Улуттук банк Башкармасынын 

2012-жылдын 29-августундагы 

N 36/2 токтому менен 

бекитилген 

Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын жана микрофинансылык компанияларынын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө 

ЖОБО 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 16-ноябрындагы N 43/1, 2013-жылдын 23-октябрындагы N 39/7, 2014-жылдын 31-июлундагы № 34/11, 2015-жылдын 28-октябрындагы № 64/5, 2017-жылдын 22-февралындагы № 6/4, 2017-жылдын 17-майындагы № 19/11, 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА), 2018-жылдын 26-декабрындагы № 2018-П-12/58-10-(НПА), 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 2019-П-12/22-4-(НПА), 2019-жылдын 25-сентябрындагы № 2019-П-12/49-4-(НПА), 2019-жылдын 1-ноябрындагы N 2019-П-33/55-3-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1. Жалпы жоболор 

1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/11 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

2. Ушул Жобонун талаптары коммерциялык банктарга жана депозиттерди тартуу укугуна ээ микрофинансылык компанияларга, анын ичинде иш өзгөчөлүгүн жана банктык операцияларды жүзөгө ашырууда колдонулган терминдерди эске алуу менен "ислам терезесине" ээ банктарды жана депозиттерди тартуу укугуна ээ микрофинансылык компанияларды кошо алганда, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктарга жана депозиттерди тартуу укугуна ээ микрофинансылык компанияларга, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына жана турак жай-сактык кредиттик компанияларга таркатылат (мындан ары - банктар).  

Мурда берилген кредиттердин ордун жабуунун, ошондой эле сатууга каралган банктык жайлар менен операцияларды жүзөгө ашыруунун эсебинен банк ээ болгон кыймылсыз мүлк менен операцияларды жүргүзүүдө банктарга карата талаптарды белгилөө ушул Жобонун максатынан болуп саналат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 25-сентябрындагы № 2019-П-12/49-4-(НПА), 2019-жылдын 1-ноябрындагы N 2019-П-33/55-3-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

3. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат: 

"Башка кыймылсыз мүлк" деп, төмөнкүүрдөгү активдерди түшүнүү зарыл: 

а) кардарга мурда берилген , кредиттер боюнча анын банк алдындагы карызынын ордун толук же жарым жартылай жабуу максатында сатып алуунун же кардардын ага өткөрүп берүүсүнүн натыйжасында банк тарабынан алынган кыймылсыз мүлк; 

б) банк ишин камсыз кылуу үчүн пайдаланылбаган жана пайдаланышы да мүмкүн болбогон, сатуу үчүн каралган жайларды кошо алганда, банктын кайсыл болбосун кыймылсыз мүлкү, мында мындай активдерди амортизацилоо токтотулууга тийиш. 

Банк бул активдерди кабыл алууга же аларды ушул жобонун 6-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайлар келип чыккан учурдан тартып "Банктын башка менчиги" - банктын ээлигине өткөн кыймылсыз мүлк" категориясына өткөрүүгө тийиш. 

Баа берүү - бул, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги N 217 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында баа берүүнү ишке ашырган бардык субъекттер милдеттүү түрдө колдонууга тийиш болгон, мүлккө баа берүү (мындан ары - Кыймылсыз мүлккө баа берүү стандарты) стандарттарына ылайык, көз карандысыз жана бейтарап иш алып барган квалификациялуу баалоочулар тарабынан даярдалган баа берүү отчетунун негизинде кыймылсыз мүлккө баа берүү

Адилет нарк - эсептелинген акчалай сумма, тараптардын ар бири аны ишке ашыруу учурунда компетенттүү, так эсептен жана мажбурлоосуз иш алып барган, талаптагыдай маркетингден кийинки коммерциялык бүтүмдө сатып алууга даяр сатып алуучу менен сатууга даяр сатуучунун ортосунда баа берүү күнүнө карата мүлктү алмашуу ишке ашырылган нарк. Торруктарда мүлк сатып өткөрүлбөгөн учурда, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган тартипте белгиленген нарк адилеттүү нарк катары эсептелинет. 

Кредит боюнча карыз - бул, кредиттин негизги суммасы боюнча төлөнбөй калган калдык жана бардык чегерилген, бирок төлөнбөгөн пайыздар, айыптык төлөмдөр жана карызды кайтарып алууга байланыштуу башка чыгашалар (эгерде алгылыктуу болсо, төлөнбөгөн калдык дисконтко же сыйакыга корректировкаланууга тийиш). 

