Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2012-жылдын 30-октябрындагы 

№ 41/12 токтому менен 

бекитилген 

Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө 

НУСКОО 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 27-ноябрындагы № 53/11, 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/6, 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/2, 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 19/5, 2017-жылдын 17-майындагы № 19/10, 2018-жылдын 17-октябрындагы № 2018-П-12/43-2-(НПА), 2019-жылдын 19-июнундагы № 2019-П-12/32-3-(НПА), 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА), 2019-жылдын 1-ноябрындагы N 2019-П-33/55-3-(НФКУ), 2020-жылдын 13-майындагы № 2020-П-12/27-1-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

Нускоодо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) тарабынан лицензияланган коммерциялык банктардын, адистештирилген финансы-кредит мекемеси - "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКтын, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялардын, кредиттик союздардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын, турак жай-сактык кредиттик компаниялардын (мындан ары - банктар) жеке адамдардын, жеке ишкерлердин жана юридикалык жактардын (мындан ары - кардарлар) банктык эсептери, банктык аманаттары (депозиттер) боюнча эсептерин ачуу, жүргүзүү жана жабуу тартиби аныкталат. Нускоонун талаптары Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" Мыйзамынын 16-беренесине ылайык Улуттук банк тарабынан белгиленген чектөөлөрдү эске алганда, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компанияларга, Кыргыз Республикасынын "Кредиттик союздар жөнүндө" мыйзамынын 4-беренесинин талабына ылайык Улуттук банк тарабынан белгиленген чектөөлөрдү эске алганда, депозиттерди тартуу менен иш алып барган кредиттик союздарга, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" Мыйзамында каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Мамлекеттик өнүктүрүү банкына таркатылат. Нускоонун талаптары турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен турак жай-сактык кредиттик компанияларга дагы таркатылат. 

Банктык эсептер, банктык банктык аманат (депозит) эсептер менен иштөө шарттарына жана алар боюнча операцияларды жүргүзүүгө карата минималдуу талаптарды белгилөө, ушул Нускоонун максатынан болуп саналат. 

Бул Нускоо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банктык эсеп же банктык аманат (депозит) келишиминде камтылгандардан тышкары, башка эсептерди ачуу жана жабуу тартибине таркатылбайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/2, 2017-жылдын 17-майындагы № 19/10, 2019-жылдын 1-ноябрындагы N 2019-П-33/55-3-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1-глава. Жалпы жоболор 

1. Улуттук банктын лицензиясы болгон шартта юридикалык жактардан жана жеке адамдардан депозиттерди жана башка акча каражаттарын тартуу Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" жана "Кредиттик союздар жөнүндө" мыйзамдарына ылайык банк операцияларынын негизги түрлөрүнүн бири болуп саналат. Банктык эсептерди, аманаттар (депозиттер) боюнча эсептерди ачуу, жүргүзүү жана жабуу тартиби, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик актыларына ылайык жүзөгө ашырылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

2. Ар бир банк банктык эсептер, аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу тартибин жөнгө салган тиешелүү ички ченемдик документтерди (саясат, жол-жоболор ж.б.) иштеп чыгууга милдеттүү, документтер банктын ыйгарым укуктуу башкаруу органдары (документтин статусуна жараша Директорлор кеңеши же банк Башкармасы) тарабынан бекитилүүгө тийиш. Банктын ички документтеринде банктык эсептер, аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен операцияларга тиешелүү төмөнкү бардык негизги жоболор камтылышы зарыл: банктын ички документтеринде банктык эсептер, аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен операцияларга тиешелүү бардык негизги жоболор, банктык эсептерди, аманаттар (депозиттер) боюнча эсептерди ачуу тартиби, ошол эсептерге жайгаштырылган акча каражаттарын тескөө шарттары, акча каражаттарын төлөө жана банктык банктык банктык аманат (депозит) келишими боюнча пайыздарды чегерүү тартиби, кардарлар укугу жана банктын алардын алдындагы милдеттенмелери, бул эсептерди жабуу тартиби, банкта маалыматтарды сактоо тартиби, ошондой эле ушул Нускоонун талаптарына ылайык иштелип чыккан банктын өз кардарларын тастыктоо жана алардын ишине иликтөөлөрдү жүргүзүү жол-жобосу чагылдырылууга тийиш. 

Банктын ички документтеринде ошондой эле, банк тарабынан каралган ички отчеттордун бардык түрү камтылышы зарыл. 

3. Террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу) байланыштуу операциялардын жүргүзүлүшүнө бөгөт коюу максатында банктар өз иш чөйрөсүнүн татаалдыгына жана масштабына, анын ичинде кардар менен түздөн-түз байланышуусуз эле, аралыктан туруп ишке ашырылган операциялар (бүтүмдөр) боюнча милдеттүү түрдө жана толугу менен сакталууга тийиш болгон ички контролдук саясаттарын жана жол-жоболорун иштеп чыгууга милдеттүү

4. Банктын ченемдик документтери (саясаттары, жол-жоболору, жоболору ж.б.) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, ушул Нускоонун жана Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш. 

5. Банктын бир кызматкеринин кардарды тейлөө боюнча операцияларды башынан аягына чейин жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө бөгөт коюу максатында кызматкерлердин аткарган милдеттерине чектөөлөр коюлуп, бул тууралуу банктын тиешелүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин кызматтык иш боюнча нускоолорунда чагылдырылууга тийиш. Банк кызматкерлери аларга жүктөлгүн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчиликтүү

6. Банк кардарга эсеп ачуу учурунда документтердин каралган формаларын толтуруу эрежелери, чегерилген пайыздарды эсептөө тартиби жана башка маселелер боюнча милдеттүү түрдө түшүндүрмөлөрдү берүүгө тийиш. 

7. Аманаттар (депозиттер) боюнча пайыздар, банктык банктык банктык аманат (депозит) келишимдери боюнча аманат суммасы банкка келип түшкөн күндөн кийинки күндөн тартып, ошол сумма кардарга кайтарылып берилген же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча кардар эсебинен алынып салынган күнгө чейинки күнгө карата чегерилет. 

8. Кардардын акча каражаттары менен жүзөгө ашырылган операциялар тууралуу маалыматтар камтылган жазууларды, ошондой эле кардарды жана бенефициардык ээси идентификациялоого тиешелүү маалыматтарды жана жазууларды сактоонун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартибин жана мөөнөттөрүн банктар так сактоого тийиш. Мындай жазууларда камтылган маалыматтар, аларды кароого алуу жана тергөө ишин жүргүзүү үчүн тиешелүү далилдерди сунуштоо максатында айрым операциялар тууралуу маалыматтарды калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү үчүн жетиштүү болуп, эң аз дегенде бүтүмдүн суммасы, эсеп номери, эсептин түрү, бүтүм келишилген валюта, эсептин аталышы, күнү, бүтүмдүн түрү, төлөм багыты сыяктуу маалыматтарды камтууга тийиш. Эсеп ачууда сунушталган документтер ушул Нускоонун талаптарына ылайык, ар бир кардар боюнча түзүлгөн атайы көктөмөдө, келишимдин түп нускасы менен бирге банкта сакталууга тийиш же документтердин кагазга чыгарылган варианттары сакталган мөөнөт аралыгында маалымат базасында электрондук түрдө сакталууга тийиш. Мында, электрондук документтер базасына колдонуудагы мыйзам талаптарына ылайык кирүүгө мүмкүнчүлүк камсыз кылынышы зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 19-июнундагы № 2019-П-12/32-3-(НПА), 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

9. Банк эсеби келишимин, банктык банктык банктык аманат (депозит) келишимин түзүү банктык эсепти, аманаттар (депозиттер) боюнча эсептерди ачуунун негизинен болуп саналат. 

Банк тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Нускоодо каралган бардык документтер алынып, кардар жана бенефициардык ээси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык идентификациялоодон жана верификациялоодон өткөрүлгөн шартта гана банк эсебин, банктык аманат (депозит) эсебин ачууга жол берилет. 

Банктар, юридикалык жактардын банктык эсебин, банктык банктык аманат (депозит) эсебин ачуу, каражаттардын эсебин жүргүзүү жана ушул эсептер боюнча Улуттук банкка отчетторду берүү тартибин, ошондой эле банктык эсептер менен иш алып барууда айрым юридикалык жактарды тейлөө шарттарын чагылдырган, ушул Нускоодо көрсөтүлбөгөн башка талаптарды белгилеген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, ошондой эле Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын аткарууга милдеттүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

10. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте банктык эсеп, банктык банктык аманат (депозит) келишимин токтотуу банктык эсепти, банктык банктык аманат (депозит) эсебин жабуу негиздеринен болуп саналат. 

2-глава. Колдонулган атоолор жана аныктамалар 

11. Бул Нускоодо төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат: 

Банктык аманат (депозит) - Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 749-беренесинде көрсөтүлгөн мааниде түшүнүлөт. 

Банктык эсеп - бул, банк менен кардар ортосунда банктык аманатты (депозитти) кабыл алуу жана/же кардарды банктык тейлөөнү ишке ашырууга байланыштуу банктык эсеп (банктын аманат) келишиминде каралган операциялардын банк тарабынан жүзөгө ашырылышы боюнча келишимдик мамилелерди, ошондой эле мыйзамдарда жана банктык тажрыйбада колдонулган адаттагы ишкердик мамилелерди чагылдыруу ыкмасы. 

Нак эмес эсептешүү - Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" Мыйзамынын 2-беренесинде көрсөтүлгөн мааниде түшүнүлөт. 

Бенефициардык ээси - түпкүлүгүндө келип (ээлик кылуу жана контролдоо тизмеги аркылуу) түз же кыйыр (үчүнчү жактар аркылуу) менчик укугуна ээлик кылган же кардарды контролдогон жеке адам (жеке адамдар) же болбосо өзүнүн атынан же өзүнүн кызыкчылыгы үчүн операция (бүтүм) жүргүзүүчү жеке адам (жеке адамдар). 

Верификация - кардардын жана (же) бенефициардык ээсинин идентификациялык маалыматтарын текшерүү жол-жобосу. 

Аманатчы - бул, банкка акчалай сумманы салган же анын атына үчүнчү жактан банкка акчалай сумма келип түшкөн жана банктык эсепти жана банктык аманат (депозит) эсебин ачууга жана жүргүзүүгө тиешелүү келишимди түзгөн адам. 

Траст жөнүндө декларация - бул, менчикке укук бир жактын колунда турса да, иш жүзүндө ал, менчикке карата укуктук титул анын кызыкчылыгында биринчи жакка өткөрүлүп берилген башка бир жакка тиешелүү экендигин чагылдырылган, кат жүзүндө толтурулган келишим. 

Депозиттик сертификат - бул, аманат сертификатына окшош баалуу кагаз, бирок ага юридикалык жак гана ээлик кыла алат. Депозиттик сертификаттын банк-эмитенти менен анын кардары ортосундагы мамиленин негизин, банктык аманат (депозит) түптөйт. 

Идентификация - кардар жана (же) бенефициардык ээлик кылуучу жөнүндө идентификациялык маалыматтарды белгилөө жол-жобосу. 

Жеке ишкер - бул, Кыргыз Республикасынын жараны, чет өлкө жараны же республика аймагында туруктуу же убактылуу жашаган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке ишкердикти жүзөгө ашырган, жарандыгы жок адам. 

Номиналдык сервис - бул, уюмдагы расмий кызматка номиналдык жактардын (номиналдык директор, акционер, катышуучу ж.б.) дайындалышы же алардын уюмдун акционери (катышуучусу) катары иш алып баруусун чагылдырган кызмат көрсөтүү. Мында, номиналдык жак менен бенефициардык менчик ээсинин (пайда алуучунун) ортосунда түзүлгөн келишимге (макулдашууга) ылайык, бенефициардык менчик ээси (пайда алуучу) уюмга иш жүзүндө ээлик кылат жана анын ишин тескөөгө алат. 

