Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2013-жылдын 25-сентябрындагы 

N 35\13 токтому менен 

бекитилген 

Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө 

ЖОБО 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/7, 2015-жылдын 14-октябрындагы № 62/4, 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/3, 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4, 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6, 2017-жылдын 22-февралындагы № 6/4, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/11, 2019-жылдын 19-июнундагы № 2019-П-12/32-3-(НПА), 2020-жылдын 24-мартындагы 2020-П-12\15-5-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1-глава 

Жалпы жоболор 

1. Бул жобо "ислам терезесине" ээ банктарды кошо алганда, коммерциялык банктарга жана мөөнөттүү депозиттерди тартуу менен иш алып барган, ошондой эле ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык компанияларга (мындан ары - банктар) таркатылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/11 токтомунун редакциясына ылайык) 

2. Банктарда операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөөнүн шайкеш системасын түзүү, бул Жобонун максатынан болуп саналат. 

2-1. Бул жобо өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган башка активдерге да таркатылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

3. Кредиттик тобокелдик - бул, кардарлар/сунуштоочулар/өнөктөштөр (мындан ары - кардарлар) өз милдеттенмелерин келишим мөөнөттөрүнө жана шарттарына ылайык аткарбагандыгынан улам келип чыккан жоготуу тобокелдиги, анын кесепети банк капиталына же анын пайдасына терс таасирин тийгизиши мүмкүн. 

Алгылыктуу натыйжа кардардын макулдашууларда жана/же келишимдерде каралган, банк алдындагы милдеттенмелерин аткарышына жараша аныкталган банк ишинин бардык түрлөрүндө кредиттик тобокелдик орун алышы ыктымал. 

Банктын кредиттик тобокелдикке дуушарлануу деңгээлин, анын келип чыгуу себептерин иликтөө жана кредиттик тобокелдикти алардын негизинде болжолдоого жана аны алгылыктуу деңгээлге чейин минималдаштырууга мүмкүндүк берген ички жана тышкы факторлорду аныктоо - кредиттик тобокелдикти тескөөнүн негизги максатынан болуп саналат. 

3-1. Кайра каржылоо - бул, колдонуудагы активдин ордун толугу менен же анын бир бөлүгүнүн ордун жабуу үчүн тиешелүү жаңы келишим түзүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 22-февралындагы № 6/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

4. Жобонун максатында кредиттик тобокелдикти камтыган активдер дегенден улам, ислам каржылоо принциптери боюнча жайгаштырылган активдерди түшүнүү зарыл. Кредиттик тобокелдикти камтыган, чек ара аркылуу өтүүчү активдер - бул, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкаркы жүргүзүлүп жаткан ишкердикти каржылоо үчүн резиденттерге/резидент эместерге берилген активдер, мында резидент/резидент эместер түшүнүгү Кыргыз Республикасынын "Чет өлкө валютасындагы операциялар жөнүндө" Мыйзамында аныкталган түшүнүккө төп келет. 

Кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин ар бир түрү өзгөчө мүнөздөмөлөргө ээ экендиги, айрым келишимдердин милдеттүү эмес мүнөзүнө жараша кредиттик тобокелдик, ички контролдукту жана тобокелдикти тескөөнү жүзөгө ашыруу үчүн активдин ар бир түрү боюнча өз-өзүнчө бааланууга тийиш. 

5. Ушул Жобонун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) башка ченемдик актыларынын талаптары банктын кредиттик тобокелдиктин тескөөгө алынышын жөнгө салуучу ички документтеринде толук чагылдырылууга тийиш. 

2-глава 

Операцияларды ислам каржылоо принциптери боюнча жүзөгө ашырууга тиешелүү банктын саясаты 

6. Банк жүзөгө ашырууга ниеттенген ислам каржылоо принциптери боюнча продукттардын жана типтүү келишимдердин бардык түрү Шариат стандарттарына ылайык келиши көз карашынан, алгач Шариат кеңеши тарабынан жактырылууга тийиш. 

7. Банктын ислам каржылоо принциптери боюнча операциялары Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген анын ички саясатына ылайык жүзөгө ашырылат. 

8. Банк Саясаты төмөнкү жоопкерчиликтүү каржылоо принциптерине негизделүүгө тийиш: ак ниеттүүлүк, ачык-айкындык, аныктык, кардарларга/өнөктөштөргө карата өнөктөштүк мамиле, алардын экономикалык таламдарын жана финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эсепке алуу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/11 токтомунун редакциясына ылайык) 

9. Саясатта кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин берилишине тиешелүү болгон төмөнкүдөй жол-жоболор чагылдырылууга тийиш: 

1) төмөнкүлөрдү кошо алганда, жалпы жоболор: 

- инвесторлордун саны боюнча чектөөлөрдү кошо алганда, потенциалдуу кардарлардын/өнөктөштөрдүн курамы; 

каржылоо максаттарына жана башка шарттарга жараша, кредиттик тобокелдиктерди камтыган активдердин түрлөрүн; 

- каржылоонун сандык чектерин; 

- каржылоо мөөнөттөрүн; 

- кардарлардын/өнөктөштөрдүн төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү критерийлерин; 

- кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча кошумча сумманы/кирешени жана аларды эсептөө ыкмаларын; 

- кардарлардын/өнөктөштөрдүн финансылык маалыматтарына карата талаптарын; 

- географиялык чектөөлөрдү

- актив берилүүчү валютаны белгилөө тартибин жана чектөөлөрдү

- кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин чектүү концентрацияланышы (кардарлардын/өнөктөштөрдүн топтору боюнча, географиялык белгиси, тармактар, валютасы жана башка факторлор боюнча); 

- банк менен байланыштуу жактарга жана аффилирленген жактарга берилүүчү, кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча чектөөлөрдү

- күрөөнүн наркына жана алгылыктуулугуна баа берүү критерийлерин; 

- күрөөнүн наркына жана алгылыктуулугуна баа берүү, анын ичинде күрөө предмети каржылоону тариздөө учурунда кардардын/өнөктөштүн/күрөө коюучунун жалгыз турак-жайы болуп саналгандыгына байланыштуу орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерге баа берүү критерийлери; 

- банк тарабынан кепилдик каттардын берилиши боюнча талаптар (2-тиркеме); 

- каржылоонун максималдуу портфелинин активдерге карата катышы; 

- каржылоо портфелиндеги активдин ар бир түрүнүн чектүү салыштырма салмагы; 

- жана башкалар. 

2) кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди тариздөө тартиби, анын ичинде: 

- документтердин формалары; 

- кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди сунуштоо тартиби; 

- кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин берилишин жактыруу тартиби; 

- финансылык талдап-иликтөөлөргө карата талаптар; 

- күрөөгө жана документтерге карата талаптар (күрөөнүн түрү, күрөөнүн кредиттик тобокелдикти камтыган активге карата катышы, рыноктук наркына баа берүү жана анын жайгашкан жери); 

- кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин туура тариздетилишине контролдук кылуу тартиби. 

3) төмөнкүлөрдү кошо алганда, кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди тескөө боюнча талаптар: 

- кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди тескөө тартиби; 

- кардардын/өнөктөштүн досңесинин шайкеш жүргүзүлүшүнө карата талаптар; 

- келишимдердин аткарылышына контролдукту уюштуруу; 

- күрөөгө жүргүзүлгөн мониторингдин мезгил аралыгы; 

- кредиттик тобокелдикти камтыган мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдерди узартуу же калыбына келтирүү шарттары; 

- классификациялоого жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүүгө карата талаптар (РППУ); 

- кредиттик тобокелдикти камтыган активдерге көз карандысыз баа берүү процесси; 

- маалымат системаларына (отчеттуулукка) карата талаптар; 

- кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин тескөөгө алынышына контролдукту уюштурууга карата талаптар; 

- кредиттик тобокелдикке байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон чыгымдарга баа берүү үчүн стресс-тестирлөөнү жүргүзүүгө карата талаптар (3-тиркеме); 

4) кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин максималдуу суммасын жана түрүн көрсөтүү менен аларды сунуштоо боюнча ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди сунуштоо жана банктын баланстан тышкаркы милдеттенмелерин кабыл алуу укугу, каржылоо учурунда кемчиликтерге жол бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тарткан бир нече деңгээлдеги кызмат адамдарына бөлүштүрүлүүгө тийиш; 

5) каржылоо процессине катышкан түзүмдүк бөлүмдөр ортосунда укуктардын өткөрүп берүү милдеттенмелери жана маалымат алмашуу; 

6) жаңы банктык продукттар боюнча тобокелдиктерге баа берүү тартиби. Бардык жаңы продукттар боюнча тобокелдиктер, банк мындай продукттар рыногуна киргенге чейин аныкталууга, баа берилүүгө жана контролдонууга тийиш; 

7) кредиттик тобокелдикти камтыган "көйгөйлүү" активдерге байланыштуу жагдайларды аныктоо, иликтөөлөрдү жүргүзүү жана чечүү тартиби. 

Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын кошо алганда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптардын чегинде банк, кардарлардын чөйрөсүн, кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин түрүн өз алдынча аныктайт жана кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча кошуп эсептелген бааны/кирешени белгилейт. 

8) кайра кредиттөөгө жол бербөөгө багытталган баа берүү жана отчет системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү талаптарын камтыган жоопкерчиликтүү каржылоо принциптери (кардардын/өнөктөштүн бир нече финансы-кредиттик уюмда кошумча милдеттенмеси болсо, натыйжада кардардын/өнөктөштүн карыз оорчулугу анын милдеттенмелерди тейлөө мүмкүнчүлүгүнөн басымдуураак болуп кетет). 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/11 токтомунун редакциясына ылайык) 

10. Банктын так жана кылдат иштелип чыккан Саясаты кредиттик тобокелдикти камтыган активдер менен туура иш алып барууга өбөлгө түзүп, банктын пайда алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш. 

11. Банк Башкармасы Саясаттын жана стратегиянын аткарылышына жоопкерчиликтүү, ал үчүн банк ишинин процессинде кредиттик тобокелдикти, анын ичинде валюта тобокелдиги менен шартталган кредиттик тобокелдик (тобокелдикти) аныктоо, өлчөө, мониторинг жүргүзүү жана контролдоо боюнча саясаттын жана жол-жоболордун иштелип чыгышын жана аткарылышын камсыз кылууга милдеттүү

Банк, валюта тобокелдиги менен шартталган кредиттик тобокелдикти туруктуу негизде аныктап туруунун, ага баа берүүнүн, мониторинг жүргүзүүнүн жана контролдукка алуунун комплекстүү системасынын, ошондой эле валюта тобокелдиги менен шартталган кредиттик тобокелдикке контролдукту, талдап-иликтөөлөрдү жана мониторингди жүзөгө ашыруу боюнча отчет берүү системасынын жөнгө салынышын камсыз кылууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 14-октябрындагы № 62/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

12. Банктын Директорлор кеңеши кредит саясатынын шайкештигин, лимиттер, инструменттер жана кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча жол-жоболор системасын, кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча ички аудит системасын кайра карап чыгууга, ошондой эле Саясатты, зарылчылыкка жараша банк тобокелдигинин профилиндеги, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларындагы өзгөртүүлөргө, банктык операциялардын татаалдыгына, банктын уюштуруу түзүмүндөгү жана кадрлар курамындагы каржылоо процессине таасирин тийгизген өзгөртүүлөргө жараша, ошондой эле республика экономикасында жана банктын, анын кардарлары/өнөктөштөрү ишкер байланышта болгон өлкөлөрдө өзгөрүүлөр жүргөн шартта, жылына кеминде бир жолу кайра карап чыгууга милдеттүү

Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди берүүгө тиешелүү бардык маселелер банктын Каржылоо боюнча комитети же ченемдик укуктук актылары аркылуу мындай укукту башка бирөөгө ыйгарып берүүгө укугу бар банктын Директорлор кеңешинин компетенциясына кирген маселелерден тышкары, жактар тарабынан гана чечилүүгө тийиш. 

Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди берүү укугу кызмат адамдарынын бир нече деңгээли боюнча бөлүштүрүлүүгө тийиш, мындай адамдар каржылоо учурунда кемчиликтерге жол бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат. 

Олуттуу тобокелдикти камтыган активдерди жана банктын банк менен байланыштуу жактарына/аффилирленген жактарына активдерди берүү Директорлор кеңеши тарабынан жактырылууга жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш. Банктын Директорлор кеңеши олуттуу тобокелдикти камтыган активдерди, банктын банк менен байланыштуу жактарына/аффилирленген жактарына активдерди, чек ара аркылуу өтүүчү активдерди, анын ичинде алар Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузуу менен берилген жана/же банк алар боюнча жоготууга учураган, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан күрөө менен камсыздалган жана өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди берүү жөнүндө чечимдерди колдоого алгандыгы үчүн жоопкерчилик тартат. 

Ошондой эле, эгерде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан күрөө, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдин суммасынын 20 пайызынан көбүрөөк тобокелдикти камтыган актив боюнча камсыздоодон болгон учурда да, банктын Директорлор кеңешинин жактыруусу талап кылынат. 

Мындан тышкары, каржылоо саясатында Каржылоо комитетинин жана/же банк Башкармасынын чектөөлөрдү көрсөтүү менен кредиттерди эсептен алып салуу жана реструктуризациялоо боюнча ыйгарым укуктары белгиленүүгө тийиш. 

Банк кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча тобокелдиктердин ички рейтинг системасын иштеп чыга алат. Тобокелдиктердин ички рейтинг системасы банк жүзөгө ашыра турган иш түрлөрүнүн мүнөзүнө, көлөмүнө жана татаалдыгына шайкеш келүүгө тийиш. Мындан тышкары, банк маалымат базасын жана өзүнө кредиттик тобокелдиктерди камтыган, берүү учурунда стандарттык эмес чечимдер кабыл алынган активдердин эсебин алуу (жекече үстөк баа, күрөөнүн түзүлүшү жана башка) журналын туруктуу жүргүзүп турууга милдеттүү

Банктын ички саясатында күрөө предметинен өндүрүү чечими кабыл алынган учурда ал кардардын/өнөктөштүн/күрөө коюучунун бирден бир турак жайы экендигин тастыктаган фактыларды текшерүү талаптары каралууга тийиш. Эгерде, күрөө предметинен өндүрүү учурунда күрөөгө сунушталган мүлк кардардын/өнөктөштүн/күрөө коюучунун бирден бир турак жайы болуп саналса, анда бул мүлктөн өндүрүү соттун чечими боюнча жүргүзүлүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 14-октябрындагы № 62/4, 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/11 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

12-1. Банк, валюта тобокелдиги менен шартталган кредиттик тобокелдикке ички контролдук системасына ички аудитти, анын ичинде активдерди классификациялоону жыл сайын жүргүзүп турууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 14-октябрындагы № 62/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

12-2. Банк, каржылоо жана мониторинг жүргүзүү процессине тартылган кызматкерлеринин банкта кардарлардын/өнөктөштөрдүн төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү саясатын эске алуу менен талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү жана баа берүү, проблемалуу кредиттер менен иш алып баруу маселелери, ошондой эле каржылоого тиешелүү башка маселелер, анын ичинде кардарлар/өнөктөштөр менен коммуникация жагында маселелер жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам талаптары жана жооптуу каржылоо принциптери боюнча мезгил-мезгили менен окутуудан өтүүсүн камсыз кылууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/11 токтомунун редакциясына ылайык) 

3-глава 

Шариат кеңешинин ролу 

13. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ишкердикти жүзөгө ашырууда бардык продукттарды сунуштоонун жалпы шарттары жана типтүү келишимдер, алардын Шариат стандарттарына ылайык келиши көз карашынан Шариат кеңеши тарабынан жактырылууга тийиш. Эгерде айкын бир келишим шарттарына, аларды өзгөртүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсе, алар да Шариат кеңеши тарабынан жактырылышы зарыл. 

Эгерде, Шариат кеңеши тарабынан жактырылган типтүү келишимдин бардык олуттуу (негизги) шарттары өзгөртүлбөгөн болсо, келишим акча каражаттарын жайгаштыруу боюнча бүтүмдөрдүн мүнөздүү өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен анын шарттарын тактоо максатында банктын Шариат кеңешине кошумча макулдашуусуз эле, өзгөртүлүшү жана толукталышы мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/11 токтомунун редакциясына ылайык) 

14. Шариат кеңеши өз милдетин аткарууда банк жетекчилигинен көз карандысыз болууга тийиш. 

15. Шариат кеңешинин иши банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген "Шариат кеңеши жөнүндө" жобо менен жөнгө салынат. 

16. "Шариат кеңеши жөнүндө" жободо төмөнкүлөр аныкталууга тийиш: 

- Шариат кеңешинин ишин уюштуруу (регламент) - кеңештин курамын, отурумдарды өткөрүү тартибин; 

- Шариат кеңешинин ыйгарым укуктарын жана жоопкерчиликтерин; 

- банктын Директорлор кеңеши, Башкармасы, Каржылоо боюнча комитети, Корпоративдик башкаруу боюнча комитет жана Аудит боюнча комитет менен өз ара иш алып баруу тартибин. 

17. Шариат кеңешине Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын кошо алганда, Кыргыз Республикасынын Мыйзам талаптарына жооп берген адистер кирүүгө тийиш. 

4-глава 

Банктын каржылоо боюнча комитети 

18. Банктын Директорлор кеңеши тарабынан дайындалган Каржылоо боюнча комитет банктын каржылоо боюнча саясатын жүзөгө ашырган орган болуп саналат. 

19. Активдерди, гарантияларды, милдеттенмелерди, кепилдиктерди, ошондой эле маңызы боюнча каржылоо операциясы болуп саналган жана өзүндө кредиттик жоготуулар тобокелдигин камтыган башка активдерди жана милдеттенмелерди берүүгө тиешелүү бардык маселелер банктын Каржылоо комитети тарабынан чечилүүгө тийиш. Каржылоо комитети, банктын Директорлор кеңешинин компетенциясына кирген маселелерди эске албаганда, бул укукту башка жактарга ыйгарышы мүмкүн. Каржылоо комитети ошондой эле, саясатка ылайык кредиттерди берүү, эсептен алып салуу жана реструктуризациялоо боюнча ыйгарым укуктарды бөлүштүрүүгө тиешелүү маселелерди да кароого алат. Мында, Каржылоо комитетинин кредиттерди эсептен алып салуу жана реструктуризациялоо боюнча чечими менен Банк Башкармасы айына кеминде бир жолу, ал эми Директорлор кеңеши чейрек ичинде кеминде бир жолу тааныштырылып турууга тийиш. Кредиттик комитет олуттуу тобокелдикти камтыган активдерди сатуу жана эсептен алып салуу боюнча сунушту Директорлор кеңешинин кароосуна сунуштайт. Банк Башкармасы Директорлор кеңешинин ушул маселелер боюнча чечимдеринин аткарылышы үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

20. Каржылоо боюнча комитеттин иши банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген "Банктын Каржылоо боюнча комитети жөнүндө" жобо аркылуу жөнгө салынат. 

21. "Банктын Каржылоо боюнча комитети жөнүндө" жободо төмөнкүлөр аныкталууга тийиш: 

- Каржылоо боюнча комитеттин ишин уюштуруу - комитеттин курамы, отурумдарын өткөрүү тартиби, чечимдери кабыл алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги; 

- Каржылоо боюнча комитеттин ыйгарым укуктары жана жоопкерчиликтери; 

- Директорлор кеңешинин отчет берүү жана банк Башкармасы, Шариат кеңеши жана түзүмдүк бөлүмдөр менен каржылоо маселелери боюнча өз ара иш алып баруу тартиби; 

- Каржылоо боюнча комитеттин ар бир мүчөсүнүн чечим кабыл алуу жана ага кол коюу боюнча жоопкерчилиги. 

22. Банктын Каржылоо боюнча комитети кеминде 5 мүчөдөн турууга тийиш, комитетти Башкарманын Төрагасы же анын орун басарларынын бири жетектейт. 

Каржылоо боюнча комитеттин курамына төмөнкүлөр кирет: 

- банктын Каржылоо боюнча бөлүмүнүн жетекчиси; 

- банктын юридикалык кызматынын жетекчиси; 

- аткарган функционалдык милдети Каржылоо боюнча комитеттин ишине катышуу учурунда, таламдардын каршы келип калышына себеп болбогон банктын башка кызматкерлери. 

Тобокелдик менеджери Каржылоо боюнча комитеттин ишине аталган коллегиалдык орган тарабынан чечимдердин кабыл алынышы учурунда добуш берүүгө укуксуз, эксперттик пикирин билдирүү үчүн катыша алат. 

Комитеттин чечим кабыл алууга катышкан ар бир мүчөсүнүн: 

- кароого алынып жаткан маселенин маңызы боюнча толук маалыматы болууга тийиш; 

- кабыл алынган чечимдин банк ишине тийгизген таасирин анык түшүнүүгө тийиш; 

- тобокелдиктин келип чыгышы ыктымалдыгына жана кабыл алынган чечимдердин натыйжаларына баа бере алууга тийиш. 

Кароого алынып жаткан маселе боюнча сын-пикирин жана сунушун билдирген жана кабыл алынган чечимге макул болбогон комитет мүчөсү ал тууралуу добуш берүүдө ачык билдирип, протоколдо каттатууга тийиш. Протоколго комитеттин отурумга катышкан бардык мүчөлөрү жана катчысы кол коет. Комитеттин отурумга катышпаган мүчөлөрү кабыл алынган чечимге кол коюп берүү менен таанышып чыгууга тийиш. 

23. Банктын тобокелдик менеджери эң аз дегенде ай сайын банк менен байланыштуу жактарга жана аффилирленген жактарга кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча тобокелдиктерге баа берүүнү кошо алганда, кредиттик тобокелдик деңгээли боюнча отчетторду Директорлор кеңешине сунуштап туруусу зарыл. 

5-глава 

Кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди сунуштоо боюнча ишти уюштуруу 

§ 1. Кредиттик тобокелдикти камтыган активди алууга берилген билдирмеге талдап-иликтөөлөр 

24. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди берүү боюнча иш мындай активди алууга кардардын/өнөктөштүн билдирмесин банк алган учурдан тартып башталат. Берилген билдирмеде кредиттик тобокелдикти камтыган активди алуу максаты, талап кылынган сумма, алуу шарттары жана мөөнөтү, аны кайтарып берүү булагы жана күрөөгө тиешелүү маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш (бул Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында жана банктын ички документтеринде каралган учурларда гана). 

25. Банктар, кардарлар/өнөктөштөр жөнүндө маалыматты кошо алганда, кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди алууга кардарлардан/өнөктөштөрдөн келип түшкөн билдирмелерди, билдирме боюнча кабыл алынган чечимге көз карандысыз, каттап турууга милдеттүү. Журналда ошондой эле, активдерди берүүдөн баш тарткан учурда, кардарга/өнөктөшкө ал тууралуу маалымдалгандыгы да чагылдырылышы зарыл. Журнал көктөлүүгө, номер коюлуп, ага банктын мөөрү басылууга тийиш (4-тиркеме). Банкта маалыматтардын сакталышын, алардын архивинин түзүлүшүн камсыз кылган жана оңдоолордун киргизилишине мүмкүндүк бербеген коопсуздук системасы орнотулган шартта, журналды электрондук түрдө жүргүзүүгө жол берилет. Журналда чагылдырылган маалыматтар Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 27-августундагы № 22/9 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана финансы-кредит мекемелеринин ишинде түзүлгөн негизги документтердин тизмегинде көрсөтүлгөн мөөнөттөргө ылайык сакталууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 14-октябрындагы № 62/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

26. Ар бир банкта кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди алууга билдирмелерди кароонун белгилүү бир тартиби, ошондой эле мындай активди алуу ниетин билдирип кайрылган жактарга карата коюлуучу талаптар белгилениши зарыл. 

27. Эгерде, каржылоо боюнча адис же кредиттик тобокелдикти камтыган активди берүү чечимин кабыл алууга катышкан кайсыл бир жак потенциалдуу кардарга каршы таламга ээ болсо, анда мындай жак кредиттик тобокелдикти камтыган активди берүү чечимин кабыл алууда ага катышууга тийиш эмес. 

28. Кардар өз сын-пикирлерин жана сунуштарын кардарлардын даттануулары жана сунуштары чагылдырылган китепте (мындан ары - китеп) каттоого тийиш. Китеп номерленип, көктөлүүгө, ошондой эле банк Башкармасынын төрагасы же анын орун басарларынын бири тарабынан күбөлөндүрүлүп, ага банктын мөөрү басылууга тийиш. Китеп кеминде беш жыл сакталууда турат (5-тиркеме). 

Банк, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген маалыматтын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бардык талаптарды сактаган шартта, ошондой эле маалыматтар резервин түзүүнүн автоматташтырылган системасы жөнгө салынган болсо гана китепти электрондук түрдө жүргүзүүгө жол берилет. 

Китепти сактоо мөөнөтү Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 27-августундагы N 22/9 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана финансы-кредит мекемелеринин ишинде түзүлгөн негизги документтердин сактоо мөөнөттөрү көрсөтүлгөн тизмеси жөнүндө" токтомуна ылайык белгиленет. 

Бул учурда банк кардарлар тарабынан берилген маалыматтардын купуялуулугун гарантиялабайт, анткени сын-пикирлерин жана сунуштарын чагылдыруу үчүн андан банктын бардык кардарлары пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ. 

29. Белгиленген талаптарга шайкеш келүүсүн жана өзүнө кредиттик тобокелдикти камтыган активди берүүнүн максатка ылайыктуулугун аныктоо, ошондой эле кардардын/өнөктөштүн төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн банк кардардан/өнөктөштөн төмөнкү документтерди талап кылууга тийиш: 

- кардар/өнөктөш жөнүндө негизги маалыматтар (кардар/өнөктөш - юридикалык жак - иштин негизги түрү, жүгүртүү каражаттарынын болжолдуу өлчөмү), валюталар боюнча кирешелер (түшкөн акчанын) түзүмү, каржылоонун ордун жабуу планы, негизги бизнес-өнөктөштөр жана башкалар чагылдырылууга тийиш болгон толтурулган анкета/билдирме. 

- нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн же юридикалык жактын мөөрү басылган же болбосо мыйзам талабына ылайык мындай көчүрмөлөрдү нотариалдык жактан күбөлөндүрүү мүмкүн болбогон шартта, жетекчинин кол тамгасы коюлган уюштуруу документтеринин көчүрмөсү (эгерде кардар/өнөктөш юридикалык жак болсо); 

- кардардын/өнөктөштүн (эгерде, карыз алуучу юридикалык жак болсо) акыркы отчеттук жыл үчүн финансылык отчету. Эгерде кардар/өнөктөш - юридикалык жак, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жыл сайын аудиттен өтүүгө милдеттүү болсо, финансылык отчет тышкы аудитор тарабынан тастыкталууга тийиш. Мында, юридикалык жак Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аралык финансылык отчетторун сунуштап турууга тийиш болсо, анда банк ошол отчетту юридикалык жактан талап кылышы зарыл; 

- (5-абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/3 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

- мамлекеттик органдардан каттоодон өткөндүгү жөнүндө документ (эгерде кардар/өнөктөш күбөлүктүн же патенттин негизинде 250000 сомдон ашпаган өлчөмдө каржылоо сунушталган жеке адамдарды эске албаганда, ишкердикти жүзөгө ашырган юридикалык жак же жеке адам болсо); 

- каржылоодон пайдалануу максатын, кардардын/өнөктөштүн акча каражаттарынын болжолдуу өлчөмүн, валюталар боюнча төлөө булактарын, каржылоонун ордун жабуу боюнча иш-чаралар планын, мөөнөттөрүн камтыган бизнес-план (эгерде кардар - юридикалык жак болсо жана каржылоо суммасы 3500000 сомдон көп болсо, жүгүртүү каражаттарын толуктоого берилген кредиттерди эске албаганда). Мында банк, кредиттик тобокелдикти кыскартуу максатында, инвестициялык каржылоо, олуттуу өлчөмдө каржылоо жана кардардын/өнөктөштүн бизнесине кылдат баа берүүнү талап кылган, каржылоонун башка түрлөрү боюнча бизнес-планга кошумча талаптарды белгилөөгө тийиш; 

- рыноктук наркын, баа берүү күнүн, ким тарабынан баа берилгендигин, каттоодон өткөндүгүнүн далилдерин, күрөөнүн жайгашкан ордун, ээлик кылууну тастыктаган (эгерде кыймылдуу/кыймылсыз мүлк күрөө болуп саналса) документтерди жана банктын ички документтерине ылайык, башка документтерди көрсөтүү менен күрөөгө коюлган мүлктүн описин (болгон болсо); 

- гарантты (кепилдик берүүчүнү), гарантия (кепилдик) суммасын ж.б. (эгерде банк гарантия (кепилдик берүүнү) талап кылса), ошондой эле гаранттын финансылык отчетторун (эгерде гарантия кредит боюнча бирден бир гана камсыздоо болуп саналса жана гарант - юридикалык жак болсо) көрсөтүү менен гарантиялар (кепилдиктер); 

- ким экендигин тастыктаган документти (эгерде кардар/өнөктөш жеке адам болсо); 

- акыркы 3-12 ай ичиндеги (мында банк, эмгек акы жөнүндө маалымкат берилүүгө тийиш болгон мезгил аралыгын өз алдынча аныктоого укуктуу) эмгек акысы тууралуу маалымкатты же киреше тууралуу маалыматтарды тастыктаган башка документтерди (эгерде кардар/өнөктөш жеке адам болсо). 

Банк, жогоруда белгиленген документтерден тышкары зарыл болгон, анын ичинде кардардын/өнөктөштүн төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү үчүн талап кылынган башка документтерди (контракттар, келишимдер, сунуштама каттарды ж.б.у.с.) да талап кыла алат. 

Банкта кардардын/өнөктөштүн маалыматы менен иш алып баруу боюнча ички жол-жобо болууга жана анда маалыматтардын сакталышын жана коргоого алынышын камсыз кылган талаптар каралууга тийиш. Банк кызматкерлери маалымат топтоодо жана кардарлар/өнөктөштөр менен маектешүүдө ал маалымат мыйзам талаптарына ылайык кандай учурларда колдонулушу мүмкүн экендигин кардарларга так түшүндүрүп берүүлөрү тийиш. 

Кардарлардын/өнөктөштөрдүн сүрөттөрүн же видео жаздырууларды, аудио жаздырууларды жана алар тууралуу башка маалыматты жарнамалык, маркетингдик маалыматтарда же башка максаттарда пайдалануу үчүн кардарлардын/өнөктөштөрдүн кат жүзүндөгү макулдугун алуу зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 14-октябрындагы № 62/4, 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/3, 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/11 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

30. Банктык кызмат көрсөтүүнү сунуштоодо банк төмөнкү укуктарды кошо алганда, кардарлардын/өнөктөштөрдүн укуктарынын сакталышын камсыз кылууга тийиш: 

- кардар/өнөктөштүн келишимге кол койгондон кийин акча каражаттарын алганга чейин же лизинг алкагында мүлк үчүн төлөө боюнча төлөмдөрдү жүзөгө ашырган кредиттик тобокелдикти камтыган активди алуудан акысыз негизде баш тартуу укугунун (банк тарабынан каржылоонун алкагында активдерге ээ болгон учурду эске албаганда); 

- кардар/өнөктөштүн келишимге кол койгонго чейин ага тиешелүү документтери менен кошо келишим долборун колуна алып, юридикалык консультация алуу үчүн банктан сырткары кайрылууга укугунун. Мында кардар/өнөктөшкө келишим менен таанышуу үчүн берилген убакыт аралыгы кеминде бир күн, бирок үч күндөн ашпоого тийиш; 

- кардардын/өнөктөштүн кредиттик тобокелдикти камтыган активди пролонгациялоо же реструктуризациялоо өтүнүчү менен банка кайрылуу укугунун; 

- эгерде кредиттик тобокелдикти камтыган активдин негизги суммасынын 50% көбүрөөгүнүн орду жабылган болсо, кардар/өнөктөшкө сунушталган күрөөнү, банктын ички документтерине ылайык кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча карызынын калган суммасын жаба алгандай нарктагы эки тарап үчүн алгылыктуу болгон башка күрөөгө алмаштыруу укугунун. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 14-октябрындагы № 62/4, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/11 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

31. Банктын каржылоо боюнча ишинин ачык-айкындуулугун арттыруу жана кардарлар/өнөктөштөр аларды тейлеген жеринде каржылоо шарттары менен кылдат таанышып чыгуусу максатында, каржылоо шарттары жана тартиби, кредиттик тобокелдикти камтыган активди алуу үчүн зарыл болгон тиешелүү документтердин тизмеги, каржылоо процессин жөнгө салган Улуттук банктын негизги ченемдик укуктук актыларынын тизмеги жөнүндө ачык маалыматты камтыган такталар көрүнүктүү жерде жайгаштырылышы зарыл. Такталарда ошондой эле, кардар/өнөктөштөрдүн укуктары, банкта даттануулар жана сунуш-пикирлер чагылдырылган китептин бардыгы жана кардарлар/өнөктөштөр үчүн зарыл болгон башка маалыматтар да чагылдырылууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

32. Банк кызматкерлери кардарлар менен функционалдык милдеттеринин алкагында гана иш алып барууга тийиш. Мындан тышкары, алар кредиттик тобокелдикти камтыган активди берүүдө сый акы үчүн ортомчу катары иш алып барууга укугу жок. 

