Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2019-жылдын 2-сентябрындагы 

№ 2019-П-14/46-1-(ПС) 

токтомуна карата 

тиркеме 

Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө 

ЖОБО 

1-БӨЛҮК. ТӨЛӨМ УЮМДАРЫ ЖАНА ТӨЛӨМ СИСТЕМАЛАРЫНЫН ОПЕРАТОРЛОРУ ЖАНА АЛАРДЫН АКЦИОНЕРЛЕРИ (УЮШТУРУУЧУЛАРЫ)/КАТЫШУУЧУЛАРЫ  

 

1-глава. Жалпы жоболор  

1. "Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө" жободо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) төлөм уюмдарына жана төлөм системаларынын операторлоруна төмөнкү багыттарда ишкердикти жүзөгө ашырууга лицензия берүү тартиби аныкталган:  

1) өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу кабыл алуу жана өткөрүү боюнча кызматтарды сунуштоо;  

2) үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу (процессинг, клиринг) жана төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына берүү боюнча кызматтарды сунуштоо.  

Жободо ошондой эле төлөм уюмдарына жана төлөм системаларынын операторлоруна жана алардын кызмат адамдарына карата талаптар белгиленген.  

 

2. Төлөм уюму жана төлөм системасынын оператору акционердик коомдун же жоопкерчилиги чектелген коомдун уюштуруу-укуктук формасында түзүлөт, алар өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына дал келген уюштуруу документтеринин негизинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Улуттук банктын лицензиясынын негизинде жүзөгө ашырат.  

 

2-1. Төлөм системасынын оператору өз ишин бир гана төлөм уюмунун иши менен айкалыштыра алат. 

Төлөм уюму өз ишин бир гана төлөм системасынын операторунун иши менен айкалыштыра алат. 

Төлөм системасынын оператору/ төлөм уюму лицензияда көрсөтүлгөн иштердин түрүн гана жүзөгө ашырууга, ошондой эле консультациялык/маалыматтык кызмат көрсөтүүгө жана анын негизги иши менен коштолгон же негизги ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка ишти Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-2-(ПС) токтому менен бекитилген «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобонун 7 жана 29-пунктуларына ылайык жүзөгө ашырууга укуктуу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы № 2021-П-14/34-4-(ПС), № 2022-жылдын 27-апрелиндеги № 2022-П-14/27-3-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

 

3. Улуттук банк тарабынан берилүүчү лицензия мөөнөтсүз, ажыратып алынгыс болуп саналат жана аны үчүнчү жактарга берүүгө болбойт.  

 

4. Төлөм уюмунун жана төлөм системасынын операторунун лицензиясы үчүн төлөнүүчү мамлекеттик алымдын өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.  

 

5. Лицензиаттар тиешелүү ыйгарым укуктуу башкаруу органы чечим кабыл алган күндөн тартып 15 (он беш) жумуш күнү ичинде Улуттук банкка төмөнкүлөр тууралуу билдирүүгө милдеттүү:  

- уставдык капиталынын өлчөмү өзгөргөндүгү

- жоюу же кайра өзгөртүп түзүү

- башкаруунун аткаруу, байкоо органдарынын курамынын өзгөргөндүгү (директорлор кеңешинин - болгон учурда); 

- уюмдун юридикалык жана/же айкын даректеринин өзгөргөндүгү

- областтарда же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары өкүлчүлүктөрдү жана/же филиалдарды ачуу. 

Лицензиаттар Улуттук банкка уюштуруучулардын (акционерлердин/катышуучулардын) курамы жана/же алардын уюмдагы акцияларынын/үлүштөрүнүн өлчөмү кандай гана болбосун ыкма менен сатып алынгандыгына/сатылгандыгына/өткөрүлүп берилгендигине байланыштуу өзгөргөндүгү, ошондой эле уюмдун уюштуруучуларынын (акционерлеринин/катышуучуларынын) акцияларын/үлүштөрүн үчүнчү жактарга ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүүсү жөнүндө билдирүүгө тийиш. Билдирүү Улуттук банкка уюштуруучулар (акционерлер/катышуучулар) тарабынан тиешелүү чечимдер/келишимдер/макулдашуулар түзүлгөн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка негиздер кабыл алынган күндөн тартып 15 (он беш) жумуш күн ичинде жөнөтүлүүгө тийиш. 

Билдирүүлөр лицензиат тарабынан күбөлөндүрүлгөн ыйгарым укуктуу башкаруу органдарынын тиешелүү чечимдеринин көчүрмөлөрүн (же болбосо мындай чечимдерден алынган көчүрмөлөрдүн түп нускаларын) жана башка тастыктоочу документтерди, анын ичинде ушул Жободо каралган документтерди тиркөө менен жазуу жүзүндө жөнөтүлүүгө тийиш. 

Улуттук банк кабыл алынган өзгөрүүлөргө тиешелүү кошумча документтерди/маалыматтарды талап кылууга укуктуу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы №2021-П-14/34-4-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

6. Ушул жобонун талаптары бузулган учурда Улуттук банк төлөм уюмуна/төлөм системасынын операторуна жана алардын кызмат адамдарына карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.  

 

2-глава. Терминдер жана аныктамалар  

7. Ушул жобонун алкагында төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат:  

Өтүнүч ээси - ушул жобого ылайык төлөм уюмунун жана/же төлөм системасынын операторунун ишин жүзөгө ашыруу укугуна лицензия алуу өтүнүчү менен Улуттук банкка кайрылган акционердик коом/жоопкерчилиги чектелген коом.  

Лицензиат - Улуттук банктан тиешелүү ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензия алган төлөм уюму жана/же төлөм системасынын оператору.  

Кызмат адамдары - башкаруунун байкоо органынын (директорлор кеңеши, болгон учурда), башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрү (жетекчи/техникалык директор, башкы бухгалтер) жана/же төлөм уюмунун жана/же төлөм системасынын операторунун күндөлүк ишин жетектеген, өз функционалдык милдеттери боюнча аларга теңдештирилген адамдар.  

Төлөм уюмдары жана/же төлөм системаларынын операторлору менен байланыштуу жактар:  

1) төлөм уюмунун жана/же төлөм системасынын операторунун кызмат адамдары жана алардын жакын туугандары; 

2) төлөм уюмунун жана/же төлөм системасынын операторунун капиталында тике же кыйыр түрдө олуттуу катышкан жана/же контролдукту жүзөгө ашырган башка юридикалык жактар же жеке адамдар;  

3) ушул аныктаманын 2-пунктчасында көрсөтүлгөн юридикалык жактардын башкаруу боюнча байкоо жана аткаруу органдарынын мүчөлөрү жана алардын жакын туугандары; 

4) ушул аныктаманын 2-пунктчасында көрсөтүлгөн жеке адамдардын жакын туугандары;  

5) ушул аныктаманын 2-пунктчасында көрсөтүлгөн жактар аларда олуттуу катышуучудан болгон жана/же контролдукту жүзөгө ашырган башка юридикалык жактар.  

«Кынтыксыз кызматтык аброй» түшүнүгүнүн критерийлери Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 108-беренесинде көрсөтүлгөн маанилерде түшүнүлөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы №2021-П-14/34-4-(ПС), № 2022-жылдын 27-апрелиндеги № 2022-П-14/27-3-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

 

 

3-глава. Уставдык капитал  

8. Төлөм уюмунун жана төлөм системасынын операторунун уставдык капиталы акционерлердин (уюштуруучулардын)/катышуучулардын коммерциялык банктагы банктык эсебине салынган акча каражаттардын эсебинен улуттук валютада гана түзүлөт.  

Уставдык капиталды негизги каражаттардын жана материалдык эмес активдердин эсебинен түзүүгө тыюу салынат. Улуттук банк тарабынан лицензия берүү/берүүдөн баш тартуу чечими кабыл алганга чейин уставдык капиталды түзүү максатында салынган акча каражаттарды колдонууга тыюу салынат.  

 

9. Төлөм уюмунун жана төлөм системасынын операторунун капиталынын негизин толугу менен төлөнгөн уставдык капитал түзөт. Капиталдын курамына, ал боюнча төлөм уюму же төлөм системасынын оператору каражаттарды кайтаруу боюнча милдеттенмелерге ээ эмес уставдык капитал гана кирет.  

 

10. Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү төмөнкүлөрдү түзүүгө тийиш:  

- төлөм уюму үчүн кеминде 2000000 (эки миллион) сом.  

- төлөм системасынын оператору үчүн кеминде 1 000000 (бир миллион) сом.  

Эгерде өтүнүч ээси эки лицензия үчүн документтерди тапшырса/лицензиат төлөм уюмунун жана төлөм системасынын операторунун ишин айкалыштырса, анда бул уюмдун уставдык капиталы кеминде 3 000 000 (үч миллион) сомду түзүүгө тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы №2021-П-14/34-4-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

11. Өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар/кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактар - товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар-резидент эместердин пайдасына кабыл алуу жана жүргүзүү кызматтарын сунуштоо ишин жүзөгө ашырууда, ушул сунуштоочулар менен тике келишимдер болгон/техникалык платформалар интеграцияланган жана чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөр боюнча финансылык өз ара эсептешүүлөр жүзөгө ашырылган учурда, төлөм уюмунун уставдык капиталы кеминде 10 000 000 (он миллион) сом өлчөмүндө болууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы №2021-П-14/34-4-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

12. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча Улуттук банктагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Бирдиктүү казына эсебине чегерилүүгө тийиш болгон, төлөөчүлөрдүн салыктарын, жыйымдарын жана төлөмдөрүн төлөө боюнча акча каражаттарын кабыл алууда, салыктарды, жыйымдарды жана төлөмдөрдү төлөөнү тескөөгө алган мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тике келишимдер болгон учурда, төлөм уюму кеминде 10 000 000 (он миллион) сом өлчөмүндө уставдык капиталга ээ болууга тийиш.  

Ушул пункттун талабы коммерциялык банк менен агенттик макулдашуунун/келишимдин негизинде төлөөчүлөрдөн салыктарды, жыйымдарды жана төлөмдөрдү төлөө боюнча акча каражаттарын кабыл алууну жүзөгө ашырган жана банктын атынан кызмат көрсөткөн төлөм уюмдарына таркатылбайт

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы №2021-П-14/34-4-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

13. Эгерде төлөм системасынын операторунун төлөм системасы Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы №38/4 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүк (оверсайт) боюнча саясатында белгиленген маанилүүлүк критерийлерине ылайык, системалуу мааниге ээ/маанилүү төлөм системасы катары же төлөм уюму/төлөм системасынын оператору 12 (он эки) жана андан ашык айдын жыйынтыгы боюнча орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдери катары таанылса, анда уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү төлөм системасынын маанилүүлүк деңгээлине жараша төмөнкү өлчөмдөрдө белгиленет: 

1) кеминде 200 000 000 (эки жүз миллион) сом, эгерде төлөм системасы системалуу мааниге ээ болуп таанылса; 

2) кеминде 30 000 000 (отуз миллион) сом, эгерде төлөм системасы маанилүү болуп таанылса; 

3) кеминде 20 000 000 (жыйырма миллион) сом, эгерде төлөм уюму жана/же төлөм системасынын оператору орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдери катары таанылса. 