Ири бүтүм - мындай бүтүмгө келишүү чечими кабыл алынган күнгө карата банктын таза суммардык капиталынын 10 жана андан көп пайызы наркындагы бир бүтүм же бир нече өз ара байланыштуу бүтүмдөр. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 28-октябрындагы № 64/5, 2017-жылдын 17-майындагы № 19/11, 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

4. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/11 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

2. Башка кыймылсыз мүлккө ээлик кылуу мөөнөттөрүнө карата талаптар 

5. Банк, колдонуу мөөнөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген айыл чарба багытындагы жерлерди эске албаганда, башка кыймылсыз мүлктү менчикке укук келип чыккандан кийинки үч жылдан ашык мөөнөткө кармап тура албайт. Бул учурда банк сатып алуучуну издөө демилгесин көтөрүүгө тийиш. 

Сот тарабынан банктын башка менчигине арест коюлган учурда, жогоруда белгиленген мөөнөт, арест алынып салынганга чейин токтотулат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 22-февралындагы № 6/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

6. Башка кыймылсыз мүлктү күтүү мөөнөтүн эсептөө:  

1) тоорук жыйынтыгы жөнүндө протокол ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоодон өткөн жана күрөө кармоочуда мурда берилген, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган кредиттердин/бүтүмдөрдүн ордун жабуунун эсебинен алынган күрөө предметине менчик укугу пайда болгон учурда (анын ичинде жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн негизинде).  

Күрөө кармоочунун талаптарын соттук эмес тартипте канааттандыруу жөнүндө макулдашууда бул макулдашууну укук белгилөөчү документ катары тааныган шарттар болбоого тийиш.  

1) мүлк банктын балансына тоорук жүргүзүүсүз макулдашуу боюнча кабыл алынса, анда мөөнөт банк мурда берилген, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган кредиттердин/бүтүмдөрдүн ордун жабуунун эсебинен алган кыймылсыз мүлккө менчик укук ыйгарым укуктуу каттоо органында каттоодон өткөртүлгөн күндөн тартып эсептелет;  

2) банк Башкармасы банкты келечекте кеңейтүү үчүн сатылып алынган кыймылсыз мүлктү пайдаланбоо жана/же банк иши үчүн жайларды пайдаланууну токтотуу жөнүндө (мисалы, обочолонгон түзүмдүк бөлүмдү жабуудан улам, орун алмаштырууда жана актыга ылайык башка себептер боюнча) жана аны сатуу зарылдыгы тууралуу чечим кабыл алса. Мындай чечим Директорлор кеңеши тарабынан макулдашылууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 26-декабрындагы № 2018-П-12/58-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

3. Башка кыймылсыз мүлк менен операциялар боюнча талаптар 

7. Банкта, башка кыймылсыз мүлктү тескөө боюнча Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген саясат иштелип чыгууга тийиш (ал кредиттик саясаттын курамдык бөлүгү да болушу мүмкүн). Саясатта төмөнкүдөй минималдуу маалыматтар камтылышы зарыл: 

а) башка кыймылсыз мүлктү кабыл алуу, өткөрүп берүү жана сатуу чечимин кабыл алууга ыйгарым укуктуу органдын/жактын аныктамасын кошо алганда, активдерди "Банктын башка менчиги" категориясына кабыл алуу, которуу тартиби; 

б) сатуу тартибин жана ыкмаларын, башка кыймылсыз мүлктү сатып өткөрүү боюнча иш-аракеттердин жана чаралардын ырааттуулугун кошо алганда, мүлктү сатуу үчүн банк тарабынан колдонулган ыкмаларды; 

в) башка кыймылсыз мүлктүн адилет наркын аныктоо мезгил аралыгын; 

г) ушул Жобонун жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талабына ылайык, көз карандысыз баалоочу тарабынан баа берүүнүн жүргүзүлүшүнө карата талаптар; 

д) эгерде бул маселелер банктын башка ченемдик документтеринде баяндалбаса, эсепке алууну жана отчет берүүнү

е) банктын кыймылсыз мүлккө байланыштуу ишин чагылдырган башка маалыматтарды. 

8. Банк төмөнкүлөрдү кошо алганда, башка кыймылсыз мүлктүн ар бир бирдиги боюнча маалыматтарга туруктуу көз салып турууга тийиш: 

а) башка кыймылсыз мүлктү баланска кабыл алуу жөнүндө ыйгарым укуктук органдын/жактын чечими; 

б) баланска кабыл алган күндү

в) кыймылсыз мүлктүн ошол бирдигин сатуу боюнча көрүлгөн аракеттерди; 

г) алар болгон шартта, потенциалдуу сатып алуучулардын сунуштарын; 

д) кыймылсыз мүлктүн тиешелүү документтер менен тастыкталган адилет наркын; 

е) баа берилген күндү жана баа берүүнү жүргүзүү наркын; 