33. Кредиттик тобокелдикти камтыган активди берүүгө байланыштуу келип чыккан тобокелдиктерди өзүнө алуу менен банк, мындай актив берилгенге чейин сыяктуу эле, кийин да - каражаттар банкка толук кайтарылып берилгенге чейин кардар/өнөктөш тарабынан берилген анын ичинде кардарлардын/өнөктөштөрдүн документ түрүндө тастыкталбаган кирешелери боюнча маалыматтардын толуктугун жана тактыгын текшерип турууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/11 токтомунун редакциясына ылайык) 

34. Кредиттик тобокелдикти камтыган активди алууга берилген билдирмеге талдап-иликтөөлөр банктын Директорлор кеңеши тарабынан жактырылган саясатка негизденип, анда төмөнкү негизги факторлорго көңүл бурулушу зарыл: 

- каржылоону алуу укугу. Банк кардар/өнөктөш кредиттик тобокелдикти камтыган активди алууга жана тиешелүү келишимге кол коюуга укуктуу экендигине анык ынаанууга тийиш; 

- кардарга/өнөктөшкө мүнөздөмө. Банк, кардар/өнөктөш каржылоону алууга жоопкерчилик менен мамиле жасай тургандыгын, банктын бардык суроолоруна толук жооп берип, карызын төлөө үчүн болгон күч-аракетин жумшай тургандыгын аныктоого тийиш. Талдап-иликтөөнү жүргүзүүдө кардар/өнөктөш ушул банкта же башка финансы-насыялык уюмда буга чейин кредиттерден (насыядан) же өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерден пайдаланганбы же жокпу, алынган кредит кайтарылып берилгендигин, кредиттик тартипти так сактагандыгын, өз милдеттенмелерин аткарууга даяр экендигин эске алуу зарыл. Мындан тышкары, анын кесипкөй сыяктуу эле, жалпы инсандык беделин көңүлгө алуу абзел, ошондой эле кардардын/өнөктөштүн ушул тармакта канча жылдан бери иштегендигин жана иш тажрыйбасын, жетишкен ийгиликтерин да кароо маанилүү. Башка кредиттик уюмдардан алган өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдер жөнүндө маалыматтарды да талап кылуу зарыл. Мындан тышкары, мыйзамга ылайык кардардын/өнөктөштүн макулдугунун негизинде кардар/өнөктөш менен байланышы бар жактар тууралуу бир же бир нече кредиттик бюролордон маалыматты (кредиттик отчетту) суроо зарыл. 

Банк кредиттик бюродон алынган кредиттик отчеттун купуялуулугун жана сакталышын, анда камтылган кредиттик маалыматтын үчүнчү жактарга таркатылбашын жана кредиттик отчеттун кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө мыйзамда белгиленген максаттарда гана пайдаланылышын камсыз кылууга тийиш.  

Банк, кредиттик бюродон алынган отчетто камтылган маалыматтын бурмаланышы үчүн жоопкерчилик тартат. 

- акча каражаттары. Кредиттик тобокелдикти камтыган активди алууга келип түшкөн билдирмеге талдап-иликтөөлөрдү жүргүзгөн банктын кызматкери төмөнкүдөй эң негизги суроолорго жооп берүүгө тийиш: кардар/өнөктөш өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин ордун жабуу үчүн жетиштүү көлөмдөгү киреше жана нак акча агымын, болжолдонуп жаткан каржылоо валютасында алууга мүмкүнчүлүгү барбы? Банк баа берүүдө буга чейин анын туруктуу өсүшкө ээ болгон пайдасы болгонбу же сатуу көлөмү канча, мындай ийгилик келишим мөөнөтү ичинде да туруктуу сакталабы? - мына ушул жагдайларды тактоого тийиш. 

Мындан тышкары банк, кардар/өнөктөш активди өз учурунда төлөөсүн камсыз кылуусу үчүн алмашуу курсунун өсүшүн эске алуу менен кардардын/өнөктөштүн кирешелеринин (түшкөн акчасынын) жана чыгашаларынын (анын ичинде чет өлкө валютасында) жетиштүүлүгүн аныктоосу зарыл. 

Эгерде, кардардын/өнөктөштүн кирешеси (түшкөн акчасы) келерки 12 ай ичинде айрыкча улуттук валютада түшө турган болсо, банк Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын, анын ичинде РППУ боюнча талаптарды эске алуу менен алмашуу курсунун өзгөрүүсү кардарга/өнөктөшкө терс таасирин тийгизүүсүнөн улам валюта тобокелдиги менен шартталган кредиттик тобокелдикти эске алып, кардарга/өнөктөшкө каржылоону чет өлкө валютасында сунуштоо максатка ылайыктуу экендигине баа берүүгө тийиш; 

- камсыздоо. Камсыздоону баалоодо банкты каржылоо боюнча адис өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди кайтарбай коюу тобокелдигин азайтуу үчүн зарыл жетиштүү сапаттуу камсыздоого кардар/өнөктөш ээби же жокпу, мына ушул жагдайды териштирүүсү зарыл.  

Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди берүүдө камсыздоонун ар кандай формалары, түрлөрү жана ыкмалары колдонулушу мүмкүн.  

Кардарлардын/өнөктөштөрдүн милдеттенмелеринин камсыздалышы ар кандай белгилер боюнча классификацияланат:  

өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди камсыздоонун мүлктүк формасы дегенден улам, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди алган учурда кардар/өнөктөш тарабынан сунушталган мүлктү сатып өткөрүүдөн акча каражаттарды алуунун эсебинен активдин ордун жабуунун экинчи булагын түшүнүүгө болот.  

Мүлктүк формага өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди камсыздоонун төмөнкү түрлөрү киргизилиши мүмкүн:  

- кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюу;  

- кыймылдуу мүлктү күрөөгө коюу (автотранспорт, жүгүртүүдөгү товарлар, тиричилик техника ж.б. мүлктөр, эрежедегидей эле, кардардын/өнөктөштүн колдонуусунда калат);  

- күрөө (заклад) (банктын сактоосуна берилген мүлк  баалуу металлдар, баалуу кагаздар, депозитти күрөөгө коюу ж.б.);  

өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди камсыздоонун мүлктүк эмес формасы. Активдерди камсыздоонун мүлктүк эмес формасы  бул каражаттарды кайтаруу гарантиясынын юридикалык таризделген эсебинен активдин ордун жабуу булагы.  

Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди камсыздоонун мүлктүк эмес формасына активдерди камсыздоонун төмөнкү түрлөрү киргизилиши мүмкүн:  

- гарантия;  

- кепилдик.  

Милдеттенменин ордун жабуу деңгээли боюнча өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча камсыздоо төмөнкүлөргө бөлүнөт:  

- негизги камсыздоо;  

- кошумча камсыздоо.  

Милдеттенменин толук ордун жабуусуна жараша өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча камсыздоо төмөнкүлөргө бөлүнөт:  

өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча толугу менен орду жабылган милдеттенме;  

өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча жарым-жартылай орду жабылган милдеттенме.  

Банктын кредиттик тобокелдиктерин минималдаштыруунун өзүнчө формасы катары кредиттик тобокелдикти камсыздоо болушу мүмкүн.  

Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча мүлктүк камсыздоону кабыл алуу үчүн банктын негизги иш-чаралары:  

- банк кардар/өнөктөш тарабынан сунушталган камсыздоонун болушуна ынанууга тийиш. Мүлккө карата менчик укугу жөнүндө документтерди, ошондой эле анын чыныгы түрүндө болушун текшерүү зарыл. Камсыздоо катары сунушталган мүлк (укук) реалдуу болууга тийиш. Мында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткарган учурда камсыздоону кийинки күрөөгө коюуга жол берилет;  

- банк камсыздоонун ликвиддүүлүк деңгээлин аныктоого тийиш, б.а. тез сатуу мүмкүнчүлүгү;  

- банк өз алдынча же мыйзамдардын талаптарына ылайык тиешелүү сертификатка ээ көз карандысыз адистерди-баалоочуларды ишке тартуу менен камсыздоонун наркын баалашы мүмкүн. Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча камсыздоонун рыноктук наркынын каржылоонун жана камсыздоо предметин сатып өткөрүүдөн мүмкүн болуучу сарптоолордун өлчөмүн эске алуу менен ал боюнча тиешелүү төлөөлөрдүн суммасынан артышы өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди кайтарбай коюу тобокелдигин тескөө боюнча инструменти болуп саналат;  

- банк кардар/өнөктөш тарабынан сунушталган мүлккө карата баанын туруктуулугун аныктоо максатында рынокту талдап-иликтөөсү зарыл, мында, банк бул камсыздоонун наркынын төмөндөө тобокелдиктерин эске алуусу зарыл;  

- банк колдонуу/пайдалануу мөөнөтү менен мүлктү кеминде кардардын/өнөктөштүн каржылоону колдонгон мөөнөтү боюнча камсыздоого кабыл алууга тийиш, мында, камсыздоону сактоодо муктаждыктын келип чыгуу мүмкүнчүлүгүн эске алуу зарыл, бул кошумча чыгашаларга алып келиши мүмкүн; 

-  гарантия/кепилдик. Каржылоо берүүнүн максатка ылайыктуулугун аныктоо үчүн өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди гарантия/кепилдик менен камсыз кылууда банк кардарга/өнөктөшкө толук көлөмдө талдап-иликтөө жүргүзгөндөй эле, гаранттын/кепилдик берүүчүнүн төлөө жөндөмдүүлүгүнө толук көлөмдө талдап-иликтөө жүргүзөт. Банк ушул жобонун талаптарына ылайык кардардын/өнөктөштүн төлөө жөндөмдүүлүгүн талдап-иликтөө үчүн талап кылынган документтерди гаранттан/кепилдик берүүчүдөн талап кылууга, анын кесиптик аброюн, өз милдеттенмесин аткаруу жоопкерчилигин жана даярдыгын иликтөөгө тийиш. Мында, бул шарттын аткарылбашы гарантия/кепилдик менен камсыздалгандардын жагында өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди бланктык катары таанууга алып келет; 

- чогуу жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнүн кепилдиги. Мында, чогуу жоопкерчиликтүү топ (мындан ары - ЧЖТ) дегенден улам, катышуучулардын - пайда табуу максатында ишкердик менен алектенген жеке адамдардын (кеминде 3 адам) ыктыярдуу биригүүсүн түшүнүү зарыл. ЧЖТнын мүчөлөрү топтун ар бир мүчөсүнүн милдеттенмелеринин аткарылышына биргелешип кепилдик берип, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кандай болбосун жагдайда алынган каражаттардын толук кайтарылып берилиши үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналышат. 

ЧЖТ катышуучуларынын өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди алууга берген билдирмесин кароо учурунда банк, чогуу жашап жаткан жана/же биргелешип бизнес жүргүзгөн бир үй-бүлө мүчөлөрү мындай топтун катышуучусу эмес экендигине көңүл бурууга тийиш. 

Бир үй-бүлөнүн мүчөсү болуп саналбаган, бирок биргелешип бизнес жүргүзгөн ЧЖТнын катышуучуларынын саны ошол топтун катышуучуларынын жалпы санынын 20 пайызынан ашпоого тийиш экендиги эске алынышы зарыл. Бир үй-бүлө мүчөсү болуп саналбаган, бирок биргелешип бизнес жүргүзгөн ЧЖТнын катышуучусунун үлүшү мындай топко сунушталган, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдин жалпы суммасынын 20 пайызынан ашпоого тийиш. 

Ушул жобонун талабына ылайык, биргелешип бизнес жүргүзүү дегенден улам, бир нече ишкерлер (өнөктөштөр, чогуу ээлик кылуучулар ж.б.) тартылган экономикалык иш чөйрөсүн түшүнүү зарыл. Мында, алардын иши биргелешип өндүрүүдөн жана/же товар сатуудан, кызмат көрсөтүүдөн пайда алууга багытталып, ошол максатта мүлк, материалдык эмес активдер, ошол ишкердин эмгеги колдонулат. Биргелешип жүргүзүлгөн бизнеске катышкандар андан түшкөн пайданы өз ара бирдей үлүштө бөлүштүрүп, бардык орун алган тобокелдик үчүн бүтүндөй мүлкү же алардын бөлүгү менен жооп беришет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 14-октябрындагы № 62/4, 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6, 2017-жылдын 22-февралындагы № 6/4, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/11, 2020-жылдын 24-мартындагы 2020-П-12\15-5-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

34-1. Банк, каржылоо боюнча бүтүмдөргө келишүүдө, өзгөртүүдө жана анын аткарылышына мониторинг жүргүзүүдө орун алган тобокелдикке баа берүү боюнча ишти уюштуруу максатында, бир же бир нече кредиттик бюро менен кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө келишим түзүүгө, ошондой эле кеминде бир кредиттик бюрого банкта сакталган кредиттик маалыматты сунуштоого милдеттүү.  

Кредиттик маалымат анык жана актуалдуу, айкын маалыматтарга негизденген, ошондой эле банк менен кардар ортосунда түзүлгөн келишим шарттарына ылайык келүүгө тийиш.  

Банктын кредиттик ишти жөнгө салуу боюнча ички документтеринде кредиттик маалымат алмашуу ишин уюштуруу тартиби жана талаптары, ошондой эле кредиттик бюро менен маалымат алмашуу жөнүндө келишимди түзүүдө банктын укуктары жана милдеттери, анын ичинде төмөнкүлөр камтылууга тийиш:  

- кредиттик маалыматты санкциясыз колдонуудан, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, пайдалануудан же ачыкка чыгаруудан сактоону жана коргоону камсыз кылуу;  

- кредиттик маалымат алмашуу процессинде катышкан банк жана анын кызматкерлери тарабынан алар менен эмгек келишими (контракт) токтотулгандан кийин да маалыматты ачыкка чыгарууга тыюу салуу;  

- кредиттик бюрого банк жоопкерчилик тарткан кредиттик маалыматка өзгөртүүлөр киргизилгендиги жана жаңыртылгандыгы жөнүндө өз убагында билдирүү;  

- кредиттик маалымат субъектисинин талабын кошо алганда, сунушталган маалымат бурмаланган учурларда, кредиттик бюрого берилген кредиттик маалыматка өзгөртүүлөрдү киргизүү;  

- кредиттик маалымат алмашуу келишимине ылайык, кредиттик бюрого маалыматтарды сунуштоо системасынын үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуу.  

Банк, бардык кардарлар/өнөктөштөр боюнча маалыматты кошо алганда, кредиттик бюрого берилүүчү кредиттик маалыматтын бурмаланышы, маалыматтын толук жана өз убагында берилиши үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

35. Банк каржылоо келишими боюнча милдеттенмелерин аткарбагандыгынын же талаптагыдай аткарбагандыгынын кесепетин түшүндүрүү (бул тууралуу кардар/өнөктөш каржылоо келишимине кол коет) жана ушул Жобонун 34-пунктунда көрсөтүлгөн факторлорду аныктоо жана/же тактоо максатында потенциалдуу кардар/өнөктөш менен маектешүүлөрдү өткөрүүгө тийиш. Ушул Жобонун 34-пунктунда көрсөтүлгөн талаптардын сакталышына жоопкерчилик, өзүнө кредиттик тобокелдикти камтыган активди берүү тууралуу чечим кабыл алууга ыйгарым укуктуу адамдарга жүктөлөт 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/11 токтомунун редакциясына ылайык) 

36. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди алууга келип түшкөн билдирмеге талдап-иликтөөнү жүргүзгөндөн кийин банктын каржылоо боюнча адиси кардарга/өнөктөшкө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди берүүнүн максатка ылайыктуулугу боюнча негиздеме чагылдырылган корутундуну даярдап, аны кардар/өнөктөштүн билдирмеси жана ушул жобонун, банктын ички документтеринин талаптарына ылайык кардар/өнөктөш банктын талабы боюнча сунуштоого тийиш болгон документтер менен бирге Каржылоо боюнча комитеттин кароосуна сунуштоосу зарыл. 

Кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди берүүдөн баш тарткан учурда каржылоо боюнча адис корутундуда анын себептерин көрсөтүү менен мындай чечимдин кабыл алынышын негиздеп, ошондой эле кабыл алынган чечим тууралуу банкта белгиленген тартипке ылайык, кардар/өнөктөшкө маалымдоого тийиш. 