Номиналдык жактар, кардардын ыйгарым финансылык чалгындоо органдын талаптарына ылайык түзүлгөн анкетаны толтуруусу аркылуу банк тарабынан аныкталышы мүмкүн. 

Номиналдык акционер (катышуучу) - бул, келишимдин (макулдашуунун) негизинде бенефициардык менчик ээсинин тапшыруусу боюнча формалдуу түрдө гана юридикалык жактын баалуу кагаздарына ээлик кылган жеке адам же юридикалык жак. 

Номиналдык директор - бул, алардын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде бенефициардык менчик ээсинин жазуу жүзүндөгү же оозеки тапшыруусунун негизинде иш алып барып, уюмдун ишин формалдуу түрдө тескөөгө алган адам. 

Финансылык чалгындоо органы - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик финансылык чалгындоо органы. 

Тобокелдикти аныктоого багытталган ыкма - тобокелдиктерди тескөөнүн белгиленген жол-жоболоруна (тобокелдикти аныктоо, баалоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо, деңгээлин төмөндөтүү) ылайык, тобокелдиктин жогорку деңгээлинде күчөтүлгөн чараларды же тобокелдиктин төмөнкү деңгээлинде жөнөкөйлөтүлгөн чараларды көрүү

Санкциялык тизмек - террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралдарын таратууга алардын катышы бардыгы жөнүндө маалымат болгон жеке адамдардын жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмеги. 

Аманат сертификаты - бул баалуу кагаз, ал акча каражаттарынын аманат катары банкка салынгандыгын жана белгиленген мөөнөт аяктаган учурда аманат суммасын же ал боюнча пайыздарды банктын кайсы болбосун мекемесинен алуу укугун тастыктайт. Жеке адам гана аманат сертификатына ээ боло алат. 

Жеке адамдар - бул, Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкө жарандары, ошондой эле жарандыгы жок адамдар. 

Юридикалык жак - бул, менчигинде, чарбалык ишинде же оперативдүү тескөөсүндө обочолонгон мүлкү бар жана ошол мүлк аркылуу өз милдеттенмелери боюнча жооп бере алган, өз атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды жана милдеттенмелерди ала алган жана жүзөгө ашырган уюм. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

3-глава. Банктык эсептин, банктык банктык аманат (депозит) боюнча эсептердин түрлөрү 

12. Банктык эсептер улуттук валютада сыяктуу эле, чет өлкө валютасында ачылышы жана жүргүзүлүшү мүмкүн. 

13. Банктык эсептер төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактар менен ишке ашыруу үчүн дайындалган жана төмөнкүлөргө бөлүнөт: 

- корреспонденттик эсептер; 

- эсептешүүүндөлүк) эсептери; 

- атайын эсептер; 

- банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 17-октябрындагы № 2018-П-12/43-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

14. Корреспонденттик эсеп - бул банктык эсеп, анда келишимдин негизинде башка бирөөнүн тапшыруусу жана анын эсебинен бир банк тарабынан ишке ашырылган эсептешүүлөр чагылдырылат. 

15. Эсептешүүүндөлүк) эсеп - бул, акча каражаттарын сактоо жана банктардан тышкары юридикалык жактар жана жеке ишкерлер - ушул нускоонун талаптарына ылайык, айыл чарба азык-түлүгүн өндүрүүчүлөр тарабынан банктык төлөм карттарды колдонуу менен ишке ашырылган эсептешүүлөрдү (акчалай түшүүлөр, төлөөлөр, башка жеке адамдар же юридикалык жактар менен өз ара эсептешүүлөр, башка финансы-кредит уюмдарына которуулар) кошо алганда, күндөлүк эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн каралган эсеп. 

Эсептешүүүндөлүк) эсептен каражаттар алдын ала билдирүүсүз эле, аманатчынын баштапкы талабы боюнча төлөнөт. Бардык эсептешүү-акча операциялары зарыл реквизиттерин милдеттүү түрдө көрсөтүү менен төлөм документи боюнча жүргүзүлүүгө тийиш. 

Эсептешүүүндөлүк) эсеп боюнча бардык операциялар Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Улуттук банктын 2005-жылдын 9-сентябрындагы № 420/21/4 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында нак эмес эсептешүүлөр жөнүндө" жобого ылайык жүзөгө ашырылат. 

Банк, жердин менчик ээси/жерди пайдалануучулар болуп саналган же жер иштеткен же болбосо мал чарбасы менен алектенген жеке адамдарга (резиденттерге) - айыл чарба азык-түлүгүн өндүрүүчүлөргө айыл чарбасынын өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбасы багыттарын өнүктүрүү максатында аларга кредиттерди берүүдө эсептешүүүндөлүк) эсебин ачууга укуктуу. Мында, жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон\кайра каттоодон өткөндүгүн тастыктаган документтин (күбөлүктүн), ошондой эле мамлекеттик каттоодон өтүүсүз эле, ишкердикти жүргүзүп жаткандыгын тастыктаган документтин (патенттин) көчүрмөсүн берүү алардан талап кылынбайт. Бирок, жеке адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык, жер иштетүүгө укугун же мал-жандыкка ээ экендигин тастыктаган документтерди банкка берүүгө милдеттүү. Кредитти максаттуу пайдалануудагы эсептешүүлөр жана төлөмдөр, ошондой эле кредит боюнча утурумдук төлөмдөр нак жана нак эмес формада жүзөгө ашырылышы мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/6, 2017-жылдын 17-майындагы № 19/10, 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

15-1. Атайы эсептер - бул, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык, келишимде каралган белгилүү бир милдеттенмелерди аткаруу же белгилүү бир жагдайлардын келип жетишине чейин акча каражаттарды эсепке алуу жана блокко коюу үчүн багытталган, банк тарабынан юридикалык жактарга жана жеке адамдарга ачылган эсептер. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

16. Банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер каражаттарды сактоого жана топтоого, ошондой эле төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө багытталган. Банктык аманаттар (депозиттер) пайыздык жана пайызсыз болушу мүмкүн. Банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер келишим шарттарына жараша төмөнкүдөй бөлүнөт:  

- талап боюнча төлөнүүчү банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер;  

- мөөнөттүү банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер;  

- кайтаруунун башка шарттарындагы аманаттар боюнча эсептер. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

17. Талап боюнча төлөнүүчү банктык аманат (депозит) боюнча эсеп - бул, жеке адам же юридикалык жак тарабынан талап боюнча төлөнүүчү банктык аманат (депозит) келишими боюнча акча каражаттарын сактоо жана топтоо үчүн колдонулган, ошондой эле төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү ишке ашыруу үчүн каралган эсеп.  

Эгерде, банктык аманат (депозит) келишиминен башкасы келип чыкпаса, банкка жана аманатчы - жеке адамга карата талап боюнча төлөнүүчү аманат (депозит) боюнча банктык эсеп келишиминин эрежелери колдонулат. Мында, жеке адамдардын талап боюнча төлөнүүчү банктык аманат (депозит) эсебине алардын өздүк акча каражаттарынан тышкары эмгек акылар, автордук гонорарлар, пенсиялар, алименттер, социалдык жөлөк пулдар, башка банктык эсептен каражаттар, мурастоого байланыштуу төлөмдөр, эсеп ээсине тиешелүү болгон жеке мүлктү сатып өткөрүү үчүн төлөмдөр, акча которуулар (анын ичинде эсеп ачуусуз акча которуу системалары боюнча жүзөгө ашырылган), башка акчалай түшүүлөр жана төлөмдөр чегерилиши мүмкүн. Жеке адамдын талап боюнча төлөнүүчү банктык аманат (депозит) боюнча эсебинен жеке мүнөздөгү төлөмдөр, анын ичинде өзүнүн жеке колдонуусу үчүн алынган сатып алынган товарларга (сунушталган кызмат көрсөтүүлөр) төлөмдөр, кредит боюнча ордун жабуулар (анын ичинде эсеп ачуусуз акча которуу системалары боюнча жүзөгө ашырылган), коммуналдык жана башка ушул сыяктуу жеке мүнөздөгү төлөмдөр ишке ашырылышы мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/10, 2019-жылдын 19-июнундагы № 2019-П-12/32-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

18. Мөөнөттүү банктык аманат (депозит) боюнча эсеп - бул, жеке адамдар жана юридикалык жактар мөөнөттүү банктык аманат келишими боюнча белгилүү убакыт ичинде чегерилген пайыздар боюнча киреше алып келүүчү акча каражаттарын чегерген эсеп.  

Мөөнөттүү банктык аманат (депозит) боюнча эсеп акча каражаттарын сактоо жана топтоо үчүн колдонулат, үчүнчү жактар менен эсептешүүлөр үчүн каралган эмес.  

Мөөнөттүү банктык аманат (депозит) суммасына пайыздар кардарга мөөнөттүү банктык аманат (депозит) келишиминин шарттарына ылайык анын талабы боюнча төлөнүп берилет же башка эсепке чегерилет.  

Мөөнөттүү банктык аманат (депозит) белгиленген мөөнөт бүткөнгө чейин же келишимде көрсөтүлгөн башка жагдайлар болгонго чейин эле кардардын талабы боюнча ага кайтарылган шартта ал боюнча пайыздар, эгерде келишимде кыйла жогорку пайыздар каралбаса, банк тарабынан талап боюнча төлөнүүчү банктык аманаттарга ылайык төлөнүп берилген пайыз өлчөмүнө дал келген өлчөмдө төлөнүп берилет. Мөөнөттүү банктык аманат (депозит) боюнча банктык аманаттын (депозиттин) негизги суммасына бөлүп-бөлүп кошумча салууга жана банктык аманат (депозит) келишимине ылайык аманаттын (депозиттин) негизги суммасынан алууга жол берилет.  

Мөөнөттүү банктык аманаттын (депозиттин) суммасы мөөнөтү аяктагандан кийин кардар тарабынан талап кылынбаса, эгерде келишим менен башкасы каралбаса, келишимдин мөөнөтү талап боюнча төлөнүүчү банктык аманат (депозит) шарттарында узартылган катары эсептелет. 

Мөөнөттүү банктык аманаттын (депозиттин) сактоо мөөнөтү бүткөндө ал жаңы мөөнөткө кайра тариздетилиши мүмкүн. Банктык аманат (депозит) жаңы сактоо мөөнөтүнө, мөөнөттүү банктык аманаттын (депозиттин) суммасын көбөйтүү же азайтуу менен кайрадан тариздетилиши мүмкүн.  

Банк аманатчынын эсеби боюнча көчүрмөнү анын талабы боюнча суроо-талапты алган күндөн тартып үч жумуш күнүнөн кечиктирбестен берүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/10, 2018-жылдын 17-октябрындагы № 2018-П-12/43-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

18-1. Банк менен кардар аманаттарды (депозиттерди) башка шарттарда кайтаруу келишимин түзүшү мүмкүн. Аманаттарды (депозиттерди) башка шарттарда кайтаруу келишими деп, түзүлгөн келишимде аныкталган жагдай (окуя) жаралган (жаралбаган) учурда банк аманатты кайтарууга жана ал боюнча чегерилген пайыздарды төлөп берүүгө милдеттүү болгон келишимди түшүнүү зарыл. 

Эгерде аманаттарды (депозиттерди) башка шарттарда кайтаруу келишиминде аманаттарды сактоо мөөнөтү аныкталса, анда мындай аманаттар (депозиттер) мөөнөттүү банктык аманат (депозит) катары эске алынат. Аманаттарды (депозиттерди) башка шарттарда кайтаруу келишиминде аманаттарды сактоо мөөнөтү аныкталбаган учурда, ал талап боюнча төлөнүүчү банктык аманат (депозит) катары эске алынат. 

