Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 17-майындагы 

№ 19/13 токтомуна 

тиркеме 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө 

ЖОБО  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 17-октябрындагы № 2018-П-12/43-2-(НПА), 2019-жылдын 9-сентябрындагы № 2019-П-33/47-4-(НФКУ), 2019-жылдын 1-ноябрындагы N 2019-П-33/55-3-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

Бул Жобо аркылуу банк, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы же башка финансы-кредит уюму, башка юридикалык жак (кепилдик фонд, алмашуу бюросу, турак жай-сактык кредиттик компания, кредиттик бюро, төлөм системасынын оператору жана төлөм уюму) же жеке адамдын сотко чейин даттануусу, анын ичинде таасир этүү чараларын жана айыптык төлөмдү колдонуу чечимине (мындан ары - таасир этүү чаралары), ошондой эле лицензиялоо маселелери, Улуттук банктын ыйгарым укуктуу адамы (түзүмдүк бөлүм), Төраганын орун басары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү же Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети/Төлөм системасы боюнча комитети (мындан ары - Комитет) тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган компетенциянын чегинде кабыл алынган чечимдер боюнча даттануу тартиби жөнгө салынат.  

Улуттук банктын чечимдери боюнча эң оболу, анын өзүнө, андан соң сотко кайрылуу зарыл.  

Улуттук банк Башкармасынын ал боюнча сотко гана даттанууга боло турган чечимдерин эске албаганда, Улуттук банктын кандай болбосун чечимине сотко чейин даттанууга жол берилет.  

Сотко чейин даттануу Улуттук банктын чечимдеринин аракетин токтотпойт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 9-сентябрындагы № 2019-П-33/47-4-(НФКУ), 2019-жылдын 1-ноябрындагы N 2019-П-33/55-3-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1-глава. Жалпы жоболор  

1. Бул жобонун талаптары Улуттук банктын ыйгарым укуктуу адамынын (түзүмдүк бөлүмдүн), Төраганын орун басарынын/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнүн же Комитеттин чечимине карата банк, юридикалык жак же жеке адам ага ылайык даттанууга ниеттенген бардык учурларда колдонулат.  

2. Жободо төмөнкү аныктамалар колдонулган:  

"Териштирүүнү жүргүзгөн адам же орган" - Улуттук банктын Төрагасынын орун басары, банк Башкармасынын мүчөсү, Улуттук банктын Төрагасы жана Улуттук банк Башкармасы.  

"Апеллянт" - Улуттук банктын ыйгарым укуктуу адамынын (түзүмдүк бөлүмдүн), Төраганын орун басарынын/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнүн же Комитеттин чечимине ушул жободо белгиленген тартипке ылайык даттанган банк, башка юридикалык жак же жеке адам.  

"Банк" - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Улуттук банктан лицензия алган жана/же иши ал тарабынан көзөмөлгө алынган коммерциялык банк же башка финансы-кредит уюму. 

"Юридикалык жак" - алмашуу бюросу, кредиттик бюро, төлөм системасынын оператору жана төлөм уюму, банк же финансы-кредит уюму болуп саналбаган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Улуттук банк тарабынан көзөмөлдүккө алынган башка юридикалык жак.  

"Улуттук банк" - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы.  

"Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмү" - Улуттук банктын буйругунун негизинде аныкталган жана ушул жобого ылайык даттануу предметинен болушу мүмкүн болгон чечим кабыл алуу анын компетенциясына кирген, апеллянттын иши боюнча маселени кароону демилгелеген түзүмдүк бөлүм.  

"Ыйгарым укуктуу адам (түзүмдүк бөлүм)" - ушул жобого ылайык ага карата даттанууга түрткү берген чечимди кабыл алуу анын компетенциясына кирген Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмүнүн начальниги же башка ыйгарым укуктуу адам.  