37. Эгерде билдирмеде көрсөтүлгөн сумма биринчи деңгээлдеги жоопкерчиликтүү кызматкерлер берүүгө ыйгарым укуктуу болгон суммадан ашпаса жана алгылыктуу чечим кабыл алынган болсо, кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди берүү процессин тариздетүү жол-жобосу башталат. 

38. Эгерде билдирмеде көрсөтүлгөн сумма биринчи деңгээлдеги жоопкерчиликтүү кызматкерлер берүүгө ыйгарым укуктуу болгон суммадан ашып кетсе, анда тиешелүү корутунду ошол суммага кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди берүү маселесин чечүү алардын ыйгарым укугуна кирген кызматкерлердин же коллегиалдуу органдын кароосуна сунушталат. Мына ушундай сунуш-көрсөтмөнүн негизинде тиешелүү деңгээлдеги ыйгарым укукка ээ кызматкерлер мындай активди берүү маселесин так чечүүгө тийиш. Зарылчылык келип чыккан шартта корутунду жеткире иштеп чыгууга жөнөтүлүшү же кардар/өнөктөш жөнүндө кошумча маалыматтар талап кылынышы же болбосо аны менен дагы жолугушуп, сүйлөшүүнү кошо алганда, кардар/өнөктөш боюнча өз алдынча иликтөөлөр жүргүзүлүшү мүмкүн. 

Кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди берүү чечими, бардык документтер толук иликтөөгө алынгандан кийин гана кабыл алынат. 

38-1. Банк, кардарга эгерде өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча пландаштырылып жаткан ар айлык төлөмдөрдүн (негизги карыз жана үстөк баа/киреше) кардардын айына орточо алынган жалпы кирешесине карата катышы кеминде 50 пайызды түзгөн шартта гана керектөө максаттарына каржылоо улуттук валютада сунуштай алат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 14-октябрындагы № 62/4, 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/3 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

38-2. Банк, күбөлүктүн же патенттин негизинде ишкердикти жүзөгө ашырган жактарды эске албаганда, карыз алуучуларга-жеке адамдарга чет өлкө валютасында ипотекалык жана керектөө кредиттерин, ошондой эле эмгек акы долбоорунун алкагында төлөм карттары боюнча овердрафтты бере албайт жана депозит күрөөсү алдында чет өлкө валютасында төлөм карттарына каржылоо лимиттерин белгилей албайт. Мында, эгерде депозит да каржылоо валютасында болсо, анда ал кредит суммасынын кеминде 100% ордун, ал эми эгерде депозит каржылоо валютасынан башка валютада болсо - сом эквивалентинде анын кеминде 120% ордун жабууга тийиш. Ошол кредиттер боюнча төлөмдөрдү кредиттик келишим валютасынан айырмаланган валютага байланыштырып индексациялоого жол берилбейт. Мына ушундай каржылоолор боюнча төлөмдөрдү, каржылоо келишиминин валютасынан айырмаланган валютага байланыштырып индексациялоого жол берилбейт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/3, 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

38-3. Банк Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/3 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында обочо туруп/аралыктан тейлөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жободо, Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген, ошондой эле банктын ички саясаттарында жана жол-жоболорунда көрсөтүлгөн талаптар сакталган шартта, обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу кредиттерди сунуштай алат. 

Жөнөкөй электрондук кол тамга менен тастыкталган келишимдер боюнча обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу берилген кредиттер суммасы 15 000 сомдон (чет өлкө валютасы эквивалентинен) жана күчөтүлгөн электрондук кол тамга коюлган келишимдер боюнча 150 000 сомдон (чет өлкө валютасы эквивалентинен) ашпоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 19-июнундагы № 2019-П-12/32-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

39. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди кардар/өнөктөшкө берүү маселеси алгылыктуу чечилген шартта, андан алынган документтер боюнча кардар/өнөктөштүн досңеси түзүлүп, ага ошол активге тиешелүү баардык документтер сыяктуу эле, келечекте берилүүчү мындай активдер боюнча документтер да көктөлүп турат (кардар/өнөктөштүн досңесине карата минималдуу талаптар 1-тиркемеде келтирилген). 

Обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу берилген, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча кардардын/өнөктөштүн таржымалы (досьеси) кагаз жүзүндөгү документтердин сактоо мөөнөтүнөн кем эмес мөөнөттө маалымат базасында электрондук түрдө (электрондук маалымат каражаттарында) жүргүзүлүшү мүмкүн. Мында, электрондук документтер базасына кирүү мүмкүнчүлүгү колдонуудагы мыйзамдарга ылайык камсыз кылынышы зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 19-июнундагы № 2019-П-12/32-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

40. Кардар/өнөктөштүн досңесинде баардык жолугушуулар, аңгемелешүүлөр, телефон аркылуу сүйлөшүүлөр катталып, күрөөнүн бардыгы жана анын абалына жүргүзүлгөн текшерүүлөр боюнча корутундулар тиркелип, сүйлөшүүлөрдүн кыскача мазмуну, ошондой эле кредиттик тобокелдикти камтыган ошол активдерге байланыштуу баардык кат-кабарлар көрсөтүлүүгө тийиш. 

§ 2. Каржылоо келишимин түзүү 

41. Кредиттик тобокелдикти камтыган активди берүү тууралуу алгылыктуу чечим кабыл алынып, алар менен бардык шарттар талкуулангандан кийин кардар/өнөктөш менен Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык келген келишим түзүлөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/11 токтомунун редакциясына ылайык) 

42. Банк кардарларынын/өнөктөштөрүнүн укуктарынын, чыгашаларынын (төлөмдөрүнүн) тизмеги кошо тиркелген, банк менен кардар/өнөктөш ортосунда түзүлгөн келишим, ошондой эле башка келишимдер макулдашуунун негизинде мамлекеттик же расмий тилде (зарылчылыкка жараша келишимдин тексти башка тилге которулушу мүмкүн) түзүлөт. Кардардын/өнөктөштүн келишим шарттарынан улам келип чыккан укуктары жана милдеттери өзүнчө бөлүктө чагылдырылууга тийиш. Бардык тиркемелери менен келишимдин бүтүндөй тексти бирдей тамгада терилип, анын өлчөмү кеминде 12ни түзүүгө тийиш. 

Обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу берилген, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча келишимдер Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген суммада, алардын келишим тараптарына таандык экендигин тастыктаган электрондук кол тамга коюлуп тастыкталышы мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/11, 2019-жылдын 19-июнундагы № 2019-П-12/32-3-(НПА) токтомдорунун редакциясына ылайык) 

43. Келишимди түзүү учурунда берилген каражатты кайтарып алууга байланыштуу көйгөйлөр келип чыкпашы үчүн өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди сунуштоонун жана анын ордун жабуунун бардык шарттары камтылууга тийиш. Банк, эгерде келишимде кардардын/өнөктөштүн укугун кемсинтүүгө жол берилип же милдеттерин көбөйткөн болсо, мында бул укук кардарга/өнөктөшкө белгиленген мөөнөттө маалымдоо (кеминде 30 күн мурда), ошондой эле конкреттүү статьялардын, шарттардын тизмелери жана алардын өзгөрүүлөрүнүн максималдуу/минималдуу чектерин көрсөтүү менен, келишимде ал тууралуу түздөн-түз белгиленген учурду эске албаганда, келишимдин баштапкы шарттарын бир тараптуу негизде өзгөртүүгө укуксуз. Кардар/өнөктөш менен биргеликте өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдин планда каралган төлөө графигин, ал боюнча үстөк ченди/кирешени аныктоодо мындай актив багытталууга тийиш болгон иш максатына, кардардын/өнөктөштүн бизнесинин мүнөзүнө, алар сунуштаган жана банк текшерүүгө алган бизнес-планга, акча каражаттарынын болжолдуу жылышына таянуу менен иш алып баруу зарыл. Карызды төлөө графигинде эң аз дегенде, активдин суммасы, актив боюнча үстөк чен, сунуштоо күнү, актив боюнча карыздын негизги суммасы, ал боюнча үстөк чен, калдыктарды пландык төлөө суммасын көрсөтүү менен план боюнча төлөө күнү камтылууга тийиш. Төлөө графиги сунушталган каржылоо келишиминин ажырагыс бөлүгүнөн болуп саналат. Каржылоо продукттары боюнча (эмгек акы долбоорлорунун, каржылоо линияларынын алкагында, төлөм карттары боюнча овердрафттар ж.б.у.с.) карызды төлөө графигин түзүү талап кылынбайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 14-октябрындагы № 62/4, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/11 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

44. Келишимде эң аз дегенде, төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: 

- тараптардын аталышы; 

- келишим предмети: 

- келишим колдонулган мезгил аралыгы; 

- өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди сунуштоонун негизги шарттары, суммасы, төлөө мөөнөтү, камсыздоо шарттары, ал боюнча үстөк чен/киреше жана эсептөө ыкмалары, активди сунуштоо формасы: нак түрдө (касса аркылуу) же нак эмес түрдө (анын ичинде банктык төлөм карттары аркылуу кардардын/өнөктөштүн эсебине чегерүү); 

- өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдин максаттуу багытталышы; 

- тараптардын укуктары жана милдеттери; 

- банкка ал тууралуу отуз күн мурда алдын ала кат жүзүндө маалымдаган шартта, кайсыл болбосун убакытта айыптык санкцияларды (комиссиялык жана башка төлөмдөр) кармап калуусуз эле, кардардын активди толугу менен же анын бөлүгүн мөөнөтүнөн мурда жабууга укугу. Кредит алгандан алты ай өткөндөн кийин аны мөөнөтүнөн мурда төлөгөн учурда айыптык санкциялар колдонулбайт. ЧЖТнын катышуучусунун бири калган катышуучулар кат жүзүндө ага макулдук берген шартта гана мөөнөтүнөн мурда төлөөгө жол берилет; 

- кредиттик бюрого кардар/өнөктөш тууралуу маалыматты берүү шарттары, ошондой эле мыйзамдарга ылайык кардар/өнөктөш тууралуу маалыматты пайдалануунун башка учурлары; 

- тараптардын кимдир бирөөсү өз милдеттенмелерин бузууга жол бергендиги үчүн  санкциялар, келишимди токтотууга түрткү берген учурлар жана шарттар. 

ЧЖТнын катышуучуларынын бири өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдин бөлүгүн мөөнөтүнөн мурда төлөгөн болсо да, топтун курамында алынган активдин орду толук жабылганга чейин кепилдик келишими боюнча чогуу жоопкерчилик тартууну уланта берет. Чогуу жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларынын жана банктын макулдугу болгон шартта, ошондой эле ЧЖТнын курамынын минималдуу саны боюнча шарттар сакталган учурда өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдин ага тиешелүү бөлүгүн төлөгөн катышуучу чогуу жоопкерчиликтен бошотулушу мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 14-октябрындагы № 62/4, 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/11 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

45. Банк кардарларынын/өнөктөштөрүнүн чыгашаларынын (төлөмдөрүнүн) жана айыптык санкциялардын, ушул жобого карата 6-тиркемеге ылайык таблица формасында түзүлгөн тизмеги, банк менен кардар/өнөктөш ортосунда түзүлгөн келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. 

Каржылоо келишимине карата 6-тиркемеге ылайык банк тарабынан жарыялангандардан же белгиленгендерден тышкары, кошумча жыйымдарды, комиссиялык жана башка төлөмдөрдү, ошондой эле кардар/өнөктөш менен макулдашуудан көз карандысыз, башка акы төлөнүүчү кошумча кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүүгө тыюу салынат. 

Банк, кардарга көрсөтүлгөн тизмени сунуштоого, аны менен тааныштырууга, зарылчылык келип чыккан шартта кардарга/өнөктөшкө өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди, туумдарды, айыптык төлөмдөрдү эсептөө тартибин, активди алуу/төлөө, анын ичинде банктык төлөм карттарын пайдалануу менен алуу/төлөө шарттарын, тобокелдиктердин келип чыгышы ыктымалдыгын, эгерде актив чет өлкө валютасында алынып, бирок күтүлүп жаткан киреше (же анын бөлүгү) улуттук валютада боло турган болсо, чет өлкө валютасынын алмашуу курсунун өсүшү шартында төлөөгө жөндөмсүздүк жагдайынын орун алышы тууралуу түшүндүрмө берип, кардардын/өнөктөштүн макулдугун алууга тийиш. Мында кардардын/өнөктөштүн кол тамгасы анын далилинен болуп саналат. 

Банк, келишимге жана ички жол-жоболоруна ылайык, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин берилишине, өздөштүрүлүшүнө жана кайтарылып берилишине байланыштуу кардардын/өнөктөштүн бардык чыгашаларын көрсөтүүгө тийиш. Банк, кардарларга/өнөктөштөргө маалым болушу үчүн үчүнчү жактардын кызмат көрсөтүүлөрү боюнча чыгашалар наркын (камсыздандыруу, нотариус ж.б. кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөр) бул чыгашалар келечекте өзгөрүшү ыктымалдуулугуна шилтеме келтирүү менен үчүнчү жактардын келишим түзгөн күнгө карата колдонулган тарифтери боюнча чагылдырат. 

Мындан тышкары келишимде төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

- банктардын аны башка финансы-кредит уюмуна сунуштоо үчүн кардардын/өнөктөштүн талабы боюнча үч жумуш күнү ичинде өзүнө кредиттик тобокелдикти камтыган активди алгандыгы жана кардар/өнөктөш ушул актив боюнча кредиттин шарттарын сактагандыгы тууралуу маалыматты, ошондой эле кардардын/өнөктөштүн эсеби (эсебинин, чегинин, балансынын көчүрмөсү, кредит боюнча төлөмдөрдүн тастыктамасы жана башка зарыл маалымат) жөнүндө так жана анык маалыматты сунуштоо милдети; 

- эгерде күрөө предмети коом үчүн тарыхый, көркөм жана маданий баалуулук катары маанилүү болсо, же жеке адамга менчик укугунда таандык болгон жалгыз турак-жай болуп саналса, күрөө предметинен соттук тартипте гана өндүрүүнү жүргүзүү

- кардардын/өнөктөштүн-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкердин кредиттик тобокелдикти камтыган активи боюнча күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү жол-жобосунун башталгандыгы тууралуу билдирүү жөнөтүлгөндөн 15 күн өткөндөн кийин үстөк айыпты (айыптык төлөмдөрдү, туумдарды) чегерүүнү токтотуу боюнча банктын милдети. Айыптык санкциялар жана туумдар Шариат стандарттарында каралган учурларда гана колдонулушу мүмкүн. Бүтүндөй каржылоо мезгили ичинде чегерилген үстөк айыптын (айыптык төлөмдөрдүн, туумдардын) өлчөмү сунушталган каржылоо суммасынын 20 пайызынан ашпоого тийиш. Мында, үстөк айып (айыптык төлөмдөр, туумдар) түрүндө алынган акча каражаттары финансы-кредиттик уюмдар менен аффилирленбеген уюмдарга кайрымдуулук максаттары үчүн багытталууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/11 токтомунун редакциясына ылайык) 

46. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 14-октябрындагы № 62/4 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

47. Келишимде кардар/өнөктөш өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди максаттуу багыттарга гана пайдалангандыгын тастыктаган финансылык отчеттун жана/же башка финансылык документтердин мезгил-мезгили менен берилип турушу шарты каралышы маанилүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 14-октябрындагы № 62/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

48. Келишимде четтетүүгө мүмкүн болбогон (форс-мажор) кесепеттүү жагдайлардын орун алышы жана бул учурда аракеттерди көрүү тартиби каралууга тийиш. 

Форс-мажордук жагдайларга бөөдө кырсыктары (суу ташкындарын, жердин силкинүүсүн, өрттүн чыгышын жана башка жаратылыш жана техногендик кырсыктар), эпидемияларды, өзгөчө абалдын киргизилишин, массалык баш аламандык, согуштук аракеттерди жана булар менен эле чектелип калбаган башка кесепеттүү жагдайларды кошууга болот. 

49. Кардар/өнөктөш бардык тиркемелери менен кошо кагазга чыгарылган кредиттик келишимдин ар бир барагына кол коюуга же бирдиктүү электрондук документ формасындагы келишимге анын тараптарга таандык экендигин күбөлөндүргөн электрондук кол тамга басуу менен тастыктоого тийиш. 

