Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын  

өкмөтү Улуттук банкы 

 

 

ТОКТОМ 

2004-жылдын 11-марты, № 144/1/6 

Кыргыз Республикасынын төлөм системасында төлөмдөрдүн өтүү  

мөөнөттөрүн белгилөө жана алардын өтүү мөөнөттөрүн бузуу үчүн  

жоопкерчилик жөнүндө 

 

Электрондук төлөмдөрдүн банктар аралык системасын колдонууга киргизүүгө байланыштуу, төлөмдөрдүн өтүшүн жана эсептешүүлөрдү тартипке келтирүү жана тездетүү, ошондой эле төлөмдөрдүн өтүү мөөнөттөрүн бузууга жоопкерчиликти күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын өкмөтү токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында төлөмдөрдүн төмөнкүдөй өтүү мөөнөттөрү белгиленсин: 

- Кыргыз Республикасынын чектеринде банктардын ортосунда бир банктык күндөн ашпаган; 

- Кыргыз Республикасынын чектеринде банктардын кардарларынын ортосунда эки банктык күндөн ашпаган; 

- андан ары которуу үчүн накталай акча каражаттарын төгуу аркылуу төлөмдөрдүн жана пластикалык карталарды пайдалануу менен төлөмдөр үчүн - эки банктык күндөн ашпаган. 

2. Төлөмдөрдүн өтүү мөөнөттөрү аткарууга кабыл алынган төлөм документинин негизинде кардардын эсебинен төлөөчү банк тарабынан акча каражаттарын эсептен чыгаруу датасынан баштап жана кардардын эсебине алуучу банк акча каражаттарын кириштеген датага чейин эсептелсин.  

3. Төлөм документи эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана (же) банктардын жана кардарлардын ортосунда эки тараптуу келишимдерде башкача каралбаса аны тариздеген дата катарында көрсөтүлгөн күндүн ичинде гана жарактуу жана аткарууга кабыл алынат деп эсептелсин. 

4. Кардарлардын эсебине каражаттарды өз учурунда кириш кылбаган учурда кардарлар эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана банктар менен кардарлардын ортосунда эки тараптуу келишимдерде башкача каралбаса ар бир мөөнөтү өткөн күн үчүн мөөнөтү өткөн төлөм суммасынан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын колдонуудагы учеттук ставкасынын үч эсе өлчөмүндө акчалай милдеттенмени аткарбагандыгы үчүн банктардан проценттерди төлөөнү талап кылууга укуктуу.  

5. Банктарга жана алардын филиалдарына байланыш жана электр энергия боюнча кызматтарды көрсөтүүгө уюмдар менен келишимдерди түзүдөө «Электрэнергетикасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-статңясына ылайык бул кызматтар менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн байланыш жана электр энергия боюнча кызматтарды көрсөтүүчү уюмдардын жоопкерчилигин кароо сунушталсын. 

6. Коммерциялык банктар, Улуттук автоматташтырылган клирингдик палата жана төлөм системасынынын башка катышуучулары төлөмдөрдү белгиленген мөөнөттөрдө жүргүзүү үчүн зарыл чараларды көрүшсүн. 

7. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын: 

- “Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу жана төлөмдөрдү өз учурунда жүргүзүү үчүн банктардын жоопкерчиликтерин жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 1998-жылдын 22-июнундагы №370 токтому; 

- Кыргыз Республикасынын өкмөтүнун жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын “Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу жана төлөмдөрдү өз учурунда жүргүзүү үчүн банктардын жоопкерчиликтерин жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 1998-жылдын 22-июнундагы №370 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу“ “Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2001-жылдын 2-ноябрындагы №686 токтому. 

8. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган датадан тартып он күндөн кийин күчүнө кирет. 

 

Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын  

Премңер-министри Улуттук банкынын Төрагасы 

 

 

______________________ ____________________ 

Н. Танаев У. Сарбанов