Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2016-жылдын 30-мартындагы 

№ 15/6 токтомуна карата 

тиркеме 

Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө 

ЖОБО 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/1, 2018-жылдын 14-февралындагы № 2018-П-14/5-5-(НПА), 2019-жылдын 27-февралындагы № 2019-П-14/9-4-(ПС), 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-4-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1-глава. Жалпы жоболор 

1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/1 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

2. Жободо коммерциялык банктарга (мындан ары - банк), операторлорго, агенттерге, субагенттерге жана эл аралык электрондук акча системасынын операторлоруна/эл аралык электрондук акча эмитенттерине карата Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук акча менен операцияларды ишке ашыруу тартиби жана талабы белгиленген. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

3. Электрондук акча менен операциялар өзүндө электрондук акчаны чыгарууну, жайылтууну, ордун жабууну жана Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук акчаны пайдалануу менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоону камтыйт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

4. Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук акча чыгаруу лицензиялануучу иш болуп саналат. Лицензия банкка төмөнкү операциялардын түрлөрүн гана жүзөгө ашырууга берилет: 

1) электрондук акча чыгаруу, жайылтуу жана ордун жабуу; 

2) электрондук акча ээлеринен интернетти, мобилдик жана башка байланыш каражаттарын колдонуу менен банкка берилүүчү товарлар/кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөлөрдү жүзөгө ашыруу тапшырмаларын кабыл алуу; 

3) электрондук акчаны пайдалануу менен ишке ашырылган транзакцияларды иргөө (процессинг); 

4) келишим түзүлгөн акцептанттар менен кардарлардын атынан жана алардын тапшырмасы боюнча системада иштелип чыккан төлөмдөр боюнча эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

5. Банктар, операторлор, субагенттер, ошондой эле эл аралык электрондук акча системаларынын операторлору/эл аралык электрондук акча эмитенттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын так сактоого жана аткарууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

2-глава. Терминдер жана аныктамалар 

6. Ушул жобонун максатында төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулган: 

Электрондук акча акцептанты (акцептант) - бул, электрондук акча чыгарган банк-эмитент менен түзүлгөн келишимге ылайык, электрондук акча менен операциялар ишке ашырылгандыгын тастыктаган документтерди сунуштоо менен товарлар же кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн электрондук акчаны кабыл алган юридикалык жак, ошондой эле жеке ишкер. 

Электрондук акча агенти (дистрибьютор) - бул, юридикалык жак же жеке ишкер, резидент, ал электрондук акча чыгарган банк менен түзүлгөн агенттик келишимдин негизинде, электрондук акчаны нак же нак эмес акча каражаттарына алмаштырууну (ордун жабууну), ушул жобонун шарттарына ылайык электрондук акчаны жайылтууну ишке ашырат. 

Эл аралык электрондук акча системасынын агенти - бул, өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык жүзөгө ашырган жана эл аралык электрондук акча системасынын эмитенти менен келишимдик мамилеге ээ банк-резидент. 

Аутентификация - бул, идентификатордун (ПИН-код, логин ж.б.) дал келүүсүн текшерүү аркылуу ошол адамдын аныктыгын такташтыруу процесси. 

Эсептешүүлөрдө электрондук акчаны пайдалануу - программалык-техникалык каражаттарды пайдалануу менен сунушталган товарлар жана/же кызмат көрсөтүүлөр үчүн эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда ээлик кылуучу акцептантка электрондук акчаны өткөрүп берүүсү. Акча каражаттарынын жылышы улуттук валютада жана нак акчаны пайдалануусуз, электрондук акча ээсинин эсебинен акцептанттын эсебине чегерүү аркылуу ишке ашырылган шартта, электрондук акчаны пайдалануу менен эсептешүү нак эмес болуп саналат. 

Электрондук капчыктын идентификациялык номери - системада алгач каттоодон өтүү учурунда ыйгарылган кайталангыс (уникалдуу) электрондук капчык номери. Электрондук капчыктын идентификациялык номери боюнча электрондук акча ээси өз капчыгындагы акча каражаттарынын жылышы жана калдыктары жөнүндө маалыматты алууга, ошондой эле зарыл учурларда капчыкты блокировкалоо мүмкүнчүлүгүнө ээ. 

Идентификацияланган электрондук капчык - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык идентификациялоо жана верификациялоо процессинен өткөн электрондук капчык ээси. 

Эл аралык электрондук акча - жайгашкан өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары Кыргыз Республикасынын резиденттери эместери тарабынан чыгарылган (эсепке алынуучу) электрондук акча, электрондук акча каражаттары, электрондук формадагы акча милдеттенмелери. 

Нак акча каражаттары - банкнот жана монета түрүндөгү чет өлкө валютасы жана улуттук валюта акча белгилери. 

Электрондук акча менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү системасынын оператору (мындан ары - оператор) - бул, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш алып барган төлөм системасынын оператору, резидент, ал электрондук акча менен операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн атайы программалык камсыздоону, аппараттык жана түйүндүк жабдууларды орнотууну жана/же техникалык жактан колдоого алууну камсыз кылат, ошондой эле банк менен түзүлгөн келишимдин негизинде процессингди жүзөгө ашырат. 

Айландыруу - электрондук акча ээсинин банкка, операторго, агентке, субагентке, эл аралык электрондук акча системасынын субагентине сунуштаган электрондук акчаны/эл аралык электрондук акчаны, аларда сакталган электрондук акча/эл аралык электрондук акча калдыгынан ашпаган суммада нак же нак эмес акчага алмаштыруу операциясы. Айландыруу банктын аралыкта орнотулган жабдуулары аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн. 

Электрондук акча процессинги - эсептешүү системасынын катышуучулары ортосунда түзүлгөн тиешелүү келишимдерге ылайык, өзүндө электрондук акчаларды пайдалануу менен ишке ашырылган операциялар тууралуу маалыматтарды топтоону, иштеп чыгууну жана аларды катышуучуларга жөнөтүүнү камтыган иш. 

Эсептешүү банкы - электрондук акчаны пайдалануу менен төлөм системасынын катышуучулары ортосунда өз ара эсептешүүнү жүзөгө ашырган банк. 

Электрондук акчаны жайылтуу - банктын, агенттин, субагенттин, эл аралык электрондук акча системасынын агентинин (субагентинин) электрондук акчаны/эл аралык электрондук акчаны андан ары пайдалануусу үчүн ээлик кылуучуларга берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрү

Электрондук акчаларды эсепке алуу боюнча банктык эсеп - бул, банк тарабынан ачылган эсеп, ал чыгарылган электрондук акча боюнча акча каражаттар суммасын чегерүү жана электрондук акчанын ордун жабуу үчүн аларды эсептен алып салуу операцияларын ишке ашырууда гана пайдаланылат. Бул эсептеги калдык бардык чыгарылган электрондук акча боюнча милдеттенмелердин жалпы суммасына барабар. Бул эсептен акча каражаттарын эсептеп алып салууга чек коюлат жана алар ар башка электрондук системаларда жайгашкан каражаттарды бир электрондук капчыктан экинчисине которууну кошо алганда, электрондук акчанын ордун жабуу үчүн акцептанттардын дарегине гана жүзөгө ашырылат. 