Кардар, башка шарттарда кайтарууга мурда салган аманатынын суммасын келишимде каралган жагдай түзүлгөн учурда кайтарууну талап кылбаса, эгерде келишимде башкасы каралбаса, аманаттын мөөнөтү аяктаган күнгө карата күчүндө болгон келишимдин мөөнөтү талап боюнча төлөнүүчү банктык аманат (депозит) шарттарында узартылган катары эсептелет. 

Аманаттарды (депозиттерди) башка шарттарда кайтаруу келишиминде аныкталган жагдайлар жаралганга чейин салынган аманат (депозит) кайтарылышы мүмкүн болгон шарттар (мисалы, ооруу, өлүмгө учуроо, форс-мажор ж.б.) аталган келишимде аныкталышы мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 17-октябрындагы № 2018-П-12/43-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

4-глава. Банктык эсептер, аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер дин укуктук статусу 

19. Жеке адамдар жана юридикалык жактар бир же бир нече банкта банктык эсепти, банктык банктык аманат (депозит) эсебин (мындан ары - эсеп) ачууга жана ошол эсептерге салынган каражаттарын өз алдынча тескөөгө укуктуу. 

20. Эсептерди ачуу жана жүргүзүү учурунда чет өлкө адамдары жана юридикалык жактар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкасы каралбаса, Кыргыз Республикасынын жеке адамдары жана юридикалык жактарындай эле, бирдей эле укуктарга жана милдеттерге ээ болот. 

21. Банк жашыруун эсептерди, документ көрсөтүүчүгө эсептерди (аманаттарды) ачууга жана жүргүзүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул Нускоонун талаптарына ылайык, банк-корреспондентти, кардарларды идентификациялоосуз жана бенефициардык ээсин тактоосуз кандай болбосун операцияларды жүзөгө ашырууга укугу жок. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

22. Банк кардарга эсеп ачуудан же эсеп боюнча операцияларды жүргүзүүдөн төмөнкү учурларда баш тартууга тийиш: 

- эсеп ачуу жана ал боюнча операцияларды жүргүзүүгө тиешелүү талаптарды аткаруу, кардарды жана бенефициардык ээсин идентификациялоо жана верификациялоо үчүн зарыл болгон тиешелүү документтер берилбесе; 

- айкын такталбаган документтер берилсе. 

Мында, банк белгиленген тартипте финансылык чалгындоо органына тиешелүү билдирүүнү кардарды тейлөөдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып бир жумуш күнү ичинде жөнөтүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

22-1. Эгерде эсепти ачууда же эсеп боюнча операцияларды жүргүзүүдө банктын операциялар (бүтүмдөр) террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) байланыштуу болгондугуна шектенүү туулганда, ал төмөнкү чараларды колдонууга тийиш: 

- каалаган бөтөнчөлүктөргө же белгиленген чектик мааниге карабастан кардарга жана бенефициардык ээсине идентификация жана верификация жүргүзүүгө

- операцияларды (бүтүмдөрдү) шектүү деп тааныгандан кийинки 5 (беш) саат ичинде шектүү операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүнү финансылык чалгындоо органына жөнөтүүгө

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

22-2. Эгерде банк кардарды талаптагыдай текшерүүгө алуу келип чыккан шектенүүлөр тууралуу маалыматтын таркатылып кетишине алып келе тургандыгы тууралуу ынанса, банк кардарды талаптагыдай текшерүү боюнча чараларды көрбөйт жана шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүүнү финансылык чалгындоо органына жөнөтөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

22-3. Эгерде кардарга же бенефициардык ээсине карата анын террористтик же экстремисттик иш-аракеттерге жана массалык кырып, жок кылуучу куралдарды таркатууга катышы бардыгы тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзам нормаларына ылайык алынган маалымат болсо, банк ага алдын ала билдирүүсүз эле, Санкциялык тизмеге киргизилген кардардын операциясына (бүтүмүнө) жана/же каражаттарына дароо бөгөт коюуга жана бөгөт коюлгандан кийинки 3 (үч) саат ичинде ал тууралуу финансылык чалгындоо органына билдирүү жөнөтүүгө тийиш. 

Операцияга (бүтүмгө) бөгөт коюу жана андан чыгаруу тартибин, ошондой эле бөгөт коюлган каражаттарга мүмкүнчүлүк берүү жана мындай каражаттарды тескөөгө алуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

22-4. Эгерде кардардын же бенефициардык ээсинин кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышы бардыгы тууралуу маалымат болсо, банк кардар тарабынан жүргүзүлгөн операцияны (бүтүмдү) дароо токтотууга жана бул тууралуу финансылык чалгындоо органына, операция (бүтүм) токтотулгандан кийинки 3 (үч) саат ичинде билдирүүгө милдеттүү

 

Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык кабыл алынган мүлккө арест коюу чечими кабыл алынганга чейин операциялар (бүтүмдөр) токтотулуп турат. 

Мүлккө арест коюу чечими кабыл алынбаган учурда, операцияны (бүтүмдү токтотуу белгиленген тартипте жана финансылык чалгындоо органынын буйруусунун негизинде жүргүзүлөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

23. Эсеп ачуу жана аны жүргүзүүдө банк, ушул Нускоонун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн талаптарга ылайык "өз кардарыңды бил" саясатын так сактоого тийиш. 

24. Эсеп ачуу банк менен кардар ортосундагы укуктук мамилелердин уланышына алып келет, бул мамилелер банктык эсеп келишими же банктык банктык банктык аманат (депозит) келишими боюнча тараптардын өз ара милдеттенмелери толук төлөнүп, эсеп жабылгандан кийин гана токтотулат. Банктык эсеп келишими кол коюлган учурдан тартып, ал эми банктык аманат (депозит) келишими - банктык аманат (депозит) суммасынын банкка аманат (депозит) эсебине келип түшкөн күндөн тартып түзүлгөн катары эсептелет. 

Банктык эсеп келишиминде электрондук байланыш каражаттары, Кыргыз Республикасынын "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамына ылайык, өзү кол койгон, электрондук кол тамгасы коюлган, факсимиле кол тамгасы коюлган аналогдор колдонулган башка документтер, код, пароль (сыр сөздөрү), ошондой эле тескөөгө ыйгарым укук берилген адам тарабынан берилгендигин тастыктоочу башка каражаттар менен эсепте турган акча каражаттарын тескөө укуктарын күбөлөндүрүү каралышы мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 17-октябрындагы № 2018-П-12/43-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

25. Эсеп ачууда банк, кардар өз таламында же бенефициардык менчик ээсинин (пайда алуучунун) таламында иш алып барып жаткандыгын аныктоого тийиш. Эгерде кардар бенефициардык ээсинин пайдасында иш алып барган болсо, банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бенефициардык ээсин идентификациялоого тийиш. Банк кардардан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык, бенефициардык ээси жөнүндө маалыматтарды талап кылууга укуктуу. 

Кардар анын негизинде бенефициардык ээсинин акча каражаттарын тескөөгө алып, бенефициардык ээсинин таламында иш алып барууга тийиш болгон документ катары төмөнкүлөр сунушталууга тийиш: 

- агенттик келишим; 

- бенефициардык ээсинин ишеним каты. Бул ишеним кат мүлктү тескөөгө жана анын таламында иш алып барууга укук берет; 

- бенефициардык ээси менен капиталдын үлүшүнө номиналдык ээлик кылуучунун ортосунда номиналдык сервис кызматын сунуштоо жөнүндө түзүлгөн келишим; 

- бенефициардык ээсинен баалуу кагаздын номиналдык ээси бенефициардык ээсинин таламында кызматтарды сунуштай тургандыгы жөнүндө бенефициардык ээсинен нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат; 

- номиналдык директорго уюмдун ишин жүргүзүүгө ыйгарым укук чегерилгендиги тууралуу бенефициардык ээсинен башкы ишеним кат; 

- бенефициардык ээсинин таламында иш алып бара тургандыгы тууралуу номиналдык ээлик кылуучунун тастыктамасы (өтүнүч каты) (б.а. менчикте тургандардын ж.б. ишеним боюнча тескөөгө алынышы жөнүндө декларация); 

- номиналдык директордун дайындалгандыгы тууралуу бенефициардык ээсинин тастыкмасы; 

- капиталдын үлүшүнүн бенефициардык ээсине тиешелүү экендиги жөнүндө күбөлүк же анын бенефициардык ээсине өткөрүлүп берилгендигин далилдеген кол тамга коюлган (өткөрүп берүү жазуусу) бланк. 

Документтердин бул тизмеги дагы толукталышы мүмкүн. Банк бенефициардык ээсин идентификациялоо жана тиешелүү документтер берилгенге чейин эсеп ачпай туруу үчүн зарыл болгон кошумча документтерди жана маалыматтарды кардардан талап кылууга укуктуу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 17-октябрындагы № 2018-П-12/43-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

26. Эгерде, ушул Нускоонун 25-пунктунун талаптарына ылайык банкка берилген документтер чет өлкөдөн расмий документтерди легализациялоо талабын алып салган, 1961-жылдын 5-октябрында кабыл алынган Гаага конвенциясынын катышуучусунан болгон өлкө болуп саналбаган өлкөдө берилген болсо, аларды Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органынын консулдук кызматында легалдаштыруу зарыл. 

27. Эгерде, ушул Нускоонун 25-пунктунун талаптарына ылайык банкка берилген документтер чет өлкөдөн расмий документтерди легализациялоо талабын алып салган, 1961-жылдын 5-октябрында кабыл алынган Гаага конвенциясынын катышуучусунан болгон өлкө болуп саналган өлкөдө берилген болсо, анда алардын аныктыгы апостиль тарабынан тастыкталууга тийиш. 

28. Ушул Нускоо талаптарына ылайык банкка берилген документтин түп нускасы чет тилде толтурулган болсо, банкка Кыргыз Республикасынын расмий же мамлекеттик тилинде которулган, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн алардын котормосу сунушталышы зарыл. 

29. Эсеп ачуу учурунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандардан тышкары, кандайдыр бир башка документтерди кардардан талап кылууга банкка тыюу салынат. 

30. Кардар эсебине Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарынын сакталышы шартында, эсеп жөнүндө зарыл маалыматтарды көрсөтүү менен үчүнчү жактын атына келип түшкөн акча каражаттары чегерилиши мүмкүн. 

Эгерде, акча каражаты анын эсебине түшкөн учурдан тартып аманатчынын укугуна ээ болуп же ошол укукка негизделген баштапкы талапты банкка койгон же болбосо банктык банктык банктык аманат (депозит) келишиминде башкасы каралбаса, мындай укуктардан пайдалануунун башка ыкмасы аркылуу банкка ал тууралуу билдирген үчүнчү жактын атынан кардар эсеп ачкан учурда, банк ошол үчүнчү жакты тастыктоого жана анын ишине иликтөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берген маалыматтарды жана документтерди алууга милдеттүү. Үчүнчү жактын атына банктык банктык аманат (депозит) келип түшкөн учурда банк анын эсебине акча каражаты түшкөндүгү тууралуу үчүнчү жакка маалымдоого милдеттүү. Атына банктык банктык аманат (депозит) салынган үчүнчү жак андан баш тарткан учурда, үчүнчү жактын атынан банктык банктык банктык аманат (депозит) келишимин түзгөн жак аманатты (депозитти) кайра кайтарып алууга же өз атына котортууга укуктуу. 

