Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2018-жылдын 17-январындагы 

№ 2018-П-14/2-6-(ПС) 

токтомуна карата 

тиркеме 

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системасы боюнча комитети жөнүндө

ЖОБО  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 12-августундагы № 2020-П-12/45-4-(НПА), 10-августундагы 2022-П-14/50-6-(НПА) токтому токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1-глава. Жалпы жоболор  

1. Бул жободо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системасы боюнча комитетинин (мындан ары - Комитет) ыйгарым укуктары, негизги милдеттери, аны түзүү жана иш тартиби аныкталат.  

2. Комитет, ушул жобого жана Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы (мындан ары - Улуттук банк) тарабынан Кыргыз Республикасынын төлөм системасын методология жана өнүктүрүү, жөнгө салуу жана көзөмөлдөө (оверсайт) чөйрөсүнө кирген маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууга, ошондой эле төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоого, жөнгө салууга жана аларды көзөмөлдөөгө ыйгарым укук чегерилген, туруктуу иштеген коллегиалдуу орган болуп саналат. 

3. Комитет тарабынан кабыл алынган чечимдер Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрү, ошондой эле төлөм системаларынын операторлору, төлөм уюмдары, төлөм системасынын катышуучулары жана Улуттук банктын көзөмөлдүгүнө алынган башка юридикалык жактар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш. Зарыл учурда Комитет маселени кароого алуу үчүн Улуттук банк Башкармасынын, Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин жана башка комитеттеринин отурумдарында сунуштоону демилгелеши мүмкүн. Комитет тарабынан кабыл алынган чечимдер Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш  

4. Комитет өз ишин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына, ушул жобого жана Комитеттин Регламентине таянуу менен жүргүзөт.  

2-глава. Комитеттин негизги максаттары, милдеттери жана функциялары  

5. Комитет Кыргыз Республикасынын төлөм системасын өнүктүрүү багыттарын, төлөм системасынын ишин өнүктүрүү, жөнгө салуу жана көзөмөлдөө (оверсайт), төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо, жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча максаттарды жана милдеттерди аныктайт, ошондой эле Комитеттин чечимдеринин ишке ашырылышын/аткарылышын контролдойт  

6. Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын иш натыйжалуулугун, ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн аны координациялоо Комитеттин негизги максаты болуп саналат.  

7. Комитеттин Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын үзгүлтүксүз иштөөсү жана өнүгүүсү боюнча маселелерге тиешелүү милдеттери болуп, төмөнкүлөр боюнча чечимдерди кабыл алуу, сунуш-көрсөтмөлөрдү (корутундуларды) иштеп чыгуу жана сунуштоо саналат:  

- Кыргыз Республикасынын төлөм системасын өнүктүрүү багыттары, инновациялык төлөм технологиялары;  

- Кыргыз Республикасынын төлөм системасы боюнча ченемдик укуктук базаны камсыз кылуу жана өркүндөтүү боюнча ишти координациялоо;  

- төлөм системасы маселелери боюнча (көзөмөл, жөнгө салуу, иштеп чыгуу, интеграциялоо ж.б.) башка өлкөлөрдүн улуттук (борбордук) банктар менен кызматташууну координациялоо;  

- төлөм системасынын ишине тиешелүү күндөлүк маселелер;  

- Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлдөө (оверсайт);  

- Кыргыз Республикасынын төлөм системасын эл аралык төлөм системалары менен жана башка өлкөлөрдүн улуттук төлөм системасы менен интеграциялоо;  

- Кыргыз Республикасынын төлөм системасын учурдагы абалын контролдоо;  

- системалуу мааниге ээ төлөм системаларынын жана алардын айрым компоненттеринин иш регламентин кароого алуу жана бекитүү;  

- Кыргыз Республикасынын төлөм системасын өнүктүрүү жана өркүндөтүү боюнча негизги багыттарды жана долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча иштерди координациялоону жана контролдукка алууну;  

- Кыргыз Республикасынын төлөм системасын өнүктүрүү жана өркүндөтүү, инновациялык төлөм технологиялары боюнча долбоорлорду жүзөгө ашыруу пландарын жана мөөнөттөрүн кароо, бекитүү, корректировкалоо;  

- төлөм системаларынын банктар аралык соода системалары жана чет өлкө төлөм системалары менен өз ара аракеттенүү;  

- төлөм системасында орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди жана аларды төмөндөтүү боюнча сунуштарды кароого алуу, төлөм системасында орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди төмөндөтүү боюнча чечимдерди кабыл алуу;  

- Улуттук банк алардын операторлору болуп саналган төлөм системаларынын (Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы жана Майда жана чекене төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасы) кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди белгилөө;  

- төлөм/банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануучулардын укугун коргоо максатында төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан сунушталган төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн монополияга каршы жөнгө салуу боюнча тарифтик саясат маселелерин кароого алуу; төлөм системасына тиешелүү маселелерде керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча өз убагында чечимдерди иштеп чыгуу жана кабыл алуу;  

- ченемдик документтердин долбоорлорун, типтүү келишимдер долбоорлорун жана төлөм системаларынын интеграциялык долбоорлорунун алкагында сунуш-көрсөтмөлөрдү кароого алуу  

8. Комитеттин төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо, жөнгө салуу жана аларды көзөмөлдөө жагында милдеттеринен болуп төмөнкүлөр саналат:  

1) төмөнкү ишкердиктерге лицензияларды берүү/лицензияны кайра чакырып алуу жагында чечим кабыл алуу:  

үчүнчү жактардын пайдасына өз иш натыйжасынан болуп саналбаган, маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системасынын компоненттери аркылуу товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алуу жана жүргүзүү боюнча кызматтарды көрсөтүү;  

- процессинг жана клиринг борборлору тарабынан төлөм системасынын катышуучуларына үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана сунуштоо боюнча кызматтарды көрсөтүү;  

2) КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 8-августундагы № 2022-П-14/50-6-(ПС) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

3) Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын бузган учурда, төлөм системаларынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына карата таасир этүү чараларын колдонуу боюнча чечим кабыл алуу; 

4) «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобого ылайык атайын жөнгө салуу режиминин алкагында лицензияларды берүү, убактылуу токтотуу, узартуу, кайтарып алуу жана аракетин токтотуу боюнча чечимдерди кароо жана кабыл алуу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 12-августундагы № 2020-П-12/45-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

9. Төлөм системалары чөйрөсүндө стратегиялык максаттарды аныктоонун жана ченемдик документтерди өркүндөтүүнүн алкагында Комитет ага жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат: 

- төлөм системасын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын кароого алат;  

«- төлөм системаларын жана инновациялык технологияларды өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик программалардын, концепциялардын, ченемдик документтердин долбоорлорун зарылчылыкка жараша карайт жана макулдашат; 

- төлөм системасына көзөмөлдүк (оверсайт) боюнча саясатты кароого алат;  

- төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине талаптарды белгилөө боюнча сунуштарды кароого алат;  

- төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдарына карата жергиликтүү сыяктуу эле, чет өлкөлүк башка көзөмөл органдары менен өз ара иш алып барат.  

10. Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын ишин көзөмөлдөөнүн (оверсайт) алкагында Комитет төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат: 

- Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн төлөм системасын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө (оверсайт) боюнча иштерин координациялоо;    

- системалуу мааниге ээ, маанилүү жана улуттук төлөм системаларынын, орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерлеринин тизмесин кароо жана бекитүү;   

- төлөм системасын көзөмөлдөө (оверсайт) ыкмаларын бекитүү;    

- системалуу мааниге ээ, маанилүү жана улуттук төлөм системаларынын өзүн-өзү баалоо натыйжаларын кароо жана бекитүү;    

- системалуу мааниге ээ, маанилүү жана улуттук төлөм системаларынын, ошондой эле орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерлеринин ишине карата талаптарды иштеп чыгуу жана координациялоо; 

- төлөм системаларынын катышуучуларына карата таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө чечимдерди кабыл алууда банктык көзөмөл органдары жана Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети менен өз ара иш алып баруу;    

- Улуттук банктын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана башка өлкөлөрдүн борбордук банктары менен төлөм системасын көзөмөлдөө (оверсайт) жагында өз ара иш алып баруусун координациялоо; 

11. КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 8-августундагы № 2022-П-14/50-6-(ПС) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

12. Төлөм системаларынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына лицензия берүүнүн алкагында Комитеттин функцияларына төмөнкүлөр кирет:: 

- Төлөм системалары башкармалыгынын төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун лицензиясын алуу үчүн өтүнүч ээси тарабынан берилген документтердин негизинде, анын ичинде лицензия берүү алдындагы текшерүүнүн натыйжасы боюнча корутундусун кароо;    

- төлөм системасынын операторуна жана/же төлөм уюмуна лицензия берүү/лицензия берүүдөн баш тартуу боюнча чечим кабыл алуу;    

- уюштуруучунун/катышуучунун тиешелүү арызынын/билдирүүсүнүн негизинде төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун ишин токтотуу жөнүндө чечимди кошо алганда, төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун лицензиясын кайтарып алуу жөнүндө чечим кабыл алуу.»; 

12-1 «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобого ылайык төлөм системаларына тиешелүү маселелер боюнча атайын жөнгө салуу режиминин алкагында Комитеттин функциясына төмөнкүлөр кирет:    

- «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобого ылайык төлөм системаларына тиешелүү маселелер боюнча атайын жөнгө салуу режиминин алкагында лицензия алуу үчүн өтүнүч ээсинин берген документтери боюнча Төлөм системалары башкармалыгынын корутундусун кароо; 

- атайын жөнгө салуу режиминин алкагында өтүнүч ээсине лицензия берүү/лицензия берүүдөн баш тартуу боюнча чечим кабыл алуу;    

- Төлөм системалары башкармалыгынын корутундусун кароо жана лицензиат тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын, анын ичинде инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн натыйжасында аныкталган бузуулардан улам атайын жөнгө алуу режиминин алкагында лицензиянын аракетин убактылуу токтотуу, кайтарып алуу жана аракетин токтотуу жөнүндө чечим кабыл алуу; 

- Төлөм системалары башкармалыгынын корутундусун кароо жана атайы жөнгө салуу режиминин алкагында, анын ичинде инспектордук текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча лицензияны колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечим кабыл алуу; 

- лицензиаттын/уюштуруучунун/катышуучунун тиешелүү арызынын/билдирмесинин негизинде лицензияны колдонуу мөөнөтүн токтотуу жөнүндө чечимди кошо алганда, лицензияны кайтарып алуу жөнүндө чечим кабыл алуу. 

13. Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуунун алкагында:  

- төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине карата талаптарды зарыл болгон учурда координациялоо жана иштеп чыгуу;  

- төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдарына карата жергиликтүү сыяктуу эле, чет өлкөлүк көзөмөл органдары менен өз ара иш алып баруусун координациялоо 

14. КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 8-августундагы № 2022-П-14/50-6-(ПС) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

15. Комитет төлөм системасынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына карата төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алат: 

а) төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына жана алардын кызмат адамдарына карата акчалай айып пул белгилөө

б) төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын кызмат адамдарын иштен четтетүү же алмаштыруу; 

в) лицензиянын алкагында төлөмдөрдү кабыл алууну чектөө жана/же төлөмдөрдүн жана операциялардын айрым түрлөрүн жүргүзүүнү чектөө

г) төмөнкү түрдөгү атайын режим киргизүү

- тике банктык көзөмөл; 

- убактылуу администрация; 

д) лицензиянын аракетин убактылуу токтотуу; 

е) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык лицензияны кайтарып алуу; 

ж) төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын саясаттарын, жоболорун, жол-жоболорун жана башка ички ченемдик документтерин өзгөртүү жөнүндө талаптар; 

з) «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамдарда белгиленген чектөөлөрдү жана тыюу салууларды киргизүү». 

3-глава. Комитеттин курамы  

17. Комитеттин курамына төмөнкүлөр кирет: Улуттук банктын төрагасынын орун басары/банк Башкармасынын мүчөсү - төлөм системасынын куратору (Комитеттин төрагасы) жана Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери;  

18. Комитеттин өздүк курамы Улуттук банктын буйругу менен бекитилет. Комитеттин курамына кеңеш берүү укугу менен Улуттук банктын буйругуна ылайык Улуттук банктын кызматкерлери киришет. Комитеттин төрагасы жана башка мүчөлөрү жок учурда анын ишине Улуттук банктын буйругуна ылайык кызматы боюнча алардын ордун алмаштыруучу адамдар катышышат.  

19. Комитеттин отурумуна кароого алынып жаткан маселелерге жараша Улуттук банктын кызматкерлери, төлөм системаларынын операторлорунун, төлөм уюмдарынын, коммерциялык банктардын өкүлдөрү чакыртылышы мүмкүн.  

20. Комитеттин төрагасы Комитеттин ишин уюштурат жана координациялайт, Комитеттин отурумдарында кароого алынууга тийиш болгон маселелерди аныктайт, Комитеттин мүчөлөрүнө тапшырма берет.  

21. Комитеттин мүчөлөрү чечимдердин жана сунуш-көрсөтмөлөрдүн долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча тапшырмаларды аткарышат, ар кандай маселелерди иликтөөгө жана аларды талкуулоого катышышат, ушул жобого тиешелүү башка тапшырмаларды аткарышат.  

22. Комитеттин жооптуу катчысынын милдетин Төлөм системасы башкармалыгынын кызматкери аткарат. Комитеттин отурумдарын уюштурууга жана документтердин даярдалышына контролдукту Төлөм системасы башкармалыгынын начальниги жана Комитеттин төрагасы ишке ашырат.  

23. Комитеттин катчысынын милдеттерине төмөнкүлөр кирет:  

а) Комитеттин отурумдарын уюштуруу, өз убагында өткөрүлүшүн камсыз кылат, Комитеттин мүчөлөрүнө отурум өткөрүлүүчү күн, күн тартиби жөнүндө маалымат берет;  

б) кароого алынып жаткан маселелер боюнча документтердин жана материалдардын зарыл топтомун Комитеттин бардык мүчөлөрүнө белгиленген мөөнөттө жөнөтүү;  

в) Комитеттин кийинки жылга иш планынын долбоорун түзүү;  

г) Комитеттин отурумдарынын протоколдорун даярдоо жана Комитеттин токтомдорун жана/же чечимдерин тариздетүүгө жана даярдоо мөөнөттөрүнө контролдук кылуу;  

д) түзүмдүк бөлүмдөрдүн материалдарынын Комитеттин Регламентине ылайык даярдалышын жана таризделишин контролдоо; 

е) түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан Комитеттин токтомдорунун жана башка чечимдеринин (буйрууларынын) аткарылышы жөнүндө отчетту чейрек сайын даярдоо.  

4-глава. Комитетинин ишин уюштуруу  

24. Комитет өз ишин ушул жобонун 2-бөлүгүндө белгиленген милдеттерге ылайык жүзөгө ашырат.  

25. Комитеттин иши бекитилген күн тартибинин негизинде отурум формасында  

үз катышуу, онлайн же сурамжылоо ыкмасы менен) ишке ашырылат. Кезектеги жана кезексиз отурумдарды өткөрүү материалдарында чечим кабыл алууга жетиштүү документтер камтылууга тийиш. 

26. Комитет төмөнкүлөрдү чейрек ичинде кеминде бир жолу карайт:  

- Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын абалы жөнүндө отчет;  

- Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүк (оверсайт) боюнча отчет;  

- ЭЛКАРТ улуттук төлөм системасынын күндөлүк абалы жөнүндө отчет.  

27. Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмү Комитеттин кароосуна Комитеттин Регламентине ылайык документтер топтомун сунуштайт, анда тиешелүү башкармалыктын төраганын жана Комитеттин мүчөлөрүнүн атына жазылган, Комитеттин отурумунун күн тартибинин долбоорунда көрсөтүлгөн ар бир маселе өз-өзүнчө, ошол маселе боюнча абалды иликтөө жана баалоо жөнүндө маалымат кыскача жана ырааттуу чагылдырылган кызматтык кат камтылууга тийиш. Эгерде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизиле турган болсо, салыштырма таблица кошо сунушталуусу зарыл. 

28. Дароо чечим кабыл алууну талап кылган Комитеттин кезексиз (пландан тышкаркы) отуруму Комитеттин төрагасынын же анын милдетин аткарган адамдын же болбосо Комитеттин мүчөлөрүнүн биринин демилгеси боюнча отурум өткөрүлүүчү күндү жана убакытты маалымдоо менен өткөрүлүшү мүмкүн. Кезексиз отурумдун жүрүшүндө ушул жобого ылайык Комитеттин компетенциясына кирген жана кечиктирүүсүз дароо чечим кабыл алууну талап кылган кандай болбосун маселе каралышы мүмкүн. 

29. Комитет мүчөлөрүнүн 2/3 добушу менен отурумдун кворумун түзөт, анын бирөө Комитеттин төрагасы же анын милдетин аткарган адам болууга тийиш Эгерде Комитеттин отурумунда анын мүчөлөрүнүн жарымынын көбү болсо, алардын бири Комитеттин төрагасы же анын милдетин аткарган адам болгон шартта ал ыйгарым укуктуу болуп саналат.  

30. Комитеттин кароосуна коюлган маселелер боюнча чечимдер Комитеттин отурумунда катышып жаткан мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн добуш берүүсү менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат. Добуш тең болгон учурда Комитеттин төрагасынын же анын милдетин аткарып жаткан адамдын добушу чечүүчү болуп саналат.  

31. Төлөм системасы боюнча комитеттин отурумдарында кароого алынуучу маселелерди талкуулоонун жыйынтыгында чечимдер төмөнкү формаларда кабыл алынат:  

- Комитеттин токтому;  

- Комитеттин протоколдук тапшырмасы.  

32. Комитеттин отуруму протокол менен таризделет, протокол Комитеттин мүчөлөрү менен макулдашылгандан кийин ага Комитеттин төрагасы, Комитеттин мүчөлөрү жана Комитеттин катчысы тарабынан кол коюлат. Протокол түзүү жол-жобосу менен тартиби Комитеттин Регламенти менен аныкталат. Протокол Комитет отурум өткөргөндөн кийин беш жумуш күнү ичинде таризделет жана макулдашылат. 

33. Комитеттин чечими менен Улуттук банктын ишке тартылган түзүмдүк бөлүмдөрү, ал эми зарыл учурларда төлөм системаларынын операторлору, төлөм уюмдары, коммерциялык банктар (төлөм системаларынын катышуучулары) менен Комитеттин Регламентине ылайык Комитеттин отурумунан толтурулган протоколдун көчүрмөсүн, Комитеттин токтомунун көчүрмөсүн же Комитеттин токтомун жөнөтүү аркылуу тааныштырылат. 

34. Комитеттин протоколдук тапшырмалары Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш. Протоколдук тапшырма Комитеттин Регламентине ылайык таризделет, ага Комитеттин катчысы кол коёт жана протоколдук тапшырма Комитеттин отурумунда маселени кароону демилгелеген жак тарабынан түзүлгөн жөнөтүү көрсөткүчүнө ылайык Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнө, төлөм системаларынын катышуучуларына тааныштырылат. 

35. Комиссиянын чечими талаш-тартыштарды жөнгө салуу боюнча сотко чейинки жол-жобосун жөнгө салган Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.  

36. Комитеттин иши Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү чечиминин негизинде токтотулат.  

5-глава. Комитеттин жоопкерчилиги  

37. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Комитеттин төрагасы жана анын мүчөлөрү ушул жобонун талаптарынын сакталышы жана аткарылышы, ошондой эле Комитеттин отурумунда каралган жана кабыл алынган чечимдер үчүн жоопкерчилик тартышат.  

38. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте отурум үчүн материалдарды даярдоо үчүн жооптуу бардык адамдар, анын ичинде Комитеттин мүчөлөрү Комитеттин отурумунда каралган маселелер боюнча маалыматтын толуктугу жана аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартышат.