Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 

2007-жылдын 4-октябрында каттоодон өткөн. Каттоо номери 88-07 

  

  

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2007-жылдын 22-августундагы 

N 38/11 токтому менен 

бекитилген 

Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасында төлөмдөрдү өткөрүүнүн тартиби жөнүндө 

НУСКОО 

(КР УББ 2007-жылдын 12-декабрындагы N 53/6, 2008-жылдын 30-январында N 5/1, 2008-жылдын 27-июнундагы N 25/12, 2008-жылдын 10-декабрындагы N 45/7 2009-жылдын 30-сентябрындагы N 39/8, 2011-жылдын 30-мартындагы N 20/6, 2017-жылдын 14-июнундагы № 2017-П-19/24-8-(НПА), 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 2021-П-14/64-6-(ПС)  токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

 

(Мазмуну КР Улуттук банкынын башкармасынын 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 2021-П-14/64-6-(ПС) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

 

 

1. Жалпы жоболор 

1.1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 2017-П-19/24-8-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

1.2. Бул Нускоо Кыргыз Республикасынын аймагында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасы (мындан ары - система) боюнча төлөм документтерин даярдоо, өткөрүп берүү жана иштеп чыгуу эрежелерин жана тартибин, ошондой эле катышуучулардын ортосундагы өзара мамилелерди белгилейт. 

1.3. Системанын багыты, максаты, милдеттери, анын иштешин жөнгө салуучу негизги жоболор Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 15-декабрындагы № 37/8 токтому менен бекитилген жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2006-жылдын 18-январында 8-06 номеринде каттоодон өткөрүлгөн "Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасы жөнүндө" жободо (мынданы ары ПКС жөнүндө жобо) белгиленген. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 2017-П-19/24-8-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

1.4. Системада тобокелдиктерди тескөө принциптери жана ыкмалары Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 15-июнундагы № 25/8 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын төлөм системасында тобокелдиктерди тескөө боюнча саясатта жана ПКС жөнүндө жободо келтирилген. Система дебеттик таза позициялардын лимиттерин (резерв жана эсептик лимит) белгилөө менен төлөмдөргө байланыштуу тобокелдиктерин тескөөнү жана төмөндөтүүнү жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 2017-П-19/24-8-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

1.5. Системанын электрондук төлөм документтеринин жана билдирүүлөрүнүн форматтары "Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасынын электрондук төлөм документтеринин жана билдирүүлөрүнүн форматтарын толтуруу эрежелеринде" белгиленген (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/10 токтому менен бекитилген жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2006-жылдын 23-мартындагы 25-06 номеринде каттоодон өткөрүлгөн (мындан ары - Форматтарды толтуруу эрежелери). 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 2017-П-19/24-8-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

1.6. Системада төлөмдөрдү тике дебеттөө формасында өткөрүү тартиби, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2008-жылдын 30-июлунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын 12-сентябрында 104-08 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 30/6 токтому менен бекитилген "Пакеттик клириниг системасында төлөмдөрдү тике дебеттөө формасында өткөрүүнүн эрежелеринде" (мындан ары - Эреже) келтирилген. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 30-мартындагы N 20/6, 2017-жылдын 14-июнундагы № 2017-П-19/24-8-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1.7. Клиринг борборунун (мындан ары - КБ) ушул нускоодо аныкталган функцияларын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) аткарат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 30-мартындагы N 20/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

2. Терминдер жана аныктамалар 

Аталган нускоодо пайдаланылуучу терминдер жана аныктамалар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Улуттук банкынын 2005-жылдын 9-сентябрындагы N 420/21/4 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында нак эмес эсептешүүлөр жөнүндө" Жободо (мындан ары Нак эмес эсептешүүлөр жөнүндө жобо) жана ПКС жөнүндө жободо келтирилген. 

Нускоодо төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар кошумча пайдаланылат: 

Клиринг борборунун автоматташтырылган иш орду (мындан ары КБ АИО) - клиринг борборунун ыйгарым укуктуу (системада каттоодон өткөрүлгөн жана андан пайдаланууга белгилүү укукка ээ болгон) персоналдары тарабынан системаны администрлөө, мониторингдөө милдетин аткаруу жана системанын катышуучуларынын пайдалануу укуктарын тескөө үчүн багытталган аппараттык-программалык комплекс. 

(Абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 2017-П-19/24-8-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

(Абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 2021-П-14/64-6-(ПС) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

(Абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 2017-П-19/24-8-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

(Абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 2017-П-19/24-8-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

Системага сурам - Форматтарды толтуруу эрежелерине ылайык, системанын катышуучулары тарабынан түзүлүүчү жана төлөмдөр жөнүндө маалыматты алуу үчүн системага берилүүчү электрондук формадагы маалымат (жөнөтүлгөн пакеттердин, таза позициялардын статусу жөнүндө ж.б.).  

Байланыш каналы - телекоммуникациянын катышуучулар менен алардын кардарларынын, катышуучулардын жана Клиринг борборунун, Клиринг борборунун жана Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы (мындан ары ГСРРВ) ортосунда ЭТД пакеттерин жана билдирүүлөрдү берүүгө багытталган системасы.  

(Абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 2017-П-19/24-8-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

(Абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 2017-П-19/24-8-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

(Абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 2017-П-19/24-8-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

Системанын жообу - Форматтарды толтуруу эрежелерине ылайык система тарабынан түзүлүүчү жана катышуучуга андан сурамдарды жана ЭТД пакеттерин алууга жооп катары берилүүчү электрондук түрдөгү маалымат.  

Кабыл алынбаган (андан баш тартылган) төлөм документи - андан бул төлөмдү алуучу кардардын туура эмес аталышы, эсептин туура эмес көрсөтүлүшү, кардардын эсебинде каражаттардын жетишсиздиги жана тике дебеттөө жолу менен каражаттарды алып салууга келишимдин жоктугу себеби боюнча кабыл алуудан баш тартылган төлөм документи.  

Алгачкы төлөм документи - кардар тарабынан түзүлүүчү жана системанын катышуучусуна кагаз же электрондук түрдө берилүүчү төлөм документи (мындан ары электрондук төлөм документи же электрондук таблица).  

(Абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 2017-П-19/24-8-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

Сервистик бюро - катышуучунун автоматташтырылган иш ордуна ээ болбогон же системага тике бирикпеген катышуучулар тарабынан ЭТД пакеттерин жана билдирүүлөрдү түзүү, системага өткөрүп берүү жана системадан кабыл алуу үчүн багытталган Улуттук банктын Бирдиктүү сервистик борборунда орнотулган аппараттык  программалык комплекс.  

Системанын билдирүүсү (билдирүү) - катышуучунун тиешелүү сурамына же сурамы жок эле система тарабынан жөнөтүлүүчү маалыматка системанын жообун билдирет. 

(Абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 2017-П-19/24-8-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

(Абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 2017-П-19/24-8-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

Электрондук таблица - Форматтарды толтуруу эрежелеринде белгиленген форматта түзүлгөн жана суб-катышуучу менен системанын катышуучусунун ортосундагы келишимдин шарттарына ылайык суб-катышуучу тарабынан системанын катышуучусуна берилүүчү төлөмдөр жөнүндө электрондук маалымат (эмгек акыларды, пенсияларды, камсыздандыруу төлөмдөрүн, бюджеттик, коммуникациялык төлөмдөрдү ж.б. төлөө боюнча.).  

Төлөмдөр жөнүндө толук маалымат - окшош белгилери боюнча (салык төлөмдөрү, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөр, эмгек акы долбоорлору боюнча төлөмдөр ж.б.) бир төлөмгө бириктирилген ар бир жеке төлөм боюнча, субэсеп менен өздүк эсептин тилкелерин кошо алганда, ЭПДнын бардык тилкелерин толтуруу менен ЭПДны милдеттүү түрдө тариздөө

(КР Улуттук банкынын башкармасынын 2007-жылдын 12-декабрындагы N  53/6, 2008-жылдын 27-июнундагы N 25/12, 2008-жылдын 10-декабрындагы N  45/7, 2011-жылдын 30-мартындагы N 20/6, 2017-жылдын 14-июнундагы № 2017-П-19/24-8-(НПА), 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 2021-П-14/64-6-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

3. Кардар тарабынан алгачкы төлөм документтерин даярдоо жана жөнөтүүчү банкка берүү 

3.1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 2017-П-19/24-8-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

3.2. Кагаз же электрондук формадагы баштапкы төлөм документи кардар тарабынан даярдалып, кардар менен жөнөтүүчү ортосунда түзүлгөн келишим шарттарына ылайык, жөнөтүүчүгө берилет . 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 2017-П-19/24-8-(НПА), 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 2021-П-14/64-6-(ПС) токтомдорунун редакциясына ылайык) 

3.3. Төлөмдөр жөнүндө маалыматты камтыган электрондук таблица суб-катышуучу тарабынан түзүлөт, жооптуу адамдардын электрондук кол тамгалары коюлат же атайын каражаттар менен шифрленет жана суб-катышуучу менен жөнөтүүчүнүн ортосундагы келишимдин шарттарына ылайык, байланыш каналдары же маалыматты кайсы болбосун алып жүрүүчү каражат боюнча жөнөтүүчүгө берилет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 24-ноябрындагы № 2021-П-14/64-6-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

4. Жөнөтүүчүдө алгачкы төлөм документтерин кабыл алуу жана иштеп чыгуу  

4.1. Жөнөтүүчү кардардан кагаз жүзүндөгү төлөм документин эки нускада кабыл алат. Кагаз түрүндөгү төлөм документинин бир нускасы жөнөтүүчүдө калтырылат, экинчиси аны аткарууга кабыл алуу жөнүндө белги менен кардарга кайтарылып берилет.  

4.2. Эмгек акы долбоорлору, коммуналдык төлөмдөр жана бюджетке төлөмдөргө тиешелүү болгон учурларда, жөнөтүүчү Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын  

25-июлундагы № 36/5 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2007-жылдын 3-сентябрында 82-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн Төлөм документтерин толтуруу эрежелери жөнүндө нускоого ылайык, Пакеттик клиринг системасындагы төлөмдөрдүн толук ачып көрсөтүлүшү үчүн, субэсептерди жана жеке эсептердин тилкелерин кошо алганда баштапкы төлөм документи бардык тилкелеринин туура жана толук толтурулгандыгын текшерүүгө тийиш.  

4.3. Эгерде кардар менен жөнөтүүчүнүн ортосундагы төлөм документтерин алмашуу электрондук формада жүзөгө ашырылып жаткан болсо, жөнөтүүчү жөнөтүүчү менен кардардын ортосундагы келишимдин шарттарына, ошондой эле жөнөтүүчүнүн ички ченемдик документтерине жана жол-жоболоруна ылайык төлөм документинин алынгандыгын кардарга тастыктайт.  

4.4. Төлөм документинде каталар табылган учурда жөнөтүүчү кардарга төлөм документтерин жөнөтүүчүнүн ички ченемдик документтерине жана жол-жоболоруна ылайык, кайтаруу себептерин көрсөтүү менен кайтарып берет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 24-ноябрындагы № 2021-П-14/64-6-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

5. Жөнөтүүчү тарабынан ЭТД пакеттерин жана билдирүүлөрдү даярдоо жана системага өткөрүп берүү 

5.1. Жөнөтүүчү электрондук төлөм документинин пакеттерин жана билдирмелерди форматтарды толтуруу эрежелерине ылайык даярдайт. Коммуналдык, бюджеттик жана эмгек акы төлөмдөрү болгон учурларда жөнөтүүчү ар бир төлөөчү үчүн ЭТДны түзөт.  

5.2. ЭТД пакеттерин жана билдирүү даярдоодон кийин жөнөтүүчү ага ыйгарым укуктуу пайдалануучулардын электрондук кол тамгасын коюп, системага байланыш каналдары боюнча берет.  

5.3. Жөнөтүүчү учурдагы клиринг күнүнүн регламентине ылайык ЭТД пакеттерин системага өткөрүп берет. Бир күн ичинде жөнөтүүчү тарабынан берилүүчү ЭТД пакеттеринин саны чектелбейт.  

5.4. ЭТД пакеттерин жана билдирүүлөрдү түзүү мүмкүн эмес болгон учурда жөнөтүүчү алгачкы төлөм документтеринен маалыматтарды ПКСке киргизүүнү жүзөгө ашыруу жана Сервистик бюрону пайдалануу менен ЭТД пакеттерин жана билдирүүлөрдү түзүү үчүн КБга кайрыла алат. Пакеттерди түзүү жана берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр КБ жана системанын катышуучуларынын ортосундагы келишимдик мамилелерде чагылдырылат. 

5.5. Сервистик бюро кызмат көрсөтүүлөрүнөн тышкары, КБ менен тике байланышка ээ болгон катышуучулардын биринин байланыш каналын пайдалануу менен системага ЭТД пакеттерин жана билдирүүлөрдү берүүгө болот. Система менен тике байланышка ээ катышуучу аркылуу ЭТД пакеттерин жана билдирүүлөрдү берүү боюнча жөнөтүүчүнүн өз ара мамилеси КБ жана системанын катышуучуларынын ортосундагы тиешелүү келишимдерде чагылдырылат.  

5.6. Клиринг борборуна берилген электрондук төлөм документтеринин пакеттериндеги төлөмдөрдүн саны жөнөтүүчү кардарлардан кабыл алган төлөм документтеринин санынан жана жөнөтүүчүнүн өздүк төлөмдөрүнүн санынан турган баштапкы төлөм документтердин санына дал келүүгө тийиш (кагаз жүзүндө электрондук формада). 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармасынын 2007-жылдын 12-декабрындагы N 53/6, 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 2021-П-14/64-6-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

6. ЭТД пакеттерин жана билдирүүлөрдү иштеп чыгуу тартиби  

6.1. Клиринг күнүнүн регламенти 

6.1.1. Электрондук төлөм документтеринин пакеттерин жана билдирүүлөрдү иштеп чыгуу клиринг күнүнүн регламентине ылайык ишке ашырылат, ал бир клиринг сессиясынан турат жана төмөнкүдөй мезгил аралыктарына бөлүнөт: 

 

Иштеп чыгуу мезгилинин аталышы 

Мезгил аралыгынын башталган/аяктаган убакыты 

Мезгил аралыгы 

Клиринг күнүн ачуу   

8:30 8:45 

15 мүнөт 

Электрондук төлөм документтеринин пакеттерин жана билдирүүлөрдү кабыл алуу жана иштеп чыгуу   

8:45 13:30 

4 саат 45 мүнөт 

Баш тартылган төлөмдөрдү кабыл алуу жана иштеп чыгуу   

13:30 13:50 

20 мүнөт 

Кайра клирингден өткөрүү мезгили 

13:50 14:10 

20 мүнөт 

Клиринг мезгили 

14:10 14:20 

10 мүнөт 

Акыркы эсептөөлөр мезгили   

14:20 14:30 

10 мүнөт 

Клиринг күнүн жабуу   

14:30 15:00 

30 мүнөт 

ПКС жөнүндө жобого ылайык клиринг күнү ичинде бир нече клиринг сессиясын өткөрүүгө болот. Клиринг күнүнүн регламентин (клиринг сессиясынын саны жана алардын мезгил аралыгы) өзгөртүү зарылчылыгы келип чыкса Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү токтому кабыл алынат.  

6.1.2. Системанын катышуучусу Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, иш регламентинин сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат.  

6.1.3. Операциялык күндүн мезгилдеринин кечеңдеп жатышынын себептери жөнүндө катышуучунун жетекчисинин колу коюлган расмий катты сунуштоо менен катышуучунун кайрылуусу боюнча гана клиринг күнүнүн регламенти узартылышы мүмкүн. Ошол эле учурда, катышуучунун кардарлары (юридикалык жана жеке жактар, бюджеттик уюмдар) түзүлгөн келишимдерге ылайык келип чыккан бардык маселелерди аларды тейлеген катышуучу менен чечет жана КБга түздөн-түз байланыша албайт. Бул талаптын аткарылышы үчүн жоопкерчилик жана контролдук катышуучуга жүктөлөт.  

6.1.4. Эгерде катышуучу кайсы бир жумуш күндөрүндө же Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети тарабынан жарыяланган дем алыш күндөрүндө (майрамдарда) иштебесе, катышуучу 3-5 күн мурун катышуучунун жетекчисинин колу коюлган катты КБга берүүгө тийиш, мында, Бирдиктүү банктар аралык процессинг борборун (ББПБ) кошо алганда, Пакеттик клиринг системасынын бардык катышуучуларын милдеттүү түрдө билдирүү зарыл. Бул учурда системада катышуучу үчүн «Катышуучунун майрам күнү» опциясы белгиленет, мында карттык төлөмдөрдү кошо алганда, катышуучудан/катышуучуга бардык төлөмдөр система тарабынан четке кагылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 30-январында N 5/1, 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 2021-П-14/64-6-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

6.2. Клиринг күнүнүн ачылыш мезгили аралыгы 

6.2.1. КБ клиринг системасын жаңы клиринг сессиясына карата даярдайт ( көрсөткүчтөрдү коюу жана ишке келтирүү, системаны иштин башталышына карата даярдоо). 

6.2.2. Системада автоматтык түрдө катышуучулардын эсептик лимит мааниси коюлат . 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2009-жылдын 30-сентябрындагы N 39/8, 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 2021-П-14/64-6-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

6.2.3. Система катышуучуларга клиринг күнүнүн ачылгандыгы жана ДТПЛ2 коюлгандыгы тууралуу маалыматты берет. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2009-жылдын 30-сентябрындагы N 39/8 токтомунун редакциясына ылайык) 

6.2.4. Катышуучунун (лардын) белгиленген эсептик лимитинин (теринин) мааниси ГСРРВдан алынган маалыматтардын негизинде камдын (дардын) маанисине өзгөрүп кетиши мүмкүн. Системанын катышуучулары он-лайн режиминде эсептик лимиттин же камдын өзгөргөндүгү жөнүндөгү маалыматты системага талап жөнөтүүсүз эле ала алышат. Эсептик лимиттин же камдардын суммасынын чегинде катышуучулардын болжолдуу таза позициялары эсептелинет. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2009-жылдын 30-сентябрындагы N 39/8 токтомунун редакциясына ылайык) 

6.3. Клиринг борборунда ЭТД пакеттерин жана билдирүүлөрдү кабыл алуу жана иштеп чыгуу мезгили 

6.3.1. КБ жөнөтүүчүдөн ЭТД пакеттерин жана билдирүүлөрдү кабыл алат, пакеттердин электрондук кол тамгасынын тууралыгы жана белгиленген форматтарга ылайык келе тургандыгы боюнча текшерет. Ар бир пакетти текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, система пакеттин кабыл алынгандыгы жөнүндө билдирүүнү түзөт, анда пакетти кабыл алуу, иштеп чыгуу күнү, убактысы чагылдырылат. Ар бир пакет боюнча анын статусу жөнүндө маалымат система тарабынан кабыл алынган жана четке кагылган төлөмдөрдүн суммасын жана жалпы санын көрсөтүү менен жөнөтүлөт. Билдирүүлөргө системанын электрондук кол тамгасы коюлат жана жөнөтүүчүнүн дарегине байланыш каналдары боюнча жөнөтүлөт.  

6.3.2. Клиринг борбору ББПБдан таза позициялар топтомдорун кабыл ала алат. Ар бир пакетти текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, система пакеттин кабыл алынгандыгы жөнүндө билдирүүнү түзөт, анда пакетти кабыл алуу, иштеп чыгуу күнү, убактысы чагылдырылат. Ар бир өзүнчө пакет боюнча анын статусу жөнүндө маалымат суммасын көрсөтүү менен жөнөтүлөт. Билдирүүгө системанын электрондук кол тамгасы коюлат жана белгиленген байланыш каналдары боюнча ББПБ дарегине жөнөтүлөт. Ошол эле учурда таза позициясы ББПБ тарабынан берилген системанын катышуучуларына топтомдун суммасы, кабыл алынган жана иштелип чыккан убактысы жөнүндө маалымат жөнөтүлөт. Катышуучунун дебеттик утурумдук таза позициясы (мындан ары УТП) белгиленген эсептик лимиттен/резервден ашкан учурда, бардык катышуучулардын таза позицияларынын пакеттери системага «Активдүү эмес» статусу менен кабыл алынат.  

6.3.3. Жөнөтүүчүдөн алынган пакеттин электрондук кол тамгасын аутентификациялоо мүмкүн болбогон же пакетте же болбосо өзүнчө төлөмдө аларды иштеп чыгууга мүмкүндүк бербеген каталар табылган учурда, каталарды көрсөтүү менен тиешелүү билдирүү түзүлөт. Билдирүүгө системанын электрондук кол тамгасы коюлуп, жөнөтүүчүнүн дарегине тиешелүү байланыш каналдары боюнча жөнөтүлөт. Жөнөтүүчү пакеттин же болбосо өзүнчө төлөмдүн кабыл алынбагандыгы жөнүндө билдирүүнү алгандан кийин, клирингдик сессиянын ишинин белгиленген регламентинин чегинде пакеттин же төлөмдүн жаңы идентификатору менен оңдолгон пакетти түзүп, жөнөтөт. 