ж) башка зарыл маалыматтарды. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 28-октябрындагы № 64/5, 2018-жылдын 26-декабрындагы № 2018-П-12/58-10-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

9. Банктын башка кыймылсыз мүлктөрдү сатуу боюнча кат жүзүндөгү отчеттору банк Башкармасы тарабынан эң аз дегенде чейрек ичинде бир жолу кароого алынып турууга тийиш. Банк Башкармасынын башка кыймылсыз мүлктү сатуу боюнча маселелерди кароосунун жыйынтыгы отурумдан толтурулган протоколдордо таризделиши зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

10. Банктын Директорлор кеңеши чейрек сайын кыймылсыз мүлктү сатуу маселесинин кароого алынышынын жыйынтыгы жана банктын кат жүзүндөгү отчеттору менен таанышып турууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

11. Банк, башка кыймылсыз мүлктү күтүүгө байланыштуу келип чыккан чыгашалардын ордун жабуу үчүн ушул жобонун 5-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттөн ашпаган мөөнөткө ижара келишимин (келишимдин формасын, мында мүлк убактылуу ээликке жана/же убактылуу пайдаланууга өткөрүлөт) түзүүгө укуктуу. Башка кыймылсыз мүлктү ижарага берүү мөөнөтүн бузууга жол берилген учурларда, банкка карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларын кошо алганда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таасир этүү чаралары колдонулушу мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 28-октябрындагы № 64/5, 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

12. Келечекте экономикалык пайданын түшүүсүн шарттаган жана анын наркын арттырышы мүмкүн болгон башка кыймылсыз мүлктүн абалын жакшыртууга кошумча чыгашалар, эгерде банктын көргөн аракеттери кыймылсыз мүлк менен операциялардан пайда көрүүгө багытталбаган шартта гана бекитилиши мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 28-октябрындагы № 64/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

13. Башка кыймылсыз мүлктүн абалын жакшыртуу боюнча кошумча чыгашаларды бекитүү чечими ушул жобонун 12-пунктта ылайык, банктын Директорлор кеңеши тарабынан кабыл алынууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

14. Кошумча чыгашаларды бекитүү чечими, болжолдонуп жаткан чыгашалар банка кандай пайда алып келээринин негиздүү себептери менен тастыкталууга тийиш. Эгерде банк, башка кыймылсыз мүлктүн жалпы абалын жакшыртууга ниеттенип жаткан болсо, Директорлор кеңешинин чечимине тиешелүү ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмдүн отчету, тастыктоочу негиздемелери менен кошо тиркелип берилүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

15. Банк Башкармасы башка кыймылсыз мүлктү ремонттон өткөрүүгө жана күтүүгө (объектти күндөлүк тейлөөгө алуу) кеткен утурумдук кошумча чыгашаларды беките алат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

16. Эгерде банктын, ушул жобонун 11-15-пункттарында баяндалган иш-аракеттери аффилирленген/банк менен байланыштуу жактар менен байланыштуу болсо, анда алар Директорлор кеңеши тарабынан жактырылууга тийиш. Мында, Директорлор кеңешинин кароосуна сунушталган документтерге төмөнкү документтер кошо тиркелип берилиши зарыл: 

а) аффилирленген/банк менен байланыштуу жактар менен операциялардын кыскача баяндалышы; 

б) аффилирленген/банк менен байланыштуу жактын аты-жөнү (юридикалык жак аффилирленген жак болуп саналса, анын аталышы) жана алардын банкка канчалык деңгээлде катышы бардыгы; 

в) аффилирленген/банк менен байланыштуу жак менен келишилген бүтүмдөрдүн шарттарынын адилеттүү экендигинин далилдөөлөрү (рыноктогу жагдайды талдап-иликтөөлөр, көз карандысыз баалоочунун отчету ж.б. далилдер); 

г) банктын болжолдуу чыгашаларынын сметасы. 

17. Директорлор кеңешинин/баардык мүчөлөрү кол койгон, аффилирленген/банк менен байланыштуу жак менен операцияларды колдоого алган отурумдун протоколунда, ошол аффилирленген/банк менен байланыштуу жак чечим кабыл алууга катышпагандыгы жана ал үчүн добуш бербегендиги көрсөтүлүүгө тийиш. Протоколго Директорлор кеңешинин отурумунан толтурулган, добуш берүүгө катышкан бардык мүчөлөр кол коюп, аффилирленген/банк менен байланыштуу жактар менен бүтүмдүн бардык шарттары жана жагдайы иликтөөгө алынып бүтүм банк үчүн адилет наркта, мыйзамдарга ылайык түзүлгөндүгүн тастыктаган стенограммадан көчүрмө кошо тиркелүүгө тийиш. 