31. Келишимде каралган кайтарып берүү боюнча башка шарттарда салынган аманаттарды (депозиттерди ) эске албаганда, эсептен акча каражаттары кардардын баштапкы талабы боюнча бөлүп-бөлүп же толугу менен төлөнүп берилүүгө тийиш. Акча каражаттарынын сакталышы, кардардын баштапкы талабы боюнча алардын берилиши гарантияланат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 17-октябрындагы № 2018-П-12/43-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

32. Банк иши өзгөчө мүнөзгө ээ болгон же анын ишине чектөөлөр белгиленип, ошондон улам банк айрым бир кардарларга эсеп ачып же эсептешүү операцияларын жүргүзгөн (мисалы, банк юридикалык жактар менен гана иш алып барып же лицензиясына чектөөлөр белгиленген учурда) учурларды эске албаганда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда, банк эсеп ачуудан баш тартууга укугу жок. 

33. Агенттик келишимдерди, ошондой эле жеке адамдар, юридикалык жактар жана төмөнкүлөргө байланыштуу иштерди аткарууда же кызматтарды сунуштоодо ортомчу катары иш алып барган жеке ишкерлер менен башка келишимдерди түзүүгө жана бүтүмдөргө келишүүгө банкка тыюу салынат: 

- кардар эсептерин ачууга/жабууга; 

- банктын корреспонденттин эсебин ачууга/жабууга; 

- кардар эсептеринен каражаттарды эсептеп алып салууга. Кардар эсебине каражаттарды эсеп идентификацияланган шартта, тез акча которуу системалары аркылуу чегерүүгө мүмкүн; 

- банктын корреспонденттик эсебине каражаттарды чегерүү/эсептен алып салуу; 

- банкка күрөө катары мөөнөттүү банктык банктык аманат (депозит) эсебин сунуштоого байланыштуу; 

- кардарлардын жана банктын эсептери боюнча башка операцияларды ишке ашырууга; 

- банк кардары үчүн баалуу кагаздарды сатып алуу/сатууга байланыштуу. 

Мындай тыюу салуу ортомчу катары иш алып барган юридикалык жактар менен төмөнкүлөр боюнча агенттик ж.б. келишимдерди түзүүдө банктарга таркатылбайт: 

- банк үчүн баалуу кагаздарды сатып алуу/сатуу; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында банктык төлөм карттар жөнүндө" жобого ылайык банктык төлөм карттар менен эсептешүүлөр системасына банктын катышуусу; 

- банктын акча которуу системасына катышуусу; 

- банктын почта аманат системасына катышуусу; 

- (абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

- Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 26-майындагы № 36/7 токтому менен бекитилген "Банктык чекене кызматтарды сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата негизги талаптар жөнүндө" жобого ылайык, банк тарабынан банктык чекене кызмат көрсөтүүлөр сунушталган болсо. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

34. Банктык сырды камтыган маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилет. 

35. Эсепке Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда арест коюлушу мүмкүн.  

Эсепке арест коюуда банк эсеп боюнча ар кандай чыгымдоо операцияларын дароо токтотуусу зарыл. Эсептеги акча каражаттарынын белгилүү бир суммасы арестке алынган учурда, ошол сумманын өлчөмүндө азайтылбаган калдык чегинде ар кандай чыгымдоо операциялары токтотулат.  

Эсептерден акча каражаттарын конфискациялоо соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин (токтомунун) негизинде гана жүргүзүлөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

5-глава. Банктык банктык банктык аманат (депозит) келишими боюнча банктык эсептерди ачуу тартиби 

36. Банктык банктык банктык аманат (депозит) келишими боюнча эсеп ачууда банк, жеке адамдардан жана юридикалык жактардан акча каражаттарын кабыл алууга, банктык банктык банктык аманат (депозит) келишиминде каралган өлчөмдө жана тартипте сый акыларды төлөөгө жана аманаттын ушул түрү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында жана банктык банктык банктык аманат (депозит) келишиминде каралган шарттарда жана тартипте аманатты (депозитти) кайтарып берүүгө, банктык банктык банктык аманат (депозит) келишиминде каралган башка кызматтарды сунуштоого милдеттенет. 

Банктык банктык банктык аманат (депозит) келишими боюнча эсеп ачууда акча каражаттары аманатчынын өз атына же операция ишке ашырылганга чейин идентификацияланып, андан ары банктын аманатчысы болуп калуучу белгилүү бир үчүнчү жактын атына салынышы мүмкүн. 

37. Банктык банктык банктык аманат (депозит) келишимин төмөнкүлөр камтылышы зарыл: 

- келишим предмети; 

- келишимдин тараптары; 

- тараптардын милдеттенмелери; 

- аманаттын  (депозиттин) мөөнөтү, пайыздарды чегерүү жана төлөө тартиби; 

- талаш маселелерди чечүү тартиби; 

- келишимдин колдонуу мөөнөтү

- тараптардын кол тамгалары, эгерде юридикалык жак же жеке ишкер болсо, анда мөөрү (болгон шартта); 

- ушул Нускоодо каралган башка шарттар. 

Келишимде тараптар макулдашкан башка шарттар каралышы мүмкүн. 

Банктык банктык банктык аманат (депозит) келишиминде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген кошумча талаптар да камтылышы мүмкүн. 

Келишим, кардардын тандоосу боюнча мамлекеттик же расмий тилде түзүлүп, тараптардын ар бири үчүн бирден, кеминде эки нускада жазуу жүзүндө же келишим тараптар тарабынан түзүлгөндүгүнө толук ынанууга өбөлгө түзгөн электрондук кол тамга коюлган электрондук документ формасында түзүлүүгө тийиш. Банктык аманат (депозит) келишиминин жазуу жүзүндө толтурулбагандыгы же электрондук кол тамганын таанылышы талабы келишимдин анык эмес деп таанылышына алып келет. Келишим жазуу жүзүндө толтурулган шартта анын бир нускасы банкта сакталып, экинчиси кардарга берилет. Электрондук формадагы келишим банктын электрондук маалымат базасында сакталуу менен кардарга андан пайдаланууга, көчүрүп алууга жана салыштырып тактоого мүмкүнчүлүк камсыз кылынат. Банк, келишимди банктык аманат (депозит) кабыл алынганга чейин эле кардарга берүүгө милдеттүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 19-июнундагы № 2019-П-12/32-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

38. Кардар атынан иш алып барган жак өзүнүн ким экендигин тастыктаган документти, ошондой эле эсеп ачуу үчүн тиешелүү ыйгарым укукка ээ экендигин далилдеген документтерди көрсөтүүгө тийиш. 

39. Банктык аманат (депозит) келишими боюнча эсептерди ачуу, өтүнүч менен алгач кайрылган учурда аманатчынын өзүнүн (эгерде аманатчы жеке адам болсо) же эсеп ачууга ыйгарым укукка ээ экендигин тастыктаган, талаптагыдай тариздетилген документи болгон башка жактын (эгерде аманатчы жеке адам же юридикалык жак болсо) же болбосо үчүнчү жактын атына эсеп ачып жаткан адамдын (мисалы, жашы жете элек өспүрүмдүн ата-энеси же мыйзамдуу өкүлү же үчүнчү жактар) түздөн-түз катышуусунда, индентификациялоону жүргүзүү менен ишке ашырылат. 

Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартибинин талаптарына ылайык кардарды идентификациялоодо банктык аманат (депозит) келишими боюнча эсептерди ачуу аманатчынын өзүн жеке катыштыруусуз жүргүзүлөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 19-июнундагы № 2019-П-12/32-3-(НПА), 2020-жылдын 13-майындагы № 2020-П-12/27-1-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

40. Банктык банктык банктык аманат (депозит) келишим боюнча банктык эсеп ачуу үчүн жеке адамдар (резиденттер жана резидент эместер) төмөнкүлөрдү кароого сунуштоого тийиш: 

1) эсеп ачууга кардар кол койгон өтүнүч кат кагаз түрүндө, же электрондук кол тамга коюлган документтин электрондук формасында, анда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: 

- аманатчынын аты-жөнү (паспорттогу маалыматтарга ылайык), эгерде өзгөргөн болсо, мурдагы аты-жөнү

- төрөлгөн жери жана күнү

- жарандыгы; 

- жашаган (каттоодон өткөн) жеринин толук дареги же келген жери, телефон, факс номерлери, электрондук почта дареги; 

- ким экендигин тастыктаган документ жөнүндө маалыматтар (аталышы, сериясы, документти берген орган, документ берилген кун), персоналдык номери, болгон болсо; 

- иштеген жери жана иш чөйрөсү

- банк менен ишкердик мамиле түзүү максаты жана анын мүнөзү

- чет өлкөлүк жарандын же Кыргыз Республикасына келген (жашап турууга) жарандыгы жок адамдын укугун тастыктаган документтен маалыматтар; 

- банк талап кылган башка маалыматтар. 

2) кардардын ким экендигин тастыктаган документ (1-тиркемеде көрсөтүлгөн учурларды эске албаганда, андан көчүрмөлөнгөн документтин түп нускасы берилүүгө тийиш); 

3) кол тамга үлгүлөрү түшүрүлгөн карточка (болгон болсо). 

Бир эле учурда карточкада көрсөтүлгөн адамдардын эсептеги акча каражаттарын тескөөгө ыйгарым укугун тастыктаган документтер да берилүүгө тийиш (албетте эгерде, мындай ыйгарым укук үчүнчү жактарга чегерилген болсо). 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/6, 2019-жылдын 19-июнундагы № 2019-П-12/32-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

41. Жеке ишкерлер, ушул Нускоонун 40-пунктунда көрсөтүлгөн документтерден тышкары банкка кошумча төмөнкү документтерди берүүгө тийиш: 

1) ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жана жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү фактысын (күбөлүктүн) тастыктаган, белгиленген формадагы документтин көчүрмөсүн же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда мамлекеттик каттоодон өтүүсүз эле (патенттин), ишкердикти жүргүзүп жаткандыгы фактысын тастыктаган документтин көчүрмөсүн; 

Электрондук патентти берген учурда жеке ишкер электрондук патентти иш жүзүндө алгандыгын тастыктоо максатында, электрондук патенттин көчүрмөсүн кагазга чыгарып, аны банкка сунуштайт. Мында, банктын кызматкери электрондук патенттин кагаз жүзүндөгү көчүрмөсүнүн аныктыгын тиешелүү программалык камсыздоосу бар мобилдик же башка түзүлүштүн жардамы менен электрондук патентке түшүрүлгөн QR-кодду сканирлөө аркылуу текшерүүгө тийиш. 

Эскертүү: QR-код - мобилдик түзүлүштөрдүн таанышы үчүн атайын түзүлгөн патент жөнүндөгү маалыматты камтыган матрицалуу код (кош өлчөмдүү штрих код). 

2) салык төлөөчүнүн тиешелүү каттоодон өткөндүгү фактысын тастыктаган Салык кызмат органынын маалым катын; 

3) кол тамга үлгүлөрү жана жеке ишкердин мөөрүнүн оттискасы түшүрүлгөн (болгон болсо) карточка. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/6, 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

42. Эгерде кардар (ата-энеси, башка мыйзамдуу өкүлү же үчүнчү жак) жашы жетпеген жарандын пайдасына эсеп ачса анда ал эсеп, анын пайдасына ачылып жаткандыгы жөнүндөгү маалыматты; эсеп ачып жаткан адам жөнүндө маалыматты (ата-энесинин, башка мыйзамдуу өкүлү же үчүнчү жактын ким экендигин тастыктаган документти) камтыган өтүнүч катты; жашы жетпеген жарандын ким экендигин тастыктаган документти (төрөлгөндүгү жөнүндө күбөлүгүн же паспортун); эсептеги акча каражаттарын тескөөгө укуктуу болгон адамдардын кол тамга үлгүлөрү түшүрүлгөн карточканы берүүгө тийиш. 

Жашы жетпеген адамдын атына салынган аманатты (депозитти) төмөнкүлөр тескөөгө ала алат: 

- ал 14 жашка чыкканга чейин - ата-энеси же мыйзамдуу өкүлү

- 14 жашка чыкканда - анын өзү

43. Банктык банктык банктык аманат (депозит) келишим боюнча банктык эсепти ачуу үчүн юридикалык жактар (резиденттер жана резидент эместер) Улуттук банктын өзүнчө чечиминде каралган учурларды эске албаганда, төмөнкүлөрдү берүүгө тийиш: 

1) эсеп ачууга өтүнүч катты, анда кол тамга үлгүлөрү түшүрүлгөн карточкада көрсөтүлгөн, келишимге жана финансылык документтерге биринчи жана экинчи кол коюу укугуна ээ болгон ыйгарым укуктуу адамдар кол коюп, ал юридикалык жактын мөөрү менен күбөлөндүрүлүшү зарыл. 

Мөөрдө төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: 

- юридикалык жактын толук аталышы, ошондой эле кыскартылган жана эгерде болгон болсо, чет тилде жазылган аталышы; 

- мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө маалыматтар: күнү, номери, каттоодон өткөргөн органдын аталышы, каттоодон өткөн жери; 

- салык төлөөчүнүн идентификациялык номери; 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан иштелип чыккан "Ишканалар жана уюмдардын жалпы республикалык классификаторуна" ылайык, төлөөчүнүн коду; 

- орун алган жери, почта дареги, байланыш телефондорунун жана факстардын номери; 

 

- иштеген ишинин түрү

- банк менен ишкердик мамиле түзүү максаты жана анын мүнөзү

- банк талап кылган башка маалыматтар. 

2) Кыргыз Республикасынын Борбордук казыналыгынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык, банкта эсеп ачууга мамлекеттик органдар, ишканалар жана мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелер үчүн уруксаты; 

3) юридикалык жактын Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү жөнүндө күбөлүк. Эркин экономикалык аймакта катталган юридикалык жактар үчүн мындай документтен болуп, ошол аймактын дирекциясы тарабынан берилген, каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк саналат. Эркин экономикалык аймакта (мындан ары - ЭЭА) каттоодон өткөн юридикалык жактар үчүн юридикалык жактын ЭЭАнын субъекти катары каттоодон өткөндүгүн тастыктаган күбөлүктү кошумча берүү зарыл; 

4) уюмдун уюштуруу-укуктук формасына жараша бардык өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен юридикалык жактын мөөрү жана жетекчинин колу коюлуп күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтеринин көчүрмөсү

5) эгерде, юридикалык жак тиешелүү өлкөнүн мыйзамдарына ылайык милдеттүү түрдө лицензияланууга тийиш болгон ишкердикти жүргүзгөн болсо, лицензиянын белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында лицензияларды эсеп ачуудан кийин берүү каралган болсо, лицензияларды алгандан кийин гана алардын көчүрмөлөрү берилет; 

6) салык төлөөчү каттоодон өткөндүгү фактысын далилдеген Салык кызматы органынын маалымкаты; 

7) эркин экономикалык аймакта катталган юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын статистика органдарында каттоодон өткөндүгүн тастыктаган документти кошумча берүүгө тийиш; 

8) кол тамга үлгүлөрү жана мөөрдүн оттискасы түшүрүлгөн, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн карточканы (бул документке карата минималдуу талаптар 2-тиркемеде келтирилген), карточкада көрсөтүлгөн, эсептеги акча каражаттарын тескөөгө ыйгарым укуктуу экендигин тастыктаган документтер; 

9) юридикалык жактын каражаттарын тескөөгө ыйгарым укуктуу адамдын ким экендигин тастыктаган документ (1-тиркемеде көрсөтүлгөн учурларды эске албаганда, таанышып чыгуу үчүн андан көчүрмөлөнгөн документтин түп нускасы берилет). 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 27-ноябрындагы № 53/11, 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/6, 2018-жылдын 17-октябрындагы № 2018-П-12/43-2-(НПА)  токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

44. Кыргыз Республикасында экономикалык ишкердикти жүргүзүп жаткан юридикалык жактардын (резиденттердин жана резидент эместердин) филиалдары жана өкүлчүлүктөрү банктык банктык банктык аманат (депозит) келишими боюнча банктык эсепти ачуу үчүн ушул Нускоонун 43-пунктунда көрсөтүлгөн документтерден тышкары, кошумча банкка төмөнкү документтерди сунуштоого тийиш: 

1) башкы уюмдун уюштуруу документтеринин бардык өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен нотариалдык негизде күбөлөндүрүлгөн же тиешелүү өлкөнүн мыйзамдарына ылайык нотариалдык жактан күбөлөндүрүү мүмкүн эмес болгон шартта, юридикалык жактын мөөрү басылып, жетекчилер кол койгон уюштуруу документтеринин көчүрмөсү

2) түзүмдүк бөлүм анын негизинде иш алып барган (мисалы, "Филиал жөнүндө" жобо ж.б.) нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн же тиешелүү өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, нотариалдык жактан күбөлөндүрүү мүмкүн эмес болгон шартта, филиалдын/өкүлчүлүктүн мөөрү басылып, жетекчилеринин колу коюлган, баардык өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен даярдалган документтин көчүрмөсү

3) операциялар тизмеги чагылдырылган документ. Эгерде, түзүмдүк бөлүм жөнүндө жободо бул чагылдырылбаса, ошол операцияларды ишке ашырууга юридикалык жактын расмий макулдугу жана/же түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисине берилген ишеним кат. 

45. Банктык банктык банктык аманат (депозит) келишими боюнча банктык эсепти ачуу үчүн белгиленген тартипте ратификацияланган эл аралык келишимдерге ылайык ишин жүзөгө ашырган эл аралык уюмдардан, алардын долбоорлорунан, дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрүнөн ушул Нускоонун 43-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн документтерден тышкары, эгерде эсеп ачуунун башкача тартиби тиешелүү эл аралык келишимде каралбаган болсо, төмөнкү документтерди кошумча берүү талап кылынат: 

1) эл аралык уюм, анын долбоору, дипломатиялык же консулдук өкүлчүлүктөрү анын чегинде иш алып барган, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан ратификацияланган эл аралык келишими; 

2) эл аралык уюм же анын долбоору жөнүндө (эгерде болгон болсо) жобо; 

3) ыйгарым укуктуу адамдардын келишимдерге жана финансылык документтерге биринчи жана экинчи кол коюуга укугун тастыктаган буйрук (контракт, тиешелүү жогору турган уюмдун каты); 

4) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин) эл аралык уюм (анын долбоору), эл аралык уюмдун (анын долбоорунун) жетекчилери/башчылары аккредитациялангандыгын тастыктаган каты; 

5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же эл аралык уюм же анын долбоору резиденти болуп саналган тиешелүү өлкөнүн Кыргыз Республикасындагы элчилиги тарабынан тастыктаган кол тамга үлгүлөрү түшүрүлгөн карточканы. 

45-1. Атайы эсеп ачуу үчүн банкка банктык эсеп ачуу үчүн каралгандай эле документтер талап кылынат. Атайы эсептер менен иштөө тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана банктын ички документтеринде аныкталган. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

46. Кардар менен банктык банктык банктык аманат (депозит) келишими түзүлгөндөн кийин банк, депозитке салынган суммага жана келишимде аныкталган, аманатчынын атына тариздетилген ал боюнча пайыздардын суммасына карата талап коюу укугун тастыктаган документти (кошо тиркелүүчү документ) кардарга берүүгө милдеттүү

Аманат/депозиттик сертификат, аманатчынын китепчеси (аманат китепчеси), келишим же банк тарабынан бекитилген башка документтер, кошо тиркелүүчү документтер болуп саналат. 

Кошо тиркелүүчү документти тариздетүү жана аны кардарга берүү тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык келүүгө тийиш. 

6-глава. Банктык эсеп келишими боюнча банктык эсептерди ачуу тартиби 

47. Банктык эсеп келишими боюнча эсеп ачууда банк кардардын пайдасына келип түшкөн акча каражаттарын кабыл алууга, тиешелүү суммаларды кардарга же үчүнчү жактарга которуу жөнүндө кардардын буйруусун аткарууга жана банктык эсеп келишиминде каралган башка кызматтарды сунуштоого милдеттенет. 

48. Банктык эсеп келишиминде төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

- келишим предметин; 

- банктагы акча каражаттарын тескөө тартибин; 

- банк тарабынан кызмат көрсөтүү шарттарын жана аларга төлөө тартибин. 

Банктык эсеп келишиминде тараптар макулдашкан башка шарттар каралышы мүмкүн. 

Банктык эсеп келишиминде ошондой эле, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген кошумча талаптар камтылышы мүмкүн. 

Банктык эсеп (депозит) келишими боюнча алгач кайрылган учурда жеке ишкер эсеп ачкан учурда ага аманатчынын өзү же эсеп ачуу үчүн тиешелүү ыйгарым укукка ээ экендигин тастыктаган, тиешелүү түрдө таризделинген документтери бар адам, аны идентификациялоо максатында катышууга тийиш. 

Банктык эсеп келишими боюнча юридикалык жак эсеп ачкан учурда ага же эсеп ачуу үчүн тиешелүү ыйгарым укукка ээ экендигин тастыктаган, тиешелүү түрдө таризделинген документтери бар адам, аны идентификациялоо максатында катышууга тийиш. 

Резиденттерге жана резидент эместерге банктык эсеп келишими боюнча эсептешүүүндөлүк) эсебин ачууда банктык банктык банктык аманат (депозит) келишими боюнча эсеп ачуу үчүн каралгандай эле документтер талап кылынат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 19-июнундагы № 2019-П-12/32-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

49. Банктын корреспонденттик эсептер менен иш алып баруу тартиби 3-тиркемеде көрсөтүлгөн талаптарга ылайык аныкталат. 

7-глава. Банктык эсептерди, банктык банктык аманат (депозит) боюнча эсептерди кайра тариздетүү жана жабуу 

50. Юридикалык жакты кайра өзгөртүп түзүлүшүнө (биригүү, кошулуу, бөлүү, бөлүнүү жана өзгөртүп түзүү) байланыштуу эсептерди кайра тариздетүү учурунда эсеп ээси жаңы юридикалык жакка эсеп ачкан учурдагыдай эле документтер талап кылынат. 

Аталышы ошондой эле, кимге караштуу экендиги өзгөргөн шартта, жогорку башкаруу органынын чечиминин көчүрмөсү жана аталышты кайра каттоону ырастаган башка документтер белгиленген тартипте банкка берилет. 

Эсеп ээсинин аталышы жана кимге караштуулугу өзгөргөн шартта, кол тамга үлгүлөрү жана мөөрдүн оттискасы менен нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн жаңы карточка берилүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

51. Жоюу процесси башталган учурда эсепти кайра тариздетүүдө банкка төмөнкүлөр берилиши зарыл:  

- юридикалык жактын жогорку башкаруу органынын же анын ыйгарым укуктуу органынын чечими, ал эми банкротко учураган учурда - кредиторлор жыйынынын чечими (соттон тышкары банкрот деп жарыяланганда) же атайын администратордун (жоюучунун) аты-жөнү толук көрсөтүү менен соттун чечими;  

- кол тамга үлгүлөрү жана мөөрдүн оттискасы менен нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн карточка. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

52. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же келишимде башкасы каралбаса, эсепти жабуу кардардын арызы боюнча ишке ашырылат. Кардардын делосунда эсепти жабуунун негиздери көрсөтүлүүгө тийиш. 