Электрондук акча системасында каттоодон өтүү - банктын, оператордун, эл аралык электрондук акча системасынын жол-жоболоруна ылайык, кардардын өзүнө тиешелүү маалыматтарды киргизүүсү менен милдеттүү аутентификациялоо аркылуу системада каттоодон өтүүсү

Электрондук акчаны пайдалануу менен эсептешүү системасы (электрондук акча системасы) - электрондук акчанын жүгүртүлүшүн камсыз кылган чогуу алгандагы банктык жана башка институттар, аппараттык-техникалык каражаттар, эрежелер жана жол-жоболор. 

Субагент/эл аралык электрондук акча субагенти - бул, агент/эл аралык электрондук акча агенти менен электрондук акчаны/эл аралык электрондук акчаны жайылтуу жана ордун жабуу боюнча операцияларды жүзөгө ашырууга субагенттик келишим түзгөн юридикалык жак же жеке ишкер. 

Пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган жабдуу - бул, электрондук капчык ээсинин электрондук акчаны пайдалануу менен төлөмдөрдү жүзөгө ашыруусу үчүн электрондук капчыктан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган инструмент (персоналдык, планшеттик компьютер, уюлдук телефон же башка жабдуу). 

Электрондук акча системасынын катышуучулары - бул банк, агент, оператор, акцептант, электрондук акча ээси, эсептешүү банкы, субагент/эл аралык электрондук акча субагенти. 

Электрондук акча эмиссиясы (мындан ары - чыгаруу) - аларга мындан ары да ордун жабуу мүмкүнчүлүгүн сунуштоо менен нак же нак эмес акча каражаттарына алмаштыруу аркылуу банктын өз электрондук акчаларын жүгүртүүгө чыгаруу иши. 

Электрондук акча - программалык-техникалык жабдууда электрондук түрдө сакталган (алдын ала төлөнгөн карттар, виртуалдуу алдын ала төлөнгөн карттар жана электрондук капчык электрондук акча инструменти болуп саналат) жана акцептанттар уюмунун жана электрондук акча эмитенти-уюмунун товарлар/кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм каражаты катары кабыл алынган акча наркы. 

Электрондук капчык - анда электрондук акча суммасы жана алардын ээлик кылуучуларга таандык экендиги жөнүндө маалымат камтылган программалык камсыздоо же башка программалык-техникалык жабдуу түрүндөгү электрондук акча сакталуучу жабдуу. 

Эл аралык электрондук акча эмитенти - Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары эл аралык электрондук акча чыгарууну (эсепке алууну) жүзөгө ашырган жайгашкан өлкөнүн мыйзамдарына ылайык ишин жүзөгө ашырган банк же юридикалык жак. 

Электрондук акча эмитенти (эмитент) - бул, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, ошондой эле электрондук акча чыгаруу лицензиясына ээ, электрондук акчаны нак акчага айландырууга электрондук акча ээси тарабынан сунушталган акчаны айландыруу боюнча шартсыз жана кайтарымсыз милдеттенмелерди өзүнө алган банк. 

Идентификацияланбаган электрондук капчык - жеке адам тарабынан ачык оферттин негизинде жана ушул жобонун 31-пунктунда белгиленген чектөөлөрдүн алкагында Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барган эмитенттин талаптарына ылайык электрондук түзүлүштөрдүн (мобилдик телефондор, смартфондор жана башка электрондук түзүлүштөр) жардамы менен аралыктан туруп ачылуучу электрондук капчык. 

Көңүл буруңуздар! КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-4-(ПС) токтомуна ылайык 6-пункттун 27-абзацы 2020-жылдын 1-октябрынан күчүн жоготот. 

Эл аралык электрондук акча системасынын оператору - жайгашкан өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында иш алып барган юридикалык жак, ал Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары эл аралык электрондук акча/электрондук акча каражаттары менен операцияларды ишке ашыруу үчүн атайы программалык камсыздоонун, аппараттык жана тармактык жабдуунун техникалык колдоосун орнотот жана/же камсыз кылат. 

Өздүк эсеп - товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар үчүн ачылган, абоненттерге (колдонуучуларга) товарлар жана сунушталган кызмат көрсөтүүлөр көлөмүн эсепке алуусу үчүн каралган, сандар жана/же белгилер катарынан турган эсеп. 

Абонент (колдонуучу) - товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү алган жеке адам жана юридикалык жак. 

Электрондук акча менен эсептешүүнүн локалдык системасы - Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган электрондук акчалардын жүгүртүлүшүн камсыз кылган банк жана башка институттардын, аппараттык-техникалык каражаттардын, эрежелердин жана жол-жоболордун жыйындысы. 

Улуттук төлөм системасынын электрондук акча менен эсептешүү боюнча оператору - төлөм системасынын оператору лицензиясына ээ Кыргыз Республикасынын юридикалык жак-резиденти, анын базасында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн бардык локалдык системалары ортосунда интеграция жүзөгө ашырыла турган "бирдиктүү терезе" түзүлөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/1, 2018-жылдын 14-февралындагы № 2018-П-14/5-5-(НПА), 2019-жылдын 27-февралындагы № 2019-П-14/9-4-(ПС), 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-4-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

3-глава. Электрондук акчаны пайдалануу менен кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо тартиби 

7. Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган электрондук акча улуттук валютада номинацияланууга (туюндурулууга) тийиш. 

Банкка Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкө валютасында номинацияланган электрондук акча чыгарууга тыюу салынат. Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында (сом) номинацияланган эл аралык электрондук акчаны Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарууга тыюу салынат. Кыргыз Республикасынын резидент эместер тарабынан чыгарылган эл аралык электрондук акчаны Кыргыз Республикасынын аймагында таркатуу иши банк тарабынан жүзөгө ашырылат. Банк эл аралык электрондук акчаны андан ары таркатуу үчүн агенттерди "Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" Мыйзамга жана ушул жобонун 3-главасынын § 5 параграфына ылайык ишке тартууга укуктуу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

7-1. Электрондук акча менен эсептешүү системасы, электрондук акча аркылуу операцияларды жүргүзүүгө байланыштуу бирдиктүү тейлөөнү, төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча өз ара маалымат алмашуу жана ошол маалыматты Кыргыз Республикасынын аймагында колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш. 

Кыргыз Республикасынын аймагындагы электрондук акча менен эсептешүүнүн локалдык системасында колдонулуучу программалык жана техникалык каражаттар, төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө улуттук төлөм системасынын электрондук акча менен эсептешүү операторунун аппараттык-программалык комплексинин функцияларына дал келүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 27-февралындагы № 2019-П-14/9-4-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

8. Электрондук акчаны колдонуу менен акцептанттардан товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу операцияларын жүргүзүүгө, тастыкталган электрондук капчыктан, алдын ала төлөнгөн карттан жана/же алдын ала төлөнгөн виртуалдык карттан электрондук акчаны которууга болот. Электрондук акчаны эл аралык/чек ара аркылуу которууда электрондук капчык, алдын ала төлөнгөн карт жана/же алдын ала төлөнгөн виртуалдык карт ээлери тастыкталууга (идентификацияланууга) тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 14-февралындагы № 2018-П-14/5-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

8-1. Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун абонентинин (колдонуучунун) өздүк эсебинен төлөмдөр, анын негизги иш багытынын алкагында товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун кызмат көрсөтүүсү үчүн гана ишке ашырылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 14-февралындагы № 2018-П-14/5-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

9. Электрондук капчыкты, алдын ала төлөнгөн картты жана/же алдын ала төлөнгөн виртуалдык картты толуктоо төмөнкү ыкмалар аркылуу гана ишке ашырылышы мүмкүн: 

- банктык эсептен чегерүү

- тастыкталган электрондук капчыктан, алдын ала төлөнгөн карттан жана/же алдын ала төлөнгөн виртуалдык карттан которуу; 

- банктык эсеп ачуусуз эле, Улуттук банкта каттоодон өткөн акча которуу системасы аркылуу акча которуу; 

- автоматташтырылган терминалга (cash-in), банк-эмитенттин, ошондой эле коммерциялык банктардын агенттеринин жана/же төлөм уюмдарынын агенттеринин кассаларына накталай төлөө

Ушул пунктта көрсөтүлгөн толуктоо ыкмалары такталган жана жыйынтыктоочу болуп саналат, башка ыкмалар каралган эмес. 

