Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2009-жылдын 27 майындагы № 25/11 токтому менен бекитилген 

   

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2011-жылдын 30-мартындагы № 20/7, 

2012-жылдын 30-мартындагы № 14/13, 

2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/7, 

2017-жылдын 14-июнундагы № 2017-П-19/24-7-(НПА), 

2020-жылдын 25-мартындагы № 2020-П-19/16-5-(НПА) 

токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

 

 

Кыргыз Республикасында Эсептешүүлөрдүн гросстук системасы аркылуу айкын убакыт ыргагында төлөмдөрдү өткөрүү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө 

НУСКОО 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 25-мартындагы № 2020-П-19/16-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

1. Жалпы жоболор 

1.1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 14-июнундагы N 2017-П-19/24-7-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

1.2. Бул нускоо электрондук төлөм документтерди (мындан ары - ЭТД) жана Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасын (ГСРРВ) колдонуу менен төлөмдөрдү өткөрүү учурунда билдирүүлөрдү даярдоо, кагаз бетине чыгарылган төлөм документтерин жана операциялардын тартибин белгилейт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/7 токтомунун редакциясына ылайык) 

1.3. Бул нускоонун аракети, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) тарабынан лицензияланган финансы-кредит уюмдарынын, алардын кардарларынын, ошондой эле Улуттук банкта ачылган эсепке ээ башка мекемелердин ишине, ошондой эле Улуттук банк менен системага катышуу жөнүндө ыктыярдуу негизде Башкы келишим түзүшкөн адистештирилген катышуучулардын ишине таркатылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 2017-П-19/24-7-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

1.4. Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасында орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди тескөө принциптери жана ыкмалары Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын төлөм системасында тобокелдиктерди тескөө саясатында жана «Кыргыз Республикасында айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы жөнүндө» жободо чагылдырылган. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 25-мартындагы № 2020-П-19/16-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

1.5. Системанын электрондук төлөм документтеринин жана билдирүүлөрүнүн форматтары «Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасында (ГСРРВ) электрондук билдирүүлөрдүн форматтары жана аларды толтуруу эрежелери» документинде (мындан ары Форматтарды толтуруу эрежелери) аныкталган

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 25-мартындагы № 2020-П-19/16-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

1.6. Бул нускоодо колдонулган терминдер жана аныктамалар Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында камтылган терминдерге жана аныктамаларга дал келет. Нускоодо буларга кошумча төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат": 

Баштапкы төлөм документи - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик актыларына ылайык тариздетилген, төлөм ишке ашырылгандыгы фактысын тастыктаган кагаз жүзүндөгү же электрондук формадагы төлөм документи. 

Эсептешүү терезеси - системанын катышуучулары ортосунда милдеттенмелерди жөнгө салуу жана кезекте турган төлөмдөр боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн каралган операциялык күн ичиндеги мезгил аралыг 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 14-июнундагы N 2017-П-19/24-7-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

1.7. Улуттук банк ГСРРВнын оператору, Катышуучулардын Улуттук банкта ачылган эсептери боюнча системада эсептешүүлөрдү жүргүзүүчү эсептешүүчү агент жана эсептешүүчү банк болуп саналат. 

1.8. Улуттук банк электрондук кол тамганы тастыктоочу борбор болуп саналуу менен ал, катышуучунун ыйгарым укуктуу жоопкерчиликтүү адамын авторизациялоо жол-жобосун жүзөгө ашырып, кириш жана чыгыш электрондук документтерине жана катышуучунун электрондук төлөмдөрүнө кол коюу жана аларды текшерүү учурунда пайдалануусу үчүн жеке ачкыч менен маалымат жазылгандарды берет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 25-мартындагы № 2020-П-19/16-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2. Катышуучу-төлөөчүнүн айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасында төлөм документтерин даярдоо жана өткөрүп берүү 

өлүмдүн аталышы КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/7 токтомунун редакциясына ылайык) 

2.1. Катышуучу-төлөөчү төлөөчү кардардан баштапкы төлөм документтерин эки нускада кабыл алат. Баштапкы төлөм документинин бир нускасы катышуучу-төлөөчүдө калат. Баштапкы төлөм документинин экинчи нускасы аткарууга кабыл алынгандыгы жөнүндө белгиси менен төлөөчү кардарга кайтарылып берилет.  

Эгерде, катышуучу-төлөөчү менен төлөөчү кардардын ортосунда баштапкы төлөм документтери электрондук формада алмашылса, катышуучу-төлөөчү менен төлөөчү кардар ортосунда түзүлгөн келишимдин шарттарына, ошондой эле катышуучу-төлөөчүнүн ички ченемдик документтерине жана жол-жоболоруна ылайык, катышуучу-төлөөчү электрондук документти алгандыгын төлөөчү кардарга тастыктайт.  

Төлөөчү кардар аткарууга кабыл алынгандыгы жөнүндө катышуучу-төлөөчүнүн белгиси коюлган баштапкы төлөм документинин тиешелүү нускасын алган учурдан тартып, ал төлөм төлөөчү кардар үчүн кардар төлөөчүнүн эсебинен каражаттар алынып салынган учурдан тартып бул төлөм ал үчүн акыркы болуп саналат

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 25-мартындагы № 2020-П-19/16-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.2. Катышуучу-төлөөчү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарына ылайык ЭТДны даярдайт. Кардардын эсебин банк катышуучунун филиалына бир түрдө байланыштырууну камсыз кылуу, ошондой эле төлөмдөрдү түздөн-түз иштеп чыгуу максатында катышуучулар милдеттүү түрдө ушул нускоого карата 1-тиркемеге ылайык, МТ103 электрондук төлөмдөр форматында филиалдын идентификаторун колдонууга тийиш. 

2.3. ЭТД даярдалып бүткөндөн кийин, катышуучу-төлөөчү аны колдо болгон байланыш каналдары аркылуу ГСРРВга жөнөтөт. 

2.4. Колдо болгон байланыш каналдары аркылуу ЭТДнын файлын жана башка электрондук маалыматтарды кабыл алуу жана берүү мүмкүн болбогон шартта, Катышуучулар ЭТДны кабыл алуу жана берүү үчүн электрондук алып жүрүүчүлөрдү же кагаз түрүндөгү төлөм документин пайдалана алышат. 

3. Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасында төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби 

өлүмдүн аталышы КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/7 токтомунун редакциясына ылайык) 

3.1. ГСРРВнын иш регламенти 

3.1.1. ЭТДны иштеп чыгуу ГСРРВнын иш регламентине ылайык жүзөгө ашырылат жана ал төмөнкүдөй мезгил аралыктарына бөлүштүрүлгөн: 

Мезгил аралыгы  

Мезгил узактыгы  

Күндүн башталышы  

8:30-8:40  

Бизнес үчүн ачык 

8:40-9:00  

Эл аралык төлөм карттары менен эсептешүүлөр системалары (VISA, MasterCard) боюнча катышуучулардын таза позицияларын акыркы эсептөө  

9:00-17:00  

ГСРРВда ЭТДны жана билдирүүлөрдү кабыл алуу жана иштеп чыгуу  

9:00-17:20  

ГСРРВ катышуучуларынын акча каражаттарынын резервин Пакеттик клиринг системасындагы дебеттик таза позицияга берүүсү  

8:45-13:30  

Дебеттик таза позицияга резерв түзүү жана аны Пакеттик клиринг системасына берүү  

13:30-13:50  

Пакеттик клиринг системасынын клиринг сессиясынын жыйынтыгы боюнча катышуучулардын таза позицияларын акыркы эсептөө  

13:50-14:20  

Баштапкы өчүрүү (эсептешүү мезгил аралыгы)  

16:30  

Жыйынтыгында өчүрүү  

17:00  

Эсептешүүлөрдү аяктоо  

17:20  

 

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 96-беренесине таянуу менен иштебеген майрам күнүнөн мурдагы иш күнүнүн узактыгы боюнча айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасынын иш регламенти бир саатка кыскартылат жана төмөнкүдөй убакыт аралыктары белгиленет: 

 

Мезгил аралыгы  

Мезгил узактыгы  

Баштапкы өчүрүү (эсептешүү мезгил аралыгы)  

15:30 

Жыйынтыгында өчүрүү  

16:00 

Эсептешүүлөрдү аяктоо  

16:20 

 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 25-мартындагы № 2020-П-19/16-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

3.1.2. ГСРРВ иш регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы келип чыккан шартта, Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү токтому кабыл алынат. 

3.1.3. Системанын катышуучусу Улуттук банктын ченемдик-укуктук актыларына ылайык, иш регламентинин сакталышы үчүн жоопкерчилик тартышат. 

3.1.4. Катышуучулардын кайрылуусу боюнча регламент узартуу зарылчылыгы келип чыккан шартта, операциялык күндүн эсептешүү мезгилинин кечеңдеп жатышынын себептери жөнүндө катышуучунун жетекчисинин колу коюлган кат жөнөтүлөт (алгачкы, жыйынтыктоочу, эсептешүүлөрдүн аяктоосу). 

3.1.5. Эсептешүүлөрдү аяктоо мезгилине карата системанын Катышуучусу системасындагы бардык билдирүүлөрдү карап чыгууга жана "COMPLETE, CANCELLED статусуна" ээ болбогон, бардык аягына чыгарылбаган билдирүүлөрдү алып салууга милдеттүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 25-мартындагы № 2020-П-19/16-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

3.1.6. Кандайдыр бир себептерден улам, системанын катышуучулары: 

1) баштапкы өчүрүү мезгилин узарткан шартта, мында: 

- узартуу убактысы толук өчүрүү убактысынан ашпаган болсо, анда системанын кийинки эсептешүү мезгилдери системанын иш регламентине ылайык жүргүзүлөт; 

- баштапкы өчүрүү мезгилин узартуу убактысы толук өчүрүү убактысынан ашып кетсе, анда толук өчүрүү мезгили баштапкы өчүрүү мезгили келип жеткен учурдан тартып 20 мүнөткө, ал эми эсептешүүлөрдү аяктоо мезгили, толук өчүрүү мезгили келип жеткен учурдан тартып 10 мүнөткө узартылат; 

2) толук өчүрүү убактысы, мында: 

- узартуу убактысы эсептешүүлөрдү аяктоо мезгили келип жеткен убакыттан ашпаса, анда эсептешүүлөрдү аяктоо системанын иш регламентине ылайык жүргүзүлөт; 

- толук өчүрүү мезгилин узартуу убактысы эсептешүүлөрдү аяктоо мезгили келип жеткен убакыттан ашып кете турган болсо, анда эсептешүүлөрдү аяктоо толук өчүрүү мезгили келип жеткен учурдан тартып 10 мүнөткө узартылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 30-мартындагы N 14/13 токтомунун редакциясына ылайык) 

3.2. ГСРРВ системасында күндүн ачылышы 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 25-мартындагы № 2020-П-19/16-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

ГСРРВ системасында күндүн ачылышы «Күндүн башталышы» жана «Бизнес үчүн ачык» деген эки мезгилди кезеги менен аткаруу аркылуу жүргүзүлөт. ГСРРВ оператору күндүн башталышында системаны даярдоо иштерин жүргүзөт (параметрлерди орнотуу, аларды ишке багыттоо жана системаны ишти баштоого даярдоо).  

«Күндүн башталышы» мезгилинде билдирүүлөрдүн кезеги башталат, Улуттук банктын төлөмдөрү иштелип чыгат, катышуучулардын төлөмдөрү «WAITING» (Күтүү) статусуна которулат. «Күндүн башталышы» мезгилин аткаргандан кийин ГСРРВ оператору биллинг (ГСРРВ кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөлөр) чогултуу ишин жүзөгө ашырат. 

«Бизнес үчүн ачык» мезгили аткарылгандан кийин система төлөмдөрдүн бардык түрлөрүн (кардардын МТ 103 жана банктар аралык МТ 202) кабыл алат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 25-мартындагы № 2020-П-19/16-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

3.3. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 25-мартындагы № 2020-П-19/16-5-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

3.4. ГСРРВда ЭТДны жана билдирүүлөрдү кабыл алуу жана иштеп чыгуу 

3.4.1. ГСРРВда төлөмдөрдү өткөрүү үчүн ЭТД системанын белгиленген иш регламентинин чегинде учурдагы операциялык күн ичинде кабыл алынат. 

3.4.2. ГСРРВда эсептешүүлөрдү жүргүзүү кезектүүлүгү төлөөгө каралган ЭТДны кабыл алуу кезектүүлүгүнө ылайык келүүгө тийиш. ГСРРВда ар бир төлөм боюнча эсептөө катышуучу-төлөөчүнүн Улуттук банктагы эсебиндеги күндөлүк кредиттик калдыктардын чегинде жүргүзүлөт. 

3.4.3. ГСРРВда катышуучу-төлөөчүнүн электрондук кол тамгасынын (мындан ары ЭК) аныктыгы, электрондук төлөм документинин бүтүндүгү жана белгиленген форматка ылайык келүүсү текшерилет. Эгерде, катышуучу-төлөөчүдөн алынган ЭТДны аутентификациялоо мүмкүн болбогон учурда же ЭТД реквизиттерин толтурууда каталарга жол берилгендиги аныкталса, ГСРРВда табылган аныкталган каталарды көрсөтүү менен тиешелүү форматтагы электрондук төлөмдөр түзүлөт. Бул билдирүүгө системанын ЭКсы коюлат жана катышуучу-төлөөчүнүн дарегине колдонуудагы байланыш каналдары боюнча жөнөтүлөт. катышуучу-төлөөчү ЭТД кабыл алынбагандыгы жөнүндө билдирүүнү алгандан кийин, ЭТДны кайрадан түзүп, системанын белгиленген иш регламентинин чегинде иштеп чыгуу үчүн ГСРРВга кайрадан жөнөтө алат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 25-мартындагы № 2020-П-19/16-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

3.4.4. Электрондук төлөм документи Улуттук банк Башкармасынын же Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин чечимдеринин (кабыл алынган токтомдорунун) негизинде, системада белгиленген ар бир катышуучунун статусуна ылайык иштелип чыгат. Статуска ылайык төлөмдөрдү иштеп чыгуу эрежелери ушул нускоого карата 2-тиркемеде келтирилген. 

3.4.5. Катышуучу-төлөөчүнүн Улуттук банктагы эсебинде төлөмдү өткөрүү үчүн жетиштүү өлчөмдө каражат жок болгон учурда, бул төлөм FIFO принцибине жана катышуучу-төлөөчү тарабынан "Кыргыз Республикасында айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы жөнүндө" жобого ылайык артыкчылык берүүсүнө жараша кезекке коюлат. 

3.4.6. ЭТД ийгиликтүү текшерүүдөн өткөрүлгөн, ошондой эле катышуучу-төлөөчүнүн эсебинде жетиштүү каражат болгон учурда ГСРРВда эсептөө катышуучу-төлөөчүнүн эсебин дебеттөө жана катышуучу-алуучунун эсебин кредиттөө аркылуу жүргүзүлөт. ГСРРВда эсептөө жүргүзүлгөндөн кийин катышуучу-төлөөчүнүн эсеби дебеттелгендигин, катышуучу-алуучунун эсеби кредиттелгендигин тастыктаган электрондук төлөмдөр түзүлүп, ал катышуучуларга колдо болгон байланыш каналдары аркылуу жөнөтүлөт. 

3.4.7. ГСРРВда катышуучу-төлөөчүнүн эсебин дебеттөө жана катышуучу-алуучунун эсебин кредиттөө операциялары жүргүзүлгөндөн кийин, бул төлөм боюнча эсептешүү жыйынтыктоочу болуп саналат. Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасында жыйынтыктап эсептешүү шартсыз жана кайтарылып алынгыс болуп саналат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/7 токтомунун редакциясына ылайык) 

3.4.8. Катышуучу-төлөөчү, ага төлөм аткарууга кабыл алынгандыгы жөнүндө тастыктама берилген жана анын эсебинен каражаттар алынган учурдан тартып төлөм документтери Эсептешүүлөрдүн гросстук системасынын операторуна өткөрүлүп берилгенге чейин төлөм документтеринин жана билдирмелердин туура өткөрүлүшү үчүн жоопкерчилик тартат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/7 токтомунун редакциясына ылайык) 

3.4.9. Эсептешүүлөрдүн гросстук системасынын оператору, катышуучу-төлөөчүгө төлөм аткарууга кабыл алынгандыгы жөнүндө тастыктама берилген учурдан тартып катышуучулардын Улуттук банкта ачылган корреспонденттик (күндөлүк) эсептери боюнча жыйынтыктап эсептешүү жүргүзүлгөнгө чейин төлөмдүн жүргүзүлүшү үчүн жоопкерчилик тартат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/7 токтомунун редакциясына ылайык) 

3.4.10. Катышуучу-алуучу, анын Улуттук банктагы корреспонденттик (күндөлүк) эсебине каражаттар чегерилген учурдан тартып алынган каражаттар катышуучу-алуучунун эсебине чегерилгенге чейин жоопкерчилик тартат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/7 токтомунун редакциясына ылайык) 

3.5. ГСРРВдан алынган электрондук төлөмдөрдү иштеп чыгуу 

3.5.1. ГСРРВдан катышуучу-төлөөчүнүн дарегине келип түшкөн эсептин дебеттелиши жөнүндө тастыктаган электрондук төлөмдөр катышуучу-төлөөчү тарабынан анда ЭКнын туура коюлгандыгы, бүтүндүгү жана белгиленген форматка ылайык келе тургандыгы көз карашынан текшерүүгө алынат. Текшерүү ийгиликтүү ишке ашырылган учурда ал төлөм катышуучу-төлөөчү үчүн жыйынтыктоочу жана кайтарылып алынгыс болуп калат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 25-мартындагы № 2020-П-19/16-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

3.5.2. ГСРРВдан катышуучу-алуучунун дарегине келип түшкөн эсептин кредиттелиши жөнүндө тастыктаган электрондук төлөмдөр катышуучу-алуучу тарабынан анда ЭКнын туура коюлгандыгы, бүтүндүгү жана белгиленген форматка ылайык келе тургандыгы көз карашынан текшерүүгө алынат. Текшерүү ийгиликтүү ишке ашырылган учурда, катышуучу-алуучу каражаттарды алуучу кардардын эсебине чегерет жана мында төлөм катышуучу-алуучу үчүн жыйынтыктоочу болуп калат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 25-мартындагы № 2020-П-19/16-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

3.5.3. Өтүп жаткан операциялык күндүн саат 13:00го чейин так эмес көрсөтүлгөн реквизиттер менен электрондук төлөмдөр алган катышуучу-алуучу, ошол эле операциялык күндүн акырына чейин акча каражаттарын кайра которуу иштерин жүзөгө ашырууга тийиш. Реквизиттери туура эмес көрсөтүлгөн электрондук төлөмдөр өтүп жаткан операциялык күндүн 13:00до алынган болсо, катышуучу-алуучу акча каражаттарын кийинки операциялык күнү ГСРРВ системасынын иши башталгандан кийин дароо кайтара которууга милдеттүү. Мында, төлөм багытынын тилкесинде катышуучу-төлөөчү тарабынан кетирилген каталар көрсөтүлөт. Реквизиттери туура эмес көрсөтүлгөн төлөмдөрдү кайтаруу боюнча аракеттерди көрүү тартиби катышуучу-алуучунун ички жол-жоболоруна ылайык ишке ашырылат. 

3.6. Катышуучулар тарабынан акча каражаттарынын резервин ГСРРВдагы дебеттик таза позицияга берилиши 

3.6.1. СПКдагы дебеттик таза позицияга акча каражттарынын резерви, катышуучулар тарабынан алардын Улуттук банкта ачылган эсептеринде ГСРРВда акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн зарыл болгон каражаттардын бөлүгүн резервге коюу аркылуу күн сайын белгиленет. 

3.7. Дебеттик таза позицияга резерв топтоо жана аны СПКга берүү 

3.7.1. ГСРРВ системасында катышуучулардан алынган маалыматтардын негизинде, СПКдагы дебеттик таза позицияны төлөө үчүн катышуучулардын дебеттик позициясына резерв файлдары белгиленген форматта түзүлөт. ГСРРВ резерв файлдарды Катышуучулардын дебеттик таза позициясына ишинде белгиленген регламентке ылайык, колдо болгон байланыш каналдары боюнча СПКга жөнөтөт. 

3.7.2. СПКдагы дебеттик таза позицияга резерв файлдарын алгандан кийин ЭКнын аныктыгы, алынган резерв файлдарынын бүтүндүгү жана алардын белгиленген форматка ылайык келүүсү текшерилет. Эгерде, алынган резерв файлда ката жок болсо, СПК белгиленген формата тастыктоо даярдайт жана аны системанын катышуучуларынын корреспонденттик эсептери боюнча, акыркы эсептешүүнү жүргүзүү үчүн ГСРРВга колдо болгон байланыш каналдары аркылуу жөнөтөт. Эгерде СПК каталарды тапкан болсо, ал тууралуу белгиленген форматта билдирүү даярдап, колдо болгон байланыш каналдары аркылуу ГСРРВга жөнөтөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 25-мартындагы № 2020-П-19/16-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

3.8. Чекене төлөмдөр системасынын таза позицияларын жыйынтыктап эсептөө 

3.8.1. СПКдан таза позиция файлдарын алгандан кийин, ГСРРВда ЭК файлдарынын аныктыгы, ЭТДнын бүтүндүгү жана ЭТДнын белгиленген форматка ылайык келүүсү текшерилет. Эгерде, алынган файлдарда каталар аныкталган болсо, ГСРРВда аларды көрсөтүү менен белгиленген форматта электрондук төлөмдөр даярдалат. Бул билдирүүгө ЭК коюлуп, колдо болгон байланыш каналдары аркылуу ЭСПнын дарегине жөнөтүлөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 25-мартындагы № 2020-П-19/16-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

3.8.2. Эгерде алынган файл ийгиликтүү текшерүүдөн өткөрүлсө, катышуучулардын Улуттук банкта ачылган эсептери боюнча таза позицияларды жыйынтыктап эсептөө ишке ашырылат. ГСРРВда акыркы эсептешүү жүргүзүлгөндөн кийин анын ийгиликтүү өткөндүгүн тастыктаган файл даярдалат жана колдо болгон байланыш каналдары аркылуу боюнча СПКга жөнөтүлөт. 

3.8.3. Эгерде СПКдагы клиринг сессиясынын натыйжалары боюнча дебиттик таза позиция каражаттардын жетишсиздигинен улам ГСРРВда бир эле катышуучунуку төлөнбөй калса, анда таза позициялардын бүтүндөй файлы ГСРРВ системасында четке кагылат. Мында, бир же бир нече Катышуучу үчүн нөлдүк жетпей калган суммаларды (позицияларды) көрсөтүү менен тиешелүү форматта жооптук файл түзүлүп, ал таза позицияларды жөнгө салуу үчүн колдо болгон байланыш каналдары аркылуу СПКга жөнөтүлөт. 

3.8.4. ГСРРВда таза позицияларды жыйынтыктап эсептөөлөрдөн кийин катышуучулардын Улуттук банкта ачылган корреспонденттик эсептерин дебеттөө жана кредиттөө тууралуу билдирүүлөрү даярдалып, ал колдо болгон байланыш каналдары аркылуу Катышуучуларга жөнөтүлөт. 

3.8.5. Эл аралык төлөм карттары менен эсептешүүлөрдүн системалары (VISA, MasterCard) боюнча катышуучулардын таза позицияларын акыркы эсептөө кол коюлган келишимдердин жана макулдашуулардын негизинде, ошондой эле Улуттук банктын ички жол-жоболоруна ылайык жүргүзүлөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 25-мартындагы № 2020-П-19/16-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

3.9. Өчүрүү мезгил аралыгы 

3.9.1. ГСРРВда алгачкы өчүрүү учуру башталганда кардардык төлөмдөргө тыюу салынат. Кардарлардын төлөмдөрү бул иш ыргагында система тарабынан кабыл алынбайт. Иштин мындай ыргагы "эсептешүү терезеси" деген аталышка ээ. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/7 токтомунун редакциясына ылайык) 

3.9.2. ГСРРВда акыркы өчүрүү мезгили башталган учурда, банктар аралык төлөмдөрдүн киргизилишине тыюу салынат, мында ошол учурда төлөмдөрдүн кезегинде турган бардык кардарлардын төлөмү жана банктар аралык төлөмдөр системада кабыл алынбайт, же тиешелүү өчүрүү мезгилдери келип жетиши үчүн, ГСРРВ оператору тарабынан кол менен аткаруу режиминде алынып салынат.  

Акыркы өчүрүү менен эсептешүүлөрдүн аяктоосунун аралыгында системага транзакцияларды Улуттук банк гана киргизүүгө укуктуу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 25-мартындагы № 2020-П-19/16-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

3.9.3. ГСРРВда эсептешүүлөрдү аяктоо мезгили келген учурда кайсы болбосун транзакцияларды системага киргизүүгө тыюу салынат. Эсептешүүлөрдү аяктоо мезгилинен кийин катышуучулардын атынан Улуттук банк тарабынан демилгеленген жана ошол учурда төлөмдөрдүн кезегинде турган бардык төлөмдөр системада кабыл алынбайт. 

3.9.4. Эсептешүүлөрдү аяктоо мезгили келип жеткенден кийин ГСРРВ статистикалык отчетторду даярдайт жана маалыматтардын архивин жүргүзөт. 

3.9.5. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 25-мартындагы № 2020-П-19/16-5-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

3.9.6. ГСРРВ алгачкы өчүрүү, акыркы өчүрүү жана эсептешүүлөрдүн аякталышы мезгилинин келип жеткендиги жөнүндө электрондук билдирүүлөрдү катышуучуларга дароо жөнөтөт. 

4. Тобокелдиктерди жана ликвиддүүлүктөрдү тескөө 

4.1. Эсептешүүлөрдүн гросстук системасында бардык төлөмдөр жана эсептешүүлөр, катышуучу-төлөөчүнүн Улуттук банкта ачылган корреспонденттик (күндөлүк) эсебиндеги кредит калдыгынын чегинде гана жүргүзүлөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/7 токтомунун редакциясына ылайык) 

4.2. Катышуучу-төлөөчүнүн Улуттук банкта ачылган корреспонденттик (күндөлүк) эсебинде каражат жетишсиз болгон учурда, ал төлөм кезекке жайгаштырылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/7 токтомунун редакциясына ылайык) 

4.3. Финансылык тобокелдиктерди басаңдатуу максатында ГСРРВнын катышуучулары күн ичинде төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырышат: 

- айкын убакыт ыргагында төлөмдөрдүн иштелип чыгышына мониторинг жүргүзөт; 

- Улуттук банкта ачылган өз корреспонденттик (күндөлүк) эсебиндеги каражаттарынын калдыгына айкын убакыт ыргагында мониторинг жүргүзөт; 

- айкын убакыт ыргагында ликвиддүүлүктүн жалпы деңгээлине көз салат; 

- айкын убакыт ыргагында өз чыгыш төлөмдөрүнүн кезегине мониторинг жүргүзөт; 

- өз чыгыш төлөмдөрү үчүн артыкчылыктарды белгилейт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/7 токтомунун редакциясына ылайык) 

4.4. Ликвиддүүлүктү тескөө максатында, ГСРРВ катышуучулары күн ичинде төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырышат: 

- айкын убакыт ыргагында тутумдаш системалардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу үчүн каражаттарды резервге коюуну камсыздайт; 

- төлөмдөрдү кезегинен алып салуу жана төлөмдөрдүн артыкчылыгын өзгөртүү аркылуу төлөм кезектүүлүгүн тескөөгө алат; 

- Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, бир күндүк кредит жана овернайт кредитин алуу үчүн Улуттук банкка кайрылышат; 

- кредит алуу үчүн банктар аралык рыноктун катышуучуларына кайрылышат; 

- банктар аралык рынокто активдерди сатууну жүзөгө ашырышат; 

- нак каражаттарды салуу аркылуу Улуттук банктагы эсеп калдыктарын толукташат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/7 токтомунун редакциясына ылайык) 

4.5. ГСРРВнын оператору күн ичинде бардык катышуучулардын ликвиддүүлүгүнө көз салуу менен кайсы болбосун катышуучунун төлөмдөрүнүн кезегин ал менен макулдашуу боюнча тескөөгө алат. 

5. Тарифтер 

5.1. Улуттук банк тарабынан Эсептешүүлөрдүн гросстук системасында төлөмдөрдү иштеп чыгуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтер, Улуттук банк Башкармасынын 2002-жылдын 23-ноябрындагы № 45/11 токтому менен бекитилген "Баа түзүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди белгилөө саясатына" ылайык Эсептешүүлөрдүн гросстук системасынын оператору тарабынан белгиленет, ал Улуттук банк Башкармасы тарабынан бекитилет жана Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/7 токтомунун редакциясына ылайык) 

6. Документтердин архивин жүргүзүү 

6.1. Эсептешүүлөрдүн гросстук системасынын катышуучулары бардык жөнөтүлгөн жана алынган электрондук төлөм документтердин жана билдирмелердин архивин жүргүзөт жана алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген мөөнөттөрдүн чегинде сакталышын камсыз кылышат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/7 токтомунун редакциясына ылайык) 

7. Жоопкерчиликтерди бөлүштүрүү жана талаш-тартыш маселелерди чечүү 

7.1. Тараптар ортосундагы жоопкерчиликтерди бөлүштүрүү жана талаш-тартыш маселелерди чечүү Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/6 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында айкын убакыт убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы жөнүндө" жобо, ошондой эле эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдер жана макулдашуулар менен жөнгө салынат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 14-июнундагы N 2017-П-19/24-7-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

7.2. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/7 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

7.3. Системаны тейлөөгө алуу боюнча ички эрежелер жана бардык жол-жоболор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банк тарабынан анын тиешелүү ченемдик-укуктук актыларына ылайык иштелип чыгат жана системанын катышуучуларына макулдашылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/7 токтомунун редакциясына ылайык) 

7.4. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/7 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

7.5. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/7 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

 

Кыргыз Республикасында Эсептешүүлөрдүн  

гросстук системасы аркылуу айкын убакыт  

ыргагында төлөмдөрдү өткөрүү жана эсептешүүлөрдү  

жүргүзүү тартиби жөнүндө нускоого карата  

1-тиркеме  

  

  

ГСРРВ системасында электрондук төлөмдөрдү иштеп чыгууда филиалдын Банктык идентификациялык кодун пайдалануу 

ТАРТИБИ 

1. Кардардын эсебин катышуучу банктын филиалына бирдей негизде байланыштырууну камсыз кылуу, ошондой эле төлөмдөрдүн түздөн-түз иштелип чыгышы үчүн катышуучулар филиалдын МТ103 электрондук төлөмдөр форматындагы идентификаторун милдеттүү түрдө колдонууга тийиш. Филиалдын банктык идентификациялык коду (мындан ары - БИК) жөнөтүүчү кардардын жана алуучу кардардын идентификация тилкесинде чагылдырылат. 

2. Филиалдын БИКи МТ103 билдирүүсүнүн 50 жана 59-тилкелеринде биринчи тексттик сапта жазылат жана ушул сапта 6 алгачкы позицияны ээлейт. Көрсөтүлгөн тилкелердин тексттик саптарынын калган позицияларын кардардын аталышы катары колдонууга болот. 

3. БИК форматы 6 сандан турат жана Төлөм системасынын катышуучуларынын банктык идентификациялык коддорунун маалымдамасында чагылдырылган маанилерге ылайык келүүгө тийиш. 

Мисалдар: 

1. 

:50К:/1123456789234234 

102004 "Зенит" авто оңдоочу жайы 

Тынчтык көчөсү 15. 

2. 

:50К:/1123456789234234 

102004 

"Зенит" авто оңдоочу жайы 

Тынчтык көчөсү 15. 

4. Катышуучулар төмөнкүлөр үчүн жоопкерчиликтүү

- банктар аралык филиалдар аралык төлөмдөрдү түзүү учурунда МТ103 билдирүүсүнүн 50 жана/же 59-тилкесине филиалдын банктык идентификациялык кодунун милдеттүү түрдө киргизилишине; 

- банктык идентификациялык коддун көрсөтүлгөн форматка жана "Төлөм системасынын катышуучуларынын банктык идентификациялык кодунун маалымдамасына" чагылдырылган мааниге ылайык келүүсүнө

- МТ103 билдирүүсүнүн форматына ылайык келүүсүнө

- филиалдын реквизиттери менен билдирүүнү жөнөтүүчү жана/ же алуучу катары, филиалдын алуучу кардардын дарегине төлөм тапшырмасын түзүүгө

  

Кыргыз Республикасында Эсептешүүлөрдүн  

гросстук системасы аркылуу айкын убакыт  

ыргагында төлөмдөрдү өткөрүү жана эсептешүүлөрдү  

жүргүзүү тартиби жөнүндө нускоого карата  

2-тиркеме 

Катышуучунун статусуна ылайык төлөмдөрдү иштеп чыгуу 

ЭРЕЖЕЛЕРИ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 25-мартындагы № 2020-П-19/16-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

Катышуучунун статусуна ылайык төлөмдөрдү иштеп чыгуу ЭРЕЖЕЛЕРИ  

Катышуучунун статусу айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасынын оператору тарабынан Улуттук банк Башкармасынын же Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин лицензияны кайтарып алуу, Убактылуу администрацияны, тике банктык көзөмөл киргизүү, банкроттук ж.б. жөнүндө токтому менен кабыл алынган чечимдеринин негизинде белгиленет.  

Системада катышуучулардын төмөнкүдөй статустары аныкталган:  

1. Системанын катышуучуларына тиешелүү статустар:  

АСТIVЕ катышуучу активдүү, дебеттик сыяктуу эле, кредиттик төлөмдөр да өткөрүлүшү мүмкүн;  

ВLОСKЕD INСОМING катышуучуга кредиттик төлөмдөрдү (эсепти толуктоого) аткарууга, анын ичинде тутумдаш системалар үчүн акча каражаттарынын камын (резервин) белгилөөгө тыюу салынган;  

ВLОСКЕD OUТGОING катышуучуга дебеттик төлөмдөрдү өткөрүүгө (эсептен алып салууга), анын ичинде тутумдаш системалар үчүн акча каражаттарынын камын (резервин) белгилөөгө тыюу салынган;  

ВLОСКЕD АLL катышуучуга дебеттик сыяктуу эле, кредиттик төлөмдөрдү өткөрүүгө тыюу салынган.  

DISABLED катышуучу төлөмдөрдү өткөрө албайт. 

 

2. Системанын катышуучусунун эсептерине тиешелүү статустар:  

АСТIVЕ катышуучунун эсеби активдүү, катышуучунун дарегине жана катышуучунун атынан төлөмдөр жүргүзүлүшү мүмкүн;  

АРРROVЕ катышуучунун эсебиндеги кандай болбосун өзгөртүүлөр тастыктоону күтүү абалында турат;  

REMOVED катышуучунун эсеби системадан алынып салынган.  

 

3. Төлөмдөргө тиешелүү төлөмдөрдүн жана камдардын статустары (кардарлардыкы - МТ 103 жана банктар аралык - МТ 202):  

СОМРLЕТЕ төлөм ийгиликтүү жүргүзүлгөн жана акыркы болуп саналат;  

ENTER бул аралык статус, ага төлөмдөр ГСРРВ системасында түзүлгөндөн кийин эле дароо өтөт; 

САNСЕLLED төлөм пайдалануучу же система тарабынан жокко чыгарылган;  

АРРRОVЕ төлөм же акча каражаттарынын камы тастыктоону күтүү абалында турат;  

RЕРАIR төлөм же акча каражаттарынын камы кошумча оңдоолорду киргизүүнү күтүү абалында турат;  

РЕNDING жүргүзүү үчүн жетиштүү өлчөмдөгү каражаттардын же акча каражаттарынын камы жок болгон учурда, төлөм кезекке жайгаштырылат;  

WAITING катышуучу тарабынан «Күндүн башталышы» мезгилинен тартып бирок «Бизнес үчүн ачык» мезгилине чейин жөнөтүлгөн төлөмдөргө WAITING статусу берилет; 

DЕFFЕRЕD төлөм күндөлүк операциялык күн ичинде келечекте эсептөө убактысы менен төлөмдөр кезегине жайгаштырылган;  

FUTURЕ төлөм бир нече келерки операциялык күн ичинде келечекте эсептөө күнү менен төлөмдөр кезегине жайгаштырылган.