Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2009-жылдын 

14-июлунда каттоодон өткөн. Каттоо номери № 74-09 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2009-жылдын 10-июнундагы 

№ 26/3 токтомуна карата 

тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын 

туунду же көз каранды компанияларды 

түзүү жана/же сатып алуу 

ЭРЕЖЕЛЕРИ 

 

(КР Улуттук банкынын башкармасынын 2010-жылдын 17-февралындагы № 2/3,  

2012-жылдын 16-ноябрындагы № 43/1, 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА), 2020-жылдын 24-мартындагы № 2020-П-12\15-5-(НПА) 

токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

 

1. Жалпы жоболор 

 

1.1. Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын туунду же көз каранды компанияларды түзүү жана/же сатып алуу эрежелери бардык коммерциялык банктарга, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктарга (мындан ары - банктар), жана Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" мыйзамында каралган өзгөчөлүктөрдү эске алганда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына таркатылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 16-ноябрындагы № 43/1, 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА), 2020-жылдын 24-мартындагы № 2020-П-12\15-5-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1.2. Бул Эрежелерге банктын банк болуп саналбаган(1) туунду же көз каранды компанияны түзүү жана/же сатып алуу тартиби белгиленген. 

1.3. Банктын туунду же караштуу компанияларды түзүү же сатып алышы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) кат жүзүндөгү уруксатынын негизинде гана ишке ашырылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

1.4. Банктын төмөнкү учурларда туунду же караштуу компанияларды түзүүгө жана/же сатып алууга укугу жок: 

1) эгерде мындай компаниялар, тизмеги Улуттук банк тарабынан аныкталган оффшордук аймактарда, ошондой эле аларга карата Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши тарабынан эл аралык санкциялар белгиленип, алар Кыргыз Республикасы тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон мамлекеттерде жана аймактарда өз ишин ишке ашырууну жана/же каттоодон өтүүнү болжолдосо; 

Эскертүү: Оффшордук аймактардын тизмеси Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 16-апрелиндеги №13/2 «Оффшордук аймактардын субъектилерин жана алардын тизмесин аныктоо боюнча талаптарды белгилөө тууралуу» токтомунда бекитилген; 

2) мындай компаниялар өз ишин оффшордук аймактарда, ошондой эле аларга карата Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши тарабынан эл аралык санкциялар белгиленип, алар Кыргыз Республикасы тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон мамлекеттерде жана аймактарда жүзөгө ашырса жана/же каттоодон өтсө

3) мындай компаниялар катышуучу/кошо уюштуруучу катары оффшордук аймактарда, ошондой эле аларга карата Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши тарабынан эл аралык санкциялар белгиленип, алар Кыргыз Республикасы тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон мамлекеттерде жана аймактарда каттоодон өткөн же ишкердигин жүргүзгөн юридикалык жактарга ээ болсо; 

4) мындай компаниялардын катышуучусу/кошо уюштуруучусу оффшордук аймактарда, ошондой эле аларга карата Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши тарабынан эл аралык санкциялар белгиленип, алар Кыргыз Республикасы тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон мамлекеттерде жана аймактарда каттоодон өткөн юридикалык жактардын катышуучусу/кошо уюштуруучусу болуп саналса.  

5) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамында чектөөлөр белгиленген адамдар компаниялардын катышуучуларынан болуп саналса. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

1.5. Ар бир банк эмес уюмга, анын ичинде туунду же караштуу компанияны түзүүдө жана/же сатып алууда, финансылык салымдарды жана кредиттерди кошо алганда, кайсы болбосун инвестициялардын өлчөмү банктын өздүк (регулятивдик) капиталынын он беш пайызынан азыраакты түзүүгө тийиш. Мында, инвестициялардын жалпы өлчөмү банктын өздүк (регулятивдик) капиталынын алтымыш пайызынан ашпоого тийиш. Ушул эрежелердин максаттарында банктын өздүк (регулятивдик) капиталы дегенден улам, таза суммардык капиталды түшүнөбүз, ал Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын шайкештиги стандарттарын аныктоо боюнча нускоого ылайык эсептелинет. 

Эскертүү: Инвестицияларды жүзөгө ашырууда талаптар жана чектөөлөр Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамынын 113-беренесине ылайык белгиленет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

1.6. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготкон). 

 

2. Банктын туунду же көз каранды компанияларына карата 

колдонулуучу критерийлер 

 

2.1. Банктын банк болуп саналбаган туунду же көз каранды компаниялары иштин төмөнкү түрлөрүн гана жүзөгө ашыра алышат: 

1) Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" Мыйзамына ылайык микрофинансылык ишкердикти; 

2) Кыргыз Республикасынын "Инвестициялык фондулар жөнүндө" Мыйзамына ылайык, инвестициялык фондулардын ишин; 

3) Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы камсыздандыруу уюмдары жөнүндө" Мыйзамына ылайык, камсыздандыруу ишин; 

4) Кыргыз Республикасынын "Аудитордук иш жөнүндө" Мыйзамына ылайык, аудитордук ишкердикти; 

5) Кыргыз Республикасынын "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Мыйзамына ылайык, бухгалтердик эсепке алууну уюштуруу жана жүргүзүү боюнча ишти; 

6) лизинг ишин; 

7) ломбарддардын ишин; 

8) төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо боюнча ишкердикти: 

- эсеп ачпастан үчүнчү жактын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү

- үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана төлөм системасынын катышуучуларына берүү (процессинг); 

- үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана аларды банктар аралык сыяктуу эле, банктык эмес төлөм системаларынын катышуучуларына берүү (банктар аралык процессинг); 

- электрондук акча эквивалентиндеги алдын-ала төлөнгөн карттарды чыгаруу, жайылтуу, төлөөгө кабыл алуу жана тастыктоо; 

9) карыздык милдеттенмелерди сатып алуу жана сатуу (факторинг); 

10) үчүнчү жактардан акчалай формадагы милдеттенмелердин аткарылышын талап кылуу укугун алуу; 

11) кардардын тапшыруусу боюнча анын нускоосуна ылайык аракеттенүү менен баалуу кагаздарды сатып алуу жана сатууну кошо алганда, брокердик кызмат көрсөтүүнү жүзөгө ашыруу; 

12) жеке адамдар же юридикалык жактар менен макулдашуу менен мүлктү ишеним боюнча тескөөгө алууну жүзөгө ашыруу (траст); 

13) карыздык баалуу кагаздарды чыгарууну эске албаганда, ченемдик укуктук актыларга ылайык, өз атынан баалуу кагаздарды чыгаруу; 

14) ченемдик укуктук актыларга ылайык, компанияга өз атынан баалуу кагаздарды сатып алуу жана сатуу; 

15) компаниянын ишине байланыштуу консультациялык жана маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо. 

Банктын туунду жана көз каранды компаниялары алардын ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка бүтүмдөргө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык келишүүгө укуктуу. 

2.1-1. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банк ислам баалуу кагаздарын чыгаруу үчүн ислам атайын финансылык компаниясын түзүүгө укуктуу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 24-мартындагы 2020-П-12\15-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.2. Банктын туунду компаниясынын туунду компаниясы ушул Эрежелердин 2.1-пунктунда көрсөтүлгөн ишкердиктин түрлөрүн гана жүзөгө ашыра алат. 

2.3. Республиканын ченемдик укуктук актыларына ылайык лицензияланууга тийиш болгон ишкердиктин түрлөрү, банктын туунду же көз каранды компаниялары ошондой эле, туунду компанияларынын туунду компаниялары тарабынан, тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын лицензиясынын негизинде жүзөгө ашырылат. 

2.4. Банктын туунду жана караштуу компаниялары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган кандай болбосун уюштуруу-укуктук формада түзүлөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.5. Банктын туунду жана көз каранды компаниялары ошондой эле, банктын туунду компаниясынын Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары сатылып алынган же түзүлгөн туунду компаниялары, эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимде башкасы каралбаса, туунду же көз каранды компания жайгашкан чет өлкө мамлекетинин ченемдик укуктук актыларына каршы келбеген, ушул Эрежелердин 2.1-пунктунда көрсөтүлгөн иштерди жүзөгө ашыра алышат. 

2.6. Банктын туунду же көз каранды компаниялары: 

1) Кыргыз Республикасынын аймагында сатылып алынгандар, акыркы эки жылдагы финансылык отчет менен тастыкталган, аудитордук текшерүүгө алынууга же салык кызматынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн финансылык отчет даярдоого тийиш болгон компаниялар үчүн көз карандысыз аудитордук уюм (тышкы аудитор) тарабынан күбөлөндүрүлгөн туруктуу (чыгашасыз) финансылык абалга ээ болууга тийиш; 

2) Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары сатылып алынгандар, акыркы эки жыл үчүн финансылык отчет менен тастыкталган, көз карандысыз аудитордук уюм (тышкы аудитор) тарабынан күбөлөндүрүлгөн туруктуу (чыгашасыз) финансылык абалга ээ болууга тийиш; 

3) Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын аймагынан тышкары түзүлгөндөр, ушул пунктун 1) жана 2) пунктчаларында көрсөтүлгөн демек, иштин үчүнчү жылынын жыйынтыгы боюнча туруктуу финансылык абалга ээ болуу критерийлерине ылайык келүүгө тийиш; 

4) сатылып алынган же түзүлгөн компаниянын жетекчисинин жана башкы бухгалтеринин тиешелүү диплом менен тастыкталган жогорку билими болууга тийиш мындан тышкары, башкы бухгалтер тиешелүү документтер менен тастыкталган финансы-кредит мекемесинде бухгалтердик эсеп маселелери боюнча атайын даярдыктан (бухгалтердик эсепке алуунун эл аралык стандарттары, финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары) өтүүгө тийиш; 

5) сатылып алынган жана түзүлгөн компанияга төмөнкүлөр жетекчи жана башкы бухгалтер боло алышпайт: 

- ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте алынып салынбаган же/жана өтөлүп бүтө элек соттолгондугу барлар; 

- соттун чечими менен финансы-кредит чөйрөсүндө иштөөгө тыюу салган же экономика, финансы жана банк иши тармагында кылмыштуулукка жол бергендиги, ошондой эле кызмат ордун кыянаттык менен пайдалануу аркылуу кылмыштуулукка баргандыгы үчүн аларга карата айыптоо өкүмү чыгарылгандар; 

- алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйба катары классификацияланган иш-аракеттерге тиешеси бар деп таанылган Улуттук банктын (Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин токтому, жазма буйруктары жана башка көзөмөлдүк чаралары) аларга карата расмий чечими чыгарылгандар ченемдик укуктук актылардын талаптарын бир нече жолу бузууга жол бергендер; 

- алардын ишкердик аброюнун алгылыксыздыгын тастыктаган кат жүзүндө маалымат келип түшкөндөр. 

