Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2022-жылдын «2» июнундагы 

№ 2022-П-14/35-3 (НПА) 

токтомуна карата  

тиркеме 

 

«Кыргыз Республикасында ачык программалык интерфейстерди 

колдонуу менен финансылык платформалар (маркетплейс) аркылуу финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жөнгө салуу жөнүндө» 

ЖОБО 

 

1-глава. Жалпы жоболор 

1. «Кыргыз Республикасында ачык программалык интерфейстерди колдонуу менен финансылык платформалар (маркетплейс) аркылуу финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жөнгө салуу жөнүндө» ушул жобо (мындан ары Жобо) финансылык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматты жайгаштырууда жана финансылык платформаны колдонуу менен бүтүмдөрдү ишке ашырууда келип чыккан мамилелерди жөнгө салат, ошондой эле финансылык платформанын катышуучуларынын жана финансылык платформанын (маркетплейс) кызмат көрсөтүү операторунун ишинин укуктук негиздерин аныктайт.  

2. Ушул Жобонун алкагында финансылык платформанын (маркетплейс) кызмат көрсөтүү оператору болуп, Кыргыз Республикасынын финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу үчүн бирдиктүү терезе түзүү максатында коммерциялык банктар, микрофинансылык уюмдар, төлөм уюмдары жана төлөм системаларынын операторлору, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Улуттук банк тарабынан көзөмөлдөнгөн уюмдар акционери/катышуучусу болуп саналган, ачык/жабык акционердик коомдун же жоопкерчилиги чектелген коомдун уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жак, ошондой эле Кыргыз Республикасынын банктарынын, банк эмес финансы-кредит мекемелеринин бирикмелери, төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлору саналышы мүмкүн. 

Финансылык платформа (маркетплейс) үчүн юридикалык жак түзүү жөнүндө чечим директорлор кеңеши, Кыргыз Республикасынын банктарынын, банк эмес финансы-кредит мекемелер бирикмесинин акционерлери/катышуучулары, төлөм уюмдарынын жана системаларынын операторлору тарабынан жана/же финансылык платформанын (маркетплейс) кызмат көрсөтүү операторуна кошулуу жөнүндө келишим түзүү аркылуу кабыл алынат.  

3. Эгерде коммерциялык банк, микрофинасылык уюм, төлөм уюму жана төлөм системаларынын оператору финансылык платформанын (маркетплейс) кызмат көрсөтүү оператору болуп саналса, анда финансылык платформага байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо сайтта/витринада жана/же мобилдик тиркемеде өзүнчө бөлүмдө көрсөтүлүүгө тийиш.  

4. Финансылык платформанын (маркетплейс) кызмат көрсөтүү операторуна Улуттук банк тарабынан көзөмөлгө алынуучу уюмдар жана Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашырууга уруксат берүүчү документтери бар башка юридикалык жактар да кошула алышат.  

5. Финансылык платформанын (маркетплейс) кызмат көрсөтүү оператору Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык финансылык платформада маалыматтын жайгаштырылышына жана кызмат көрсөтүүлөрдүн (бүтүмдөрдүн) сунушталышына жана банктык сырды түзгөн маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылууга жоопкерчиликтүү болот.  

 

2 -глава. Терминдер жана аныктамалар  

6. Ушул Жобонун алкагында төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат: 

финансылык платформа (маркетплейс) бул финансылык платформанын кызмат көрсөтүү операторунун электрондук онлайн - платформасы/витринасы, анда финансылык кызматтарды сунуштоочулардын финансылык кызмат көрсөтүүлөрү тууралуу маалымат жайгаштырылган жана жеке кабинет аркылуу жана/же финансылык кызматтарды сунуштоочунун өзүнүн финансылык платформасы аркылуу шилтеме келтирүү же ушул платформадагы башка технологиялык чечимдерди колдонуу менен бүтүмдөрдү ишке ашыруу боюнча техникалык мүмкүнчүлүк бар;  

финансылык платформанын (маркетплейс) кызмат көрсөтүү оператору ачык программалык интерфейстер (API) аркылуу бир платформада финансылык кызматтарды сунуштоочулардын жана/же финансылык платформанын кызмат көрсөтүү операторунун эрежелерине кошулушкан финансылык кызматтарды сунуштоочулардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылган жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү колдонуучунун платформага 24/7 онлайн-режиминде кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган юридикалык жак;  

финансылык кызматтарды сунуштоочу финансылык платформанын (маркетплейс) кызмат көрсөтүү оператору менен өзүнүн финансылык кызмат көрсөтүүлөрүн жайгаштыруу жана/же финансылык платформада бүтүмдөрдү ишке ашыруу үчүн келишим түзгөн юридикалык жак (финансылык платформанын катышуучусу);  

финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү колдонуучу (керектөөчү) финансылык кызматтарды сунуштоочулар менен финансылык бүтүмдөрдү ишке ашыруу максатында ачык оферта келишимине/финансылык платформанын операторунун кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо келишимине кол коюу менен жеке кабинет/мобилдик тиркеме аркылуу финансылык платформага кошулган жеке адам же юридикалык жак;  

жеке кабинет финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү колдонуучунун финансылык платформанын кызмат көрсөтүү операторунун серверлеринде жайгашкан электрондук/виртуалдык жеке кабинети, ага авторизациялоодон өткөндөн кийин (индентификациялык маалыматтарды жана колдонуучуга гана белгилүү болгон паролду киргизгенден кийин) гана кирүүгө болот; 

финансылык кызмат көрсөтүүлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашырышкан финансылык мекемелер тарабынан «Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамынын 1-бөлүгүнүн 5-беренесинде аныкталган, финансылык мекемелердин кызмат көрсөтүүлөрү

финансылык бүтүм финансылык платформанын кызмат көрсөтүүлөрдү колдонуучу менен операторунун ортосунда финансылык кызматтарды сунуштоочунун пайдасына ишке ашырылган бүтүм. Ушул Жобонун 4-главасында белгиленген платформаларды колдонуу менен келишүү (ишке ашыруу) мүмкүн болгон финансылык бүтүмдөрдүн тизмеси;  

маалыматтык кызмат көрсөтүү финансылык кызматтарды сунуштоочулардын финансылык кызмат көрсөтүүлөрү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган башка юридикалык жактар тууралуу актуалдуу маалыматтарды жайгаштыруу; 

ачык программалык интерфейси (API) финансылык кызматтарды сунуштоочулардын/финансылык платформанын катышуучуларынын маалымат системалары ортосунда стандарттык өз ара иш жүргүзүү протоколдору аркылуу маалымат алмашуу технологиясы; 

чат бот сайттарда, мессенджерлерде, финансылык платформанын кызмат көрсөтүү операторлорунун жана финансылык кызматтарды сунуштоочулардын мобилдик тиркемелеринде тексттик же аудио билдирүүлөрдү колдонуу менен баарлашууга мүмкүндүк берген программа, ал финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү колдонуучунун билдирүүлөрүн берүүдө купуялуулукту камсыз кылат.  

 

3. Улуттук банктын реестрине киргизүү үчүн финансылык платформанын (маркетплейс) кызмат көрсөтүү операторунун 

документтерине карата талаптар 

7. Финансылык платформанын (маркетплейс) кызмат көрсөтүү оператору финансылык платформа түзүлгөн учурдан тартып 30 (отуз) календардык күндөн кечиктирбестен ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык, финансылык платформаны (маркетплейс) түзүүгө байланыштуу кызмат көрсөтүү сунуштала баштагандыгы тууралуу билдирүүнү Улуттук банкка жөнөтүүгө жана төмөнкү документтерди берүүгө тийиш: 

1) уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү:  

- уставдын жана уюштуруу келишиминин (бирден ашык уюштуруучу (акционер/катышуучу) болсо); 

- мамлекеттик каттоодон/кайра каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктүн, 

- уюштуруучулардын юридикалык жак түзүү жөнүндө чечиминин, 

- уставдык капиталдын өлчөмү жөнүндө

- билдирүүчүнүн жетекчисинин/башка ыйгарым укуктуу адамынын мөөрү жана кол тамгасы менен күбөлөндүрүлгөн, башкаруунун аткаруу органдарын шайлоо жөнүндө,  

- финансылык платформанын кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо үчүн жооп берген кызмат адамы тууралуу маалыматтар (аты-жөнү, кызматы, иш тажрыйбасы, байланыш телефон номери ж.б) (бул талаптар Улуттук банк тарабынан көзөмөлдөнүүчү уюмдар акционери/катышуучусу болуп саналган өзүнчө юридикалык жакка тиешелүү); 

2) финансылык платформанын кызмат көрсөтүү операторунун операциялык эрежелеринин көчүрмөсү, алар төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: 

- сайттын/витринанын жана/же мобилдик тиркеменин аталышы жана анын дареги (гипершилтеме ж.б.) жана туташтыруу тууралуу маалымат; 

- архитектураны жана анын схемаларын толук чагылдыруу; 

- финансылык платформага катышуучулар менен өз ара иш жүргүзүү үчүн иштелип чыккан API стандарттар жана анын багыттары (интерфейстер боюнча); 

- финансылык платформага (маркетплейс) туташтыруу жана ал аркылуу финансылык кызматтарды (продукттарды) сунуштоо үчүн коммерциялык тарифтердин жана комиссиялык төлөмдөрдүн категориясы; 

- финансылык платформада болжолдонуучу финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси; 

- платформага катышуучулардын туташуу жана андан чыгуу тартиби, шарттары жана жол-жоболору; 

- финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү колдонуучунун кирүү тартиби; 

- маалыматты коргоо боюнча талаптар; 

- финансылык кызматтарды сунуштоочулар менен колдонуучулардын ортосундагы талаш маселелерди чечүү тартиби; 

- актуалдуу маалыматты сунуштоо тартиби; 

- финансылык платформанын кызмат көрсөтүү оператору менен төлөм системасынын катышуучуларынын укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери; 

- ж.б.; 

3) финансылык платформанын автоматташтырылган программалык комплексинин паспортунун көчүрмөсү, алар кеминде төмөнкүлөрдү камтыйт: 

- жалпы мүнөздөмөлөрү (багыты, колдонууга киргизүү күнү ж.б.); 

- системанын конфигурациясы (аппараттык бөлүгү, программалык камсыздоо/системалык, прикладдык/ маалымат базалары менен башкаруу системалары, диск бөлүмдөрүнүн өлчөмдөрү, резервдик көчүрмөлөө картасы ж.б.). 

4) финансылык платформанын катышуучуларын туташтыруу жана өз ара зарыл иш жүргүзүүлөрү үчүн иштелип чыккан ачык API стандарттары; 

5) финансылык кызматтарды сунуштоочулар менен түзүлгөн келишим долбоору; 

6) финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү колдонуучулар менен түзүлгөн ачык оферта келишиминин долбоору; 

7) коммерциялык банктын, микрофинансылык уюмдун жана/же финансылык платформанын кызмат көрсөтүү операторунун функциялары менен өз ара иш жүргүзүү операторунун/төлөм системаларынын/төлөм уюмдарынын операторунун функционалын бөлүштүрүү жөнүндө ички ченемдик документтер.  

 

 

4. Финансылык платформада (маркетплейс) маалыматтык/финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн жана бүтүмдөрдүн түрлөрү  

8. Финансылык платформанын (маркетплейс) кызмат көрсөтүү оператору электрондук аянтчада/витринада төмөнкү маалыматтык/финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү жана бүтүмдөрдү сунуштай алат: 

- финансылык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтарды (валюталар курсу, финансылык кызматтарды сунуштоочулардын кызмат көрсөтүүлөрүнүн түрлөрү, банк операцияларына тарифтер/пайыздар жана финансылык платформанын катышуучулары/ сунуштоочулары менен түзүлгөн келишимдин алкагында салыштыруу түрүндө башка маалыматты) жайгаштыруу;  

- Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 26-майындагы №36/7 токтому менен бекитилген «Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишим түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата негизги талаптар жөнүндө» жобонун тизмесинде аныкталган финансылык кызмат көрсөтүүлөр жана ушул тизме боюнча финансылык кызматтарды колдонуучунун макулдугу менен жөнөкөй электрондук кол тамга аркылуу билдирмени күбөлөндүрүп, тастыктоону финансылык кызматтарды сунуштоочуга жөнөтүү, мында банк карталарынан нак акча каражаттарын берүү жана акча которуу системалары аркылуу акча которуу, электрондук акчаны жайылтуу/төлөө кызматтары эске алынбайт.  

- банктык төлөм картасына байланыштыруу үчүн ээси көрсөтүлбөгөн металл эсептерин ачууга бланктарды берүү

- финансылык платформанын кызматтарды сунуштоочуларынын расмий алтын куймаларды сатып алуу жана сатуу боюнча кызматтарын жайгаштыруу; 

- финансылык платформанын кызмат көрсөтүү оператору менен түзүлгөн келишимдин алкагында Улуттук банк тарабынан көзөмөлдөнбөгөн уюмдардын финансылык кызмат көрсөтүүлөрү тууралуу маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жайгаштыруу жана финансылык платформанын (маркетплейс) операторунун эрежелерине кошуу; 

- электрондук кол тамга коюлган колдонуучулардын документтерин өткөрүп берүү үчүн финансылык платформанын кызмат көрсөтүү оператору жана финансылык платформанын кызматтарын сунуштоочулары ортосунда электрондук документ менен иш алып барууну колдонууга киргизүү

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык кызматтарды сунуштоочулар тарабынан кызыкдар жактарга сатып өткөрүү үчүн башка менчик тууралуу маалыматтарды жайгаштыруу. 

9. Акча каражаттары менен байланышкан операциялар, финансылык платформадагы шилтеме аркылуу финансылык кызматтарды сунуштоочулардын өзү тарабынан жүзөгө ашырылат. 

10. Финансылык платформада финансылык кызматтарды сунуштоо финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү колдонуучунун жеке кабинети аркылуу жүзөгө ашырылууга тийиш. Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү колдонуучунун акча каражаттары финансылык платформаны пайдалануу менен буга чейин тиешелүү келишим түзгөн жана/же бул платформада түздөн-түз көрсөтүлүүгө тийиш болгон финансылык кызматтарды сунуштоочунун эсебине гана чегерилиши мүмкүн.  

 

5. Финансылык платформага финансылык кызмат көрсөтүүлөр тууралуу маалыматтарды жайгаштырууга карата талаптар  

11. Финансылык платформага (маркетплейс) финансылык кызматтарды сунуштоочулардын финансылык кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө маалыматтарды жайгаштырууда төмөнкүлөргө жол берилбейт:  

1) финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу учурунда актуалдуу болуп саналбаган ар кандай акциялар менен финансылык кызматтарды сунуштоочулардын кызмат көрсөтүүлөрү боюнча финансылык кызматтарды колдонуучулардын жаңылышуусуна алып келүүгө;  

2) чындыкка дал келбеген, анын ичинде финансылык уюмдун кандайдыр бир банк операцияларын жана башка операцияларды жүргүзүү укугу тууралуу маалыматтарды камтууга; 

3) эгерде тиешелүү келишимди түзүү учурунда иштин натыйжалуулугун (салымдын кирешелүүлүгүн) аныктоо мүмкүн эмес болсо, иштин натыйжалуулугу тууралуу, анын ичинде мурда реалдуу көрсөткүчтөргө негизделген гарантияларды жана убадаларды (салымдын кирешелүүлүгү) камтууга. 

12. Финансылык платформанын кызмат көрсөтүү операторунун операциялык эрежелери, финансылык платформанын кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоонун башталган датасы, ошондой эле финансылык кызматтарды колдонуучуларды жана сунуштоочуларды тааныштыруу үчүн зарыл болгон башка ченемдик документтер, анын ичинде финансылык платформадагы финансылык кызмат көрсөтүүлөр тууралуу маалыматты колдонуудагы жана алуудагы тарифтер (бар болсо) жалпыга жеткиликтүү жайгаштырылууга тийиш. 

13. Финансылык платформанын кызмат көрсөтүү оператору финансылык кызмат көрсөтүү тууралуу маалыматты мамлекеттик жана расмий тилдерде жайгаштырууга, ошондой эле колдонуучуга тилди тандоону чектебестен кызматтарды сунуштоого тийиш.  

14. Финансылык платформанын (маркетплейс) кызмат көрсөтүү оператору финансылык кызматтарды сунуштоочуларга финансылык платформага кошулуу үчүн тең укуктуу шарттарды түзүүгө тийиш. 

 

6. Ачык программалык интерфейстер (API) аркылуу финансылык платформанын операторуна туташтыруу  

15. Финансылык кызматтарды сунуштоочулар финансылык платформанын кызмат көрсөтүү операторуна өзүнүн ачык программалык интерфейстеринен (API) колдонуу мүмкүнчүлүгүн бере алышат жана/же финансылык платформанын кызмат көрсөтүү операторунун (маркетплейс) финансылык кызматтарды сунуштоочулар (API сунуштоочулар, башка сунуштоочулар, төлөм кызматтарын сунуштоочулар, маалымат кызматтарын башка сунуштоочулар) жана API колдонуучулар ортосунда өз ара иш алып барууну бирдейлештирүү үчүн иштелип чыккан жана стандартташтырылган API-чечимдери, анын ичинде техникалык стандарттары, берилүүчү маалыматты коргоо, колдонуучулардын маалыматтарынын купуялуулугун жана финансылык кызматтарды колдонуучунун жана сунуштоочулардын маалыматтарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында пайдаланылышын камсыз кылуу боюнча талаптары болууга тийиш. 

16. Финансылык платформага (маркетплейс) туташуу үчүн финансылык кызматтарды сунуштоочулар финансылык платформанын кызмат көрсөтүү оператору менен өз ара иш жүргүзүшүп жана/же ага өзүнүн төмөнкү программалык интерфейстеринен (API) пайдалануу мүмкүндүгүн бере алышат:  

1) маалыматтык API финансылык продукттарды жана кызматтарды сунуштоочулардын жеткиликтүү продукттары жана кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө, ошондой эле банктардын кардарларын тейлөө пункттары жайгашкан жер жана иштөө графиги, улуттук валюталардын курстары ж.б жөнүндө ачык маалыматтар; 

2) сервистик API финансылык мекеменин кардарлар колдонгон продукттары, анын ичинде ошол продукттар боюнча операциялар жөнүндө маалыматтар. Туташтырылган продукттарды жана кардардын кызмат көрсөтүүлөрүн башкаруу, кардарлардын профилиндеги маалыматтарды өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн берүү;  

3) продукттук API учурда катталган же жаңы туташкан кардарга продуктту сунуштоого же кызматты туташтырууга, финансылык уюмдун продукту же кызмат көрсөтүүсү боюнча жеке сунушунан пайдаланууга суроо-талап.  

17. API интерфейсин колдонуу ар бир ачык программалык интерфейс боюнча (API) финансылык платформанын кызмат көрсөтүү операторунун техникалык документтеринде чагылдырылууга тийиш, ал белгиленген финансылык кызматтарды сунуштоочуларга жөнөтүлөт. 

18. API стандарттары финансылык платформанын кызмат көрсөтүү операторунун платформасында жарыяланууга тийиш.  

 

7. Финансылык платформадагы маалыматтарды коргоо талаптары 

19. Финансылык платформанын кызмат көрсөтүү оператору (маркетплейс) кандай гана болбосун инциденттер жана штаттан тышкаркы жагдайлар жөнүндө Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-2-(ПС) «Төлөм системасындагы штаттан тышкаркы жагдайлар жөнүндө» жободо төлөм системаларынын операторлору үчүн белгиленген мөөнөттөргө ылайык Улуттук банкка маалымдоого тийиш. 

20. Финансылык платформанын кызмат көрсөтүү оператору (маркетплейс) финансылык бүтүмдөргө келишүү, анын ичинде маалыматтык кооптуу жагдайлар келип чыккан учурларда да платформанын үзгүлтүксүз жана туруктуу ишин камсыздоо, ошондой эле платформанын кызмат көрсөтүү жана иштөө жөндөмүн калыбына келтирүү үчүн кызматтарды сунуштоочулар менен үзгүлтүксүз негизде өз ара иш алып баруу мүмкүнчүлүгүн камсыздоого, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке маалыматтардын купуялуулугун, бүтүндүгүн жана сакталышын камсыздоого тийиш. 

21. Финансылык кызматтарды сунуштоочулардын финансылык платформанын кызмат көрсөтүү операторунун маалымат системалары менен өз ара иш алып баруусу коргоого алынган байланыш каналдары аркылуу жүзөгө ашырылууга тийиш.  

22. Финансылык платформанын кызмат көрсөтүү оператору жана финансылык кызматтарды сунуштоочулар туруктуу негизде платформада финансылык кызматтардан колдонуучуларга төмөнкү маалыматтарды берүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө тийиш: 

а) мыйзамсыз финансылык операциялардын жүргүзүлүшүнө каршы аракеттенүү максатында, эсептөө техникасы каражаттарынын штаттык ишинин бузулушун шарттаган кооптуу программалык коддордун таасиринен маалыматтарды коргоо боюнча сунуш-көрсөтмөлөр жана талаптар; 

б) аларды ишке ашырууга укугу жок адамдар финансылык бүтүмдөрдү ишке ашыруу максатында колдонуучунун маалыматын санкциясыз пайдаланышы мүмкүндүгү тобокелдиктери жөнүндө маалымдоо; 

в) коргоого алынган маалыматтан санкциясыз пайдаланууга бөгөт коюу боюнча, анын ичинде колдонуучу финансылык платформада аны пайдалануу менен операциялар ишке ашырылган каражатты жоготуп (жоготсо, уурдалса) алган учурда, колдонуучу финансылык платформада аны колдонуу менен аракеттерди ишке ашырган түзүлүштүн конфигурациясын контролдоо, зыяндуу коддун таасирин өз убагында табуу чаралары жөнүндө маалымат.  

23. Финансылык платформанын кызмат көрсөтүү оператору жана финансылык кызматтарды сунуштоочулар эл аралык стандарттарга ылайык жыл ичинде кеминде бир жолу тобокелдиктердин деңгээлине баа берип турууга тийиш.  

 

8. Корутунду жоболор 

24. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын аймагында финансылык платформанын кызмат көрсөтүү операторлорунун (маркетплейс) реестрин жүргүзөт. Финансылык платформанын кызмат көрсөтүү оператору финансылык платформа кызматтарын сунуштоо ишин (маркетплейс) токтоткондугу жөнүндө расмий билдирген күндөн тартып 5 (беш) жумуш күнү ичинде Улуттук банк тарабынан реестрден чыгарылат.  

25. Финансылык платформанын кызмат көрсөтүү оператору ушул Жобого карата 2-тиркемеде белгиленген формага ылайык, финансылык платформада жайгаштырылган кызмат көрсөтүүлөр тууралуу маалыматты кийин кагаз жүзүндөгү версиясын жөнөтүү менен электрондук түрдө (документтин сканерден өткөрүлгөн версиясы) отчеттук чейректен кийинки айдын 25 (жыйырма бешинен) кечиктирбестен чейрек сайын берүүгө тийиш. 

26. Зарыл учурда Улуттук банк сунушталган отчеттордон улам келип чыккан, финансылык платформа (маркетплейс) ишине байланыштуу кошумча маалыматтарды жана документтерди талап кылууга укуктуу, алар Улуттук банк тарабынан белгиленген мөөнөттө берилүүгө тийиш. Финансылык платформанын кызмат көрсөтүү операторунун жетекчиси маалыматтардын өз убагында, туура жана так берилиши үчүн жоопкерчиликтүү болот. 

«Кыргыз Республикасында 

ачык программалык  

интерфейстерди колдонуу менен  

маркетплейс финансылык  

платформалары аркылуу 

финансылык кызмат  

көрсөтүүлөрдөн пайдалануу  

мүмкүнчүлүгүн жөнгө салуу  

жөнүндө» жобого карата 1-тиркеме  

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкы 

 

 

 

БИЛДИРҮҮ  

 

 

Ушул аркылуу ________________________________ финансылык платформанын кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо (маркетплейс) иши башталгандыгы тууралуу билдирет. 

Билдирүүгө ушул Жобонун 7-пунктуна ылайык документтердин тизмеси кошо тиркелет.  

 

Тиркеме: _____барактан турат. 

1) 

2) 

3)  

 

Юридикалык жактын кол тамгасы жана мөөрү 

20___ -жылдын «___» ________________ 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

«Кыргыз Республикасында  

ачык программалык  

интерфейстерди колдонуу менен  

маркетплейс финансылык  

платформалары аркылуу  

финансылык кызмат 

көрсөтүүлөрдөн пайдалануу  

мүмкүнчүлүгүн жөнгө салуу  

жөнүндө» жобого карата  

2-тиркеме 

 

 

 

Юридикалык жактын аталышы 

  

  

________________________________ 

  

  

 

 

Финансылык платформага (маркетплейс) туташтырылган финансылык кызматтарды сунуштоочулар тууралуу  

20___ жылдын ___________ чейреги үчүн 

МААЛЫМАТ 

 

 

Колдонуудагы келишимдердин жалпы саны: (санын көрсөтүү зарыл) бардыгы болуп ______ 

 

№ 

Уюмдун аталышы 

Юридикалык дареги жана байланыш маалыматтары 

Келишимдин номери жана датасы  

Сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн түрү 

Финансылык кызматтарды сунуштоочулар менен түзүлгөн келишим 

... 

... 

... 

... 

... 

... 

... 

... 

... 

... 

Финансылык платформанын башка катышуучулары менен түзүлгөн келишим 

 

 

 

 

 

Финансылык платформада жайгаштырылган финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү 

... 

... 

... 

... 

... 

... 

... 

... 

... 

... 

 

 

  

  

 

  

  

Юридикалык жактын кол тамгасы жана мөөрү 

20___ -ж. «___» ________________