6.3.4. Аткарууга кабыл алынган төлөмдөр ар бир катышуучунун системада белгиленген статусуна ылайык иштелип чыгат. Төлөмдөрдү статусуна жана катышуучунун позициясына ылайык иштеп чыгуу эрежеси ушул нускоого карата 1-тиркемеде (1-п) келтирилген. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 2017-П-19/24-8-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

6.3.5. Кредит төлөмдөрүнүн пакети эсептешүүнүн келечек датасы менен эсептешүү күнүнө чейин беш клиринг күнүнөн ашырбастан кабыл алынат. 

6.3.6. Эсептешүүнүн келечек датасы менен төлөмдөрдүн кабыл алынышына жараша катышуучулардын эсептешүү күнүнө карата алдын ала таза позицияларын эсептөө ишке ашырылат. 

6.3.7. Өткөн күндөрдө кабыл алынган төлөмдөрдү кошо алганда, учурдагы эсептешүү күнүнө барабар болгон эсептешүү күнү менен кредиттик төлөмдөрдүн кабыл алынышына жараша катышуучулардын таза позицияларын эсептөө жүргүзүлөт. Ар бир дебеттик УТП боюнча белгиленген эсептик лимит, же камды артып кетүүсүнө текшерүү жүргүзүлөт. Дебеттик таза позициялардын эсептик лимит, же камды артып кетүүсүннө текшерүү жүргүзүү эрежелери аталган нускоого карата 1-тиркемеде (2-п) келтирилген. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2009-жылдын 30-сентябрындагы N 39/8 токтомунун редакциясына ылайык) 

6.3.8. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 2017-П-19/24-8-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

6.3.9. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 2017-П-19/24-8-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

6.3.10.Жөнөтүүчү каталар табылып калган учурда системага мурда берилген пакетти же өзүнчө төлөмдү жокко чыгара алат (кайтара алат). Эгерде жок кылынуучу төлөм мурда УТПны эсептөөгө камтылган болсо, жөнөтүүчү төлөмдү алып салууга билдирүү даярдайт, система ага «Алынып коюлган» статусун ыйгарып, катышуучулардын УТП бул төлөмсүз кайра эсептейт жана жөнөтүүчүгө төлөмдүн жокко чыгарылгандыгы жөнүндө билдирүүнү жөнөтөт. Эгерде бул төлөм мурда УТПны эсептөөгө камтылбаган, б.а. «Активдүү эмес» статусуна ээ болгон болсо, система ага «Алынып коюлган» статусун ыйгарып, жөнөтүүчүгө төлөмдүн жокко чыгарылгандыгы жөнүндө билдирүүнү жөнөтөт.  

6.3.11. Алуучу кредиттик операциялар боюнча каражаттар туура эмес чегерилген учурда бул каражаттарды жөнөтүүчүгө кайтара алат. Бул операция кардардын эсеби бөгөттөлүп же жабылып калган учурда кардардын эсеби туура эмес көрсөтүлгөн шартта катышуучу тарабынан алынган каражаттарды кайтарып берүү үчүн багытталган.  

6.3.12. Төлөмдөрдүн статусу, таза позициялар, эсептик лимит жөнүндө маалымат ар бир катышуучуга айкын убакыт ыргагында, ошондой эле сурам боюнча, ЭТД пакеттерин жана билдирүүлөрдү кабыл алуунун жана иштеп чыгуунун бүтүндөй мезгили ичинде берилет. Катышуучу пакеттик клиринг системасынан берилген маалыматтарга көз салып турууга жана бул системада клиринг сессиясынын бүтүшүнүн жыйынтыгы боюнча дебеттик таза позицияны жыйынтыктап эсептөөнү жүргүзүү үчүн зарыл болгон өлчөмдөгү, өз корреспонденттик эсебиндеги каражаттардын бөлүгүн, өз учурунда резервге коюуга милдеттүү.  

6.3.13. ЭТД пакеттерин жана билдирүүлөрдү кабыл алуунун жана иштеп чыгуу мезгили аяктары менен төлөм документтери системага кабыл алынбайт. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2008-жылдын 10-декабрындагы N 45/7, 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 2021-П-14/64-6-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

6.3.13. ЭТД файлдарын жана билдирүүлөрдү кабыл алуунун жана иштеп чыгуу мезгили аяктары менен төлөм документтери системага кабыл алынбайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 2017-П-19/24-8-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

6.4. Кабыл алуудан баш тартылган төлөмдөрдү кабыл алуу жана иштеп чыгуу мезгил аралыгы 

6.4.1. Кабыл алуудан баш тартылган төлөмдөрдү кабыл алуу жана иштеп чыгуу мезгил ичинде ЭТД пакеттери кабыл алынбайт. . 