18. Банктын аффилирленген/банк менен байланыштуу жактарга карата аракеттери Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын аффилирленген/банк менен байланыштуу жактар менен операцияларды жөнгө салган ченемдик укуктук актыларынын жооп берүүгө тийиш. 

19. Банк, аффилирленген/банк менен байланыштуу жактар менен төмөнкү операцияларды жүргүзүп/бүтүмдөргө келишүү учурунда да, ушул Жобонун бардык талаптарын так сактоого милдеттүү

а) кыймылсыз мүлктү сатуу/сатып алуу; 

б) кыймылсыз мүлктү ижарага/лизингге берүү

в) аффилирленген/банк менен байланыштуу жактар аларды ишке ашыруудан киреше алган операциялар; 

г) аффилирленген/банк менен байланыштуу жактар катышкан кыймылсыз мүлк менен болгон башка бүтүмдөр/операциялар. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

4. Башка кыймылсыз мүлктөрдүн эсебин жүргүзүү 

20. Ушул Жобонун 3-пунктунун а) пунктчасында көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлк, жобонун 5-бөлүгүнүн талабына ылайык "Башка менчик" категориясына кабыл алынган күнгө карата кыймылсыз мүлктү сатуу боюнча болжолдуу чыгашаларды эсептеп алып салуу аркылуу, күрөөлүк мүлктөн өндүрүүнү жүргүзүүнүн соттук эмес тартибинин алкагында "Башка менчик" категориясына кабыл алынган учурда гана баланста мүлктүн адилет наркы боюнча таанылууга тийиш (ачык тоорук өткөрүлбөгөндүгүнөн улам, кыймылсыз мүлктү баланска кабыл алууну эске албаганда). 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 28-октябрындагы № 64/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

21. Мында "кредит боюнча карыздын" кыймылсыз мүлктүн адилет наркынан кандай болбосун ашып кетүүсү, Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген, "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө" жобого ылайык, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга чегерилүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 26-декабрындагы № 2018-П-12/58-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

22. Күрөөлүк мүлктөн өндүрүүнү жүргүзүүнүн алкагында, кыймылсыз мүлк ал боюнча банктын балансына кабыл алынган сумманын кредит боюнча карыздан ашып кетиши, банктын артып калган акча каражаттарын күрөө коюучуга кайтарып берүү жагындагы милдеттенмеси болуп саналат.  

Эгерде Банк кыймылсыз мүлктү соттук тартипте өндүрүүнүн жүргүзүүнүн алкагында, баштапкы ачык тоорукту өткөрүлбөгөн катары таануунун жыйынтыгы боюнча кыймылсыз мүлктү сатып алса, анда банк сатып алуу наркы кредит боюнча карыз суммасынан ашкан учурда күрөө коюучуга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө айырмасын кайтарып берет.  

Эгерде кайталап ачык тоорукту өткөрүлбөгөн катары жарыялоонун натыйжасында банк кыймылсыз мүлктү өзүндө калтырса, мүлк банктын балансына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген минималдуу баадан төмөн эмес нарк боюнча кабыл алынат. Банк мүлктү сатып өткөрүүдөн алган сумма кредит боюнча карыз суммасынан ашса, ал банктын күрөө коюучуга кайтарылууга тийиш болгон милдеттенмеси болуп саналат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 26-декабрындагы № 2018-П-12/58-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

23. Ушул Жобонун 3-пунктунун б) пунктчасында көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлктү "Башка менчик" категориясына которууда ал, таза баланстык нарктын (амортизацияны жана баанын түшүүсүнөн улам келип чыккан чыгымдарды кемиткенден кийинки нарк) жана которуу күнүнө карата адилет нарктын эң аз өлчөмү боюнча эсепке алынышы зарыл. Таза баланстык нарктын адилет нарктан кандай болбосун ашуусу, күндөлүк чыгашаларга чегерилүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 28-октябрындагы № 64/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

24. Башка кыймылсыз мүлктүн наркынын кандай болбосун азаюусун банк, сатууга кеткен чыгашаларды эсептен алып салуу менен анын адилет наркына чейин баанын түшүүсүнөн чыгымды таанууга тийиш. Эгерде кыймылсыз мүлктүн баасы түшкөндөн кийин, сатууга кеткен сарптоолорду эсептен алып салгандан кийинки анын адилет наркы көбөйө турган болсо, банк аны таанууга тийиш. Бирок, баанын түшүүсүнөн буга чейин топтолгон чыгымдан ашпаган суммада гана. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