Эсептеги акча каражаттарынын калдыгы кардарга кайтарылып берилип же анын кат жүзүндөгү көрсөтмөсү боюнча беш жумуш күнүнөн кечиктирбестен башка эсепке чегерилет. 

Банк акча каражаттарынын калдыгын алуу зарылдыгы жөнүндө кардарга акыркы белгилүү болгон дарек боюнча кат жүзүндө маалымдайт, ал эми кардар жок болгон учурда, акча каражаттарынын калдыгы банктын системалык эсебинде (балансында) сакталат. Мында, акча каражаттар Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык, ар бир кардар боюнча, алардын системадан тышкары эсеби менен талап боюнча төлөнүүчү банктык аманаттар (депозиттер) тобундагы өзүнчө жыйынтыкталган эсепте (депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялар, кредиттик союздар үчүн - депозиттер тобунда) эсепке алынуусу зарыл. 

Банк кардарга маалымдоодо телефон/электрондук байланыш кызматтарын кошумча колдонуп, билдирүүлөрдү кардардын мобилдик номерине/электрондук почтасына жөнөтө алат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/10, 2018-жылдын 17-октябрындагы № 2018-П-12/43-2-(НПА), 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

52-1. Банктык эсеп келишими боюнча юридикалык жактардын акча каражаттары өзүнчө жыйындалган эсепте кеминде үч жыл эске алынышы мүмкүн.  

Кардарлардын акча каражаттарын кайтарып берүүгө тиешелүү кайрылууларга байланыштуу акча каражаттарынын агылып чыгышы ыктымалдыгы төмөн болсо, банк белгиленген мөөнөт өткөндөн кийин жогоруда белгиленген милдеттенмелерди баланстан алып салууга жана аларды ар бир кардар боюнча системадан тышкары мөөнөтсүз шартта эсепке алууга тийиш.  

Эгерде кардар баланстан алып салгандан кийин кардар банктык аманат (депозит) келишими боюнча акча каражаттарын кайтарып берүү өтүнүчү менен кайрылган болсо, банк кардардын акча каражаттарынын ордун өз каражаттарынын эсебинен толуктап берүүгө милдеттүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

53. Банк төмөнкү учурларда бул шарттарды келишимде милдеттүү түрдө чагылдырып жана эсеп жабылганга чейинки бир календардык ай мурда ал тууралуу кардарга билдирүү менен бир тараптуу негизде банктык эсеп келишимин же банктык аманат (депозит) келишимин токтотууга укуктуу, эгер:  

- кардардын эсебиндеги акча каражатынын суммасы банктык эсеп келишиминде каралган минималдуу өлчөмдөн төмөн болсо;  

- келишимде белгиленген мөөнөт ичинде кардардын эсебинде акча каражаттары болбосо же эсеп боюнча кардардын буйруусу менен операциялар жүргүзүлбөсө;  

- кардарды идентификациялоо жана верификациялоо талаптарын аткаруу, бенефициардык ээсин аныктоо, эсеп боюнча операцияларды жүргүзүү үчүн зарыл болгон тиешелүү документтер кардар тарабынан берилбесе;  

- эсеп боюнча операцияларды жүргүзүү үчүн зарыл болгон, ишке ашырылып жаткан операциянын экономикалык максаттуулугун жана кардардын айкын экономикалык иш алып баруу аныктыгын тастыктаган тиешелүү документтер кардар тарабынан берилбесе;  

- анык эмес документтер берилсе.  

Эгерде кардарга же бенефициардык ээсине карата анын террористтик же экстремисттик иш-аракеттерге жана массалык кырып, жок кылуучу куралдарды таркатууга катышы бардыгы тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзам нормаларына ылайык алынган маалымат болсо, банк ага алдын ала билдирүүсүз эле, Санкциялык тизмеге киргизилген кардардын операциясына (бүтүмүнө) жана/же каражаттарына дароо бөгөт коюуга жана бөгөт коюлгандан кийинки 3 (үч) саат ичинде ал тууралуу финансылык чалгындоо органына билдирүү жөнөтүүгө тийиш. 

Операцияга (бүтүмгө) бөгөт коюу жана андан чыгаруу тартибин, ошондой эле бөгөт коюлган каражаттарга мүмкүнчүлүк берүү жана мындай каражаттарды тескөөгө алуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/10, 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

54. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/10 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

55. Эгерде кардардын мурда жабылган банктык эсебине: 

1) мурда жабылган эсеп ээсинен акча каражаттары келип түшсө банк, ушул Нускоодо белгиленген, кардарды идентификациялоо боюнча талаптарды милдеттүү түрдө сактоо менен банктык эсеп же банктык банктык банктык аманат (депозит) эсебине жаңы келишимди түзүшү мүмкүн; 

2) нак акча каражаты түрүндө үчүнчү жактардан түшсө, банк ал акча каражаттарды кабыл алууга тийиш эмес; 

3) нак эмес төлөм түрүндө акча каражаттары үчүнчү жактардан түшсө, бул учурда банк кийинки жумуш күнү эсеп жабылгандыгы жөнүндө белги коюу менен ошол акча каражаттарын кайтара жөнөтүп жиберүүгө тийиш. 

  

  

  

"Банктык эсептер, аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө" нускоого карата 

1-тиркеме 

"Өз кардарыңды бил" саясатына карата 

ТАЛАПТАР 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/2, 2017-жылдын 17-майындагы № 19/10, 2018-жылдын 17-октябрындагы № 2018-П-12/43-2-(НПА), 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1. "Өз кардарыңды бил" саясаты кардарларды талаптагыдай текшерүү тартибин аныктайт жана төмөнкүлөрдү камтыйт: 

1) банктык эсепти, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептерди ачууда кардарды жана бенефициардык ээсин идентификациялоо жол-жобосун; 

Кардарды жана бенефициардык ээсин идентификациялоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтому менен бекитилген "Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө" жободо белгиленген талаптарга ылайык түзүлгөн анкетаны толтуруу аркылуу жүргүзүлөт; 

2) банк эсебин ачууга чейин жана ачуу процессинде, ошондой эле ушул Нускоодо каралган учурларда, эсеп ачуудан кийин кардарга верификация жүргүзүүгө

3) бенефициардык ээсин эсеп ачууга чейин жана аны ачуу процессинде верификациялоо үчүн жеткиликтүү жана талаптагыдай чараларды көрүүгө

4) кардарга жана бенефициардык ээсине идентификация жана верификация жүргүзүүнүн натыйжасында алынган маалыматтарды документ түрүндө жазууга; 

5) кардардын иши жана анын финансылык абалы тууралуу маалыматтарды жана документтерди, ошондой эле кардарга, биринчи кезекте, олуттуу тобокелдиктүү иш багытын жүргүзгөн кардарларга карата талаптагыдай текшерүү жүргүзүүнүн натыйжасында алынган маалыматтарды жана документтерди сактоого жана жаңылап турууга; 

6) кардар менен ишкердик мамиле жөнгө салынган бүтүндөй мезгил ичинде анын иш багытына талаптагыдай текшерүүнү жүргүзүү жана жүргүзүлгөн операцияларынын (бүтүмдөрүнүн) анын иш багытынын маани-маңызына, финансылык абалына жана каражат булагына ылайык келишине, ошондой эле террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу) тобокелдигинин келип чыгышы ыктымалдыгына туруктуу негизде талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү

7) банктын ыңгайына жараша кардардын эсеби боюнча ишке ашырылган операцияларга жана башка иш-чараларга көз салууга. 

Банктар кардар менен болгон ишкер мамилелерге жөнөкөйлөтүлгөн жана күчөтүлгөн текшерүүнү тобокелдикти аныктоого багытталган ыкманы колдонуу менен жүргүзүп келет. 

2. Кардар тарабынан эсепти ачуу жана/же банктык операцияларды жүргүзүү үчүн талап кылынган документтердин толук топтому берилүүгө тийиш. 

3. Кардарды идентификациялоо, сүрөтү чапталган, анын ким экендигин тастыктаган документтин негизинде кардарды (жашы жетпегендер үчүн сүрөтсүз эле), бенефициардык ээсин аныктоону, ушул Нускоо талабына ылайык, кардар жана бенефициардык ээси жөнүндө маалыматтарды топтоону болжолдойт. 

4. Эгерде үчүнчү жак кардардын атына банктык эсепти ача турган болсо, банк үчүнчү жактан анын атына эсеп ачылып жаткан кардарды жана ушул Нускоо талабына ылайык, эсеп ачып жаткан үчүнчү жакты идентификациялоого жана анын ишине иликтөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берген маалыматтарды жана документтерди алууга тийиш. 

Үчүнчү жак тарабынан кардардын атына банктык эсеп келишими боюнча эсеп ачылган учурда да Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тариздетилген, эсеп ачуу жана/же аны тескөөгө ыйгарым укукту далилдеген документтер берилиши зарыл. Мына ушундай документтердин берилиши, юридикалык жактын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, же ошол жактын уюштуруу документтерине ылайык эсеп ачууга ыйгарым укуктуу өкүлүнөн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эсеп ачууга ыйгарым укуктуу жеке адамдардан (ата-энелерден, башка мыйзамдуу өкүлдөрдөн же үчүнчү жактардан) талап кылынбайт. 

Кардардын-юридикалык жактын банк эсебин ачып, эсеп боюнча операцияларды жүргүзүүдө банк, эсеп ачууга жана/же кардар эсебиндеги акча каражаттарды тескөө укугуна ээ адамдардын ким экендигин тастыктоого тийиш (тастыктоочу документтердин негизинде). 

Кардардын эсебинен акча каражаттарын которуу/алуу менен байланышкан банктын операциялары кардардын өзүнүн (аманатчынын, эгерде аманатчы - жеке адам болсо) же эсепти тескөө боюнча тиешелүү ыйгарым укуктарын тастыктоочу жана талаптагыдай таризделген документке ээ адамдын катышуусунда (эгерде аманатчы - жеке адам же юридикалык жак болсо) ишке ашырылууга тийиш. Мындай талап, түздөн-түз катышуусуз аралыктан ишке ашырылган операцияларга таркатылбайт. 

Кардар акча каражаттарын которуунун белгилүү күнүн көрсөтүү менен банкка төлөм тапшырмасын алдын ала берген жана кайрылган күнү ал белгиленген тартипте катталган учурда, ошол которуу күнүндө кардардын милдеттүү катышуусу талап кылынбайт. 

Мында, банк операциялык тобокелдиктерди, анын ичинде алдамчылык менен байланышкан тобокелдиктерди төмөндөтүү максатында зарыл чараларды көрүүгө тийиш. 

5. Жеке адамдардын ким экендигин тастыктоо үчүн төмөнкү документтер кабыл алынат:  

1) Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн:  

- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID карта);  

- жалпы жарандык паспортто Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин консулдук эсепке тургандыгы же туруктуу жашап жаткандыгы жана өлкөгө келгендиги, ошондой эле үй-бүлөлүк абалы тууралуу белги коюлган шартта, Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту (чет өлкө паспорту);  

- туулгандыгы тууралуу күбөлүгү (14 жашка чейинки өспүрүмдүн пайдасына эсеп ачуу, ошондой эле 14-16 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн өзү эсеп ачуусу үчүн);  

- офицердин, прапорщиктин ким экендигин тастыктаган күбөлүк же мөөнөттүү кызмат өтөп жаткан аскер кызматчысынын аскердик билети; 

- айдоочулук күбөлүгү (үчүнчү жактар тарабынан кардардын банк эсебин толукталган шартта гана); 

2) чет өлкөлүк жарандар үчүн: 

- чет өлкөлүк жарандын паспорту; 

- Кыргыз Республикасында жашап туруу укугу; 

3) жарандыгы жок жактар үчүн - Кыргыз Республикасында жашап туруу укугу; 

4) качкындар үчүн: 

- жакты качкын катары таануу жөнүндө өтүнмөнү каттоо жөнүндө күбөлүк; 

- качкындын күбөлүгү

6. Эгерде кардар түздөн-түз байланышпастан эле, аралыктан туруп операцияларды жүргүзүү үчүн эсеп ачса жана/же ал жеңилдетилген салыктар сунушталган жана/же Банктык көзөмөл органдарына берилүүчү, тизмеги Улуттук банк тарабынан бекитилген маалыматтардын толук ачып көрсөтүлүшү талап кылынбаган мамлекеттерде же аймактарда (оффшордук аймактарда) жашап жаткан адам болсо, анда кардар-жеке адам же анын өкүлү же болбосо эсеп ачууга ыйгарым укукту тастыктаган, тиешелүү негизде таризделинген документке ээ кардардын-жеке адамдын же юридикалык жактын өкүлү же болбосо кардардын атына эсеп ачып жаткан үчүнчү жак, ким экендигин тастыктаган документтин түп нускасын көрсөтүүгө тийиш. Мында, банктын жооптуу кызматкери ал документтен көчүрмөнү алып, арткы бетине өз аты-жөнүн жана кол койгон күнүн көрсөтүү менен анын аныктыгын тастыктоого тийиш. Бул документ кардардын делосуна көктөлөт. 

7. Кардар менен түздөн-түз байланышуусуз эле, аралыктан туруп операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүү үчүн кардар-юридикалык жак (резидент, резидент эмес) менен мамиле түзүүдө банк, ушул Нускоонун талабына ылайык берилүүчү маалыматтардан тышкары, анын Кыргыз Республикасында экономикалык ишкердикти жүргүзүп жаткандыгын тастыктаган документтерди (келишимдерди, контракттарды, бажы декларацияларын, салык декларацияларын ж.б.) кардардан талап кылууга тийиш. 

8. Операцияларды (бүтүмдөрдү) ишке ашыруу үчүн банк, банктык эсеп, банктык аманат келишимдеринде кардардын террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарын сактоого, ошондой эле жүргүзүлгөн операцияларды тастыктаган документтерди банктын талабы боюнча берип турууга милдеттенмесин кароого тийиш. 

9. Документтерди, атап айтканда юридикалык жактардын уюштуруу документтерин, анын мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн тастыктаган документтерди кароо учурунда банктар өз кардарын кылдат иликтөөгө алуу максатында, документтердин легализацияланышына өзгөчө көңүл буруп, ошондой эле төмөнкүлөрдү кылдат иликтөөгө тийиш: 

- кардардын-юридикалык жактын бардык уюштуруу документтерин, аларга карата бардык катталган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду, ошондой эле кардардын юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн тастыктоочу ж.б. зарыл документтерди; 

- юридикалык жактын органдары тарабынан чечим кабыл алууда таасир этүү мүмкүнчүлүгүнө ээ адамдарды аныктоо менен юридикалык жактын уюштуруучуларынын (катышуучуларынын) курамын; 

- юридикалык жактын башкаруу органдарынын түзүмүн жана алардын ыйгарым укуктарын. 

10. Банктын ички документтеринде белгиленген тартипте жана банктык эсеп ачылгандан кийинки 5 жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө банк кызматкери төмөнкүлөр көрсөтүлгөн маалыматтарды верификациялоого тийиш: 

1) төмөнкү ыкмалардын жок дегенде бирөөнү колдонуу менен жеке адамдын өтүнүч катындагы: 

- расмий документтерден маалыматтарды тастыктоо. Тастыктоочу документ катары ушул тиркеменин 5-пунктунда келтирилген инсандыгын тастыктаган документтер колдонулушу мүмкүн; 

- кардар тарабынан берилген маалыматтарды тастыктоо үчүн аны менен телефон, кат же электрондук почта аркылуу байланышуу, мында телефондун өчүрүлүшү, жиберген каттын кайра келиши же электрондук почтанын иштебеши алынган маалыматтарды текшерүүнү улантуу зарылчылыгын шарттайт; 

- кардардын документтеринин легалдуу экендигин тастыктоо (мисалы, Кыргыз Республикасынын элчилиги, өкүлчүлүгү, нотариус аркылуу); 

- башка ыкмалар аркылуу; 

2) төмөнкү ыкмалардын жок дегенде бирөөнү колдонуу менен юридикалык жактын өтүнүч катындагы: 

- берилген документтерди, юридикалык жактын жабылгандыгын, жоюлгандыгын же жоюу процессинде тургандыгын текшерүү максатында, мамлекеттик органдан маалымат алуу; 

- эсеп ачылгандан кийин маалыматты тастыктоо үчүн телефон аркылуу кардар менен байланышуу; 

- башка ыкмалар аркылуу. 

11. Эгер тастыктоо процессинде алынган маалыматтардын аныктыгына шектенүү келип чыкса, ошондой эле төмөнкүлөр орун алса, банк кардарды верификациялоо демилгесин көтөрүүгө тийиш: 

- олуттуу операция (мисалы, кардар эсеби боюнча орточо калдыктан же жүгүртүүдөн ашкан суммада) жана/же ошол кардардын ишине мүнөздүү болбогон башка операция ишке ашырылса; 

- кардардын эсеби боюнча иш жүргүзүү тартибинде олуттуу өзгөртүүлөр байкалса; 

- банк кардарга тиешелүү маалыматтардын жетишсиз экендигин баамдаса. 

Бул учурда банк, төмөнкүлөрдү камтыган кошумча маалыматтарды талап кылууга тийиш: 

- жеке сунуш-көрсөтмөлөрдү (мисалы, банктын туруктуу кардарынан); 

- мурда бул кардарды тейлөөчү банктан сунуштарды; 

- иштеген жеринен маалымкат, ээлеген кызматын расмий тастыктоо (бул талап кылынган жерде). 

12. Банктык эсеп боюнча операцияларды жүргүзүүдө кардар, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык таризделген төлөм документтерин банкка бериши зарыл. Эгерде, жүргүзүлүп жаткан операциялардын экономикалык максаттуулугуна жана/же мыйзамдуулугуна карата банктын шектенүүсү орун алса, анда ал ошол операциялардын мыйзамдуулугун жана экономикалык жактан максатка ылайыктуулугун тастыктаган документтердин берилишин кардардан талап кылууга укуктуу. Эсептер, төлөм документтер (мисалы, инвойстор, эсеп фактуралар) келишимдер, мындай документтен боло алат. 

Кардар талап кылынган документтерди бербесе, банк эсеп боюнча операция жүргүзүүдөн баш тартууга тийиш. Мындай шарт банк менен кардар ортосунда түзүлгөн банктык эсеп келишиминде каралышы зарыл. 

13. Банк, кардар эсеби боюнча жүргүзүлүп жаткан операцияларга туруктуу көз салып туруусу зарыл. Ошол кардардын ишине мүнөздүү болбогон операцияларды аныктоо үчүн кардар эсептери боюнча толук түшүнүктүн болушу да талап кылынат. 

Экономикалык же коммерциялык көз караштан алганда, кардардын операцияларынын канчалык деңгээлде натыйжалуулугуна, нак акча каражаттары менен ири суммадагы операцияларына (мисалы, ошол кардардын бүтүмдөрү жана операциялары боюнча орточо жүгүртүүдөн ашкан) жана кардардын адаттагы иш жагдайына ылайык келген башка операцияларына банк көңүл бурууга тийиш. 

Адаттагыдан башкача же шектүү операцияларды айырмалап аныктоо максатында банк, кардар жөнүндө жалпы маалыматтарды, мисалы жашаган өлкөсү, каражат булактары, операциялардын түрлөрү жана тобокелдикке алып келген башка факторлорду эске алуу менен мындай эсептердин негизги көрсөткүчтөрүн белгилөөгө тийиш. 

Бардык эсептер үчүн адаттагыдан башкача же шектүү операцияларды аныктоонун маалымат системасын жөнгө салуу, бардык банктарга сунушталат. 

14. Адаттагыдан башкача же шектүү операцияларга карата банк, кардар башка жактын атынан иш алып барып жатабы же жокпу, ошону аныктап алып, андан соң бенефициардык ээсин ошол жагынын ким экендигин тастыктаган маалыматтарды алуу максатында аракеттерди көрүүсү зарыл. 

Юридикалык жактарга карата бенефициардык менчик ээсин (пайда алуучуну) аныктоодо акционерлерге, кол коюуга укуктуу адамдарга же капиталда олуттуу үлүшкө ээ болгон жана кардарга контролдук кылуунун башка ыкмаларына ээ башка адамдарга өзгөчө көңүл буруу талап кылынат. Эгерде, башка юридикалык жак ээси болуп саналса, ошол юридикалык жакка контролдукту жүзөгө ашырган ээлик кылуучуларды же жактарды аныктап алуу талап кылынат. 

Зарылчылык келип чыккан шартта, мыйзамдуу негиздерде ага маалым болгон маалымат булактары банк тарабы пайдаланылышы мүмкүн. 

15. Шектүү операцияларга карата банктын корутундулары документте чагылдырылып, операция ишке ашырылгандан кийинки кеминде 5 жыл аралыгында, сакталууга тийиш. 

  

  

  

"Банктык эсептер, аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө" нускоого карата 

2-тиркеме 

Кол тамга үлгүлөрү жана мөөр оттискасы түшүрүлгөн карточкага карата коюлган 

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР 

1. Кол тамга үлгүлөрү жана мөөр оттискасы түшүрүлгөн карточка юридикалык жактын айрым кызмат адамдарынын эсебинде турган акча каражаттарын тескөөгө ыйгарым укугун, ошондой эле аталган кызмат адамдарынын кол тамгаларынын аныктыгын тастыктаган негизги документ болуп эсептелет. 

2. Карточканын болушу зарылчылыктын оболу, кол тамга юридикалык жактын эсеби боюнча каражаттардын жылышы үчүн негиз  болгон документтердин милдеттүү реквизити болуп санала тургандыгы менен шартталган. Биринчи жана экинчи кол тамга коюуга укуктуу адамдар кол тамга үлгүлөрү жана мөөрдүн оттискасы түшүрүлгөн карточкада көрсөтүлөт. Жетекчи жана/же башка ыйгарым укуктуу адамдар биринчи кол коюу укугуна ээ. Башкы бухгалтер жана/же башка ыйгарым укуктуу адамдар экинчи болуп кол коюуга укуктуу. Биринчи кол коюу укугу бар башкы бухгалтерге жана экинчи кол коюу укугуна ээ башка адамдарга ыйгарылышы мүмкүн эмес. 

Мындай ыйгарым укуктар yюштуруу документтеринин же тиешелүү юридикалык жактардын, филиалдардын же өкүлчүлүктөрдүн жетекчилеринин буйруктарынын же мындай укуктарды берүүгө негиз болгон башка документтердин негизинде берилет. Эгерде юридикалык жактын, филиалында же өкүлчүлүктүн штатында экинчи кол коюу укугу берилиши мүмкүн болгон адамдар жок болсо, банк документтерди биринчи кол тамганын үлгүсү менен гана кабыл алат жана бул тууралуу документке тиешелүү жазуулар чагылдырылат. 

3. Кол тамга үлгүлөрү жана мөөрдүн оттискасы түшүрүлгөн документтерде юридикалык жактын, анын филиалынын же өкүлчүлүгүнүн мөөрүнүн оттискасынын үлгүсү көрсөтүлүүгө тийиш. 

Бул талап юридикалык жак үчүн орун алган өлкөнүн мыйзамдарынын өзгөчөлүгүнөн улам, мөөрү болбогон юридикалык жактарга, Кыргыз Республикасынын резидент эместерине, алардын филиалдарына жана өкүлчүлүктөрүнө таркатылбайт. 

