сый акы төлөө боюнча комитет тарабынан иштелип чыгууга жана Директорлор кеңеши тарабынан бекитилүүгө тийиш. Директорлор кеңеши Дайындоо жана сый акы төлөө боюнча комитеттин колдоосу астында банкта сый акы төлөө боюнча саясаттын колдонууга киргизилишин жана жүзөгө ашырылышын контролдоого, ал эми зарылчылык келип чыккан учурларда түзөтүүлөрдү киргизүүгө тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

76. Банктын Директорлор кеңешинин, банк Башкармасынын мүчөлөрүнө, ички аудит, тобокелдик-менеджменти, комплаенс-контролдук кызматтарынын жетекчилерине жана негизги кызмат орундарын ээлеген кызматкерлерге сый акы деңгээли алардын натыйжалуу иш алып баруусуна дем берүүгө жана банкка компетенттүү, квалификациялуу адистерди тартууга жана кызыктырууга мүмкүнчүлүк түзүүгө тийиш.  

Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө кошумча сый акы өлчөмү жалпы акционердик жыйында кабыл алынган чечимдин негизинде финансылык жылдын акырында банк ишинин жыйынтыгын жана Директорлор кеңешинин мүчөсүнүн ишке натыйжалуу катышуусун эске алуу менен белгиленүүгө тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

77. Эмгекке төлөө системасы бизнес-стратегияга, тобокелдиктерди жөнгө салуу стратегиясына, банктын максаттарына, баалуулуктарына жана узак мөөнөткө каралган кызыкчылыктарына дал келүүгө, ошондой эле анда таламдардын каршы келип калышына жол бербөө чаралары каралууга тийиш. Дем берүү программалары, анын алкагында чечимдерди кабыл алуу тажрыйбасы белгиленген критерийлерге жооп берген жана кызматчылар жеке өзүнүн же түзүмүнүн кызыкчылыгында гана эмес, банктын таламында (кардарлардын да кызыкчылыгын эске алуу менен) иш алып баруусуна түрткү берген тобокелдиктерди жөнгө салуу ишин жүзөгө ашырууга өбөлгө түзүүгө тийиш. Дем берүү программасында каралган сый акылар (бонустар) кызматчылардын ашкере тобокелдикке баруусуна өбөлгө түзбөөгө тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

78. Сый акы өлчөмү тобокелдиктин натыйжага карата катышынан түздөн-түз көз каранды болууга тийиш. Келечекте аларды алуу мөөнөтү жана ыктымалдыгы белгисиз болгон кирешелердин эсебинен сый акы төлөө ыкмалары кабыл алынган сапаттык жана сандык көрсөткүчтөрдүн негизинде кылдат кароого алынат. Сый акы төлөө системасында, тобокелдик лимиттерин, ички жол-жоболорду же жөнгө салуу талаптарын бузууга жол берүүнү кошо алганда, бардык тобокелдиктерди эске алуу менен сый акы (бонус) өлчөмүн өзгөртүү мүмкүнчүлүгү каралууга тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

79. Сый акы төлөө жөнүндө ички ченемдик актыда төмөнкүлөрдү камтуу зарыл:  

- сый акы (бонус) төлөө тартиби жана мезгил аралыгын;  

- келечекте тобокелдиктерди тескөө натыйжасы эске алынган сый акы (бонус) төлөө критерийлеринин системасын;  

- сый акы (бонус) өлчөмүн;  

- тобокелдиктерди кыскартуу чараларын эске алуу менен ("ишенимсиз/жоготуу"), белгилүү бир тобокелдик орун алган учурдан тартып натыйжа алганга чейин сый акынын (бонустун) олуттуу үлүшүн төлөөнү кийинкиге калтыруу шарттарын;  

- алынган натыйжанын негизинде сый акы (бонус) өлчөмүн азайтуу же жокко чыгаруу же болбосо аларды төлөөгө чейин тиешелүү чараларды көрүү шарттарын;  

- иш-аракеттер планын аткаруу жана анын талаптарын сактоо шарттарын/банкттын кабыл алган бюджетин;  

- банктын кирешелүүлүгүн.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

11. Жаңы продукттар боюнча комитетке карата негизги талаптар 

(Глава КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

80. Жаңы продукттар боюнча комитет банкта банктык продукттарды иштеп чыгуу, жаңы продукттарды банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногуна колдонууга киргизүү, ошондой эле иштелип чыккан жаңы продукттар рыногуна банктын аралашуусун контролдоо боюнча чечимдерди кабыл алуу зарылчылыгы келип чыккан учурларда мыйзам талаптарына ылайык түзүлүшү мүмкүн.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

81. Комитет натыйжалуу, максатка багытталган жана контролдукка алынган алгачкы баа берүү процессин камсыз кылуу, учурдагы ресурстук чектөөлөрдүн чегинде банктык продукттарды же кызмат көрсөтүүлөрдү андан ары иштеп чыгуу, тесттен өткөрүү жана колдонууга киргизүү үчүн жаңы банктык продукттарга тиешелүү чечимдерди кабыл алуу боюнча ыйгарым укуктарга ээ.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

82. Комитет банктын тигил же бул түзүмдүк бөлүмүн жаңы банктык продуктту иштеп чыгуу процессине тартуу мүмкүнчүлүгүн аныкташы ыктымал.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

83. Жаңы банктык продукттарды иштеп чыгууда жана колдонууга киргизүүдө комитет келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерге жана аларды кыскартуу (азайтуу) ыкмаларына баа берүүгө тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

84. Комитеттин иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген "Комитет жөнүндө" жобо аркылуу жөнгө салынат.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

85. Комитет Директорлор кеңешинин же/жана банк Башкармасынын мүчөлөрүнөн турууга тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

86. Жаңы банктык продукттарды иштеп чыгуу жана колдонууга киргизүү чечимин кабыл алууда Комитет өз ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ченемдик актыларынын талаптарын так сактоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

  

 (1) Базель комитетинин банктык көзөмөл боюнча "Банктык уюмдарында корпоративдик башкарууну бекемдөө" документи англис тилинде Эл аралык эсептешүүлөр банкынын/Швейцария web-сайтында www.bis.org электрондук дареги боюнча жайгаштырылган. Ошондой эле, www.oesd.org сайтында жайгаштырылган ОЭСР корпоративдик башкаруунун принциптерин да карасаңыздар болот. 

 (2) Ислам Финансы Кызмат көрсөтүүлөр Кеңешинин "Ислам финансы кызмат көрсөтүүлөрүн гана сунушташкан институттар үчүн (ислам каржылоо (такафул) жана өз ара ислам фондуларынын институттарын эске албаганда) корпоративдик башкаруунун жетектөөчү принциптери" деген документи англис тилинде Ислам Финансы Кызмат көрсөтүүлөрү Кеңешинин веб-сайтында www.ifsb.org электрондук дареги боюнча жайгаштырылган. 

 (3) 

 (4) Улуттук банк Башкармасы тарабынан кабыл алынган "Банктардын ишин лицензиялоо жөнүндө" жобого ылайык. 

 (5) 4-шилтемени карагыла. 

 (6) Мисалы, эгерде банк, чектелген инвестициялык эсептердин ар түрдүү түрлөрүн сунуштаса. 

 (7) 7-шилтемени карагыла 

 (8) 4-шилтемени карагыла