"Улуттук банктын чечими" - Улуттук банктын ыйгарым укуктуу адамы (түзүмдүк бөлүм), Төраганын орун басары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү же Комитет тарабынан банкка, башка юридикалык жакка же жеке адамга карата Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында аныкталган компетенцияга ылайык кабыл алынган, көзөмөл жана жөнгө салуу органы катары Улуттук банктын милдеттеринен/ыйгарым укуктарынан улам келип чыккан, анын ичинде айыптык төлөм салууну кошо алганда, таасир этүү чараларын аныктаган документ, ошондой эле лицензиялоого жана жөнгө салууга байланыштуу чечимдер.  

"Териштирүү" - Улуттук банктын чечимине карата даттанууну (мындан ары -апелляциялык арыз) ушул Жобого ылайык кароо процесси. 

"Тарап" - ушул жобого ылайык апелляциялык арыз менен кайрылышы мүмкүн болгон банк жана/же башка юридикалык жак же жеке адам, ошондой эле Улуттук банктын өкүлдөрү.  

3. Улуттук банктын териштирүү ишин жүргүзгөн адамы же органы апелляциялык арызды 30 (отуз) календардык күндөн кечиктирбестен кароого алууга тийиш.  

Териштирүү ишин жүргүзгөн адам же орган апелляциялык арызды кароо мөөнөтүн 30 (отуз) календардык күндөн ашпаган мөөнөткө узартышы мүмкүн.  

4. Улуттук банк ага карата чечим кабыл алган кайсыл болбосун адам ушул жободо белгиленген тартипте териштирүү ишин жүргүзгөн адамга же органга даттанууга укуктуу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 17-октябрындагы № 2018-П-12/43-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2-глава. Териштирүү ишин жүргүзгөн адамдын же органдын ыйгарым укуктары  

5. Териштирүү Улуттук банктын Төрагасынын орун басары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү, Төраганын өзү же Улуттук банк Башкармасы тарабынан ишке ашырылат.  

6. Улуттук банктын Төрагасынын орун басары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Улуттук банктын ыйгарым укуктуу адамынын (түзүмдүк бөлүмүнүн) чечимине карата апелляциялык арызды кароого алып, ал боюнча тиешелүү чечим кабыл алат.  

Улуттук банктын Төрагасынын орун басарынын/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнүн ыйгарым укуктуу адамдын (түзүмдүк бөлүмдүн) чечимине карата апелляциялык арыздын негизинде кабыл алынган чечимине карата Улуттук банктын Төрагасына ушул жобого ылайык даттанууга жол берилет.  

7. Улуттук банктын Төрагасы ыйгарым укуктуу адамдын (түзүмдүк бөлүмдүн) чечимине карата апелляциялык арыздын негизинде кабыл алган Улуттук банктын Төрагасынын орун басарынын/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнүн чечими боюнча апелляциялык арызды кароого алып, ал боюнча тиешелүү чечим кабыл алат.  

Улуттук банктын Төрагасы апелляциялык арызды ыңгайына жараша Улуттук банк Башкармасынын кароосуна өткөрүп берүүгө укуктуу.  

Апелляциялык арызды кароонун жыйынтыгы боюнча Улуттук банктын Төрагасы тарабынан кабыл алынган чечим, ушул Жобого ылайык сотто кароого алынат.  

8. Улуттук банк Башкармасы төмөнкүдөй апелляциялык арыздарды кароого алып, алар боюнча чечимдерди кабыл алат:  

- Улуттук банктын Төрагасынын орун басарынын/банк Башкармасынын мүчөсүнүн көзөмөл жана жөнгө салуу органы катары Улуттук банктын милдеттеринен/ыйгарым укуктарынан улам келип чыккан чечими;  

- Улуттук банктын Төрагасынын орун басарынын/банк Башкармасынын мүчөсүнүн ушул жобого ылайык ыйгарым укуктуу жактын (түзүмдүк бөлүмдүн) чечимине карата апелляциялык арыздын негизинде кабыл алынган жана Улуттук банктын Төрагасы Улуттук банк Башкармасынын кароосуна өткөрүп берген чечими;  

- Комитеттин чечими.  