25. Башка кыймылсыз мүлктү ремонттон өткөрүү жана күтүүгө кеткен кандай болбосун күндөлүк чыгашалар, ошондой эле кыймылсыз мүлктү банктын балансына кабыл алууга байланыштуу сарптоолор (кыймылсыз мүлктү юридикалык жактан тариздетүүгө, тооруктарды уюштурууга кеткен сарптоолор ж.б.) аларга жол берилген мезгилдин сарптоолоруна чегерилиши зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

26. Ушул Жобонун 3-пунктунун а) пунктчасында көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлк "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө" жобого ылайык классификацияланат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

5. Башка кыймылсыз мүлккө баа берүүгө карата талаптар 

27. Күрөөгө коюлган мүлктөн соттон тышкаркы тартипте өндүрүүнү жүргүзүүнүн алкагында же кыймылсыз мүлктү "Башка менчик" категориясына которууда мүлктүн адилет наркы көз карандысыз тажрыйбалуу баа берүүчү тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тастыкталууга тийиш. 

Кыймылсыз мүлккө баа берүү талабы төмөнкү учурларда милдеттүү болуп саналбайт: 

а) кредит билдирмесин кароого алууда жана белгиленген коэффициенттерди колдонууга чейинки мүлктүн наркы 1000000 сомдон ашпайт; 

б) кыймылсыз мүлккө баа берүү аны "Башка менчик" категориясына которууга чейинки акыркы алты ай ичинде ишке ашырылган болсо; 

в) ушул Жобонун 31-пунктунун талабына ылайык, мүлктү банк ага карата укукка ээ болгондон кийинки 90 күн ичинде сатуу мүмкүнчүлүгүн тастыктаган документтер банктын колунда болсо; 

г) өткөрүлбөгөн ачык тооруктардын жыйынтыгы чыгарылган болсо. 

Күрөөлүк мүлктөн соттук тартипте өндүрүүнү жүргүзүүнүн алкагында банк тарабынан кыймылсыз мүлктү "башка менчик" категориясына кабыл алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-октябрындагы N 39/7, 2015-жылдын 28-октябрындагы № 64/5, 2018-жылдын 26-декабрындагы № 2018-П-12/58-10-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

28. Банк баланста эсепке алынган мүлктүн наркын тастыктоо максатында, бирок жылына кеминде бир жолу, кыймылсыз мүлктүн баасынын түшүүсүнүн белгилерин аныктоо жагында иштерди мезгил-мезгили менен жүргүзүп турууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 28-октябрындагы № 64/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

29. Банктын кыймылсыз мүлккө баа берүү жагында баалоочуга карата тапшырмасы кат жүзүндө толтурулууга тийиш, ал эми баа берүүчүнүн отчетунда ошол тапшырма жана анда көрсөтүлгөн бардык параметрлер боюнча баа берүүнүн натыйжалары камтылышы зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

6. Башка кыймылсыз мүлктү сатуу 

30. Банк башка кыймылсыз мүлктү ушул Жобонун 5-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдөн кечиктирбестен сатууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

31. Банк, бардык төмөнкү шарттар аткарылмайынча, кыймылсыз мүлктү "Башка менчик" категориясында эсепке алып туруусу зарыл: 

а) мүлктү банк менен байланыштуу болбогон жакка сатуу учурунда жалпы сатуу баасынын кеминде 15% түзгөн акча каражатынын суммасын сатып алуучудан алганда жана эгерде, банк калган бөлүгүн кредит берүү аркылуу каржылай турган болсо, банктын банк менен байланыштуу жактары же аффилирленген жактары аныктамасына кирген жакка мүлктү сатуудан кеминде 40% алган учурда. Мында, банктын катышуусу кредитор катары иш алып баруу менен гана чектелүүгө, б.а. шарттары (пайыздык чендери, төлөө мөөнөттөрү, амортизациясы ж.б.) адаттагы кредиттер үчүн каралгандай эле болууга тийиш. Мүлктү сатуу, учурдагы рыноктук пайыздык ченден төмөн болгон чен боюнча берилген кредиттин эсебинен каржыланса, банк кредитти дисконттоо менен ал боюнча кирешени ФОЭСке ылайык рыноктук ченге ылайыкташтырууга тийиш; 

б) сатып алуучу жөнүндө маалыматтар анын кийинки төлөөгө жөндөмдүүлүгүн чагылдырып, тиешелүү документтер менен тастыкталууга тийиш төлөөгө жөндөмдүүлүккө талдап-иликтөөлөрдү кошо алганда; 

в) банк, мүлккө ээлик кылууга байланыштуу тобокелдиктердин жана сый акылардын олуттуу бөлүгүн сатып алуучуга өткөргөн, башкача айтканда, мүлктү пайдалануу жана ага ээлик кылуу укугун өткөрүп берген, Банктын мүлккө ээлик кылууга катышуу деңгээли операцияны "сатуу" катары аныктоо үчүн маанилүү фактор болуп саналат. 