Төлөм уюму же төлөм системасынын оператору Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитетинин чечими тууралуу лицензиатка билдирилген күндөн тартып 6 (алты) ай ичинде Жобонун ушул пунктунда көрсөтүлгөн өлчөмдө уставдык капиталды көбөйтүү тууралуу чечим кабыл алууга жана банкка акча каражаттарын салууга тийиш. Акча каражаттары белгиленген мөөнөттө салынбаган учурда Улуттук банк тиешелүү ченемдик укуктук актыларга ылайык таасир этүү чараларын колдонот. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы №2021-П-14/34-4-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

13-1. Уставдык капиталдын өлчөмүн өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурда, төлөм уюму/төлөм системасынын оператору чечим кабыл алынган күндөн тартып 15 (он беш) жумуш күндүн ичинде Улуттук банкка төмөнкү документтерди берүүгө тийиш

1) лицензиат тарабынан күбөлөндүрүлгөн, ыйгарым укуктуу башкаруу органынын тиешелүү чечиминин көчүрмөсүн (же болбосо мындай чечимден алынган көчүрмөнүн түп нускасын); 

2) уюштуруучулардын (акционерлердин/катышуучулардын) уставдык капиталды көбөйтүүгө багытталган акча каражаттарын алуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтарды, тастыктаган документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө менен. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы №2021-П-14/34-4-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

 

4-глава. Өтүнүч ээлеринин/лицензиаттардын акционерлерине (уюштуруучуларына)/катышуучуларына карата талаптар  

14. Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун акционерлеринен (уюштуруучуларынан)/катышуучуларынан болуп жеке адамдар жана юридикалык жактар, Кыргыз Республикасынын резиденттери/резидент эместери болушу мүмкүн.  

Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун акционерлери (уюштуруучулары)/катышуучулары тууралуу маалымат ушул жобонун 3 жана 4-тиркемелеринин формасы боюнча анкеталарда сунушталууга тийиш. Эгерде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун акционерлеринин (уюштуруучуларынын)/катышуучуларынын бири катары чыкса, бул талап ага карата жайылтылбайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын № 2022-жылдын 27-апрелиндеги № 2022-П-14/27-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

15. Төмөнкү жактар төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун акционери (уюштуруучусу)/катышуучусу боло алышпайт:  

1) тизмеги Улуттук банк тарабынан аныкталган оффшордук аймактарда жашаган жана/же каттоодон өткөн же болбосо катышуучусу катары оффшордук аймактарда каттоодон өткөн аффилирленген жактарга ээ жеке адамдар жана юридикалык жактар;  

2) аларга карата көрсөтүлгөн жактар менен укуктук мамиле түзүүгө тыюу салынган жана ал Кыргыз Республикасы тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон, БУУнун Коопсуздук кеңеши тарабынан эл аралык санкциялар кабыл алынган жеке адамдар жана юридикалык жактар, ошондой эле аларга карата БУУнун Коопсуздук кеңеши тарабынан эл аралык санкциялар кабыл алынган мамлекеттерде каттоодон өткөн жеке адамдар жана юридикалык жактар;  

3) Улуттук банкка белгиленген тартипте өз иши, финансылык абалы, катышуучуларынын курамы жөнүндө маалыматтарды жана бенефициардык менчик ээлерин кошо алганда, юридикалык жактын катышуучуларын так идентификациялоого жана алар боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берген кандай болбосун башка маалыматтарды/документтерди сунуштабаган, же болбосо бенефициардык менчик ээлерин кошо алганда, юридикалык жактын катышуучуларын так идентификациялоого жана алар боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк бербеген маалыматтарды сунуштаган жеке адамдар жана юридикалык жактар, ошондой эле алар өз кынтыксыз ишкердик аброюн тастыктабаган учурларда;  

 

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же болбосо чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык соттун чечими боюнча тыюу салуулар же чектөөлөр каралган жеке адамдар жана юридикалык жактар;  

 

5) Улуттук банк тарабынан белгиленген тартипте төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун уставдык капиталында үлүштү сатып алууга багытталган акча каражаттардын келип чыгуу булагынын мыйзамдуулугун тастыктабаган жеке адамдар жана юридикалык жактар.  

 

15-1. Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун уюштуруучуларынын (акционерлеринин/катышуучуларынын) курамы өзгөргөн учурда, алар жөнүндө маалымат Улуттук банкка уюштуруучулар (акционерлер/катышуучулар) тарабынан тиешелүү чечимдер чыгарылган/келишимдер/макулдашуулар түзүлгөн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка негиздер кабыл алынган күндөн тартып 15 (он беш) жумуш күн ичинде ушул Жобого карата 3 жана 4-тиркемелердин формасы боюнча анкета түрүндө сунушталууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы №2021-П-14/34-4-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

 

5-глава. Улуттук банкка сунушталуучу документтерге карата талаптар  

16. Өтүнүч ээсинин документтери (документтин түп нускасы жана/же анын талапка ылайык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү) Улуттук банкка анын жайгашкан жери боюнча тапшырылат:  

- Улуттук банктын борбордук аппаратына - Бишкек шаарында жана Чүй областында каттоодон өткөн өтүнүч ээлери тарабынан;  

- Улуттук банктын областтык башкармалыктарына Чүй жана Баткен областтарынан тышкары, Кыргыз Республикасынын областтарында каттоодон өткөн жана жайгашкан өтүнүч ээлери тарабынан;- Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгүнө Баткен областында каттоодон өткөн жана жайгашкан өтүнүч ээлери тарабынан. 

Чет өлкөлүк уюштуруучулар (акционерлер/катышуучулар) тарабынан берилген документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте легалдаштырылууга же апостилденүүгө тийиш. Чет тилде сунушталган документтер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилине жана/же расмий тилге которулуп, талапка ылайык күбөлөндүрүлгөн документти камтууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы №2021-П-14/34-4-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

17. Ушул Жобого ылайык Улуттук банкка сунушталган жана бирден ашык барактан турган бардык документтердин ар бир барагында маалымат чагылдырылууга, көктөлүүгө, номер коюлууга, жетекчинин кол тамгасы коюлуп, өтүнүч ээсинин/лицензиаттын мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Улуттук банктын талабы боюнча айрым документтер электрондук формада сунушталышы мүмкүн. 

Ушул Жобого ылайык Улуттук банкка сунушталуучу документтердин көчүрмөлөрү, эгерде ушул Жобонун өзүнчө пункттарында сунушталуучу документтердин көчүрмөлөрүн күбөлөндүрүүнүн башка тартиби белгиленбесе, өтүнүч ээсинин/лицензиаттын жетекчисинин/башка ыйгарым укуктуу адамынын кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы №2021-П-14/34-4-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

17-1. Ушул Жободо каралган документтерди берүү менен бирге, өтүнүч ээси, төлөм уюмдары/төлөм системасынын операторлору, жеке адамдар жана юридикалык жактар Улуттук банкка жеке маалыматтары бериле турган адамдар боюнча ушул Жобонун 8-тиркемесине ылайык жеке маалыматтарды топтоого жана иштеп чыгууга макулдук берүүгө тийиш. Жогоруда көрсөтүлгөн макулдукту бербөө берилген документтерди кароодон, анын ичинде төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун кызмат адамдарын кароодон баш тартуу үчүн негиз болуп саналат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы №2021-П-14/34-4-(ПС), № 2022-жылдын 27-апрелиндеги № 2022-П-14/27-3-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

 

18. Лицензия алууга өтүнүч кат менен документтер кайтарылып алынса же болбосо лицензия берүүдөн баш тартылса же мурда берилген лицензия кайтарылып алынса, ушул жобонун алкагында Улуттук банкка сунушталган документтер жана алардын көчүрмөлөрү өтүнүч ээсине/лицензиатка кайтарылбайт.  

2-БӨЛҮК. ЛИЦЕНЗИЯЛОО ТАРТИБИ  

6-глава. Лицензия алуу үчүн зарыл документтер  

19. Өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу кабыл алуу жана өткөрүү боюнча кызматтарды сунуштоо ишин жүзөгө ашырууга лицензия алуу үчүн өтүнүч ээси Улуттук банкка төмөнкү документтерди бир нускада мамлекеттик же расмий тилдерде сунуштайт: 

1) ушул Жобого карата 1-тиркемеде белгиленген форма боюнча түзүлгөн, өтүнүч ээсинин жетекчисинин кол тамгасы коюлган лицензия берүү жөнүндө өтүнүч кат; 

2) уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү: өтүнүч ээсинин жетекчисинин/башка ыйгарым укуктуу адамынын кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн устав жана уюштуруу келишими (бирден көп уюштуруучу (акционер/катышуучу) болгон учурда)), ошондой эле мамлекеттик каттоодон/кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн, юридикалык жакты түзүү, уставдык капиталдын өлчөмү, байкоо (болгон учурда) жана башкаруунун аткаруу органдарын шайлоо жөнүндө чечимдин көчүрмөлөрү

3) акционерлер (уюштуруучулар)/катышуучу-юридикалык жактардын документтеринин көчүрмөлөрү: юридикалык жактын жетекчисинин/башка ыйгарым укуктуу адамынын кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтеринин, мамлекеттик каттоодон өткөндүгү/кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн, ошондой эле акыркы отчеттук күнгө карата түзүлүп, салык органына тапшырылган финансылык отчеттун көчүрмөлөрү

4) тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрүн кошо тиркөө менен уюштуруучулардын (акционерлердин/катышуучулардын) уставдык капитал түзүүгө багытталган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтар;  

5) ушул Жобого карата 2, 3 жана 4-тиркемелерге ылайык толтурулган жана башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрү жана уюштуруучулары (акционерлери /катышуучулары) тарабынан кол коюлган анкеталар же болбосо анкеталардын түп нускасын кийин жөнөтүү менен анын сканерден өткөрүлгөн көчүрмөлөрү, мында төмөнкүлөр тиркелет; 

- ушул Жобонун 3-бөлүгүнө ылайык, өтүнүч ээсинин кызмат адамдарынын белгиленген талаптарга шайкештигин тастыктоочу документтер;  

- ушул Жобонун 40-пунктунда кызмат адамдары үчүн каралган документтер; 

6) өтүнүч ээсинин аффилирленген жана байланыштуу жактары жөнүндө маалымат (жеке адамдын аты-жөнү, юридикалык жактын аталышы, уюштуруу жана башка тастыктоочу документтер); 

7) кеминде төмөнкүлөр камтылган бизнес-план: 

- операцияларды ишке ашырууда алдыга коюлган максаттарды аныктоо; 

- кеминде 3 (үч) жылга мындай операцияларды ишке ашыруудан күтүлгөн экономикалык натыйжаларды болжолдуу эсептөөлөр; 

8) товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын пайдасына калктан жана өз агенттеринен түшкөн акча каражаттарын сактоо жана пайдалануу максатында банкта эсептешүү эсебин ачууга түзүлгөн келишимдин, ошондой эле өтүнүч ээсинин чарба иши үчүн өзүнчө эсептин көчүрмөсү

9) коммерциялык банк/төлөм уюму менен техникалык платформаларды колдонууга киргизүү жана чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөр боюнча финансылык өз ара эсептешүүнү жүргүзүү чөйрөсүндө алдын ала түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү (өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактар-Кыргыз Республикасынын резидент эместеринин пайдасына кабыл алуу жана өткөрүү боюнча кызматтарды сунуштай турган өтүнүч ээси үчүн); 

10) ушул жобонун 10 же 11 жана 12-пункттарына ылайык (кызмат көрсөтүүлөргө жараша) уставдык капитал катары акча каражаттар салынгандыгын тастыктаган документ; 

11) өтүнүч ээсинин аларда төмөнкүлөр каралган ички документтеринин көчүрмөлөрү, төлөм уюмунун иштөө эрежелери: 

- агенттерди/субагенттерди, аралыкта орнотулуучу жабдууларды туташтыруу тартиби; 

- инкассациялоо тартиби; 

- кемчиликтер боюнча иш алып баруу тартиби; 

- кардарларга акча каражаттарын кайтаруу тартиби; 

- агенттер/субагенттер жана төлөм терминалдары аркылуу өтүүчү акча каражаттардын жылуу тартиби; 

- штаттан тышкаркы жагдайлар келип чыккан учурда иш алып баруу тартиби; 

- кардарларды террористтик жана экстремисттик ишке же массалык жок кылуу куралдарын таркатууга катыштыгы бар катары таанылган адамдардын эл аралык жана улуттук тизмеги боюнча текшерүү жагында жөнөтүүчүлөрдүн жана алуучулардын маалым каттарын тескөө механизмдерин кылдат чагылдыруу; 

- тараптардын жана алардын катышуучуларынын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги. 