Банк кардардын/өнөктөштүн кредиттик келишим шарттары менен таанышып чыккандыгын, келишим шарттары түшүнүктүү жана аларды аткарууга кардар/өнөктөш макул экендигин билдирип кредиттик келишимге кол койгондугун же болбосо анын бирдиктүү электрондук документ түрүндөгү формасына электрондук кол тамга коюп тастыктагандыгын далилдеген тил катты алууга тийиш. Тил кат (алынган болсо) кардардын/өнөктөштүн кредиттик таржымалына кошо көктөлөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 19-июнундагы № 2019-П-12/32-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

50. Түзүлүп жаткан келишим нускасы аны бекиткен тараптардын санынан кем болбоого тийиш. Келишим түзүп жаткан ар бир тарап бардыгы кол койгон кредиттик келишимдин түп нускасын, же Кыргыз Республикасынын электрондук кол тамга жөнүндө мыйзамына ылайык кол коюлган электрондук документти алууга тийиш. Кредиттик келишим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына каршы келбөөгө тийиш. Банк кардардан/өнөктөштөн келишимдин түп нускасын же электрондук кол тамга коюлган электрондук документти алгандыгы тууралуу тил катты алууга тийиш. Кардардын/өнөктөштүн акча каражатын алгандыгы фактысы тиешелүү документ менен тастыкталышы зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 19-июнундагы № 2019-П-12/32-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

50-1. Эгерде каржылоо линиясы боюнча келишимде, каржылоонун биринчи бөлүгү алынгандан кийин кардардын/өнөктөштүн каржылоо линиясынын калган бөлүгүн алууга укугу же банктын каржылоо линиясынын калган бөлүгүн берүү боюнча милдеттенмеси жокко чыгарыла тургандыгын караган норма камтылса жана бул учурда банк каржылоо линиясы боюнча баланстан тышкаркы милдеттенмелерге потенциалдуу жоготуулардын чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзбөгөн болсо, анда банк каржылоо линиясынын экинчи бөлүгүн берүүдөн тартып жана каржылоо линиясынын бөлүгүн ар бир жолу кезеги менен берүүдө кайталап талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн тиешелүү документтер топтомун топтоого тийиш (ушул Жобого карата биринчи тиркеменин 4, 5, 11, 15, 18-пункттары жана каржылоо линиясынын буга чейин сунушталган бөлүгүнүн максаттуу пайдаланылышы жөнүндө отчет). Эгерде мындай документтердин берилишинен алты ай өтө элек болсо, кардардын/өнөктөштүн буга чейин сунуштаган документтери колдонулушу мүмкүн. Мында каржылоо линиясынын кезектеги бөлүгүн берүү маселеси банктын каржылоо саясатына ылайык анын ыйгарым укуктуу органы/жагы тарабынан чечилүүгө тийиш. Ошону менен бирге эле, тиешелүү келишимде кардардын каржылоо линиясынын сунуштоо жагында бардык шарттарга макулдугун билдирген, алар ага түшүнүктүү экендигин далилдеген кол тамгасы коюлууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 14-октябрындагы № 62/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

§ 3. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдин кайтарылып берилишин камсыз кылуу 

51. Кредиттик тобокелдикти камтыган банктык активдер камсыздалган болушу же камсыздоосуз сунушталышы мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 14-октябрындагы № 62/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

52. Ушул жобонун максаттарында кредиттик тобокелдикти камтыган активди төлөө булактары баштапкы жана экинчи болуп бөлүнөт: 

1) кардар/өнөктөш тарабынан кредиттик тобокелдикти камтыган активдин ордун жабууга багытталган акча каражаттары, ошондой эле өндүрүштүк иштин жүрүшүндө, кызмат көрсөтүүдө, иштерди аткарууда жана башка кадимки иштин жүрүшүндө нак жана нак эмес формадагы түшкөн кирешелер (юридикалык жактар үчүн), ал эми жеке адамдар үчүн эмгек акы жана башка акчалай түшүүлөр - баштапкы булактан болуп саналат; 

2) күрөөгө коюлган мүлктү, банктын кардарды/өнөктөштү каржылоонун алкагында сатып алган мүлкүн сатып өткөрүүдөн алынган акча каражаттар, кепил болуучу жана гарант тарабынан каражаттардын чегерилиши - экинчи булактан болуп саналат. 

53. Каржылоого билдирмени кароодо жана аны сунуштоо шарттарын бекитүүдө эң оболу, биринчи булакка таянуу зарыл, мында төлөөнүн экинчи булагына гана таянууга болбойт. Ошондуктан, кредиттик тобокелдикти камтыган активди алууга билдирмени кароо процессинде кардардын/өнөктөштүн акчалай агымдарына жүргүзүлгөн иликтөөлөргө, ошол кардардын/өнөктөштүн анын ичинде валюта тобокелдиги менен шартталган кредиттик тобокелдикке талдап-иликтөөлөр (эгер каржылоо чет өлкө валютада берилген болсо), иштеп жактан тармагынын жана бизнес чөйрөсүнүн өнүгүү келечектерине, алардын сунуштоочулар жана сатып алуучулар менен мамилелеринин абалына өзгөчө көңүл буруу зарыл. Чек ара аркылуу жүргүзүлүүчү ишкердик Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 14-октябрындагы № 62/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

54. Экинчи булактар, эгерде кайтарылышы жагында көйгөйлөр келип чыкса, кредиттик тобокелдикти камтыган активдин кайтарылышын кошумча гарантиялар менен камсыздоо үчүн зарыл болот. Мындай камсыздоонун катарына төмөнкүлөр кирет: банк тарабынан кардарды каржылоонун алкагында сатылып алынган активге карата банктын менчик укугу, мүлктүк жана укуктук күрөө, талаптарды жана укуктарды ыйгарып өткөрүп берүү, гарантиялар жана кепилдиктер, адамдар тобунун жазуу жүзүндөгү келишимдин негизинде биргелешип жоопкерчилиги жана камсыздоонун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана келишимде каралган башка ыкмалары. 

Банктын Каржылоо боюнча комитети кредиттик тобокелдикти басаңдатуу максатында Шариат кеңешине кайрыла алат, ал айрым учурларда кредиттик тобокелдикти камтыган активдин кайтарылышын камсыз кылуу боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү бере алат. 

55. Кредиттик тобокелдикти камтыган активди төлөөнүн экинчи булагы катары мүлктүк күрөө, тараптар кол койгон жана кардар өз милдеттенмелерин аткара албай калган учурда күрөөлүк мүлктүн наркынан талаптарын канааттандырып алууга банктын артыкчылыктуу укугун тастыктаган күрөө келишими тариздетилет. 

Кардардан кыймылсыз мүлк боюнча ага менчик укугунда таандык болгон жана анын бирден-бир жашап турган турак жайы болуп саналган (кардардын жазуу жүзүндөгү билдирмесинде чагылдырылган маалыматына ылайык) жана анда анын үй-бүлө мүчөлөрү жашаган жана катталган батири же үйү күрөө катары кабыл алынса, банк кардардын ишке жарамдуу курактагы үй-бүлө мүчөлөрүнүн иштеген жерине жана кирешесине, ошондой эле мындай учурда кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди берүүгө байланыштуу ар кандай тобокелдиктердин келип чыгуу ыктымалдыгына өзгөчө көңүл буруусу зарыл. 

56. Күрөө келишими мамлекеттик же расмий тилдерде (банктын кардарына келишим түзүлө турган тилди тандоо укугун сунуштоо менен) түзүлөт, мында анын тексти кардарлар үчүн түшүнүктүү, ачык-айкын жана жеткиликтүү болууга тийиш. 

57. Күрөө келишиминде кеминде төмөнкүлөр көрсөтүлөт: 

- күрөө предмети жана анын бааланган наркы; 

- келишим тараптары; 

- кыймылсыз мүлк же катталууга тийиш болгон мүлк күрөөгө коюлган шартта - андан улам мүлк укукту тастыктаган документтердин реквизиттерин көрсөтүү менен күрөө коюучуга таандык болгон укук; 

- күрөө менен камсыздалган милдеттенменин өлчөмү жана аткаруу мөөнөтү

- күрөөгө коюлган мүлк тараптардын кимисинде экендигин көрсөтүү

- кардар/өнөктөш тарабынан кредиттик тобокелдикти камтыган актив кайтарылбаган шартта, күрөөнүн банктын менчигине өтүү шарттары жана тартиби; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, тараптардын күрөөгө карата башка талаптары жана милдеттери. 

58. Наркын көрсөтүү менен күрөөлүк мүлктүн толук описи күрөө келишимине кошо тиркелет. Сертификаттар, күбөлүк жана башка зарыл болчу техникалык документтер да күрөө келишимине кошо тиркелиши мүмкүн. Күрөө келишими Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык тариздетилүүгө тийиш, эгерде күрөө нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш болгон келишим боюнча милдеттенмени камсыз кылса, ал нотариалдык жактан тастыкталууга тийиш. Түп нускалардын саны келишим түзгөн тараптардын санынан кем болбошу керек. 

59. Эгерде кредиттик тобокелдикти камтыган актив кардардын/өнөктөштүн ошол эле банкта сакталган депозитинин күрөөсү алдында берилсе, кредиттик тобокелдикти камтыган активдин суммасына барабар суммадагы депозиттерди (жана ал боюнча кошуп эсептелинген суммага/кирешеге) күрөөгө кабыл алуу максатка ылайыктуу, ошондой эле күрөө келишиминде банк кардар/өнөктөш өз милдеттенмелерин аткара албай калган учурда андан акцептсиз тартипте өндүрүүнү жүргүзүүгө укуктуу экендиги чагылдыруу зарыл. 

60. Эгерде, кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча күрөөлүк камсыздоо болуп саналган, банкка депозит түрүндө салынган, кредиттик тобокелдикти камтыган активдин бөлүгүн бир эле учурда жайгаштыруу кредиттик тобокелдикти камтыган активди берүү шартынан болуп саналса жана мында кошуп эсептөө/киреше жайгаштырылган депозиттин суммасынан алынып салынбастан, кредиттик тобокелдикти камтыган активдин жалпы суммасынан кармала турган болсо, анда мындай депозит боюнча кардардын кирешеси кредиттик тобокелдикти камтыган ошол актив боюнча кирешенин деңгээлинде болууга тийиш. 

Бул депозит банк тарабынан кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча төлөмдөрдүн ордун жабуу үчүн колдонулууга тийиш, ал депозит күрөөсү жөнүндө келишимде каралышы зарыл. Мында, кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча төлөмдөр (негизги сумма жана киреше боюнча төлөмдөрдү кошо алганда) мөөнөтүндө төлөнбөгөн катары эсептелбейт жана банктын, эгерде кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча төлөмдөр 30 күндөн ашпаган мөөнөт ичинде кардар тарабынан төлөнбөсө, кардарга карата айыптык санкцияларды колдонууга укугу жок. 

61. Күрөөнү пайдалануу аны администрлөөнүн белгилүү бир системасынын жөнгө салынышын болжолдойт; күрөөнүн абалына иликтөөлөр жүргүзүлүп, ага баа берилип, күрөөнү күтүү шарттарын жана ага жүргүзүлгөн мониторингди контролдоо планы түзүлүүгө тийиш, ошондой эле тиешелүү документтердин болушу да талап кылынат (күрөөлүк документтерге карата минималдуу талаптар 1-тиркемеде келтирилген). 

Кардар/өнөктөштүн күрөөнү сатып өткөрүү наркынан канааттандырылбаган, келип чыгышы мүмкүн болгон кине коюуларынан өзүн чектөө максатында, банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык билдирмеде көрсөтүлгөн милдеттенмелерди өз эрки боюнча аткаруу мөөнөтү бүткөндөн кийинки 1 же андан ашкан ай ичинде күрөө предметин (кыймылсыз мүлктү) сатып алуучуну өз алдынча издөөнү кардар/өнөктөшкө сунуш кылышы мүмкүн. 

61-1. Банк каржылоо кызмат көрсөтүүсүн сунуштоодо каржылоо келишиминин ажырагыс бөлүгү болуп саналган күрөө келишимине ылайык, кардарга/өнөктөшкө жана/же күрөө коюучуга ачык тоорук өткөрүлгөнгө чейинки кайсы болбосун убакытта күрөөлүк мүлктү сатып ала алган/алышы мүмкүн болгон артыкчылыктуу укукту сунуштоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

62. Эгерде кредиттик тобокелдикти камтыган активдин камсыздоосу катары гарантиялар жана кепилдиктер колдонулса, анда ал төлөй албаган шартта, кардар/өнөктөш үчүн мүлктүк жоопкерчилик эрежедегидей эле үчүнчү жакка жүктөлөт. Кредиттик тобокелдикти камтыган жана гарантия же кепилдик менен камсыздалган активди берүүдө банк, зарылчылык келип чыккан шартта карызды төлөө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү үчүн гаранттын же кепил болуучунун финансылык абалы тууралуу толук маалыматка ээ болууга тийиш. Мындан тышкары, кол коюшкан жактардын кол тамгаларынын аныктыгын жана укукка ээ экендиктерин кылдат текшерүү талап кылынат. 

63. Эмгек акы долбоорлорунун алкагында төлөм карттары боюнча овердрафттарды эске албаганда, алар боюнча камсыздоо болуп кыймылсыз мүлк, кыймылдуу мүлк, гарантиялар же кепилдиктер жана активдерди классификациялоодо камсыздоо катары каралган башка инструменттер саналбаган, кредиттик тобокелдикти камтыган активдер бланктык катары эсептелип, анын аброюнун жана анын кирешелер деңгээлин баалоонун негизинде төлөөгө жөндөмдүү кардарга/өнөктөшкө гана (резидентке гана) берилет. Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган бланктык активдерди берүү кеңири жайылтылган тажрыйба болбоого тийиш. Бланктык активдер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 27-декабрындагы №2019-П-12/68-3-(НПА) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобого ылайык, банктын таза суммардык капиталынын өлчөмүнүн 50% ашпоого тийиш. 

Кредиттик тобокелдикти камтыган бланктык активдерди берүүдө банк, кардардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сапаттуу финансылык отчету, анын кредиттик таржымалы жана кредиттик тобокелдикти камтыган бланктык активди берүүгө чейинки узак убакыт ичиндеги (кеминде 2 жыл) (кеминде 12 ай колдонууга тийиш болгон, 250000 сомдон ашпаган өлчөмдөгү активдерди эске албаганда,) ошол кардарды/өнөктөштү каржылоо боюнча иш жагдайы менен танышып чыгууга тийиш. 

150 000 сомго жетпеген же ага барабар сумманы түзгөн, аннуитеттик төлөө графиги белгиленген жана төлөө мөөнөтү 24 айдан ашпаган активдер же көрсөтүлгөн талаптарга ылайык обочо туруп/аралыктан тейлөө каналдары аркылуу берилген активдер бланктык активдерге кирбейт. Мындай активдер суммасы кардардын/өнөктөштүн жылдык таза төлөө жөндөмдүүлүгүнөн ашпоого тийиш (карыз алуучунун бардык кирешеси жана чыгашасы). Бланктык активдерди эсептөөдөн алынып салынган активдер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү бланктык активдердин 20 (жыйырма) пайызынан ашпоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 14-октябрындагы № 62/4, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/11, 2019-жылдын 19-июнундагы № 2019-П-12/32-3-(НПА), 2020-жылдын 24-мартындагы 2020-П-12\15-5-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

64. Банк кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди төмөнкү учурларда гана кошо жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнүн (кредиттик тобокелдикти камтыган топтук активдер) кепилдиги алдында берүүгө укуктуу: 

- Шариат кеңеши жана банктын Директорлор кеңеши тарабынан жактырылган, кредиттик тобокелдикти камтыган топтук активдерди каржылоо боюнча саясаттын (Саясаттын курамдык бөлүгү болушу мүмкүн) жана башка ченемдик документтердин (билдирмелерди кароо/жактыруу/баш тартуу жол-жобосу, кредиттик тобокелдикти камтыган топтук активдерди каржылоо процесси, кредиттик тобокелдикти камтыган топтук активдерге мониторинг жүргүзүү шарттары, классификациялоо, топтун мүчөлөрүнө каржылоо берүү жана төлөө датасы жана активди төлөө боюнча проблемалар тууралуу маалымат берүү) болушу. Ошону менен бирге эле, Саясатта актив, төлөө графигине ылайык кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча төлөмдөрдү төлөө үчүн кирешеси жеткиликтүү болгон жактарга бериле тургандыгы белгиленүүгө тийиш. Банктын кредиттик тобокелдикти камтыган топтук активдер менен жүргүзүлгөн ишти жөнгө салган ички документтеринде банктык продукттун ушул түрүнө мүнөздүү болгон потенциалдуу тобокелдиктер көрсөтүлүп, ошондой эле бул тобокелдиктерди басаңдатуу жана кредиттик тобокелдикти камтыган топтук активдердин толук кайтарымдуулугун камсыз кылуу жолдору жана ыкмалары каралышы зарыл; 

- банктын кредиттик тобокелдикти камтыган топтук активдерди берүүгө жазуу жүзүндөгү ниети Улуттук банкка макулдашылгандан кийин; 

- каржылоонун бул секторунда тажрыйбага ээ, квалификациялуу персоналдын болушу. 