 

3. Банктын туунду же көз каранды компаниясын түзүүсү 

жана/же сатып алуусу 

 

3.1. Банк төмөнкү шарттарда туунду же көз каранды компанияларды түзүүгө жана/же сатып алууга укуктуу: 

- банктын иши өткөн үч жыл аралыгында жана туунду же көз каранды компанияны түзүү же сатып алуу жөнүндө чечим кабыл алган учурга карата чыгашасыз болуп саналса; 

- банк тарабынан акыркы 12 ай ичинде Улуттук банктын бардык экономикалык ченемдери жана талаптары аткарылган болсо; 

- Банк ишинде кемчиликтердин бардыгы Улуттук банк тарабынан аныкталышынан улам, банк операцияларынын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырууга банкка карата чектөөлөр белгиленбеген болсо; 

- Улуттук банкка кат жүзүндө макулдук алуу үчүн кайрылган күнү банктын жана банкта иштеген анын кызмат адамдарынын иши алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйба катары таанылган чечим жок; 

- туунду же караштуу компанияны түзүү же сатып алуу Улуттук банктын экономикалык ченемдерин жана талаптарын бузууга жол берүүгө, ошондой эле банктын алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага тартылышына алып келбейт; 

- туунду же караштуу компанияны түзүү же сатып алуу банктын аманатчыларынын жана башка кредиторлорунун кызыкчылыктарына коркунуч жаратпайт жана ал банктын аффилирленген жана байланыштуу жактарынын кызыкчылыгында эмес, банктын кызыкчылыгы менен шартталган. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

3.2. Туунду же көз каранды компанияны түзүү жана/же сатып алуу чечими, туунду жана көз каранды компанияны түзүү жана/же сатып алууга байланышкан тобокелдиктер боюнча банктын тобокелдин-менеджеринин корутундусун эске алуу менен банктын Директорлор Кеңеши тарабынан кабыл алынат. 

3.3. Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары туунду же көз каранды компанияны түзүү жана/же сатып алуу чечими кабыл алынган учурда банк, өлкөлүк жана башка тобокелдиктерге байланыштуу потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резерв түзүүнү, тиешелүү өлкөнүн ченемдик укуктук актыларына иликтеп талдоолорду жүргүзүүнү кошо алганда, туунду же көз каранды компанияларды түзүүгө жана/ же сатып алууга байланышкан тобокелдиктерди басаңдатууга багытталган чараларды караштырууга тийиш. 

3.4. Банк туунду же көз каранды компанияны түзүү же сатып алуу чечими кабыл алгандан кийин, төмөнкү документтерди Улуттук банкка берүүгө тийиш: 

1) компания тууралуу толук маалыматты камтыган, туунду же көз каранды компанияны түзүүгө жана/же сатып алууга өтүнүч катты (1-тиркеме); 

2) Директорлор кеңешинин туунду же көз каранды компанияны түзүү жана/же сатып алуу жөнүндө чечими. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктарда ислам атайын финансылык компаниясын түзүү үчүн банктын Шариат кеңешинин жактыруусун; 

3) түзүлүп же сатылып алынып жаткан компаниянын банктын финансылык туруктуулугуна таасирин тийгизиши мүмкүн болгон тобокелдиктерине баа берүүнү кошо алганда, туунду же көз каранды компанияларды түзүү жана/же сатып алууга байланыштуу тобокелдиктер боюнча банктын корутундусун; 

4) түзүлүп жаткан компаниянын уставынын жана уюштуруу келишиминин долбоорлору. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктарда жогоруда көрсөтүлгөн документтер банктын Шариат кеңеши тарабынан жактырылууга тийиш; 

5) уставдын, уюштуруу келишиминин, сатылып алынып жаткан компаниянын мамлекеттик каттоодон белгиленген тартипте өткөндүгүнүн нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн күбөлүгүнүн көчүрмөлөрүн; 

6) түзүлүп же сатылып алынып жаткан компанияны эске алуу менен банкты өнүктүрүүнүн 1 жылга каралган бизнес-планын, анда туунду же көз каранды компанияны түзүүнүн же сатылып алуунун экономикалык негиздемелери, компанияларды түзүүнүн банктын капиталына же кирешесине таасир этүүсүн эсептөөлөр ошондой эле, Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдердин банк тарабынан аткарылышы жөнүндө маалыматтар камтылууга тийиш; 

7) сатылып алынган компаниянын жана анын олуттуу катышуучуларынын акыркы эки жыл ичиндеги жылдык отчету, анда көз карандысыз аудитордун алардын аныктыгы тууралуу корутундусу (отчету) жана тиешелүү маалыматтар боюнча түшүндүрмөлөрдү ачып берүүлөр камтылат; 

8) сатылып алынып жаткан компанияга ишкердикти жүзөгө ашырууга тиешелүү мамлекеттик орган тарабынан берилген лицензиянын (же башка уруксат берүүчү документтин) көчүрмөсүн же болбосо, берилген лицензиянын (же уруксат берүүчү башка документтин) номерин жана берилген күнүн ошондой эле, эгерде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан лицензияны (же уруксат берүүчү башка документти) көчүрмөлөөгө тыюу салуу жана көчүрмөлөрдү анык эмес деп таануу жөнүндө шарттар каралган болсо, сатылып алынып жаткан компанияга лицензия (же башка уруксат берүүчү документ) берген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жөнүндө маалыматтарды чагылдыруу менен банктын катын; 

9) банктын балансын жана сатылып алынып жаткан туунду же көз каранды компаниянын балансын, акыркы отчеттук күнгө карата абал боюнча банктын туунду же көз каранды компаниясынын балансы менен банктын консолидацияланган болжолдоолорун (прогнозун); 

10) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан лицензия алган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган банк сатып алып жаткан туунду же караштуу компанияга карата акыркы эки жыл ичинде колдонулган таасир этүү чаралары жана санкциялар жөнүндө маалымат же мындай таасир этүү чаралары жана санкциялар колдонулбагандыгы жөнүндө маалымат; 

11) компанияны Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары түзүү же сатып алуу учурунда: 

- туунду же көз каранды компанияларды түзүү же сатып алынып жаткан көзөмөл органынын, компаниянын иши ошол өлкөнүн ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык көзөмөлдүккө алынууга тийиш экендиги тууралуу, кат жүзүндөгү тастыктамасын; 

- же туунду же көз каранды компанияны түзүү же сатып алуу болжолдонуп жаткан өлкөнүн ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, компаниянын иши көзөмөлдүккө алынбастыгы тууралуу көзөмөл органынын кат жүзүндөгү тастыктамасын. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА), 2020-жылдын 24-мартындагы 2020-П-12\15-5-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

3.5. Ушул Эрежелердин 3.4-пунктунун 10), 11) пунктчаларында көрсөтүлгөн банктын туунду же көз каранды компанияларынын документтери, алардын Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары сатылып алынышы жана/же түзүлүшү учурунда, белгиленген тартипте легалдаштырылып берилүүгө тийиш. Документтердин мамлекеттик же расмий тилге котормосунда, котормочунун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн кол тамгасы камтылууга тийиш. 

3.6. Улуттук банк уруксат берүү чечимин кабыл алуу үчүн зарыл болгон кошумча маалыматтарды банктан талап кылууга укуктуу. 

 

4. Туунду же көз каранды компанияларды түзүүгө жана/же 

сатып алууга уруксат алуу үчүн банк тарабынан 

берилген документтерди кароо тартиби 

 

4.1. Улуттук банктын кароосуна сунушталган документтер, маалыматтардын толуктугу жана тактыгы, туунду же көз каранды компаниянын кызмат адамдарынын белгиленген талаптарга(4) ылайык келүүсү жана туунду же көз каранды компаниянын Улуттук банктын критерийлерине жооп берүүсү, бизнес-пландын негиздүүлүгү жана туунду же көз каранды компаниялардын иши, ченемдик укуктук актыларга ылайык келүүсү көз карашынан кароого. 

4.2. Улуттук банктын кароосуна сунушталган, көлөмү 1 барактан ашкан документтин ар бир барагы номерленип, кол коюлуп, көктөлөт. Улуттук банкка документтердин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү берилет. Зарылчылык келип чыккан шартта, Улуттук банктын талабы боюнча айрым документтер электрондук формада кошумча берилиши мүмкүн. 

4.3. Улуттук банк берилген документтерди кароого алып, туунду же көз каранды компанияны түзүү жана/же сатып алууга уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алат же болбосо андан баш тартуу менен банктын Директорлор Кеңешинин Төрагасынын атына, кабыл алынган чечим жөнүндө маалыматты чагылдыруу менен документтер кароого сунушталгандан кийинки эки ай ичинде кат жөнөтөт. 

4.4. Документтер ушул Эрежелердин талаптарына ылайык келбеши учурунда жана/же алар толук көлөмдө берилбеген шартта, белгиленген талаптарга жооп берген документтерди кароо мөөнөттөрү Улуттук банкка келип түшкөн күндөн башталат. 

4.5. Түзүлгөн туунду же көз каранды компания мамлекеттик каттоодон өткөртүлүп, ишкердикти жүзөгө ашырууга ченемдик укуктук актыларга ылайык лицензия (же башка уруксат берүүчү документ) алгандан кийинки беш жумуш күнү ичинде банк, туунду же көз каранды компаниянын уставынын, уюштуруу келишиминин, мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн жана лицензиясынын (же башка уруксат берүүчү документтин) көчүрмөсүн кошо тиркөө менен Улуттук банкка билдирме жөнөтөт. Эгерде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан лицензияны (же башка уруксат берүүчү документти) көчүрмөлөөгө тыюу салуу, ошондой эле көчүрмөлөрдү анык эмес деп таануу жөнүндө шарттар каралган болсо, банк ушул Эрежелердин 3.4-пунктунун 8-пунктчасына ылайык, Улуттук банкка кат жөнөтөт. 

4.6. Сатылып алынып жаткан туунду же көз каранды компаниялар мамлекеттик кайрадан каттоодон өткөртүлгөндөн кийинки беш жумуш күнү ичинде жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте лицензияны (же башка уруксат берүүчү документти) кайрадан тариздетүү зарылчылыгы келип чыккан учурда, банк туунду же көз каранды компаниянын уставынын, уюштуруу келишиминин, мамлекеттик кайрадан каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн жана лицензиясынын (же башка уруксат берүүчү документтин) көчүрмөсүн кошо тиркөө менен Улуттук банкка билдирме жөнөтөт. Эгерде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан лицензияны (же башка уруксат берүүчү документти) көчүрмөлөөгө тыюу салуу, ошондой эле көчүрмөлөрдү анык эмес деп таануу жөнүндө шарттар каралган болсо, банк ушул Эрежелердин 3.4-пунктунун 8-пунктчасына ылайык Улуттук банкка кат жөнөтөт. 

4.7. Түзүлгөн туунду же көз каранды компанияны мамлекеттик каттоодон өткөртүүдөн же Кыргыз Республиканын аймагынын чегинен тышкары банктын түзүлгөн жана/же сатылып алынган туунду же көз каранды компаниясын кайрадан каттоодон өткөртүүдөн, ишкердикти жүзөгө ашыруу укугуна лицензия (же башка уруксат берүүчү документ) алгандан же болбосо ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте, лицензия кайрадан тариздетилгенден кийинки он жумуш күнү ичинде банк, чет өлкө мамлекетинин тиешелүү документтеринин белгиленген тартипте легализацияланган көчүрмөлөрүн Улуттук банкка берет. Документтердин мамлекеттик же расмий тилге котормосунда котормочунун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн кол тамгасы камтылууга тийиш. 

4.8. Улуттук банкка документтер келип түшкөн күндөн кийин үч күн ичинде банктын туунду компанияларынын маалымат базасында (2-тиркеме) же банктын көз каранды компанияларынын маалымат базасында (3-тиркеме) тиешелүү жазуулар чагылдырылат. 

4.9. Банк он жумуш күнү ичинде туунду же көз каранды компаниянын капиталына катышуу өлчөмүнүн өзгөрүүсү жөнүндө (суммардык жана пайыздык катышта) Улуттук банкка билдирүүгө милдеттүү

4.10. Улуттук банкка берилген документтердин көчүрмөлөрү кат жүзүндөгү талапка ылайык жана документтердин көчүрмөлөрүн кабыл алуу өткөрүп берүү актысынын негизинде гана Улуттук банктан банкка кайтарылып берилет. 

 

5. Банктын туунду же көз каранды компанияны түзүүсүнө жана/же 

сатып алынуусуна уруксат берүүдөн баш тартуу 

 

5.1. Улуттук банк төмөнкү учурларда туунду же көз каранды компанияны түзүүгө жана/же сатып алууга банкка уруксат берүүдөн баш тартышы мүмкүн: 

- документтер толук берилбесе же аларда такталбаган маалыматтар камтылса; 

- туунду жана көз каранды компаниялар Улуттук банк тарабынан белгиленген критерийлерге ылайык келбей калса; 

- банктын туунду жана көз каранды компанияларынын жетекчилеринин же башкы бухгалтеринин Улуттук банктын ушул Эрежелердин 2.6-пунктунун 4) жана 5) пунктчаларында көрсөтүлгөн талаптарына ылайык келбесе; 

- банк сатып ала турган туунду же көз каранды компанияларга карата акыркы эки жыл аралыгында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кандайдыр бир чаралардын жана санкциялардын колдонулушу учурунда; 

- туунду же көз каранды компанияларды түзүүгө же сатып алууга уруксат берүүчү документтер, Улуттук банк тарабынан кароого алынып жаткан мезгил ичинде банкка карата чаралар жана санкциялар колдонулса; 

- ушул Эрежелердин 3.1-пунктунда көрсөтүлгөн талаптар банк тарабынан аткарылбаса. 

5.2. Улуттук банк туунду же көз каранды компанияны түзүүгө жана/же сатып алууга уруксат берүүдөн баш тарткан учурда, баш тартуу себептерин көрсөтүү менен кат жүзүндө банкка билдирме жөнөтөт. 

 

6. Туунду же көз каранды компаниялары бар банктарга 

жана туунду же көз каранды компанияларга карата 

таасир этүү чараларын колдонуу тартиби 

 

6.1. Туунду жана көз каранды компаниясы бар банктарга ошондой эле, банктын туунду жана көз каранды компанияларына карата таасир этүү чаралары, ченемдик укуктук актыларга ылайык колдонулат. 

6.2. Банктын аффилирленген жактары тарабынан Улуттук банктын жана/же ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузууга жол берилсе же анын иши ошондой эле, финансылык абалы банктын финансылык туруктуулугуна жана анын аманатчыларынын кызыкчылыгына доо кетириши мүмкүн болсо, Улуттук банк аффилирленген жактан аныкталган мыйзам бузууларды чектетүү чараларын көрүүнүн талап кылышы мүмкүн. Мында, Улуттук банктын талаптары Улуттук банк менен банктын аффилирленген жагынын ортосундагы кат жүзүндөгү келишимде же Улуттук банктын жазма буйругунда чагылдырылууга тийиш. 

6.3. Улуттук банк банктын олуттуу катышуучуларынан алардын иши же финансылык абалы банктын финансылык туруктуулугуна жана анын аманатчыларынын кызыкчылыгына доо кетириши мүмкүн болгон, алардын контролдугуна алынган компанияларга карата чара көрүүнү талап кылышы ыктымал. Мында, Улуттук банктын талаптары Улуттук банк менен олуттуу катышуучулардын ортосундагы кат жүзүндөгү келишимде же Улуттук банктын жазма буйругунда чагылдырылат. 

6.4. Эгерде ушул Эрежелердин 6.2 жана 6.3-пункттарына ылайык, Улуттук банктын талаптары ал белгилеген мөөнөттөрдө аткарылбаса, ал банктын туунду же көз каранды компанияларына карата төмөнкүлөрдү колдонууну банктан талап кылууга укуктуу: 

- ушул компанияга кандай болбосун инвестициялардын өлчөмүн көбөйтпөө

- инвестицияны компания банктын туунду же көз каранды компаниясы болуп саналбай турган деңгээлге чейин азайтуу; 

- туунду же көз каранды компанияга катышуусун токтотуу жана туунду же көз каранды компаниянын акциясын же капиталындагы үлүшүн ушул Эрежелердин 6.7-пунктунда каралган мөөнөт ичинде сатуу. 

6.5. Компания мындан ары туунду же көз каранды компания болуп саналбай турган деңгээлге чейин туунду же көз каранды компаниянын капиталына банктын инвестицияларынын азайгандыгы тууралуу Улуттук банктын катын алгандан кийин, банк компания банктын туунду же көз каранды компаниясы болуп мындан ары саналбай тургандыгын тастыктаган, мына ушундай компаниялардын акцияларынын ага тиешелүү бөлүгүн же капиталындагы үлүштү сатууга карата чараларды көрөт. Банк акциялардын бөлүгүн банк менен байланыштуу болбогон жактарга, Улуттук банк тарабынан белгиленген мөөнөт ичинде сатат, ал эми ал мөөнөт Улуттук банктын тиешелүү катын алгандан кийинки алты айдан ашпоого тийиш. Банк сатуу ишке ашырылгандан кийинки үч жумуш күнү ичинде ал тууралуу Улуттук банкка жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирет. 

6.6. Улуттук банк туунду же көз каранды компанияны түзүүгө жана/же сатып алууга берилген уруксатты кайтарып алышы (жокко чыгарышы) мүмкүн, эгерде: 

- туунду жана көз каранды компанияларды түзүүгө уруксат берүүдөн баш тартууга негиз болчу фактылар Улуттук банкка белгилүү болсо; 

- туунду же көз каранды компаниялардын Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында уруксат берилбеген ишкердикке катышы бардыгын тиешелүү фактылар Улуттук банкка маалым болсо; 

- туунду же көз каранды компаниянын же анын кызмат адамдарынын ишкердик аброюна талаптагыдай эместигин тастыктаган фактылар Улуттук банкка белгилүү болсо; 

- акыркы инспектордук текшерүүлөрдүн натыйжалары жана тышкы көзөмөлдүн чегинде алынган башка маалыматтар, банктын финансылык туруктуулугуна жана ишенимдүүлүгүнө доо кетириши мүмкүн болгон проблемалардын орун алып жаткандыгын көрсөтсө

- Улуттук банк тарабынан алардын негизинде туунду же көз каранды компания түзүүгө жана/же сатып алууга банкка уруксат берүү чечими кабыл алган маалыматтардын шайкеш эместиги аныкталса; 

- банктын Улуттук банкка берген маалыматтарына ылайык, Улуттук банк же башка ыйгарым укуктуу орган тарабынан банктын туунду же көз каранды компаниясынын лицензиясы (же башка уруксат берүүчү документи) кайтарылып алынса. 

6.7. Улуттук банктын уруксат берүүнү кайтарып алууга (жокко чыгарууга) тиешелүү катын алгандан кийин, банк туунду же көз каранды компаниянын ага тиешелүү акцияларын же капиталындагы үлүшүн банк менен байланыштуу болбогон жактарга, Улуттук банк тарабынан белгиленген мөөнөт ичинде сатууга тиешелүү чараларды көрөт, ал эми ал мөөнөт Улуттук банктын тиешелүү катын алгандан кийинки алты айдан ашпоого тийиш. Банк сатуу ишке ашырылгандан кийинки үч жумуш күнү ичинде ал тууралуу Улуттук банкка жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирет. Туунду же көз каранды компаниялардын ага тиешелүү акцияларын же капиталындагы үлүшүн сатуу мөөнөтү ичинде, банктын туунду же көз каранды компаниясы Улуттук банктын талабы боюнча өз ишин токтотот. 

6.8. Улуттук банкка туунду же көз каранды компаниянын ага тиешелүү акциялары же болбосо капиталындагы үлүшү сатылгандыгы жөнүндө банктын билдирмеси келип түшкөндөн кийин үч жумуш күнү ичинде туунду компаниялардын маалымат базасына (2-тиркеме) же банктын көз каранды компанияларынын маалымат базасына (3-тиркеме) тиешелүү жазуулар чагылдырылат. 

 

7. Банктын туунду же көз каранды компанияларын жоюу 

 

7.1. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган тартипте, банктын туунду же көз каранды компаниясын жоюу тууралуу чечим төмөнкүлөр тарабынан кабыл алынышы мүмкүн: 

- банктын Директорлор Кеңеши; 

- Кыргыз Республикасынын сот органдары; 

- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка учурларда. 

7.2. Банктын туунду же көз каранды компаниясын жоюу республиканын ченемдик укуктук актыларынын негизинде жүзөгө ашырылат. Банктын Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жайгашкан туунду же көз каранды компаниялары банктын туунду же көз каранды компаниялары жайгашкан өлкөнүн ченемдик укуктук актыларына ылайык жоюлууга тийиш. 

7.3. Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн туунду же көз каранды компанияларды жоюу Кыргыз Республикасынын юстиция органы тарабынан юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине тиешелүү жазууларды киргизгенден тартып аяктаган болуп саналат. 

7.4. Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн туунду же көз каранды компаниянын жоюлушу аяктагандан кийинки үч жумуш күнү ичинде, юстиция органы тарабынан берилген юридикалык жактарды бирдиктүү мамлекеттик реестрине тиешелүү жазуулар чагылдырылгандыгы тууралуу буйруктун көчүрмөсүн банк Улуттук банкка берет. 

7.5. Банктын туунду же көз каранды компаниясын Кыргыз Республикасынын юстиция органдарындагы же Кыргыз Республикасынан тышкары тиешелүү каттоо органындагы эсептик каттоодон алып таштаган күндөн кийинки он жумуш күнүнүн ичинде банк, компаниянын эсептик каттоодон алынып салынгандыгын ырастаган мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн документин тиркөө менен туунду же көз каранды компаниянын ишинин токтогондугу тууралуу Улуттук банкка жана туунду же көз каранды компанияга ишин жүзөгө ашырууга лицензия (же башка уруксат берүүчү документ) берген мамлекеттик ыйгарым укуктуу органга кат жүзүндө маалымдайт. 

7.6. Улуттук банкка документтер келип түшкөн күндөн кийинки үч жумуш күнү ичинде банктын туунду компанияларынын маалымат базасына (2-тиркеме) же банктын көз каранды компанияларынын маалымат базасына (3-тиркеме) тиешелүү жазуулар, чагылдырылат. 

 

8. Банк тарабынан Улуттук банкка берилүүчү 

маалыматтар жана отчеттор 

 

8.1. Банк уюштуруу документтерине, уставга, туунду же көз каранды компаниялардын түзүмүнө киргизилген олуттуу өзгөрүүлөр, алардын иш чөйрөсүнүн кеңейиши, туунду жана көз каранды компанияларда кызмат адамдардын алмашуусу жөнүндө маалыматтарды ошондой эле, банктын туунду компаниялары тарабынан туунду компаниялардын түзүлүшү жана/же сатылып алынышы жөнүндө маалыматтарды толук чечмелөө менен тиешелүү чечим кабыл алынган учурдан тартып 30 күндөн кечиктирбестен, Улуттук банкка берет. 

(КР Улуттук банкынын башкармасынын 2010-жылдын 17-февралындагы N 2/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

8.2. Улуттук банк түшкөн маалыматты карап көрүп, 30 күндүн ичинде банкка тигил же бул өзгөртүүлөрдүн келип чыгуу себептерин көрсөтүү менен тыюу салган кат жөнөтөт. Эгер Улуттук банк белгиленген мөөнөттө өз чечими тууралуу билдирбесе, өзгөртүүлөр кабыл алынган катары саналат. 

8.3. Банк милдеттүү түрдө өзүнүн финансылык абалына же анын кайсы гана болбосун туунду же көз каранды компаниясынын финансылык абалына олуттуу таасирин тийгизүүчү бардык фактылар же жагдайлар тууралуу Улуттук банкка билдирет, анын натыйжалары боюнча Улуттук банк белгиленген тартипте тиешелүү чараларды кабыл алат. 

8.4. Банк жеке жана топтолгон түрдө Улуттук банкка финансы отчетун берет. 

8.5. Банк, Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга ылайык өз-өзүнчө жана топтолгон негизде Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдүү банктык отчетту ага берип турат. 

 

(1) (Эскертүү КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-5-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

(2) (Эскертүү КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-5-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

(3) (Эскертүү КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-5-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

(4) (Эскертүү КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-5-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

коммерциялык банктарынын 

туунду же көз каранды 

компанияларды түзүү жана/же 

сатып алуу эрежелерине карата 

1-тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук 

банкынын Төрагасына 

 

_______________ (күнү

 

Туунду жана/же көз каранды компанияны 

түзүүгө жана/же сатып алууга 

ӨТҮНҮЧ КАТ 

 

Улуттук банктын 20__-жылдын "__" _________ N ______ лицензиясынын негизинде иштеп жаткан, _______________________ дареги боюнча жайгашкан _____________________________________________ банк, төмөнкү реквизиттер 

(банктын аталышы) 

менен туунду/көз каранды компанияны ___________________________________ 

(керектүүсүн көрсөт) 

түзүүгө/сатып алууга __________________________________________ уруксат 

(керектүүсүн көрсөт) 

берүүнү өтүнөт: 

1. Компаниянын аталышы ___________________________________________ 

2. Компаниянын дареги ____________________________________________ 

3. Компаниянын уюштуруу-укуктук формасы __________________________ 

4. Компаниянын ишинин түрү _______________________________________ 

5. Компания кайсыл жылдан тартып рынокто аралашаары тууралуу маалымат _________________________________________________________________ 

6. Компаниянын жетекчисинин аты-жөнү _____________________________ 

7. Компаниянын башкы бухгалтеринин аты-жөнү ______________________ 

8. Телефону ____________________ Факсы ___________________________ 

9. Компаниянын уставдык капиталынын өлчөмү _____________ (суммасы) 

10. Банктын компаниянын уставдык капиталындагы үлүшү _________ (%) _____________ (суммасы) 

11. Уюштуруучулар, олуттуу катышуучуларды жана контролдук кылуучу адамдарды кошкондо, алардын компаниянын уставдык капиталындагы үлүшү (% жана суммасы) 

_________________________________ _________ (%) _____________ (суммасы) 

(уюштуруучунун аталышы) 

_________________________________ _________ (%) _____________ (суммасы) 

(уюштуруучунун аталышы) 

_________________________________ _________ (%) _____________ (суммасы) 

(уюштуруучунун аталышы) 

Берилген маалыматтын аныктыгына банк толугу менен жооптуу. 

Түзүлгөн же сатылып алынган компаниянын _____ барактан турган уюштуруу документтери, толугу менен чагылдырылган. 

 

Банктын Директорлор Кеңешинин Төрагасы ___________________________ 

(колтамгасы) 

___________________________ 

(фамилиясы, аты) 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

коммерциялык банктарынын 

туунду же көз каранды 

компанияларды түзүү жана/же 

сатып алуу эрежелерине карата 

2-тиркеме 

 

Банктын туунду компанияларынын 

МААЛЫМАТ БАЗАСЫ 

 

┌─┬───────┬───────────────┬───────┬──────────┬───────┬─────────┬──────┐ 

NБанктынБанк тарабынан Туунду Туунду Туунду Берилген Туунду│ 

аталышы туунду компа- компанияныкомпа- уруксаттыкомпа-│ 

компанияны ниянын мамлекет-ниянын жокко нияны │ 

түзүүгө жана/жеаталышытик каттооишинин чыгаруу жоюу │ 

сатып алууга (кайра түрлөрү│ күнү күнү │ 

уруксат берүү каттоо) жана анын жана │ 

жөнүндө Улуттук жөнүндөгү негиздеринегиз-│ 

банктын катынын маалымат- дери │ 

номери жана тар │ 

жөнөтүлгөн күнү│ │ 

├─┼───────┼───────────────┼───────┼──────────┼───────┼─────────┼──────┤ 

├─┼───────┼───────────────┼───────┼──────────┼───────┼─────────┼──────┤ 

└─┴───────┴───────────────┴───────┴──────────┴───────┴─────────┴──────┘ 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

коммерциялык банктарынын 

туунду же көз каранды 

компанияларды түзүү жана/же 

сатып алуу эрежелерине карата 

3-тиркеме 

 

Банктын көз каранды компанияларынын 

МААЛЫМАТ БАЗАСЫ 

 

┌─┬────────┬───────────────┬───────────┬───────────┬─────────┬────────┐ 

NБанктын Банк тарабынан Көз карандыКөз каранды Көз Көз │ 

аталышы көз каранды компаниянынкомпанияны каранды каранды │ 

компанияны аталышы мамлекеттиккомпания-компания│ 

түзүүгө жана/же каттоодон нын жоюлган │ 

сатып алууга (кайра ишинин күн жана│ 

уруксат берүү каттоодон) түрлөрү анын │ 

жөнүндө Улуттук өткөндүгү негизи │ 

банктын катынын жөнүндөгү │ 

номери жана маалыматтар │ 

жөнөтүлгөн күнү│ │ 

├─┼────────┼───────────────┼───────────┼───────────┼─────────┼────────┤ 

├─┼────────┼───────────────┼───────────┼───────────┼─────────┼────────┤ 

└─┴────────┴───────────────┴───────────┴───────────┴─────────┴────────┘