Териштирүүнү жүргүзүү чечими Улуттук банк Башкармасынын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең чыккан шартта төрага болгондун (төрага жок учурда - анын милдетин аткарган адам) добушу чечүүчү болуп саналат.  

Улуттук банк Башкармасынын апелляциялык арыздын негизинде кабыл алынган чечими, ушул жобого ылайык сотто каралууга тийиш.  

9. Териштирүү ишин жүзөгө ашырган адам же орган төмөнкүлөргө укуктуу:  

1) тараптардан териштирүү ишине тиешелүү документтерди талап кылууга;  

2) териштирүү предметине тиешелүү маалыматтарды бере алган кайсыл болбосун жакты чакырууга;  

3) териштирүү максатына жетүүгө өбөлгө түзгөн чечимдерди кабыл алууга же тиешелүү иш-аракеттерди көрүүгө.  

3-глава. Апелляциялык арызды сунуштоо тартиби  

10. Кат жүзүндө апелляциялык арызды алгандан тартып териштирүү жол-жобосу башталат. Апелляциялык арыз Улуттук банктын чечимин (билдирүүсүн) алгандан кийинки 20 (жыйырма) жумуш күнү ичинде сунушталууга тийиш.  

11. Апелляциялык арызда төмөнкүлөр көрсөтүлүшү зарыл:  

1) банктын же башка юридикалык жактын аталышы жана дареги;  

2) эгерде апеллянт жеке адам болсо - аты-жөнү, иштеген жери, кызмат орду, айкын жашап турган дареги;  

3) талапка ылайык тариздетилген ишеним каттын негизинде апеллянттын атынан териштирүү жүргүзгөн адамдын аты-жөнү, иштеген жеринин дареги жана телефон номери (ишеним каттын көчүрмөсү арызга кошо тиркелет, ал эми анын түп нускасы териштирүү ишин жүргүзгөн адамга же органга сунушталат);  

4) ага карата даттануу түшкөн чечимге шилтеме;  

5) кабыл алынган чечимге толугу менен же анын бир бөлүгүнө макул эместиги жана даттанууга түрткү берген себептерди жана далилдерди чагылдыруу;  

6) апеллянттын кабыл алынган чечимге карата айкын же юридикалык негиздемелерге каршы болгондугу/макул эместиги;  

7) апеллянттын далилдерин тастыктаган тиешелүү документтер (зарыл учурларда);  

8) апелляциялык арызды кароого алган отурумуна катыша турган адамдардын аты-жөнүн, дарегин, телефон номерин көрсөтүү менен алардын толук тизмеги жана ар бир катышуучунун далилдери боюнча кыскача маалымат же болбосо апеллянттын жана анын өкүлдөрүнүн катышуусуз эле, апелляциялык арызды кароого көрсөтмө;  

9) апеллянттын кол тамгасы (эгерде апеллянт банк болсо, апелляциялык арызга Улуттук банк Башкармасынын Төрагасы же Директорлор кеңешинин төрагасы, ал эми алар жүйөлүү себептер боюнча жок учурда (себептер апелляциялык доо арызда көрсөтүлүп, тиешелүү документтер менен тастыкталууга тийиш) - банктын атынан кол коюу укугуна ээ жетекчинин орун басары; эгерде чет өлкө банкынын филиалы болсо - филиалдын жетекчиси, ал жүйөлүү себептер боюнча жок учурда (себептер апелляциялык доо арызда көрсөтүлүп, тиешелүү документтер менен тастыкталууга тийиш) - банк-резидент эместин филиалынын атынан кол коюу укугуна ээ анын орун басары; эгерде юридикалык жак болсо - анын жетекчиси, ал жүйөлүү себептер боюнча жок учурда (себептер апелляциялык доо арызда көрсөтүлүп, тиешелүү документтер менен тастыкталууга тийиш) - юридикалык жактын атынан кол коюу укугуна ээ жетекчинин орун басары.  