Ушуну менен катар эле, электрондук капчыкты, алдын ала төлөнгөн картты жана/же алдын ала төлөнгөн виртуалдык картты толуктоо товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын өз абоненттери алдында милдеттенмелеринин азайышы натыйжасы болуп саналбайт, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын өзү сыяктуу эле, абоненттин ишеним каты жана/же тапшырмасы боюнча жана/же анын ишенимдүү адамы, ошондой эле товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен түздөн-түз же кыйыр түрдө келишимдик мамиледеги башка жактар аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн эмес. 

Электрондук капчыкты, алдын ала төлөнгөн картты жана/же алдын ала төлөнгөн виртуалдык картты толуктоодо электрондук капчыкты, алдын ала төлөнгөн картты жана/же алдын ала төлөнгөн виртуалдык картты толуктаган жак тарабынан нак жана нак эмес акча каражатын өткөрүп берүү же которуу менен электрондук акчанын алдын ала төлөнгөн картка жана/же алдын ала төлөнгөн виртуалдык картка келип түшүүсүнө чейинки убакыт аралыгы бир календардык күндөн ашпоого тийиш. 

Электрондук капчыкты, алдын ала төлөнгөн картты жана/же алдын ала төлөнгөн виртуалдык картты товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын абонентинин (колдонуучунун) өздүк эсебинен, анын ичинде товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн аванстык төлөмдү электрондук капчыкка, алдын ала төлөнгөн картка жана/же алдын ала төлөнгөн виртуалдык картка кайра чегерүү аркылуу толуктоого жол берилбейт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 14-февралындагы № 2018-П-14/5-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

10. Банк, агент акцептанттардын товарлары жана кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөмдөрдүн төлөнүшүн камсыз кылуу үчүн электрондук акчаны кабыл алуу келишимин түзөт, электрондук акчаны пайдалануу менен сунушталуучу кызматтардын тизмегин белгилейт. Тараптардын укуктары жана жоопкерчиликтери, ошондой эле алар ортосунда өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби келишимде белгиленет. 

11. Банк, оператор ошол коммерциялык уюм менен келишим түзгөн учурда жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары сакталган шартта, ошол коммерциялык уюмдар үчүн гана идентификацияланган электрондук капчыкка эмгек акы төлөмдөрүн которууга жол берилет. 

12. Ушул жобонун нормаларынын алкагында төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө юридикалык жак менен электрондук акчаны пайдалануу укугу каралган келишим түзүлгөн шартта, электрондук капчык ички буйруктар, буйруулар жана ишеним каттар аркылуу тиешелүү түрдө таризделген уюштуруу документтерине ылайык ошол электрондук капчыкты пайдалануу укугуна ээ ыйгарым укуктуу адам көрсөтүлгөн шартта юридикалык жакка катталат. 

13. Банк, оператор электрондук акча ээсин милдеттүү түрдө аутентификациялоо аркылуу электрондук акча системасында каттоодон өткөрүүдө анын коопсуздугун камсыз кылуу чараларын көрүүгө тийиш. 

14. Катталган ар бир электрондук капчык бир эмитент банктын алкагында электрондук акча системасында идентификациялык номерге ээ болууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-4-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

15. Электрондук акча менен ишке ашырылган кайсыл болбосун операция Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, анын ичинде төлөнгөндүгү жөнүндө чек же аны тастыктаган кандай болбосун башка документ, смс-билдирүү, электрондук капчык ээсинин электрондук дарегине жөнөтүлгөн, анда бардык реквизиттер камтылган билдирме менен тастыкталууга тийиш. 

§ 1. Электрондук акча чыгарган банкка карата коюлуучу негизги талаптар 

16. Кыргыз Республикасында электрондук акча эмитентинен болуп, электрондук акча чыгарган жана ордун жабуу үчүн электрондук акча ээси сунуштаган акчанын ордун жабуу боюнча шартсыз жана кайтарымсыз милдеттенмелерди өзүнө алган банк саналат. 

17. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/1 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

18. Банк электрондук акчаны чыгаруу, жайылтуу, иштеп чыгуу жана ордун жабуу ишин жөнгө салган эрежелерди иштеп чыгат. 

19. Банк электрондук акча операторунун милдетин өз алдынча аткарат жана электрондук акча процессингин жүзөгө ашырат же болбосо оператор менен электрондук акчаны пайдалануу аркылуу эсептешүүлөрдү жүргүзүү системасынын жана ушул жобонун талаптарына, эрежелерине ылайык процессинг милдетин аткаруу келишимин түзөт. 

20. Банк менен оператор ортосунда түзүлгөн келишимде төмөнкүдөй милдеттүү шарттар камтылууга тийиш: 

- оператор банкта камсыздандыруу депозитин ачууда (эгерде оператор Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкы оператор болгон учурдан тышкары) анын өлчөмү тараптар ортосунда түзүлгөн келишимде аныкталууга же тараптар ортосунда түзүлгөн келишимде каралган шарттарда, штаттан тышкаркы жагдайларды кошуу менен мүмкүн болуучу тобокелдиктердин жана жоготуулардын ордун жабууга каралган кам катары банктык гарантия болууга тийиш; 

- тараптардын ишкердигинин токтотулушуна (лицензияны кайтарып алуу, банкроттук ж.б.), системада орун алган штаттан тышкаркы жагдайларга, ошондой эле форс-мажордук жагдайларга байланыштуу милдеттенмелерди аткаруу боюнча шарттары жана жоопкерчиликтери; 

- электрондук акча системасынан пайдалануу милдеттерин жана укуктарын бөлүштүрүү

- системада, ага карата кине коюулар боюнча иш алып баруу шарттары жана тараптардын жоопкерчиликтери; 

- банк менен оператор ортосунда операциялар боюнча маалыматтарды электрондук акча системасында айкын убакыт ыргагында (on-line) шайкеш келтирүү же болбосо бир күндө (операциялык күн) эки жолудан кем эмес жүргүзүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-4-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

21. Банк өз маалымат системасынын үзгүлтүксүз ишин жана транзакцияларды жүргүзүүдө коопсуздукту камсыз кылуу үчүн ички эрежелерди жана жол-жоболорду иштеп чыгууга тийиш. Электрондук акчаларды пайдалануу менен эсептешүү системасында колдонулган программалык жана техникалык каражаттар Улуттук банктын, талаптарды кошуу менен маалымат коопсуздугун камсыз кылуу талаптарына ылайык келүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-4-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

22. Банк электрондук акча ээлери жана аларды пайдалануу менен жүзөгө ашырылган операциялар тууралуу маалыматтардын сакталышын жана купуялуулугун камсыз кылууга милдеттүү. Электрондук акча ээлери жана алардын электрондук акча боюнча ишке ашырылган операциялары тууралуу маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык гана сунушталышы мүмкүн. 

22-1. Банкка идентификацияланбаган электрондук капчыктарга электрондук акча калдыгына пайыздарды чегерүүгө жана төлөөгө тыюу салынат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

22-2. Банк лоялдуулук (бонустар) программасын жана идентификацияланган электрондук капчыктарга улуттук валютада кошуп эсептелинген бонустарды төлөөнү электрондук капчыктар ээлери пайдалануучулары менен түзүлгөн келишимге ылайык кароого укуктуу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

22-3. Электрондук акча операторунун функциясын жүзөгө ашырган Банк, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык, алдамчылык операцияларына каршы аракеттенүү боюнча иш-чараларды кошо алганда, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдук эрежелеринин сакталышына жана аткарылышына жооптуу кызмат адамын дайындоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-4-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

§ 2. Операторго карата коюлуучу негизги талаптар 

23. Оператор өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Улуттук банк тарабынан берилген лицензиянын негизинде жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык жүзөгө ашырат. 

24. Электрондук акча менен операциялар боюнча процессинг милдетин аткаруу үчүн оператор банк менен келишим түзүүгө тийиш. 

25. Эгерде оператор бир нече банк менен келишим түзгөн болсо, анда ал өз маалымат системасында ар бир банк боюнча өзүнчө электрондук акча эсебин жүргүзүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-4-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

26-1. Электрондук акча менен эсептешүүлөр системасынын оператору электрондук акча калдыгынын программалык камсыздоодо жана/же программалык-техникалык жабдууда гана, анын ичинде электрондук капчыкта, алдын ала төлөнгөн картта жана/же алдын ала төлөнгөн виртуалдык картта сакталышы механизмин камсыз кылууга милдеттүү. Карт ээси товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн ошол программалык камсыздоо жана/же программалык-техникалык жабдуу аркылуу гана төлөмдөрдү ишке ашырууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 14-февралындагы № 2018-П-14/5-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

27. Оператор электрондук акчаны пайдалануу менен ишке ашырылган транзакциялардын коопсуздугу жана ишенимдүүлүгү үчүн жоопкерчилик тартат. 

28. Оператор өз маалымат системасынын үзгүлтүксүз ишин жана төлөмдөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн ички эрежелерди жана жол-жоболорду иштеп чыгууга тийиш. 

29. Оператор өз маалымат системасында электрондук капчык үчүн лимиттерди белгилөөгө, ошондой эле банк менен түзүлгөн келишим шарттарына, ушул жобого жана Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык электрондук акчаны эсепке алуу шарттарын аткарууга тийиш. 

29-1. Оператор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык, алдамчылык операцияларына каршы аракеттенүү боюнча иш-чараларды кошо алганда, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдук эрежелеринин сакталышына жана аткарылышына жооптуу кызмат адамын дайындоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-4-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

§ 3. Электрондук акча үчүн белгиленген лимиттер 

30. Эгерде кардар банктын, оператордун жол-жоболоруна ылайык системада аралыктан катталган болсо, анын электрондук капчыгы идентификацияланбаган болуп саналат. Идентификацияланбаган электрондук капчыктагы калдык 150 (жүз элүү) эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш. 

Көңүл буруңуздар! КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-4-(ПС) токтомуна ылайык 30-пункт 2020-жылдын 1-октябрынан күчүн жоготот. 

31. Идентификацияланбаган электрондук капчык аркылуу төмөнкү операцияларды ишке ашырууга тыюу салынат: 

- идентификацияланбаган электрондук капчыктарга акча каражаттарын которууга; 

- нак акчага айландырууга. 

Көңүл буруңуздар! КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-4-(ПС) токтомуна ылайык 31-пункт 2020-жылдын 1-октябрынан күчүн жоготот. 

32. Идентификацияланбаган электрондук капчык менен бир ай ичинде ишке ашырылган транзакциялардын жалпы көлөмү бир электрондук капчык боюнча 300 (үч жүз) эсептешүү көрсөткүчүнөн ашпоого тийиш. 

Ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн суммадан жогору болгон операцияны ишке ашыруу үчүн капчык ээлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык идентификациялоодон өтүүсү зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

Көңүл буруңуздар! КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-4-(ПС) токтомуна ылайык 32-пункт 2020-жылдын 1-октябрынан күчүн жоготот. 

33. Банк, агент электрондук акча ээсинин - жеке адамды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипке идентификациялоо жана верификациялоо жол-жобосун жүргүзүүгө милдеттүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-4-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

Көңүл буруңуздар! КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-4-(ПС) токтому менен 33-пунктка  киргизилген өзгөртүүлөр 2020-жылдын 1-октябрынан күчүнө кирет. 

34. Банк агенттерин, акцептанттарын кошо алганда, өзүнүн бардык электрондук капчык ээлери үчүн электрондук акча менен операциялар боюнча тобокелдиктерге жол бербөө максатында, электрондук капчык ээлеринин категорияларына жараша лимит өлчөмүн өз алдынча белгилөөгө тийиш. Лимиттер өлчөмү электрондук капчык ээлеринин категорияларына жараша банктын ички жол-жоболорунда аныкталат. 

35. Юридикалык жактар жана жеке ишкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толук идентификациялоо жана верификациялоо жол-жобосунан өтүүгө тийиш. 

36. Жеке ишкерлер жана юридикалык жактар үчүн бир электрондук акчаны пайдалануу менен 1 (бир) операциянын максималдуу өлчөмү 3000 (үч миң) эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш. Бул суммадан жогору операциялар ошол жеке ишкерлердин жана юридикалык жактардын банктык эсептери аркылуу өтүүгө тийиш. 

§ 4. Электрондук акчаны пайдалануу менен ишке ашырылган операцияларды (төлөмдөрдү) эсепке алуу тартиби 

37. Электрондук акчаны пайдалануу менен операциялар электрондук акча системасынын катышуучулары тарабынан банктын, оператордун электрондук акчаны пайдалануу менен эсептешүү системасында ички эрежелерге жана катышуучулар ортосунда түзүлгөн, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына каршы келбеген келишим шарттарына ылайык жүзөгө ашырылат. 

38. Электрондук акчаны пайдалануу менен ишке ашырылган операциялар боюнча акча каражаттарды эсепке алуу, банктын бардык чыгарылган электрондук акчаны эсепке алуу үчүн каралган электрондук акча эсебин жүргүзүү боюнча өзүнчө банктык эсепте ишке ашырылат. 

39. Электрондук акча системасында чыгарылган электрондук акча көлөмү жана суммасы банктын бухгалтердик балансында, демек электрондук акчаны эсепке алуу боюнча банктык эсепте чагылдырылган көлөмгө жана суммага дал келүүгө тийиш. 

40. Оператор банкка электрондук капчык ээлери жана айкын убакыт ыргагында ишке ашырылган транзакциялар жөнүндө маалыматтан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн сунуштоого милдеттүү

41. Банктын, агенттин, оператордун чарба жүргүзүү же башка ишкердик боюнча акча каражаттарын жана өз ара эсептешүүлөрүн, ошондой эле электрондук акчаны кабыл алуу жана тейлөө учурунда алынган кандай болбосун комиссиялык төлөм түрлөрүн эсепке алуу, банкта ачылган, электрондук акчаны эсепке алуу боюнча банктык эсептен айырмаланган өзүнчө эсепте жүзөгө ашырылат. 

42. Банк, оператор чейрек сайын, отчеттук чейректен кийинки айдын 15 кечиктирбестен, ушул жобого карата 1-тиркемеде белгиленген формага ылайык, электрондук акчаны пайдалануу менен ишке ашырылган операциялар жөнүндө бардык зарыл отчеттордун Улуттук банкка берилип турушун камсыз кылууга тийиш. 

43. Улуттук банк туруктуу негизде сунушталуучу отчеттордун негизинде, ошондой эле инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүдө электрондук акча менен эсептешүүлөр системасынын эрежелеринин жана ушул жобонун талаптарынын сакталышына контролдукту жүзөгө ашырат. 

§ 5. Агенттер жана электрондук акчаны жайылтуу 

44. Банк агент менен электрондук акчаны пайдалануу аркылуу белгилүү бир кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого агенттик келишим түзүшү мүмкүн. Банк электрондук акча агенттерине карата критерийлерди өз алдынча иштеп чыгууга, ошондой эле банктын ички жол-жоболорунда электрондук акчаны пайдалануу менен ишке ашырылуучу операциялар тизмегин белгилөөгө тийиш. 

45. Банк агенттик келишимдин алкагында банктын атынан иш алып барган өз агенттеринин иш-аракеттери/аракеттенбей коюусу үчүн өз ээлик кылуучулары алдында агенттик келишимдин алкагында жана анын чегинде жоопкерчилик тартат. 

46. Агент банктын макулдугу боюнча электрондук акчаны жайылтуу үчүн субагент менен тиешелүү келишим түзүшү мүмкүн. Агент, субагенттик келишимдин алкагында банктын, агенттин атынан иш алып барган өз субагенттеринин иш-аракеттери/аракеттенбей коюусу үчүн келишимдин чегинде жана ага ылайык банк алдында жоопкерчилик тартат. 

47. Агент ар бир банк менен агенттик келишим түзгөн шартта, бир нече банкка кызматтарын сунушташы мүмкүн. 

47-1. Агент (дистрибьютор) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык, алдамчылык операцияларына каршы аракеттенүү боюнча иш-чараларды кошо алганда, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдук эрежелеринин сакталышына жана аткарылышына жооптуу кызмат адамын дайындоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-4-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

48. Банк агенттин аталышын, айкын дарегин, инсандыгын тастыктаган тиешелүү документтерди жана юридикалык статусун, операциялар тизмегин көрсөтүү менен өз агенттери боюнча маалымат базасын жүргүзүүгө жана аны инспектордук текшерүүлөрдүн жүрүшүндө же Улуттук банкка талап кылынган шартта сунуштоого тийиш. 

49. Банк электрондук акчаны жайылтуу үчүн агенттерди тартуу боюнча төмөнкүдөй документтерге ээ болууга тийиш: 

1) агент менен түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү, анда агенттин Улуттук банктын талабы боюнча маалыматты сунуштоо жана ага өз жайларынан, системасынан жана жазууларынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу милдеттенмелери каралууга тийиш; 

2) электрондук акчаны колдонуу менен кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жана алардын ордун өз агенттери аркылуу жабуу боюнча ички ченемдик документтер (жоболор, жол-жоболор, колдонмолор ж.б.), анын ичинде террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча чараларды сактоо саясаты жана жол-жобосу, ошондой эле тиешелүү жоболор жана колдонмолор; 

3) тобокелдиктерди кыскартуу үчүн пайдаланылган контролдук чараларын кошо алганда, электрондук акча менен кызмат көрсөтүүлөргө байланыштуу тобокелдиктерге баа берүү жана агенттер аркылуу алардын ордун жабуу документтери; 

4) агенттерди окутууда пайдаланылуучу колдонмолор жана кандай болбосун материалдар; 

5) Улуттук банктын талабы боюнча зарыл болгон башка маалыматтарды сунуштоо. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-4-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

50. Электрондук акчаны пайдалануу аркылуу кызматтарды сунуштаган агент менен иш алып барууда банк төмөнкү маалыматтарды көрсөтүү менен анын эсебин жүргүзүүгө/жазууларды чагылдырууга тийиш: 

- юридикалык жактын же жеке ишкердин аталышы; 

- тиешелүү мамлекеттик органдарда каттоодон өткөндүгүн тастыктаган документ; 

- агенттин айкын жайгашкан/юридикалык дареги, телефон номерлери. 

51. Электрондук акчаны пайдалануу аркылуу кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган агент менен иш алып барууда банк төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү

1) өз агентин тиешелүү негизде окутууга, анын ичинде кардарларга кызмат көрсөтүүлөрдүн коопсуз жана натыйжалуу сунушталышын камсыз кылуу боюнча саясатты, эрежелерди жана операциялык колдонмону агентке же акцептантка берүүгө

2) түзүлгөн агенттик келишимдин алкагында өз агенттеринин ишине контролдукту жүзөгө ашырууга; 

3) ар бир агент тарабынан жүргүзүлгөн операциялардын санынын жана көлөмүнүн эсебин жүргүзүү жана электрондук акча системасындагы операциялар жана банктын бухгалтердик балансындагы, ага ылайык электрондук акчанын эсебин жүргүзүү боюнча агенттин банктык эсебиндеги көлөмгө жана суммага дал келүүгө тийиш болгон электрондук акча калдыктары боюнча кеминде күнүнө бир жолу салыштырып текшерүүлөрдү жүргүзүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-4-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

52. Электрондук акча банк, агент жана субагент тарабынан жайылтылышы мүмкүн. 

53. Электрондук акчаны жайылтууда банк, агент, субагент электрондук капчык ээсин тараптардын укуктары жана милдеттери, алар тарабынан жайылтылып жаткан электрондук акчанын өзгөчөлүктөрү жана ээсинен электрондук акча үчүн төлөм алынганга чейин сунушталган кызмат көрсөтүүлөргө карата белгиленген тарифтер менен тааныштырууга тийиш. 

54. Электрондук акчаны жайылтуу үчүн агент ага банк тарабынан берилген электрондук акчанын эмиссиясынын суммасына барабар акча каражатын банкка которот. Агентке берилүүчү сый акы өлчөмү жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө ыкмасы банк менен агент ортосунда түзүлгөн келишимде каралат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-4-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

55. Банк, агент жана субагент ортосунда бардык өз ара эсептешүүлөр алардын банктык эсептешүү эсептери жана/же электрондук капчыктары аркылуу жүзөгө ашырылууга тийиш. 

§ 6. Электрондук акчанын ордун жабуу тартиби 

56. Банк чыгарылган электрондук акчанын ордун нак акча каражаттарына алмаштыруу же нак акча каражаттарын акча ээсинин банк эсебине же ал тарабынан көрсөтүлгөн эсепке кошумча акы жана комиссияларды алуусуз, банктын келишимде белгиленген тарифтери боюнча ордун жабууга милдеттүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-4-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

57. Электрондук акчаны нак акчага айландыруу банк тарабынан сыяктуу эле, банк менен агенттик келишим түзгөн агент, субагент тарабынан да жүргүзүлүшү мүмкүн. 

58. Юридикалык жактардын 500 (беш жүз) эсептик көрсөткүчтөн жогору суммадагы электрондук акчасын нак акчага айландыруу ошол акча каражаттарын юридикалык жактардын банктык эсептерине которуу аркылуу гана жүзөгө ашырылат. 

59. Электрондук акчаны нак акчага айландырууда сунушталуучу акча каражаттардын суммасы айландырууга сунушталган электрондук акчанын суммасына дал келүүгө тийиш. Мында банк агенттик келишимде белгиленген өлчөмдө жана тартипте агентке сый акы төлөйт. 

§ 7. Электрондук акча менен операцияларды (транзакцияларды) жүргүзүүгө санкция колдонуу 

60. Электрондук акча ээси мындай транзакцияны жүргүзүүгө өз макулдугун берген шартта гана электрондук акча менен жүргүзүлгөн операция (транзакция) санкцияланган катары эсептелинет. Электрондук акча менен транзакцияларды жүргүзүүгө макулдук, банк, оператор, агент, субагент жана электрондук акча ээси ортосунда макулдашылган формада сунушталат. Өткөрүлгөн транзакциялардын саны 150 (жүз элүү) эсептик көрсөткүчтөн жогору болушунда акча ээси тарабынан электрондук капчыктын интерфейсинде же смс-билдирүү аркылуу алган кодду киргизүү жолу менен транзакция боюнча кошумча тастыктоо талап кылынат. Мындай макулдашуу жок учурда, транзакция санкцияланбаган катары эсептелинет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-4-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

61. Акцептант тарабынан электрондук акча менен транзакцияларды жүргүзүүгө алынган тапшырма электрондук акча ээси берген тапшырма сыяктуу эле күчкө ээ жана банктын, оператордун коопсуздук боюнча жол-жоболорунда белгиленген тартипте банк, оператор, электрондук акча ээси тарабынан текшерилүүгө тийиш. 

62. Эгерде транзакцияларды жүргүзүү тапшырмасы коопсуздук талаптарына ылайык берилип, бирок мында электрондук акча системасы транзакцияларды туура эмес жүргүзсө, белгиленген лимиттен ашса, транзакцияларды жүргүзүү тапшырмасын кайталаса же башка туура эмес иштерге жол берсе, эрежелерде төмөнкүлөр каралууга тийиш: 

1) эгерде электрондук акча ээси төмөнкүлөрдү тастыктай алса: 

- өзү же анын атынан иш алып барган адам коопсуздук талаптарын сактаган болсо; 

- эгерде транзакциялар боюнча акцептант ушул жол-жоболорду сактаган болсо да каталар аныкталышы мүмкүн болсо, анда электрондук акча ээси ушул пункттун тиешелүү пунктчаларда көрсөтүлгөн тапшырма боюнча төлөм төлөөгө тийиш эмес; 

2) эгерде транзакция туура эмес тапшырманын негизинде ишке ашырылган болсо, анда электрондук акчаны алуучу же акцептант төлөнгөн сумманы тапшырманы жөнөткөн адамга кайтарып берүүгө тийиш; 

3) эгерде транзакция жаңылыш ишке ашырылса, анда электрондук акча ээси транзакция суммасынан ашык берилген сумманы алуучудан өндүрүп алууга укуктуу. 

63. Банк/оператор милдеттүү түрдө электрондук акча ээсине кандай болбосун чыгымдар, кыянаттык менен пайдалануу, уурдоолор же электрондук акчалардан же башка электрондук жабдуулардан санкциясыз пайдалануу же болбосо андан пайдалануу кодунун бузулгандыгы жөнүндө натыйжалуу жана ыңгайлуу маалымдоо каражаттарын сунуштоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

64. Банк/оператор ээлик кылуучу тарабынан билдирүүлөрдүн, анын ичинде телефон аркылуу кандай болбосун чыгымдар, электрондук акчанын же башка электрондук жабдуулардын туура эмес колдонулгандыгы, уурдалгандыгы, санкциясыз колдонулгандыгы же болбосо пайдалануу кодунун бузууга жол берилиши жөнүндө билдирүүлөрдү алгандыгын тастыктоо жол-жоболорунун аткарылышын камсыз кылууга милдеттүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

65. Банк/оператор электрондук акча ээлери алдында төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик тартат: 

1) эгерде банк, оператор ушул бөлүктө көрсөтүлгөн электрондук акча системасында орун алган үзгүлтүктөр жөнүндө ээлик кылуучуга билдирүү талабын аткарбаган болсо, электрондук акча ээсинин тапшырмасына ылайык кабыл алынган транзакцияларды жүргүзүү учурунда анын ичинде штаттан тышкаркы жагдайларда, электрондук акча системасынын иштебей калышынан келип чыккан чыгымдар үчүн; 

2) эсептөөдө же бухгалтердик эсепке алууда жол берилген каталар үчүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-4-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

66. Банк, оператор транзакцияны жүргүзүү учурунда кандай болбосун жеткиликтүү каражаттар аркылуу электрондук акча менен транзакцияларды жүргүзүү системасын же жабдууну пайдалануу мүмкүн эмес экендиги тууралуу электрондук акча ээсине дароо маалымдоого милдеттүү

67. Банк, оператор транзакцияны жүргүзүү учурунда системада мурда аныкталбаган кандай болбосун үзгүлтүктөр жана транзакцияларды жүргүзүү учурунда келип чыккан проблемалар жөнүндө электрондук акча ээсине билдирүүгө милдеттүү

68. Эгерде электрондук акчаны которуу форс-мажордук жагдайлардан улам же анын натыйжасында ишке ашырылбай калса, банк акча ээси алдында жоопкерчилик тартпайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-4-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

4-глава. Эл аралык электрондук акча системаларынын агентине жана эл аралык электрондук акча системаларынын операторуна/эл аралык электрондук акча эмитентине карата талаптар 

(Главанын аталышы КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

69. Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык электрондук акчаны пайдалануу менен кызматтарды сунуштоо үчүн эл аралык электрондук акча боюнча эл аралык системасынын оператору/электрондук акча боюнча эл аралык системасынын эмитенти Улуттук банкта каттоодон өтүүгө тийиш. Улуттук банкта каттоодон өтүүсүз эл аралык электрондук акча системасына/эл аралык электрондук акча системасынын эмитентине Кыргыз Республикасынын аймагында ишкердикти жүргүзүүгө тыюу салынат. 

Көңүл буруңуздар! КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы № 15/6 токтомунун 3-1-пунктуна ылайык 69-пунктунун талабы 2017-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

70. Электрондук акча боюнча эл аралык системасынын оператору/электрондук акча боюнча эл аралык системасынын эмитенти каттоодон өтүү максатында Улуттук банкка каттоодон өтүү жөнүндө өтүнүч катты жана төмөнкүлөрдү камтыган документтердин топтомун сунуштайт: 

- электрондук акча боюнча эл аралык системасынын операторунун/электрондук акча боюнча эл аралык системасынын эмитентинин аталышы; 

- юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү

- электрондук акча боюнча эл аралык системасынын операторунун/электрондук акча боюнча эл аралык системасынын эмитентинин уруксат берүүчү документтеринин жана көрсөтүлгөн ишти жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген электрондук акча/электрондук акча каражаттар операторунун/эмитентинин процессинг жана тейлөө боюнча ишти жүзөгө ашыруу укугун каттоо жөнүндө лицензиянын/сертификаттын/күбөлүктүн көчүрмөлөрү

- электрондук акча боюнча эл аралык системасынын операторунун/электрондук акча боюнча эл аралык системасынын эмитентинин иш алып баруу эрежеси же эмитент жайгашкан өлкөнүн мыйзамдары боюнча эл аралык электрондук акча менен ишке ашырылган операцияларды жөнгө салуучу башка документ. Тартип бардык акча жана маалымат агымдарынын жалпы схемасын, ошондой эле электрондук акчаны пайдалануу учурунда орун алышы ыктымал болгон финансылык жана техникалык тобокелдиктерге контролдукту уюштуруу ишин да камтууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

71. Зарыл учурда, Улуттук банктын талабы боюнча айрым документтер электрондук формада берилиши зарыл. 

72. Эл аралык электрондук акча системасын/эл аралык электрондук акча системасынын эмитентин каттоодон өткөртүүгө өтүнүч катты кароо мөөнөтү 15 календардык күндү түзөт. Эгерде сунушталган документтер Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга жооп бербесе, документтерди кароо мөөнөтү Улуттук банктын талаптарын канааттандырган документтер сунушталган күндөн тартып эсептелет. Документтер белгиленген талаптарга жооп бербесе жана документтер топтому толук сунушталбаса, аларды жеткире иштеп чыгуу үчүн кайтарылып берилет. Эл аралык электрондук акча боюнча эл аралык системасынын оператору/электрондук акча боюнча эл аралык системасынын эмитенти 10 календардык күн ичинде сын-пикирлерди эске алуу менен жеткире иштелип чыккан документтерди Улуттук банкка сунуштоого тийиш. Документтер экиден көп жолу ушул жобонун талаптарын канааттандыруусуз же болбосо толук эмес көлөмдө тапшырылса, Улуттук банк эл аралык электрондук акча системасын/эл аралык электрондук акча системасынын эмитентин каттоодон өткөртүүдөн баш тартууга укуктуу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

73. Улуттук банк, каттоодон өткөрүү жөнүндө чечимди кабыл алган учурда, электрондук акча боюнча эл аралык системасынын операторуна/электрондук акча боюнча эл аралык системасынын эмитентине каттоо номерин ыйгарат жана бул маалыматты Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барган эл аралык төлөм системасынын реестрине кошуп, чечим кабыл алынган күндөн тартып 7 календардык күндөн кечиктирилбеген мөөнөт ичинде электрондук акча боюнча эл аралык системасынын операторуна/электрондук акча боюнча эл аралык системасынын эмитентине каттоодон өткөндүгү тууралуу катты жөнөтөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

74. Электрондук акча боюнча эл аралык системасынын оператору/электрондук акча боюнча эл аралык системасынын эмитенти өзгөртүүлөр киргизилген учурдан тартып үч жумуш күн ичинде каттоо учурунда көрсөтүлгөн кайсыл болбосун маалыматтардын өзгөргөндүгү тууралуу Улуттук банкка кат жүзүндө билдирүүгө милдеттүү. Улуттук банк сунушталган маалыматтын негизинде үч жумуш күн ичинде эл аралык төлөм системаларынын реестрине өзгөртүүлөрдү киргизет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

74-1. Эл аралык электрондук акча системасынын операторунан/эл аралык электрондук акча эмитентинен электрондук акча/электрондук акча каражатынын операторунун/эмитентинин процессинг жана тейлөө боюнча ишин жүзөгө ашыруу укугун каттоо жөнүндө ал жайгашкан өлкөнүн аталган ишти жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген уруксат берүү документтери, лицензиясы/сертификаты/күбөлүгү  кайтарылып алынган учурда, ошондой эле эл аралык электрондук акча системасынын эмитенти/оператору тарабынан эл аралык электрондук акча системасынын агенти менен түзүлгөн келишим белгиленген мөөнөт ичинде берилбесе, Улуттук банк эл аралык электрондук акча системасынын операторунун/эл аралык электрондук акча эмитентинин каттоодон өткөндүгүн жокко чыгарат жана эл аралык төлөм системаларынын реестрине өзгөртүүлөрдү киргизет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-4-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

75. Эл аралык электрондук акча боюнча эл аралык системасынын оператору/электрондук акча боюнча эл аралык системасынын эмитенти тарабынан Улуттук банкка сунушталган документтер кайтарылып берилбейт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

76. Эл аралык электрондук акча боюнча эл аралык системасынын оператору/электрондук акча боюнча эл аралык системасынын эмитенти каттоо жол-жобосунан өткөндөн кийин өз сайтын кошо алганда, системадагы документтерден (эрежелер, колдонуудагы тарифтер, типтүү келишимдер, катышууга талаптар, отчеттор ж.б.) туруктуу негизде пайдалануу мүмкүнчүлүгүн Улуттук банкка сунуштоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

76-1. Электрондук акча боюнча эл аралык системасынын оператору/электрондук акча боюнча эл аралык системасынын эмитенти Улуттук банкта каттоодон өткөн күндөн тартып 6 (алты) айдан кечиктирбестен, аталган банкка электрондук акча боюнча эл аралык системасынын агенти менен түзүлгөн келишимди/дерди сунуштоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

77. Электрондук акча боюнча эл аралык системасынын оператору/электрондук акча боюнча эл аралык системасынын эмитенти жана электрондук акча боюнча эл аралык системасынын агенти ортосунда түзүлгөн келишимде финансылык милдеттенмелер, күндөлүк өз ара эсептешүү жүргүзүү тартиби, башка финансылык жана башка шарттар белгиленүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

78. Электрондук акча боюнча эл аралык системасынын агенти эл аралык электрондук акчанын ордун жабуу жана ордун толуктоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштай алат, ошондой эле товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү төлөө үчүн эл аралык электрондук акчаны кабыл алуу үчүн акцептанттар менен келишимдерди түзө алат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

79. Эл аралык электрондук акча системасынын агенти электрондук акчаны нак акчага айландыруу жана толуктоо милдеттерин аткаруу үчүн субагенттер менен келишим түзүшү мүмкүн. Юридикалык жактар же жеке ишкерлер субагент катары иш алып барышы мүмкүн. 

80. Эл аралык электрондук акча системасынын агенти Кыргыз Республикасынын аймагында ушул жобонун 3-главасынын § 3 ылайык иш алып барган эл аралык электрондук капчык үчүн белгиленген лимит боюнча талаптарды аткарууга тийиш. 

81. Эл аралык электрондук акчанын ордун жабуу анын ээсинин тандоосу боюнча чет өлкө валютасында же улуттук валютада жүргүзүлүшү мүмкүн. Улуттук валютада ордун жабуу учурунда, конвертация эл аралык электрондук акча агенти тарабынан эл аралык электрондук акчаны жайылтуу жөнүндө келишимге ылайык Улуттук банктын расмий сайтында жайгаштырылган валютанын расмий курсун эске алуу менен жүзөгө ашырылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

82. Эл аралык электрондук акча ээсинен келип түшкөн акча каражаттар, эл аралык электрондук акча менен ишке ашырылган операцияларды эсепке алуу үчүн каралган өзүнчө банктык эсепте гана эске алынат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-4-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

83. Эл аралык электрондук акча системасынын агенти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, аталган система менен иш алып баруу боюнча иштелип чыккан жана бекитилген ички эрежелерге жана жол-жоболорго ээ болууга тийиш. 

84. Эл аралык электрондук акча системасынын агенти отчеттук чейректен кийинки айдын 15 чейин ушул жобого карата 1-тиркемеде белгиленген формада Улуттук банкка отчет сунуштайт. 

5-глава. Электрондук акчаны пайдалануу учурунда тобокелдиктерди тескөө 

85. Электрондук акчаны пайдалануу менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү системасы анын ишин жөнгө салган ички эрежелер, электрондук акчаны колдонуу жол-жоболору жана келишимдик мамилелер менен камсыз болууга тийиш. Электрондук акча системасы, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык, коопсуздукту камсыз кылууда тобокелдикке жол бербөө, ага бөгөт коюу жана аныктоо үчүн техникалык, уюштуруу, технологиялык коопсуздуктун тиешелүү механизмдери менен камсыздалууга тийиш. 

86. Электрондук акча системасы, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык терроризм жана экстремизм иштерине катыштыгы бар адамдар тизмесине кирген адамдар тарабынан жүзөгө ашырылган же аларга тиешелүү операцияларды токтотуу жана электрондук капчыктарды блокко коюу, шектүү транзакцияларды (операцияларды) аныктоо жана алдамчылык иш аракеттерден коргонуу механизмдерине ээ болуусу зарыл. 

87. Электрондук акча системасы, Улуттук банктын талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүк жүргүзүүнүн, банктык көзөмөлдөөнүн жана акча-кредит саясатынын чегинде электрондук акча формасындагы акча жүгүртүү жөнүндө зарыл статистикалык жана маалыматтык отчетторду түзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш. 

88. Электрондук акча системасы, аларды колдонуу учурунда акцептанттын жана электрондук акча ээлеринин чыгымдарын кыскартуу үчүн маалыматтарды берүүнүн өңчөйлөштүрүлгөн стандарттарды жана төлөмдөр форматын колдонуу менен электрондук акча катышуучуларынын өз ара иш алып барган системасы (акча каражаттарынын жылышын эсепке алуу боюнча ички система) менен натыйжалуу интеграциялануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу мүмкүн. 

89. Электрондук акча системасы электрондук акчаны пайдаланууда катышуучулар үчүн натыйжалуу, электрондук акча ээлери үчүн баасы жеткиликтүү жана колдонууда ыңгайлуу болууга, ошондой эле керектөөчүлөрдүн укугун коргоо талаптарына ылайык келүүгө тийиш. 

90. Электрондук акча системасында операциялык тобокелдиктерди тескөө төмөнкү негизги принциптерди ишке ашырууга негизделиши зарыл: 

1) системанын ишинде ички контролдук жана аудит жүргүзүү жол-жобосунун болушу, системанын иши жана ишке ашырылган транзакциялар жөнүндө маалыматтарды электрондук түрдө сактоо; 

2) кызматтык нускоолорго ылайык, жүктөлгөн жоопкерчиликти аткаруу боюнча талаптарга ылайык келген квалификациялуу персоналдын болушу; 

3) маалыматтардын өз убагында иштелип чыгышын, ар бир транзакция боюнча маалыматтардын эсепке алынышын жана сакталышын, ошондой эле маалыматтардын системада сакталышын жана корголушун камсыз кылган маалымат системасынын болушу; 

4) электрондук акча системасынын үзгүлтүксүз иштегенин камсыз кылуу планынын болушу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-4-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

6-глава. Банкка электрондук акча чыгарууга лицензия берүү тартиби 

(Глава КР Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 17-майындагы № 19/1 токтомуна ылайык 

күчүн жоготту) 

7-глава. Корутунду жоболор 

104. Электрондук акча чыгарууну жана/же эл аралык электрондук акчаны жайылтууну жүзөгө ашырган банктар Улуттук банкка алар тарабынан чыгарылган жана тейлөөгө алынган электрондук акча, ошондой эле акча каражаттарынын жылышы жөнүндө маалыматты Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген мөөнөттө жана формада сунуштайт. 

105. Электрондук акча менен иш алып барган банк, агент жана оператор келишим шарттарынын, операцияларды жүргүзүү коопсуздугунун жана электрондук акчаны колдонуу эрежелеринин сакталышына контролдукту жүзөгө ашырууга милдеттүү

106. Электрондук акча менен иш алып барган банк, агент жана оператор тиешелүү системанын эрежелеринде белгиленген параметрлер боюнча алар тарабынан жүзөгө ашырылган операцияларга мониторинг жүргүзүүгө, ошондой эле операциялардын туура эмес жана жаңылыш ишке ашырылышын токтотууга жана/же ага бөгөт коюу жагында иш-чараларды жүргүзүүгө милдеттүү

  

  

  

"Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө" жобого карата 

1-тиркеме 

_________________________________________________________________ (банктын, оператордун аталышы) 

электрондук акчаны чыгаруу жана аны жүгүртүүгө байланыштуу ишкердиги тууралуу 

____-жылдын ____________ чейреги үчүн 

ОТЧЕТУ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-4-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

Жеке адамдар 

Продукттун аталышы 

Оператору 

Пайдалануучулардын саны (электрондук капчыктардын саны) 

Отчеттук мезгилдин акырына карата электрондук акчанын көлөмү 

Бир электрондук капчыктан акча каражаттарын которуу 

Электрондук акчаны нак акчага айландыруу 

Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө 

Электрондук капчыктарды толтуруу 

Транзакция саны 

Транзакция көлөмү 

Транзакция саны 

Транзакция көлөмү 

Транзакция саны 

Транзакция көлөмү 

Транзакция саны 

Транзакция көлөмү 

10 

11 

12 

 

 

Идентификацияланган 

Идентификацияланбаган 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

E-money 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Жыйынтыгында 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

  

Байланышуучу адам _________________________________________ 

(аты-жөнү, телефон номери) 

Башкарманын төрагасы 

______________________ 

______________________________ 

  

(кол тамгасы) 

(аты-жөнү

М.О. 

____________________________________________________________________ 

(банктын, оператордун аталышы) 

электрондук акчаны чыгаруу жана аны жүгүртүүгө байланыштуу ишкердиги тууралуу 

____-жылдын ___________ чейреги үчүн 

ОТЧЕТУ 

Юридикалык жактар жана жеке ишкерлер 

Продукттун аталышы 

Оператору 

Агенттердин саны 

Пайдалануучулардын саны (электрондук капчыктардын саны) 

Отчеттук мезгилдин акырына карата электрондук акчанын көлөмү 

Бир электрондук капчыктан акча каражаттарын которуу 

Электрондук акчаны нак акчага айландыруу 

Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө 

Электрондук капчыктарды толтуруу 

Транзакция саны 

Транзакция көлөмү 

Транзакция саны 

Транзакция көлөмү 

Транзакция саны 

Транзакция көлөмү 

Транзакция саны 

Транзакция көлөмү 

10 

11 

12 

13 

E-money 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Жыйынтыгында 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Байланышуучу адам _________________________________________ 

(аты-жөнү, телефон номери) 

Башкарманын төрагасы 

______________________ 

______________________________ 

  

(кол тамгасы) 

(аты-жөнү

М.О. 

  

  

"Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө" жобого карата 

2-тиркеме 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

Электрондук акчаны чыгаруу укугуна 

№ _____ ЛИЦЕНЗИЯ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 17-майындагы № 19/1 токтомуна ылайык күчүн жоготту)