Жогоруда көрсөтүлгөн шарттардын бардыгы бир эле учурда аткарылган шартта, банк активди баланста кардарга берилген кредит катары эске алышы мүмкүн. 

Башка кыймылсыз мүлктү ислам принциптери боюнча каржылоо статусуна которуу өзгөчөлүктөрү ушул Жобонун 34-3-пунктунда каралган. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-октябрындагы N 39/7, 2015-жылдын 28-октябрындагы № 64/5, 2017-жылдын 17-майындагы № 19/11, 2018-жылдын 26-декабрындагы № 2018-П-12/58-10-(НПА), 2019-жылдын 25-сентябрындагы № 2019-П-12/49-4-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

31-1. Банк кыймылсыз мүлктү финансылык ижарага берүү келишимин/кийин бөлүп төлөө шартында сатып алуу келишимин же башка ушул сыяктуу келишимди түзүүдө банк Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө" жобого ылайык, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камды 25% өлчөмүндө түзүү менен мындай активди (башка менчикти) "субстандарттык" актив катары классификациялашы мүмкүн. Төлөөлөр кечиктирилген шартта жана жаңыдан түзүлгөн келишим боюнча ордун төлөө графиги бузууга жол берилген учурда, классификация Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш.  

Мында, кыймылсыз мүлктү кийин бөлүп төлөө шартында сатуу, сатып алуучудан алдын ала төлөм бөлүгүн алган учурда, башка менчиктин камсыздалган/алдын ала төлөнгөн бир бөлүгү "нормалдуу актив" катары классификацияланат, ал эми камсыздалбаган/орду жабылбаган Улуттук банктын талаптарына ылайык классификацияланат. Келишимде, сатып алуучу кийин бөлүп төлөө шартында сатып алуу/сатуу келишимин же ушул сыяктуу башка келишимдин шарттарын аткарбаган учурда алдын ала алынган төлөм бөлүгүн банктын талашсыз кайтарбоо укукка ээ экендиги каралууга тийиш.  

Алдын ала төлөм катары алынган каражаттар ошол банктагы өзүнчө эсепте эске алынууга жана ал кыймылсыз мүлк наркынын 20% ашпоого тийиш.  

Кыймылсыз мүлктү сатып алуунун эсебинен ишке ашырылган төлөмдөр сатып алуу/сатуу келишими токтотулган учурда сатып алуучуга кайтарылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 26-декабрындагы № 2018-П-12/58-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

31-2. Банк кыймылсыз мүлктү өз балансына кабыл алууга жана ыйгарып берүү келишиминде көрсөтүлгөн, мурда берилген кредитти төлөөнүн эсебинде "башка менчик" катары эсепке алууга укуктуу. Мында, келишимде ошол мүлктү банк менен күрөө коюучу ортосунда макулдашылган мөөнөттө жана келишимде каралууга тийиш болгон күрөө коюучунун жана/же карыз алуучунун милдеттенмелер суммасында мурда берилген кредиттин ордун жабуунун эсебинен кабыл алынган ошол кыймылсыз мүлктүн ээси болуп саналган жакка (адамга) банктын сатуу милдеттенмеси камтылууга тийиш. 

Ыйгарып берүү келишиминде көрсөтүлгөн мөөнөттө банктын башка менчиги сатып өткөрүлбөсө жана/же финансылык ижара келишими же кыймылсыз мүлктү бөлүп төлөө шартында сатуу келишими же ушундай эле башка келишимдер токтотулган шартта, банк мындай менчикке көз карандысыз баа берүүнү ишке ашырып, аны жобого ылайык эсепке алууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 22-февралындагы № 6/4, 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

32. Ушул Жобонун 31-пунктунда аныкталган шарттар аткарылбаган учурда банк, мүлктү "Башка менчик - башка кыймылсыз мүлк" категориясында эсепке алууну уланат. Алынган төлөмдөр (негизги сумма, пайыздар ж.б. төлөмдөр) жетиштүү төлөмдөрдү алып, операцияны сатуу катары классификациялоого өбөлгө түзгөн мүмкүнчүлүктөр келип жеткенге чейин ошол мүлктү сатуу боюнча банктын милдеттенмеси катары чагылдырууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

33. Башка кыймылсыз мүлктү акча каражаттарына сатуудан түшкөн пайда жана чыгым ФОЭСке ылайык таанылышы зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