Кол тамга үлгүлөрү жана мөөр оттискасы түшүрүлгөн карточкага юридикалык жакка берилген мөөрдүн так айырмаланган оттискасынын үлгүсү милдеттүү түрдө киргизилет, анда анын аталышы, катталган учурдагы аталышына сөзсүз түрдө төп келүүгө тийиш. Атайы максаттар үчүн каралган ("кадрлар бөлүмү", "пакет үчүн" жана башка) мөөрлөрдүн оттискасынын үлгүлөрүн кабыл алууга тыюу салынат. 

5. Кол тамга үлгүлөрү жана мөөрдүн оттискасы түшүрүлгөн карточкада юридикалык жактын каражаттарын тескөөгө ыйгарым укуктуу адамдын ким экендигин тастыктаган документтин колдонуу мөөнөтү жөнүндө банктын белгиси көрсөтүлүүгө тийиш. 

6.  Банк кол тамга үлгүлөрү жана мөөрдүн оттискасы түшүрүлгөн документтеги кол тамгалардын нотариалдык жактан тастыкталышын талап кылууга милдеттүү. Нотариустар жок болгон калктуу пункттарда кол тамга үлгүлөрү жана мөөрдүн оттискасы түшүрүлгөн документтердеги кол тамгалар, жергиликтүү аткаруу бийлик органдары тарабынан тастыкталышы зарыл. 

7. Юридикалык жактын аталышы өзгөрүп, мөөрү жоголуп кетсе же жараксыз болуп калса, банк кардарга жаңы мөөр даярдатуу үчүн убакыт берүүгө тийиш. Мөөр даярдалып жаткан мезгил ичинде банк менен кардар ортосунда мөөрсүз эле төлөм документтерин тариздетүүнүн, келишимде көрсөтүлгөн тартиби белгиленет. 

8. Кардар тарабынан эсеп ачуу үчүн берилүүчү кол тамга үлгүлөрү жана мөөрдүн оттискасы түшүрүлгөн документтердин канча нускада талап кылынаары, банк тарабынан аныкталат. 

Мында, анын бир нускасы банктын операциялык кызматкеринин колунда болууга, ал эми экинчиси банк кардарынын делосунда көктөлүүгө тийиш, калган нускалар банктын ички эрежелеринде белгиленген тартипте сакталышы зарыл. 

9. Кол тамгалардын бир үлгүсүн же мөөрдүн оттискасын алмаштыруу учурунда, ушул Нускоодо көрсөтүлгөн тартипте тастыкталган кол тамга үлгүлөрү жана мөөрдүн оттискасы менен жаңы документ банкка берилиши зарыл. 

10. Юридикалык жактын эсепте турган каражаттарын тескөөгө ыйгарым укуктуу кызмат адамы алмашкан учурда, каражаттарды тескөөгө укуктуу жаңы кызмат адамдарынын ыйгарым укугун тастыктаган документ жана ушул Нускоодо көрсөтүлгөн тартипте тастыкталган кол тамга үлгүлөрү жана мөөрдүн оттискасы менен жаңы документ банкка берилүүгө тийиш. 

  

  

  

"Банктык эсептер, аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө" нускоого карата 

3-тиркеме 

Банктын корреспонденттик эсептер менен жүргүзгөн ишине карата 

ТАЛАПТАР 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 27-ноябрындагы № 53/11, 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/2, 2017-жылдын 17-майындагы № 19/10, 2018-жылдын 17-октябрындагы № 2018-П-12/43-2-(НПА), 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1. Корреспонденттик эсептер эки түргө бөлүнөт: "лоро" эсеби - банкта өзүнүн банк-корреспондентинин атына ачылган эсеп; "ностро" эсеби - бул, банктын өз банк-корреспондентинде ачылган эсеби. Банктагы "ностро" эсеби банк-корреспонденттеги "лоро" эсеби болуп саналат. 

2. Бул Нускоо аркылуу банктын Улуттук банкта ачылган корреспонденттик эсеби менен иш тартиби жөнгө салынбайт. 

3. Оффшордук аймактарда катталган банктар, алардын аффилирленген жактары, туунду банктары жана өз алдынча юридикалык жак болуп саналбаган, ошондой эле жеңилдетилген салыктык шарттар каралган жана/же Банктык көзөмөл боюнча Базелдик комитетинин талаптарына жана көрсөтмөлөрүнө ылайык, банктык көзөмөл органдарына берилүүчү маалыматтардын ачык жана/же чечмеленип берилиши талап кылынбаган мамлекеттерде же аймактарда каттоодон өткөн өзүнчө турган бөлүм менен тике корреспонденттик мамилелерди орнотууга банктын укугу жок. Оффшордук аймактардын тизмеги Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 1б-апрелиндеги № 13/2 "Оффшордук аймактардын субъекттерин жана алардын тизмесин аныктоо боюнча талаптарды белгилөө жөнүндө" токтомуна ылайык аныкталат. 

Мындай чектөөлөр башкы уюму оффшордук аймактардан тышкары турган, оффшордук аймактарда катталган филиалдар менен тике корреспонденттик мамилелерди орнотууга таркатылбайт. 

4. Обочо турган банктар менен корреспонденттик мамилелерди түзүүгө же аны улантууга банктын укугу жок. Банк ошондой эле, обочо турган банктарга өз эсептерин пайдаланууга мүмкүндүк берген чет өлкө банктары-корреспонденттер менен бүтүмдөргө келишип, операцияларды жүргүзүүгө каршы чараларды көрүшү зарыл. 

Акчалардын изин жашырууга, терроризмди каржылоого жана массалык жок кылуу куралдарын жайылтууну каржылоого каршы күрөшүү боюнча эл аралык стандарттарды иштеп чыгуу жана жайылтуу боюнча өкмөттөр аралык уюмдун (топтун) (ФАТФ) сунуш көрсөтмөлөрүн колдонбогон же жетиштүү колдоно албаган мамлекеттердеги жана аймактардагы банктар менен корреспонденттик мамилелерди түптөө учурунда, банктын террористтик иш-аракеттерди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу) боюнча алгылыксыз ишке тартылышы тобокелдиги банкта жогорулайт. 

5. Резиденттер менен улуттук жана чет өлкө валюталарындагы эсептер боюнча корреспонденттик мамилелерди түптөөгө же улантууга банктын укугу жок. 

6. 5-пункттун талабы, пластик карталары менен ишке ашырылган операцияларды тейлөөгө алган эл аралык төлөм системалары боюнча эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу максатында, банк-резиденттер үчүн чет өлкө валютасында ачылган гарантиялык эсептерге таркатылбайт. 

6-1. 5-пунктунун талаптары микрофинансы компанияларын банкка кайра каттоодон өткөрүүнүн жыйынтыгында жана негизги ишти ишке ашырууну камсыз кылуу максатында түзүлгөн, банк-резиденттер үчүн ачылган чет өлкө валютасындагы эсептерге таркатылбайт. Мындай эсептер микрофинансы компанияларын банкка кайра каттоодон өткөрүүнүн жыйынтыгында түзүлгөн банк-резидент тарабынан банк-резидент эместе корреспонденттик эсепти ачканга чейин, бирок банк лицензиясын алган учурдан кийинки алты айдан ашпаган мөөнөттө колдонулушу мүмкүн. 

7. Корреспонденттик мамилелерди түзүүнүн бардык учурунда банк, корреспонденттик мамилени түзүүгө ниеттенип жаткан банк-корреспондентке карата төмөнкүдөй иш-чараларды жүргүзүүгө тийиш: 

- банк-корреспондент мыйзам талаптарына ылайык өз өлкөсүндө түзүлгөндүгү фактысын аныктоо; 

- корреспонденттик мамилелер жөнүндө келишимде террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында ишке ашырылган чаралар боюнча тараптардын милдеттерин жана ыйгарым укуктарын белгилөө

- банк-корреспонденттен жыл сайын финансылык отчетту алып туруу (аудитордук комиссиянын корутундусу менен); 

- корреспонденттик мамилелер жөнүндө келишимде террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында, банк-корреспондент тарабынан көрүлүп жаткан чараларга талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү, анын ичинде банктын кызматкерлери менен баарлашуу учурунда алынган маалыматтарды да колдонуу; 

- банк-корреспондентке кредиттик рейтингди ыйгаруу жөнүндө отчетторго талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү

- банк-корреспонденттин бизнесинин негизги багыттарын аныктоо; 

- банк-корреспонденттин финансылык абалына талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү

- банк-корреспонденттин оффшордук аймактарда катталган обочо банктары сыяктуу кардарлары барбы же жокпу, ошол тууралуу маалыматтарды талап кылуу; 

- банк-корреспондент мамлекеттикпи же менчик банкпы, ошону аныктоо; 

- менчик банк-корреспонденттердин негизги ээлерин идентификациялоо жана верификациялоо; 

- банк-корреспонденттин аброюна баа берүүнүн жалпыга жеткиликтүү маалыматынын негизинде террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө көзөмөл органынын бардыгын аныктоо; 

- банк-корреспондентке тиешелүү маалыматтарды идентификациялоо жана верификациялоо. 

Банк "лоро" эсебин ачууда банк-корреспонденттен төмөнкү документтерди кошумча талап кылууга тийиш: 

- корреспонденттик мамилелерди түзүү ниетин билдирген өтүнүч катты; 

- банк-корреспондент юридикалык жак катары орун алган өлкөдө каттоодон өткөндүгүн тастыктаган лицензиянын, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык легалдаштырылган жана күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү

- банк түзүлгөн корреспонденттик мамилелердин алкагында жүргүзүүгө ниеттенген операцияларды ишке ашырууга банк-корреспонденттин укугун тастыктаган лицензиянын, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык легалдаштырылган жана күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү

- банк-корреспонденттин ошол корреспонденттик эсеп аркылуу ишке ашырылуучу иш чөйрөсү тууралуу маалыматты. 

Корреспонденттик мамилелер түзүлгөндөн кийин банк ушул пунктта көрсөтүлгөн маселелер боюнча банк-корреспондент жөнүндө маалыматтарга көз салып турууга тийиш. Банк-корреспондент тарабынан террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү боюнча чаралар аткарылбагандыгы аныкталган учурда, корреспонденттик мамилелерди токтотууга чейинки тиешелүү чаралар колдонулууга тийиш. 

8. Корреспонденттик эсепти ачууну кошо алганда, корреспонденттик мамилелерди түптөө жөнүндө чечим банктын жетекчиси же банк Башкармасынын мүчөсү жетектеген, ушундай маселелер боюнча чечим кабыл алуу анын компетенциясына кирген коллегиалдуу орган тарабынан кабыл алынат. Корреспонденттик мамилелерди түзүүгө тиешелүү чечим кабыл алуунун мындай тартиби, банктын ички документтеринде чагылдырылууга тийиш. 

9. Эгерде банк-корреспондент ФАТФнын мүчөсү болгон өлкөнүн аймагында катталган жана Standart and Poor"s Corporation рейтингдик агенттиги тарабынан белгиленген, "ВВдан" төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредитти төлөө жөндөмдүүлүгү рейтинги же болбосо Moody's Investors Service же Fitch IBCA агенттиги тарабынан белгиленген ушундай эле маанидеги рейтингге ээ болгон учурда, банк тарабынан кредитти төлөө жөндөмдүүлүгүнө, аброюна баа берүү жана банк-корреспонденттин финансылык абалды талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү боюнча жөнөкөйлөтүлгөн жол-жоболор белгилениши мүмкүн. 

10. Корреспонденттик мамилелерди түптөөгө тиешелүү бардык маалыматтар документ катары көктөлүп, мамилелер токтотулган учурдан кийинки кеминде 5 жыл аралыгында сакталууга тийиш.