Документтер көктөлүп, номер коюлуп жана ага жетекчинин жана/же ыйгарым укуктуу адамдын кол тамгасы коюлуп, мөөрү менен тастыкталууга тийиш; 

12) өтүнүч ээсинин атынан анын өкүлү ишеним каттын негизинде иш алып барган учурда, лицензияны алууга анын өкүлүнө берилген, жетекчисинин же болбосо уюштуруу документтерине ылайык ыйгарым укуктуу башка адамдын кол тамгасы жана ошол уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн ишеним кат; 

13) Кыргыз Республикасынын резиденти/резидент эмеси болуп саналган жеке адамдын-өтүнүч ээсинин (акционердин/катышуучунун) уюштуруучусунун төмөнкү документтеринин көчүрмөлөрү

- паспортунун көчүрмөсү (резидент ID-паспортунун көчүрмөсүн, резидент эмес чет мамлекеттин жараны паспортунун көчүрмөсүн); 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган формада документтерди сунуштоо күнүнө карата кирешелер, социалдык чегерүүлөр жөнүндө декларациянын көчүрмөсү; резидент эмес-жеке адам ал жараны болуп саналган өлкөнүн мыйзамдарына ылайык ушул сыяктуу документтерди сунуштоосу зарыл, ошондой эле салык боюнча карызы жок экендиги жөнүндө документ;  

- тастыктоочу документтерди жана кредиттик карызы жок экендиги жөнүндө документтерди кошо тиркөө менен уставдык капитал түзүүгө багытталган уюштуруучунун (акционердин/катышуучунун) акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтар (банктан жыйымдары жөнүндө маалым кат, иштеген жеринен кирешеси жөнүндө маалым кат; дивиденддер жөнүндө маалым кат же киреше алуусун жана уставдык капиталды түзүүгөөбөйтүүгө, акцияларды сатып алууга же үлүшкө катышууга багытталуучу каражаттар бар экендигин тастыктаган башка документтер); 

14) аппараттык-программалык комплексти орнотуу жана өндүрүштүк колдонууга киргизүү актысы. 

Эгерде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун акционерлеринин (уюштуруучуларынын)/катышуучуларынын бири катары чыкса, ушул пунктунун 2, 3, 4, 5, 6, 13-пунктчаларынын талаптары ага карата жайылтылбайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы №2021-П-14/34-4-(ПС), № 2022-жылдын 27-апрелиндеги № 2022-П-14/27-3-(ПС) токтомдорунун редакцияларынаылайык) 

 

19-1. Үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу (процессинг, клиринг) жана төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына берүү кызматтарын сунуштоо ишин жүзөгө ашырууга лицензия алуу үчүн өтүнүч ээси Улуттук банкка төмөнкү документтерди бир нускада мамлекеттик же расмий тилдерде сунуштайт: 

1) ушул Жобого карата 1-тиркемеде белгиленген форма боюнча түзүлгөн, өтүнүч ээсинин жетекчисинин кол тамгасы коюлган лицензия берүү жөнүндө өтүнүч кат; 

2) уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү: өтүнүч ээсинин жетекчисинин/башка ыйгарым укуктуу адамынын кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн устав жана уюштуруу келишими (бирден көп уюштуруучу (акционер/катышуучу) болгон учурда)), ошондой эле мамлекеттик каттоодон/кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн, юридикалык жакты түзүү, уставдык капиталдын өлчөмү, байкоо (болгон учурда) жана башкаруунун аткаруу органдарын шайлоо жөнүндө чечимдин көчүрмөлөрү

3) акционерлер (уюштуруучулар)/катышуучу-юридикалык жактардын документтеринин көчүрмөлөрү: юридикалык жактын жетекчисинин/башка ыйгарым укуктуу адамынын кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтеринин, мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн, ошондой эле акыркы отчеттук күнгө карата түзүлүп, салык органына тапшырылган финансылык отчеттун көчүрмөлөрү

4) тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрүн кошо тиркөө менен уюштуруучулардын (акционерлердин/катышуучулардын) уставдык капитал түзүүгө багытталган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтар;  

5) ушул Жобого карата 2, 3 жана 4-тиркемелерге ылайык толтурулган жана башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрү жана уюштуруучулары (акционерлери /катышуучулары) тарабынан кол коюлган анкеталар же болбосо анкеталардын түп нускасын кийин жөнөтүү менен анын сканерден өткөрүлгөн көчүрмөлөрү, мында төмөнкүлөр тиркелет; 

- ушул Жобонун 3-бөлүгүнө ылайык, өтүнүч ээсинин кызмат адамдарынын белгиленген талаптарга шайкештигин тастыктоочу документтер;  

- ушул Жобонун 40-пунктунда кызмат адамдары үчүн каралган документтер; 

6) өтүнүч ээсинин аффилирленген жана байланыштуу жактары жөнүндө маалымат (жеке адамдын аты-жөнү, юридикалык жактын аталышы, уюштуруу жана башка тастыктоочу документтер); 

7) кеминде төмөнкүлөр камтылган бизнес-план: 

- операцияларды ишке ашырууда алдыга коюлган максаттарды аныктоо; 

- иштөө технологиясы жана шифрлөө алгоритми; 

- кеминде 3 (үч) жылга мындай операцияларды ишке ашыруудан күтүлгөн экономикалык натыйжаларды болжолдуу эсептөөлөр; 

8) чарбалык иш каражаттарын сактоо жана пайдалануу үчүн коммерциялык банкта эсептешүү эсебин ачууга түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү

9) ушул жобонун 10-пунктуна ылайык уставдык капитал катары акча каражаттар салынгандыгын тастыктаган документ; 

10) кеминде төмөнкүлөр камтылган төлөм системасында финансылык мониторинг жүргүзүү тартибин жөнгө салган ички документтердин көчүрмөсү

- финансылык мониторинг максаты жана милдеттери; 

- финансылык мониторинг жүргүзүү принциптери; 

- мониторинг системасын түзүүчү элементтердин топтому; 

- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контролдоо эрежелери. 

11) төлөм системасынын иштөө эрежелеринин көчүрмөсү, алар кеминде төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: 

- төлөм системасынын архитектурасын жана анын иш схемасын кеңири чагылдыруу; 

- төлөм системасына кирүү жана андан чыгуу тартиби, шарттары жана жол-жоболору; 

- катышуучуну төлөм системасына туташтыруу тартиби; 

- процессинг жана акыркы эсептешүүнү жүргүзүү тартиби; 

- жаңылыш төлөмдөрдү жокко чыгаруу жана кайтаруу тартиби; 

- кемчиликтер боюнча иштерди жүргүзүү тартиби; 

- төлөм системасынын катышуулары тарабынан өз иши жөнүндө маалыматтарды төлөм системасынын операторуна берүү тартиби; 

- тобокелдиктерди тескөө боюнча колдонулган моделди кошо алганда, төлөм системасында тобокелдиктерди тескөө системасы, тобокелдиктерди тескөө иш-чараларынын жана ыкмаларынын тизмеги, ички контролдук системасын жана ички аудит кызматынын иши, эгерде болгон болсо; 

- маалыматты коргоо талаптары; 

- талаш маселелерди чечүү тартиби; 

- системада штаттан тышкаркы жагдай келип чыккан шартта, катышуучулардын иш алып баруу тартиби; 

- төлөм системасынын операторунун жана катышуучулардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери; 

- кардарларды террористтик жана экстремисттик ишке же массалык жок кылуу куралдарын таркатууга катыштыгы бар катары таанылган адамдардын эл аралык жана улуттук тизмеги боюнча текшерүү жагында жөнөтүүчүлөрдүн жана алуучулардын маалым каттарын тескөө механизмдерин кылдат чагылдыруу. 

Төлөм системасынын иштөө эрежелери көктөлүп, номер коюлуп жана ага жетекчинин/ыйгарым укуктуу адамдын кол тамгасы коюлуп, өтүнүч ээсинин мөөрү менен тастыкталууга тийиш; 

12) аппараттык-программалык комплексти (мындан ары АПК) орнотуу жана өндүрүштүк колдонууга киргизүү актысы; 

13) кеминде төмөнкүлөр камтылган АПКнын автоматташтырылган маалымат системаларынын жана компоненттеринин паспорттору: 

- жалпы мүнөздөмө (багыты, колдонууга киргизүү күнү ж.б.); 

- системанын конфигурациясын (аппараттык бөлүгү, программалык камсыздоо/системалык, прикладдык/маалымат базасын башкаруу системалары, диск бөлүктөрүнүн көлөмү, резервдик көчүрмөлөө картасы ж.б.); 

- системаны калыбына келтирүү регламентин кошо алганда, системаны колдонууга киргизүүдө колдонулуучу ченемдик документтердин тизмеги (жоболор, регламенттер ж.б.); 

- жабдуунун жана окшош системалардын өз ара иштөө схемасы (топология); 

14) өтүнүч ээсинин АПК орнотулган жайга менчик же ижара укугу белгиленген документтин көчүрмөсү. АПК жайгаштырылуучу менчик же ижарага алынган жай Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-2-(ПС) токтому менен бекитилген «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобого ылайык техникалык жактан чыңдоо жана жабдуу талаптарына жооп берүүгө тийиш. Эгерде төлөм системасынын оператору АПКны жайгаштыруу үчүн: 

- менчик жайын колдонсо, ошол жайга менчик укугун тастыктаган документтерди сунуштоого тийиш; 

- жай ижарага алынса, жайдын техникалык мүнөздөмөсүн көрсөтүү менен ижара келишимин сунуштоо зарыл. Ижара келишими 1 (бир) жылдан кем эмес мөөнөткө түзүлүүгө тийиш; 

- жай субижарага алынса, субижара келишимине карата жайды субижарага берүү укугу жана мөөнөтү көрсөтүлгөн, ижарачы менен ижарага берүү ортосунда түзүлгөн ижара келишими (негизги келишим) тиркелүүгө тийиш; 

15) лицензияланган уюмдун программалык камсыздоосу менен ачык интерфейс (API) колдоого алынгандыгын тастыктаган документтин көчүрмөсү жана Улуттук банк тарабынан операциялык шайкештикти жана системалар ортосунда өз ара иш алып барууну камсыз кылуу үчүн аныкталган бирдиктүү эсептешүү борборуна (болгон болсо) аралашуу мүмкүнчүлүгү/аралашуусу; 

16) электрондук акчанын эсебин жүргүзүү боюнча эсептешүү эсебин ачуу тууралуу коммерциялык банк менен алдын ала түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү (процессинг жана электрондук акчаларды жайылтуу боюнча кызматтарды сунуштоону пландаштырган өтүнүч ээси үчүн); 

17) электрондук акча эмитенти менен электрондук акча чыгарууга/жайылтууга алдын ала түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү (процессинг жана электрондук акчаларды жайылтуу боюнча кызматтарды сунуштоону пландаштырган өтүнүч ээси үчүн); 

18) өтүнүч ээсинин атынан анын өкүлү ишеним каттын негизинде иш алып барган учурда, лицензияны алууга анын өкүлүнө берилген, жетекчисинин же болбосо уюштуруу документтерине ылайык ыйгарым укуктуу башка адамдын кол тамгасы жана ошол уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн ишеним кат; 

19) резидент/резидент эмес уюштуруучунун (акционеринин/катышуучу) жеке адамдын төмөнкү документтеринин көчүрмөлөрү

- паспортунун көчүрмөсү (резидент ID-паспортунун көчүрмөсүн, резидент эмес чет мамлекеттин жараны паспортунун көчүрмөсүн); 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган формада документтерди сунуштоо күнүнө карата кирешелер, социалдык чегерүүлөр жөнүндө декларациянын көчүрмөсү; резидент эмес-жеке адам жараны болуп саналган өлкөсүнүн мыйзамдарына ылайык ушул сыяктуу документтерди сунуштоосу зарыл, ошондой эле салык боюнча карызы жок экендиги жөнүндө документ; 

- тастыктоочу документтерди жана кредиттик карызы жок экендиги жөнүндө документтерди кошо тиркөө менен уставдык капитал түзүүгө багытталган уюштуруучунун (акционердин/катышуучунун) акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтар (банктан жыйымдары жөнүндө маалым кат, иштеген жеринен кирешелери жөнүндө маалым кат; дивиденддер жөнүндө маалым кат же киреше алуусун жана уставдык капиталды түзүүгөөбөйтүүгө, акцияларды сатып алууга же үлүшкө катышууга багытталуучу каражаттар бар экендигин тастыктаган башка документтер). 