12. Апелляциялык арызды алгандан кийинки 10 (он) календардык күн ичинде Улуттук банктын Төрагасынын орун басары/банк Башкармасынын мүчөсү (ыйгарым укуктуу адам (түзүмдүк бөлүм) тарабынан кабыл алынган чечим боюнча даттануу менен кайрылган учурда) же Улуттук банктын Төрагасы (Төрага жок учурда - анын милдетин аткарган адам) апелляциялык арызды алгандан кийинки 30 (отуз) календардык күндөн кечиктирбестен, арызды кароого алган отурум өткөрүлүүчү күндү аныктайт.  

Улуттук банк Башкармасынын Катчылыгы апелляциялык арыз кароого алынуучу отурум өткөрүлүүчү күндү аныктагандан кийинки жумуш күнүнөн кечиктирбестен, анын көчүрмөсүн Улуттук банктын Төрагасынын орун басарына/банк Башкармасынын мүчөсүнө же Комитетке, ошондой эле тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөргө жөнөтөт жана аларга отурум өткөрүү убактысы жана орду тууралуу маалымдайт.  

Улуттук банктын Төрагасы апелляциялык арызды кароого алынгандан кийин тиешелүү түзүмдүк бөлүм отурум өткөрүлүүчү күн аныкталгандан кийинки жумуш күнүнөн кечиктирбестен, анын көчүрмөсүн Улуттук банктын Төрагасынын орун басарына/банк Башкармасынын мүчөсүнө, ошондой эле тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөргө жөнөтөт жана отурумду өткөрүү убактысы жана орду тууралуу тараптарды маалымдайт.  

Төраганын орун басары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү, тиешелүү түзүмдүк бөлүм тарабынан апелляциялык арыз кароого алынып, өткөрүлүүчү күн аныкталгандан кийинки жумуш күнүнөн кечиктирбестен анын көчүрмөсүн тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөргө жөнөтөт жана отурумду өткөрүү убактысы жана орду тууралуу аларга маалымдайт.  

4-глава. Териштирүү процессинде документтерди жана маалыматтарды сунуштоо тартиби  

13. Териштирүүгө байланыштуу кат жүзүндөгү маалыматтар жана/же документтер териштирүүнү жүргүзгөн адамга же органга, ошондой эле териштирүүгө катышкан бардык тараптарга (же Улуттук банкка маалым болгон алардын өкүлдөрүнө) сунушталат.  

14. Кат жүзүндөгү маалыматтарды жана документтерди сунуштаган адамдын колунда маалымат жөнөтүлгөндүгүн тастыктаган далилдер болууга тийиш.  

15. Териштирүүнү жүргүзгөн адамга же органга кошумча жөнөтүлгөн бардык маалыматтарда жана документтерде аларды сунуштаган адамдын аты-жөнү, дареги жана телефон номери, ошондой эле териштирүү ишине тиешелүү кыскача маалымат камтылууга тийиш.  

5-глава. Апелляциялык арызды кароо отурумуна даярдык көрүү  

16. Ушул жобонун 11-пунктуна ылайык сунушталган апелляциялык арызды алгандан кийинки 25 (жыйырма беш) календардык күн ичинде Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмү жана Юридика башкармалыгы териштирүүнү жүргүзгөн адамга же органга апелляциялык арыз боюнча пикирин жөнөтүүгө тийиш.  

Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмүнүн жана Юридика башкармалыгынын пикири Төраганын орун басарына/банк Башкармасынын мүчөсүнө макулдашылат (апелляциялык арызды териштирүүнү жүргүзүп жаткан адамга жөнөтүүдө аны макулдашуу талап кылынбайт) жана анда төмөнкүлөр камтылууга тийиш:  

1) өз ой-пикирин кат жүзүндө негиздеп берүү;  

2) кызмат орундарын көрсөтүү менен териштирүү боюнча далилдерди сунуштаган адамдардын тизмеги;  

3) териштирүүнүн жүрүшүндө сунушталуучу далилдердин (документтердин) тизмеги жана алардын көчүрмөсү.  

Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмүнүн жана Юридика башкармалыгынын пикири Улуттук банктын Төрагасынын орун басарына/банк Башкармасынын мүчөсүнө, Төрагага же Улуттук банк Башкармасына жана башка тараптарга, териштирүү башталганга чейинки 3 жумуш күнүнөн кечиктирбестен, ушул пунктта белгиленген мөөнөттө сунушталууга тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 17-октябрындагы № 2018-П-12/43-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

17. Жооптуу түзүмдүк бөлүм, Улуттук банк апелляциялык арызды алган учурдан тартып 10 (он) календардык күн ичинде, бирок Улуттук банктын төрагасы же төраганын орун басары/Башкарманын мүчөсү апелляциялык арызды ушул жобонун 12-пунктуна ылайык кароо тууралуу отурумду өткөрүү боюнча белгилеген күндөн кечиктирбестен, апелляциялык арызды алган учурда анын ушул жобонун 11-пунктунун талаптарына ылайык келерин текшерүүгө тийиш. Апелляциялык арыз жобонун 11-пунктунун талаптарына жооп бербеген шартта, ал кароого алынбайт. Бул учурда Улуттук банк кемчиликтерди көрсөтүп, даттануу мөөнөтү ичинде аларды четтетүү мүмкүнчүлүгүн сунуштоо менен апелляциялык арызды апеллянтка кайтарып жиберет. Териштирүү жүргүзгөн адам же орган териштирүү күнү белгилеген учурда, апеллянт териштирүү жүргүзүлгөнгө чейинки кеминде 10 (он) күн мурда аныкталган кемчиликтерди (кароого алынышын талап кылбаган кемчиликтер) четтетүүгө тийиш.  

Улуттук банк көрсөткөн кемчиликтер четтетилбеген шартта апелляциялык арызды кароо мүмкүн эмес деп табылат жана кароосуз калтырылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 17-октябрындагы № 2018-П-12/43-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

18. Эгерде далилдер (документтер) ушул жобонун 11-пунктуна ылайык келбесе, териштирүүнү жүргүзгөн адамдын же органдын макулдугусуз, алар кабыл алынбайт.  

6-глава. Апелляциялык арызды кароо отурумун өткөрүү  

19. Отурум тиешелүү талаш маселелерди адилеттүү жана дароо чечүү максатында өткөрүлөт. Ар бир тарап өз позициясын оозеки далилдер жана тастыктамалар аркылуу билдирүүгө, ошондой эле башка тараптар сунуштаган фактылар боюнча суроолорду берүүгө укуктуу.  

20. Тараптар апелляциялык арызды кароо отурумуна катышууга жана өз далилдерин сунуштоого укуктуу. Эгерде ушул жобонун 12-пунктуна ылайык тараптарга отурум тууралуу маалымдалса, ал тараптардын катышуусуз өткөрүлүшү мүмкүн.  

21. Териштирүү ишин жүргүзгөн адам же орган ага байланыштуу бардык жол-жоболорду аныктайт жана такташтырат.  

22. Отурумдун жүрүшүндө протокол толтурулат жана анын көчүрмөсү териштирүүгө катышкан бардык тараптарга алардын кат жүзүндөгү талабы боюнча 7 (жети) жумуш күнү ичинде берилүүгө тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 17-октябрындагы № 2018-П-12/43-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

23. Апеллянт биринчилерден болуп өз позициясын сунуштайт, андан кийин Улуттук банктын өкүлдөрү өз далилдерин билдирет.  

24. Тараптар жана алардын өкүлдөрү өз позициясын түшүндүрүү жана далилдеп берүү максатында схема, график, баяндама түрүндөгү материалдарды же далилдерди жалпылоо, далилдеп берүү же жөнөкөйлөтүү үчүн башка материалды пайдаланышы мүмкүн.  

25. Териштирүүгө тиешелүү кеп-кеңештерди алуу банктык купуяны камтыган маалыматтын ачыкка чыгып кетишин шарттабаса, жыйынтык чечим кабыл алууда териштирүү ишин жүргүзгөн адам же орган бул ишке тиешеси жок адамдар же кайсыл болбосун тарап менен кеңешип иш алып барышы мүмкүн. Бул учурда кандай болбосун бардык материалдар жалпыланып, кошо тиркелүүгө тийиш.  

26. Ар бир тарапка фактыларды, мыйзамдардын, ченемдик укуктук актылардын жоболорун колдонуунун, ошондой эле тиешелүү башка материалдардын негизинде өз позициясын жыйынтыктап жалпылоо мүмкүнчүлүгү сунушталат.  

27. Териштирүү жүргүзгөн адам же орган талаптагыдай иш алып барбаган жана басмырлоого жол берген, талаш маселени сотко чейин жөнгө салуу тартибин сактабаган тарапты же анын өкүлдөрүн отурумга катышуудан четтетиши же андан чыгып кетишин өтүнүшү мүмкүн.  

7-глава. Териштирүү ишин жүргүзгөн адамдын же органдын чечими  

28. Териштирүү ишин жүргүзгөн адамдын же органдын чечиминде төмөнкүлөр камтылууга тийиш:  

1) чечим кабыл алынган күн жана анын номери;  

2) апелляциялык арызды сунуштаган адамдын жана/же анын өкүлүнүн аты-жөнү жана/же жактын аталышы;  

3) ага карата даттануу келип түшкөн чечим боюнча кыскача маалымат;  

4) апеллянттын кабыл алынган чечим боюнча айкын же юридикалык негиздемеге карата нааразычылыгы;  

5) териштирүү ишин жүргүзгөн адамдын же органдын далилдерине негизденген иш жагдайлары жана далилдер, анын ичинде зарыл учурларда Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмүнүн жана Юридика башкармалыгынын пикиринин кыскача мазмуну;  

6) апелляциялык арыз боюнча тыянактар, анын ичинде териштирүү ишин жүргүзгөн адам же орган чечим чыгарууда аларга таянган мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар.  

29. Улуттук банк Башкармасы апелляциялык арыз боюнча чечимди токтом түрүндө кабыл алат жана ал төмөнкүлөргө укуктуу:  

1) апелляциялык арызды толугу менен же анын бир бөлүгүн канааттандырууга. Ушуга байланыштуу Улуттук банктын Төрагасынын орун басары/банк Башкармасынын мүчөсү же Комитет тарабынан кабыл алынган чечимди жокко чыгарууга же өзгөртүүгө;  

2) апелляциялык арызды четке кагуу менен Улуттук банктын Төрагасынын орун басары/банк Башкармасынын мүчөсү же Комитет тарабынан кабыл алынган чечимди өзгөртүүсүз калтырууга.  

Улуттук банк Башкармасынын чечими териштирүүнү шарттаган чараларга салыштырганда, башка таасир этүү чараларынын күчөтүлүшүнө алып келбөөгө тийиш.  

30. Апелляциялык арызды кароонун жыйынтыгында Улуттук банктын Төрагасы же Төраганын орун басары/банк Башкармасынын мүчөсү тарабынан чечим кабыл алынат жана алар төмөнкүлөргө укуктуу:  

1) апелляциялык арызды толугу менен же анын бир бөлүгүн канааттандырууга. Ушуга байланыштуу ыйгарым укуктуу адам (түзүмдүк бөлүм) тарабынан кабыл алынган чечимди жокко чыгарууга же өзгөртүүгө;  

2) апелляциялык доо арызды четке кагуу менен ыйгарым укуктуу адам (түзүмдүк бөлүм) тарабынан кабыл алынган чечимди өзгөртүүсүз калтырууга.  

Улуттук банктын Төрагасынын же Төраганын орун басарынын/банк Башкармасынын мүчөсүнүн чечими териштирүүнү шарттаган чараларга салыштырганда, башка таасир этүү чараларынын күчөтүлүшүнө алып келбөөгө тийиш.  

31. Териштирүү ишин жүргүзгөн адамдын же органдын чечиминин көчүрмөсү чечим чыгарылгандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде бул ишке катышкан ар бир тарапка тил каттын негизинде сунушталат же болбосо апеллянттын дарегине жөнөтүлөт.