65. Банк, ушул Жобонун 66-пунктуна ылайык топтук каржылоо боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү нормативин эсептөөнү, төмөнкү шарттардын бардыгы сакталган учурда жүзөгө ашырууга укуктуу: 

- чогуу жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнүн кепилдиги алдында кредиттик тобокелдикти камтыган топтук активдерди берүү боюнча банктын кеминде 2 жылдык алгылыктуу иш тажрыйбасынын болушу; 

- эгерде, кредиттик тобокелдикти камтыган, мөөнөтүндө төлөнбөгөн топтук активдердин үлүшү, кредиттик тобокелдикти камтыган топтук активдердин жалпы көлөмүндө эки жыл ичинде 5 пайыздан ашпаса. 

66. Күрөө менен камсыздалбаган, кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченемин эсептөөдө, чогуу жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнүн жоопкерчилиги астында берилген, кредиттик тобокелдикти камтыган топтук активдер, эгерде алар төмөнкү критерийлерге жооп берсе эске алынбайт: 

- топтун ар бир мүчөсүнө берилген, кредиттик тобокелдикти камтыган активдин суммасы 250000 сомдон ашпайт, ал эми кошо жоопкерчиликтүү топ тарабынан берилген каржылоонун чогуу алгандагы суммасы 250000 сомдон ашпаганды түзөт; 

- чогуу жоопкерчиликтүү топтун банктан каржылоону алышкан мүчөлөрү банктын аффилирленген жактарынан жана банк менен байланыштуу жактарынан болуп саналышпайт; 

- банк кредиттик тобокелдикти камтыган топтук активдерге карата активдердин атайын классификациясын жана Улуттук Банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 2-мартындагы N 5/6 токтому менен бекитилген белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайы классификациясын колдонуунун тартибине ылайык, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөрдү эсептөөнү колдонот. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/7, 2015-жылдын 14-октябрындагы № 62/4, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/11 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

6-глава 

Кредиттик тобокелдикти камтыган активдерге жүргүзүлгөн мониторинг 

67. Келишим түзүлүп, кардар/өнөктөш кредиттик тобокелдикти камтыган активди алгандан кийин банк, кредиттик тобокелдикти камтыган активге жана кардардын/өнөктөштүн абалына туруктуу мониторингди жүзөгө ашырып туруусу зарыл. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдин өз убагында төлөнүшүн, кошуп эсептелинген сумманын/кирешенин төлөнүп берилишин жана көйгөйлөрдүн баштапкы стадияда эле аныкталышын камсыз кылуу - мониторингдин башкы максатынан болуп саналат. 

Каржылоо боюнча милдеттенмелердин толук аткарылышы үчүн төлөнгөн төлөм суммасы жетишсиз болуп калса, эң оболу карыздын негизги суммасы, андан соң кредитордун чыгымдары төлөнөт, ал эми акырында калган бөлүгү үстөк баа/кирешелер жана айыптык төлөмдөрдү төлөөгө багытталат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

68. Банк, айына кеминде бир жолу (чет өлкө валютасынын расмий алмашуу курсу ай ичинде 5 жана андан көп пайызга өзгөргөн шартта - дароо) чет өлкө валюталарынын сомго карата алмашуу курсунун өзгөрүүсүнүн валюталык тобокелдик менен шартталган кредиттик тобокелдикке дуушарланган активдерге тийгизген таасирине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүгө тийиш. Талдап-иликтөөлөрдүн негизинде банк валюта алмашуу курсунун өзгөрүшүнөн улам келип чыгышы мүмкүн болгон жоготууларды (чыгымдарды), валюталардын өзгөрүшүнүн кардардын/өнөктөштүн төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө таасирин аныктоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 14-октябрындагы № 62/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

68-1. Банк мезгил-мезгили менен колдонулуп жаткан активдерге мониторинг жүргүзүп турууга тийиш. Активге мониторинг жүргүзүү мезгил аралыгы (анын ичинде жеринде барып) активдин суммасына жана түрүнө, ошондой эле классификациялоо категориясына жараша банк тарабынан өз алдынча аныкталат. Мында банк, жеринде барып мониторингди төмөнкү учурларда ишке ашырып турууга тийиш: 

- суммасы банктын таза суммардык капиталынын бир пайызынан ашкан активдер үчүн жарым жылда кеминде бир жолу; 

- калган активдер үчүн жылына кеминде бир жолу. 

Активди төлөөнүн күтүлүп жаткан мезгил ичинде ага мониторинг жүргүзүү жөнүндө отчетто (орто жана узак мөөнөткө берилген активдер боюнча - келерки 12 ай ичинде) кардардын/өнөктөштүн күтүлүп жаткан кирешелериндеги (түшкөн акчадагы) өзгөрүүлөр (чет өлкө валютасындагы активдер үчүн), кардардын/өнөктөштүн ишиндеги өзгөрүүлөр, активдин ошол учурдагы статусу, каржылоо келишиминин шарттарынын сакталышы, ал эми күрөөгө мониторинг жүргүзүүдө - анын абалы, сакталышын камсыздоо шарттары, ошондой эле кардардын/өнөктөштүн активдин ордун өз учурунда жаба алышын аныктоо максатында башка жагдайлар жана факторлор чагылдырылууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 14-октябрындагы № 62/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

68-2. Башка финансы-кредит уюмдарына активдерди сунуштаган банк ошол финансы-кредит уюмдарынын кардары/өнөктөшү берген маалыматтардын тактыгына кылдат талдап-иликтөөнү, ошондой эле активдерге ырааттуу мониторингди (анын ичинде жеринде барып) жүргүзүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 14-октябрындагы № 62/4, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/11 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

68-3. Кароого алуунун жыйынтыгы боюнча тиешелүү чечим кабыл алууда банк жетекчилигине ай сайын - тиешелүү сунуштар менен талдап-иликтөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпыланган маалыматтар, ал эми чейрек сайын - тиешелүү сунуштар чагылдырылган мониторинг жыйынтыгы боюнча жалпы маалыматтар камтылган отчеттор сунушталып турат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 14-октябрындагы № 62/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

68-4. Мониторинг боюнча отчетко тиешелүү тастыктоочу документтер кошо тиркелүүгө тийиш. Каржылоо боюнча адис көйгөйлүү маселелер аныкталган шартта аны банк жетекчилигине дароо билдирип, зарыл болгон учурда өзүндө тобокелдикти камтыган ошол активди классификациялоо категориясын кайра карал чыгууну сунуштоого тийиш. Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча төлөмдөр кечиктирилсе же мындай активди классификациялоо начарлаган шартта, ага айына кеминде бир жолу мониторинг жүргүзүп туруу зарыл (кардардын/өнөктөштүн ошол учурдагы финансылык абалына, кардар/өнөктөш менен байланыш түптөө жагында). 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 14-октябрындагы № 62/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

69. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди классификациялоо, активдерди берүү процессине катышпаган адамдар тарабынан жүргүзүлгөн көз карандысыз баа берүүнүн негизинде ишке ашырылат. 

70. Банк, кредиттик тобокелдикти камтыган активдерге көз карандысыз баа берүү системасын төмөнкүлөрдүн негизинде иштеп чыгууга жана жайылтууга тийиш: 

- кардардын/өнөктөштүн төлөмдөрүнүн реалдуу графигине жана анын пландык графикке ылайык келүүсүнө

- кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча камсыздоонун сапатына жана абалына; 

- тиешелүү документтердин толуктугуна жана сунушталган кайсы болбосун камсыздоону өз тескөөсүнө алынышы жана өз укуктарынын жана таламдарынын сот аркылуу корголушу укугунун ишке ашырылышына; 

- кардардын/өнөктөштүн финансылык абалындагы өзгөрүүлөргө баа берилишине, анын ичинде эгерде каржылоо чет өлкө валютасында берилген болсо; 

- классификациялоону кошо алганда, кредиттик тобокелдикти камтыган активдин сапатына баа берүүнүн тууралыгына; 

- кредиттик тобокелдикти камтыган берилген активдердин лимиттеринин сакталышына; 

- маалымат системаларынын (банктын жетекчилигине, Директорлор кеңешине жана Шариат кеңешине отчет берүүнүн) сапатына жана шайкештигине; 

- кредиттик тобокелдикти камтыган, сунушталган активдин банк саясатына, Улуттук банктын жол-жоболоруна жана ченемдик талаптарына ылайык келишине баа берүүгө

- Шариат стандарттарына ылайык келүүсүнө баа берүүгө

- 250000 сомдон ашпаган өлчөмдөгү активди эске албаганда, документтер менен тастыкталган эгерде болгон болсо (келишимдер, кабыл алуу актылары, эсеп-фактуралар, коштомо каттар ж.б), кредиттик тобокелдикти камтыган активдин каржылоо максаттарына жараша максаттуу пайдаланылышына баа берүүгө

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 14-октябрындагы № 62/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

71. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдерге көз карандысыз баа берүү, банктын кредиттик тобокелдикти камтыган активди берүү процессинен көз карандысыз болгон өз алдынча бөлүмү же кызматкери тарабынан жүргүзүлүшү зарыл. Активдердин Шариат стандарттарына ылайык келүүсүнө көз карандысыз баа берүү Шариат стандарттарынын сакталышына мониторингдин жүргүзүлүшүнө жоопкерчиликтүү болгон бөлүм (же Шариат стандарттарынын сакталышын текшерген ыйгарым укуктуу ички аудитор) тарабынан жүргүзүлүүгө тийиш. Көз карандысыз баа берүүнүн натыйжалары айына кеминде бир жолу Каржылоо боюнча комитетке, Банк Башкармасына, банктын Директорлор кеңешине жана Шариат кеңешине берилип турууга тийиш. 

72. Топко берилген активдерди эске албаганда, камсыздоо катары гарантия (кепилдик) бирден-бир камсыздоо катары колдонулган учурда, банк гарантиялык милдеттенмелерди аткаруу жөндөмдүүлүгүн аныктоо максатында, гаранттын (кепилдик берүүчүнүн) финансылык абалына кылдат талдап-иликтөөнү жүргүзүүсү зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 14-октябрындагы № 62/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

73. Күрөөгө коюлган мүлктүн сакталышын жана анын учурдагы наркынын өзгөрүп кетиши мүмкүнчүлүгүн туруктуу негизде контролдоо максатында банк күрөөлүк мүлккө сакталган жери жана жайгашкан орду боюнча мониторинг жүргүзүп турууга тийиш. Банк тарабынан күрөөгө мониторинг жүргүзүү мезгил аралыгы каржылоо саясатына жана күрөө саясатына ылайык жана актив сапатына, ошондой эле жоготуу тобокелдигин эске алуу менен күрөөнүн түрүн кошо алганда, башка факторлорго жараша аныкталат. Кыймылдуу мүлк түрүндөгү күрөөгө мониторинг суммасы кеминде 250000 сомду түзгөн, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча жылына бир жолу жүргүзүлүп турууга тийиш. 

Суммасы 250000 сомду жана андан көптү түзгөн, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча кыймылдуу мүлк түрүндөгү күрөөгө мониторинг төмөнкүчө ишке ашырылууга тийиш: 

эгерде актив 30 жана андан көп пайыз чегинде кыймылдуу мүлк менен камсыздалган болсо жарым жылда кеминде бир жолу; 

эгерде актив 30 пайызга жетпеген чекте кыймылдуу мүлк менен камсыздалган болсо жыл ичинде кеминде бир жолу. 

Банк тарабынан күрөөлүк мүлктүн сакталышына контролдуктун камсыз кылынышы милдеттүү шарттан болууга тийиш. Мында, төмөнкү учурларга өзгөчө көңүл буруу зарыл: 

- камсыздоонун рыноктук наркынын төмөндөбөгөндүгүнө

- акыркы текшерүүдөн бери күрөө ликвиддүүлүгүнүн төмөндөшүн шарттаган кандайдыр-бир факторлор орун албагандыгына; 

- күрөөнүн сакталышы талаптагыдай камсыз кылынгандыгына. 

Мына ушул чаралардын бардыгы келип кардардын/өнөктөштүн абалынын демек, кредиттик тобокелдикти камтыган активдин абалынын начарлоо тенденциясын аныктоого мүмкүндүк берет. Мындай тенденциялар канчалык тез аныкталса, банк түптөлгөн жагдайды четтетүү жана өз таламынын корголушун камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды ошончолук тезирээк кабыл ала алат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 14-октябрындагы № 62/4, 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/3, 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

74. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдин абалынын начарлашын тастыктаган белгилерге төмөнкүлөр кирет: 

- кардардын/өнөктөштүн банк менен байланышуудан кылчактап качуусу; 

- финансылык абалы тууралуу маалыматтын өз убагынан кечиктирилип, толук эмес жана үстүртөн берилиши, ошондой эле сунушталган маалыматтардын анык эместиги тууралуу шектенүүлөрдүн орун алышы; 

- кардардын/өнөктөштүн финансылык абалынын начарлоосу; 

- каражаттардын жылышынын сунушталган болжолдоолору менен бизнес пландын ортосунда ажырымдын келип чыгышы; 

- негизги сумманын же кирешелердин өз убагында төлөнбөшү

- реструктуризациялоо өтүнүчү менен кайрылуусу; 

- кредиттик тобокелдикти камтыган активдин максатсыз пайдаланылышы; 

- менчиктин өткөрүлүп берилиши жана сатылышы; 

- кардар/өнөктөш тууралуу кандайдыр бир булактардан терс маалыматтын түшүүсү

- кардар/өнөктөш акча каражаттарын жайгаштырган экономикалык, саясий жана башка чөйрөлөрдөгү абалдын өзгөрүүсү

- ишкананын ичинде-кардар/өнөктөштө жаңжалдуу абалдын курчушунун белгилери; 

- ишкананын-кардардын/өнөктөштүн жетекчилигинин алмашуусу; 

- жана потенциалдуу көйгөйлөрдүн орун алып тургандыгын тастыктаган жана башка жагдайлар. 

Банктын тиешелүү ички ченемдик документтеринде (саясаттар, жол-жоболор ж.б.) проблемалуу активдер менен иш алып баруу тартиби, анын ичинде активдерди реструктуризациялоо тартиби, кардардын/өнөктөштүн сунушталган каржылоонун ордун жабуу дараметине кошумча талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү, ошондой эле зарыл болгон шартта, ал кардардын/өнөктөштүн укугуна кедергисин тийгизип, анын милдеттенмелерин көбөйтпөсө, каржылоону реструктуризациялоонун алдын ала шарттары (мисалы, каржылоо боюнча карызды төлөөгө минималдуу бир жолку төлөм, кардар/өнөктөш тарабынан анын каржылоону төлөө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган документтер, кошумча камсыздоо ж.б.) чагылдырылууга тийиш. Банкка аффилирленген жактардын жана банк менен байланыштуу жактардын каржылоону жыл ичинде экиден көп жолу реструктуризациялоого тыюу салынат. 

Эгерде активди төлөө боюнча көйгөйлөр орун алса, кардар/өнөктөш банктын кредиттик тобокелдикти камтыган проблемалуу активдер менен иш алып баруу саясаты, анын ичинде, өз активин реструктуризациялоо ыктымалдуулугу тууралуу маалымдалган болууга тийиш. 

Банк кеңири мониторинг аркылуу проблемалуу кардарларга/өнөктөштөргө колдонулган чаралардын, активди реструктуризациялоонун ийгиликтүүлүгү (карызды тейлөө боюнча колдонулуп жаткан каражаттарынын жетиштүүлүгү) көз карашында талдап-иликтөө жүргүзүүгө тийиш. 

(Абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 14-октябрындагы № 62/4, 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/3, 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/11 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

75. Ушул Жобонун 74-пунктунда көрсөтүлгөн белгилердин кайсы бири аныкталган шартта, банк алардын келип чыгышынын себептерин такташтыруусу зарыл. Эгерде, банктын пикири боюнча бул белгилер жана/же алардын келип чыгышынын себептери тобокелдикти камтыган активдин абалынын начарлоосуна же наркынын олуттуу төмөндөөсүнө алып келиши мүмкүн болсо, анда банк бул активди өзгөчө контролдукка алуусу жана өз кызыкчылыгынын корголушун камсыз кылуу үчүн төмөнкүдөй бардык тиешелүү чараларды көрүшү зарыл: 

- күрөөнүн бар экендигин жана аны күтүү шарттарын кошумча текшерүү

- кошумча камсыздоону тартуу; 

- эскертүү берүү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү

- жагдай толук чечилмейинче, каржылоо линиясы боюнча кезектеги төлөмдөрдү токтотуп туруу; 

- кардарды/өнөктөштү жана ал акча каражаттарын жайгаштырган тармактын абалын кылдат иликтөөгө алуу; 

- кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди классификациялоону өзгөртүү

- камды (резервди) көбөйтүү

- башка коргоо чараларын колдонуу. 