Эгерде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун акционерлеринин (уюштуруучуларынын)/катышуучуларынын бири катары чыкса, ушул пунктунун 2, 3, 4, 5, 6, 19-пунктчаларынын талаптары ага карата жайылтылбайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы №2021-П-14/34-4-(ПС), № 2022-жылдын 27-апрелиндеги № 2022-П-14/27-3-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

 

7-глава. Документтерди кароо тартиби  

20. Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун лицензия алуу үчүн документтерин кароо мөөнөтү 30 (отуз) календардык күндү түзөт.  

 

21. Лицензия алуу үчүн документтер топтомун кароо мезгилинде Улуттук банк өтүнүч ээсин алдын ала текшерүүгө укуктуу.  

 

22. Алдын ала текшерүүнүн жүрүшүндө автоматташтырылган системалардын иштөөсү жана өтүнүч ээси сунуштаган документтер ушул жобонун 19 жана 19-1-пункттарынын талаптарына дал келүүсү текшерилет. Өтүнүч ээси алдын ала текшерүү ишин жүргүзүүгө көмөк көрсөтүүгө милдеттүү (жайга кирүү, системадан жана өтүнүч ээсинин документтерин пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берүү, кызматкерлерге консультацияларды берүү ж.б.). Алдын ала текшерүү мөөнөтү 10 (он) жумуш күнүнөн ашпоого тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы №2021-П-14/34-4-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

23. Эгерде документтер ушул жободо белгиленген талаптарга дал келбесе жана/же документтер топтому толук сунушталбаса, өтүнүч ээси кошумча документтерди Улуттук банктын кат жүзүндөгү билдирүүсүн алган күндөн тартып 15 (он беш) жумуш күнү ичинде сунуштоого тийиш. Документтер электрондук почта аркылуу, кийин алардын түп нускасын/түп нускаларын сунуштоо менен жөнөтүлүшү мүмкүн. Мында өтүнүч катты жана документтерди кароо мөөнөтү ушул жобонун талаптарын канааттандырган кошумча документтер (электрондук түрдө/кагаз жүзүндө) алынган күндөн тартып кайрадан башталат.  

 

24. Документтер ушул Жобонун талаптарына дал келбесе же 3 (үчтөн) көп жолу толук эмес көлөмдө же болбосо белгиленген мөөнөттөрдү бузуу менен сунушталган учурда Улуттук банк документтерди кароодон баш тартат жана бул тууралуу кат жүзүндө билдирүү жөнөтөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы №2021-П-14/34-4-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

24-1. Документтерди кароодон расмий түрдө баш тартылган күндөн тартып 6 (алты) ай өткөндөн кийин же болбосо ушул Жобонун 23-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт өткөн күндөн кийин (ошол мөөнөт бузулган шартта) лицензия алуу үчүн өтүнүч катты жана документтерди кайрадан сунуштоого жол берилет. 

Улуттук банк тарабынан документтерди алгачкы кароодо көрсөтүлгөн кемчиликтер жана сын-пикирлер четтетилгенде гана лицензия алуу үчүн өтүнүч катты жана документтерди кайрадан сунуштоого жол берилет. Эгерде документтерди алгачкы кароодо Улуттук банк тарабынан көрсөтүлгөн сын-пикирлер четтетилбесе, Улуттук банкка келип түшкөн күндөн тартып 15 (он беш) жумуш күнү ичинде документтерди иштеп чыгууга кайрадан жөнөтпөстөн, документтерди кароодон баш тартууга укуктуу.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы №2021-П-14/34-4-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

 

8-глава. Лицензия берүү  

25. Лицензия ушул жобонун 1-пунктунда көрсөтүлгөн иштин ар бир түрүнө өз-өзүнчө берилет (ушул жобого карата 6 жана 7-тиркемелер).  

 

26. Лицензия берүү чечими Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитети тарабынан кабыл алынат. Лицензияга төраганын орун басары/Башкарманын мүчөсү - Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитетинин төрагасы кол коёт.  

 

27. Лицензия эки нускада таризделет. Биринчи нускасы өтүнүч кат ээсине тапшырылат, ал эми экинчи нускасы Улуттук банкта сакталат. Лицензияны берүүдө лицензия алууга ыйгарым укуктуу адам лицензияларды берүү журналында лицензияны алгандыгы жөнүндө кол коёт.  

 

28. Лицензия ыйгарым укуктуу адамга ишеним катты жана анын инсандыгын тастыктаган документтерди, ошондой эле лицензия берүүдө төлөнүүчү мамлекеттик алым төлөнгөндүгүн тастыктаган документти көрсөткөндөн кийин берилет. Ыйгарым укуктуу адам лицензия алуу үчүн сунуштаган ишеним кат Улуттук банкта сакталат.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы №2021-П-14/34-4-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

29. Лицензия берүү, кайра тариздөө, дубликатын берүү, токтотуу жана кайтарып алуу жөнүндө маалыматтар Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүндө жүргүзүлгөн реестрге киргизилет.  

 

9-глава. Лицензия берүүдөн баш тартуу үчүн негиз  

30. Улуттук банк төмөндө көрсөтүлгөн кайсы болбосун себептер боюнча лицензия берүүдөн баш тартат:  

1) көрсөтүлгөн иш багытына лицензия алуу үчүн берилген уюштуруу жана башка документтердин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Жободо белгиленген талаптарга ылайык келбесе;  

2) ушул Жобонун 23 жана 24-пункттарына ылайык 3 (үчтөн) көп жолу такталбаган жана/же толук эмес маалыматтар берилсе же маалыматты сунуштоо үчүн белгиленген мөөнөттөрдү бузууга жол берилсе

3) эгерде сын-пикирлер ушул Жобонун 24-1-пунктуна ылайык, кайрадан документтерди берүүдө четтетилбесе; 

4) кызмат адамдарынын ушул Жобонун 3-бөлүгүндө жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келбесе;  

5) уюштуруучулар (акционерлер/катышуучулар) ушул Жобонун 15-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келбесе; 

6) уставдык капиталдын өлчөмү, уставдык капиталдын калыптануу булактары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул Жобонун талаптарына ылайык келбесе;  

7) соттун өтүнүч ээсине иштин бул түрү менен алектенүүгө тыюу салуучу чечими болсо;  

8) алдын ала текшерүүнүн натыйжасында, автоматташтырылган системалардын ишке жөндөмсүздүгү жана/же өтүнүч ээсинин документтери Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын жана ушул Жобонун талаптарына ылайык келбегендиги тастыкталса;  

9) лицензия берилгендиги үчүн мамлекеттик алымды төлөбөсө;  

10) төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун лицензиясы буга чейин Улуттук банк тарабынан кайтарылып алынса. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы №2021-П-14/34-4-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

31. Лицензия берүүдөн баш тартуу чечими Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитети тарабынан кабыл алынат.  

 

 

3-БӨЛҮК. ТӨЛӨМ УЮМДАРЫНЫН ЖАНА ТӨЛӨМ СИСТЕМАЛАРЫНЫН ОПЕРАТОРЛОРУНУН КЫЗМАТ АДАМДАРЫНА КАРАТА ТАЛАПТАР  

 

10-глава. Өтүнүч ээсинин/лицензиаттын башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрүнө карата талаптар  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы №2021-П-14/34-4-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

32. Төлөм уюмунда/төлөм системасынын операторунда талаптагыдай ишти уюштуруу максатында башкарма түрүндө башкаруунун коллегиалдуу аткаруу органы иштөөгө тийиш. 

Башкарманын курамына, кеминде, жетекчи (башкы директор/президент/төрага), техникалык директор, башкы бухгалтер жана/же өз функционалдык милдеттери боюнча аларга теңештирилген, төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун күндөлүк ишин жетектеген, өлкөдө өзгөчө абал/өзгөчө кырдаал киргизилген учурда (Директорлор кеңеши жок учурда) төлөм системасынын натыйжалуу жана үзгүлтүксүз ишин камсыз кылган жана Улуттук банкка көрүлгөн чаралар тууралуу маалымдап турган адамдардын штаттык кызмат орундары кирүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы №2021-П-14/34-4-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

33. Аткаруу органынын мүчөлөрүнүн функционалдык милдеттери так белгиленүүгө тийиш. Кызмат адамы жок учурда анын милдетин жүктөө учурларын эске албаганда, кызматтарды айкалыштырууга жол берилбейт.  

Аткаруу органынын жетекчиси убактылуу жок учурда анын милдетин аткаруу, анын түзүмүндө мындай кызмат орду каралган учурда, анын орун басарына же болбосо техникалык директоруна жүктөлүүгө тийиш. Аткаруу органынын жетекчиси жана техникалык директор убактылуу жок учурда, милдетти аткаруу, түзүмдө мындай кызмат орду каралган учурда анын орун басарына же болбосо башкы бухгалтерге жана/же функционалдык милдеттери боюнча аларга теңдештирилген жакка жүктөлөт.  

