Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2016-жылдын 15-июнундагы 

№ 25/8 токтомуна карата 

тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын төлөм системасында орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди тескөө 

САЯСАТЫ 

 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-11-(ПС), 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-3-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1-глава. Жалпы жоболор  

1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-11-(ПС) токтомуна ылайык күчүн жоготту). 

2. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-3-(ПС) токтомуна ылайык күчүн жоготту). 

3. Бул саясат, тобокелдиктерди идентификациялоо, баа берүү жана талдап-иликтөө, мониторинг жүргүзүү, алдын алуу жана төмөндөтүү аркылуу Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын ишенимдүүлүгүн жана натыйжалуулугун колдоо үчүн республиканын төлөм системасынын катышуучуларынын ишинде келип чыккан тобокелдиктерди тескөө процессин уюштурууга багытталган 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

4. Саясатта Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын негизги максаттары, милдеттери жана тобокелдиктерди тескөө принциптери, аны уюштуруу жана төлөм системасынын иши үзгүлтүккө учураган шартта терс натыйжалардын келип чыгуу ыктымалдыгын төмөндөтүү ыкмалары аныкталат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

5. Саясаттын талаптарын жүзөгө ашыруу максатында, Улуттук банктын лицензиясына ээ төлөм системаларынын катышуучулары тарабынан тобокелдиктерди азайтууга жана Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барган төлөм системаларын жөнгө салуу боюнча башкаруу чечимдерин кабыл алууга багытталган чараларды жүзөгө ашыруу боюнча нускоолор жана жол-жоболор иштелип чыгат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

2-глава. Терминдер жана аныктамалар 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

Төлөм системасынын үзгүлтүксүз иши - мыйзам талаптарын, төлөм системасынын, түзүлгөн келишимдердин жана макулдашуулардын, маалымат-коммуникациялык технологияларды пайдалануу жана төлөм системасынын катышуучуларынын өз ара иш алып баруусунда төлөм системасын техникалык тейлөө эрежелерин бузууга жол берүүнү алдын алуу, ошондой эле бузууга жол берилген шартта төлөм системасынын талапка ылайык иш алып баруусун калыбына келтирүү боюнча ишти уюштуруу жана камсыз кылуу.  

Төлөм системасындагы тобокелдиктер - ушул Саясаттын 4-главасында көрсөтүлгөн, алгылыксыз жагдайлардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын максаттарына, милдеттерине жана функцияларына терс таасирин тийгизиши же талапка ылайык аткарылбашы мүмкүн болгон башка тобокелдиктердин орун алуу ыктымалдыгы.  

Төлөм системасынын компоненттери - банктар аралык төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн каралган төлөм системасы (ири төлөмдөр системасы, чекене төлөмдөр системасы) жана төлөм системасынын эрежелеринин алкагында төлөмдөр жана эсептешүүлөр жүзөгө ашырылуучу төлөм системасына өз ара байланыштуу технологиялар.  

Чекене төлөмдөр системасы алар боюнча дароо жыйынтыктап эсептешүү талап кылынбаган катышуучулардын чекене жана утурумдук төлөмдөрүн иштеп чыгуу үчүн каралган система. Чекене төлөмдөр системасы банктар аралык чекене төлөмдөр системасына жана башка чекене төлөмдөр системаларына бөлүнөт.  

FIFO (first in first out) - бул, төлөмдөрдү иштеп чыгууда кезектүүлүк принциби, мында төлөмдөр келип түшүүсүнө жараша ырааттуу жана белгиленген артыкчылыктарга ылайык иштелип чыгат.  

Төлөмгө каршы берүү (Delivery Versus Payment - DVP) - эсептешүү принциби, ал бир активди жыйынтыктап которуу дароо ишке ашырыларын жана башка активди жыйынтыктап которуу ишке ашырылган учурда гана жүргүзүлөрүн гарантиялайт. Активдер валюта, баалуу кагаздар жана башка финансылык инструменттер түрүндө болушу мүмкүн.  

Төлөмгө каршы төлөм (Payment Versus Payment - PVP) - эсептешүү принциби, анда бир чет өлкө валютасын жыйынтыктап которуу, эгерде башка чет өлкө валютасы же валюталар жыйынтыктап которулган шартта гана жүргүзүлөрү каралган.  

Төлөмдөрдү түздөн-түз өтмө иштеп чыгуу (Straight Through Processing - STP) - маалыматтарды жана төлөмдөрдү үзгүлтүксүз, толугу менен автоматташтырылган түрдө иштеп чыгуу процесси. Маалыматтарды иштеп чыгуунун бардык баскычында кол менен иштетүүгө жол берилбейт, буга автоматташтырылган системалар ортосунда маалымат алмашуу стандарттарын колдонуу жана алардын толук өз ара иштеши менен жетишилет. Төлөмдүн баштапкы маалыматтары автоматтык системалар сыяктуу эле кол менен киргизилиши мүмкүн, бирок мында кол менен тууралоого мүмкүн болгон туура эмес/четке кагылган төлөмдөрдү эске албаганда, маалыматтарды андан ары берүү жана иштеп чыгуу толугу менен автоматтык түрдө жүргүзүлөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

3-глава. Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын максаты, милдеттери жана тобокелдиктерди тескөө принциптери  

6. Кыргыз Республикасынын төлөм системасында тобокелдиктерди тескөөнүн негизги максатынан болуп республиканын төлөм системасынын үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуу жана тобокелдик факторлорунун система тобокелдигине таасир этүү деңгээлин төмөндөтүү саналат, бул Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын натыйжалуулугун жана коопсуздугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.  

7. Кыргыз Республикасынын төлөм системасында тобокелдиктерди тескөө максаттарына жетүү төмөнкү милдеттерди аткарууну аныктайт:  

- аларды жүзөгө ашырууда төлөм системасынын үзгүлтүксүз ишине кесепетин тийгизиши мүмкүн болгон алгылыксыз жагдайлардын келип чыгышын болжолдоо;  

- төлөм системасынын туруктуу ишине көмөк көрсөтүү;  

- орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди алдын алуу жана четтетүү;  

- тобокелдиктерди идентификациялоо, аныктоо жана алардын келип чыгуу себептерин аныктоо;  

- тобокелдиктин олуттууларын аныктоо;  

- тобокелдиктерди ооздуктоо;  

- тобокелдик деңгээлине жана таасирине баа берүү;  

- тобокелдикке туруктуу негизде мониторинг жана талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү;  

- келип чыккан тобокелдиктердин кесепеттерин өз учурунда четтетүү процессин уюштуруу жана бузууга жол берилген шартта, төлөм системасынын ишин калыбына келтирүү механизмдерин түзүү;  

- төлөм системасында орун алышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди алгылыктуу деңгээлде чектеп туруу ыкмаларын аныктоо жана колдоо;  

- аныкталган тобокелдиктерди кыскартууга багытталган чараларды жүзөгө ашыруу максатында, төлөм системасынын катышуучуларынын өз ара маалымат алмашуусун камсыз кылуу;  

- тобокелдик факторлоруна жол бербөөгө багытталган чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу, ошондой эле төлөм системаларын жөнгө салуу боюнча башкаруу чечимдерин кабыл алуу;  

- төлөм инфраструктурасынын кызмат көрсөтүүлөр рыногунун өзгөрүлмөлүү шарттарына карата тобокелдиктерди тескөө процесси аркылуу ыкчам чара көрүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

8. Кыргыз Республикасынын төлөм системасында тобокелдиктер төмөнкүдөй негизги принциптердин аткарылышын камсыз кылуу чараларын белгилөө аркылуу жөнгө салынат.  

8.1. Жоопкерчиликти акыркы жана кайтарылгыс төлөмдөргө бөлүштүрүү.  

8.1.1. Улуттук банктын ири төлөмдөр системасында өткөрүлгөн төлөмдөр жана эсептешүүлөр Улуттук банкта ачылган банк-төлөөчүнүн эсебин дебеттөө учурунда банк-төлөөчү үчүн - кайтарылып алынгыс жана банк-алуучунун эсебин кредиттөө учурунда - акыркы болуп саналат. Ири төлөмдөр системасы ушул эки операциялардын бир учурда аткарылышын камсыз кылууга тийиш. Ири төлөмдөр системасында эсептешүүлөр кредиттик тапшырмалар боюнча гана жүзөгө ашырылат. Мында, эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн чекене төлөмдөр системасынан келип түшкөн таза дебеттик позициялар, ошондой эле Улуттук банк тарабынан демилгеленген дебеттик төлөмдөр эске алынбайт. Банк-төлөөчү кредиттик төлөм тапшырмасын төлөм аткаруу кезегинде турган мезгил ичинде гана кайтарып алышы мүмкүн.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

8.1.2. Банктар аралык чекене төлөмдөр системасы аркылуу өткөрүлгөн төлөмдөр жана эсептешүүлөр Улуттук банктын ири төлөмдөр системасында таза позицияларды акыркы эсептөө учурунда банк-төлөөчү үчүн кайтарылып алынгыс болуп саналат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

8.1.3. Банк-төлөөчүдөн төлөм документи жана тапшырма аткарууга кабыл алынгандыгы тууралуу билдирүү алынган учурда жана кардар-төлөөчүнүн эсебин дебеттөөдө кардар-төлөөчү үчүн төлөм кайтарылып алынгыс жана акыркы болуп саналат. Банк-алуучу алуучунун эсебин кредиттөөдө төлөм тапшырмасы кардар-алуучу үчүн акыркы болуп саналат. Бул талаптар, коммерциялык банк менен анын кардары ортосунда кол коюлган келишимде каралууга тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

8.1.4. Башка чекене төлөмдөр системалары аркылуу өткөрүлгөн төлөмдөр жана эсептешүүлөр төлөм системасынын операторунан төлөм аткарууга кабыл алынгандыгы тууралуу билдирүү алган жана/же төлөм өткөрүлгөндүгүн тастыктаган чек (карт-чек, SMS-тастыктоо) берилген учурда төлөөчү үчүн кайтарымсыз болуп саналат жана каражаттар төлөөчүнүн банктык эсебинен же электрондук капчыгынан алынган жана бир эле учурда алуучунун эсебине чегерилген учурда акыркы болуп саналат. Бул жоболор төлөм системасынын оператору/төлөм уюму жана анын кардары ортосунда түзүлгөн келишимде ачык офертада камтылууга тийиш. Чекене төлөмдөр системасы акыркы эсептешүүлөрдүн гарантияланып өткөрүлүшү үчүн шарттар менен камсыз болууга тийиш.  

Акча каражаттары автоматташтырылган өз алдынча тейлөө терминалы аркылуу салынган учурда, төлөмдү аткарууга кабыл алуу жөнүндө билдирүү алган жана чек берилген учурда төлөм кардар-төлөөчү үчүн кайтарылып алынгыс жана акыркы болуп саналат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

8.2. Таза позицияларды банктар аралык чекене төлөмдөр системасында кайра эсептөөгө жол бербөө. Банктар аралык чекене төлөмдөр системасында операциялык/эсептөө циклинин натыйжасында алынган бардык таза позициялар боюнча ири төлөмдөр системасында акыркы эсептешүүлөрдү гарантияланган шартта жүргүзүү камсыз кылынууга тийиш. Улуттук банк банктар аралык чекене төлөмдөр системасында айрым төлөмдөрдүн максималдуу көлөмүнө лимит белгилөөгө укуктуу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

8.3. Төлөм системасында катышуу боюнча талаптар жана жоопкерчилик төлөм системаларынын тике катышуучулары жана атайын катышуучулары үчүн бөлүнөт. Төлөм системаларынын тике катышуучулары, төлөмдөрдүн түздөн-түз өтмө иштелип чыгышын (STP) жана ири төлөмдөр системасында, ошондой эле банктар аралык чекене төлөмдөр системасында өз кардарларынын төлөмдөрүнүн өз убагында жүргүзүлүшүн камсыз кылуу үчүн филиалдарын, түздөн-түз иш алып барбаган катышуучуларын, субкатышуучуларын жана атайын катышуучуларын башкы мекемедеги төлөмдөрдү иштеп чыгуу борборуна туташтыруу үчүн ички инфраструктурасын түзүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

8.4. Банктар аралык эсептешүүлөрдү Улуттук банктагы бирдиктүү эсеп аркылуу жүзөгө ашыруу. Банктар аралык төлөмдөр боюнча акыркы эсептешүүлөр, Улуттук банктын ири төлөмдөр системасы аркылуу төлөм системасынын катышуучуларынын борбордук банкта ачылган эсептери боюнча ишке ашырылат.  

8.5. Биринчи кезекте аткарылуучу төлөмдөр кезектүүлүгүн сактоо.  

8.5.1. Улуттук банктын ири төлөмдөр системасында төмөнкүдөй артыкчылыктар белгиленет: мында Улуттук банктын транзакциялары жана чекене төлөмдөр системасынын таза позициялары жогору артыкчылыкка ээ. Ал эми акыркы кезекте - банктар тарабынан демилгеленген банктар аралык төлөмдөр ишке ашырылат. Төлөмдөр FIFO принциби боюнча иштелип чыгууга тийиш.  

8.6. Баалуу кагаздар менен эсептешүү системасында баалуу кагаздар эсептери жана акча каражаттары боюнча каражаттарды DVP принцибин сактоо менен каражаттардын бир эле учурда алынып салынышын гарантиялаган механизмдер каралууга тийиш.  

8.7. Чет өлкө валютасында эсептешүү системасы өлкө чегинен тышкары бүтүмдүн бир тарабы боюнча эсептешүүлөр ортосунда ажырым убакытты төмөндөтүүгө багытталууга жана түпкүлүгүндө келип, чет өлкө валютасындагы эсептер боюнча каражаттарды жана улуттук валютадагы акча каражаттарды РVP сактоо принциби боюнча бир эле учурда алынып салынышын камсыз кылууга тийиш.  

8.8. Эсептердеги ликвиддүүлүктү тескөө инструменттеринин болушу. Банктар аралык төлөм системаларында ликвиддүүлүктү тескөө механизмин түзүү максатында, банктар аралык төлөмдөрдү өз убагында гарантияланган акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн пайдаланылган, Улуттук банктын ири төлөмдөр системасынын эсептеринде топтолгон бирдиктүү ликвиддүүлүк пулу же камсыздандыруу фонду пайдаланылат. Банктар аралык чекене төлөмдөр системасынын операторлору тарабынан катышуучулардын каражаттарынын жетиштүүлүгүнө баа берилип жана акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн механизмдер (камсыздандыруу фонду, депозит ж.б.) ишке ашырылууга тийиш.  

Чекене төлөмдөрдүн башка системаларында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык ликвиддүүлүктү тескөө механизмдери каралуусу зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

8.8.1. Улуттук банктагы эсепте банктар аралык эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу максатында жайгаштырылган акча каражаттары төлөм системасынын катышуучулары тарабынан банктын билдирмесинин негизинде Улуттук банк менен коммерциялык банктар ортосунда түзүлгөн келишимдерге жана макулдашууларга пайдаланылууга тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-11-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

8.8.2. Бир күндүк кредит "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бир күндүк кредити жөнүндө" жобонун талаптарына ылайык келген төлөм системаларынын катышуучулары үчүн жеткиликтүү болууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

8.8.3. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-3-(ПС) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

8.8.4. "Овернайт" кредити "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын "овернайт" кредити жөнүндө" жободо каралган талаптарга ылайык келген төлөм системаларынын катышуучулары үчүн жеткиликтүү болууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

8.8.5. Улуттук банктын ири төлөмдөр системасында эсептешүү терезесинин болушу. Улуттук банктын ири төлөмдөр системасында терезени ачуу учурунда кезекте турган төлөмдөр боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү жана банктар аралык рынокто каражаттарды алуу аркылуу же болбосо Улуттук банктан овернайт кредитин алуунун эсебинен бир күндүк кредитти кайтаруу максатында операциялык күндүн акырына банктар аралык эсептешүү терезеси каралууга тийиш. Эсептешүү терезесин жабуу учуруна алар боюнча эсептешүү жүргүзүлбөгөн, кезекте турган төлөмдөр четке кагылууга тийиш.  

4-глава. Төлөм системасындагы тобокелдик түрлөрү  

9. Төлөм системасынын үзгүлтүксүз ишине кесепетин тийгизиши мүмкүн болгон тобокелдик факторлору ички жана тышкы болуп экиге бөлүнөт.  

Ички тобокелдик факторлору төлөм системасынын натыйжалуу иштешине таасирин тийгизет. Ички тобокелдик факторлоруна шейкеш келбеген ички контролдоо системасы кирет: ички документтердин жеткире иштелип чыкпашы, келишимдердин жана макулдашуулардын шарттары, маалымат системасындагы үзгүлтүктөр, байланыш каналынын жана жабдуулардын үзгүлтүккө учурашы, бизнес-процесстердин жана маалыматты коргоо жана коопсуздук системасынын жеткире өркүндөтүлбөшү, төлөм системасынын катышуучуларынын персоналынын квалификациясынын жетишсиздиги жана талапка ылайык иш алып барбашы, резервдик схемалардын жоктугу ж.б. кирет.  

Тышкы тобокелдик факторлору төлөм системасына тыштан таасирин тийгизет жана алар системанын үзгүлтүксүз жана коопсуз ишине коркунуч жаратышы мүмкүн. Тышкы тобокелдик факторлоруна күтүүсүз табигый жагдайлар (жердин силкиниши, суу ташкыны, жаратылыш кырсыктары), техногендик факторлор (өрттүн чыгышы, суунун капташы, жарылуулар, химиялык жана радиациялык заттардын тарап кетиши, энергетикалык жана телекоммуникациялык кырсыктар ж.б.), социалдык факторлор (согуш аракеттери, массалык баш аламандык, теракт ж.б.) жана криминалдык факторлор (хакердик чабуул, төлөм системасынын ишине карата алдамчылык иш-аракеттер же чоочун адамдардын кийлигишүүсү ж.б.), саясий факторлор (улутташтыруу жана экспроприациялоо, контракттардын жана келишим шарттарын токтотуу, валютаны конвертациялоого чектөөлөр, согуш аракеттери жана жарандык баш аламандыктар) кирет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

10. Төлөм системасында өзгөчө көңүл буруу предметинен болуп, эсептешүүлөрдүн өз убагында жүргүзүлүшүн, ага ылайык төлөм системасынын ишин үзгүлтүккө учуратууга жөндөмдүү тобокелдиктер эсептелет.  

Системалуу тобокелдик - бул, алгылыксыз жагдайдын келип чыгуу ыктымалдыгы, анда төлөм системасынын катышуучуларынын биринин төлөм боюнча өз милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылууга жөндөмсүз болушу башка катышуучулардын да төлөм мөөнөтү келип жеткенде милдеттенмелерин өз убагында аткарбашына алып келет. Мындай жагдай бүтүндөй төлөм системасынын туруктуулугуна кооптуу жагдайды ("домино" эффектисин) жаратат.  

Ликвиддүүлүк тобокелдиги - бул, катышуучунун төлөө мөөнөтү келип жеткен учурда милдеттенмелерин толук көлөмдө аткарылышын камсыз кылуу үчүн акча каражаттарынын жетишсиздигине же жоктугуна байланыштуу келип чыккан тобокелдик. Мындай тобокелдиктин орун алышы системанын катышуучусунун финансылык активдеринин жана финансылык милдеттенмелеринин тең салмактуу болбогонуна байланыштуу болот.  

Кредиттик тобокелдик - бул, төлөө мөөнөтү келип жеткенде же болбосо кийинчерээк кайсыл болбосун учурда төлөм системасынын катышуучусунун башка катышуучулар алдында төлөм инфраструктурасынын кызматтары үчүн төлөө боюнча өз финансылык милдеттенмелерин аткаруу жөндөмсүздүгүнөн улам келип чыккан тобокелдик. Кредиттик тобокелдик төлөм системасынын катышуучуларынын финансылык туруктуулугуна кооптуу жагдайды шарттайт, бул төлөм системасынын үзгүлтүксүз ишине таасирин тийгизиши мүмкүн.  

Операциялык тобокелдик - бул, аппараттык-программалык комплекстин жана коммуникациялык байланыш каналдарынын бузулушунан, төлөм системасынын катышуучуларынын персоналынын жана кызмат адамдарынын талапка ылайык иш алып барбашынан, ошондой эле төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыроону шарттаган тышкы факторлордун таасиринен, төлөм системасынын, ошондой эле маалымат коопсуздугу эрежелеринин бузулушунун же болбосо бүтүндөй системанын иштөөгө жөндөмсүздүгүнөн улам келип чыккан тобокелдик.  

Юридикалык/укуктук тобокелдик бул, төлөм системасынын иштөө нормалары жана эрежелери аныкталган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, келишимдердин жана макулдашуулардын, төлөм системасынын катышуучуларынын ички документтеринин талаптары аткарылбагандыгынан улам орун алган тобокелдик. Бул тобокелдикке укук системасынын өркүндөтүлбөгөндүгү, мыйзамга бат-бат өзгөртүүлөрдүн киргизилиши, ошондой төлөм системасынын катышуучулары ортосунда соттук териштирүүлөргө алып келиши мүмкүн болгон төлөм системаларынын катышуучулары ортосунда мамилелерде укуктук белгисиздиктин орун алышы кирет.  

Алдамчылык тобокелдиги төлөм системасынын катышуучуларынын жана кызмат адамдарынын кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануусунан, маалыматтан санкциясыз колдонуусунан, акча каражаттарын уурдоодон, төлөм системасынын алкагында операциялардын ишке ашырылгандыгын жашыргандыгынан, ошондой эле бейтарап адамдардын төлөм системасына карата, жеке маалыматтарды уурдоо, купуя маалыматтарды алуу, акча каражаттарын уурдоо ж.б. максатында маалымат базасына кирүү сыяктуу укукка жатпаган аракеттеринен улам келип чыгат. 

Хакердик чабуул коюу тобокелдиги - акча каражаттарын уурдоо, пайдалануучулардын жеке маалыматтарын алуу (пароль, ПИН-код, банктык карттар номери, жеке кол тамга үлгүсүнүн аналогу, пайдалануучулардын жеке маалыматтары) маалымат базасын жок кылуу жана бүтүндүгүн бузуу, маалыматтык компьютердик системаларды блокировкалоо жана иштен чыгаруу максатында, маалымат системасына санкциясыз кирүү, атайын техникалык каражаттарды ишке киргизүү, компьютердик вирустарды жана башка зыян келтирүүчү программаларды таркатуу аркылуу төлөм системасынын маалымат ресурстарына жана маалымат-телекоммуникациялык каражаттарга таасир этүүдөн улам келип чыккан тобокелдик.  

Абройду жоготуу тобокелдиги - коомдо төлөм системасынын туруктуулугу жөнүндө терс ой-пикир түптөлүшүнөн, төлөм системасында сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына терс баа берилгендиктен, анын ичинде төлөм системасына же анын катышуучуларына карата ишенимден ажыроого алып келген жалган маалыматтарды таркатуудан улам келип чыккан тобокелдик. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

11. Улуттук банктын лицензиясына ээ төлөм системасынын катышуучулары тобокелдиктерди тескөө процессин жөнгө салган ички ченемдик укуктук документтерге ээ болууга жана алардын сакталышын камсыз кылууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

5-глава. Төлөм системасында тобокелдиктерди тескөөнүн негизги баскычтары  

12. Тобокелдиктерди идентификациялоо - Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын үзгүлтүксүз жана коопсуз ишине коркунуч жараткан тобокелдиктерди табуу, алардын келип чыгуу себептерин жана өбөлгөлөрүн аныктоо процесси.  

13. Тобокелдиктерге баа берүү жана талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү - тобокелдиктерди идентификациялоонун натыйжасында алынган маалыматты иштеп чыгуу, тобокелдиктердин өзгөчөлүктөрүн жана алардын келип чыгуу кесепеттерин изилдөө процесси.  

14. Тобокелдиктерге мониторинг жүргүзүү - төлөм системасынын үзгүлтүксүз жана коопсуз ишине кесепетин тийгизген факторлорду табуу процесси.  

15. Тобокелдиктерди алдын алуу боюнча чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу - төлөм системасынын ишине карата терс жагдайлардын келип чыгуусун төмөндөтүүгө мүмкүндүк берген чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу процесси.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

16. Тобокелдиктерди кыскартуу боюнча ыкмаларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу - орун алган тобокелдиктердин кесепетин азайтууга жана андан улам келип чыккан чыгымдардын ордун жабууну алууга багытталган чаралар топтомун түшүндүргөн тобокелдиктерди тескөө процесси (1-тиркеме).  

6-глава. Төлөм системасында тобокелдиктерди төмөндөтүү механизмдери 

(Глава КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

17. Мөөнөттүү жана ири төлөмдөрдү ишке ашырууга байланыштуу тобокелдиктерди кыскартуу үчүн банктар аралык төлөм системасында тобокелдиктерди тескөөнүн төмөнкүдөй механизмдери каралган:  

- төлөмдөрдү өткөрүү боюнча өз милдеттенмелерин аткаруу үчүн катышуучулардын каражаттарынын жетиштүүлүгүнө айкын убакыт ыргагында мониторинг жүргүзүү;  

- катышуучу-төлөөчүнүн Улуттук банкта ачылган эсебиндеги кредиттик калдыктын чегинде гана системада эсептешүү операцияларын жүргүзүү;  

- катышуучулардын Улуттук банктагы эсебиндеги калдыктарын айкын убакыт ыргагында кароо мүмкүнчүлүгү менен камсыздоо;  

- жакын системалардан эсептешүүлөрдүн гарантияланган шартта өткөрүлүшүн камсыз кылуу үчүн каражаттарды резервге коюу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу;  

- төлөмдөрдү белгиленген артыкчылыктарга жараша иштеп чыгуу;  

- катышуучулардын өз төлөмдөр кезегин тескөөсүөлөмдөр артыкчылыгын өзгөртүү, кезектеги төлөмдү кайтарып алуу ж.б.);  

- чекене төлөмдөр системасынын катышуучуларынын таза дебеттик позициясына лимиттердин белгиленишин камсыз кылуу;  

- системада катышуучулардын өз ликвиддүүлүгүн милдеттенмелерин аткаруу үчүн жеткиликтүү көлөмгө чейин көбөйтүүсү боюнча механизмдердин болушу;  

- төлөм документтерин колго даярдоодо негизги тилкелердин эки жолу киргизилишин камсыз кылуу;  

- аппараттык жана программалык камсыздоону негизги түйүнгө кайталап киргизүү;  

- негизги түйүндүн аппараттык-программалык комплексин резервдик борборго кайталап киргизүү;  

- аралыкта резервдик борбордун болушу;  

- негизги түйүн менен катышуучулардын автоматташтырылган жумуш орундарынын ортосунда үзгүлтүксүз байланышты камсыз кылуу үчүн байланыш каналдарын кайталап киргизүү;  

- негизги жана резервдик түйүндөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздалышын уюштуруу;  

- системанын катышуучуларын жана персоналын авторизациялоо жана аутентификациядан өткөрүү каражаттарын камсыз кылуу, санкциясыз пайдалануудан коргоо үчүн маалыматтарды өткөрүү каналын шифрлөө;  

- өткөрүлүп жаткан маалыматтын аныктыгын жана бүтүндүгүн камсыз кылуу үчүн электрондук санарип кол тамганы колдонуу;  

- аларды жоготуу же кайталанышы тобокелдиги келип чыккан учурда, маалыматтарды сактоо жана калыбына келтирүү үчүн системада жүргүзүлгөн бардык операциялардын резервдик көчүрүлүшүн камсыз кылуу;  

- системада электрондук документтердин сакталышын камсыз кылуу үчүн бардык жөнөтүлгөн жана келип түшкөн электрондук билдирмелердин архивин жүргүзүү;  

- системанын квалификациялуу персоналынын (негизги жана кайталоочу курамынын) болушу жана алардын окуудан өтүп туруусун камсыз кылуу;  

- коопсуздук (маалыматтык, техникалык жана физикалык) системасынын болушу;  

- катышуучулардын системанын иштөө эрежелерин сактоосун туруктуу негизде контролдоо.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

17.1. Системада юридикалык/укуктук тобокелдиктерди кыскартуу максатында төлөм системасынын катышуучуларына карата укуктук белгисиздик жагдайларын четтетүү боюнча чаралар көрүлүп, төлөм системасынын катышуучулары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарынын, келишимдердин жана макулдашуулардын, ички документтердин шарттарынын, ошондой эле системанын иштөө нормаларынын жана эрежелеринин сакталышы контролго алынат.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

17.2. Системанын катышуучулары ликвиддүүлүктү тескөө инструменттерин пайдалануу менен Улуттук банкта ачылган өз эсептериндеги зарыл ликвиддүүлүктү өз алдынча камсыздашат (активдердин жана пассивдердин түзүмүнө жана сапатына талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү, акча агымдарын эсептөө ж.б.).  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

17.3. Системанын катышуучулары өз ички ченемдик документтеринде системада иштөө учурунда тобокелдиктерди жөнгө салуу ыкмаларын караштырышат.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

17.4. Системанын оператору туруктуу негизде ар бир тобокелдик түрү боюнча мониторингдин жүргүзүлүшүн жана баа берилишин камсыз кылат.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

18. Банктар аралык чекене төлөмдөр системасында төлөмдөрдү жүргүзүүгө байланыштуу тобокелдиктерди кыскартуу үчүн төлөм системасында аларды жөнгө салуунун төмөнкүдөй механизмдери каралган:  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

18.1. Финансылык тобокелдиктерди кыскартуу максатында системада бир төлөмдүн максималдуу суммасына лимиттер жана катышуучулардын таза дебеттик позицияларына резерв белгиленет.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

18.2. Кризистик жагдайларга бөгөт коюу максатында, төлөм системасынын катышуучулары жыйынтыктап эсептешүү аяктаган учурда ликвиддүүлүктү тескөө инструменттерин, анын ичинде эсептерде ликвиддүүлүктү тескөө инструменттерин пайдалануу менен Улуттук банктагы өз эсептерин зарыл ликвиддүүлүк менен камсыз кылуулары тийиш. Бул үчүн ликвиддүүлүк пулун жана Улуттук банкта түзүлгөн камсыздандыруу фондун да колдонууга болот, анын өлчөмү Улуттук банктын регламентинде белгиленген таза позициялар боюнча жыйынтыктап эсептешүү учурунда Улуттук банктагы корреспонденттик эсептер боюнча көбүрөөк орточо статистикалык бир күндүк дебеттик сальдо суммасынын ордун жабууга тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

18.3. Системанын оператору төлөм системасынын катышуучуларынын төлөө жөндөмдүүлүгүнө мезгил-мезгили менен баа берип турууга, ошондой эле Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык төлөм системасынын катышуучуларын чыгарып турууга тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

18.4. Ушул Саясаттын 4-главасында көрсөтүлгөн тобокелдиктерди, ошондой эле системанын үзгүлтүксүз ишин камсыз кылууга байланыштуу башка тобокелдиктерди төмөндөтүү максатында, төлөмдөрдү иштеп чыгуунун негизги борборунун иши резервдик борбордо кайталанууга тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

18.5. Төлөмдөрдү иштеп чыгуу борбору менен төлөм системасынын катышуучуларынын ортосунда үзгүлтүксүз байланышты камсыз кылуу үчүн бөлүнгөн байланыш каналдары жана аларга шайкеш келген резервдик каналдар аркылуу кошуу каралууга тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

18.6. Санкциясыз пайдалануудан коргоо үчүн маалыматтарды берүү каналдарын шифрлөө, системанын катышуучуларын жана персоналын авторизациялоо жана аутентификациялоо колдонулат. Берилүүчү маалыматтын аныктыгы жана бүтүндүгү электрондук санарип кол тамганы колдонуу менен камсыз кылынат.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

18.7. Маалыматтардын жоголуп кетиши коопсуздугу орун алган учурда системада аларды сактоо жана калыбына келтирүү же, кайталоо үчүн резервдик көчүрүү колдонулат жана катышуучулардын системага жөнөтүлгөн жана система аркылуу алынган билдирүүлөрүнүн архиви жүргүзүлөт.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

19. Чекене төлөмдөрдүн башка системаларында төлөмдөрдү жүргүзүүгө байланыштуу тобокелдиктерди төмөндөтүү үчүн төлөм системасында тобокелдикти тескөөнүн төмөнкүдөй механизмдери каралган:  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

19.1. Системада финансылык тобокелдиктерди төмөндөтүү максатында бир төлөмдүн максималдуу суммасына лимиттер жана камсыздандыруу депозиттери белгиленет.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

19.2. Ушул Саясаттын 4-главасында көрсөтүлгөн тобокелдиктерди, ошондой эле штаттан тышкаркы жагдайларга жана өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу башка тобокелдиктерди төмөндөтүү максатында, системанын үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуу үчүн талаптар Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык белгиленет.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

19.3. Системада юридикалык/укуктук тобокелдиктерди кыскартуу максатында төлөм системасынын катышуучуларына карата укуктук белгисиздик жагдайларын четтетүү боюнча чаралар көрүлүп, төлөм системасынын катышуучулары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарынын, төлөм системасы жагынан, келишимдердин жана макулдашуулардын, ички документтердин шарттарынын, ошондой эле системанын иштөө нормаларынын жана эрежелеринин сакталышы контролго алынат.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

19.4. Системанын оператору өзүнүн ички ченемдик документтеринде системада иштөө учурунда тобокелдиктерди тескөө ыкмаларын караштырат.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

19.5. Системанын оператору системадагы тобокелдиктердин ар бир түрү боюнча туруктуу негизде мониторинг жүргүзүүнү жана баа берүүнү камсыз кылат.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

20. Операциялык жаңылыштыктарда жана үзгүлтүккө учуроодо төлөм системасында тобокелдиктерди төмөндөтүү максатында системада аларды тескөөнүн төмөнкүдөй механизмдери каралган:  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

20.1. Төлөм системасында санкцияланбаган операциялардын жүргүзүлүшүнө жол бербөө максатында төлөмдөрдү жүргүзгөн, иштеп чыккан жана алган адамдардын инсандыгын жана укуктуулугун текшерүү механизми колдонулууга, маалыматтын купуялыгы сакталууга, ошондой эле төлөмдөрдү иштеп чыгуу борборлорунан жана төлөмдөр боюнча маалыматтарды берүү үчүн колдонулган байланыш каналдарынан пайдалануу мүмкүнчүлүгү чектелүүгө тийиш. Мында жайлардын жана жабдуулардын бүтүн сакталышы коопсуздугуна, ошондой эле маалыматтарды сактоо учурунда сыяктуу эле, аларды берүү процессинде да коргоого өзгөчө көңүл бурулуусу зарыл. Башка учурларда тобокелдиктерди тескөөнүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка моделдери колдонулат.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

20.2. Автоматташтырылган системалар маалыматтарды туура эмес киргизүү тобокелдигин азайтууга мүмкүндүк берген маалыматтардын киргизилишин контролдоону камсыз кылууга тийиш. Автоматташтырылган системалардын бардык жабдуулары жана программалык камсыздоолору тесттен, тажрыйбалык сыноодон өткөрүлүп, белгиленген стандарттарга ылайык документтерге ээ болууга тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

20.3. Ушул Саясаттын 4-главасында көрсөтүлгөн тобокелдиктерди, ошондой эле башка тобокелдиктерди төмөндөтүү максатында, системанын ишин кайсы убакта болбосун калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк берген, инструменттер, эрежелер жана резервдик көчүрүү тартиби колдонулууга тийиш. Резервдик механизмдер операциялык персонал менен изилденүүгө жана төлөм системасынын иштөө жөндөмдүүлүгүн бузбоого тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

20.4. Саясаттын 4-главасында көрсөтүлгөн тобокелдиктер, ошондой эле төлөм системасынын башка катышуучуларына кесепетин тийгизе турган жана «домино эффектисин» шарттай турган башка тобокелдиктер аныкталган учурда, төлөм системасынын катышуучусу Улуттук банкка жана системанын башка катышуучуларына Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык маалымдоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

7-глава. Корутунду жоболор  

(Глава КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

21. Төлөм системасынын катышуучулары Кыргыз Республикасынын төлөм системасындагы өздөрү жүргүзгөн иштеринин түрүнө мүнөздүү болгон тобокелдиктерди өз алдынча тескейт жана тобокелдиктердин пайда болуу кесепеттерине жоопкерчиликтүү болушат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

22. Улуттук банк орун алышы мүмкүн болгон "домино эффектисинен" төлөм системасын коргоого, ошондой эле төлөм системасынын натыйжалуулугун жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга, төлөм инструменттеринин ишенимдүүлүгүн жогорулатууга багытталган Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайт) жүзөгө ашырат.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

23. Саясат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилгендигине жараша жана төлөм системасында эл аралык банктык тажрыйбаларга ылайык тобокелдиктерди тескөөнүн жаңы натыйжалуу ыкмасынын пайда болушуна жараша кайра каралып турат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

 

 

  

 

  

Кыргыз Республикасынын төлөм системасында тобокелдиктерди тескөө саясатына карата тиркеме 

 

Орун алган тобокелдиктердин кесепеттерин кыскартууга жана аларга байланыштуу келип чыккан чыгымдардын ордун жабууну алууга багытталган чаралар топтомун түшүндүргөн 

 

ТОБОКЕЛДИКТЕРДИ ТЕСКӨӨ ПРОЦЕССИ 

 

Баскычтар 

Тобокелдиктерди жөнгө салуу боюнча чаралар топтомунун мазмуну 

1. Коопсуздук 

Ишенимдүү иш 

Төлөм системасынын эрежелери жана жол-жоболору Улуттук банкка системанын катышуучулары дуушар болушу ыктымал болгон тобокелдиктерге баа берүү мүмкүнчүлүгүн сунуштоого тийиш. Эрежелерде жана жол-жоболордо тобокелдиктерди жөнгө салуу механизмдери камтылууга тийиш, атап айтканда: 

- кредиттик тобокелдикти контролдоо механизми (буйрууну системага киргизүү жана акыркы эсептешүү ортосунда кечиктирүү каралган система үчүн катышуучулардын бири-биринен карыз алышуусу); 

өз учурунда эсептешүү үчүн ликвиддүүлүктү тескөөөлөмдөр кезектүүлүгүн тескөө механизмдери, ликвиддүүлүктү бир күндүк чекте сунуштоо, токтоп калууну кыскартуу механизмдери, сунуш-көрсөтмөлөр, эсептердеги калдык жана өткөрүлгөн же акырына чыгарылбаган эсептешүүлөр жана айкын убакыт ыргагында жеткирилген баалуу кагаздар жөнүндө улам жаңыртылып турган маалыматты сунуштоо); 

- баалуу кагаздарды сактоо тобокелдигин кыскартуу чаралары. 

Система оператору, белгилүү бир убакытта же күндөрдө олуттуу иш көлөмүн, алдамчылык жана хакердик тобокелдиктерди кыскартуу боюнча чараларды кошо алганда, күтүлүп жаткан транзакциялар объектин иштеп чыгуу үчүн система жетиштүү кубаттуулукка ээ экендигин гарантиялоого тийиш. 

Бул үчүн оператор утурумдук негизде өз системасынын айкын кубаттуулугун жана натыйжалуулугун тесттен өткөрүп турууга жана контролдоого, талап кылынган төлөмдөр деңгээли сакталып туруусу үчүн иш көлөмүнүн же мүнөзүнүн өзгөрүшүн пландаштырууга тийиш. 

Оператор, система өзгөчө жагдайларда максималдуу транзакциялар көлөмүн иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ экендигин текшерүү үчүн утурумдук негизде стресс-тесттерди өткөрүп туруусу зарыл. 

Ар бир система өз милдетин талапка ылайык аткарылышына шайкеш келген жеткиликтүү финансылык ресурстарга ээ болууга тийиш. Системанын коопсуздук талаптарына жооп беришине баа берүүдө көзөмөлдөө органы системанын так багытын жана анын бизнести өнүктүрүү планын эске алуу менен күндөлүк операцияларды жүзөгө ашыруу жана аны өнүктүрүү максатында, системанын оператору жана эсептешүү мекемеси үчүн жеткиликтүү болгон финансылык ресурстарды кароого алат. 

Ар бир системада кандайдыр бир жагдайлар орун алган учурда күндөлүк иши өз убагында калыбына келтирилишин камсыз кылуу үчүн штаттан тышкаркы жагдайлар планы болууга тийиш. Мындай план төлөм системасынын бардык катышуучуларында болууга жана анда төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

- коммуникациялар, компьютердик системалар жана персонал үчүн резервдик камсыз кылуу механизми; 

- катышуучулардан кандайдыр бир жагдайлар орун алган учурда кошумча чечимдерди кабыл алууну талап кылууга; 

- ишти калыбына келтирүү механизмдерин тесттен өткөрүү, ошондой эле мындай механизмдердин шайкештигине утурумдук негизде талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүгө жана зарыл учурларда өзгөртүүлөрдү киргизүүгө.  

Орун алышы ыктымал болгон үзгүлтүктөр боюнча план, эгерде милдеттерди башка бирөөгө өткөрүп берүү зарыл болсо, тиешелүү чөйрөгө, процесске жана персоналга карата колдонулушу мүмкүн. Аутсорсинг жөнүндө макулдашууларда тобокелдиктерге алдын ала талдап-иликтөө жүргүзүү зарыл, мында бардык аныкталган тобокелдиктер үзгүлтүк орун алышы ыктымалдыгынан улам чара көрүү планында эске алынууга жана алар катышуучулар ортосунда макулдашылууга, ошондой эле документ түрүндө бекитилүүгө тийиш.  

Тобокелдиктерге баа берүүдө жогоруда белгиленгендерге кошумча башка бирөөгө өткөрүлүп берилүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн маанилүүлүгүн жана артыкчылыктуулугун аныктоо процесси, аутсорсинг себептери (пайдага жана чыгымга талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү), ошондой эле система тобокелдиги үчүн кесепеттер камтылууга тийиш. Мында, белгиленген милдеттер өткөрүлүп берилген учурда да төлөм системасынын катышуучусунан жана операторунан операциялар жана процесстер үчүн жоопкерчилик алынбайт. Системанын коопсуз жана ишенимдүү ишин камсыз кылуу үчүн талапка жооп берген, окутуудан өткөн жана компетенттүү персонал 

Пайдалануу мүмкүнчүлүгүн контролдоо 

Төлөм системасынын катышуучулары система ишине карата пайдалануусун контролдоо аркылуу системанын коопсуз ишин гарантиялоого тийиш. Мындай контролдук жетишерлик катуу болууга, ал эми коопсуздук режими - туруктуу негизде талдап-иликтөөгө алынууга жана текшерилүүгө тийиш 

Маалыматтын бүтүндүгү 

Системада маалыматтын ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу - коопсуздукту камсыз кылуунун негизги компоненти болуп саналат. Транзакцияларды туура жана так иштеп чыгуу, маалыматтарды купуя сактоо алгылыктуу чаралар жана натыйжалуу контролдук менен камсыздалууга тийиш, мында ошондой эле төмөнкүлөр камтылат: 

- бардык маалыматтардын резервин шайкеш түзүү (бардык маалыматтын же негизги маалыматтын резервин айкын убакытта түзүү максатка ылайыктуу болуп эсептелинет); 

- жабдуунун жана байланыш системасынын резервин түзүү

Өзгөчө мааниге ээ жабдуунун жана байланыш системасынын резерви түзүлүүгө тийиш, ал кайсыл болбосун учурда ишти токтотуусуз тез арада ишке киргизилиши мүмкүн. Резерв механизмдери операцияны жүзөгө ашырган персонал тарабынан жеткире иликтенүүгө, натыйжалуу, коопсуз болууга жана төлөм системасынын ишине тоскоолдук келтирбөөгө тийиш; 

- маалыматты сактоо жана алардын үчүнчү жактарга маалымдалышына жол бербөө механизмдери. Төлөм инструменттеринин мыйзамсыз пайдаланылышына, ошондой эле төлөмдөр боюнча операциялардын мыйзамсыз жүргүзүлүшүнө бөгөт коюу максатында, төлөмдөрдү жүргүзгөн, иштеп чыккан жана аларды алган адамдардын инсандыгын жана укуктуу экендигин текшерүү механизми колдонулууга, маалыматтын купуя сакталышы камсыз кылынууга, ошондой эле иштеп чыгуу борборунан жана төлөмдөр боюнча маалыматты өткөрүү пайдаланылуучу байланыш каналдарынан пайдаланылышына чектөөлөр белгиленүүгө тийиш. Мында, жайлардын жана жабдуулардын коопсуздугуна, ошондой эле аларды сактоо мезгилинде сыяктуу эле, өткөрүү процессинде да маалыматтардын корголушуна өзгөчө көңүл бурулууга тийиш; 

- маалыматтарды киргизүүдө каталарга жол бербөө механизми. Автоматташтырылган системада катага жол берилишин жокко чыгарган же төмөндөткөн маалыматтардын киргизилишине контролдук камсыз кылынууга тийиш. Автоматташтырылган системанын бардык жабдуусу жана программалык камсыздоосу кылдат тесттен, тажрыйбалык эксплуатациялоодон өтүүгө жана белгиленген стандарттарга ылайык документтерге ээ болууга тийиш 

2. Натыйжалуулук 

Тездик жана иш натыйжалуулугу 

Оператор төлөм системасынын катышуучуларына, система которуу буйрууларын, анын ичинде олуттуу иш көлөмү талап кылынган тездикте иштеп чыгаарын гарантиялоого, ошондой эле талап кылынган тездикти камсыз кылуу үчүн операциялар көлөмүнүн жана мүнөзүнүн өзгөрүшүн пландаштырууга тийиш; 

- маалымат технологиялары системаларынын натыйжалуу ишинен тышкары оператор же эсептешүү банкы бир күндүк ликвиддүүлүк үчүн шайкеш механизмдерди сунуштоо, төлөмдөр кезегин жана иштин басаңдашын азайтуу механизмин натыйжалуу тескөө үчүн ликвиддүүлүктү тескөө чараларына ээ болууга жана аларды утурумдук негизде жаңыртып турууга тийиш; 

- кызмат көрсөтүүлөр түрү боюнча башка иш-чаралар 

Системада катышуу критерийлери 

Төлөм системасынын катышуучулары, системадан пайдаланууда негизсиз тоскоолдуктарды жаратуу менен андан пайдаланууну чектеген иш-аракеттер болбой тургандыгын гарантиялоого тийиш. Бул, өз кезегинде, транзакцияга эсептөөдө операцияларды иштеп чыгуунун орточо наркынын жогорулашына алып келет жана ар бир катышуучунун чыгаша бөлүгүн потенциалдуу көбөйтөт, бул төлөм системасынын натыйжалуулугун начарлатат. Системада мындай мүчө болуу критерийлери негиздүү, объективдүү болууга жана ачык жарыяланууга тийиш. Банк, төлөм системасынын ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн өз катышуучулары жана агенттери үчүн финансылык туруктуулук түрүнүн пруденциалдык стандарттарын кабыл алуусу зарыл 

Адилет атаандаштыкты чектеген чаралардын жок болушу 

Кайсыл болбосун чектөө объективдүү болууга жана ал артыкчылыктуу тобокелдик критерийине негизденүүгө тийиш.