34. Банк ар бир объектти ушул Жобонун талаптарына ылайык, "Башка кыймылсыз мүлк" категориясынан сатуу боюнча иш жагдайын чагылдырган, талаптагыдай толтурулган кат жүзүндөгү документтерди жүргүзүшү зарыл. Эгерде ушул жобонун 5-пунктунда белгиленген мөөнөт бүткөнгө чейинки кредит боюнча карыздын, ошондой эле ага ээлик кылуу учурунда жол берилген кошумча чыгашалардын ордун жаба алгандай аны сатуу мүмкүнчүлүгү келип чыкса, банк кыймылсыз мүлктү сатуу үчүн токтоосуз аракеттерди көрүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

6-1. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктарга жана депозиттерди тартуу укугуна ээ микрофинансылык компанияларга, анын ичинде "ислам терезесине" ээ банктарга жана депозиттерди тартуу укугуна ээ микрофинансылык компанияларга карата башка кыймылсыз мүлк менен операцияларды жүзөгө ашырууда кошумча талаптар 

(Глава КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 25-сентябрындагы № 2019-П-12/49-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

34-1. Ушул главанын максаттарында:  

- ижара мунтахийя биттамлик келишими - бул, банк тарабынан кардардын билдирмеси боюнча атайы менчикке сатылып алынган мүлктү (активди) же кардар банкка кайрылган учурда банктын менчигинде турган мүлктү (активди) макулдашылган мөөнөткө, акы төлөө негизинде, мүлктү (активди) кайра сатып алуу укугунда кардарга убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга мүлктүк ижарага сунуштоо келишими;  

- мушарака келишими - бул, шарика келишиминин негизинде өнөктөштүк формасы, анда өнөктөштүн бири башка өнөктөштүн үлүшүн, ошол үлүшкө менчик укугу ага толук өтмөйүнчө акырындап сатып алууга убада берет. Бул операция өнөктөштүктү түзүүдөн тартып башталат, андан кийин эки өнөктөш ортосунда үлүштөрдү сатып алуу жана сатуу ишке ашырылат.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 25-сентябрындагы № 2019-П-12/49-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

34-2. Ушул Жобонун 3-пунктунда көрсөтүлгөн активдерден тышкары "башка кыймылсыз мүлк" дегенден улам, кардар банк менен келишимдик милдеттенмелерди аткарбагандыгынан (толук же анын бир бөлүгү) банктын башка мүлкү статусуна өткөн, ижара мунтахия биттамлик же мушарака келишимдеринин предмети болуп саналган - кыймылсыз мүлктү түшүнүү зарыл.  

Банк кардар менен түзүлгөн келишимди токтотууга чейинки 30 (отуз) күн мурда ал тууралуу кардарга талаптагыдай негизде билдирүүгө милдеттүү.  

Кардар менен ижара мунтахия биттамлик же мушарака келишимдери токтотулган күндөн тартып актив баланста башка кыймылсыз мүлк катары таанылууга тийиш. Башка кыймылсыз мүлктү кармап калуу мөөнөтү актив баланска башка кыймылсыз мүлк катары кабыл алынган күндөн тартып эсептелет.  

"Башка кыймылсыз мүлк" категориясына которулган, ижара мунтахия биттамлик келишиминин предмети болуп саналган актив баланстык наркы боюнча таанылышы зарыл. Активдин баланстык наркы ижара мунтахия биттамлик келишими колдонулган мезгил ичинде топтолгон амортизацияны кемитүү (минуска чыгаруу) менен анын баштапкы наркына барабар болууга тийиш.  

Башка кыймылсыз мүлктү сатуу жана кыймылсыз мүлктү сатып алуунун эсебинен кардарга төлөнүп берилген суммага барабар болгон, сатып өткөрүү учурунда түшкөн сумманы кардарга төлөп берүү банктын милдеттенмеси болуп саналат.  

Кардар ижара мунтахия биттамлик келишиминин предмети болуп саналган кыймылсыз мүлктү ижарага алган айкын мөөнөт ичинде мезгил-мезгили менен төлөнбөй калган ижара төлөмүн банк өндүрүп алууга укуктуу.  

Мушарака келишиминин предмети болуп саналган, "башка кыймылсыз мүлк" категориясына которулган актив ушул жобонун 5-главасына ылайык бааланууга жана банктын балансында таанылууга тийиш.  

Башка кыймылсыз мүлктү сатуу жана биргелешип ээлик кылган активде банктын үлүшүнөн ашкан, сатып өткөрүүдөн түшкөн сумманы кардарга төлөп берүү банктын милдеттенмеси болуп саналат.  

Кардар мушарака келишиминин предмети - иш жүзүндө биргелешип ээлик кылган кыймылсыз мүлктүн ижарачысы болуп саналган айкын мөөнөт ичинде мезгил-мезгили менен төлөнбөй калган ижара төлөмүн банк өндүрүп алууга укуктуу.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 25-сентябрындагы № 2019-П-12/49-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

34-3. Банк ижара мунтахия биттамлик же мушарака келишимдери боюнча сунушталган башка кыймылсыз мүлктү төмөнкү талаптарды сактаган шартта каржылоо катары эсепке алышы мүмкүн:  

1) кардардан/өнөктөштөн төмөнкүлөрдү эске алуу менен ижара мунтахия биттамлик же мушарака келишимдери боюнча сатып алууга билдирме келип түшкөндүгүнө байланыштуу, башка кыймылсыз мүлк "ижара мунтахия биттамлик келишими боюнча андан ары өткөрүп берүү үчүн каралган активдер" же "мушарака келишими боюнча андан ары өткөрүп берүү үчүн каралган активдер" категориясына которулган:  

а) кардардын/өнөктөштүн төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө жүргүзүлгөн талдап-иликтөөлөр анын төлөө кудуреттүүлүгүн чагылдырса;  

б) кардардын/өнөктөштүн төлөөгө жөндөмдүүлүгү тиешелүү документтер менен тастыкталган болсо;  

в) кардар/өнөктөш, тиешелүү мүлк банк менен байланыштуу болбогон жакка сатылган учурда жалпы сатуу баасынын 15% кем эмес өлчөмдө, ал эми ошол эле мүлк банк менен байланыштуу жак же аффилирленген жак аныктамасында камтылган жакка сатылган шартта - 40% кем эмес өлчөмдөгү акча каражатын банкка салууга тийиш.  

2) кардар менен ижара мунтахия биттамлик же мушарака келишимин түзүүдө банк активди "ижара мунтахия биттамлик келишими боюнча сунушталган каржылоо" же "мушарака келишими боюнча сунушталган каржылоо" категориясына которот;  

3) ижара мунтахия биттамлик келишими боюнча өткөрүлүп берилген активдерди амортизациялоо мөөнөтү келишим мөөнөтүнөн ашпоого тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 25-сентябрындагы № 2019-П-12/49-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

34-4. Жобонун ушул главасында чагылдырылган башка кыймылсыз мүлк Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/6 токтому менен бекитилген "Активдерди классификациялоо жана ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга чегерүүлөр жөнүндө" жобого ылайык классификацияланат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 25-сентябрындагы № 2019-П-12/49-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

7. Банктык жайлар 

35. Банк Башкармасы банктын иш-чөйрөсүн кеңейтүү үчүн кыймылсыз мүлктү сатып алуу чечимин кабыл алат, ал эми Директорлор кеңеши - ири бүтүмдөр боюнча чечим кабыл алат. Чечимдерде ошол кыймылсыз мүлктү пайдалануу боюнча план чагылдырылууга тийиш. Банк тарабынан ижарага берүү максатында кыймылсыз мүлктүн сатылып алынышына жол берилбейт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 31-июлундагы № 34/11 токтомунун редакциясына ылайык) 

36. Мүлктү сатып алгандан кийинки 1 жыл ичинде банк Башкармасы тарабынан кыймылсыз мүлктү банктык жай катары пайдалануу же болбосо аны пайдалануудан башка тартууга тиешелүү чечим кабыл алынышы зарыл. Бул чечим, банктын Директорлор кеңеши тарабынан колдоого алынууга тийиш. 

37. Банк, пайдаланылбай өзүнчө турган бүтүндөй банктык жайды сыяктуу эле, анын бир бөлүгүн ижарага/субижарага тапшырууга укуктуу. Мында, банк жана анын бөлүмдөрү жайгашып турган банктык жай өзүнчө бөлүнүп, техникалык жактан талаптагыдай жабдылып, турак эмес жайларды пайдалануунун коопсуздук техникасы боюнча белгиленген талаптарга ылайык келүүгө тийиш. Банктар Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүнө ижарачы/субижарачы жана ижарага берүү мөөнөтү жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен пайдаланылбай турган банктык жайлар ижарага/субижарага берилген жана/же ижарачылар алмашкан ар бир жагдай жөнүндө кат жүзүндө маалымдап турууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 28-октябрындагы № 64/5, 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 2019-П-12/22-4-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

37.1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 31-июлундагы № 34/11 токтомуна ылайык алынып салынды) 

8. Корутунду жоболор 

38. Бул ченемдик укуктук актыда башка кыймылсыз мүлк менен бүтүмгө келишүүдө/операцияларды жүргүзүүдө банк аткарууга тийиш болгон негизги талаптар гана белгиленген. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

39. Бул ченемдик укуктук актынын жоболорун банктын кызмат адамдары жана кызматкерлери милдеттүү түрдө аткарууга тийиш.