 

34. Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун башкаруунун аткаруу органынын жетекчиси жана/же башкаруунун аткаруу органынын курамына кирген, өз функционалдык милдеттери боюнча аларга теңдештирилген адам төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:  

- жогорку билиминин болушу;  

- акыркы 5 (беш) жыл ичинде экономикалык, юридикалык жана/же техникалык чөйрөдө, анын ичинде кеминде 3 (үч) жыл жетектөөчү кызматтарда иш стажы/тажрыйбасы болууга;  

- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча курсту угуу тууралуу документинин (күбөлүктүн) болушу.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы №2021-П-14/34-4-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

35. Техникалык директор жана/же башкаруунун аткаруу органынын курамына кирген, өзүнүн функционалдык милдеттери боюнча ага теӊдештирилген адам төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:  

- орто кесиптик/жогорку техникалык билимге ээ болууга;  

- маалымат технологиялар жагында жана аралаш тармактарда кеминде 3 (үч) жыл, анын ичинде кеминде 1 (бир) жыл жетектөөчү кызматтарда иш стажы/тажрыйбасы болууга;  

- маалымат технологиялары/программалары чөйрөсүндө сертификатка ж.б. ээ болуусу (эгер болсо). 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы №2021-П-14/34-4-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

36. Башкы бухгалтер жана/же башкаруунун аткаруу органынын курамына кирген, өзүнүн функционалдык милдеттери боюнча ага теӊдештирилген адам төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:  

- жогорку экономикалык же бухгалтердик билимге ээ болууга;  

- бухгалтердин позициясында кеминде 3 (үч) жыл, анын ичинде башкы бухгалтер позициясында кеминде 1 (бир) жыл иш стажына/тажрыйбасына ээ болуусу;- сертификаттын көчүрмөсүн тиркөө менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксатына/лицензиясына ээ билим берүү мекемелеринен бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары боюнча билим алгандыгын тастыктаган сертификатка ээ болууга.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы №2021-П-14/34-4-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

37. Башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрүнө карата төмөнкүдөй шарттар белгиленбөөгө тийиш:  

1) бул адамдарга карата соттун чечими боюнча төлөм, банк, финансы системаларында жана/же маалымат системалары/коопсуздук тармагында иштөөгө тыюу салган айыптоо өкүмү чыгарылган болсо;  

2) башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрү мурда Улуттук банк тарабынан лицензияланган уюмда кызмат адамы болуп саналган жана Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитетинин, Көзөмөл боюнча комитетинин чечими же талапкерди төмөнкүлөр катары тааныган Улуттук банктын корутундусу, чечими же башка актылары болгон болсо (Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитетинин чечими, жазма буйруктар, текшерүү жөнүндө отчеттор ж.б.):  

а) анын натыйжасында уюмга (банктык/төлөм жана башка финансы уюмуна) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык операцияларды жүргүзүүгө чектөө жана/же атайы режим киргизилген аракеттерге (аракеттенбей коюуларга) катыштыгы бар болсо;  

б) талапкер буга чейин анда жетектөөчү кызматты ээлеген төлөм уюмунун жана/же төлөм системасынын операторунун лицензиясын токтото турууга же кайтарып алууга таасир берген аракеттерге катыштыгы бар болсо; 

в) алгылыксыз жана\же кооптуу банктык тажрыйба катары классификацияланган аракеттерге катыштыгы бар болсо. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы №2021-П-14/34-4-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

37-1. Төмөндө көрсөтүлгөн фактылар болгон шартта, талапкер төлөм уюмунда жана/же төлөм системасынын операторунда ушул Жобонун 34-36-пункттарында көрсөтүлгөн кызмат орундарын ээлөөгө укугу жок: 

а) ушул Жобонун 37-пунктунун 1-пунктчасында соттолгондугу алынып салынган же жоюлган күндөн тартып 5 (беш) жыл ичинде; 

б) ушул Жобонун 37-пунктунун 2(а) жана 2(в) пунктчаларында Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин жана Төлөм системасы боюнча комитетинин тиешелүү чечими, жазма буйруктары, текшерүү жөнүндө отчеттору ж.б. күчүнө кирген күндөн тартып 3 (үч) жыл ичинде

в) ушул Жобонун 37-пунктунун 2(б) пунктчасында Төлөм системасы боюнча комитеттин лицензияны кайтарып алуу жөнүндө токтому күчүнө кирген күндөн тартып 2 (эки) жыл ичинде; 

г) төлөм уюмунун жана төлөм системасынын операторунун ишин жүргүзүүгө лицензия алуу фактысынан кийин башкаруунун аткаруу органынын мүчөсүнүн соттолгондугу болгон учурда, башкаруунун аткаруу органынын бул мүчөсү алмаштырылууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы №2021-П-14/34-4-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

38. Башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштен бошотулганда/которулганда/бала багуу өргүүсүндө жүргөндө (кош бойлуулук) учурда, төлөм уюму/төлөм системасынын оператору чечим кабыл алынган күндөн тартып 15 (он беш) жумуш күн ичинде тиешелүү чечимдин көчүрмөсүн кошо тиркөө менен Улуттук банкка маалымдоого тийиш. 30 (отуз) календардык күн ичинде кызматкерлердин 25 жана андан көп пайызы иштен бошонгон учурда төлөм уюму/төлөм системасынын оператору бул тууралуу Улуттук банкка маалымдоого тийиш.  

 

38-1. Башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрүн дайындоодо төлөм уюму/төлөм системасынын оператору чечим кабыл алынган күндөн тартып 15 (он беш) жумуш күн ичинде тиешелүү чечимдин көчүрмөсүн, ошондой эле ушул жобонун 40-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди кошо тиркөө менен Улуттук банкка билдирүүгө милдеттүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы №2021-П-14/34-4-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

39. Аткаруу органынын мүчөлөрүнүн Улуттук банктын талаптарына дал келишине жоопкерчилик төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун акционерлерине (уюштуруучуларына)/катышуучуларына же директорлор кеңешине (болгон учурда) жүктөлөт, аларга уюштуруу документтеринин негизинде ушул жобого ылайык аткаруу органынын мүчөлөрүн дайындоого ыйгарым укук чегерилет.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын № 2022-жылдын 27-апрелиндеги № 2022-П-14/27-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

40. Төлөм уюму/төлөм системасынын оператору Улуттук банкка лицензия алуу үчүн ушул Жобонун 19 жана 19-1-пункттарында көрсөтүлгөн документтер менен бирге башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрүнүн, анын ичинде башкаруунун аткаруу органынын кайрадан кабыл алынган жана/же алмаштырылган мүчөлөрүнүн төмөнкү документтерин сунуштоого тийиш:  

1) орто/жогорку билими тууралуу дипломдун көчүрмөсүн;  

2) ушул Жобого ылайык талапкерди кызматка тандоо/дайындоо тууралуу чечим кабыл алган башкаруунун ыйгарым укуктуу органынын тиешелүү чечиминен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн (же болбосо, мындай чечимдин көчүрмөсүнүн түп нускасын), ошондой эле кызматтык иш боюнча нускоого ылайык талапкердин функционалдык милдеттерин көрсөтүү менен эмгек келишиминин көчүрмөсүн;  

3) башкаруунун аткаруу органынын жетекчиси үчүн - террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү тууралуу курсту угуу жөнүндө тиешелүү документ (күбөлүк) (көчүрмөсүн). Улуттук банкка документтерди тапшыруу учуруна карата документ (күбөлүк) алынган мөөнөт аны алган күндөн тарта 2 (эки) жылдан ашпоого тийиш;  

4) талапкер менен мурда иштеген же болбосо аны менен ишкердик мамилеси болгон адамдардан ушул Жобонун 5-тиркемесинин формасы боюнча кеминде бир сунуш-көрсөтмө. Мында, Улуттук банктын кызматчылары/кызматкерлери; жакын туугандар; алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага кирген ишкердикти жүзөгө ашырган катары таанылган адамдар сунуштаган сунуш-көрсөтмөлөрдү тапшырууга жол берилбейт; 

5) эмгек китепчесинин көчүрмөсүн;  

6) ID-паспорттун көчүрмөсүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы №2021-П-14/34-4-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

41. Сунушталган документтер, аткаруу органынын мүчөлөрүнүн белгиленген талаптарга дал келүүсү, анкеталардын ушул жобонун 34-36-пункттарында белгиленген талаптарга ылайык толук берилгендиги, так толтурулушу көз карашынан кароого алынат.  

Анкетада камтылган (2-тиркеме) маалымат өзгөртүлгөн учурда, кызмат адамдар өзгөртүүлөр киргизилгенден кийинки 10 (он) жумуш күнү ичинде жаңы анкетаны тиркөө менен бул тууралуу Улуттук банкка кат жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.  

 

42. Ушул Жобонун 34-36-пункттарында белгиленген төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун кызмат адамдарынын туура келбестигин аныктаган учурда, ошондой эле ушул Жобонун 37 жана 37-1-пункттарында каралган негиздер болгон учурда, Улуттук банк 30 (отуз) календарлык күн ичинде лицензия (лицензияларды) алууга өтүнүч ээсине/төлөм уюмуна/төлөм системасынын операторуна кызмат адамын четтетүүгө же алмаштырууга кат жөнөтөт.  

Сунушталган документтерге карата сын-пикирлер бар учурда Улуттук банк катта көрсөтүлгөн мөөнөттө документтерди иштеп чыгуу же башка документтерди сунуштоо жөнүндө кат жөнөтүүгө укуктуу.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы №2021-П-14/34-4-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

43. Лицензия/лицензияларды алууга өтүнүч ээсинин/төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун кайрылуусунун алкагында сунушталган кызмат адамдарынын документтери, Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитетинин отурумунда лицензия/лицензияларды алууга калган документтер топтому менен бирге каралууда. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы №2021-П-14/34-4-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

44. Эгерде лицензиат лицензия алгандан кийин кызмат адамдарын алмаштырса/четтетсе/иштен бошотсо, анда лицензиат ушул Жобого ылайык жетектөөчү кызмат орундарына талапкерлердин документтерин Улуттук банкка сунуштоого тийиш.  

 

45. Эгерде лицензиат лицензия алгандан кийин ал тууралуу билдирүүсүз жана дайындалуучу кызмат адамы жөнүндө документтерди сунуштоосуз жана ээлеген кызмат ордуна жараша ушул Жобонун 34-36-пункттарынын талаптарына дал келбеген башка кызмат адамдарын дайындаса Улуттук банк ошол төлөм уюму жана/же төлөм системасынын операторуна карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таасир этүү чараларын колдонот.  

 

11-глава. Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө карата талаптар (каралган учурда)  

46. Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун Директорлор кеңеши так эмес сандан, кеминде үч мүчөдөн турууга тийиш.  

Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун Директорлор кеңешинин кеминде бир мүчөсү мамлекеттик жана/же расмий тилди билген Кыргыз Республикасынын жараны болууга тийиш.  

 

47. Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун Директорлор кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү кызмат орундарына талапкерлер төмөнкү минималдуу талаптарга жооп берүүгө тийиш:  

1) жогорку билимге ээ экендиги жөнүндө диплому жана кеминде 3 (үч) жылдык эмгек стажы (тажрыйбасы) болууга, анын ичинен кеминде 2 (эки) жыл жетектөөчү кызматтарды ээлеген; 

2) кынтыксыз ишкердик абройго ээ;  

3) Кыргыз Республикасынын корпоративдик башкаруу жана банктык мыйзамдар чөйрөсүндө билимге ээ;  

4) төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун ишин өнүктүрүү боюнча бизнес-планды жана стратегияны билүүгө;  

5) соттолбогон болууга тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы №2021-П-14/34-4-(ПС), № 2022-жылдын 27-апрелиндеги № 2022-П-14/27-3-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

 

48. Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун Директорлор кеңешинин мүчөлөрү төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун акционерлеринин (уюштуруучуларынын)/катышуучуларынын жалпы жыйынында шайланат. Директорлор кеңешинин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун уставында белгиленет.  

 

49. Төмөнкүлөр төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун Директорлор кеңешинин мүчөсү катары боло албайт:  

1) башка төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун кызмат адамы же олуттуу акционери (уюштуруучусу)/катышуучусу болсо;  

2) ушул Жобонун 47-пунктунда белгиленген талаптарга жооп бербесе;  

3) мыйзамга же соттун чечимине ылайык мындай кызмат орундарын ээлөөгө тыюу салынса.  

 

50. Төлөм уюмунда/төлөм системасынын операторунда банкроттукка учуроо коркунучу келип чыккан учурда Директорлор кеңеши (болгон учурда) төмөнкү чараларды көрүүгө милдеттүү

1) төлөм уюмунда/төлөм системасынын операторунда банкроттукту алдын алуу боюнча ыкчам зарыл чараларды кабыл алуу;  

2) уюштуруучулардын (акционерлердин/катышуучулардын) кезексиз жалпы жыйынын дароо чакыртуу;  

3) Улуттук банкка төлөм уюмунда/төлөм системасынын операторунда банкроттук белгилери келип чыккандыгы, Директорлор кеңешинин акционерлердин кезексиз жалпы жыйынын дароо чакыртуу маселесин кароо жыйынтыгы, ошондой эле төлөм уюмунда/төлөм системасынын операторунда банкроттукту жана үзгүлтүккө учуроону алдын алуу боюнча зарыл чаралар кабыл алынгандыгы жана пландаштырылып жаткандыгы жөнүндө тез арада маалымдоо; 

4) өлкөдө өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал киргизилген учурда, төлөм системасынын натыйжалуу жана үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуу боюнча чечимдерди кабыл алат жана көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө Улуттук банкка маалымдайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы №2021-П-14/34-4-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

51. Директорлор кеңеши (болгон болсо) жөнүндө маалымат анкеталарда ушул Жобонун 3 жана 4-тиркемелерине ылайык сунушталууга тийиш.  

 

 

4-БӨЛҮК. ЛИЦЕНЗИЯНЫ КАЙРА ТАРИЗДӨӨ, ДУБЛИКАТЫН БЕРҮҮ ЖАНА ЛИЦЕНЗИЯНЫН АРАКЕТИН ТОКТОТУУ ТАРТИБИ  

Лицензияны кайра тариздөө  

52. Төмөнкүлөр лицензияны кайра тариздөө үчүн негиз болуп саналат:  

- юридикалык жакты кайра өзгөртүп түзүү;  

- юридикалык жактын аталышын өзгөртүү;  

- юридикалык жактын жайгашкан жерин өзгөртүү, ошондой эле төлөм уюму жана/же төлөм системасынын оператору жайгашкан калктуу пункттун аталышынын өзгөрүшү.  

 

53. Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун жайгашкан жери ошол эле калктуу пункттун ичинде өзгөргөн учурда, анын лицензиясын кайра тариздөө талап кылынбайт. Лицензиат юридикалык дареги өзгөргөн күндөн тартып Улуттук банкка жана төлөм системасынын бардык катышуучуларына, ошондой эле алар менен келишим түзүлгөн товарларды/кызматтарды сунуштоочуларга бул тууралуу маалымдоого тийиш.  

 

54. Лицензияны кайра тариздөө үчүн негиздер келип чыккан шартта, лицензиат Улуттук банкка өтүнүч кат менен кайрылууга милдеттүү.  

 

55. Лицензияны кайра тариздөө үчүн негиздер жана жаңы маалыматтар көрсөтүлгөн, лицензияны кайра тариздөө жөнүндө өтүнүч кат лицензиат тарабынан кайра тариздөө негиздери келип чыккан күндөн тартып 15 (он беш) жумуш күнүнөн кечиктирилбестен ыйгарым укуктуу адамдын кол тамгасы жана юридикалык жактын мөөрү менен тастыкталган тастыктоо документтерин кошо тиркөө менен берилет.  

 

56. Лицензияны кайра тариздөө ушул Жобонун 55-пунктуна ылайык документтер жана тиешелүү өтүнүч кат алынган күндөн тартып 10 (он) жумуш күнү ичинде жүзөгө ашырылат. Лицензияны кайра тариздөө учурунда лицензиар тарабынан төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун реестрине тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы №2021-П-14/34-4-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

57. Лицензияны кайра тариздетүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик алым кармалат.  

 

13-глава. Лицензиянын дубликатын берүү  

58. Лицензиянын түп нускасы жоголгон же жараксыз болуп калган шартта, лицензиат документтин жараксыз болуп калгандыгын же жоголгондугун тастыктаган документтерди кошо тиркөө менен жоголгондугу же жараксыз болуп калгандыгы аныкталган күндөн тартып 15 (он беш) жумуш күнүнөн кечиктирбестен дубликат берүү жөнүндө өтүнүч кат менен Улуттук банкка кайрылат. Лицензия жараксыз болуп калган шартта, өтүнүч катка ошол жараксыз болуп калган лицензиянын бланкы да кошо тиркелет.  

 

59. Лицензиянын жоголгон же жараксыз болуп калган бланкы лицензиат өтүнүч кат берген күндөн тартып анык эмес деп таанылат.  

 

60. Лицензиар өтүнүч кат сунушталгандан кийинки 5 (беш) жумуш күнү ичинде жогорку оң бурчуна "дубликат" жазуусун чагылдыруу менен лицензиянын дубликатын берет.  

 

61. Лицензиянын дубликатын берүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик алым кармалат.  

 

14-глава. Лицензиянын аракетин токтотуу  

62. Улуттук банк тарабынан берилген лицензиянын аракети төмөнкү учурларда токтотулат:  

- юридикалык жак жоюлган шартта;  

- лицензиаттын лицензиясы кайтарылып алынган учурда;  

- лицензияланган ишкердик түрүн жүргүзүү өз каалоосу боюнча токтотулса;  

- соттун лицензияны жокко чыгаруу чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;  

- лизенциялануучу ишкердик түрлөрүнүн тизмесинен белгилүү бир ишкердик түрү алынып салынса;  

- лицензия берилген учурдан тартып 12 айдан ашык убакыт бою төлөм уюму/төлөм системасынын оператору катары ишин жүзөгө ашырбаса.  

 

63. Жоюу/ыктыярдуу түрдө ишти токтотуу чечими кабыл алынган учурда, лицензиат чечим кабыл алынган күндөн тартып 15 (он беш) жумуш күнү ичинде анда себептерин көрсөтүп, башкаруунун ыйгарым укуктуу органынын тиешелүү чечимдеринин көчүрмөлөрүн кошо тиркөө менен Улуттук банкка ишин токтотуу жөнүндө өтүнүч катты жана лицензиянын түп нускасын сунуштоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы №2021-П-14/34-4-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

63-1. Төлөм системасы боюнча комитет тарабынан төлөм уюмунун жана/же төлөм системасынын операторунун лицензиясы кайтарылып алынган учурда төлөм уюму жана/же төлөм системасынын оператору төмөнкүлөргө милдеттүү

1) Төлөм системасы боюнча комитет тарабынан белгиленген мөөнөттө төлөм системаларынын жана товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар (үчүнчү жактар) алдында төлөмдү аяктоо жана лицензиялануучу иштин түрүн тезинен токтотуу; 

2) лицензияны кайтарып берүү жөнүндө билдирүү алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күн ичинде Улуттук банкка лицензияны өткөрүп берүү

Улуттук банк өзүнүн расмий интернет сайтында лицензиянын аракети токтотулгандыгы жөнүндө маалыматты жарыялайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы №2021-П-14/34-4-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

64. Лицензиат тиешелүү лицензияны Улуттук банкка тапшырганга чейин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, келишим/келишимдердин шарттарын аткарууга, төлөм системасынын катышуучулары жана товарларды/кызматтарды сунуштоочулар (үчүнчү жактар) алдында төлөмдөрдү ишке ашырууга жана финансылык милдеттенмелерди аткарууга, ошондой эле лицензияланган ишкердикти токтотууга тийиш.  

Төлөм уюму Улуттук банкка лицензиясын тапшырган учурда лицензиат үчүнчү жактар алдында төлөмдөр боюнча эсептешүүлөрдүн жыйынтыкталышын салыштырып текшерүү актыларынын көчүрмөлөрүн кагаз жүзүндө сунуштоого тийиш.  

Төлөм системасынын оператору лицензиясын тапшырган учурда, лицензиат тиешелүү кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштагандыгы үчүн төлөм системасынын катышуучулары менен өз ара эсептешүүлөрдүн аяктагандыгын тастыктаган документтердин көчүрмөлөрүн дагы сунуштоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы №2021-П-14/34-4-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

65. Лизенцияны кайтарып алуу "Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө" жобого ылайык ишке ашырылат.  

Улуттук банк лицензиянын аракетинин токтотулгандыгы тууралуу маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыялайт. 

 

5-БӨЛҮК. УЛУТТУК БАНКТЫН ЧЕЧИМДЕРИНЕ ДАТТАНУУ МЕНЕН КАЙРЫЛУУ  

15-глава. Улуттук банктын чечимдерине даттануу менен кайрылуу тартиби  

66. Улуттук банк тарабынан ушул жобонун чегинде кабыл алынган чечимдерине "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө" жобого ылайык даттанууга жол берилет.  

 

6-бөлүк. Өзгөчө абал же өзгөчө кырдаал режимдери учурунда лицензиялоо 

16-глава. Документтерди кароо тартиби жана мөөнөттөрү  

67. Өзгөчө абал же өзгөчө кырдаал режимдери киргизилген мезгилде Улуттук банк расмий почтасына жөнөтүлгөн төлөм уюмунун жана/же төлөм системасынын операторунун лицензия алууга өтүнүч ээсинин документтеринин жана өтүнүч катынын сканерден өткөрүлгөн көчүрмөлөрүн кароого алат. Ошол эле учурда, өтүнүч катты кароо, ошондой эле башка лицензиялоонун башка маселелерин кароо мөөнөтү өзгөчө абал же өзгөчө кырдаал режиминин мөөнөтүн эске алуу менен Улуттук банк Башкармасынын чечиминин негизинде узартылышы мүмкүн. Документтердин түп нускалары өзгөчө абал же өзгөчө кырдаал режимдери алынгандан кийин милдеттүү түрдө жөнөтүлүүгө тийиш. 

Улуттук банк өтүнүч ээсинин ушул Жобонун 16-17-пункттарынын талаптарына жооп берген документтерин алгандан кийин лицензия берет.  

 

68. Өзгөчө абал же өзгөчө кырдаал режими киргизилген мезгил аралыгында ушул Жобонун 21-пунктунда каралган автоматташтырылган системалардын иштөө жөндөмдүүлүгүн алдын ала текшерүү жана өтүнүч ээсинин документтеринин ушул Жобонун 19 жана 19-1-пункттарында белгиленген талаптарга шайкештигин текшерүү Улуттук банк Башкармасынын өзүнчө чечиминин негизинде Улуттук банктын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлбөшү мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы №2021-П-14/34-4-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

 

 

 

  

  

өлөм уюмдарынын жана төлөм 

системаларынын операторлорунун 

ишин лицензиялоо жөнүндө

жобого карата 

1-тиркеме 

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ  

ӨТҮНҮЧ КАТ  

_______________________________________________________________________________________________ 

_______________________________________________________________________________________________ 

(толук аталышы, юридикалык дареги, айкын дареги, мобилдик/иштеген жеринин телефон номери)  

төмөнкү иштерди жүзөгө ашыруу үчүн лицензия берүүнү өтүнөм:  

1) өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу кабыл алуу жана өткөрүү боюнча кызматтарды сунуштоо;  

2) үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу (процессинг, клиринг) жана төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына берүү боюнча кызматтарды сунуштоо.  

Ушул өтүнүч катты толтуруу менен мен, өтүнүч кат ээсинин жетекчиси катары, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системалары боюнча ченемдик укуктук актылары менен таанышып чыккандыгымды тастыктайм жана жогоруда белгиленген иш түрлөрү үчүн талап кылынган бардык маалыматтарды жана документтерди, тактап айтканда төмөнкүлөрдү сунуштаймын:  

1. Уюштуруучулар тууралуу маалыматтар:  

________________________________________________________________________________________________  

________________________________________________________________________________________________  

________________________________________________________________________________________________  

Башкармалыктын аткаруу органынын курамы (төраганын, техникалык директордун, башкы бухгалтердин  

жана алардын орун басарларынын аты-жөнүүзүмдө мындай кызмат орду каралган учурда)):  

________________________________________________________________________________________________  

________________________________________________________________________________________________  

  

Өтүнүч катка карата тиркеме: ____ б.  