6.4.2. Бул мезгилдин башында КБ алуучу боюнча төлөмдөрдүн алдын ала чыгыш пакеттерин түзөт. Чыгыш пакеттер УТП эсептөөгө камтылган төлөмдөрдү камтыйт. Эсептик лимиттин же резервдин артышына байланыштуу «Активдүү эмес» статусу менен төлөм пакеттери жана эсептөөнүн келечектеги датасы менен төлөмдөрдүн пакеттери чыгыш пакеттерге киргизилбейт. Ар бир чыгыш пакетке системанын электрондук кол тамгасы коюлуп, байланыш каналдары боюнча алуучуларга жөнөтүлөт.  

6.4.3. Алдын ала чыгыш пакетти алгандан кийин алуучу анын реквизиттери туура эмес болгон учурда бул мезгил ичинде төлөмдөрдү кабыл алуудан баш тартышы мүмкүн жана кабыл алуудан баш тартылган төлөмдү түзө алат.  

6.4.4. Кабыл алуудан баш тартылган төлөм алынгандан кийин КБ анын алынып салынгандыгы жөнүндө жөнөтүүчүгө жана алуучуга маалымат берет, ошондой эле кабыл алуудан баш тартылган төлөмдү эске алуу менен катышуучулардын УТП кайра эсептейт.  

6.4.5. Системада ГСРРВдан алынган билдирүүнүн негизинде катышуучуларга резерв белгиленет. 

6.4.6. Кабыл алуу мөөнөтү аяктагандан кийин, кабыл алуудан баш тартылган төлөмдөр кабыл алынбайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 24-ноябрындагы № 2021-П-14/64-6-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

6.5. Преклиринг мезгил аралыгы 

6.5.1. Преклиринг мезгили учурунда система ЭТД пакеттерин жана билдирүүлөрдү кабыл албайт. 

6.5.2. (КР Улуттук банк Башкармасынын 24-ноябрындагы № 2021-П-14/64-6-(ПС) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

6.5.3. Система катышуучулардын УТП белгиленген резерв ылайык келе тургандыгын текшерет жана катышуучуларга УТП эсептөөгө камтылган пакеттер жөнүндө маалымат берет. 

6.5.4. Катышуучулардын кайсы бири резервден ашкан учурда, система төлөмдөргө УТП катышуучуларына кошулгандарга «Активдүү эмес» деген статус берет, кайрадан эсептеп, бардык катышуучулардын УТПсын жыйынтык резервдердин чегинен ашырып кетүүсүн текшерет жана бардык тиешеси бар катышуучуларга тиешелүү кабар берет. Катышуучу бул мезгилдин акырына чейин бир күндүк кредитти алуу, финансы рынокторунда карыз алуу же корреспонденттик эсепти нак акчаларды салып толуктоо жолу менен дебеттик таза позициянынын ордун толтуруу үчүн ГСРРВындагы корреспонденттик эсепте акча каражаттарынын жетиштүүлүгүн камсыз кылуу боюнча чараларды кабыл алат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 2021-П-14/64-6-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

6.5.5. Эгерде резервдер жеткиликтүү болсо, анда система менен кабыл алынган бирок УТПнын эсебине киргизилбеген (активдүү эмес пакеттер) төлөм пакеттери автоматтык түрдө УТПнын эсебине кирет. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2008-жылдын 10-декабрындагы N 45/7, токтомунун редакциясына ылайык) 

6.6. Клиринг мезгил аралыгы 

6.6.1. Система катышуучулардын УТПны резерв менен текшерет жана жыйынтык таза позициясын түзөт (мындан ары ЖТП).  

6.6.2. Эгерде катышуучунун дебеттик УТП жыйынтык резервден ашып кетсе, система катышуучунун УТПга кирген төлөмдөргө артыкчылык берилген багыттарга ылайык жана FIFО принциби боюнча «Активдүү эмес» статусун берет жана ЖТПны кайрадан эсептейт.  

6.6.3. Катышуучулардын ЖТП эсептелгенден кийин система ЖТП боюнча билдирүү түзүп, ага системанын электрондук кол тамгасын коюп, акыркы эсептешүү жүргүзүү үчүн ГСРРВга өткөрүп берет.  

6.6.4. Катышуучулардын жыйынтык таза позициялары боюнча акыркы эсептешүү «бардыгы же эч нерсе» принциби боюнча системасынын катышуучуларынын Улуттук банкта ачылган корреспонденттик эсептери боюнча каражаттарды алып салуу же чегерүү жолу аркылуу ГСРРВда жүргүзүлөт. ЖТП катышуучулардын корреспонденттик эсептеринде эсептешүү үчүн резервде турган каражаттарды пайдалануу менен эсептелгендиктен, ЖТП аткарылбай калышы мүмкүн болгон ошол жагдай өзгөчө учур болуп саналат.  

6.6.5. Система жыйынтыктоочу чыгыш пакеттерди түзөт. Жыйынтыктоочу пакеттерге, кабыл алуудан баш тартылгандарды кабыл алуу жана иштеп чыгуу этабында жөнөтүлгөндөрдү кошо алганда, ЖТП эсебине кирген бардык төлөмдөр камтылат. Ар бир чыгыш пакетке системанын электрондук кол тамгасы коюлуп, системанын катышуучуларына жөнөтүлөт.  

6.6.6. Бир нече клиринг сессия болгон учурда, ЖТП кирбеген төлөм пакеттери кийинки клиринг сессиясына өткөрүлөт.. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2008-жылдын 10-декабрындагы N 45/7, 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 2021-П-14/64-6-(ПС) токтомдорунун редакциясына ылайык) 

6.7. Акыркы эсептөөлөр мезгили  

6.7.1. Мезгилдин башында система ЖТП боюнча көчүрмөлөрдү катышуучуларга өткөрүп берет. 

6.7.2. Акыркы эсептөөлөр мезгилинде «Активдүү эмес» деген статусу менен бардык пакеттер система тарабынан четке кагылат. Четке кагылган төлөмдөрдүн пакеттери тууралуу билдирүү түзүлүп, жөнөтүүчүгө жана алуучуга жөнөтүлөт. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 2021-П-14/64-6-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

7. (КР Улуттук банк башкармасынын 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 2021-П-14/64-6-(ПС) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

8. Алуучу банкта ЭТД файлдарын иштеп чыгуу 

8.1. Алуучу системадан анын дарегине келип түшкөн бардык ЭТД пакеттерин электрондук кол тамганын тууралыгы, бүтүндүгү жана алардын белгиленген форматка ылайык келе тургандыгы боюнча текшерет. Алынган ЭТД пакеттерин ийгиликтүү текшерүүдөн кийин алуучу кардардын эсебине каражаттарды чегерүүнү жүзөгө ашырат жана мыйзамдарга жана алуучунун ички ченемдик документтерине, жол-жоболоруна ылайык төлөм жөнүндө маалыматты кардарларга берет. 

8.2. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 2017-П-19/24-8-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

8.3. Алынган кириш пакетинин бүтүндүгү же түзүмү бузулган учурда алуучу КБ менен байланышат. КБ алуучунун дарегине чыгыш пакетти кайрадан жөнөтөт. Кириш пакеттерин алуу мүмкүн болбогон учурда алуучу Сервистик бюро аркылуу системадан кириш пакеттерин алуу үчүн Сервистик бюрого кайрылат. 

8.4. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 2017-П-19/24-8-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

8.5. Эгерде алуучу менен кардардын ортосунда төлөм документтерин алмашуу электрондук формада жүзөгө ашырылган болсо, анда алуучу алуучу менен кардардын ортосундагы келишимдин шарттарына, ички ченемдик документтерге жана жол-жоболорго ылайык алынган ЭТД пакетинин негизинде электрондук билдирүүнү түзүп, алуучу кардарга берет. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 2021-П-14/64-6-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

8.6. Алуучу ЭТД пакетин кандайдыр бир каталар менен алган болсо - (каражаттарды башка жакка багыттаса, эсепке бөгөт коюлуп же эсеп жок болгон болсо ж.б.) ал кийинки клирингдик күндөн кечиктирбестен акча каражаттарын кредиттик которуу аркылуу кайтарып берет. Мында төлөмдүн багытынын тилкесине жол берилген каталар көрсөтүлөт. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 2021-П-14/64-6-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

9. Катышуучулар тарабынан документтердин архивин түзүү 

9.1. Жоготуу коркунучтары же аларды көчүрмөлөө учурларында системадагы маалыматтарды сактоо жана калыбына келтирүү үчүн катышуучулардын системада ишке ашырылган жүргүзүлгөн бардык операцияларын резервдик көчүрмөлөө жана архивдөө зарыл. 

9.2. Системанын катышуучулары бардык жөнөтүлгөн жана алынган ЭТД пакеттерин жана билдирүүлөрдү архивге жайгаштырып, аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан төлөм документтери үчүн белгелинген мөөнөттүн чегинде сактайт. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 2021-П-14/64-6-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

10. Жоопкерчилик жана пикир келишпестиктерди чечүү 

10.1. Системанын катышуучусу берилүүчү төлөм документтердин жана билдирүүлөрдүн аныктыгы жана ачып көрсөтүү, коопсуздук шарттарын жана купуялуулукту сактоо, электрондук колтамгаларды пайдалануу эрежелерин сактоо, системада иштөөнүн Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен белгиленген регламентин жана тартибин сактоо үчүн жоопкерчиликтүү болот. 

(КР Улуттук банкынын башкармасынын 2007-жылдын 12-декабрындагы N 53/6, 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 2021-П-14/64-6-(ПС) токтомдорунун редакциясына ылайык) 

10.2. Система боюнча төлөмдөрдү өткөрүү процессинде жоопкерчиликти бөлүштүрүү жана пикир келишпестиктерди чечүү Улуттук банктын ченемдик актыларын кошо алганда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ошондой эле тиешелүү келишимдер жана макулдашуулар менен чечилет. 

  

  

  

Кыргыз Республикасында Майда чекене жана утумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасында төлөмдөрдү өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Нускоого 

N 1 тиркеме 

  

(КР Улуттук банк башкармасынын 2009-жылдын 30-сентябрындагы N 39/8, 2011-жылдын 30-мартындагы N 20/6, токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1. Төлөмдөрдү катышуучулардын статусуна жана позицияларына ылайык иштеп чыгуу эрежелери 

Катышуучунун статусу жана позициясы жетекчиликтин көрсөтмөсүнүн жана/же Улуттук банк Башкармасынын же Көзөмөл боюнча комитеттин тике банктык көзөмөл, убактылуу администрация, ликвидация сыяктуу атайын режимдерди киргизүү жөнүндө токтомдорунун негизинде, клиринг борборунун ыйгарым укук чегерилген персоналы тарабынан белгиленет.  

Системада катышуучулардын төмөнкүдөй статустары аныкталган: «Активдүү», «Токтотулган», «Активдүү эмес (Блокировланган же жокко чыгарылган)».  

Катышуучуга «Активдүү» статусу системада төлөмдөрдү өткөрүү боюнча эч кандай чектөөлөр киргизилбеген учурда белгиленет. Бул статуста катышуучунун төлөмдөрү, багытына көз карандысыз, толук функционалдуу иштеп чыгууга жана таза позицияларды эсептөөгө камтылууга тиешелүү болот.  

Катышуучуга «Токтотулган» статусу ПКСке катышууга чектөөлөр киргизилип, ал эми ГСРРВга катышууга чектөөлөр киргизилбеген учурда белгиленет. Катышуучунун «Токтотулган» статусунда төлөмдөр төмөнкүчө иштетилет:  

- жаңы төлөмдөр жана билдирүүлөр «Токтотулган» статусу менен кабыл алынат; 

- кабыл алынган жана таза позицияларды эсептөөгө камтылган төлөмдөр «Активдүү» статусундагы сыяктуу эле иштелип чыгат;  

- кабыл алынган, бирок таза позицияларды эсептөөгө камтылбаган төлөмдөр катышуучунун статусу «Активдүүгө» же «Активдүү эмеске» өзгөргөнгө чейин «Токтотулган» деген статуска которулат.».  

Катышуучунун «Активдүү эмес (блокировкаланган же жокко чыгарылган)» деген статусунда катышуучунун бардык төлөмдөрү жана катышуучунун дарегине төлөмдөр система тарабынан четке кагылат.  

ПКСке катышуу сыяктуу эле, ГСРРВга катышуу боюнча чектөөлөрдү киргизүү учурунда системада катышуучунун позициясына чектөөлөр белгиленет. Позиция төмөнкү абалдардын бирине ээ болот: активдүү, дебеттөө/кредиттөө үчүн блокировкаланган. 

«Активдүү» чектөөлөр жок учурда белгиленет жана төлөмдөрдүн багытына көз карандысыз, бардык ЭТДны толук функционалдуу иштеп чыгуу дегенди түшүндүрөт.  

«Блокировкаланган» катышуучунун чыгыш/кириш төлөмдөрүнө чектөөлөр киргизилген учурда белгиленет. Бул позицияда УТПны эсептөөгө камтылган, катышуучудан/катышуучуга төлөмдөр жана системага позицияларга бөгөт коюлгандан кийин келип түшкөн төлөмдөр «Токтотулган» төлөм статусун кабыл алат жана төмөнкүчө иштелип чыгат:  

- система УТП катышуучуларын кайра санап чыгат; 

- жаңы төлөмдөр «Токтотулган» статусун алышат;  

- дебет/кредит боюнча позицияларды блоктон чыгаруу учурунда системага келип түшкөн төлөмдөр 1-тиркеменин 2-пунктуна ылайык УТПны эсептөөгө камтылат;  

- эгерде клиринг мезгилине чейин дебет/кредит боюнча позициялар блоктон чыгарылбаса, «Токтотулган» статусундагы төлөмдөр жыйынтык эсеп мезгилинде системадан четтетилет жана кийинчерээк бул тууралуу катышуучуга маалымдалат.. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 30-мартындагы N 20/6, 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 2021-П-14/64-6-(ПС) токтомдорунун редакциясына ылайык) 

2. Эсептик лимиттин же камдын артышына карата учурдагы дебеттик таза позицияларды текшерүү эрежелери 

Система төлөм документин алган учурда катышуучунун учурдагы таза позициясын эсептейт, анын эсептик лимити же камдары жетишилгенби, ошону текшерет. Эгерде катышуучунун учурдагы дебеттик таза позицияларынан белгиленген эсептик лимиттин же камдын 80% артып кеткен шартта, система катышуучуга тиешелүү эскертүүлөрдү жөнөтөт. 

Катышуучунун учурдагы дебеттик таза позициясы белгиленген эсептик лимиттин же камдын 100% жеткен шартта, ошол катышуучунун эсебин дебеттеген төлөмдөрдүн топтому системага "Активдүү эмес" статусунда кабыл алынып, утурумдук таза позицияны эсептөөдө ага кошулбайт. Катышуучуга ошол төлөмдөрдүн статусу жөнүндө маалымат жөнөтүлөт. Электрондук төлөм документтеринин пакеттерин жана билдирүүлөрүн кабыл алуу жана иштеп чыгуу мезгили аралыгында катышуучунун позициясынын жакшыруусу жүрсө (жаңы камды белгилөө же катышуучу анын эсебин кредиттеген төлөмдөрдү алуусунун натыйжасында), "Активдүү эмес" статусундагы төлөмдөр топтому приоритеттүүлүгүнө жараш "FIFО" принциби боюнча алар учурдагы таза позицияны эсептөөгө автоматтык түрдө кошулат. Катышуучуга эсептөөгө алынган ар бир топтомдун статусунун өзгөргөндүгү тууралуу билдирме жөнөтүлөт. Мындан тышкары, "активдүү эмес" статусундагы топтомдордун учурдагы таза позицияларды эсептөөгө кошулуусу катышуучу тарабынан жаңы камдын белгилениши аркылуу да жүрүшү мүмкүн.  

3. Төлөмдөрдү тике дебеттөө боюнча өткөрүү эрежелери 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 30-мартындагы N 20/6 токтомуна ылайык алып салынды)