Улуттук банк Башкармасынын 

2018-жылдын “14” февралындагы 

№2018-П-14/5-3-(ПС) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

“Төлөм карттар менен эсептешүүлөрдүн эл аралык системалары үчүн камсыздандыруу (камдык) фондусу жөнүндө” убактылуу жобо  

1. Жалпы жоболор 

1. Бул, “Төлөм карттары менен эсептешүүлөрдүн эл аралык системалары үчүн камсыздандыруу (камдык) фонду жөнүндө” убактылуу жободо (мындан ары - жобо) эл аралык төлөм системаларынын карттары аркылуу өлкө ичинде эсептешүүлөрдү улуттук валютада жүргүзүүнүн алкагында, таза позицияларды жыйынтыктап эсептөөдө катышуучулардын милдеттенмелерин өз учурунда аткарылышын камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында төлөм карттары менен эсептешүүлөрдүн эл аралык системалары үчүн камсыздандыруу (камдык) фондун түзүү жана алардын иштөө тартиби аныкталат. 

2. Жободо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) ченемдик укуктук актыларындагы аныктамалар колдонулат. 

3. Камсыздандыруу (камдык) фонду финансылык тобокелдиктерди алдын алуу жана бир же бир нече катышуучунун ликвиддүүлүгү жетишсиз болгон учурда мамлекеттин ичиндеги төлөмдөр боюнча төлөм карттары менен эсептешүүлөрдүн эл аралык системаларынын таза позицияларын жыйынтыктап эсептөөлөрдүн өз учурунда жана кепилдик алдында ишке ашырылышы үчүн төлөм системасында ликвиддүүлүктү тескөөнүн кошумча механизмин жөнгө салуу максатында түзүлөт.  

4. Камсыздандыруу (камдык) фондунун каражаттары Улуттук банкта корреспонденттик эсеби бар жана Улуттук банк менен тиешелүү келишим түзгөн коммерциялык банктардын төлөм карттар менен эсептешүүлөрдүн эл аралык системаларынын тике катышуучуларынын (принципалдар) (мындан ары катышуучу) каражат эсебинен улуттук валютада Улуттук банкта өзүнчө эсепте эсепке алынат. 

5. Камсыздандыруу (камдык) фондунун эсеби бардык катышуучулар үчүн кумулятивдик (топтолуучу) болуп эсептелинет. 

6. Катышуучулардын камсыздандыруу (камдык) фондуна чегерилген төлөмдөрү милдеттүү камдык талаптар ченемин аткаруу үчүн колдонулушу мүмкүн эмес. 

7. Камсыздандыруу (камдык) фондун түзүү ар бир катышуучу үчүн милдеттүү болуп саналат. 

8. Катышуучу Улуттук банктагы өз корреспонденттик эсебинде ликвиддүлүктүн жетиштүү көлөмүн өз алдынча камсыз кылып, келип чыгышы ыктымал болгон финансылык тобокелдиктерди эске алып, тобокелдиктүү финансылык операциялардын жүргүзүлүшүнө жол бербөөгө тийиш.  

9. Катышуучу Улуттук банктагы өз корреспонденттик эсебинде жетиштүү көлөмдөгү ликвиддүлүктү камсыз кылуу боюнча мүмкүн болгон бардык механизмдерди жана инструменттерди, анын ичинде төмөнкүлөрдү колдонууга тийиш: 

1) активдерди банктар аралык рынокто сатуу; 

2) банктар аралык кредит алуу; 

3) Улуттук банктын бир күндүк кредитин пайдалануу; 

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ликвиддүүлүк деңгээлин көбөйтүү үчүн башка механизмдерди колдонуу. 

10. Камсыздандыруу (резеврдик) фондусунун каражаттары эсептешүүлөр жыйынтыкталган учурга карата катышуучунун/катышуучулардын Улуттук банктагы корреспонденттик эсептеринде зарыл көлөмдөгү ликвиддүүлүктү камсыз кыла албай калган учурда, төлөм карттары менен эсептешүүлөрдүн эл аралык системаларынын таза позицияларын жыйынтыктап эсептөөлөрдү өз учурунда жана кепилдик алдында жүргүзүүнүн өзгөчө учурларда гана колдонулат. 

2. Камсыздандыруу (камдык) фондду түзүү жана анын иштөө тартиби 

11. Камсыздандыруу (камдык) фонддун көлөмү төлөм карттар менен эсептешүүлөрдүн эл аралык системасынын таза позициясын жабуу үчүн жетиштүү болууга тийиш. 

12. Улуттук банк операциялардын орточо көлөмүнө, катышуучулардын төлөм карттары менен эсептешүүлөрдүн ар бир эл аралык системасы боюнча таза позиция өлчөмдөрүн, кезекте турган төлөмдөрдү жана Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасында (мындан ары - ГСРРВ) эсептешүүлөрдүн өз учурунда ишке ашырылышын, камсыздандыруу (камдык) фондусунда каражаттын жетиштүлүүгүнө туруктуу негизде талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү менен ар бир катышуучунун камсыздандыруу (камдык) фондусуна төлөм өлчөмүн аныктайт.  

13. Катышуучулардын төлөм өлчөмү Улуттук банк тарабынан жыл ичинде банктык төлөм карттар менен операциялардын орточо күндүк көлөмүнө жараша аныкталат жана ар бир катышуучунун төлөм карттар менен эсептешүүлөрдүн эл аралык системасынын биринде жайгаштырылган камсыздандыруу депозитинин өлчөмүнүн 30%нан кем болбоого тийиш. 

14. Катышуучу эл аралык төлөм системасынын операторунан камсыздандыруу депозит өлчөмүнүн өзгөргөндүгү тууралуу билдирме алгандан кийин 5 (беш) календардык күндөн кечиктирбестен, ошол депозит өлчөмү боюнча маалыматты Улуттук банкка сунуштоого тийиш. Улуттук банк алынган маалыматты жана катышуучунун эл аралык төлөм системасынын банкттык төлөм карттары менен жүгүртүүлөрүн талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү менен катышуучуга анын камсыздандыруу (камдык) фонддо төлөмүнүн көбөйүшүөмөндөшү тууралуу билдирүү жөнөтөт. 

15. Катышуучу төлөм өлчөмү жана камсыздандыруу (камдык) фондуна каражаттарды чегерүү зарылчылыгы тууралуу Улуттук банктан билдирме алгандан кийинки 5 (беш) жумуш күнүнөн кечиктирбестен, Улуттук банк тарабынан ушул жобонун 13 жана 14-пункттарына ылайык белгиленген өлчөмдөгү тиешелүү каражатты камсыздандыруу (камдык) фондуна чегерүүгө тийиш. 

16. Эгерде, катышуучунун жыл ичиндеги банктык төлөм карттары аркылуу ишке ашырылган операцияларынын орточо күндүк көлөмүнүн көрсөткүчү жана катышуучунун төлөм карттары менен эсептешүүлөрдүн эл аралык системаларынын ар бирине жайгаштырылган камсыздандыруу депозитинин өлчөмү өткөн жылдагы көрсөткүчтөн төмөн болуп калса, анда Улуттук банк артып калган акча каражатын катышуучунун корреспонденттик эсебине чегерип, банкка тиешелүү билдирме жөнөтөт. 

17. Катышуучу төлөм карттары менен эсептешүүлөрдүн эл аралык системасына катышуусун токтоткон жана/же Улуттук банк менен катышуучунун ортосунда түзүлгөн келишимди жокко чыгарган учурда, анын Улуттук банктагы камсыздандыруу (камдык) фондунун эсебине чегерилген төлөмдөрү бардык милдеттенмелер орду жабылып, төлөм карттар менен эсептешүүлөрдүн эл аралык системасынын операторунан тиешелүү билдирме алгандан кийин ага кайтарылып берилүүгө тийиш. Кайтарып берүү акча каражаты катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине чегерүү аркылуу ишке ашырылат. 

3. Камсыздандыруу (камдык) фондусунун каражатын колдонуу тартиби 

18. Катышуучу өтүп жаткан операциялык күндүн саат 16:00гө чейин өз корреспонденттик эсебинде төлөм карттары менен эсептешүүлөрдүн эл аралык системасынын таза позицияларын жыйынтыктап эсептөө үчүн зарыл болгон ликвиддүүлүктүн жетиштүү көлөмүн камсыз кыла албай калса, Улуттук банк камсыздандыруу (камдык) фондусунун эсебин акцептсиз тартипте дебеттеп, катышуучунун корреспонденттик эсебин төлөм карттары менен эсептешүүлөрдүн эл аралык системасынын таза позицияларын эсептөөнү аягына чыгаруу үчүн жетиштүү өлчөмдө толуктайт.  

19. Катышуучу, ал үчүн камсыздандыруу (камдык) фондусунан акча каражаты пайдаланылган корреспонденттик эсебин толуктоо үчүн ошол каражаттардын ордун ГСРРВ аркылуу кийинки операциялык күндүн саат 16:00нөн кечиктирбестен мөөнөтүндө төлөө, төлөөгө жөндөмдүүлүк жана өз учурунда кайтарып берүү шарттарында толтуруп берүүгө милдеттүү. Мында, акча каражаттары толук көлөмдө кайтырылып берилүүгө тийиш жана каражаттарды бөлүп кайтарууга жол берилбейт. 

20. Катышуучу ал үчүн камсыздандыруу (камдык) фондусунун каражаттары пайдаланылган корреспонденттик эсебин өзүнүн камсыздандыруу (камдык) фондусуна төлөм суммасынан ашпаган өлчөмдө толуктоо үчүн ошол каражаттарды кийинки операциялык күндүн саат 16:00гө чейин акысыз негизде колдонот. 

21. Катышуучу ал үчүн камсыздандыруу (камдык) фондусунун каражаттары пайдаланылган корреспонденттик эсебин бир календардык күндөн көбүрөөк толуктагандыгы үчүн камсыздандыруу (камдык) фондусуна каражаттардын кайтарылбай калган ар бир күн үчүн пайыздар чегерилет. Пайыздар 27-пунктка ылайык эсептелинет. 

22. Катышуучу корреспонденттик эсебин камсыздандыруу (камдык) фондусуна өз төлөм суммасынан ашкан өлчөмдө толуктагандыгы үчүн ал айыптык төлөм төлөөгө тийиш. Айыптык төлөм өлчөмү 26-пунктка ылайык эсептелинет. 

23. Катышуучу кийинки операциялык күндүн саат 16:00гө чейин камсыздандыруу (камдык) фондусунун каражаттарын кайтарып бербесе, ГСРРВнын оператору катышуучунун корреспондентик эсебин камсыздандыруу (камдык) фондусунан пайдаланылган каражат суммасына (айыптык төлөмдү жана чегерилген пайыздарды эске алуу менен) акцептсиз тартипте дебеттеп, камсыздандыруу (камдык) фондусунун эсебине чегерет.  

24. Камсыздандыруу (камдык) фондусунун каражаттардын кайтарылып берилиши боюнча төлөмдү чагылдыруу (киргизүү) учуруна карата (айыптык төлөмдөрдү жана пайыздарды эске алуу менен катышуучунун корреспонденттик эсебинде төлөмдү өткөрүү үчүн каражат жетишсиз болсо, анда ал төлөм ГСРРВ төлөмдөр кезегине жайгаштырылып, катышуучунун корреспонденттик эсебинде төлөө үчүн жетиштүү каражат пайда болгонго чейин ошол жерде турат. 

25. Камсыздандыруу (камдык) фондусунан акча каражаты тартылган күндү эске алганда катышуучу эки операциялык күн ичинде камсыздандыруу (камдык) фондусунун каражатын кайтарып бере албаса, Улуттук банк келип чыгышы ыктымал болгон финансылык тобокелдиктерди азайтуу, төлөм системасынын туруктуу ишин камсыз кылуу максатында төлөм карттары менен эсептешүүлөрдүн эл аралык системасынын операторуна, ошондой эле Улуттук банктын банктык көзөмөл үчүн жооп берген түзүмдүк бөлүмдөрүнө ал тууралуу маалымдайт. 

4. Айыптык төлөмдөрдү жана камсыздандыруу (камдык) фондусунун каражатын пайдалангандыгы үчүн пайыздарды чегерүү тартиби 

26. Катышуучу камсыздандыруу (камдык) фондусунун каражаттарынан өз төлөм суммасынан ашкан өлчөмдө пайдалангандыгы үчүн айыптык төлөмдү чегерүү төлөм өлчөмүнөн ашыкча пайдаланылган суммадан 1 (бир) пайыз өлчөмүндө жөнөкөй пайыз формуласы боюнча аныкталат: 

P = (S C) x I /100, мында: 

Р  айыптык төлөм суммасы; 

S  камсыздандыруу (камдык) фонддон пайдаланылган каражат (сом)

С  катышуучунун төлөм суммасы (сом); 

 бир күндүк пайыздык чен (%); 

27. Катышуучу камсыздандыруу (камдык) фондусунан пайдаланылган каражатты кийинки оперциялык күндүн саат 16:00гө чейин кайтарып бере албаса, ал камсыздандыруу (камдык) фондусунан пайдаланылган каражат суммасынан, пайдаланган ар бир календардык күн үчүн 1 (бир) пайыз төлөп берүүгө тийиш. Мында, катышуучунун төлөмүнө көз карандысыз, пайдаланылган каражаттардын бүтүндөй суммасынан төлөм кармалат жана ал төмөнкү формула боюнча эсептелинет: 

P = S  x I x T /100, мында: 

Р  пайыздардын суммасы; 

S  камсыздандыруу (камдык) фондусунан пайдаланылган каражат (сом)

 күндөлүк пайыздык чен (%); 

Т  карыздык каражатты пайдалануу мөөнөтү (календардык күндөр менен). 

28. Катышуучу камсыздандыруу (камдык) фондусунан каражаттын пайдаланган мезгил ичиндеги айкын күндөрдү эсептөөдө колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жарыяланган дем алыш жана майрам күндөр да камтылат. 

29. Жобонун 26 жана 27-пункттарына ылайык камсыздандыруу (камдык) фондусунун каражатын пайдалангандыгы жана/же өз учурунда кайтара албагандыгы үчүн айыптык төлөм жана пайыз түрүндө топтолгон каражаттар Улуттук банктын өзүнчө эсебинде эсепке алынат жана камсыздандыруу (камдык) фондусунун каражатынан жыл ичинде колдоно албаган катышуучулар ортосунда салынган төлөм үлүшүнө жараша жылына бир жолу бөлүштүрүлөт. 

5. Корутунду жоболор 

30. Төлөм системасынын ишине көзөмөлдүктүн (оверсайт) алкагында Улуттук банк катышуучулардын ликвиддүүлүгүнүн абалына, ошондой эле алардын камсыздандыруу (камдык) фондусунан каражаттардын пайдалануусуна мониторинг жүргүзөт. 

31. Катышуучу ушул жобо талаптарын сактабаган шартта, Улуттук банк ага карата өз ченемдик укуктук актыларында каралган таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.