Кредиттик тобокелдикти камтыган көйгөйлүү активдер менен иштөөдө, жолугушууларды, сүйлөшүүлөрдү жана башка иш-чараларды өткөрүүдө, банк кызматкерлери банктын ички документтеринде регламенттелүүгө тийиш болгон, ишкер жана кесипкөй жүрүм-турум нормаларын так сактоолору тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/11 токтомунун редакциясына ылайык) 

76. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдер менен иш алып барууда, кардар менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдүн жана жолугушуулардын кыскача мазмунун журналга каттоону, алар менен жүргүзүлгөн жолугушуулардан протокол толтурууну, кардар менен келишим түзүүнү кошо алганда, алар менен ишке ашырылган бардык иш-чараларды документтештирип жана эсебин жүргүзүү зарыл. Айрыкча, "көйгөйлүү" активдер менен иш алып барууда мындай эсептин жүргүзүлүшү өтө маанилүү

7-глава. Кредиттик тобокелдикти камтыган "көйгөйлүү" активдер менен иш алып баруу 

77. "Көйгөйлүү" активдерди аныктоо кредиттик тобокелдикти камтыган активдерге туруктуу мониторинг жүргүзүүнүн жана каржылоо портфелине көз карандысыз баа берүүнүн максатынан болуп саналат. 

78. "Көйгөйлүү" актив дегенден улам, ал боюнча кардар банк менен түзүлгөн келишимдин шарттарын аткарбаган, же болбосо кандайдыр бир жагдайлардан улам (мисалы, тышкы же финансылык) банк алдында милдеттенмелерди аткаруу жана активдин ордун жабуу коркунуч алдында калган кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди түшүнөбүз. 

79. Кредиттик тобокелдикти камтыган актив "көйгөйлүү" деп таанылган шартта, банктын активдерди кайтарып алууга багытталган иш-аракеттер планын иштеп чыгуу зарыл, ал өзүнө бир катар иш-чараларды камтыйт. Ошону менен бирге эле банк кеңейтилген мониторинг жүргүзүү аркылуу топтоштурулган каражаттардын жеткиликтүүлүгү көз карашында, кардардын/өнөктөштүн финансылык абалын изилдөөгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/11 токтомунун редакциясына ылайык) 

80. Проблемалуу кардарына анын каатчылыкка туруштук берүүсүнө жана банк алдында милдеттенмелеринин аткарылышына өбөлгө түзгөн банктын уюштуруу, финансылык жана башка колдоо чаралары төмөнкүлөрдү камтышы мүмкүн: 

- көйгөйдү аныктоо жана аларды чечүү жолдорун издөө жагында кардар менен (же жетекчилик менен) иш алып баруу; 

- кардар/өнөктөшкө макулдашуу менен банктын атынан кардар/өнөктөштүн ишканасы менен иш алып баруу үчүн башкаруучуларды, консультанттарды дайындоо; 

- ээлик кылуучулардын же башка тараптардын эсебинен компаниянын өздүк капиталын көбөйтүүгө көмөктөшүү

- зарылчылык келип чыккан учурда, карыздын түзүмүн өзгөртүү программасын иштеп чыгуу (кредиттик тобокелдикти камтыган активди кайтаруу жана ал боюнча кошуп эсептелинген сумманы/кирешени төлөө боюнча төлөмдөр графигин кайрадан карап чыгуу, каржылоо формаларын өзгөртүү ж.б.). 

81. Ушул иш-чаралар менен катар эле, кардар менен бирге төмөнкүлөрдү камтыган туруктуу иштерди жүргүзүү зарыл: 

- ал келишим шарттарын бузуп жаткандыгы, активдин төлөө мөөнөтү өтүп кеткендиги жана ага байланыштуу проблемалар келип чыгышы мүмкүндүгү тууралуу кардарга билдирме жөнөтүү

- сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү

- кардарды банкка чакыруу. 

82. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдин түздөн-түз кайтарылышын камсыз кылуу максатында, мүмкүн болушунча кыска мөөнөт ичинде төмөнкү чаралар ишке ашырылышы зарыл: 

- банк тарабынан каржылоо келишими боюнча сатылып алынган жана анын менчигинде турган активди сатып өткөрүү (үчүнчү жакка сатуу); 

- күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү

- кардар/өнөктөштүн карызын Шариат уруксат берген шарттарда үчүнчү тарапка сатуу. Мында карызгер жана карызды сатып алуучу бир жерде болушу зарыл, карыз номиналдык наркында гана сатылышы мүмкүн, карыз төлөмдү кийинкиге калтыруу менен сатылышы мүмкүн эмес, ал нак акча каражаттарына дароо эсептешүү жолу менен сатылууга тийиш; 

- гарант жана кепилдик берүүчүлөргө кайрылуу; 

- сотко кайрылуу; 

- башка чаралар. 

83. Кардардын карызынын орду өз убагында жабылышын камсыз кылуу максатында банк, эгерде кардар күрөө менен камсыздалган милдеттенмелерин талаптыгыдай аткарбаса, карыздын ордун каржылоо мөөнөтү бүткөнгө чейин эле экинчи бир булактар аркылуу жабууга мүмкүн экендигин келишимде аткара алат. Бул учурда банк, карыздын ордун экинчи булактардын же башка ыкмалардын жардамы аркасында мөөнөтүнөн мурда жабуу мүмкүнчүлүгүн аныктаган жагдайларды да келишимде чагылдырууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

84. Банк, кардар/өнөктөштүн - жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкердин "көйгөйлүү активдери" боюнча күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү жол-жобосун баштоо тууралуу билдирмени жөнөткөндөн 15 күн өткөндөн кийин айыптык төлөмдөрдү, туумдарды чегерүүнү токтотууга тийиш. 

85. Банктын, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган проблемалуу актив менен иш алып барууга жооптуу түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси Каржылоо комитетинин жана проблемалуу активдер боюнча чечим чыгарууга ыйгарым укуктуу башка коллегиалдуу органдын (болгон болсо) кароосуна ай сайын төмөнкүлөрдү сунуштап турууга тийиш: 

1) өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган проблемалуу актив боюнча жыйынтык отчетту; 

2) банктын таза суммардык капитал өлчөмүнүн 1% ашкан ар бир өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган "проблемалуу" актив боюнча аткарылган иш тууралуу ырааттуу отчетту, андан ары тиешелүү аракеттерди көрүү сунушу менен. Отчетто төмөнкүлөрдү кошо алганда, ар бир өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган проблемалуу актив боюнча маалымат чагылдырылууга тийиш: 

- жүргүзүлгөн иш (жолугушуу, телефон аркылуу сүйлөшүү ж.б.), аткарылган иш жыйынтыгы; 

- жакынкы ай ичинде кредитти кайтарып алууга андан аркы иш планы жана күтүлүп жаткан натыйжалар. 

Таза суммардык капитал өлчөмүнүн 1% жетпеген өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча отчеттун түзүмүн банк өз алдынча аныктайт. Мында отчеттун түзүмү банктын өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган проблемалуу активдер менен иш алып баруу боюнча ички документтеринде жөнгө салынууга же болбосо анын ыйгарым укуктуу органынын чечими менен бекитилүүгө тийиш. 

Отчеттордун көчүрмөлөрү банк Башкармасына жана Директорлор кеңешине жөнөтүлөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

86. Эгерде ушул главада каралган банктын иш-аракети алгылыктуу натыйжага алып келбесе, банк карызды мажбурлап өндүрүү максатында сотко кайрылууга милдеттүү. Мындай чара аркылуу карыздын ордунун жабылышын камсыз кылуу мүмкүн болбосо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банкроттук процесси демилгеленет. 

87. Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди объективдүү негизде кайтаруу мүмкүн эмес болгон учурда (анын ичинде банктын кардары көз жумган шартта да), өзүндө олуттуу тобокелдикти камтыган активдерди эсептен алып салуу чечими банктын Директорлор кеңеши тарабынан, ал эми өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган калган активдерди эсептен алып салуу чечими - Банк Башкармасы же болбосо алардын ыйгарым укуктарынын чегинде Каржылоо комитети тарабынан кабыл алынат. 

Банк Башкармасы же болбосо Каржылоо комитет тарабынан (өткөрүлүп берилген сумманын чегинде) төмөнкү жагдайларда жеке адамдарды, жеке ишкерлерди жана/же Кошо жоопкерчиликтүү топту каржылоо боюнча соттук тартипте/бейтараптык негизде териштирүү аркылуу өндүрүүнү жүргүзүүсүз эле, каржылоо боюнча карызды эсептен алып салуу чечими кабыл алынышы мүмкүн: 

- банк кардарынын көзү өтүп кетсе, айыккыс илдетке чалдыккан болсо, бизнесин жана/же мүлкүн бөөдө кырсыктардын, өрттүн чыгышы кесепетинен ажырап калган шартта; 

- банктын каржылоо боюнча карызын сот тартибинде/бейтараптык негизде териштирүү жүргүзүү аркылуу өндүрүүгө байланыштуу чыгашалар каржылоо боюнча карыз калдыгынан ашып кеткен жагдайды кошо алганда, ошол каржылоо боюнча карызды кайтарып алуунун экономикалык көз караштан максатка ылайыксыздыгы келип чыккан шартта. 

Банк Башкармасы же Каржылоо комитети тарабынан кабыл алынган карызды эсептен алып салуу чечими Директорлор кеңешине милдеттүү түрдө тааныштырылууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

88. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдер эсептен алынып салынгандан кийин, алар карыздын ордун жабуу мүмкүнчүлүгү келип чыгышы ыктымал болгон учурларга, кеминде беш жыл системадан тышкары эсепке алынат. 

89. Системадан тышкары эсепке алуу мөөнөтүнөн көз карандысыз, карыздын ордун жабуу мүмкүнчүлүгүн болжолдогон кандай болбосун маалымат түшкөн учурда банк, мыйзамдарда каралган, анын ордун жабууга багытталган иш-аракеттерди жүргүзүүгө тийиш. 

  

  

Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобого карата 

1-тиркеме 

Кардардын/өнөктөштүн досңесине карата 

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 14-октябрындагы № 62/4, 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/3, 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

I. Жалпы маалымат 

1. Кредиттик тобокелдикти камтыган активди алуу үчүн кардар/өнөктөш кол койгон билдирмеде төмөнкү маалымат чагылдырылууга тийиш: 

- кардар/өнөктөштүн аталышы (эгерде кардар/өнөктөш жеке адам болсо - аты-жөнү); 

- кардар/өнөктөш иш алып барган жердин толук дареги (эгерде кардар/өнөктөш жеке адам болсо), телефон номери, факсы; 

- Кардар/өнөктөшкө толук даректин ордуна абоненттик ящиктин номерин гана көрсөтүүгө жол берилбейт; 

- салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (болгон болсо) - салык органында эсепке алуу күбөлүгүнүн негизинде; 

- иштеген жери жана ишинин түрү (эгерде кардар/өнөктөш - жеке адам болсо); 

- чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын Кыргыз Республикасына келүү (жашоо) укугун тастыктаган документ боюнча маалыматтар; 

- жетекчинин аты-жөнү - (эгерде кардар/өнөктөш - юридикалык жак болсо); 

- дареги (юридикалык дареги), телефону/факсы, электрондук почта дареги; 

- юридикалык жактын толук жана кыскартылган аталышы (болгон болсо) жана анын чет тилде аталышы (болгон болсо); 

- бизнестин түрү жана уюштуруу-укуктук формасы (эгерде кардар/өнөктөш - юридикалык жак болсо); 

- кредиттик тобокелдикти камтыган активдин суммасы, валютасы жана мөөнөтү

- кредиттик тобокелдикти камтыган активдин максаты; 

- өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдин ордун жабуу булактары (баштапкы: валюталар боюнча, экинчи) жана төлөө планы; 

- сунушталган күрөө

- кредиттик тобокелдикти камтыган активди алуу үчүн банкка билдирмелерди берүүдөн мурда, акыркы эки жыл ичинде кредиттик тобокелдикти камтыган кредиттерди/активдерди ушул/башка банктарда алынгандыгы/орду жабылгандыгы тууралуу маалыматтар; 

- карыз алуучунун өз иши тууралуу кредиттик отчеттун берилишине макулдугу; 

- банктын чечими боюнча башка маалыматтар. 

2. Юридикалык жакты түзүүсүз жеке ишкердикти жүзөгө ашырган жеке адамдар жогоруда көрсөтүлгөн документтерден тышкары банкка, ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жана жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү фактысын тастыктаган, белгиленген формадагы документтин көчүрмөсүн же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда, мамлекеттик каттоодон өтүүсүз ишкердикти жүзөгө ашыргандыгы фактысын тастыктаган документтин көчүрмөсүн сунуштоого тийиш, мында 250000 сомдон ашпаган өлчөмдө каржылоо сунушталган жеке адамдар эске алынбайт. 

2-1. Кредиттик бюродон карыз алуучу боюнча кредиттик отчет. 

3. Кардар/өнөктөштүн төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө иликтөө

4. Кардардын/өнөктөштүн (эгерде, карыз алуучу юридикалык жак болсо) акыркы отчеттук жыл үчүн финансылык отчету. Эгерде кардар/өнөктөш - юридикалык жак Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жыл сайын аудиттен өтүүгө милдеттүү болсо, финансылык отчет тышкы аудитор тарабынан тастыкталууга тийиш. Мында, юридикалык жак Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аралык финансылык отчетторун сунуштап турууга тийиш болсо, анда банк ошол отчетту юридикалык жактан талап кылышы зарыл. 

5. Акыркы 3-12 ай ичиндеги (мында банк, эмгек акы жөнүндө маалымкат берилүүгө тийиш болгон мезгил аралыгын өз алдынча аныктоого укуктуу) эмгек акы тууралуу маалымкат  кардар/өнөктөш иштеген уюмдун аталышы, кызмат орду, иштин узактыгы же кирешелерин тастыктаган башка документтер (эгерде кардар/өнөктөш - жеке адам болсо) валюталар боюнча. 

6. Мамлекеттик же расмий тилде каржылоо келишими (банктын кардар/өнөктөшүнө тил тандоо укугу сунушталат). 

7. Уюштуруу документтери (эгерде кардар/өнөктөш - юридикалык жак болсо). 

8. Бизнес-план (эгерде кардар/өнөктөш - юридикалык жак болсо жана каржылоо суммасы 3500000 сомдон көптү түзсө, мында жүгүртүү каражаттарын толуктоого берилген каржылоо эске алынбайт). 

9. Аларга 250000 сомдон ашпаган өлчөмдө каржылоо сунушталган жеке адамдарды эске албаганда, мамлекеттик органдардан каттоодон өткөндүгү жөнүндө документ (эгерде кардар-өнөктөш - юридикалык жак же күбөлүктүн, патенттин негизинде ишкердикти жүргүзгөн жеке адам болсо). 

10. Салык органдарында катталгандыгы тууралуу документ (эгерде кардар/өнөктөш - юридикалык жак болсо). 

11. Кардар/өнөктөштүн тиешелүү органынын кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди алуу чечими (эгерде кардар/өнөктөш - юридикалык жак болсо). 

12. Банктын кардарын/өнөктөшүн идентификациялоо мүмкүнчүлүгүн берген ким экендигин тастыктаган документтин көчүрмөсү (эгерде кардар/өнөктөш жеке адам болсо), Кыргыз Республикасындагы чет элдик жарандын паспорту (эгерде кардар/өнөктөш - резидент эмес болсо). 

13. Юридикалык жактын каражаттарын тескөө үчүн юридикалык жактын жетекчисинин ыйгарым укугун тастыктаган документтин көчүрмөсү (мындай документ катары юридикалык жактын жетекчисин шайлоо тууралуу уюштуруучулар жана акционерлер жыйынынын протоколу сыяктуу эле, эгерде алар Уставда белгиленбесе, анын ыйгарым укуктарын аныктаган юридикалык жактын жетекчисин дайындоо тууралуу уюштуруучулардын жана акционерлердин чечими да болушу мүмкүн). 

14. Банктын тиешелүү органынын кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди берүү чечими. 

15. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/3 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

16. Төмөнкү маалыматтар чагылдырылууга тийиш болгон кардар/өнөктөш менен ар бир байланыштын эсебин жүргүзүү

- байланышуу күнү

- байланышуу түрү (баарлашуу, телефон аркылуу сүйлөшүү, электрондук почтасынын дареги); 

- байланышуу шарттары (кызматкердин аты-жөнү, сүйлөшүүнүн мазмуну); 

- натыйжалар. 

17. Кардар/өнөктөш менен кат алышуу (бардык корреспонденцияны тиркөө менен). 

18. Юридикалык документтер (кардар/өнөктөштүн сунуштоочулар ж.б. менен контракттарынын көчүрмөлөрү). 

19. 250000 сомдон ашпаган өлчөмдөгү каржылоону эске албаганда, каржылоо максаттарына жараша, тиешелүү документтер (келишимдер, кабыл алуу актылары, эсеп-фактуралар, коштомо каттар ж.б.) менен тастыкталган каржылоонун максаттуу пайдаланылышы жөнүндө отчет. 

II. Күрөөлүк документтер 

20. Мамлекеттик же расмий тилде күрөө келишими (банктын кардар/өнөктөшүнө тилди тандоо укугу сунушталат). 

21. Күрөөлүк мүлктүн сертификаттары, күбөлүктөрү жана башка квалификациялык документтери. 

22. Күрөөгө коюлган мүлккө менчикке укукту тастыктаган документтер жана күрөө коюучунун күрөө келишиминин шарттарына макулдугу. 

23. Кол коюу укугуна ээ адамдардын кол тамга үлгүлөрү менен нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн карточкалар (эгерде кардар/өнөктөш - юридикалык жак болсо). 

Кардар/өнөктөштүн кол тамга үлгүсү жана эгерде болгон болсо мөөр оттискасы менен кол тамга үлгүлөрү түшүрүлгөн карточка (эгерде кардар - жеке ишкер болсо). 

24. Сатып алуу баасын тастыктаган документтер (эгерде банк күрөөнү, мисалы жабдууну, калк керектөөчү товарларды ж.б. сатып алууну каржылоого алса). 

25. Төмөнкү маалыматтарды камтыган күрөө наркын тастыктаган документтер: 

- күрөөгө баа берүү наркы; 

- баа берүү күнү

- баа берүү ким тарабынан жүргүзүлгөн; 

- баа берүү ыкмасы. 

26. Күрөө келишиминин катталгандыгын тастыктаган документтер (эгерде күрөө катталууга тийиш болсо же банк анын катталышын талап кылса). 

27. Кардар/өнөктөштүн тиешелүү органынын күрөөгө сунуштоо чечими (эгерде кардар/өнөктөш - юридикалык жак болсо). 

28. Төмөнкүлөр чагылдырылууга тийиш болгон Күрөөнү иликтөө актысы: 

- күрөөнү иликтөө күнү

- күрөөнүн түрү

- күрөөгө баа берүү күнү

- баа берүү ыкмасы; 

- күрөөнүн жайгашкан орду; 

- күрөөнүн абалы жана аны күтүү шарттары; 

- күрөөнүн баа берилген наркы; 

- күрөөнү мезгил-мезгили менен иликтөө графиги. 

29. Банктын ыктыярдыгы боюнча башка маалыматтар. 

III. Гарантиялар же кепилдиктер 

30. Тиешелүү келишимди, гарантия берилип жаткан сумманы, гарантиянын мөөнөтүн көрсөтүү менен кол жазма түрүндө гарантия жана кепилдик. 

31. Тиешелүү органдын гарантия берүү чечими. 

32. Кепилдик берүү жөнүндө кепил болуучунун жубайынын/жолдошунун (эгерде болсо) макулдугу. 

33. Гаранттын уюштуруу документтери. 

34. Гаранттын акыркы жыл үчүн финансылык отчету (эгерде, гарантия бирден-бир камсыздоо болуп саналса). 

35. Акыркы 3-12 ай ичиндеги (мында банк, эмгек акы жөнүндө маалымкат берилүүгө тийиш болгон мезгил аралыгын өз алдынча аныктоого укуктуу) эмгек акысы боюнча маалымкат же кирешеси тууралуу маалыматты тастыктаган башка документтер (эгерде кепил болуучу - жеке адам болсо). 

36. Гаранттын жана кепил болуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө иликтөө жүргүзүү

 

  

  

 

Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобого карата 

2-тиркеме 

Гарантиялык кат берүү боюнча 

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

Банктын каржылоо саясатында гарантиялык кат берүүгө тиешелүү төмөнкү бардык негизги жоболор каралууга тийиш: 

1. Банктын гарантиялык катты берүү маселеси Каржылоо комитетинин отурумунда каралышы зарыл. Каржылоо комитетинин тиешелүү чечими болгон учурда гана берилген гарантиялык кат анык болуп саналат. 

2. Банктын жана анын филиалдарынын кызмат адамдарынын гарантиялык каттарга кол коюу жана аларды эсепке алуу үчүн ыйгарым укуктарын жана жоопкерчиликтерин так бөлүштүрүү

3. Гарантиялык каттын түп нускасы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тилинде түзүлүүгө тийиш. Зарылчылык келип чыккан шартта, гарантиялык кат ушул пункттун биринчи сүйлөмүндө камтылгандар сакталган шартта, кошумча чет тилинде да тариздетилиши мүмкүн. 

4. Гарантиялык кат номерленген фирмалык бланкта таризделинип, ага банктын же филиалдын ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын колу коюлуп, банктын мөөрү басылууга тийиш. 

5. Банктын гарантиялык каты мындай каттарды каттоо журналында (же болбосо чыгыш корреспонденция журналында) катталышы зарыл. 

6. Гарантиялык каттардын бухгалтердик эсепке алынышы, бухгалтердик эсепке алуу стандарттарына ылайык ишке ашырылууга тийиш. 

7. Гарантиялык катты берген банк үчүн милдеттүү талаптан болуп, гарант алуучунун гарантиялык катты алгандыгы жөнүндө расмий тастыктамасы саналат. 

8. Банк жалган гарантияларды аныктаган учурда, алар тууралуу укук коргоо органдарына маалымдап, бул жокко чыгарылган гарантиялар тууралуу маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштырууга тийиш. 

  

  

Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобого карата 

3-тиркеме 

Стресс-тестирлөө 

Стресс-тестирлөө, тышкы чөйрөдө сыяктуу эле (мисалы, экономикадагы төмөндөө, каржылоо портфелинин сапатынын начарлашы, күрөө предметинин рыноктук наркынын өзгөрүүсү, мыйзамдарга өзгөртүүлөр ж.б.), банк кардарларынын ишинде да (мисалы, банктын ири кардарларынын/сунуштоочуларынын/өнөктөштөрүнүн банкрот болушу, депозиттердин агылып чыгышы ж.б.) тобокелдик келип чыккан учурда жана анын өсүү тенденциясы аныкталган шартта, банктын мүмкүн болуучу потенциалдуу жоготууларына аналитикалык баа берүү инструменти болуп саналат. 

Стресс-тестирлөө, капитал өлчөмүнө таасирин тийгизүү менен банкты чыгымга алып келиши ыктымал болгон экономикалык, саясый жана/же башка жагдайлардын (мисалы, банктын аброюнун начарлоосуна байланыштуу жагдайлар, жетекчилик алмашканда ж.б.) орун алышына негизденген алардын андан ары өнүгүү сценарийинин моделин түзүү аркылуу жүргүзүлөт. 

Стресс-тестирлөөнүн алгачкы баскычында, анын негизинде сценарийдин модели түзүлүүчү маалыматтын аныктыгын жана актуалдуулугун текшерүү зарыл. Мында, пайдаланылып жаткан отчет ырааттуулук (отчеттук маалыматтардын ырааттуу берилиши) жана салыштыруу (көрсөткүчтөрдү эсептөө ыкмасынын өзгөрбөгөндүгү) критерийлерине дал келээрине, ошондой эле башка пайдаланылуучу маалыматтын (мисалы, жалпыга маалымдоо каражаттарынан алынган маалымат) аныктыгына, объективдүүлүгүнө жана максатка ылайыктуулугуна ынануу зарыл. 

Алгылыксыз жагдайдын өнүгүү сценарийи жетишээрлик түрдө айкын, орундуу жана негизденген болууга тийиш. Сценарийдин айкындыгы, ал мындай жагдайдын келип чыгышынын жогорку үлүшүнө ээ болгон учурда тастыкталат. 

Сценарийдин моделинде ички сыяктуу эле, тышкы факторлордун өзгөрүүсүн камтып, төмөнкү эки версияда жүргүзүлүшү мүмкүн: 

- мурдатан колдонулуп келе жаткан сценарий - бул сценарий өткөн мезгилде орун алган жагдайлардын кесепетине жүргүзүлгөн байкоолорго негизденет; 

- гипотетикалык сценарий - мындай сценарий, орун алышы ыктымал, бирок боло элек жагдайга негизденет. 

Мурдатан колдонулуп келе жаткан сценарийдин моделин түзүү учурунда талдап-иликтөө, өткөн мезгилде болгон жана банктын финансылык абалына терс таасирин тийгизген жагдайларды эске алуу менен жүргүзүлөт. 

Мурдатан колдонулуп келе жаткан сценарийдин ыкмасы боюнча стресс-тестирлөө учурунда, банктын балансын тестирлөөдө пайдаланылган өткөн мезгилдеги кризистердин шарттарынын жана жагдайларынын так аныктамасына өзгөчө көңүл буруу зарыл. 

Гипотетикалык сценарийдин моделин түзүүдө учурда орун ала элек, бирок келечекте келип чыгышы мүмкүн жагдайга талдап-иликтөө кароого алынат. Гипотезада, банктын капиталына белгилүү бир жагдайдын таасири сыяктуу эле (мисалы, кардар/өнөктөштүн финансылык абалынын начарлашы, негизги сумманы же кошумча эсептөөлөрдү/кирешени өз учурунда төлөбөй коюу ж.б.), аны алгылыктуу деңгээлге чейин минималдаштыруу үчүн зарыл чараларды көрүү максатында, алардын негизинде кредиттик тобокелдикти алдын ала болжолдоо мүмкүнчүлүгүн берген көрсөткүчтөрдүн максималдуу өзгөрүүсүнө баа берүүлөр камтылат. 

Мындан тышкары стресс-тестирлөөнү жүргүзүүдө бир нече сыноо эсептөөлөрүн жүзөгө ашыруу зарыл. Ар түрдүү тобокелдиктер таасиринин комбинациясынын жардамы аркасында жүргүзүлгөн талдап-иликтөөдөн улам, банктын төлөөгө жөндөмсүздүгүнүн алгачкы белгилери байкалган учурда, стресс-тестирлөө сценарийи акыркы болуп саналат. 

Кредиттик тобокелдикке баа берүү максатында жүргүзүлгөн стресс-тестирлөө, каржылоо портфелин классификациялоонун бир же эки категориясына төмөн болгон, кайра классификациялоону болжолдогон сценарийлер колдонулушу мүмкүн. Сценарий катары, жоготуу жана башкалар сыяктуу, кредиттик тобокелдикти камтыган классификацияланган активдерди кайра классификациялоону болжолдоого да болот, бул негизинен, банктын каржылоо портфелинин айкын абалына жана мурдатан келе жаткан тажрыйбасына кыйла жакын сценарийден көз каранды болот. 

Андан соң стресс-тестирлөө сценарийине ылайык, РППУга зарыл чегерүүлөр өлчөмү эсептелинип, анын базасында экономикалык ченемдер боюнча банктын талаптарды аткаруу мүмкүнчүлүгүн аныктаган таза суммардык капиталга баа берилет. 

Стресс-тестирлөөнү жүзөгө ашырууда активдердин жалпы абалы, каржылоо портфелинин сапаты, күрөөлүк камсыздоонун начарлашы жана кредиттик тобокелдиктин өсүшүн мүнөздөгөн башка көрсөткүчтөр кароого алынат. Ошентип, стресс-тестирлөөнүн ар кандай ыкмаларын колдонуу менен банк, анын финансылык абалында терс өзгөрүүлөргө алып келиши ыктымал болгон жагдайлар келип жеткенде аларды минималдаштыруу боюнча чараларды өз убагында көрө алат. 

  

  

Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобого карата 

4-тиркеме 

Кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди алууга кардар/өнөктөштүн билдирмелерин 

КАТТОО ЖУРНАЛЫ 

Билдирме берилген күн 

Кардар/ өнөктөштүн аты-жөнү 

Талап кылынган сумма 

Максаттуу багыты 

Мөөнөтү 

Болжолдонгон күрөөлүк камсыздоо 

Статусу (макулдук берилди/ баш тартылды) 

Ордун жабуу булагы (бизнестин түрү

Баш тартылган учурда: анын себеби. Макулдук берилген учурда: суммасы, мөөнөтү 

Бекитилген /баш тартуу билдирмеси берилген күн 

Каржылоо боюнча адистин кол тамгасы 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобого карата 

5-тиркеме 

Банк кардарларынын даттануу жана сунуштарды берүү 

КИТЕБИ 

Банк кардарынын/ өнөктөшүнүн аты-жөнү 

Даттануунун же сунуштун мазмуну 

Күнү 

Банктын түшүндүрмөлөрү 

  

  

  

Көрүлгөн чаралар: 

 Жооптуу кызматкердин кол тамгасы: 

 __________________________  

                        Аты-жөнү

 ________________  

               Кызматы:  

_________________ 

  

  

  

Көрүлгөн чаралар:  

Жооптуу кызматкердин кол тамгасы: 

 __________________________  

                         Аты-жөнү:  

________________  

          Кызматы:  

_________________ 

  

  

  

Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобого карата 

6-тиркеме 

Банк кардарларынын/өнөктөштөрүнүн чыгашаларынын (төлөмдөрүнүн) жана айыптык санкциялар 

ТИЗМЕГИ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 14-октябрындагы № 62/4, 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/3 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

Банктын кардарынын/өнөктөшүнүн укуктары 

КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/3 токтомуна ылайык 

күчүн жоготту 

Кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча кардар/өнөктөштүн чыгашалары (төлөмдөрү

Кредиттик тобокелдикти камтыган активдин суммасы 

Келишимге ылайык белгиленет 

Кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча кошуп эсептелинген баа/киреше 

Билдирмени кароо комиссиясы (кредиттик тобокелдикти камтыган активди тариздөө

Комиссия төлөнө турган болсо, алардын өлчөмү банктын бекитилген тарифтерине ылайык пайыздык же нарктык туюндурулушунда белгиленет 

Кредиттик тобокелдикти камтыган активди берүү жана администрлөө үчүн комиссия 

Ссудалык жана/же күндөлүк эсептерди ачуу (эгерде, эсеп ачуу келишимди түзүүдө шартталса) жана тейлөө (эгерде, кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча операциялар нак эмсе формада ишке ашырылса) үчүн комиссия 

Эсептешүү-кассалык тейлөө үчүн комиссия (анын ичинде кардар/өнөктөштүн нак акчаларды банкомат аркылуу салуусу жана алуусу) 

Банктын кардарынын/өнөктөшүнүн өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча чыгашалары (төлөмдөрү

Үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөр (камсыздандыруу, нотариустун кызмат көрсөтүүлөрү жана башкалар) 

Эгерде мындай кызмат көрсөтүүлөр банк тарабынан сунушталган учурларда көрсөтүлөт. Банк, мындай кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштабаган шартта, келишим түзгөн күнгө карата мындай чыгашалардын болжолдуу наркы көрсөтүлөт. 

Кардар/өнөктөштүн эсептеринен көчүрмө берүү үчүн төлөм 

Банктын бекитилген тарифтерине ылайык пайыздык же нарктык туюндурулушунда белгиленет 

Валютаны конвертациялоо үчүн комиссия 

Башка чыгашалар 

Банктын айыптык санкциялары жана туумдары 

Үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөр (камсыздандыруу, нотариус ж.б. кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөр) 

Келечекте мындай чыгашалардын өзгөртүлүшү ыктымалдыгын көрсөтүү менен чыгашалардын болжолдуу наркы (диапазону) чагылдырылат 

Кардардын/өнөктөштүн эсептеринен көчүрмөлөрдү берүү үчүн комиссиялык төлөмдөр 

Комиссиялык төлөмдөр (чыгашалар) банктын бекитилген тарифтерине ылайык көрсөтүлөт 

Валютаны конвертациялоо үчүн комиссиялык төлөм 

Башка чыгашалар 

  

____________________ 

____________ 

____________ 

  

_________________ 

____________ 

____________ 

(Каржылоо боюнча адистин аты-жөнү 

(кол тамгасы) 

үнү

  

(Банк кардарынын/ өнөктөшүнүн аты-жөнү

(кол тамгасы) 

үнү