Төраганын кол тамгасы жана уюмдун мөөрү  

20__-жылдын "__" ________________  

  

Эскертүү(*): (же болбосо ишкердик түрлөрүнүн бирин көрсөтүү менен)  

 

 

 

 

  

  

өлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө" жобого карата 

2-тиркеме 

 

үрөт үчүн) 

 

 

 

АНКЕТА 

(кызмат адамы тарабынан толтурулат) 

(кызмат орду_______________) 

1. Аты-жөнү (эгерде аты-жөнү өзгөртүлгөн болсо: (мурдагы аты-жөнү, качан өзгөртүлгөн/эмне себептен?)). 

________________________________________________________________________ 

2. (Кызматы)_________________________________________________________ 

 (төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун аталышы

_________________________________________________________________________ 

3. Туулган күнү жана жери__________________________________________________ 

_________________________________________________________________________ 

4. Паспортунун сериясы__________№_________ким тарабынан берилген__________ 

берилген күнү_____________________________________________________________ 

5. Жарандыгы______________________________________________________________ 

6. Анкетаны толтурган учурда айкын жашаган жеринин жана катталган жеринин дареги, телефон номери____________________________________________________________ 

_________________________________________________________________________ 

7. Үй-бүлөлүк абалы _______________________________________________________ 

8. Билими_________________________________________________________________ 

                                                                           (жогорку) 

дипломунун № ________________________ берилген күнү_______________________ 

9. Ким тарабынан берилген 

_________________________________________________________________________ 

 

Окуу жайынын аталышы жана жайгашкан жери 

Факультет же бөлүм 

Тапшырган жылы 

Аяктаган жыл 

Алган дипломго ылайык адистиги 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

10. Курстарда окуу: 

Семинардын же курстун темасы 

Семинарды уюштуруучу 

Өткөрүлгөн жери 

Өткөрүлгөн күнү 

Сертификаттын болушу 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

11. Талапкердин төмөнкү тармактар боюнча билими жөнүндө маалымат (бар/жок): 

- банктык мыйзамдар ____________________________________________________; 

- корпоративдик башкаруу________________________________________________; 

- финансылык отчетту жүргүзүү жана бухгалтердик эсепке алуу_________________ 

_____________________________________________________________________ ; 

- төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторлорунун отчетторун түзүү тартиби ______________________________________________________________; 

- стратегиялык пландаштыруу_________________________________________________________; 

- тобокелдиктерди тескөө_________________________________________________; 

- ликвиддүүлүктү тескөө_________________________________________________; 

- аудит стандарттары____________________________________________________; 

- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү__________________________________________. 

12. Эмгек жолу башталгандан тартып аткарган иштер: 

13. Жалпы эмгек стажы/иш тажрыйбасы (Директорлор кеңешинде катышуу): 

Жумушка кабыл алынган күн 

Жумуштан бошогон күн 

Ээлеген кызматы 

Мекеменин аталышы, жайгашкан жери 

Жумуштан кетүү себеби 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

14. Сиз кызматкери же мүчөсү болуп саналган бардык башка уюмдарды, ассоциацияларды, мекемелерди көрсөтүңүз. 

Уюмдун аталышы 

Уюм жайгашкан жер 

Ээлеген кызмат орду 

  

  

  

  

  

  

15. Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун кызматкерлери менен туугандык мамилеңизди, төлөм уюмун/төлөм системасынын операторун контролдукка алган жактар же компаниялар менен байланышыңызды, бардык өз ара милдеттенмелерди жана келишимдерди ж.б. көрсөтүңүз. 

_________________________________________________________________________ 

_________________________________________________________________________ 

_________________________________________________________________________ 

_________________________________________________________________________ 

16. Үй-бүлөлүк абалы: (үйлөнгөн, турмушка чыккан ж.б.)___________________ 

Жакын туугандарды (ата-эне, жолдошу/жубайы, балдары, асырап алгандар, асырап алынгандар, бир тууган, аталаш жана энелеш ага-ини, эже-сиӊди/карындаш, чоӊ ата, чоӊ эне, тай ата, тай эне, небере), ошондой эле аталган тизмеге киргизилиши керек деп эсептеген башка туугандарды көрсөткүлө 

______________________________________________________________________ 

 

Аты-жөнү 

Туугандык байланышы 

Туулган күнү жана жери 

Кызмат орду жана иштеген жери 

Үй дареги, телефон № 

Жакын туугандарыӊыз жазык жоопкерчилигине тартылганбы: 

Ооба/жок 

Эгер тартылса, себебин көрсөткүлө 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

17. Акырына чыгарылбаган сот иши же сизге иштин кайсыл бир түрү менен иш алып барууга тыюу салган соттун чечими барбы? 

_________________________________________________________________________ 

_________________________________________________________________________ 

18. Сизге Улуттук банк тарабынан эскертүү чаралары колдонулганбы? 

_________________________________________________________________________ 

_________________________________________________________________________ 

19. Мен, 

_________________________________________________________________________ 

                                                                          (аты-жөнү

жогоруда берилген маалыматтардын аныктыгын жана толук берилгендигин тастыктайм жана мындан ары орун алган кандай болбосун өзгөрүүлөр тууралуу Улуттук банкка 10 (он) жумуш күнү ичинде сунуштап турууга милдеттенем. Мен бурмалоолорго жана калпыстыктарга жол берген учурда, мага, төлөм уюмуна/төлөм системасынын операторуна карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таасир этүү чаралары колдонула тургандыгын тааныйм. 

 

20__-жылдын ____-_______________ 

  

________________________________ 

(кол тамгасы

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы №2021-П-14/34-4-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

 

 

  

  

өлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө" жобого карата 

3-тиркеме 

 

 

үрөт үчүн жер)  

 

 

 

Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун акционеринин (уюштуруучусунун)/катышуучусунун 

АНКЕТАСЫ  

(жеке адам тарабынан толтурулат) 

Аты-жөнү 

  

  

Аты-жөнүңүз өзгөргөн болсо: (мурдагы аты-жөнүңүз) 

Качан: 

Эмне себептен: 

Туулган күнү

Туулган жери: 

Паспорт 

Сериясы: 

Номери: 

  

  

Ким тарабынан берилген: 

Берилген күнү

Жарандыгы:_______________________________________________________________________ 

  

Айкын жашаган жери: уюлдук тел: (____) __________________ 

Негизги иштеген жери: 

Ээлеген кызматы: 

8. Кайсы бир өлкөдө, качандыр бир убакта Сизге же Сиз олуттуу катышуучусу жана/же башка кызмат адамы болгон (Директорлор кеңешинин мүчөсү, аткаруу органынын мүчөсү, башкы бухгалтер/финансы менеджери ж.б.) компанияга карата төмөнкү чаралар колдонулганбы:  

- акыркы үч жыл ичинде (финансылык/экономикалык жана кылмыштык) кылмышка жол бергендигине айыпталган, анын ичинде иш токтотулган же айып алып салынган учурда (ооба/жок) ____________________________________________________  

9. Акыркы 3 (үч) жыл ичинде Сиз кызмат адамы (Директорлор кеңешинин мүчөсү, аткаруу органынын мүчөсү, башкы бухгалтери/финансылык менеджери ж.б.) же олуттуу катышуучусу болгон, мажбурлоо тартибинде банкрот деп таанылган же мажбурлап жоюу процессинде турган финансылык компанияларды көрсөтүңүз:  

______________________________________________________________________________________  

Акыркы 3 (үч) жыл ичинде Сиз компаниянын кызмат адамы же олуттуу катышуучусу болгон, мажбурлап банкроттоо, жоюуга байланыштуу шарттар коюлган компаниядагы Сиздин ролуңузга жана жоопкерчилик чөйрөңүзгө кеңири негиздеме бериңиз  

______________________________________________________________________________________  

10. Үй-бүлөлүк абалы  

______________________________________________________________________________________  

Жакын туугандарыңызды атап көрсөтүңүз (ата-энеңиз, жолдошуңуз (жубайыңыз), балдарыңыз):  

Аты-жөнү 

Туугандык катышы 

Туулган күнү жана жери 

Ээлеген кызматы жана иштеген жери 

Үй дареги, телефон номери 

Жакын туугандарыңыз кылмыш жоопкерчилигине тартылганбы: Ооба/жок: Тартылган болсо, себептерин көрсөткүлө 

  

  

  

  

  

  

11. Финансы-кредит уюмдары же банк эмес финансы-кредит уюмдары алдында мөөнөтү өткөрүлгөн карыз (кредиттер) болгон болсо, аларды көрсөткүлө:  

____________________________________________________________________________  

12. Кайсыл болбосун өлкөдө акыркы үч жыл ичинде жана/же учурда Сиз уюштуруучу, акционер (ээси) катары саналган компанияны көрсөтүңүз (уставдык капиталда үлүш ажыратылып алынган учурда ажыратып алуу күнүн көрсөтүү зарыл):  

Юридикалык жактын аталышы, жайгашкан жери 

Юридикалык жактын ишинин түрү 

Ээлигинде турган акциялардын саны 

Капиталдагы ээлик кылуу үлүшү сомдордо 

Юридикалык жактын уставдык капиталындагы үлүшү

  

  

  

  

  

13. Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун лицензия алууга билдирмесин кароо үчүн маанилүү деп эсептеген кайсыл болбосун башка маалыматты сунуштагыла.  

14. Мен, _______________________________________________________________________________  

аты-жөнү  

жогоруда анкетада келтирилген маалыматтар анык жана толук экендигин жана алар менин билимиме  

жана анкетада көрсөтүлгөн суроолор боюнча маалыматка ылайык берилгендигин тастыктаймын.  

  

________________ кол тамгасы ____-жылдын "___" ________________________  

  

Эскертүү:  

Анкетанын ар бир бетине кол коюу зарыл.  

Анкетадагы оңдоолор "оңдолгону анык" деген сөздөр жана талапкердин өз колу менен коюлган кол тамгасы менен тастыкталат.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 27-апрелиндеги № 2022-П-14/27-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

 

 

 

  

  

өлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө" жобого карата 

4-тиркеме 

 

 

 

Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторлорунун акционеринин (уюштуруучусунун)/катышуучусунун 

АНКЕТАСЫ  

(юридикалык жак тарабынан толтурулат) 

1. Юридикалык жактын аталышы (мындан ары - "компания")  

__________________________________________________________________________________  

(юридикалык жактын толук жана кыскартылган аталышын көрсөткүлө)  

2. Компаниянын юридикалык дареги __________________________________________________  

___________________________________________________________________________________  

3. Компания уюшулган күн ___________________________________________________________  

4. ИНН ____________________________________________________________________________  

5. Юридикалык жактарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органда катталган күнү  

___________________________________________________________________________________  

№ (мамлекеттик каттоодон/кайра каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүк)  

6. Кыргыз Республикасынын кайсы банктарында компаниянын ушул ишкердигине тиешелүү  

эсептери ачылган:  

__________________________________________________________________________________  

7. Компания жүзөгө ашырган иштин башка түрлөрүн көрсөткүлө:  

__________________________________________________________________________________  

8. Төлөм уюму/төлөм системасынын оператору менен байланыштуу жактар  

___________________________________________________________________________________  

(уюмдун толук аталышы)  

____________________________________________________________________________________  

1) Катышуучу/акционер болуп саналган юридикалык жактар жана жеке адамдар  

(Компаниянын толук аталышы):  

  

Юридикалык жактардын толук аталышы, жеке адамдардын аты-жөнү 

Таандык акциялардын саны 

Уставдык капиталдагы үлүшү 

  

  

  

2) Анда катышуучу/акционер болуп саналган компаниялар:  

____________________________________________________________________________________  

(өтүнүч ээсинин-юридикалык жактын аталышы);  

Юридикалык жактардын толук аталышы 

Таандык акциялардын саны 

Уставдык капиталдагы үлүшү 

  

  

  

3) ______________________________________________________________ менен аффилирленген  

(уюмдун толук аталышы)  

юридикалык жактар жана жеке адамдар:  

Юридикалык жактардын толук аталышы, жеке адамдардын аты-жөнү 

Таандык акциялардын саны 

Уставдык капиталдагы үлүшү 

  

  

  

9. Компания финансылык иш боюнча кимдир бирөө менен соттук талаш-тартыштарга тартылган болсо, акыркы 3 (үч) жыл ичинде соттук талаш-тартыш боюнча толук маалыматты көрсөткүлө (доогер, жоопкер, талаш-тартыш предмети, соттук иш кайсы соттук инстанцияда каралууда, иш кайсы деңгээлде каралууда).  

10. Өтүнүч ээсинин пикири боюнча маанилүү болуп саналган башка маалымат:  

_______________________________________________________________________________________  

 

Компаниянын жетекчисинин кол тамгасы  

Мөөр  

 

 

 

 

  

  

өлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө" жобого карата 

5-тиркеме 

 

 

 

Аткаруу органынын мүчөлүгүнө талапкерге 

СУНУШ-КӨРСӨТМӨ  

Кимге: _______________________________________________________________________  

(талапкердин аты-жөнү)  

____________________________________________________________________________  

Кимден _____________________________________________________________________  

(сунуштоочунун аты-жөнү)  

____________________________________________________________________________  

(сунуш-көрсөтмө берип жаткан адам иштеген уюмдун аталышы жана жайгашкан орду, анын кызмат орду)  

____________________________________________________________________________  

(сунуштоочу менен байланышуу үчүн телефон номери (иштеген жеринин тел./үй  

_____________________________________________________________________________ 

тел же башка телефон номерлер)  

(факс) ___________________________ (e-mail) ___________________________________  

Сунуш-көрсөтмөдө кеминде төмөнкү маалыматтар чагылдырылууга тийиш:  

1. Талапкерди канчалык жакшы билесиз ________________________________________  

_____________________________________________________________________________ 

2. Ким катары билесиз (эгерде талапкер менен бирге иштеген болсоңуз, уюмдун  

аталышын жана бирге иштеген мезгилди көрсөтүңүз):  

____________________________________________________________________________  

3. Талапкердин квалификациясы жана компетенттүүлүгү жөнүндө маалымат  

____________________________________________________________________________  

4. Сиздин пикириңиз боюнча сунушталып жаткан кызматта милдеттерди аткарууга  

өбөлгө түзгөн талапкердин ишкердик сапаттары  

____________________________________________________________________________  

5. Моралдык-этикалык сапаттар көз карашынан Сиздин талапкерге берген бааңыз  

(эмнелердин негизинде талапкерди абийирдүү адам катары баалайсыз)  

____________________________________________________________________________  

6. Кошумча комментарийлер __________________________________________________  

________________________________________________________________________  

  

_______________ Кол тамгасы ___________ күнү  

  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы №2021-П-14/34-4-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

 

 

 

  

  

өлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө" жобого карата 

6-тиркеме 

 

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ  

№ _____ ЛИЦЕНЗИЯ  

Бул лицензия,  

_________________________________________________________________________________  

(жайгашкан жери)  

________________________________________ юридикалык дареги боюнча катталган  

_________________________________________________________________________________  

_________________________________________________________________________________  

өлөм уюмунун толук аталышы)  

берилди жана ал төлөм уюму катары төмөнкү иштерди жүзөгө ашырууга укук берет:  

- өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү  

жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана  

электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген  

төлөм системалары аркылуу кабыл алуу жана өткөрүү боюнча кызматтарды сунуштоого.  

  

Лицензия берилген күн: 20__-жылдын "__" _______________  

  

Төраганын орун басары/ 

Башкарманын мүчөсү 

  

(кол тамгасы жана мөөрү

  

 

 

 

  

  

өлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө" жобого карата 

7-тиркеме 

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ  

№ _____ ЛИЦЕНЗИЯ  

Бул лицензия,  

__________________________________________________________________________________  

(жайгашкан жери)  

________________________________________ юридикалык дареги боюнча катталган  

__________________________________________________________________________________  

__________________________________________________________________________________  

өлөм уюмунун толук аталышы)  

берилди жана ал төлөм уюму катары төмөнкү иштерди жүзөгө ашырууга укук берет:  

- үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды  

кабыл алуу, иштеп чыгуу (процессинг, клиринг) жана төлөм системасынын, ошол  

процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына берүү боюнча кызматтарды сунуштоого.  

  

Лицензия берилген күн: 20__-жылдын "__" _______________  

  

Төраганын орун басары/ 

Башкарманын мүчөсү 

  

(кол тамгасы жана мөөрү

 

 

 

 

  

  

өлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө" жобого карата 

8-тиркеме 

 

 

 

Жеке маалыматтарды топтоого жана иштеп чыгууга субъектинин макулдугу 

 

Калктуу пункт, күнү 

  

Мен,_________________________________________________________________________ 

                                                    (фамилиясы, аты, атасынын аты) 

_____________________________________________________________________________ 

                                                             дареги боюнча жашаган, 

инсандыгын күбөлөндүргөн документ:____________________________________________ 

                                                                                              (документтин түрү

сериясы _______________________________№_____________________________________ 

берилди______________________________________________________________________ 

                                                       (берилген күнү) (ким тарабынан берилген) 

_____________________________________________________________________негизинде 

                     (ишеним каттын, мыйзамдын жана башка укуктук актынын) 

_________________________(ишеним кат берилген адамдар үчүн) атынан иш алып барган 

 (фамилиясы, аты, атасынын аты) 

________________________________________________________дареги боюнча жашаган, 

инсандыгын күбөлөндүргөн документ:____________________________________________ 

                                                                                                    (документтин түрү

________________________ сериясы ____________________ № ______________________ 

берилди______________________________________________________________________ 

                                                         (берилген күнү) (ким тарабынан берилген) 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына өз эрким боюнча билип туруп төмөнкүлөрдү аткарууга толук жана шартсыз макулдугумду берем: 

- иштетүүгө (аткаруу ыкмасына карабастан Улуттук банк тарабынан же анын тапшырмасы боюнча жеке маалыматтарды топтоо, жазуу, сактоо, актуалдаштыруу, топтоштуруу, бөгөт коюу, өчүрүү жана бузуу максатында автоматтык каражаттар менен же аларсыз аткарылган кандай болбосун операция же операциялардын топтому), ошондой эле: 

- жеке маалыматтардын (Улуттук банк тарабынан үчүнчү жактарга Кыргыз Республикасынын «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» мыйзамына жана эл аралык келишимдерге ылайык) берилишине; 

- банк мыйзамдарына ылайык жеке өзүм берүүгө тиешелүү болгон бардык жеке маалыматтардын чек ара аркылуу берилишине (жеке маалыматтардын Улуттук банк тарабынан башка мамлекеттин юрисдикциясына кирген маалымат топтоочуларына берилишине). 

Жогоруда белгиленген макулдук берүү төмөнкү жеке маалыматтарга: фамилияма, атыма жана атамдын атына (өзгөртүлгөн болсо) (мурдагы аты-жөнүм өзгөрткөн күн жана ага түрткү берген себептер); төрөлгөн жерим жана төрөлгөн күнүмө; жарандыгым тууралуу маалыматтардын (анын ичинде мурдагы жарандыгым, башка жарандыкты алгандыгым); алган билим тууралуу маалыматтардын (билим берүү мекемесинин аталышы, окууну бүткөн жыл, билимге, квалификацияга ээ болгон, кайра даярдыктан өткөн багыт же документ боюнча алган билимим); илимий даражага ээ экендигим тууралуу маалыматтардын, чет тилдерди кандай деңгээлде билүүгө тиешелүү маалыматтардын, жашаган жеримдин дарегине (келген жеримдин дареги); байланыш телефон номерлериме жана башка байланыш каналдары боюнча маалыматтардын; инсандыгымды тастыктаган документтин түрүнө, сериясына, номерине, ошол документти берген органдын аталышына, документ берилген күнгө; салык төлөөчүнүн идентификациялык номерине; үй-бүлөлүк абалыма, үй-бүлө курамына, жакын туугандарыма тиешелүү маалыматтардын; эмгек жолума тиешелүү маалыматтардын (аскердик кызмат өтөө, эки ишти айкалышта аткаруу, ишкердик иш, кызмат көрсөтүүнү сунуштоо келишиминин негизинде иштеген ишке тиешелүү); мамлекеттик сыйлыктарга, башка сыйлыктарга, артыкчылык белгилерине (ким тарабынан жана качан берилген) ээ болгондугума тиешелүү маалыматтардын; соттолгондугум же болбосо соттолбогондугум тууралуу маалыматтардын, анын ичинде мыйзам бузууларга, алгылыксыз иштерге жол бергендигим үчүн мага карата колдонулган тартип жаза чарасы, административдик жоопкерчилик чаралары жөнүндө маалыматтардын; кирешелер, чыгашалар, мүлкүм жөнүндө маалыматтардын, ошондой эле мүлк мүнөздөгү милдеттенмелериме тиешелүү маалыматтардын, сүрөтүмдүн берилишине да тиешелүү болуп саналат. 

Жогоруда көрсөтүлгөн жеке маалыматтар Улуттук банк тарабынан ушул Жободо каралган лицензиялоо жол-жоболору ишке ашырылышы максатында, иштеп чыгууга сунушталат. 

Ушул аркылуу мага тиешелүү жеке маалыматтардын аныктыгын текшерүү жана кынтыксыз ишкердик аброй жана кесипкөйлүккө тиешелүү маалыматтарды тастыктоо үчүн башка мамлекеттик органдарга бериле тургандыгы мага маалым жана мен аларга өз эрким боюнча макул экендигимди тастыктайм. Демек, Кыргыз Республикасынын «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» мыйзамынын 24-беренеси жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 759 токтому менен бекитилген Жеке маалыматтарды топтоо жана аларды иштеп чыгууга субъектинин макулдугун алуу, жеке маалыматтарын үчүнчү тарапка берилиши жөнүндө ага маалымдоо тартибинин жана формасынын 12-пунктуна ылайык, Улуттук банк тарабынан мага тиешелүү жеке маалыматтардын көзөмөлдөө жана лицензиялоо жол-жобосунун алкагында жогоруда көрсөтүлгөн жактарга берилгендиги тууралуу маалымдалышын талап кылбайм. 

Жеке маалыматтардын иштелип чыгышына макулдук берүү мөөнөтсүз болуп саналат (көзөмөлдөө жана лицензиялоо максатында туруктуу колдонулат) жана макулдук берүүгө кол коюлган күндөн тартып колдонула баштайт. 

 

20______-ж. ____ ___________________  

 

Кол тамгасы_____________________ Аты-жөнү_________________________ 

 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы №2021-П-14/34-4-(ПС), № 2022-жылдын 27-апрелиндеги № 2022-П-14/27-3-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык)