Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 30-сентябрындагы  

№ 2019-П-14/50-3-(ПС) токтомуна карата 

тиркеме 

Төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө 

ЖОБО 

 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 29-августундагы № 2022-П-14/54-5-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

1-глава. Жалпы жоболор 

1. Жободо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында өз ишин жүзөгө ашырып жаткан төлөм системаларынын операторлоруна (банктарды жана башка финансы-кредит уюмдарын эске албаганда), төлөм уюмдарына карата таасир этүү чаралары жана аларды колдонуу тартиби аныкталган. 

2. Таасир этүү чаралары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул жободо каралган тартипте колдонулат. 

3. Улуттук банк таасир этүү чараларын, төлөм системаларынан пайдалануучулардын укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыгын коргоо, төлөм системаларынын натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн колдоого алуу жана камсыз кылуу, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттерди көрүү максатында колдонот. 

4. Төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына жана (же) алардын кызмат адамдарына карата таасир этүү чараларын колдонуу үчүн негиз болуп, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамында, Кыргыз Республикасынын «Банк жана банк иштери жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө», «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамдарында, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген ченемдерди, талаптарды жана чектөөлөрдү бузуу саналат. Улуттук банк ушул Жободо каралган бузуулар аныкталган учурда, төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына жана (же) алардын кызмат адамдарына карата таасир этүү чараларын колдонот. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 29-августундагы № 2022-П-14/54-5-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

5. Улуттук банк төлөм системасынын операторуна/төлөм уюмуна маалымдоо иретинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын белгилүү бир нормаларын бузууга жол бергендиги же төлөм системасынын коопсуздугуна жана ишенимдүүлүгүнө коркунуч жараткан ишкердикти жүргүзүп жаткандыгы тууралуу, ошондой эле мындан ары аларга карата тиешелүү таасир этүү чаралары колдонулушу мүмкүндүгү тууралуу жазуу түрүндө эскертүү жөнөтүүгө укуктуу. Эскертүү таасир этүү чарасы болуп саналбайт. Жазуу түрүндөгү эскертүүгө төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун ишин жөнгө салуу, көзөмөлдөө жана контролдоо функцияларын аткарган түзүмдүк бөлүмдүн начальнигинин же анын орун басарынын кол тамгасы коюлат. 

2-глава. Таасир этүү чаралары жана алардын колдонулушу 

6. Бул жободо төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу төмөнкүдөй таасир этүү чаралары аныкталган: 

- жазма буйрук жөнөтүү

- төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына жана алардын кызмат адамдарына карата айыптык төлөм белгилөө

- кызмат адамдарын иштен четтетүү же алмаштыруу; 

- лицензияда каралган төлөмдөрдү кабыл алууга жана/же төлөмдөрдүн жана операциялардын айрым түрлөрүн жүргүзүүгө чектөө киргизүү

- атайын режимди төмөнкү түрдө киргизүү

- тике банктык көзөмөл; 

- убактылуу администрация; 

- лицензиянын ишин убактылуу токтотуу; 

- лицензияны кайтарып алуу. 

7. Таасир этүү чаралары бузууга жол берилген жагдайга, анын татаалдыгына жана олуттуулугуна жараша, ошондой эле төлөм системасынан пайдалануучуларга жана катышуучуларга тийгизген таасирине жараша колдонулат. Таасир этүү чараларын колдонууда алардын кезеги жана ырааттуулугу каралбайт. Улуттук банк бир бузууга жол берүү үчүн бир нече таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу. 

8. Тиешелүү таасир этүү чараларын колдонуу чечими Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитети тарабынан токтом түрүндө кабыл алынат.  

Жазма буйрук түрүндө таасир этүү чарасын колдонуу чечимин төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу, көзөмөлдөө жана контролдоо милдеттерин аткарган түзүмдүк бөлүмдүн начальниги кабыл алат. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 29-августундагы № 2022-П-14/54-5-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

9. Төлөм системасынын операторуна/төлөм уюмуна аныкталган бузууларды белгилүү бир мөөнөт ичинде четтетүү тууралуу жазма буйрук төмөнкү учурларда жөнөтүлөт: 

- Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында аныкталган финансылык жана башка отчеттор берилбесе; 

- көз карандысыз финансылык аудиттин, маалымат системасынын аудитинин корутундусу жана ага карата тиркемелер белгиленген мөөнөттө жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык берилбесе; 

- Улуттук банкка мөөнөтүнөн кечиктирилген/такталбаган/толук эмес маалыматты сунуштаса; 

- инспектордук текшерүү учурунда техникалык документтер жана башка суралган маалыматтар/документтер берилбесе же болбосо анык эмес/толук эмес маалыматтар/документтер берилсе, ошондой эле Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык аппараттык-программалык комплекстин ишинде пайдаланылуучу документтер жок болсо жана/же берилбесе; 

- төлөм системасынын ишинде техникалык үзгүлтүк келип чыккан учурда ал 24 саат ичинде четтетилбесе; 

- (Абзац Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 29-августундагы № 2022-П-14/54-5-(ПС) токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарын, ошондой эле монополияга каршы мыйзамдарын жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарды бузууга жол берилсе. 

(Абзац Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 29-августундагы № 2022-П-14/54-5-(ПС) токтомуна ылайык күчүн жоготту). 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 29-августундагы № 2022-П-14/54-5-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

9-1. Жазма буйрукта мыйзам бузуу фактысы көрсөтүлүүгө, төлөм системаларынын оператору/төлөм уюму жана/же алардын кызмат адамдары тарабынан бузууга жол берилген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына так шилтемелер, ошондой эле аларды жоюу мөөнөтү камтылууга тийиш. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 29-августундагы № 2022-П-14/54-5-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

10. Улуттук банк төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата айыптык төлөм белгилөөгө укуктуу. 

Төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата айыптык төлөм алардын активдеринин баланстык наркынан (акыркы отчеттук датага карата) 10 (он) пайызынан ашпаган өлчөмдө төмөнкү учурларда белгиленет: 

- Улуттук банктын жазма буйругун белгиленген мөөнөттө аткарбаса; 

- финансылык же башка отчетту системалуу түрдө (12 (он эки) календардык ай ичинде 2 же андан көп жолу) сунуштабаса же болбосо кечиктирип/такталбаган/толук эмес маалыматты, финансылык же башка отчетту же маалыматты сунуштаса; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, анын ичинде монополияга каршы жөнгө салуу мыйзамдарын жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарды бузуу; 

- инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн алкагында Улуттук банктын кызматкерлеринин көзөмөлдөө функцияларын аткаруу учурунда аларга каршы аракеттер көрүлсө

Төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары айыптык төлөм белгилөө жөнүндө токтом берилген күндөн тартып бир ай мөөнөт ичинде айыптык төлөмдү төлөөгө милдеттүү

Эгерде, төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары айыптык төлөмдү төлөбөсө, Улуттук банк аткаруу өндүрүшүнүн чегинде карызды мажбурлап өндүрүү чараларын же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 29-августундагы № 2022-П-14/54-5-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

11. Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын кызмат адамдарына айыптык төлөм белгилөө

Төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын кызмат адамдарына төлөмдөрдүн ушул уюмдагы бардык түрлөрүн кошо алганда, жылдык орточо сый акыдан ашпаган өлчөмдөгү (кызматтык эмгек акы, сый акы, бонустар ж.б.) айыптык төлөм төмөнкү учурларда белгиленет: 

- төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын лицензиясынын иши токтотулушуна/кайтарылып алынышына, анын мажбурлап жоюлушуна же банкрот болушуна алып келе турган төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын кызмат адамдарынын иш-аракеттери же аракеттенбей коюусу жылдык орточо сый акынын 50 пайызы өлчөмүндө

- Улуттук банктын жазма буйруктарын аткарбаган учурда жылдык орточо сый акынын 50 пайызы өлчөмүндө

- финансылык же башка отчетту системалуу түрдө (12 (он эки) календардык ай ичинде 2 же андан көп жолу) сунуштабаса же болбосо кечиктирип/такталбаган/толук эмес маалыматты, финансылык же башка отчетту сунуштаса жылдык орточо сый акынын 30 пайызы өлчөмүндө

- Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарын, монополияга каршы жөнгө салуу мыйзамдарын жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарды бузууга жол берсе жылдык орточо сый акынын 50 пайызы өлчөмүндө

- инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн алкагында Улуттук банктын кызматкерлеринин көзөмөлдөө функцияларын аткаруу учурунда аларга каршы аракеттер көрүлсө жылдык орточо сый акынын 50 пайызы өлчөмүндө

Кызмат адамынын орточо жылдык сый акы өлчөмү төмөнкү формула боюнча эсептелет:  

B/3/29,6*365, мында:  

В Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган милдеттүү салык төлөмдөрүн жана социалдык чегерүүлөрдү алып салуу менен төлөөнүн бардык түрлөрүн (кызматтык эмгек акы, сый акы, бонустар ж.б.) кошо алганда, кызмат адамынын акыркы үч ай үчүн сый акысы;  

3 айлардын саны;  

29,6 календардык күндөрдүн орточо айлык саны;  

365 бир жыл ичиндеги күндөрдүн саны. 

Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын кызмат адамдары айыптык төлөм белгилөө жөнүндө токтом берилген күндөн тартып бир ай мөөнөт ичинде айыптык төлөмдү төлөөгө милдеттүү

Эгерде, төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын кызмат адамдары айыптык төлөмдү төлөбөсө, Улуттук банк аткаруу өндүрүшүнүн чегинде айыптык төлөмдү мажбурлап өндүрүү чараларын же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.  

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 29-августундагы № 2022-П-14/54-5-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

12. Төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына жана алардын кызмат адамдарына айыптык төлөмдүн белгилениши алардын бузууга жол берүүлөрдү четтетпеши же кызматтардан керектөөчүлөр/товарларды/кызматтарды сунуштоочулар/агенттер алдында финансылык милдеттенмелерин аткарбашы үчүн негиз болуп саналбайт. 

13. Улугтук банк төлөм системаларынын операторлоруна жана/же төлөм уюмдарына жана алардын кызмат адамдарына карата Кыргыз Республикасынын укук Бузуулар жөнүндө кодексинде каралган укук бузууларга жол бергендиги үчүн айыптык төлөм белгилөөгө укуктуу. Ушул учурда айыптык төлөмдү белгилөө чечими Кыргыз Республикасынын укук Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык кабыл алынат. Бир эле укук бузууга жол берүү үчүн эки жолу жоопкерчиликке тартууга жол берилбейт. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 29-августундагы № 2022-П-14/54-5-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

14. Улуттук банк төмөнкү учурларда төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын кызмат адамдарын иштен четтетүүгө же алмаштырууну талап кылууга укуктуу: 

- кызмат адамдары Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келбеген же кызматтык функцияларын аткарбаган/талаптагыдай деңгээлде аткарбаган учурда; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 15-июнунда кабыл алынган № 25/8 токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын төлөм системасында орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди тескөө саясатына ылайык төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын ишинде ички контролдукту жана тобокелдиктерди тескөөнү тиешелүү деңгээлде жүргүзбөсө

- кызмат адамдарынын төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын иши боюнча уюмдун башкаруу органдарынын жана жөнгө салуу органдарынын буйругун Уставга ылайык аткарууга жөндөмсүздүгү

- Улуттук банктын талаптарын же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол берүү менен аффилирленген жактар жана алар менен байланыштуу адамдар менен операцияларды жүргүзгөн учурда; 

- төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары же алардын башкаруу органдары/кызмат адамдары Улуттук банкка маалыматты сунуштабаса же мөөнөтүнөн кечиктирилген/такталбаган/толук эмес маалыматты сунуштаса; 

- Улуттук банкка отчетторду сунуштабаса же мөөнөтүнөн кечиктирип/толук эмес же такталбаган отчетторду сунуштаса; 

- ички чыр-чатактар же болбосо төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын катышуучулары/акционерлери ортосунда үчүнчү жактарды, укук коргоо же сот органдарын тартуу менен териштирүүлөр орун алган, ошондой эле төлөм системасынын туруктуулугуна, үзгүлтүксүз, коопсуз ишине, төлөмдөрдү өз учурунда жүргүзүүсүнө, төлөм кызматтарын пайдалануучулардын укуктарынын корголушуна, ошондой эле төлөм системаларынын операторунун/төлөм уюмунун финансылык туруктуулугуна коркунуч алып келүүчү аракеттер демилгеленген же жүргүзүлгөн учурда; 

- ыйгарым укуктарынан уюмдун кызыкчылыгына эмес пайдалануу; 

- Улуттук банктын жазма буйруктарын жана талаптарын аткарбаса; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда. 

Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитети төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмдун кызмат адамдарын иштен четтетүү же алмаштыруу боюнча токтом түрүндө чечим кабыл алат. 

15. Улуттук банк төмөнкү учурларда төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун ишине тике банктык көзөмөлдүк түрүндө атайын режим киргизүүгө укуктуу: 

- төлөм системасынын ишинин үзгүлтүккө учурашына жана/же белгиленген мөөнөт ичинде пайдалануучулар алдында милдеттенмелеринин аткарылбай калышына алып келиши ыктымал болгон өзгөчө кырдаалдарда; 

- төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун келечектеги ишине кооптуу жагдайларды шартташы мүмкүн болгон, төлөм системасынын катышуучулары жана пайдалануучулары алдында финансылык милдеттенмелердин аткарылбай калышы жана белгиленген мөөнөт ичинде милдеттердин ордун жабууга жөндөмсүздүгү

- укук коргоо жана башка органдардын, адамдардын төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын мыйзамсыз аракеттерге жол бергендигин тастыктаган маалыматы болсо; 

- төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын кызмат адамдарынын жана/же башкаруу/аткаруу органдарынын алардын лицензиясынын токтотулушуна/кайтарылып алынышына жана анын мажбурлап жоюлушуна же банкрот болушуна алып келе турган аракеттери же аракеттенбей коюулары; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол берүү фактыларын жана Улуттук банктын жазма буйруктарында белгиленген убакыт ичинде кемчиликтер четтетилбегендиги аныкталган учурда. 

Тике банктык көзөмөл төлөм системасынын оператору/төлөм уюму ишке ашырган операцияларды контролдоо, анын финансылык абалына, эсепке алуусуна жана отчетуна, алар тарабынан күндөлүк финансылык милдеттенмелеринин аткарылышына мониторинг жүргүзүү максатында, ошондой эле Улуттук банк тарабынан аныкталган башка максаттарда киргизилет. 

16. Улуттук банк төмөнкү учурларда төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмдарынын ишине убактылуу администрация түрүндө атайын режим киргизүүгө укуктуу: 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык лицензияны кайтарып алуу үчүн кандай болбосун негиздер болсо; 

- эгерде, төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын башкаруу органдарынын ортосунда иштин үзгүлтүккө учурашына алы келиши мүмкүн болгон пикир келишпестиктер орун алса жана/же аларга өз ыктыяры менен жоюлууга уруксат берилбеген учурду кошо алганда, төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын башкаруу органдары же кызмат адамдары өз функцияларын аткара албаган же аткарбаган учурда, алардын ишин башкаруу мүмкүн болбосо; 

- төлөм системасынын оператору/төлөм уюму уставдык капиталдын өлчөмүнө карата талаптарды бузса жана Улуттук банктын баа берүүсү боюнча төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын финансылык абалы олуттуу начарлаган катары эсептөөгө негиздер болсо. 

Убактылуу администрация 6 (алты) айлык мөөнөткө чейин киргизилет жана Убактылуу администрация режиминин мөөнөтү аяктаган учурда же Улуттук банктын чечими боюнча мөөнөтүнөн мурда токтотулат. Убактылуу администрация режими 6 (алты) айдан ашпаган мөөнөткө бир жолу узартылышы мүмкүн. 

Улуттук банктын Убактылуу администрация режимин киргизүү тууралуу чечими төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын башкаруу органдарына жана кызыкдар жактарга белгиленген тартипте тааныштырылат. 

17. Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитети тике банктык көзөмөл/убактылуу администрация режимин киргизүү жөнүндө чечимди токтом түрүндө кабыл алып, анда төмөнкүлөрдү көрсөтөт: 

- тике банктык көзөмөл/убактылуу администрация режимин киргизүүнүн негизи жана мөөнөтү

- төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын жана Улуттук банктын ыйгарым укуктуу адамдарынын (төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары эсептешүү-кассалык операцияларды жүргүзүүдө Улуттук банк тарабынан ыйгарым укук чегерилген адамдардын ыйгарым укуктарын жана укуктарын кошо алганда) ишинин өзгөчө шарттары жана режимдери; 

- төлөм документтерди кабыл алуу жана/же төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын эсептерин аралыктан тейлөө учурунда, көзөмөлгө алынган уюмга (төлөм системасынын оператору жана төлөм уюму) тике банктык көзөмөл/убактылуу администрация режими киргизилгендиги тууралуу коммерциялык банктарга маалымдоо; 

- төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын Улуттук банктын жана тике банктык көзөмөл/убактылуу администрация режими боюнча ыйгарым укуктуу адамдар алдында милдеттери, анын ичинде отчеттун формалары; 

- Улуттук банктын тике банктык көзөмөлдөө үчүн ыйгарым укуктуу кызматкерин/кызматкерлерин же убактылуу администратор жана ишке тартылган адамдар, анын ичинде убактылуу администрациянын курамына кирген Улуттук банктын кызматкерлери жөнүндө маалымат. 

Тике банктык көзөмөл режими киргизилген учурда төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын кызмат адамдары мурдагыдай эле төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын финансылык абалына, ишинин жүргүзүлүшүнө жана милдеттеринин аткарылышына жооп берет. Ошол эле учурда алар төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун ишин Улуттук банктын ыйгарым укуктуу кызматкеринин/кызматкерлеринин көзөмөлдүгү алдында башкарат. 

Убактылуу администрация режими киргизилген учурда төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын кызмат адамдарынын жана башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары токтотулуп, убактылуу администрацияга өтөт. Төлөм системасынын операторунун жана төлөм уюмунун атынан юридикалык жак катары иш алып барууга убактылуу администрация гана укуктуу. Кимдир бирөөнүн төлөм системасынын операторунун жана төлөм уюмунун атынан жүргүзгөн кандайдыр бир иш-аракеттери жараксыз болуп эсептелет. 

Төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун катышуучулары жана кызмат адамдары Улуттук банктын ыйгарым укуктуу кызматкерине/кызматкерлерине төлөм системасынын операторунун жана төлөм уюмунун ишине байланыштуу бардык маалыматты берүүгө милдеттүү

Тике банктык көзөмөл түрүндө атайын режимине төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун ишинин өзгөчөлүгүнүн эске алуу менен Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 28-майындагы № 22/4 токтому менен бекитилген «Тике банктык көзөмөл жөнүндө» жобонун талаптары таркатылат. 

Убактылуу администрация түрүндө атайын режимине төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун ишинин өзгөчөлүгүнүн эске алуу менен Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-8-(НПА) токтому менен бекитилген «Убактылуу администрация жөнүндө» жобонун талаптары таркатылат. 

18. Лицензиянын алкагында төлөмдөрдү кабыл алууга жана/же төлөмдөрдүн жана операциялардын айрым бир түрлөрүн жүргүзүүгө чектөөлөр төмөнкү учурларда белгиленет: 

- төлөөгө жөндөмсүз катары таанылса же төлөм системасынын катышуучулары жана пайдалануучулары алдында алардын келечектеги ишине кооптуу жагдайларды шартташы мүмкүн болгон жана белгиленген убакытта аларды чече албаган финансылык милдеттенмелерин өз учурунда аткарбаса; 

- уставдык капитал өлчөмү боюнча талаптарды бузууга жол берсе; 

- төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун күнөөсү боюнча төлөм системасынын ишинде 48 (кырк сегиз) сааттан ашык убакытка созулган техникалык үзгүлтүк келип чыккан шартта; 

- төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун кызмат адамдарынын Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде каралган тастыктоочу документтерин (буйрук/буйруу/өтүнүч кат, ж.б.) көрсөтүүсүз, 1 (бир) жумуш күндөн көп ордунда болбогон учурда, бул иштин үзгүлтүккө учурашына жана/же төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун башкаруу органдары жана кызмат адамдары өз функцияларын/кызматтык милдеттерин аткарбаган шартта, аларды башкаруу мүмкүнчүлүгүн жоготууга алып келиши мүмкүн; 

- төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун кызмат адамдарынын төлөм системасына катышуучулардын жана андан пайдалануучулардын укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына кооптуу жагдайдын келип чыгышын шарттаган аракеттери же аракеттенбей коюусу. 

19. Лицензиянын аракетин убактылуу токтотуу чечими төмөнкү учурларда кабыл алынат: 

- Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитетинин токтомун системалуу түрдө (12 (он эки) календардык ай бою эки же андан көп жолу) аткарбаган учурда; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган операцияларды жүргүзгөн, анын ичинде террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарда каралган башка учурларда; 

- төлөм системасынын ишинде техникалык үзгүлтүк пайда болгон учурдан тартып, анын штаттык режимде иштеши 72 (жетимиш эки) сааттан ашык убакыт бою калыбына келтирилбеген шартта; 

- төлөм системасынын оператору/төлөм уюму төлөөгө жөндөмсүз катары таанылган же алардын кызматтарды сунуштоочулар жана/же төлөм кызматтарынан пайдалануучулар алдындагы келечектеги ишине коркунуч жараткан жана белгиленген убакытта аларды чече албаган финансылык милдеттери аткарылбаган учурда; 

- Улуттук банктын кызматкерлери көзөмөлдүк функцияларын аткаруу учурунда системалуу түрдө аларга каршы аракеттер көрүлсө

- Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарын бузууга жол берүү

20. Лицензиянын аракети төлөм системасынын оператору/төлөм уюму талаптарды бузууга жол берүүлөрдү четтеткен шартта, лицензиянын аракетин токтотуу боюнча мөөнөт бүткөндөн кийинки күндөн тартып, же болбосо төлөм системасынын оператору/төлөм уюму талаптарды бузууга жол берүүлөрдү мөөнөтүнөн мурда четтеткен учурда, лицензиянын аракетин токтотуу боюнча белгиленген мөөнөт бүткөнгө чейин Улуттук банк тарабынан калыбына келтирилет. 

21. Аныкталган бузууга жол берүүлөр мөөнөтүнөн мурда четтетилген учурда төлөм системасынын оператору/төлөм уюму тиешелүү документтерди сунуштоо менен Улуттук банкка бул тууралуу кат жүзүндө маалымдайт. Улуттук банк өз кезегинде, инспектордук текшерүү жүргүзүүгө укуктуу. 

22. Улуттук банк төлөм системасынын операторунан/төлөм уюмунан бузууга жол берүү мөөнөтүнөн мурда четтетилгендиги тууралуу билдирүү алган күндөн тартып беш жумуш күнүнөн кечиктирбестен, аныкталган бузууга жол берүүлөр төлөм системасынын оператору/төлөм уюму тарабынан четтетилгендиги боюнча инспектордук текшерүүнү отуз күндүк мөөнөт ичинде жүзөгө ашырат. Текшерүүнүн жыйынтыгында, Улуттук банк төлөм системасынын операторуна/төлөм уюмуна кат жүзүндө лицензиянын аракети калыбына келтирилгендиги же болбосо тиешелүү негиздемелерди көрсөтүү менен калыбына келтирүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим жөнөтүп, төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын лицензияларынын реестрине тиешелүү маалыматты каттайт. Лицензиянын аракетин калыбына келтирүү же калыбына келтирүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитети кабыл алат. 

23. Төлөм системасы боюнча комитет тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып, лицензиянын аракети калыбына келтирилген катары эсептелет. Төлөм системасынын оператору/төлөм уюму Улуттук банктын лицензиянын аракетин калыбына келтирүүдөн баш тартуу чечимине карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттануу менен кайрылууга укуктуу. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 29-августундагы № 2022-П-14/54-5-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

24. Лицензия төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун иши катышуучулардын жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдалануучулардын кызыкчылыгына коркунуч жаратышы мүмкүн болгон жагдайлар орун алганда жана төмөнкү учурларда кайтарылып алынат жана колдонулат: 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол берилсе (12 (он эки) календардык ай бою эки же андан көп жолу); 

- келечектеги ишине коркунуч жараткан жана белгиленген убакытта аларды чече аябаган (12 (он эки) календардык ай бою эки же андан көп жолу) финансылык проблемалар аныкталган учурда; 

- Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитетинин токтомун аткарбаса (12 (он эки) ырааттуу календардык ай ичинде эки же андан көп жолу); 

- төлөм системасынын оператору/төлөм уюму лицензия алган учурдан тартып, 1 (бир) жылдан ашык убакыт бою ишкердикти жүргүзүүнү кечиктирсе. 

25. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, лицензиянын кайтарылып алынышы төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун лицензияда белгиленген ишкердикти жүргүзүүсүн токтотууга алып келет. 

26. Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитети тобокелдиктерге жол бербөө жана төлөм системасынан пайдалануучулардын укугун жана мыйзамдык кызыкчылыктарын коргоо максатында, башка таасир этүү чараларын алдын ала колдонуусуз лицензияны кайтарып алуу жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн. 

27. Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитетинин чечими кабыл алынган күндөн жана төлөм системасынын операторуна/төлөм уюмуна маалымдалган учурдан тартып күчүнө кирет, эгерде, Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитетинин чечиминде башка мөөнөт көрсөтүлбөсө

28. Төлөм системасынын оператору/төлөм уюму Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитетинин лицензияны кайтарып алуу жөнүндө чечимин алгандан кийинки үч жумуш күнү ичинде, анын түп нускасын Улуттук банкка тапшырууга тийиш. 

29. Улуттук банк лицензия кайтарылып алынгандыгы жөнүндө жазууну реестрге чагылдырып, маалыматты Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жайгаштырат. 

30. Төлөм системасынын операторуна/төлөм уюмуна тике банктык көзөмөл, убактылуу администрация режимдери киргизилген, төлөмдөрдү кабыл алууга жана/же, төлөмдөрдүн жана операциялардын айрым түрлөрүн жүргүзүүгө тыюу салынган учурда, лицензиясынын иши токтотулган/кайтарып алынган/калыбына келтирилген жана алар өз ыктыяры менен жоюлган шартта, Улуттук банк бардык коммерциялык банктарга, төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына билдирүү жөнөтөт. 

Маалымдоо процессин тездетүү, ошондой эле маалымдоо убактысын жана күнүн каттоо максатында, Улуттук банк таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө билдирменин көчүрмөсүн коммерциялык банктардын, төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын расмий электрондук даректерине жөнөтөт, ошондой эле төлөм системасынын башка катышуучуларына (кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануучуларга, товарларларды/кызматтарды сунуштоочуларга) билдирүү үчүн, Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жайгаштырат. 

3-глава. Төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмунун төлөмдөрдү аягына чыгаруу тартиби 

31. Лицензиянын аракети убактылуу токтотулган/кайтарылып алынган учурдан тартып төлөм системасынын оператору/төлөм уюму төмөнкүлөр боюнча ишин толугу менен токтотууга тийиш: 

- үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү жүргүзүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу, өз ишинин натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу, төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү

- үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматты (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана төлөм системасынын, ушул процессингдин, клиринг борборунун катышуучуларына берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 29-августундагы № 2022-П-14/54-5-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

32. Эгерде, лицензиянын чегинде төлөмдөрдү кабыл алууга жана/же төлөмдөрдүн жана операциялардын айрым түрлөрүн жүргүзүүгө чектөөлөр киргизилген, лицензиясынын аракети убактылуу токтотулган/чектөөлөр белгиленген/кайтарылып алынган же өз ыктыяры менен жоюлган/жоюлган/банкротко учуруган шартта, төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун системасына төлөмдөр келип түшсө (система жана анын ишиндеги техникалык үзгүлтүк толук өчүрүлгөнгө чейин жана товарларды, кызматтарды сунуштоочулар жана төлөм системасынын катышуучулары менен түзүлгөн келишим ошол учурда колдонууда болсо), анда бул төлөмдөр төлөм системасынын оператору/төлөм уюму тарабынан кабыл алынууга, аягына чыгарылууга жана төлөнүүгө тийиш. Мындай төлөмдөрдүн аягына чыгарылгандыгы жөнүндө маалымат Улуттук банкка Төлөм системасы боюнча комитеттин чечими берилгенден, жарыялангандан, таркатылгандан жана тааныштырылгандан кийинки күндөн кечиктирилбестен, жазуу жүзүндө берилүүгө тийиш. Төлөм системасынын оператору/төлөм уюму Улуттук банкка бул маалыматты жеткирбеген/же белгиленген мөөнөтүнөн кечиктирип жеткирген жана/же мындай төлөмдөрдү аягына чыгарбаган шартта, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таасир этүү чаралары колдонулат. 

4-глава. Корутунду жоболор 

33. Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитетинин төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына жана/же алардын кызмат адамдарына карата таасир этүү чараларын колдонуу тууралуу чечимине даттануу менен кайрылуу Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/13 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө» жобого ылайык жүзөгө ашырылат. 

34. Эгерде, төлөм системасынын оператору/төлөм уюму катары банк же башка финансы-кредит уюму иш алып барса, анда таасир этүү чарасы Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июндагы № 2017-П-12\25-4-(НПА)-(ПС) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензияланган банктарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобого ылайык колдонулат. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 29-августундагы № 2022-П-14/54-5-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык)