Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн  

жана Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкынын 2011-жылдын  

«_____»_____________________ 

________ токтому менен бекитилген 

 

 

Кыргыз Республикасында накталай эсептешүүлөр учурунда 

тыйын калдыгынын суммасын 50 тыйынга чейин тегеректөө тартиби

 

 

1. Суммаларды тегеректөөнүн бул тартиби бардык чарбалык субүектер жана бюджеттик мекемелер тарабынан колдонулат

 

2. Накталай эсептешүүлөр суммаларды тегеректөө менен төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:  

- эгерде тыйын түрүндө калдыктын суммасы 1 дан 24 тыйынга чейинкини түзсө, анда тыйындык калдыктын өлчөмү нөлгө айландырылат

- эгерде тыйындык калдыктын суммасы 25 дан 49 тыйынга чейин болсо, анда тыйындык калдык 50 тыйынга чейин тегеректелет

- эгерде тыйын түрүндө калдыктын суммасы 50 тыйындан 74 тыйынга чейинкини түзсө, анда тыйындык калдыктын өлчөмү 50 тыйынга айландырылат

- эгерде тыйын түрүндө калдыктын суммасы 75 тыйындан 99 тыйынга чейинкини түзсө, анда тыйындык калдыктын өлчөмү 1 сомго айландырылат; 

 

3. Накталай эмес эсептешүүлөр тыйындык калдыктарды тегеректөөсүз жүргүзүлөт